Мен даярдаган тамак
#802 13 Декабрь 2016 - 18:24
Сен бар учун...
#803 13 Декабрь 2016 - 18:33
#808 15 Декабрь 2016 - 17:41
#811 16 Декабрь 2016 - 01:15
#812 16 Декабрь 2016 - 01:23
#813 20 Декабрь 2016 - 10:50
Капустаны туурап туруп.Майонез туздан аралаштырып туруп жей бересинер ана тамак.)) Капустанын пайдасын айта кеткилечи.
#814 22 Декабрь 2016 - 23:47
kaidasyn (20 Декабрь 2016 - 10:50) жазган:
Капустаны туурап туруп.Майонез туздан аралаштырып туруп жей бересинер ана тамак.)) Капустанын пайдасын айта кеткилечи.
КАПУСТАНЫН КАСИЕТИ
Учурда ашканада ак кочан, кызыл кочан, пекин, брюссель жана түстүү капуста кеңири колдонулуп келет. Капуста туз, калий, кальций, фосфор, темир, йодду курамына камтыгандыктан, ден соолукка абдан пайдалуу жана ар кандай оорулардын алдын алганга жөндөмдүү. Ал уйкунун качуусун, баш ооруларын калыбына келтирет, организмдин картаюусунун алдын алат. Ошондой эле ичеги-карынга эң мыкты таасирин берип, микрофлораларды жакшыртат, организмдеги зыяндуу заттарды жана холестеринди сыртка айдап чыгып, арыктатуучу касиетке ээ.
Капустанын касиети тууралуу сөз кылууда анын ачытылган түрүн айтпай коюуга болбойт. Анткени ачытылган капуста ашказан ооруларынын эң мыкты дабасы. Ал организмдеги шлактарды тазалагандан тышкары ашказандын иштешин да жакшыртат. Окумуштуулар туздалган капуста онкологиялык ооруларга да жардамын тийгизерин айтып, бул жашылчаны кеңири пайдаланууну сунушташат.
Кыргыздар капустаны «суук» азыктардын катарына кошуп келишет. Анткени иммунитети начар адамдар көп колдонсо көзү караңгылап, оозуна кара суу келип, башы тегеренет. Анан да окумуштуулар капустанын эркектердин урук бездеринин иштешине тоскоолдук жаратарын изилдеп чыгып, өз чени менен колдонууну сунушташат. Мындан сырткары чийки капуста ашказан жарасы, он эки эли ичегинин оорулары менен жапа чеккендерге, ал эми туздалган капуста да туздун өлчөмү көп болгондуктан боор жана бөйрөк оорулары менен жабыркагандарга сунушталбайт.
Буйурса,баары жакшы болот!