Ассаламу алейкум жалпы форумчулар.
Анда эмесе Чет олкого кантип, Ким аркылуу, кайсы жылдары келип калдыныз эле? Мен озум баштап берсем.
2015-ж кышында досум Москвадан КРге келмек, аны мен кайра Москвага бирге кетмек болуп, келишип да койгонбуз.
Мен ал убакта форумга жакшы эле аралашып калган учурум. 2015-жылдын сентябрларында форумдагы темалардын бирине кыздар мн таанышам деп Ном калтырдым. Коп отбой эле, бир кыз жазып калды ватсаптан. Аны мн таанышып, жакшы суйлошо кеттик. Москвага кетуу жолдорун сураштырып отуруп, ал мага женесинин Ватсап Ном берди. Женесине болгонун айтып, ал мага жардам берээрин айтып, келе беруумду сунуштады. Ал кыздын уй булосу мн Москвада экенин алдын айткан болчу.
Озумо бир ишенип да ишенбей да турдум. Ар кандай ойлор кетип, тааныбаган адамды кантип чакырып жатат деп да ойлоп Адам урдоо, же алдоолор, ушуга окшогон жаман ойлор да келбей койгон жок. Ошентип бир чечимге да келип жеттим. Бирок кантип?. Мейли, бул Жактан, ватсап аркылуу созду бышырып алып, уйдогулорго айттым, досум чакырып жатат, кетишим керек, жумуш даяр экен дедим да каршы болгонуна карабай кок беттенип билет да алдырып алдым. 24- ноябрга билет алып, алар мени Домодедовская метродон кутуп алаарын айтты. Ошентип Аэропортко келип, сыртка чыксам озумо озум ишене албай, кайда бараарымды билбей, баякы кызга зв эттим. Кыргыз балдар жолугуп калды, таксисттер экен. Аларга тушуп Домодедовская м клип ал кызды куттум. 10 минут аралыгында мен ватсаптан таанышкан кыз Келди да квартирасына алып жоноду. Царицыного жакын, МКАД ттын боюнда, Ашан, Твой Дом, Вегас ТЦ бар экен. Ватсаптан суйлошкон женеси жылуу маанайда тосуп алды..
Эн кызыктуусу ал кыз турк улутунда болгондугунда.
Уй булосу мн Москвада тураарын айткан. А бирок женеси кыргыз кызы, 12-13 ж бери Москвада экенин билдим. Ошентип жумуш таап беришти. Баякы мен таанышкан кыздын агасы озумдун агамдай, женеси озумдун жакын эжемдей эле болуп калышты. Убакыт учкан куш сымал демекчи, келгениме 1 жылдан ашты, бир да жолу жаман айтышпады, урушпадык, ал менин мамилемден,
менин тарбиямдан да болду окшойт. Бир да жолу сизин, бизин деп урушпаптыр.
Арадан бир жыл отсо да бир да жолу башка квартирага чыга элекмин. Анткени бул жерге конуп буттум..
Москвада атамдын туугандары,
балдары, озумдун досторум бар. Бирок эмнеге алар мн эмес? Мен негедир милдет кылган адамды жек кором. Алар менен кетсем, эртен созсуз бир жерде болсо да айтышы толук мумкун. Аны мен чакырганмын.
Мен жумуш таап бергенмин жб.болбосун деп, тааныбаган,
адамдар мн мамиле тузуп кетууну ойлонуп жургом.. Ошентип уч уктасам да мындай болоорун ойлогон эмес экем, жашоом тур тамыры мн башка нукка бурулуп кеткенин, азырга чеин кантип тааныбаган Адам мн мамиле тузуп, ушунча чон шаарга таанышсыз, келип калгандыгымды ойлосом коркуп да кетем, бир чети суюнуп да алам, азырга чейн озумо озум тан калам...
Азыр Кудайга шугур, баары жакшы.
"Жаман улут болбойт, жаман гана адамдар болот" деген созго 100 пайыз ынандым десем жанылышпаймын.
Сиз буга ишенбешиниз мумкун, кантип эле деп.
Бирок жогорудагы баардык жазуулар менин жашоомдон отуп отурат.
Ал кыз форумга каттосуз кирип, ар БиР темаларды окуп тураарын айткан. Бирок катталган эмес. Ал азыр турмуш жолуна аттанып, бир уй булонун келинчеги.
Муну мн мен эмнени айткым келди. Арабызда ушунчалык жакшы Адамдар бар, бирок бизге билинбээри анык. Жок, чынында жакшы адамдар ото коп..
Сиз да басып откон жолунузду жаза кетсениз.....
))))
Рахмат.
Чет өлкөгө кантип келдиңиз эле?
#2 31 December 2016 - 04:18
Трогательно"
деп кое беле орустар)))
Чындыгында азыркы заманда мындай адамдар аз
Чындыгында азыркы заманда мындай адамдар аз
#3 31 December 2016 - 04:19
акыркы кундору аябай жалкоо болуп баратам. жогорудагы жазганынызды деле толук окубадым. бирок баарын тушундум. мен сизчелик коп кылып жаза албайм. кыскача эле жазып койоюнчу.
Россия десе эле укмуш элестетип журчумун. 9-классты аяктаган элем. агенттен Россиядагы эжем менен суйлошуп олтурсам баласын караганы нянька керек деп калды. кел келип карап бер айына 6000 рубль толоп берем, кийим алып берем,... кыскасы болушунча кызыктырып алдады. мага эмне 16 жашка жаны эле толгон кезим. алдандым. апамдын жанын койбой барам эле барам деп жатып келип алгам. 2013-жылдын 27-сентябрь куну учуп келип даны деле журом. 1 жыл толук бала карап олтурдум. андан кийин оз алдымча иштеп кеттим. эмне деген гана иштерде иштебедим. талаага чыгып картошка терип баштагам алгачкы ишими. 1 жыл иштеп куйоого да тийип алдым. тороп да алдым. Эми кыш бутсо барабыз го Кыргызстаныма. 4-жылга кетип жатат. мекенимди абдаан сагындым

#4 31 December 2016 - 04:24
Апам мн атам самолетко салып алып келген барбайм деген оюма койбой, шо боюнча кете албай калып кеттим.
Salam baaryna
#5 31 December 2016 - 04:46
Мен Москвага биринчи 2014-жылы жазында келгем, Апам, Атам,акем бул жакта болчу. Анда мен колледжде 1-курста окуйт болчум Апам синдимди алып келдирем деп калды,мен барбайынбы десем окуун не болот кой оку дегенине карабай кондуруп окууну таштап салып эле келе бергем,ошентип 5 ай жургом анын 3жарым айын иштеп окуумдун контрагына келген кеткен жолкиреме окууга кийимге иштеп кеткем, Быйыл жайында кайра келдим Ата Апам Бир туугандарым бул жакта болгон учун кыйынчылыкты деле билбедим окшойт
#6 31 December 2016 - 13:36
Апам мн атам самолетко салып алып келген барбайм деген оюма койбой, шо боюнча кете албай калып кеттим.
.
Сага кыйын болуптур кете албай калып кетсең.
Мен Санкт-Петербургду бир көрүүнү кыялданып журом. Россиянын эң кооз шаары деген статусу бар эмесби. Москва, Новосибирск, Пермь, Казань, Екатеринбург шаарларын коргом. Питерди коро элекмин.
#7 31 December 2016 - 13:48
.
Сага кыйын болуптур кете албай калып кетсең.
Питерде жыргаап журо берда.
Мен Санкт-Петербургду бир көрүүнү кыялданып журом. Россиянын эң кооз шаары деген статусу бар эмесби. Москва, Новосибирск, Пермь, Казань, Екатеринбург шаарларын коргом. Питерди коро элекмин.
Сага кыйын болуптур кете албай калып кетсең.
Мен Санкт-Петербургду бир көрүүнү кыялданып журом. Россиянын эң кооз шаары деген статусу бар эмесби. Москва, Новосибирск, Пермь, Казань, Екатеринбург шаарларын коргом. Питерди коро элекмин.
Келип кетин жайда, айландырып келем.
Salam baaryna
#8 31 December 2016 - 13:56
Мен өз каалоом менен баргам. Тагам бар эле иш таптым келесиңби деп калды, билет алып жөнөп калгам. Тагам тапкан иште 10 кун иштеп башка ишке отуп кеткем
#10 31 December 2016 - 16:18
Мен,2014 жылы,28 июнь куну жалгыз учуп келгенмин,жолдошумдун артынан.Келген кунумдон бир кундон кийин жумушка чыгып ошол жерде ушул кунго чейтн иштеп келе жатамын,арада бир жолу мекениме барып 4 ай туруп кайра келип ошол.бойдон бара элекмин.
Мен дуйнону апам менен тааныгам.....
...

Супер-Инфо
super.kg
видео