Суперстан: Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. акын эжекебиздин ырлары менен бөлүшөбүз.

#241 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 22:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Бир сезим
Сездим да каяктадыр бактым барын,
Дайрадай сен тарапка актым дагын...
Чогултуп эки ууртумда жылмаюуну,
Жүрөккө каттым сезим ташкындарын.

Кайдадыр мени сүйгөн, мени эстеген,
Балбылдап күлүп, күндөй элестеген,
Эбедей элжиреткен асыл жандан,
Бир сезим таптым миңи теңешпеген.
"Эски дептерден"
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#242 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 22:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Обонго

Мен өзгөчө сүйдүм ошол кечимди

Алаканга аяр салып сезимди,
Мен өзгөчө сүйдүм ошол кечимди...
Мелмилдеген мээрим келип алыстан,
Менин дүйнөм башкача бир эзилди...

Кээде таанып, тааныбай да өзүмдү,
“Сүйөм” деген сөзүң ээлеп эсимди,
Ушул бакыт, ушул кечти өткөрбөй,
Койгум келип жумуп турдум көзүмдү...

Жүрөгүмдүн титиреги басылбай,
Тилеп турдум – бүт сырыбыз катылбай,
Айтылса экен, о, Кудурет, а бирок
Эч убакта коштошуу ыры жазылбай!

Билбейм, кайдан келди бизге мындай күч,
Сен да мени, мен да сени кыйбай түк,
Кылчактаган жүрөктөрдү нур менен,
О, Кудурет аруулай түш, сырдай түш...
06.12.2016. 15.59

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#243 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 22:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Кыш - Бакыт
Бакыттан - коргошун болуп уюган,
Кандайдыр... башкача жарык туюлам...
өзүмдөн алоолоп жанып от болуп,
өзүмө агыш нур болуп куюлам...

Сөздөрүң – көтөрүп маанай, көңүлдү,
Көздөрүң – аруулап ийди өмүрдү.
Көрүнбөй көзүмө башка көрдүйнө,
Көлкүлдөп мээримим сага төгүлдү.

Үмүттү жакшылык күндөн үзбөгөм,
Күткөмүн жайында, жазда, күздө мен.
Качандыр табарым сезгем мен сени,
Кыш менен келет деп бирок күтпөгөм...
(Эски дептерден)

Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#244 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 22:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Обонго

(Тапшырык менен... :) )

Каалоо....
Билбеймин, жетесиңби кадырыма,
Каарманым болуп жашап жаңы ырыма,
Жапакеч жакынымдай жарык чачтың,
Жардамчы болуп айдай жаңыруума.

Кай бирде эркелигим жашыра албай,
Турганда балага окшоп, батына албай,
Элжиреп сүйүү менен карайсыңбы,
Бапырап мээримиңди батыра албай?

Бөлүшүп жыргалымды, азабымды,
Келтирип жомок болуп жашагымды,
кааладым ушул бойдон ырларымда,
жүрөктө каарман болуп жашарыңды...
Ж.И,

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#245 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 22:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Обонго
(Тапшырык менен)

Бүгүн сен...

Дүйнөмө кирип келдиң бакыт болуп...
Ачкычын жүрөгүмдүн катып коюп,
Каректи шүүдүрүмгө жууп-чайып,
Жүргөндө күз күнүндөй жашык болуп...

Дуйнөмө күйүп келдиң маяк болуп,
Эскирбес эргүү болуп, канат болуп.
Жашоого үмүт берип үлпүлдөгөн,
Бүтпөгөн, бүлүнбөгөн санат болуп...

Дүйнөмө сүйүп келдиң жарык болуп...
Эшигин башкаларга жабып коюп,
Карайлап, карбаластап калдым эле,
Карарган деңизде эски кайык болуп...
04.12.2016
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#246 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 22:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Обонго
(тапшырык менен жазылды :) )

Сен мени издедиңби?

Сен мени издедиңби? Издедиң го,
Болсо да убактың аз, иштериң тоо..?
Береги тереземдин түбүндөгү,
Түшкөн из... балким сенин издериң го?

Cен мени эстедиңби? Эстедиң го,
Күн бою эсимден эч кетпедиң го.
Менин да жүрөгүмдө сага артынып
келаткан... айта турган кептерим тоо.

Сен мени күттүң го, ээ? Санаа менен,
Мелжиген мейкиндик, тоо, талаа менен,
Келет деп карек төшөп карадыңбы,
Камдалып айтчу сөздөр мага деген...

Кар кечип, шамал жиреп келем шашып,
Сабалап, канатымды кенен жазып...
Мен бүгүн сен жөнүндө сезимимди,
Сездирбей ырга айлантып берем жазып...
Ж.И

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#247 Пользователь офлайн   happy02   27 Декабрь 2016 - 22:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Коштошуу ыры

Жүгүрдүм, жолуң тостум... кекирейдиң,
Бүгүлдүм, кичирейдим, жепирейдим.
Ишендим, сүйүү болсо жүрөгүндө,
Келет деп кемчилигим кечирер күн...

Көктөмдөй нурум чачтым бүрдөбөдүң,
Жолуңдан ырдап чыктым... үндөбөдүң,
Бир угум добушуңа чаңкап турсам,
Сүрөттөй тиктеп турдуң, сүйлөбөдүң. ..

Өзүң деп сароорудан узак ооруп,
Өксүдүм, көкүрөккө куса конуп,
Өкүнүч, өксүк менен өрүлүшүп,
Өрттөндүм, өчтүм анан ыза болуп.

А бүгүн аска учунан арыладым,
Жакшы сөз менен жанды дарыладым.
Жүрөктүн, жандүйнөнүн кулап түшкөн,
Кемтигин келди ошентип жаңылагым...

Артынып өмүр бою азабыңды,
Сарооруп, өксүп өңдөн азарымды
билчүбүз... Бирок кечир, кайдан билдим,
бир күнү коштошуу ырын жазарымды...
Ж.И.
30.11.2016. 22.27.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#248 Пользователь офлайн   happy02   29 Декабрь 2016 - 23:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Сени издеп...



Сени издеп сууда калдым, карда калдым,

Издөөнүн узак жолун тандап алдым.

Ансайын жанга батты мунарыктай,

Улам бир алыстыкты тандаганың. ..



Сени издеп отко түштүм, чокко түштүм,

Жолумдан жолукпадың, жокко түттүм...

Сенделип сезимимде селсаякка,

Дербишке, кайырчыга окшоп бүттүм.



Сени издеп жарга урулдум, талкаландым,

Бириктим, улам кайра кайталандым.

Сен болсоң жаңырыктай үмүт берип,

Чексиздик, жымжырттыкка калкаландың. ..

Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#249 Пользователь офлайн   happy02   29 Декабрь 2016 - 23:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Создөрдүн гүлдөрүнөн,
Көздөрдүн күлгөнүнөн,
Таптаза табияттын,
Шоокуму,үндөрүнөн. ..
Жашоонун бүгүн бар да,
Эртең жок күндөрүнөн,
Мен сени издей берем...
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#250 Пользователь офлайн   happy02   29 Декабрь 2016 - 23:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз



Биринчи жааган карда...


Балким бул сагынычтын,
Саргайган үзүмү тек...
“Алгачкы жааган карда,
Жүрөгүм үшүдү...” деп,
Санаага салып койдуң,
Жанымды ансыз дагы,
Азабы, түйшүгү көп...

Кеч күздүн жалбырагы,
Дирилдеп турганындай,
Менин да жүрөгүмдү,
Азапка кыйганыңды ай!
Боло албай мурдагымдай,
Солкулдап согот жүрөк,
Сонеттин ыргагындай. ..
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#251 Пользователь офлайн   happy02   29 Декабрь 2016 - 23:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз



Балким...

Аттиң десең,
бүгүн көргөн эртең жок...
Деген менен
мен өлүмдөн коркпоймун.
Тирүүлүктүн,
бирок парзын аткарбай,
Жүргөнүмө...
жүрөкзаада окшоймун.


Кечир, Кудай?
Кечир мени абийрим,
Аз өмүрдө
кылдым канча пенделик.
Сен чакырган
күнү алдыңа барармын,
Жакшымды да,
жаманым да теңденип...
Дагы канча жол басармын, ким билет,
Дербишке окшоп,
бет алдымды тиктеймин...
Жүрөгүмдө
бир боштук бар толбогон,
Кимди? Чындык...
балким сени издеймин?..
00.13.
07.02.2016.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#252 Пользователь офлайн   happy02   29 Декабрь 2016 - 23:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз



Жаңы ыргактар
Азима досубуздун тапшырыгы менен


Дайым мени мененсиң...

Мен эстеген...
кезде дайым келесиң,
Кечигүүндүн
жайын айтып бересиң...
Ыйлайм, күлөм...
албайм бирок мойнума,
Бул сен эмес,
экендигин элесиң.
Сен жанымда...
дайым мени мененсиң.

Жытыңды искейм
секин... сага билгизбей,
Бактылуу экен
айтчы кана, ким биздей?
Ийиниңе
башым жөлөп, чачыңды
кирпик менен
тарайм, колум тийгизбей.
Сен түшүмө
кирген түн да күндүздөй...
25.11.2016

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#253 Пользователь офлайн   happy02   29 Декабрь 2016 - 23:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Кызым!

Көшөгөң көгөрсүн,
Кут түшсүн түнөгүңө,
Кубатым эстүү бол,
Нур жаасын жүрөгүңө.
Жанбиргем, ырыстуу,
Ыймандуу бүлө бол,
Балдарга апа бол,
Бакыт бол, түгөйүңө.
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#254 Пользователь офлайн   happy02   29 Декабрь 2016 - 23:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Бизден - сизге...

"Тийбесе экен"

Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Съездбек Искеналиевдики

Ыйлап жатып кайра күлүп ойгондум,
Анан сага алып барчу жолдордун.
Кучагында кубанычка мас болуп,
Жалгыз гана сен жөнүндө ойлондум.

Кайрыма:
Неге мынча жаралгансың башкача?
Сенин дүйнөң аруу, жарык, тап-таза.
Менин жашоом болот эле караңгы,
Көзүм сокур өтмөк сени таппаса.

Канча сени келет ырга көчүргүм,
Канча бирин бирок кайра өчүрдүм.
Неге мынча эбедейим эзилет,
Тийбесе экен сага көзүм өзүмдүн.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#255 Пользователь офлайн   happy02   29 Декабрь 2016 - 23:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз




Сүйүү жок апакемдин сүйүүсүндөй

“Түшүмө кирдиң балам, дениң сакпы?
Кабарың айтып же бир чалбадың да..?”
Ушинтип сезип алат апам дайым,
Кыйналып же сыркоолоп калганымда.

“Каралдым эсен-аман жүрсөң экен,
Аллага аманат”, - деп улутунуп,
Сагынчың ичке жутуп жол карайсың,
Балаңдан башка дүйнө унутулуп.

Асылым, апакебай, кечир мени,
Бүтпөгөн түйшүк менен убарамын.
А бирок оорубаңыз, апакебай,
Анан да карыбаңыз, суранамын...

Сүйүү жок апакемдин сүйүүсүндөй,
Дүйнө жок аруу – энем дүйнөсүндөй.
Сезилет мээримиңиз жерди сактап,
Калкалап турган окшоп - Күндү өчүрбөй.
Ж.И.

Билдирүүнү түзөткөн: happy02: 29 Декабрь 2016 - 23:50

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#256 Пользователь офлайн   happy02   29 Декабрь 2016 - 23:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Кийин, биз карыганда...

Силер улам өскөн сайын тирелип,
Биз жаштыкты улам артка жиберип,
Алдан-күчтөн акырындап таярбыз,
Карылык эх, кучагына имерип...

Алдын ала ким болжойт ал курагын,
Балким анда укпай калар кулагым,
Кагып-силкпей жооп берип кой ошондо,
Кагылайын балам, сенден сурарым.

Кичинеңде мейли эртеби, кечтеби:
-“Имнеге, ия?”- дей бергениң эстеби?
Эркелетип, эч эрикпей баардыгын,
Айтып берүү бакыт эле биздеги.

Кокус бир күн колдон түшүп тамагым,
Төгүлсө же сынса идиш-аягым:
-Не кылдың, эк! Тажаттың! – деп келиним,
Кагып-силкпей, көңүлүмдү аягын!

Курчу тайып калса кокус көздөрүм,
Суранарым, байкамаксан өтпөгүн.
Эсте ошондо ошол көздөр сен үчүн,
Түнү уктабай, канча ысык жаш төккөнүн...
29.05.2016.
22.00
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#257 Пользователь офлайн   happy02   29 Декабрь 2016 - 23:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Сени эстесем
зырп дей түшөт жүрөгүм,
Сени эстесем...
ыйлаймын, же күлөмүн.
А сен капа
болгонуңду айтасың,
Дарек-дайнын
таппай башка бирөөнүн.

Эски дептердеги "Бир шингилдер" Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#258 Пользователь офлайн   happy02   29 Декабрь 2016 - 23:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Анда өзүмө таарынам

Эмнегедир...
Мейли таңбы, кечинби,
Куса менен ойдон жүрөк эзилди!
Бир көрүнүп кайып болгон бир элес,
Азгырыктай ээлеп акыл-эсимди.
Түшүмө да кирчү болду, ал эмне –
сүйүүбү же ошого окшош сезимби?


Ал ким деги?
Сапырылткан санаамды?
Сыйкырчыбы же кадимки адамбы?
Өзүн көрбөй, бирок угуп добушун,
Элес-булас боолгойм жалгыз караанды.
Баарынан да ал жүрөгүмө келүүчү,
Жалгыз аяк жолду кантип таба алды?..


Балким мени...
чындап сүйүү даарыган?
О, ал анда мен тааныйлек, тааныган,
адамдардын бирине да окшобос,
Башкача бир жаралган жан баарынан! ..
калсам кокус купулуна толо албай,
анда өзүмө өмүр бою таарынам..!
"Бир үзүм от"
Ж.Исабаева

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#259 Пользователь офлайн   happy02   30 Декабрь 2016 - 00:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Сага деген
сагынчымды жоготуп,
Күндөрүмдү
күтүү менен коротуп,
Коё электе
мезгил мени карытып,
Саамайымды
күмүш нурга боётуп,
Суранамын,
кезигүүдөн кечикпе?

Же бейтааныш
бет алдымдан кезиксе,
Жүрөк “болк” деп,
жагымдуу үн эшитсе,
умсунам да...
такыр сыйбай бөлүнүп,
мен өзүмдөн
сыртта жүрөм – эшикте.

Алдыда – кыш...
сүйүүм үшүп калбасын,
Суранамын
кезигүүдөн кечикпе?
"Бир үзүм от"

Ж.Исабаева

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#260 Пользователь офлайн   happy02   30 Декабрь 2016 - 00:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз




Мен сени сагынбадымбы


Ушунчалык мен сени...
сагынбадымбы!
Көз жаш болуп көлкүлдөп
агылбадымбы,
Канча курдай кабарың
уккум келип,
Канат күүлөп жетүүгө
камынбадымбы. ..

Көздөрүңдү ушунча...
сагынбадымбы!
Элесиңе эркелеп,
жалынбадымбы.
Ушунча жыл дайынсыз
кеткениң үчүн,
Унчукпай эч,
узакка таарынбадымбы. ..


Караңгы ойго,кайгыга
камалбадымбы,
Кайрылбайт деп
камыгып, карарбадымбы. ..
Калкып келе калганда
канатың жайып,
Кайра баарын унутуп,
агарбадымбы. ..
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 20:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: