Суперстан: Жашыруун нике. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жашыруун нике.

#1 Пользователь офлайн   ERNlS   28 Декабрь 2016 - 12:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 484
  • Катталган: 11 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 03 Мар 2017 01:24
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Тартип бузгандар

Уулу менен кызынын бөлмөсүнөн угулган дабыштан улам Качкын ууру мышыктай болуп каалгадан баш бакты. Анар керебетинен жаңы эле туруп аткан экен.

– Кызым, турдуңбу? Жакшы уктадыңбы?

– Иги, уктадым. Түш көрдүм, ата, айтып берейинби?

– Айта гой, айт. Кана...

– Түшүмдө Эрасыл экөөбүз ажыдаардан качып токойдо жүрүппүз. Апам экөөңөр бизди карабай, апам токойду аралап өзүнчө, сиз өзүнчө кеттиңиз. Баарыбыз адашып жүрүппүз. Эрасыл экөөбүз апам экөөңдү таппай «ата-а, апа-а» деп катуу кыйкырсак укпайсыңар. Биз ыйлап, ыйлап атабыз, ыйлап атабыз… Айланабыз бүтүндөй сормо саз экен… – Анар берилүү менен айтып аткан бул түшкө уйкудан жаңы ачылган көздөрүн ирмегилеген Эрасыл да селейип кулак түрүп калды.

– Йе, турдуңбу, балам? – Качкын уулун өөп, маңдайынан эркелете сылады.

– Ата, бетиңизге эмне болгон? Эмне, сыйрылдыбы? – деген уулуна не дээрин билбеди.

– Ао-ув… – Эрасыл төшөгүн тээп, боюн чиренди. Уйкусу кана электей. Керебетинен тургусу жок дале, бирок чекчейген көздөрү эжесинде. Анарды ал цирктин манежиндеги бир укмушка таң калгандай тиктеди негедир.

– Укпайсызбы мени, ата, – деген Анар атасын жеңден тартты.

– Ии, угуп атам, кызым. Анан… Айта бер.

– Ажыдаардан качып баратабыз, качып баратабыз. Балаңыз бир убакта: «Кел, ылайга жатсак, ажыдаар бизге тийбейт», - деп экөөбүз сормо саздагы ылайга оонадык. Ажыдаар таппай калды бизди.

– Эй, сен алдабачы! – Эрасыл керебетинен тура калды, – ата, мен оонаган эмесмин ылайга, калп айтат. Сазга мен барган жокмун.

– Калп айтпай эле, эй, – экөө түш үчүн чырдашып баштады.

– Анар калп айтат, мен ажыдаарды көргөн жокмун. Ажыдаардан коркпойм дагы, – Эрасыл чырылдап жиберди.

– Эй, сен уксаң биринчи!.. – деп чебелектеген Анар атасына түшүнүн кызык жерин айткысы келет чыдамсыздана.

– Балам, бул түш, – деди атасы. Ансайын Эрасылдын ызасы күчөндү:

– Мына, ишенбесеңиз, кийимдерим таптаза. Кызыңыз калпычы, - Эрасыл атасына кийимдери ылай болбогонун көрсөтүп ыйламсырады. А атасы Анар тарапта болуп алганына ызаланды.

– Апа-а…

– Бул түш да, балам. Түшкө баары кире берет. Болду эми, түшүн угалы.

Эрасыл апасынын үнү чыккан бөлмөгө жөнөдү. Апасы төркү бөлмөдө өзүнчө жатканы адаттан тыш туюлду балага. Апасы жалгыз уктаганын көрүп уңулдаган ыйы тып басылды.

– Сиз… Атам экөөңөр… Кантип баттыңар? – деди бала жалгыз кишилик төшөккө таңыркагандай, – атам каякка жатты?

Апасы мисирейип үндөбөдү. Тек гана мээримдүүлүк менен Эрасылдын маңдайынан өөп тим болду. Бирок анын бул мээрими балага салкын туюлду.

Анар бир бөлмөдө атасына түндө көргөн түшүнүн уландысын айтса, Эрасыл төркү бөлмөдөгү апасына даттанып баштады. Көп өтпөй Анар кирди чоң бөлмөгө. Ага да апасынын жалгыз төшөк салынып жатканы адаттан тыш көрүнүш эле.

– Сиз, апа, эмне… Конок үйгө уктадыңызбы? Атам кайда жатты?

Апасы үндөбөдү. Ичинде жаалы кайнап тургансыйт… Кечээ эле Жаңы жылдык майрам алдындагы апасынын жаркылдаган маанайы кайда бүгүн?! Тыштагы кыштын ызгаар суугунан өткөн муздак илепти сүйүктүү апасынын кабак-кашынан туйду Анар менен Эрасыл… Экөөнө бул көрүнүш адегенде таң калычтуу туюлуп, дагы бир нече мүнөттөн кийин жүрөк түпкүрүндөгү түшүнүксүз бир балээни козгоду… Себеби Качкын шляпасын, плащын кийгенден кийин негедир уул-кызынын гана бетинен өөп чыгып кетти. Жамалга үндөбөдү.

– Атам сизди эмнеге өппөй кетти? – деген Анардын суроосу жоопсуз калды.

Адатта ишине жөнөрдө балдарын, колуктусун эркелетип, ар биринин бетинен өпмөйүн сыртка кадам таштабаган Качкынга бул күнү эмне болду?!

Күндөгүдөй бака-шака жок кухняда бүгүн үчөө гана соксоюп отурушту. Жамалдын бир жерди тиктеп үн катпаганынан улам Эрасыл менен Анар да бири-бирин тиктеп үн-сөзсүз. А түгүл, колдорундагы кашык, кружкалардан да үн чыкпады. Экөө чочулоо менен отурушту. Кыйладан кийин Жамал үн катты:

– Анар, эмне түштү айтып атат элең жана?

Анар атасына айткан түштү кайталап келатканда Жамал кызын токтотуп койду:

– Стоп! Та-ак… Чын эле ажыдаар беле же? – Жамал тактап сурады муну.

– Да! Апа, ажыдаар! Йе, баса, апа, оозунан кызыл жалын чыккан ажыдаар экен, – деп балатыны кооздогон оюнчуктардын арасындагы ажыдаарды көрсөттү, – так ушундай.

Апасы терең үшкүрүнүп койду муну угуп. Өңү өзгөрүп, ой басып мелтейди.

– «Баарыбыз адашып» дейсиңби, кызым? Кимибиз адашып?

– Баарыбыз! Жо… Баарыбыз эмес. Эрасыл экөөбүз чогуу. Силер… – Анар апасынын кызыгуусун жараткан түшүн жандуу сүрөттөп баштады:

– Атам токойду аралап өзүнчө, сиз өзүнчө кеттиңиз.

– Баарыбыз адашкан жокпуз, кызым, атаңар адашып жүрөт… Көптөн бери адашып жүрөт атаңар… – Жамалдын үнү мукактанып, ыйлап жиберчүдөй угулду Эрасыл менен Анарга. Алдыңкы эрдин тиштенип, жаак эти титиреген Жамалдын мындай түрүн уул-кызы мурда эч көрбөгөн. Алар муну сурап тактагандан айбыгышты. «Чоң кишилердин сөзүнө аралашпай жүргүлө» деп дамамат эскерткен катуу тарбияга көнгөн балдар кайра суроо бергенге батына алышкан жок. Анарга атасы менен апасынын бүгүнкү мамилеси ажыдаар кирген түштөгү окуядан да коркунучтуу туюлду. А Эрасыл Анарга кызыгуусу артып шыбырады:

– Түшүңдү кайра айтчы маа…

– Айтпайм! – түшүн кайра айткандан коркту.

– Тезирээк кийингиле, бала бакчадан кечигесиңер, – деди Жамал аңгыча.

II
Жаңы жыл босогодон аттаарда Жамал каргашалуу «Кармен» сулуулук салонунда болгон. Корпоративдик кечеге жасанып баруу үчүн салонго кире калган Жамалдын көзүнө адегенде Гүлзар аттуу бой-турпаты келишимдүү кыздын бейжиги көзгө урунду. Ажарлуу кыз Жамалды босогону аттагандан эле жайдары мүнөз, илбериңкилиги менен тосуп алды.

– Педикюр, маникюр жасатканы келдим эле, – деди ага.

– Бул жерге жайгашып олтуруңуз, – деди кардарга кичи пейил Гүлзар.

Жамал жумшак креслого жайгашары менен көзүнө абдан тааныш кутуча урунду. Бул кутуча өзү иштеген зергер өндүрүштүк ишканасына таандык. Муну жаңылып-жазбай тааныды. Кантип тааныбайт. Заказды кабыл алган бир гана өзү. Дагы бир таң калычтуусу - өтө сейрек, өтө саналуу заказ менен жасалган мындай кымбат баалуу буюмду сулуулук салонунда педикюр, маникюр жасагандар сатып алуусу мүмкүн эмес. Чанда бир чама-чаркы жеткендер заказ берген бул буюм сулуулук салонуна кайдан келди?! «Мындай болушу мүмкүн эмес» деди ою. Жыл соңуна жакын мындай заказдын үчөөсү парламенттин комитет төрагасы тарабынан күйөөсү Качкын аркылуу заказ кылынган. Парламенттин комитети тарабынан тапшырылчу мындай кымбат белек оңду-солду тартууланбашы керек эле го. “Бири президенттин жубайына, дагы экөө премьер-министр менен спикердин жубайларына арналган заказ” дешкен.

– Маникюрдан баштайынбы, эже?

– Ии, – деген Жамал кутучадан көзүн тарта албады.

«Кокус өзүбүздүн өндүрүштүк ишканадагылар жең ичинен чыгарып саткан товар эмеспи?!» деген ой тынчын алды. «Же биздин ишкананын атын саткан зергер буюм өндүрүүчүлөр пайда болгонбу?! » Тынчсыздануусун билдирбегенге аракеттенди. Компания үчүн чоң чууну жаратар кенедей ишке кылдат мамиле керектигин түшүндү. «Муну кандай териштирсем экен?..»

– Көрөсүзбү? – деген Гүлзар кутучаны Жамалга карматты күтүүсүздөн, – аябай кызыгуу менен тиктедиңиз го муну, – деген ажарлуу жаш кыздын оюнда чынында эч нерсе жок болчу.

«Өзү! Өзү!» деди ичинен. Ажыдаар сүрөтү түшүрүлгөн кутучаны жазбай тааныды.

– Ажыдаар жылына карата сыртынан өйдө абдан сонун жасалгаланыптыр, – деди Гүлзар да кардары таңыркап караган буюмга мактангандай түр менен.

Чынында бул белек саналуу сааттар мурун эле колуна тийген Гүлзардын жүзү албырып, кубанычын жашыра албай жүрөгү тыбырчылап отурган. Кубанычтын толкунун айланасындагы кыздар менен жаңыдан бөлүшүп баштаганда сырттан жаңы кардар пайда болду. Болгондо да байыстуу, аземдүү кийинген айым аттады босогодон. Адатта мындай айымдарга Гүлзар да илбериңки болууга аракеттенет. Антпесе мындайлар текеберсинген мүнөзүнө салып, тез эле артына кайрылып кетерин жакшы билет ал. Бирок салабаттуу көрүнгөн айым жумшак креслого отурары менен негедир Гүлзарга тартууланган белектен көзүн тарталбады. Өзүнүн сүйүктүү адамы тартуулап кеткен кутучадан көздөрүн алалбаган кардардын манжалары менен мойнундагы асыл мончок таштарга өзүнүкүн салыштырды ичинен. «Сеники кымбатпы же меникиби?» деген тымызын атаандашуу сезими ойгонду. Бирок кардарынын мойнундагы асыл таштар менен сөйкө, шакектер кымбатпы же өзүнө тартууланган белекпи?.. Ажырата албады.

– Абдан укмуш чеберчилик менен жасалыптыр, – деди кутучанын ичине да, тышына да көз жүгүрткөн Жамал. Тек гана «сага муну ким белекке берди?» деген суроо тил учунда эле турду. Бирок сыр алдырбаганга аракеттенди. Азыр анын абалы түбүнөн быкшып турган жалын отко окшош эле. Жамал мына-мына жалыны дүрт деп жанар чокту оозунда кармап отурду. Тилин тишине катты…

– Берсең да бир сыйра көргөнгө, – деди ары жактан кепке аралашкан салондогу кыздардын бири Айдай, – вау… Классно! Это мечта любой женщины! Поздравляю тебя, Гульзарка. Ну сен, эмне, отказываешься от его предложение? Чыга бер турмушка, ал сенин баркыңа жетчү эркек.

– Бирок мен анын жашыруун никедеги аялы болгум келбейт. Түшүнөсүңбү? – деди Гүлзар текеберсинүү менен, – я хочу иметь полноценную семью.

– Что ещё надо тебе, Гульзар? Ал сага бүгүн Жаңы жылды үй-бүлөлүк майрам катары бирге тосорун айттыбы? Айтты. Значит…

Ушул учурда Гүлзардын уюлдук телефону чырылдап калды.

– Эже, телефонго жооп бере коёюнчу, – деген Гүлзар Жамалдан бир ооз уруксат сурамыш болуп, бирок кардардын «мейли» деген жообун күтпөстөн телефонун шашылыш көтөрдү.

– Как, милая, твое настроение? – телефондогу эркектин үнү даана угулуп турду. Үн Жамалга тааныш…

– Отлично, Качкын Сатарович. Как, вы уже подүезжаете?

– Да, милая, я уже возле вашего салона, – муну уккан Гүлзардын шаштысы кетип калды, – я сию минуту.

Жамалга жаңы эле маникюр жасап бүтүп, педикюрду баштаган Гүлзар Айдайга кайрылды:

– Айдай, пожалуйста, сенде клиент жок го пока. Эжеге педикюр жасай салчы. Я в долгу не останусь. Выручи, пожалуйста!

– Девушка, что за отношение у вас к своим обязанностям? ! – деген Жамалдын көзүнөн заар чачырап чаңырды. Ордунан атып туруп, көздөрү сырттагы Качкын Сатарович отурган KG номурундагы машинеге кадалды, – я вам сию минуту устрою… – деп өң-алеттен кеткен Жамал уюлдук телефонуна чалып күтүүсүздөн өктөм үнү угулду:

– Качкын Сатарович! Жашыруун никедеги катыныңа келдиңби?! Заходи прямо в салон! Ждем-с…

Салондогулар бомба түшкөндөй селейди. Албууттанган Жамал Гүлзарга тартууланган кутучаны алгыр куштай колуна илип көчөгө атырылды. Сыртта машинесинен түшөр-түшпөсүн билбеген Качкын Сатарович көрүндү. Салондон чыккан Жамалды, Жамалдын колундагы кутучаны көргөндө башы жерге шылкыйды. Ал дароо кылычтын алдында шилиси кесилер адам өз жазасын күткөндөй шөлбүрөдү. Азыр ага колуктусунун айбаты канжар кылычтын мизинен да коркунучтуу эле.

– Бутумдун тырмагын тазалаган кыз ушул белекке татыктуу болуп калдыбы сага?!

Качкындан үн-сөз чыккан жок. Шөмтүрөп, мөгдүрөп турган адамдын кейпин кийди.

– Дагы экөөсү кана?! Ал экөөсүн дагы кайсы жашыруун никедеги канчыктарыңа тартууладың? ! Айт... “Айт” деп атам! Же президенттин да жашыруун никедеги катыны барбы сеникиндей? Же төрагаңдынбы? ! “Айт” деп атам!

Албууттанган Жамал Качкындын бульдог иттикиндей салаңдаган бетине шалп түкүрдү. Ага кыбасы канбай, кутучаны күйөөсүнүн чекесине толгоду, бетине толгоду. Качкындын бети пластилин оюнчук сымал толгонуп буралганын сулуулук салонунда иштеген кыздар терезеден үрөйлөрү учуп тиктеп турушту. Алар мындай ырайы бузулган адам жүзүн көрүшкөн эмес эле. Адамдын бети пластилиндей чоюлчаак болорун сулуулук салонундагылар биринчи жолу көрүштү.

Сыртты шынаарлап тиктеген кыздардын арасындагы Гүлзар болсо кирерге тешик таппай кыйпычыктады. Ал өз кезегин күттү…


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   forgotten   28 Декабрь 2016 - 13:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 638
  • Катталган: 17 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 26 Июл 2017 02:40
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Суперстан

Бүттүбү эмне?
Жөнөкөйлүк ашса ашсын, бой көтөргөндүк адатка айланбасын. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   aseras   28 Декабрь 2016 - 13:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 438
  • Катталган: 02 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Авг 2019 19:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт аралынан

Кай жерден кочурсон,дагы кочуруп келип улант эми))Кызыктуу экен

Билдирүүнү түзөткөн: aseras: 28 Декабрь 2016 - 13:24

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Aikoo2014   28 Декабрь 2016 - 13:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Уландысы жок, бутту.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   -FREEDOM-   28 Декабрь 2016 - 14:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:00
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москов

Уланта койгулачы...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   admin_superstan   28 Декабрь 2016 - 14:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Адабият жана поэзия" бөлүмүнө жылдырылды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Begimjan   28 Декабрь 2016 - 15:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 16 Май 16
  • Соңку аракети: 07 Окт 2018 12:47

улантдысы барбы.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Glucke   28 Декабрь 2016 - 19:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

Ulandysy jook...buttu
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   perizat91   14 Март 2017 - 17:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 04 Февраль 17
  • Соңку аракети: 15 Мар 2017 12:46

Уландысы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Monchoshka   15 Март 2017 - 03:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 335
  • Катталган: 05 Август 16
  • Соңку аракети: 07 Июл 2017 14:38

Болдубу? Мынчааа...(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   jai   10 Апрель 2017 - 20:00

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 517
  • Катталган: 18 Май 16
  • Соңку аракети: Бүгүн, 09:31

Бироонун коз жашына бакыт кургусу келгендерди жек кором...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 10:24

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: