Mадагаскардагы жалгыз кыргыз
.
Кыргызстандык Талгат Аманов 10 жылдан бери алыскы Мадагаскарда жашайт. Ата Мекенинин тоолору менен ак карын сагынган Талгат тропикалык өлкөдөгү жашоосу тууралуу кеп салып берди.
.
- Кыргызстандыктар китептен, мультфильмден эле билген Мадагаскарга кантип барып калдыңыз?
.
- Мен өзүм Нарындын Кочкор районунда туулуп өскөм. 1998-жылы Нарындагы кыргыз-түрк лицейин бүтүрүп, Бишкектеги эл аралык Ата Түрк Ала-Тоо университетине тапшырдым. Бул окуу жайдан компьютердик инженерия адистиги боюнча билим алган соң, Улуттук университетте ушул багыт боюнча билимимди өркүндөткөм.
Окууну бүтүп Кыргызстан жана Жапония биргелешип ачкан маалымат технологиялары боюнча улуттук борбордо иштеп жүрдүм. Дал ушул учурда Кыргызстандан окууну бүтүп кетип, Мадагаскарда иштеп жаткан түркиялык бир таанышым "түрк лицейине информатика сабагынан берген мугалим керек болуп жатат, иштеп көрбөйсүнбү"
деп сунуштап калды. Мага бул сунуш абдан кызык болуп, ойлонуп көрүп макул болдум. Ошентип 2005-жылдан бери бул жактагы түрк лицейинде информатика мугалими болуп эмгектенип келем.
.
- Үй-бүлөңүз барбы?
.
- Үй-бүлөм бар, бир кызым бар. 2009-жылы Кыргызстанга барып үйлөнүп келгем. Жубайым үйдө, кызымды тарбиялап жатат.
.
- Мадагаскарда жашоо кыйын болгон жокпу, бөлөк маданият, бөтөн жерге кантип көндүңүз?
.
- Башында бир аз кыйналдым, Кыргызстанды сагындым. Бул жакта биздегидей ак мөңгүлүү бийик тоолор жок. Чыңгыз Айтматов айткандай “Тоодон жакшы бир гана тоо боло алат” демекчи тоону кадимкидей эңсейт экенсиң. Бирок иштеген жерим түрк лицейи болгону мага жеңил болду. Анткени мен да түрк лицейин бүтүргөндүктөн ал жактагы шарт мен үчүн жат эмес эле.
.
Каза болгон адамдын сөөгүн жерге көмбөстөн, жардын боорун тешип, үңкүр казып атайын текчелерге жайгаштырат.
Анан 3 жыл, же 5 жыл өткөн соң сөөктү алып чыгып, ырдап-бийлеп,
шаңдуу музыка менен кийимин алмаштырып,
кайра ордуна коюшат...
.
Мадагаскардан үйрөнчү деле көп нерсе жок. Бирок сабак алышыбыз керек. Бул өлкөнүн эгемендик алганына 50 жылдай болду. Анын тарыхын карап, кандай кемчиликтерди кетирбеш керек, канткенде бул жактагыдай абалга түшпөй калабыз дегендей сабак алуу керек...
.
- Ал жакта сизге эң эле кызык учураган нерсе эмне болду?
.
- Эң кызыгы - бул жактагы жергиликтүү эл ак түстүү адамдарды абдан сыйлап турушат. Сыягы Франция оккупация кылган мезгилден калган адат болсо керек. Ак түстүүлөрдү кайдан көрбөсүн, жол бошотуп берип турушат. Ошол нерсе абдан кызык учурады мага.
.
- Демек, сый үстүндө жүрөт турбайсызбы?
.
-Эми мен сый үстүндө жүрөйүн деп аракет кылбайм. Аларга “акбы, карабы адамбыз да” деп түшүндүргөнгө аракет кылбайм. Бирок алардын канына сиңип калганбы, ак түстүүнү сыйлаганга умтулуп турушат. Анан дагы кызык келген нерсе, мен Кыргызстанда жүргөн учурда банан абдан кымбат болуп, акчалуулар жечү эле. Бул жакта бананды “кедейлердин тамагы” деп коюшат. Жердин баары эле ананас, банан.
.
- Жергиликтүү калктын жашоо турмушу кандай?
.
- Эми көпчүлүк тамак-аш, буюм-тайым чет өлкөдөн келет. Ошон үчүн абдан кымбат. Орто катмар аябай эле аз. Жакыр катмар абдан көп. Колунда барлар калктын 5 пайызга жакынын түзсө, жардылыкта күн кечиргендер 60-70 пайызга жетет го. Тропикалык жер болгондуктан,
үй-жай салбай эле көчөдө эле жашап жүрүшөт. Кечинде чыксан, үстүнө бир нерсе жамынып уктап жаткандарды көп көрөсүң. Элдин көпчүлүгү сабатсыз. Билим берүү мекемелери Франциянын системасы менен иштейт. Бирок эл жакыр болгон үчүн билим алууга мүмкүнчүлүктөрү жок.
.
- Мадагаскардан кыргызстандыктар эмнени үйрөнсө болот деп ойлойсуз?
.
- Үйрөнчү деле көп нерсе жок го... Булардан биз сабак алышыбыз керек. Бул өлкөнүн эгемендик алганына 50 жылга жакын мезгил болду. Алардын тарыхын карап, кандай кемчиликтерди кетирбеш керек, канткенде бул жактагыдай абалга түшпөй калабыз дегендей сабак алуу керек. Бул жактагы шартты карап, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагына абдан маани берүү керектигин түшүндүм.
.
- Кыргызстанга качан кайтайын деген оюңуз бар?
.
- Аны так айта албайм. Бул жакта бүтүрө турган айрым иштер бар. Аларды бүткөрүп, алдыма коюлган милдетти аткарган соң кайтабыз.
.
- Мекениңизди сагынсаңыз керек?
.
-Албетте, сагынасың. Балким тоолуу Нарында туулуп-өскөн үчүнбү тоолорду көп сагынам. Анан да Мадагаскарга келген 10 жылдан бери кар көрө элекмин. Кыргызстандын кышын сагындым...
>>Тагдырдын тамашасы, же чет мамлекеттерден тагдырдын буйругуна моюн сунгандар<< Бул темада чет жактан бактысын тапкандар тууралу
#21 23 Март 2014 - 11:26
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#22 23 Март 2014 - 11:33
Мадагаскардагы кыргыз мугалим. Сол тараптан биринчи
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#23 23 Март 2014 - 11:37
Башка улуттан жар күтүү күнөөбү?
Дэвид Галлагер
.
Мен Американын жаранымын. Өз өлкөмдүн раса жана улуттук теңчилик орнотконго чейинки кандуу жана татаал тарыхын жакшы билем. Кичинемен "Адам баласы ар түрдүү, бирок ал ынтымактуу жашоого тоскоол болбойт" деген насаатты угуп чоңойгом. 2010-жылы арзып сүйгөнүмө, кыргыз кызына баш коштум. Бирок биздин кол кармашканыбыз “улутчул” кыргыздарга жакпады. Алардын биз тууралуу сөздөрүн угуп, кадимкидей жүрөгүм ооруйт.
.
Сүйүү үчүн мыйзам бузуу
.
Июнь айынын бейпил түнүндө жаш жубайлар: “Тургула! Силер мыйзамсыз үй-бүлөсүңөр! ” деген үндөн чочуп ойгонушту. Алардын уктоочу бөлмөсүндө полиция кызматкерлери турган. Уйкусу жакшы ачылбаган келин дубалда илинип турган нике күбөлүгүн кол жаңсап көргөздү. Полиция тобунун башчысы документке көз чаптырган соң “Бизге бул жарабайт! Силер атайын башка жактан үйлөнүп, бул жерге көчүп келдиңер” деп “кылмышкерлерди” шаштыра кийинтип, түрмөгө алып кетти.
.
Бул окуя 1958-жылы, АКШнын түштүгүндө жайгашкан Виржиния штатында болгон. Ак түстөгү мырза кара терилүү келинчеги менен Виржиниянын кара менен актын үйлөнүүсүнө каршы мыйзамдарынан айланып, Вашингтон шаарына барып, баш кошуп, үч балалуу болгондо өз жерине кайтып келген. Алар сүйүү үчүн мыйзам бузушкан. Тагдырдын тамашасын кара .
- фамилиясы Loving (Сүйүктүү) экен. Лавингдерди кармагандан кийин, Виржиниянын соту аларга мындай деген тандоо берген - бир жыл түрмөдө кармаласыңар же 25 жыл бою Виржиния штатына келбейсиңер. Айласы кеткен жубайлар өз штатынан чыгып, сотко арызданышкан. Ал колдон колго өтүп, тогуз жыл дегенде, тагыраагы 1967-жылы Жогорку Сотко жеткен.
.
Бул аралык ичинде Америкада улуттардын айырмасына болгон коомдук түшүнүк өзгөрө баштаган. 1963-жылы кенже Мартин Лютер Кинг Вашингтон шаарындагы Линкольндун эстелигинин алдында белгилүү “Кыялым бар” деген атактуу сөзүн сүйлөгөн. 1964-жылы АКШнын Конгресси президент Жонсондун колдоосу менен Жарандык Укук Топтомун кабыл алган. Бул тарыхтагы чоң бурулуш эле. Топтомду кабыл алуу менен Америкадагы улуттар теңдиги мыйзам тарабынан колдоого ээ болгон. Үч жылдан кийин, Жогорку Сот Лавингдердин арызын карап, "Эки улуттун үйлөнүүсүнө каршы мыйзамдар Конституцияга туура келбейт жана ал мыйзамдар ушул күндөн баштап күчүн жоготсун" деген чечим чыгарган. Бул соттук иш кылымдардан бери улуттарды бөлгөн мыйзамга биротоло чекит койгон.
.
Абраам Линкольн менен кайра таанышуу
.
1861-1865-жылдары АКШда жарандык согуш тутанган. Бул калабага чейин түштүк штаттарынын мыйзамдары Африкадан уурдалып келген кара терилүү адамдарды “жеке менчик” катары саналышын колдогон. 1860-жылы кул ээлөөчүлүктү жек көргөн Абраам Линкольн президент болуп шайланган. Бою узун, мыйзамды майда-чүйдөсүнө чейин билген Линкольнду түштүк штаттардагы мартабалуу байлар жактырган эмес. Алар жаңы президент мыйзамдарды кул ээлөөчүлөргө каршы өзгөртөт деп коркушуп, өзүнчө өлкө болуп бөлүнөрүн жарыялашкан. Линкольн “Бирикме” (Кошмо штаттардын бирикмеси) эч качан бузулбасын" деп аларга каршы согуш ачкан. Төрт жылга созулган кандуу кармаштын жүрүшүндө “Бошотуу” жарыясы аркылуу эркиндик алган кулдар армияга кабыл алынып, 1865-жылы "Бирикме" жеңишке жеткен.
.
Абраам Линкольн расалык бөлүнүүгө каршы чыккан.
Линкольндун даанышмандыгы – элден жарым кадам алга басканында эле. Согуш аркылуу ал жалпы америкалык түшүнүктү тымызын өзгөртө баштаган. Кара түстөгү адам менен балачагынан сырдаш болгон Абраам, кул ээлөөчүлүктү биротоло жок кылгысы келип, ыңгайлуу учурду күткөн. Абраам ошол кездеги америкалык добуш берүүчүлөр кара терилүү адамдын эркиндиги үчүн согушуп, курмандыкка чалынууга даяр эместигин билген. Ошондуктан ал “Бирикмебизди” сактоо үчүн күрөшөбүз! " деп, коомдун колдоосу менен жоокерлерди түштүк штаттарга жиберген. Үч жылдан кийин, элдин түшүнүгү өзгөрүлүп бара жаткандыгын сезип, "Акыры биз эркиндик үчүн күрөшөбүз! " деп ишенимдүү айта баштаган.
Америкада кул ээлөөчүлүк түзүлүштүн 250 жыл бою мыйзам аркылуу былк этпей сакталгандыгы азыркы доордо түркөйлүк, жапайычылык сыяктуу көрүнөрү бышык. Линкольн илимге таянган. .
Сабактары үчүн Библияны окуганы болбосо, дин менен "ооруган" эмес. Бирок кандуу согуш созулган сайын, Абраам согуштун күчүнө ишенип баштаган. Согуш аны аябай карыткан. "Кудай Американы кул ээлөөчүлүктү колдогон түпкү күнөөсү үчүн жазалап жатат" деп экинчи президеттик ант берүү салтанатында тайманбай айткан. Согушта Америка калкынын 2.5% - 620 000 адам курман болгон. Ага менен ини согушуп, бири-бирин өлтүргөн. Линкольн өзү да согуштун акыркы жумасында Форд театрында душмандын огунан жантаслим болгон...
.
Кыргыздар айкөлдүктү унутуп баратабы?
.
2010-жылы мен кыргыз кызына үйлөнүүгө даярданып, узак сапарда эрикпес үчүн, Пулицер сыйлыгынын ээси, тарыхчы Долорес Кернстин “Атаандаш Тайпасы: Линкольндун саясий даанышмандыгы” деген китепти сатып алдым. (Спилбергдин “Линкольн” деген киносу китептин бир окуясына негизделген).
Учакта китепти окуп жатып, Линкольнго аябай карыз болгонумду түшүндүм. Абраам ата эңсеген улуттук теңдик ишке ашып, мен улуту да, дини да, жарандыгы да башка чет элдик кызга баш кошууга бараткам. Бул кадамымды мыйзам да, коомдук түшүнүктөр да колдоп турган. Ошондо ушундай керемет доордо жашап жатканыма кубанып, “Манас” аба майданына конуп жатканда, Абраамга ыраазычылык билдиргем.
.
Кыргызстанда Тынчтык Корпусунун ыктыярчысы болгон кезимде (1999-2001 - жылдары) кыргыздардын айкөлдүгүнө көп жолу күбө болгом. Башка улутту жектеген сөздү бир адамдан уккан эмесмин. 2010-жылы Кыргызстанга келгенде кыргыздар баягыдай эле айкөл экен. Гүлжан экөөбүздүн кол кармашканыбызга эч ким тоскоол болгон жок. Бир жолу жолдон МАИчилер токтотуп, менден паспорт сурашты. Мен “Кечиресиздер, кайненемдин үйүндө унутуп калган турбаймбы” деп безилдесем, “Ээ, күйөө бала турбайсыңбы! Эчтеке эмес. Азаматсың! ” деп жылмайып коё беришкен.
.
Тилекке каршы, акыркы жылдары кээ бир кыргыздардын башка улутка болгон көз карашы өзгөрүп, “улутчулбуз” деп башкалар менен аралашкысы келбеген адамдар көбөйүп бара жаткандай сезилет. Алардын кээ бири Гүлжанга "чыккынчыдай" мамиле кылып, социалдык тармактар аркылуу тийишип, орой, чучукка жеткидей сөздөрдү айтышат. Ушундан улам кыргыздар башка улутка болгон сабырдуулугун унуттубу деп тынчсыздана баштадым. Акыркы он жылда курама жыйып, журт кылган Манастын урпактары өзгөрдүбү же мурда мен байкабаган нерселер ачыкка чыга баштадыбы?
.
Адамдын күчү – ар түрдүүлүгүндө
.
Менин түшүнүгүмдө, “улутчулдар” (эч кандай изилдөөлөргө таянбай, өз байкоом, тажрыйбам боюнча) “Кыздар чет элдикке тийсе, кыргыздар акырындап жок болуп кетет” деген илимдин изилдөөсүнө туура келбеген түшүнүгү менен сабырдуу кыргыздарды коркутушат. Аларга дүйнөгө белгилүү профессор Жаред Даймонддун, “Guns, Germs and Steel” (Мылтык, Микроб жана Темир) деген Пулицер сыйлыгын алган китебин окууну сунуштайт элем. Даймонд бир маанилүү суроону иликтеген - эмне үчүн 1519-жылы испандар Мексикага келип, азтек (ацтек) элин басып алган? Азтектер эмнеге алардан жеңилип калган? Европалыктар башка улуттан артыкпы? Буга жооп катары ал Евразия материгинде ар түрдүү улут жашаганын мисалга тарткан. Ал улуттар миңдеген жылдар бою бири-бири менен атаандашып, бири-биринен үйрөнүп, бири-бири менен аралашып, үй-бүлө курган. .
Европанын негизги күчү мына ушунда болгон. Ошон үчүн, адамзаттын эң алдыңкы технологиясы испандардын колунда болуп, “жаңы дүйнөдөгүлөрдү” оңой эле жеңип алышкан.
Кыргыз “улутчулдар” каалагандай бир улуттагылар гана үйлөнсө, анда кыргыз маданияты чындап эле акырындап жоголуп кетиши мүмкүн деп ойлойм. Мурдунун учунан алысты көрө албаган эл, глобалдуу доордо жан сактай албайт. .
Кыргыздар кенен келечегин сакташы үчүн, жаш муундагы кыргыздар "мен кыргызмын" деп сыймыктанып, ошол эле учурда дүйнөнүн жаңы, пайдалуу сунуштарынан баш тартпашы керек. Ошол сунуштарынын бири – эки адамдын үйлөнүп чогуу турмуш куруу укугу.
.
Америка улутчулдук, расизмдин арты жакшы бүтпөсүнөн эчак сабак алган. Азыр жаш америкалыктар ар улутту, ар түрдүүлүктү сыйлоону бала бакчадан эле үйрөнүшөт. Американын чыныгы байлыгы - көп улуттуулук деген түшүнүк коомдук аң-сезимде бекем орногон. Албетте, анда-санда улутчулдукка, расизмге байланышкан, төбө чачты тик тургузган жаңылыктар болот. Бирок, "бардык адамдар бирдей" деген ураан алдындагы тең укуктуулук үчүн күрөш токтобой келет.
.
Кыргызстанга өгөй эмесмин!
,
Гүлжан экөөбүз баш кошкондон бери эки жаман уулдуу болдук. Улуусу Линкольн, кичүүсү Билим. Алар президенти кара терилүү Америкада төрөлүштү. Айтайын дегеним, уулдарымда кыргыз каны ойногону үчүн эч качан кодулоого кабылышпайт. Менин уулдарымдай, эки эне тилдүү, эки улуттуу болуп чоңойгон муун, менин муунумду дагы бир-эки кадам алга тартат деп үмүттөнөм. Дагы эки муундун ичинде бири-бири менен аралашып, Америка чын эле расалык маселелерден кутулуп чыккан коом болорунан шек санабайм. Уулдарым чоңойгондон кийин Лавингдер тууралуу окуп калышса, капа болуп, таң калышса керек деп ойлойм. Ал уяттуу тарыхты уулдарыма кантип түшүндүрөм? Уулдарым кыргыз “улутчулдардын” жериген сөздөрүн угуп калышса, кыргыздын жээни болгонунан уялып, Кыргызстанга келүүдөн баш тартышсачы деп кооптоном.
.
Америка жарандык согуштан бери 150 жыл бою алдыга тынбай кадам таштаган. Линкольн дайыма өзүнө “Каралар актар менен теңби?” “Каралар да добуш берүүгө татыктуубу? ” “Каралар актар менен үйлөнсө болобу?” деп суроо узаткандарга сөздү кыйытып жооп берген. Линкольн актар кыздарынын кара жигиттер менен турмуш куруусунан коркконун түшүнүп, "улуттун жаманы жок, баарынын укугу бирдей" деп ачык айта алган эмес. Бүгүнкү күндө Линкольн фантастикалык кинодогудай тирилип калса, кара президентти шайлаган коом менен таанышып, өзү өбөлгө болгон улуттук теңдик ишке ашканын көрүп, ыраазы болмок деп ойлойм.
.
Мен Кыргызстанды абдан жакшы көрөм. Аны экинчи үйүм деп эсептегим келет. Ушундан улам “улутчулдардын” өгөйлөгөн сөздөрүнө ыза болом. Ага карабай сабырдуу кыргыздар менен дос болуп, эки жыл сайын үй-бүлөм менен Кыргызстанга барып, бир айча жүрүп келем. Буюрса, Кыргызстан өзүнө-өзү бекем ишенген, ар улутка бай, күчтүү жана эркин өлкө болоруна ишенем.

#25 08 Январь 2017 - 05:39
Барак Обама менен жолугуп, сүрөткө түшкөн кыргыз кызы
.

.
Рахат Оморова АКШнын Гавайи штатында
эмгектенген кыргыз кызы. Беш тилде эркин
сүйлөйт. Биз Рахат айымды кепке тартып,
преиздент Барак Обама менен кантип
жолукканына кызыктык.
.
АКШга кантип барып калдыңыз?
.
-Жолдошум Патрик, Американын жараны. Аны
менен Японияда окуп жүрүп, таанышып
калганбыз. Бири-бирибизди жактырып калган
соң, ал Кыргызстанга барып, ата-энемден
колумду сурады. Алардын ыраазычылыгын
алып, мени Америкага алып кетти. Гавайиде
туугандарга той бердик. Жолдошум коргоо
кызматында иштегендиктен, жумушу бат-
баттан башка штаттарга которулуп турат. Ага
карабастан бардык жерге тез көнүп кетемин.

.
Гавайиде эмне жумуш кыласыз?
.
-Мен алгач коргоо минстрлигинин алдында
билим берүү боюнча консультант болуп
иштедим. Андан соң каржы бөлүмүнө
которушту. Буга чейин иш-тажрыйбам
болгондуктан ишке орношууда эч
кыйынчылык болбоду. Билимиң болсо иштеги
кыйынчылыкты да сезбейсиң.
.
Жумушуңуз оорбу?
.
-Аткарган жумушум оор эмес. Тескерисинче
бул кесипте иштеген мага абдан жагат. Эң
кызыгы мага келген ар бир кардар англисче
сөздөрүмдөн акценттерди байкап, кайдан
болорумду сурашат. Мен да мындай
мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сыймыктануу
менен аларга Кыргызстандан боломун деп,
өлкөбүз жөнүндө айтып беремин.

.
Президент Барак Обама менен түшкөн
сүрөтүңүздү көрүп калдым, АКШ президенти
менен кантип жолугуп калдыңыз?
.
-Президент Барак Обама ар жылы Рождество
майрамын Гавайиде тосот. Ал күнү аскердик
базадагы жоокерлер менен жоолугуп, майрамы
менен куттуктайт. Жолдошумдун жумушуна
байланыштуу мени да сыйлуу конок катары
чакырышты.
.
Барак Обама жана Мишел Обама менен
сүрөткө түшкөндө кыргызстандык экениңизди
айттыңызбы?
.
-Жок, тилекке каршы убакыт тар болгондуктан
айтканга жетишпей калдым. Бирок көбүрөөк
сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндө
сыймыктануу менен кыргыз экенимди айтып
бермекмин.
.
Барак Обама менен Мишел Обама кандай
кишилер экен, абдан жөнөкөй көрүнүшөт?
.
-Чын эле президент Обама өтө жөнөкөй,
баарына тең, калыс мамиле кылган адам экен.
Аскердик базадагы жоокерлер менен
жолукканда ар бирибиздин колубуздан кармап
учурашып, аябай жылуу кабыл алды. Жаңы
жыл менен куттуктап, балдарга майрамга
карата кандай белек алганыбызды сурады. Ал
эми Мишел Обама абдан тамашакөй, акылман
аял экен. Президенттин ишенген эң биринчи
жардамчысы, айтор Обаманы президент
кылган анын аялы экен деген ойдо калдым.
.
Канча тилде эркин сүйлөй аласыз?
.
-Кыргыз тилин кошпогондо 4 тилде. Англис,
испан, япон тилин жана орус тилинде эркин
сүйлөй аламын.
.
Гавайиде кыргыздарга жолуктуңузбу? ]/b]
.
-Гавайиде жүрүп бир жолу аскердик базада
иштеген Санжар деген кыргыз балага жолугуп
калдым. Аны да бир тааныш орус бала сенин
кыргыз тууганыңды таап алдым деп мага алып
келиптир. Биринчи эле жолукканда Санжар
кыргыз тамактарын сагындым, жасап
бериңизчи деп суранды. Ашканада өтө жакшы
эмесмин, бирок колдон келишинче кыргыз
даамдарын жасап коноктодум.

.
[b] Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
.
-Эки балам бар. Чоңу 12де, кичинекейи 4
жашта. Жолдошумдун тил өздөштүргөнгө шыгы
жок болгондуктан, эч кыргызчаны үйрөнө
албай койду. Бирок өтө кичипейил, ар бир
салтыбызды урматтайт. Балдарым болсо анда-
санда мага кыргызча же орусча суйлөп
калышат. Туугандарым Гаваиге келген сайын,
сөздөрдү үйрөтүп, аларды кыргыз кылып
кетет.
.
-Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик болсун!

#27 22 Январь 2017 - 21:09
кай жерде журсок да бактылуу болойлу!.
кыргызстан менин мекеним!!?