Кеч күздөгү ыр
Күл болуп кетпейин деп,
Күндө азап чекпейин деп,
Күздүн бир аруу кечин,
Көңүлгө каткан жокмун…
Күн нурум чачкан жокмун,
Гүл таажым ачкан жокмун!
Күтүүсүз чертип келген,
Күү сырың тапкан жокмун!
Көңүлүң жазган жокмун,
Көп сырым ачкан жокмун.
Көздөрүң айтып турду,
Көөнүңө жаккан жокмун!
Күрпүлдөп дайра болуп,
Күүлөнүп, кайра конуп,
Күмүшүм, айта албадым:
«Күтөм, - деп, - кайра жолук?..»
Күл болуп кетпейин деп,
Күндө азап чекпейин деп,
Күн даамын таткан жокмун,
Күү сырын ачкан жокмун...
"Бир үзүм от"
Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. акын эжекебиздин ырлары менен бөлүшөбүз.
#261 30 Декабрь 2016 - 00:09
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#262 30 Декабрь 2016 - 00:10
Карек таштап, кылгырышкан тымызын,
Канчалардын окулбаган ырысың.
Эч кимиси бирок мендей сүйө албайт,
Бирине да бербейм сени, ырысым...
"Бир үзүм от"
Ж.Исабаева
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#263 30 Декабрь 2016 - 00:16
КАНТИП ЧЫДАП ЖҮРӨСҮҢ САГЫНДЫРЫП?
Мен сени сагынбадымбы!
Кантип чыдап жүрөсүң, азапка салып коюп?
Түшүмдө кучагыңды жайып коюп,
Капшытым эңшерилтип кайра эле бат,
Кайдадыр кайкып учуп, кайып болуп!
Кантип чыдап жүрөсүң?
Кусалык тушап акыл-сезимимди,
Элесиң кыңайта ачып эшигимди...
Капилет кайдан-жайдан кирип келип,
Жалжылдап тиктейт. Бу не? Кечиримби?
Ансайын алдастаймын бакытымдай,
Бапестеп элес менен кезигүүмдү,
Жообу жок суроолор көп. Алдануу же
Арзуудан ала турган кешигимби?
Бардүйнөм сени менен кеткен окшоп,
Баратам агым жиреп, дүйнөм боздоп,
Сөлдүрөп сөлөкөтүм сүйрөп алып,
Таба албай, өзүмдү-өзүм жүрөм жоктоп...
Кыялдар кыйрап, сынып, майып болуп,
Кыямат күндө калган кайык болуп,
Сыноонун толкунунда аласалып,
Күткөнүм сенден келчү (ак) жарык болуп,
Өзүңсүз өксүк өрттөп, алым куруп,
Өкүнүч барат дүйнөм багындырып. ..
Сен баарын сезип, билип, туясың да,
Кантип чыдап жүрөсүң сагындырып?
Ж.И.
2.11.2016
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#264 30 Декабрь 2016 - 00:17
Кусалык тушап акыл-сезимимди. ..
Элесиң кыңайта ачып эшигимди,
Капилет кайдан-жайдан кирип келип,
Кайрылып карап кетет кетилүүмдү. ..
Бардүйнөм сени менен кеткен окшоп,Алдастап, ал ансайын дүйнөм боздоп,
Сөлдүрөп сөлөкөтүм сүйрөп алып,
Таба албай, өзүмдү-өзүм жүрөм жоктоп...
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#265 30 Декабрь 2016 - 00:21
Мен сени сагынбадымбы!
Кантип чыдап жүрөсүң, азапка салып коюп?
Түшүмдө кучагыңды жайып коюп,
Капшытым эңшерилтип кайра эле бат,
Кайдадыр кайкып учуп, кайып болуп!
Кантип чыдап жүрөсүң?..
Ж.И.
(тапшырык ырлардан)
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#266 30 Декабрь 2016 - 00:22
Көксөөм басып,
Көңүлүмдү бөлбөөгө,
Көрүнбөөгө,
көздөрүңдү көрбөөгө,
Көп эле ирээт
көңүлдөнөм, а бирок,
Көнбөй койду,
жүрөгүм эч жөндөөгө.
Сезем мендик сезимиңди. Сагынам...
Себеленем,
сен тарапка агылам.
Себеби жок,
Секунд сайын серпилип,
Сени эстөөнүн
Сересинде жаңы улам,
Билинбеген
Бийиктикке чыгам да,
Билбейм неге
Күтөм сени кыр аңда...
Бир аз мендик
сүйүүң болсо, суранам,
Белек эмес,
бир керемет ыр арна?..
"Бир үзүм от"
Ж. Исабаева
Көңүлүмдү бөлбөөгө,
Көрүнбөөгө,
көздөрүңдү көрбөөгө,
Көп эле ирээт
көңүлдөнөм, а бирок,
Көнбөй койду,
жүрөгүм эч жөндөөгө.
Сезем мендик сезимиңди. Сагынам...
Себеленем,
сен тарапка агылам.
Себеби жок,
Секунд сайын серпилип,
Сени эстөөнүн
Сересинде жаңы улам,
Билинбеген
Бийиктикке чыгам да,
Билбейм неге
Күтөм сени кыр аңда...
Бир аз мендик
сүйүүң болсо, суранам,
Белек эмес,
бир керемет ыр арна?..
"Бир үзүм от"
Ж. Исабаева
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#267 30 Декабрь 2016 - 00:25
Мен азыр...
Мен азыр жандүйнөмдө жалгыз болуп,
Жалп өчсөм кайра экинчи жангыс болуп,
Калдайган кош канатым каңтарылып,
Кайратым качып, каруум алсыз болуп...
Ансайын даба издеп чабалактап,
Жаңылып, жаза тайып кала жаздап
,Кирпигим жумганда да жакынымдай,
Башыма сары түстүү санаа жаздап...
Көңүлүм чөгүп турат капа болуп,
Капилет чүмбөтүңдү ача коюп...
Кабыргам кайышууда, кастарлаган,
Мендеги бир ишеним каза болуп...
...Сөз уккум келип жанга жага турган,
Азаптан арачалап кала турган,
Дербиштей жер айланып кетким келип,
дүйнөгө жаным сыйбай барат улам...
"Бир үзүм от"
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#268 30 Декабрь 2016 - 00:27
А сен болсоң...
Азартым бул – азаптыр же бактыдыр?
Адатым бул – жамандыр же жакшыдыр?..
Быркыранып сынып, кайра биригип,
Сен жөнүндө жазгым келип жакшы ыр,
мен өзүмдү өзгөлөрдөн катам да,
Мезгилдин бир чекитине батам да,
Мелмилдеген жымжырттыкты жамынып,
Аалам тордун терезесин ачам да…
Дүйнөм түгөл болуучудай сен менен…
кабарыңды издейм, табам, термелем!
А сен бакыт, сүйүү издеп башкадан,
Баратасың, аралашып эл менен…
“Бир узум от”
Жыпар Исабаева
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#269 30 Декабрь 2016 - 00:31
Билдим да...
Сага керек экендигим билдим да,
Мен өзүмдү аяганды үйрөндүм,
Гүлзар тигип жомокторго айланткым,
Келип кетти чар тарабын дүйнөмдүн.
Сага жаккан үчүн менин күлгөнүм,
Болгум келди жароокер, наз сүйгөнүң.
Сендик гана өмүр сүрөм мен эми,
Мен анткени сени күтүп жүргөмүн.
Сага жаккан үчүн ууртум, эриним,
Эс-акылдын эрежесин жеридим.
Жолубуз бир бир болбосо да сүйүүдө,
Экөөбүздү теңештирди Теңирим.
Сага жаккан үчүн көзүм, мүнөзүм,
Кечирдим эх, жүрөгүмдүн күнөөсүн!
Мен өзүмдү жакшы көрө баштадым,
Сүйөм сени деген үчүн бир өзүң.
"Бир үзүм от"
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#270 30 Декабрь 2016 - 00:32
Канатым сынып,
Каректе жашым айланып,
Карайлап жалгыз
Калганда Күндү, Айды алып,
Караңгы түндө,
Калдайтып жайып канатың,
Каралдым менин,
Кашыма келдиң байралып,
Качанкы качкан
Кайрыгын ырдын кайра алып...
Козголуп дүйнөм, Коргошун болуп балкыдым,
Кош канат бүтүп,
коно албай жерге калкыдым...
Комузуң үч кыл
Кошоктоп биздин дүйнөнү,
Колуңду кармап,
Кошулуп учтум, алтыным,
Коно албай жерге,
кошо учуп кеттим, барчыным...
“Эски дептерден”
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#271 30 Декабрь 2016 - 00:37
А балким...
Сабындай жакшы ырымдын,
Сагынтып... жакшы кылдың!
Сагынчым болгон үчүн,
А балким бактылуумун. ..
Жазындай жаштыгымдын,
Жарк этип... жакшы кылдың!
Жактыруу болгон үчүн,
А балким бактылуумун.
Арзыдым, азгырылдым,
Адаштың... жакшы кылдың.
Арманым болгон үчүн,
А балким бактылуумун.
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#272 30 Декабрь 2016 - 00:38
Мынча эмнеге?..
Көңүлдүн көксөөсү бар көздөрүңдө,
Керемет сыр жашынат сөздөрүңдө.
Күндөргө күтүү менен күүгүм кирип,
Түндө да түштөр кирет биз жөнүндө.
Ырдасам сагынычым жетет бекен,
Ынагым, ырга айлангым келет нечен!
Ылайым ыр түнөгөн жүрөгүңдө,
Ыр болуп жашагым бар керек десең!
Канатты күүлөйм сага жетким келет,
Кайгыдан арачалап кетким келет.
Төгүлгөн кирпигиңден кагылайын,
Тагдырлар табышабы, эх ким билет!
Сеңселген саамайыңды желбиретип,
Элесиң тиктейт жанды элжиретип.
Билбеймин, мынча эмнеге сүйдүрөсүң,
Шипширин добушуңду дилдиретип.
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#273 31 Декабрь 2016 - 22:15
Менин эски дептерим
Кереги жок мага башка нерсенин,
Бирин гана тандай турган келсе күн,
Тандаар элем көп бакыттын ичинен,
Жүрөгүмдүн ачкычын таап келсе ким...
Балким эссиз, балким эпсиз эркемин,
Койдура албай жүрөгүмдүн тентегин,
Ошол жакта кымбат нерсем калгандай,
Шарактата берем эски дептерим...
Кээсин эстеп, кээсин таппайм! Эх менин
баркын билбей, желге учурган кездерим...
Түк ойлонбой сүйөт элем, жоготкон
күндөрүмдү таап келип берсе ким...
Карда калган, жамгыр жууган издерим,
Ойдон, тоодон келе берет издегим...
Коё турчу... сен таап алган жок белең,
Башкача бир – күлүмсүрөй тиктедиң
Ж.И.
Кереги жок мага башка нерсенин,
Бирин гана тандай турган келсе күн,
Тандаар элем көп бакыттын ичинен,
Жүрөгүмдүн ачкычын таап келсе ким...
Балким эссиз, балким эпсиз эркемин,
Койдура албай жүрөгүмдүн тентегин,
Ошол жакта кымбат нерсем калгандай,
Шарактата берем эски дептерим...
Кээсин эстеп, кээсин таппайм! Эх менин
баркын билбей, желге учурган кездерим...
Түк ойлонбой сүйөт элем, жоготкон
күндөрүмдү таап келип берсе ким...
Карда калган, жамгыр жууган издерим,
Ойдон, тоодон келе берет издегим...
Коё турчу... сен таап алган жок белең,
Башкача бир – күлүмсүрөй тиктедиң
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#274 31 Декабрь 2016 - 22:22
Билбейм...
Кереметим, кененим,
Беделим, тоом, береним,
Эбедейим элжирейт,
Неге? Билбейм себебин.
Арстаным, асылым,
Ашыгым, ыр азыгым.
Айтып бүткүс дастан, күү –
Ар тамгасы атыңын.
Сен бар кезде – мен да бар,
Сенсиз дүйнөм кембагал.
Бийлеп алган сезимди,
Билбейм, сенде эмне бар?
Ж.И.
"Эски дептерден"
Кереметим, кененим,
Беделим, тоом, береним,
Эбедейим элжирейт,
Неге? Билбейм себебин.
Арстаным, асылым,
Ашыгым, ыр азыгым.
Айтып бүткүс дастан, күү –
Ар тамгасы атыңын.
Сен бар кезде – мен да бар,
Сенсиз дүйнөм кембагал.
Бийлеп алган сезимди,
Билбейм, сенде эмне бар?
Ж.И.
"Эски дептерден"
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#275 31 Декабрь 2016 - 22:23
Сага да сезилдиби?
Жүрөгүң сезди бекен каттарыңды,
Сагынып, самап жазган саптарыңды,
Бирикпес кылып айрып, бириндетип,
Биликтей отко ыргытып жакканымды. ..
Күтүүнүн күндөрүнөн үмүттү үзүп,
Чыдамды күкүм кылып чачканымды?
Сага да сезилдиби... кечир мени,
Жалындап турган отту сезимдеги,
Өчүрүп көнөктөгөн көз жаш менен,
Көлкүлдөп көңүлүмдүн эзилгени?..
Көөнөрүп көптөн берки сагынычтар,
Көңүлдө асманымдын кетилгени...
Сага да сезилдиби?
Ж.И.
(Эски дептерден)
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#276 31 Декабрь 2016 - 22:36
СЕН...
Жүрөккө сен
Санаа таштап, ой таштап,
Сага карай
Сагынчка жол таштап…
А мен толгоо
тартып сендик ырларга,
Чабалактайм,
Ак кагазга бой таштап…
Өрдү карай
өзүмдү-өзүм жөлөйм да,
өзгөлөрсүз
өз дүйнөмө жөнөйм да,
- Өх-х! – деп алам
өзүңө окшош ырларды,
Өөп-жыттап,
Ийнине баш жөлөйм да!
Добушуңдан
Алып тоодой каниет,
Комузуңду
Уккум келип да бир эх,
Кең ааламдын
терезесин ачам да,
Телмирем, саа
айткым келип аруу кеп...
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#277 31 Декабрь 2016 - 22:36
Саптарыңа эркеледим, эзилдим...
Тамчы жашым – көл-дайрасы сезимдин.
Дүйнө - жомок, өзүм болсо сүйүунүн,
Ханышасы сыяктанып сезилдим...
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#278 31 Декабрь 2016 - 22:44
Ханзаадам
Катарлаш да, кайчы да өтүп канча адам,
Карек талып, издегемин канчадан.
Капысынан түшүп келдиң жомоктон,
Канатыңды жайып алып, ханзаадам.
Чекит менен алмаша албай үтүрүн,
Күтүү ырын жазып жүрүп үшүдүм.
Күздө көктөн жылдыз терип келдиң да,
Илеп койдуң, аягына күтүүнүн...
Эски дептерден
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#279 31 Декабрь 2016 - 22:46
Бул жашоодо жакшы да бар, жаман бар,
Асыл муноз, ар кыл муноз адамдар.
Муноздорду омур менен ширелтип,
Арабыздан агып отот замандар.
Жер үстүндө убактылуу элебиз,Биз жаралып бир гана ирет келебиз.
Айткылачы, акыры андай болгон сон,
Жүрөктөрдү оорутабыз неге биз?
Адаштым деп өткөн күнгө кайгырба,Бакыт күтөт келе жаткан ай, жылда.
Байлыкка да, мансапка да ишенип,
Абийир, ыйман, ак жолуңдан тайгылба.
Ж.И.
Эски дептерден
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#280 03 Январь 2017 - 19:37
Эски дептерден эскирбеген эки шиңгил:
Туман...
Туман басып турат бүгүн калааны,
Ал ансайын сайран куруп, санааны,
көкүрөктү ээлейт боштук - боздогон,
Балким туюм жеткиргендир сага аны?..
Туман басып турат бүгүн калааны,
Сен кеткен жак – тоону, асманды, талааны...
Мен тарапты карадыңбы, ээ, сен дагы:
“Кайда калды? Көрүнбөйт... ” – деп карааны.
Туман басып алган ойду-санааны,
Жандүйнөмдө – жалгыздыктын арааны...
Акыл-эсти, бар сезимди басмырлап,
Суздук ырдап. бийлеп жүрөт... кара, аны..!
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.