Суперстан: Мергенчинин сырлары. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мергенчинин сырлары. Б.Бийназаров

#61 Пользователь офлайн   Muslim1990   08 Январь 2017 - 22:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ак карга тунуп жаткан тоо койну. Сегиз мергенчи экиден бөлүнүп, бөрүлөргө карата чабуулга чыгышты. Анткен менен бул жактын тоолорунун сырын билбестик кылып, Карыбек карыя менен Алымкул көрсөтүлгөн жол менен гана жүрүп олтурушуп, кеч кирип калган кезде мээрчемдүү жерге келишти. Бул жакта карышкыр эмес как эткен кузгундун дайыны билинбейт. Ышкырып эле шамал болуп турган соң, из дагы калбайт экен. Эгер шамал болбосо дагы из кубалап, карышкырларга каршы ок атышат беле... Тим эле Казактсандын чөлүнө түшүп калышкансып, мелтиреген кар менен гана ызылдаган суук. Ушул күндү көрөбүз деп эч ойлошкон эмес эле. Ушундан көрө көзгө жатык болуп калган өздөрүнүн тоосуна чыгышса, алда канча жакшы болмок болучу. Анда эмгиче экөө жок дегенде бирден карышкыр атып калышат беле...
Апасы айткандай ушул суукта эмне азап чегип келди, аны минтип үшүгөндө гана билип, биринчи жолу алыстан алган жарын эстеди. Көзүнүн кареги менен тең айланган Инабаттын акыркы айткан сөзү ойдо жок жерден карда үшүп жатканда эсине келди "сен мага абдан керексиң" деген. Ушул сөздүн артында эмне деген сөз жатканына азыр баа берип, колунан келсе азыр ага жөө чуркап жеткиси келип кетти. Биринчи жолу сагынуу жүгүн артынды. Көз алдынан Инабат кетпей койду. Ага көнө түшкөнбү же аны чын эле сүйөбү ага жооп таба албай ойго чөмүлүп олтурду. Карышкыр күч деген жерге келип, минтип тосотто жатышканына эле кеминде беш сааттай убакыт болду. Атайын өкмөт берген тулуптун дагы жылуулугу алсыз тартып, денени жылыта албай калганда, сөздү Карыбек карыя алды:
- Я, Алымкул, ушунча жашка чыгып, мынча көп убакыт тосотко турган эмес элем. Ушул жерден бөрүлөрдүн өтөөрү деги анык болду бекен?- деди, үнүн сабырлуу чыгарып. Бул сөздүн эле айтылышын күтүп тургансып Алымкул эки колун оозуна такап, кудум бөрү баласындай кылып уулугандай үн чыгарды эле, эч жооп болгон жок. Асманда ай каалгып акырын жылып бара жатты. Анткен менен түнкү кооздук ажайып көзгө кооз көрүнөт. Ушул кооздукка бир гана суук өзүнүн кесепетин тийгизип тургандай. Эгер суук болбосо асманда каалгып бараткан айды карагандан тажабайт эле. Аңгыча эле жакын жерден уулуган карышкырдын үнү угулганда, экөө тең сүйүнүп кетишти. Алымкул дагы бир жолу алигидей кылып үнүн жасап уулуду эле, ага удаа эле жакын жерден үн чыгып калды. Мына эми баятан бери күткөн кызык кез жакындап калганын билишкенде, экөө үшүгөндөрүн унутуп калышты. Дароо мылтыктарын оңдоп кармап, эки жакка көз агытышты. Чын эле анча алыс эмес коктунун ичинен ондон ашык бөрү ээрчишип кетип бара жаткандарын айдын жарыганан даана көрүп, бойлорун жашырышканча шашышты. Анткени алды жакта дагы эки мергенчи бар. Бөрүлөр ошол жакты көздөй бара жатышат. Алар ок чыгарганда, качып өздөрүнө келип кабылышат. Баары ойдогудай пландашканына экөөнүн көздөрү эми гана жетти. Ооба, башка жердин уузун билбеген соң, жергиликтүү мергенчилердин сөзүн уккан жемиштүү экенин тана алышпайт эле. Аңгыча эле желе жүрүш менен ылдый кеткен карышкырлар, тез эле тигилерге жеткенби, мылтык үнү атылып, тынчтык бузулду. Тарсылдаган үндөн качкан бөрүлөр эми түз эле өздөрү жаткан кыя белди көздөй келе жатканын көзү чалган Алымкул, карыяга белги берди:
- Байкаңыз, бизге жакындап калышты, өткөрүп жибербейли. Биринчи келе жатканын сиз атыңыз, соңунда келе жатканын мен атайын деди. Аңгыча эле экөө тең бир учурда мылтык атып калышты. Алдыда келе жаткан бөрүгө удаа эле экинчи бөрү жалп кулады. Анан дагы ок атылды. Алымкул ылдый чуркап барып, узап бара жаткан бөрүлөрдүн акыркысын атканга үлгүрүп калды. Экөө беш карышкырды атканга үлгүрүштү. Ал эми биринчи тосоттогулар бирди атып, бирөөнү жарадар кылганга араң үлгүрүшүптүр. Аңгыча эле үчүнчү тосоттогулардын мылтык атканы угулуп калды. Алар дагы даяр жатышса керек. Баягы карышкырлар эми кайра жогору жакты көздөй жөнөштү. Ал жакта дагы тосотто жаткан экөө бар. Бул жолу ал жакты көздөй болгону эки карышкыр качкан. Аз убакыт өтпөй жогору жактан дагы мылтык атылды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Muslim1990   08 Январь 2017 - 22:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Алымкул не бар не жок деп, көзүн албай тиги жакты карап жатып, жалгыз карышкыр сай ылдый келе жатканын көрүп, эч сөзгө келбей эле, ылдыйды көздөй калдаңдап чуркап жөнөдү. Карыбек карыя эмне болуп кеткенине түшүнбөй үнсүз тиктеп калды. Алымкул шашып, үлгүрүп калайын деп жалгыз келе жаткан карышкырдын алдынан тосуп чыкканы жөнөгөнүн Карыбек карыя кеч түшүндү.
Коркуп калган карышкыр бул жолу алдынан чыккан Алымкулду байкабай калдыбы, айтор абдан жакын келгенде гана көрүп, кайра артка бурулганда Алымкул акырын гана мылтыкты ага каратып туруп машааны басып калды. Ок жеген бөрү дароо эле ошол жерден акыркы жолу көзүн бир жолу ирмем алып жан берди. Ооба, жогору жактын атайын билдирүү жарыяланган "ар бир карышкыр үчүн, акчалай сыйлык бар" деп. Сегиз мергенчинин эң көп атканы Алымкул, андан соң Карыбек карыя болду. Тиги мергенчилер дагы абдан таң калышты. Жогору жактагы тосоттогулар туура он карышкыр өткөнүн санашыптыр. Анын алтысын Алымкул менен Карыбек экөө атып жатса, бир да карышкыр тирүү кетпей жан берсе, анан кантип бул иштерине ыраазы болушпайт. Кечке үшүп, тарткан азаптары алеки саатта унутулуп, баары бир жерге келип чогулушканда, кызыктуу окуя болуп өткөнүн айтып, бир топко талкууга алып туруп калышты. Ал эми карышкырлардын терилерин күндүз келип сыйрып кетүүнү эп көрүштү.
Эртеси бул окуя жергиликтүү элге шамалдай тарап, Алымкулдун эрдиги тим эле жерге тийбей макталып айтылып жатты. Жасаган иши үчүн мактоо сөз уккан кимге жакпайт. Бул күнү эс алышкан соң, эртеси күнү мергенчилерди башка айылга алып кетишти. Көптөн бери мындай кумардан калып жүргөн Алымкулдун тим эле чечкейи чеч болуп, ишине катуу берилип алды.
Кийинки айылдын тоосу абдан тик анан бийик экен. Бул айылдын эли үчүн короого карышкыр тийген көнүмүш адатка айланып калыптыр. Анткени чынында эле карышкы күч болуп, элдин амалы түгөнүп калган кездери экен. Баарынан да айылда эшектер калбаптыр. Карышкыр эшекке өч деген кеп бар эмеспи. Алгач эле сакалын ак баскан карыя:
- Жыйырма жылдан бери үстүнөн түшпөй минип жүргөн эшегимди эки күн илгери чаламандын чак түшүндө жара тартып кетишти. Бул азыркынын бөрүлөрү "адамдан дагы коркпой калышканбы деп калдым"- деп, арманын айтып баштады. Мындай арманын айткандардын саны арбын эле. Сегиз мергенчи абдан жакшылап план түсүп алышты да, дагы төрт топко бөлүнүшүп, карышкырлар келе турган аймактарды бөлүп алышты. Алымкул менен Карыбек карыяга анча чоң эмес кокту тийди. Бул кокту кичине болгону менен бөрүлөр үчүн абдан ыңгайлуу кокту. Анткени ооз жагы кичине болгону менен жогору жагы кенен анан, беш, алты колотко бөлүнүп кетет. Эки мергенчи кечке жуук курсактарып кампайтып тойгузуп алышып, ээрчише басып коктунун ичине келишти да, алгач эле из куушту. Жалгыз аяк ат жол жогору кетет экен. Бирок ал жолдон карышкырдын изи байкалбайт. Алымкул жаштык кылып кичине жогору чыкты да, маңдай жак тоо бетинен жаңы изди көзү чалып, кайра түшүп келип, берки бетке чыкты. Кырга жете бербеген жерден даана көрдү карышкырдын изин. Эки жакты аяр карап, карышкырлар кайсы тараптан келээрин аныктап, ылдый түшүп келип, карыяга көргөнүн айтып кеңеш сурады эле, Карыбек карыя тоо жакты бир топко карап туруп:
- Анда биз алардын жолун тээ жогору жактагы чоң таштын коңулунан тоссок кандай болот?- деди эле Алымкул башын ийкеп:
- Мен дагы сиз ойлогон ойду ойлоп турдум эле. Анда сиз алдыга басып ошол кырга чыга бериңиз, мен бул кыр менен дагы из карайын. Балким дагы башка жолу табылып калаар. Бирок мен деле ал жакка кечикпей баргандай болом, - деп эскертип айтып, мылтыгын асынган тейде жооп күтпөстөн бери басты. Бири-биринин сырын жакшы билген эки мергенчи өз жолдору менен кетишти.
Бөтөн айылдын тоосуна кызыга карап, улам алдыга жылып келе жатып Алымкул эки кыр нары жактан бир караанды байкап калды. Дароо кызыгуусу арта маңдайкы кырга чыкты да, караан көрүнгөн тарапты тим эле кайберенди аңдыгансып карап турду. Баягы караан бул жолу көзүнө чалдыга койгон жок. Мына бул тоонун уусун билбегендин бир белгиси болучу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Muslim1990   08 Январь 2017 - 22:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Алымкул не бар не жок деп, көзүн албай тиги жакты карап жатып, жалгыз карышкыр сай ылдый келе жатканын көрүп, эч сөзгө келбей эле, ылдыйды көздөй калдаңдап чуркап жөнөдү. Карыбек карыя эмне болуп кеткенине түшүнбөй үнсүз тиктеп калды. Алымкул шашып, үлгүрүп калайын деп жалгыз келе жаткан карышкырдын алдынан тосуп чыкканы жөнөгөнүн Карыбек карыя кеч түшүндү.
Коркуп калган карышкыр бул жолу алдынан чыккан Алымкулду байкабай калдыбы, айтор абдан жакын келгенде гана көрүп, кайра артка бурулганда Алымкул акырын гана мылтыкты ага каратып туруп машааны басып калды. Ок жеген бөрү дароо эле ошол жерден акыркы жолу көзүн бир жолу ирмем алып жан берди. Ооба, жогору жактын атайын билдирүү жарыяланган "ар бир карышкыр үчүн, акчалай сыйлык бар" деп. Сегиз мергенчинин эң көп атканы Алымкул, андан соң Карыбек карыя болду. Тиги мергенчилер дагы абдан таң калышты. Жогору жактагы тосоттогулар туура он карышкыр өткөнүн санашыптыр. Анын алтысын Алымкул менен Карыбек экөө атып жатса, бир да карышкыр тирүү кетпей жан берсе, анан кантип бул иштерине ыраазы болушпайт. Кечке үшүп, тарткан азаптары алеки саатта унутулуп, баары бир жерге келип чогулушканда, кызыктуу окуя болуп өткөнүн айтып, бир топко талкууга алып туруп калышты. Ал эми карышкырлардын терилерин күндүз келип сыйрып кетүүнү эп көрүштү.
Эртеси бул окуя жергиликтүү элге шамалдай тарап, Алымкулдун эрдиги тим эле жерге тийбей макталып айтылып жатты. Жасаган иши үчүн мактоо сөз уккан кимге жакпайт. Бул күнү эс алышкан соң, эртеси күнү мергенчилерди башка айылга алып кетишти. Көптөн бери мындай кумардан калып жүргөн Алымкулдун тим эле чечкейи чеч болуп, ишине катуу берилип алды.
Кийинки айылдын тоосу абдан тик анан бийик экен. Бул айылдын эли үчүн короого карышкыр тийген көнүмүш адатка айланып калыптыр. Анткени чынында эле карышкы күч болуп, элдин амалы түгөнүп калган кездери экен. Баарынан да айылда эшектер калбаптыр. Карышкыр эшекке өч деген кеп бар эмеспи. Алгач эле сакалын ак баскан карыя:
- Жыйырма жылдан бери үстүнөн түшпөй минип жүргөн эшегимди эки күн илгери чаламандын чак түшүндө жара тартып кетишти. Бул азыркынын бөрүлөрү "адамдан дагы коркпой калышканбы деп калдым"- деп, арманын айтып баштады. Мындай арманын айткандардын саны арбын эле. Сегиз мергенчи абдан жакшылап план түсүп алышты да, дагы төрт топко бөлүнүшүп, карышкырлар келе турган аймактарды бөлүп алышты. Алымкул менен Карыбек карыяга анча чоң эмес кокту тийди. Бул кокту кичине болгону менен бөрүлөр үчүн абдан ыңгайлуу кокту. Анткени ооз жагы кичине болгону менен жогору жагы кенен анан, беш, алты колотко бөлүнүп кетет. Эки мергенчи кечке жуук курсактарып кампайтып тойгузуп алышып, ээрчише басып коктунун ичине келишти да, алгач эле из куушту. Жалгыз аяк ат жол жогору кетет экен. Бирок ал жолдон карышкырдын изи байкалбайт. Алымкул жаштык кылып кичине жогору чыкты да, маңдай жак тоо бетинен жаңы изди көзү чалып, кайра түшүп келип, берки бетке чыкты. Кырга жете бербеген жерден даана көрдү карышкырдын изин. Эки жакты аяр карап, карышкырлар кайсы тараптан келээрин аныктап, ылдый түшүп келип, карыяга көргөнүн айтып кеңеш сурады эле, Карыбек карыя тоо жакты бир топко карап туруп:
- Анда биз алардын жолун тээ жогору жактагы чоң таштын коңулунан тоссок кандай болот?- деди эле Алымкул башын ийкеп:
- Мен дагы сиз ойлогон ойду ойлоп турдум эле. Анда сиз алдыга басып ошол кырга чыга бериңиз, мен бул кыр менен дагы из карайын. Балким дагы башка жолу табылып калаар. Бирок мен деле ал жакка кечикпей баргандай болом, - деп эскертип айтып, мылтыгын асынган тейде жооп күтпөстөн бери басты. Бири-биринин сырын жакшы билген эки мергенчи өз жолдору менен кетишти.
Бөтөн айылдын тоосуна кызыга карап, улам алдыга жылып келе жатып Алымкул эки кыр нары жактан бир караанды байкап калды. Дароо кызыгуусу арта маңдайкы кырга чыкты да, караан көрүнгөн тарапты тим эле кайберенди аңдыгансып карап турду. Баягы караан бул жолу көзүнө чалдыга койгон жок. Мына бул тоонун уусун билбегендин бир белгиси болучу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Muslim1990   08 Январь 2017 - 22:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Алымкул эки жакты аяр караса, ылдый сүрдүккөн из анан ылдый жакта караан жатат. Шашкан тейде анын тушуна келип караса, курган карыя беттин тик экенине баам салбай калганбы, ылдый учуп кетиптир. Ал эми карышкырларды Карыбек карыя атпай эле, наркы коктудагы мергенчилер аткан түрү бар. Алымкул мылтыгын эптүү кармап, эми өзү ылдыйды көздөй кайра шыпырылып жөнөдү. Ооба, чын эле карыя кыймылга келбей жатыптыр. Денеси ооруксунуп калганбы, айтор үнү эптеп эле чыгып, дем алганы оор тартып калыптыр.
Алымкул аны жакасынан сүйрөп, дагы ылдый түшүрүп ыктуу жаткысып койду да, өзү бир азга эс алды. Күндөгүдөй ай жарык. Анткен менен күндүн суугу күчүндө. Алымкул эми мындан ары кандай кылыш керек деген ойду ойлоп, бир топко турду да, анан өсүп турган жапайы талдардан сындырып келип, уч жагын байлаштырып, ага карыяны жаткысып, чана сүйрөгөнсүп сүйрөп жөнөдү. Жүз метрдей сүйрөгөн соң, алы кетип токтоп артын карады. Дагы жакшы эгер токтобогондо, кыр менен айылды көздө карышкырлар өтүп кетмек экен. Баягы өзү алгач көргөн из менен үч карышкыр жай баракат гана басып кетип бара жатышты. Алымкул дароо мылтыгын эптүү карамап, алгач эле алдыда жол баштап бара жаткан чоңураак карышкырды кароолго алды да, машааны басып калды. Ок кандай атылды карышкыр дароо жер сүздү, анан экинчисин атты да, үчүнчүсү нары белди көздөй качканга үлүгүрүп калды. Мылтыктын үнүн укканда гана Карыбек карыя катуу үндөн эсине келди белем, башын көтөргөнгө жарады. Чынын айтканда бул мергенчилердин болгон дитин мылтыктын атылгадагы огу ээлеп аларын ушундан улам билсек болот, Карыбек карыя ал турсун үнүн акырын чыгарып:
- Алымкул, аттыңбы? - деп сураганга дагы жетишти. Үнгө келген карыяны көрүп Алымкул сүйүнүп, кабагы ачыла түштү. Экөө бир саамга сүйлөшүп олтурушту да, анан кайра алдыга жүрүштү башташты. Бул жолу Алымкулда күч пайда болгонсуп, тим эле бир топко тыным албай жүрдү.
Баягы экөө ажырашкан жерден бир топ өтүп калганда, алды жактан эки караан көрүндү. Алар айыл тургундары болучу.
Жакын келген экөө Алымкулга жардамга келишип, Карыбек карыяна тез эле айылга алып келишти да, дароо ысык мештин түбүнө жаткырышты.
Бул жолу да куру кол келбеген Алымкул эки бөрүнү атканын айтканда, берки мергенчилер ыраазы болушуп, дагы таң калышты "кайсы убакта үлгүрдүң атканга" деп.
Карыбек карыя ысык чай ичип, денеси жылыгында гана эсине толук келип, ооруксунган денесин кыймылдата албай жатып:
- Кап, байкабай калбадымбы. Бул айылдын тоосу укмуш тик анан ууру жерлери көп тура. Чуңкурчаны кар толтуруп салыптыр, ошого алаксып калып, өзүмдү карамана албай калдым, - деп, учуп кеткени тууралуу айтып берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Muslim1990   08 Январь 2017 - 22:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эртеси күнү гана карыя бутуна турганга жарады. Бул айылдан мергенчилер баш аягы он бештей карышкыр атышты, эки күн ичинде. Алымкул улам убакыт алга жылган сайын сагынычы күч болуп, эмнегедир эле айылына баргысы келип чыкты. Аттиң, эгер бойдок болгондо анда мындай сагынуу, айылды эңсөө болбойт эле.
Сүйүү - өмүрдүн күнү менен гүлү. Кандай гана сүйүү болбосун баштан эмес, жүрөктөн орун алган учурда күлгүндөй таза, күндөй жарык болот. Эгер Инабатты сүйбөсө анда мынчалык азап чекмек эмес. Колоттордогу муздак карда, тосотто жаткандагы эрмеги дагы Инабат болду. Ал жөнүндө ойлогондо жана кыялга батканда убакыт ушундай тез өтүп, үшүгөнүн билбей калган учурлары көп болду. Адам баласы ар дайым жакшы нерселерди укканда жана жакшы нерселер жөнүндө ойлонгондо жашоо кандай кызык көрүнөт. Алымкул чынында ушул жашка келгени мынчалык таттуу кыялдарга деле жетеленбептир. Болгону мергенчиликтин жеңил жана оор жолдорун басып өткөнү болбосо, көзгө илине турган иш деле кылбаптыр. Муну ал Инабатка үйлөнөрдө жана ага үйлөнгөндөн кийин билди.
Он эки күндө жети айылды кыдырып, Алымкул кеминде жыйырма эки карышкыр атты. Башка мергенчилерден айрымаланып, эң көп атканы болду. Чыныгы мергенчилик өнөрүн көргөзүп, алдыңкы сыйлыкты алып, күүгүм талаш айылына келди. Келгени курусун, үйүнө жакындаган сайын кадамы шилтенбей, жол арбып кеткендей эле болду. Ушул жашка чыгып эч кимди мынчалык сагынып көрбөсө керек. Тоого деген кусалыгы кайтып, эми болгон дити Инабатты көрү жана ага жолугуу болуп калды. Андан дагы анын "сен тооңду сагынсаң, мен ата энемдин үйүн сагындым" деп таамай айткан сөзү кулагына кыттай уюп алган эле. Ал турсун үйүнө келгенге чейин, Инабатты көргөнгө чейин "үйүнө кетип калса эмне кылам" деп дагы ойлогонго үлгүрдү.
Балалык кези өткөн, көзгө жылуу учураган үйдүн тегереги Алымкулга ушундай бир сонун көрүнүп кетти. Ооба, мынча көп убакыт узак жолго чыгып көрбөгөндүн бир белгиси ушул эмеспи. Алымкул үйүнө жакындап, эшикти ачканга чейин тим эле бирөө кууп келе жаткансып, абдан шашты. Анткени алган акчалай сыйлыгына апасы менен Инабатка жоолук, эки инисине көйнөк анан дагы таттуу-тарапа алып алган эле.
Бул кезде үйдөгүлөр жаңы гана кечки тамакка олтурушкан болучу. Сыртан күтүүсүз коноктой болуп кирип келген Алымкулдун көзү дароо Инабатты издеди. Анан сыр бербей алгач апасы менен учурашкан соң, эки иниси менен көрүшүп, Инабат менен учурашып салкын гана "кандайсың? " деген болду. Бул эми уялгандын жана ыйбаа кылгандын бир белгиси экенин жашырып болбойт эле. Дароо эле үй ичин шаңдуулук каптап, ызы-чуу эле болуп калды.
Алымкул ала келген белегин алгач апасына, анан эки инисине, аягында Инабатка жоолукту берди. Тасмал үстүнө ала келген таттуу-тарапалар коюлуп, кубанычтуу учур бир топко өкүм сүрдү. Ооба, тамакты дагы жакшы маанай менен жеген кандай жакшы. Чынында эле айтылган кеп бар эмеспи "жакшы тамакты дагы жакшы сөз сүйлөп жеген парз" - деп. Бул жалганда баардык нерсе жакшы нерсени жана жагымдуу сөздү жактырары белгилүү иш. Ар тараптуу сөздөр айтылып, акыры тасмалга да бата тиленди. Кыштын күнкү узун түндүн да бир топ убактысы эч билинбей өтүп кетти.
Алымкул эрте эле жаткысы келди. Анткени куса болгонун, сагынганын Инабатка айтып, сыртка чыгарып албаса ичине батпай кеткени чын эле. Андан дагы Инабат көзүнө баштагыдан да бир укмуш сулуу да болуп көрүнүп кетти.
Акыры көптөн күткөн учур дагы келип, Инабат келип жанына жатканда, дароо эле өзүнө имере тартып, кучагына алды. Аттиң, мына сагынычтын жана кусалыктын илеби, ушул учурда сезилди. Ысык илеп денеден уруп, жылуу, чын ниет менен берилип учурашуунун кези ушунтип башталды. Аттиң, аял заты чыдамдуу келээрин ушул жерден Инабат дагы бир жолу билгизди. Ал эми токтоо деген Алымкул канчалык кармангысы келсе дагы жүрөгүнө тынчтык бербеген сагынуунун чеги, чыдамын кетирип бара жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Muslim1990   08 Январь 2017 - 22:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Алсыздыкты Алымкул билгизип, алгач өзү айтып жиберди:
- Инабат, сени сагынгандай ушул жашка чейин эч кимди сагынан эмесмин! - деп. Инабат, анын колун акырын түртүп:
- Эмне мынча калпты каратып туруп айтасың. Баягыда тим эле тоо жакты карап, менин сага болгон арзуума суу бүркүп, менден денеңди ала качып, муздак жүзүңдү кадап, уулам-улам үшкүрүнүп, бир орунга олтура албай, ак кар баскан тоо жакты карап калбадың беле? Мен эми сенин сырыңды билем. Менден эртең эле ысыгың тараганда, кайра эле тооңду сагынып, тим эле ал жакта бирөө алтын камдап тургансып, шашасың да. Тиги, барып келген жакка кетээрде жөн эле бирөө кармап калчудай шашып кеттиң го?
Алымкул таамай жана чындык айтылган сөзгө муюп:
- Инабат, мунуң туура. Бирок мен бир кезде тоодон эч кимди минтип сагынып, үйгө шашып келчү эмес элем. Эми бир гана сен деп, сен үчүн гана жашап жаткандай мага сезим пайда болду. Мен, сен айткан күнөөнү моюнга алам. Ооба, ушул кезге чейин мага эч ким эч качан минтип күнөөмдү так бетке айткан эмес. Апам гана энелик сөзүн айтчу. Бирок эненин айтканы башка, аялдын айтканы башка таасир берээрин ушул жолу билдим. Экөө бир топко талкуу сөзүн сүйлөшүп жатышып, бир пикирге келишип, анан уйкуга баш коюшту.


***********
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Muslim1990   08 Январь 2017 - 22:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жаздын алгачкы айы. Быйыл жаз эрте келчүүдөй сезилип, күндүн жылуу илеби согуп, жаздын келиши билине баштагандай. Алымкулдун дагы шаштысы кете баштады. Анткени өзүнө берген убаданын өтөсүнө чыкпаса, жаны жай алчудан эмес эле.
Эртең менен туруп, баары чогуусу менен таңкы наарга олтурганда Бурул:
- Балам, баягы ооруң кармады окшойт. Мылтыгыңды ал дагы, ылдый эле токой жакка барып кыргоол атып кел. Үйдө эт да калбай калды. Жазында кайберен атканга деле болбойт. Биринчиден бооз, экинчиден арык. Аны өзүң деле билесиң. Ал эми жапайы кишиңе май айынын башында бар. Ага чейин тоо башынан кар кетпейт, - деди ички оюн билип. Алымкул бул жолу оюн билип койгон апасына таң калды. Ушул саам билди болгон ой-тилеги, санаасы апасына белгилүү экенин. Башын ийкеп:
- Апа, мен сизди туура түшүндүм - деп, кыска гана сүйлөп, башка эч үн дебестен чайын ичип, ордунан турду да, илкий басып Карыбек карыянын үйүнө келди. Карыя баягыдан кийин алы кетип, алыс-жакынга басканын токтотуп, үйүнөн чыкпай калган. Алымкулдун келгенин көрүп, бул киши дагы сүйүнүп кетти:
- Кел, баатыр! - деп, учурашкан соң:
- Эмне кеп сөз, кандай жаңылык бар? - деди. Алымкул жактырбаган түр менен:
- Кайдагы жаңылык болот эле. Үйдө деги канчадан бери үй күчүк болуп жатып, тажап да кеттим. Мурда бир эле киши "тоого барба" деп тескечү эле, эми экөө тескеп, баягы үңкүр таш көздөн учту. Бир барып келейин десем, азыр кайберендер арык. Ал эми мылтык атылса көчкү жүрөт. Эмне кылышты билбей сиз менен кобурашып келейин деп, мында баскам.
Карыя мыйыгынан күлүп:
- Алымкул, эне менен аялдын тилеги ак. Алар деле сенин жалгыз тоого барышыңа каршы. Бирок мен, сени жакшы түшүнөм. Азыр сен мындай кылсаң болот. Жаз келди. Эми үзүмчүлүк башталат. Узун сарыда адам баласы эт чайнабаса да болбойт. Сен тилди алсаң, Нурбай булуңдун токоюна бар. Алыс, бирок кыргоол деген неме жүнүн жейт. Кыргоол ат. Анан сөзсүз түлкү да атсаң болот. Түлкүнүн териси азыр баа. Ал жагын да эсиңден чыгарба. Бирок жаныңа бир киши алып алганың оң. Жалгыз барсаң азыр кар күрткү болуп турган кези, тоскоолун тийгизет го? Алымкул бул сунушту туура кабыл алды. Бирок оюнан баягы жапайы киши кетпей койгонун канчалык айткысы келип турса дагы, эмнегедир айта албай койду.
Анткени ушул кезде чын эле ал жапайы киши аталган Турсунбек да Алымкул жөнүндө ойлоп жаткан. Канча күттү, келип калат деген ойдо.
Ооба, Турсунбектин акыркы кезде шаштысы кеткени чын эле. Анткени бул жылы кыш абдан көпкө созулгандай болду. Азыгы да баягыдай май айына чейин жетмек, бирок ага жетпей калчудан. Анын себеби, уйкусу качкан кишинин курсагына күч келээри анык эмеспи.
Баягы карышкыр ичигин тиштеп алгандан бери, такыр үңкүрүнөн алыс чыкпас болгон. Эки күн кенен тиги карышкыр аңдып жатты. Акыры тажадыбы же курсагы ачтыбы айтор карааны көрүнбөй калганда гана, Турсунбек акырын чыгып, анча алыс эмес жерде жаткан айрылган ичигин алып келип, оңдомуш болуп, арсак-терсек кылып жамап алган.
Бул жылы убакыттын өтпөгөнүнө, кыштаган жатагы да башка болуп калбадыбы. Тиги үңкүрү күнөс бетте болуп, кээде сыртка чыгып, күндү карап жатып, бир маал күнгө кактанып уктап да алчу. Бул үңкүр минтип такыр эле тескей бетте болгону менен, суук андан дагы тар да болуп, сыртка да чыга албай, катуу кыйналды. Күн көрбөгөн адамдын өңү кубарып да кетет эмеспи.
Турсунбек, эки жакты абдан аяр карап алып, түшкө чукул, эски жатагына келди. Тим эле бул жатагы көзүнө бир укмуш жакшы көрүнүп, кайра көчүп келгиси келди. Ооба, үңкүр ичин карап жатып, эки жыл илгери катып койгон тоо чайын анан карышкыр тийип чала жеп кеткен жылкынын этинен жасап алган гүл азыгын таап алды. Бул үңкүрдүн анткен менен төр жагынан жарык тийип турат, кичине болгон жыртыкчадан. Ал жыртыкчадан түшкөн болор-болбос жарыктын нурунан таңдын атканын билчү. Эмнеге тиги үңкүргө журт которду ага жооп таба албай олтуруп, мында көчүп келүүнү эңсеп кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Muslim1990   08 Январь 2017 - 22:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кайра сыртка чыгып, ээн жаткан тоо арасына көз жүгүртүп туруп, оюна бул келди. Эгер аз-аздан жүктү ташыбасам, азыр болгон жырткыч жаныбарлардын майы жукарып, карындар ач, сак болуш керек, деп кайра тиги үңкүрүнө келип, колунан келишинче жүктү кайра мында ташып келди. Эмнегедир көңүлү ачылып, бул жатагын сагынганын даана сезип, кечки сыдырым жел согуп суук каптаган кезде, эрте эле чай кайнатып, гүл азыктан азыраак бышырып жеди да, эшигин бекитип, жатып алды. Ары-бери баскангабы же көңүлү өскөнгөбү, эмнегедир тынч уктады. Уктаганда дагы таң атып, күндүн нуру итапкан бийик көтөрүлгөнгө чейин уктаган экен, эч нерсени сезбей.
Дароо сыртка чыкты да, маңдайдан тийген күндүн нурун азга карап туруп, даарат сындырып келди. Колун карга жууган болуп, баягы атадынча маңдайкы ташка чыга калып, туш-тарапка көз жүгүрттү. Баягы эле тыптынч жаткан тоо арасы. Ооба, бул жер тоонун башы болуп көрүнгөнү менен майда барат жайыгыраак келген бөксө тоолор да орун алган. Жаңы көргөн кишиге тим эле жердин уузундай кооз көрүнөт. Баарынан жайкысын жашыл тукаба оронгон кезинде киши карап эле тургандан тажабайт десең. Турсунбек дагы бул жердин чектен сырт кооздугуна арбалып, байыр алып калганы чын эле.
Бир кезде Турсунбек тээ алыстан өзүн көздөй шуулдап учуп келе жаткан бүркүттү көзү чалып, дароо үңкүрүнө кире качты. Бүркүт учуп келип таштын үстүнө конду да, жөн эле жеминен куру калгансып, көзүн кызартып караганда, Турсунбек ичинен арданып кетти "керек болсо мага минтип бүркүтү да көз артып калганы эмнеси" деп, жакын жерде жаткан ташты ала коюп, уруп калды. Таш бүркүткө тийбей кыйгай өттү. Экинчи жолу баштагыдан чоңураак ташты алды да, күч менен урду эле, таш көкүрөгүнө тийип, катуу тийген соккудан жалтанып учкан болду. Турсунбек андан эмнеге коркту ага акылы да жеткен жок. Бирок аны сездентип качырганына ичинен аз да болсо сүйүнүп, кайраттанып алды.
Бул аймакка келгени эмнегедир Турсунбектин күндөрү көңүлдүү өтүп жаткансыды. Анткени аба менен суудай керек күндүн нуруна денеси чайынгангабы, күчүнө-күч кошулуп, кабагы ачылып, жашоодон үмүт пайда болду.
Билинбей кар ээрип, акырындык менен тоо бетин көк каптай баштады. Анча мынча жаныбарлар чээнден чыгып, тирүүлүктүн белгисинен белги берип, күн жылыган сайын жашоо жаңырып, күчүнө кирди.
Турсунбек колуна чоң союлду алды да, илгери үмүт менен баягы мергенчилердин үңкүрүнө жакын келип, абдан байкоо жүргүздү, анан жакын келип адатынча бир нерсе карады. Албетте туз, оттук таш, кийим кече, жей тургандай даам издеп, бир топко бушайман болуп кармалып калды. Колуна илине тургандай деле эч нерсе таба албай калган соң, умсунуп калды. Анткени чоң үмүт менен келген эле, керектүү бир нерсе алам деген ойдо. Айлана чөйрөнү, адамдардын изин карады. Эх, үмүт деген неме адам баласын кайда гана жетелебейт. Бир кезде гана күн кечтеп бара жатканын эсине алып, жатагын көздөй жөнөдү. Ооба, түнү таң атканга чейин ушул жакка келүүнү абдан берилүү менен эңсегендиктен, абдан жакшы тилек менен келбеди беле. Баягы өзү басып келген жол менен келе жатып, алдынан чыга качкан коёнду көрүп, чочуп кетти да, кайра ага күлкүсү келип кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Muslim1990   08 Январь 2017 - 22:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жатагына келип, ачкан курсагынын камын көрүп, тоо чайынан кайната баштады. Баягы эле күндө үч маал ичкен окшош тамагы. Бир беткей ичкен тамактан ашказаны дагы качып калды. Ушундайда ысык сүт болсо эмне же жаш сорпо болгондо, жашоонун бир кызыгынан чыкпайт беле. Ушул себептен чоң үмүт менен тамак издеп барган болучу, адам баласы түнөгөн үңкүргө.
Окшош күндөр өтүп жатты. Түшүнө дайыма баягы өзүнө карата кыйкырган жана атайын тамак таштап кеткен киши кирет. Ал киши жашоодон чоң үмүт пайда кылып кеткен үчүн, дайыма ал жөнүндө ойлонот.
Бул кезде Алымкул дагы айылга араң эле өзүн кармап басып жүргөн эле. Эки күндөн бери тымызын даярдана баштаганын алгач эле апасы Бурул билди. Ал эми аялы Инабат али биле элек. Кээде Алымкул үйлөнгөнүнө дагы нааразы болуп кетет. Эгер үйлөнбөсө, минтип үйдө камалып жатпайт эле да. Жок эле дегенде буга чейин эки-үч жолу тоосуна чыгып, көксөөсүн кандырып, балким тиги жапайы кишини айылга алып келип калат беле... Адам баласы болбой калган ишке катуу өкүнө берген адаты бар эмеспи. Тоого барса эле жапайы киши өзүн күтүп жаткандай сезилип, бир гана өзүнүн ойлогон оюу туурадай сезиле берди.
Алымкул мылтыгын тазалап, ок дарысын даярдап, кийе турган кийимдерин камдап, жөн эле шаарга жаңы бара турган жаш баладай ичинен сүйүнүп алган. Бирок тоодон ушул кезде эмнени атат. Кайберендердин жаңыдан төлдөп жаткан кези, андан дагы арык.
Баары даяр болгон кезде, чоң иш бүтүргөнсүп, ичинен сүйүнүп алды. Бул эми ашыкча фанаттыктын белгиси эмей эмне. Баары кечки тамакка олтурганда апасынан сурады:
- Апа, эми айтыңыз, эртең мен тоого жөнөгөнү калдым. Тиги жапайы киши күндө түшүмө кире берип, жанымды жай алдырбай калды. Ушунча болду эми барып аны алып келип элге кошуп, желкемден баскан жүгүмдөн арылбасам болбот.
Бурул эч сөз укпаган адамдай бир жерди теше тиктеп:
- Балам, эми мага баары бир. Ушул жашка чейин азабыңды жакшы эле тартып, санаа менен жашап келдим. Эмне болсоң ошол бол. Сен менин энелик эмгегимден, бир туугандарыңдан, ичинде баласы бар алган жарыңдан ошол жапайы кишини жана тооңду артык көрсөң, эртең эмес азыр жөнө. Сенин менде эч дооң жок. Милдетимден кутулуп, үйлөнттүм. Кайда барсаң төрт тарабың кыбыла.
Асыкулум менен Бегимкулум деле мени багат. Бир гана Инабаттын шору. Сен тооңдо аркар-кулжаңды кубалап жүргөндө санаа чеккен. Бир күнү Кожожаштай болуп асканын бетинде сөөгүң жерге берилбей карга-кузгунга жем болгондо анан эстебесең, ушул бактылуу күндөрүңдү.
Алымкул бул сөздөрдү укканда, апасын ушундай бир жаман көзү менен карап:
- Апа, эмне эле деп жатасыз?! -деги. Бурул кабагын түйүп:
- Балам, эми кайберен эмес, башка нерсе атып ал, үйгө алып келбе. Тойдум, ушул жашка чейин сен үйдөн чыгып кеткенден баштап санаа чеккенге. Көрөм, сен дагы карыйсың. Сенин балаң дагы чоңоюп, тилиңди албаган кез келет. Ошондо сен мени түшүнөсүң. Азыр ойлогонуң өзүңө туура болсо, сенден башка киши үчүн такыр туура эмес. Мен сени төрөгөндө, кайберендин убалына калсын, алардын тынч жашоосуна бүлүк салсын деген максат менен төрөгөн эмес элем. Сенин ымыркайыңдан азыркы кезиңе чейинки кыял жоругуң, көз алдымдан кетпейт. Тооңо бармактан, андан ары токоюңа да бар. Ушул баланы көрдүм, үйдөн безип тоого качкан. Күн жылуу кез болсо мейли эле. Азыр жаңы гана кар ээрип, кош айдоо башталды го. Алымкул эч сөз кайрып айтпастан сыртка чыгып кетти.
Бир чети оюндагыны айтып жеңилденип алган Бурул баласынын чыгып кеткенине деле капа болгон жок, аны зарыга күтө турган келинин аяды. Аялды жаратканда күтүүгө жараткан белем. Бир чети эне качан баланы жаман болсун демек эле. Тогуз ай көтөрүп, ооруса кошо ооруп, түнү уйкудан калып чоңойткон бала минтип тилди албай жатса, анан кантип эне капа болбойт. Кечки тамак кантип желип бүттү, аны эч ким элес албай да калды. Бир жагынан Бурул абдан туура сөз айтты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Muslim1990   08 Январь 2017 - 22:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Алымкул сыртка чыгып, короо жакка келди да, ойго алаксыды.
Ооба, ата ордуна ата болуп чоңойткон апасын Алымкул капа кылайын деген деле ойдо болгон эмес. Бирок, апасынын айта турган сөзүн укпай калганына ичи ачышты. Бир кезде айтпады беле "ал жапайы кишини учурунда атаң дагы көргөн" - деп. Ошол табышмактын түйүнү, тиги эмне болгон жапайы киши дайынын билбесе, жаны тынч албасын билип, кайра үйгө кирди да, даярдап койгондорун алып, коркуткан түр менен кеткени жатканда Инабат жанына келип:
- Алымкул, эмне бүгүн мен жалгыз жатамбы. Кечтин киришин кандай эңсейм, сага бир гана кечинде жолугуп, бир гана кечинде экөөбүз сүйлөшөбүз го. Мынча болду эми эртең менен эле жөнө. Билесиңби, сен мени кандай сүйсөң, мен сени андан миң эсе ашык сүйөөрүмдү. Түндө дагы жана дагы эки жолу ичим кыймылдап кетти. Бала ичимди тээп жатат окшойт. Алымкул бул сөздү укканда муюп:
- Апам кызык эле киши болуп калган го? Мен эч деле жаман сөз айтканым жок. Билесиңби Инабат, бул жашоого курт-кумурса дагы жеп-ичип, жашоо менен күрөшкөнү келген. Адам баласынын алардан айырмасы, бирөөнө жакшылык кылуу. Тиги жапайы кишини элге кошсом, анын ата-энесинин дагы арбагы мага ыраазы болот. Ал эми өзүчү. Менин баамымда ал киши мени күтүп жаткандай аян берди, түшүмдө. Аял киши эмне, жанында жүрө берген кишини эле жакшы көрүшөт. Макул, мен сенин тилиңди алып, анда азыр үйгө жатам, эртең менен эрте кетем. Мага, аз болсо дагы тамак аш даярдап бер. Көрөсүң, баары жакшы болот. Баса, мен ал кишини алып келгенден кийин тоого барбайм. Апама абдан капа болуп калдым. Ушул кезге чейин эт менен камсыз кылып келдим эле. Мейли, кийин кайра өзү жумшабаса болду.
Инабат бул жолу күйөөсүнүн айткан сөзүн эп көрдү. Жаңы гана төшөккө жатканда ичке үнүн менен:
- Алымкул, чын эле сен алиги кишини алып келгенден кийин, тооңо барбайсыңбы? -дегеним мен дагы сени такыр жанымдан чыгаргым келбейт. Мен сага уул төрөп берем, - деди эле, Алымкул күлүп:
- Макул, мен бир гана жолу сүйлөгөн адамды жакшы көрөм, - деди.
Эртеси Алымкул жуп чыгарды Инабат бир сындырым нан берди да:
- Бул нанды кечинде апам берген. Алиги киши жесе дароо уктап калат экен. Анан буту колун таңып, сүйлөшсө болот деди. Анткен менен бат эле уйкудан ойгонот дейт. Алымкул макул болуп, нанды өзүнчө атайын баштыктын башка бурчуна катып койду да, апасынын акылына ыраазы болуп, жолго чыкты.
Жолдо келе жатып апасындай кам көрүп, узатып чыккан Инабаттын жоругуна ичи абдан жылыды. Мындай жароокер жардын жасаган ишине баа бербеген дагы жандар бар. Айткандай узак жолдо Алымкул эмнегедир Инабат жөнүндө көп ойлонду. Эмнеге антти аны өзү да билбейт. Бир кезде тоонун теңине чыга келип, айыл жакты карады. Тынч жаткан айыл, талаада кыймыл башталып, эл эмгек менен алек. Эми дагы ушунча жол жүрсө араң бара турган жерине жетет. Жол өйдөлүш болгонгобу дем алганы оорлоп, энтигип алган Алымкул тим эле чоң байгеден куру кала тургансып шашып алган. Аттиң, мына бул да болсо көкүрөккө тынчтык бербеген кумардын бир белгиси экенин жашырып болбойт эле. Аңгыча эле көзү алды жактан коёнду көрүп калды. Дароо боюн жашырып, ылдый боло калды.
Бирок бул аракети текке кетти. Коён шек алып калып, атканга мүмкүнчүлүк бербей бадалдардын арасына кирип кетти.
Алымкул эми аз да болсо тынч алып, эки жакты аяр карап, кыймылын жайлатты. Эгер тиги коёнду атып алган болсо, үңкүрүнө жетип, анын этин отко бышырып жебейт беле. Жазгы күндүн суугу денесин ичиркентип жиберди. Ооба, "жазгы суук жандан өтөт" деп айтылат эмеспи. Алымкул бул жолу жеңил дагы кийинип алган эле. Жолун улап, алдыга жылып бара жатты. Анткен менен кар ээрип, жол баткак болучу. Кээде жаны кыйналып кеткенде өкүнүп алган жайы бар. Бул жолу дагы "Мага чала болот. Апам айткандай дагы он күндөй күтүп жолго чыксам болмок экен" деп баткак жолдо өйдө жылып бара жатып, жол арбыбай койгондо кейип алды. Чынында эле кайсы эле эне баласын жаман жолго кыйсын. Эненин тилегиндей тилек жок экенин Алымкул билип туруп, жолго эрте чыгып алганына бут киймине баткак жабышып, жанын кыйнаганда ойлоп койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Muslim1990   08 Январь 2017 - 22:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Мындан кийин апам менен кеңешмейин эч иш кылбайм" деп. Бул жөн гана жаны кыйналганда берген кезектеги убадасы экенин жашырып болбойт эле.
Кечке жуук гана көздөгөн жерине келген Алымкул, эч сөзгө келбей эле сулк жыгылды. Анынын себеби, абдан катуу чарчаган болучу. Эгер жол кургак болгондо эт бышым убакыт эрте келет беле ким билет. Бир кезде денеси чыйрыкканда туруп, Инабат берген нанды оңой жерге койду да, өзү өзөк жалгап алып сырт киймин жамынып, жатып алды. Ооба, адам баласы үстүнө бир нерсе жамынбай уктаса чыйрыгып калат эмеспи, Алымкул эмне болгон күндө дагы үстүнө бир нерсе жамынып, байпагын чечип жатканды адатка айланткан. Эгер байпагын чечпесе, жакшы уктай албайт. Чынында эле адам баласы билинбегени менен бутун жылаңайлак кылып, жатса жакшы эс аларына турмуш өзү күбө. Алымкулга атасы Малабай үйрөткөн болучу бул адатты.


*************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   -FREEDOM-   09 Январь 2017 - 11:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:00
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москов

Автор кутуп атам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   namys82   09 Январь 2017 - 19:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 31 Январь 12
  • Соңку аракети: 04 Апр 2017 15:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

мен дагы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   bond0202   09 Январь 2017 - 21:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

иштен келип жазат окшойт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Muslim1990   10 Январь 2017 - 00:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Көптөн бери тымызын "келип калабы" деп жол караган Турсунбек, Алымкулду көрүп ичинен сүйүндү. Бирок кандайдыр бир күч, жакын келгенге тоскоолун тийгизип туруп алды.
Ооба, чынында эле жер жарылып чөп чыккандан бери Турсунбек күндө эки маал келип, кырдан бул жакты карап кеткенди адат кылып алганы чын эле. Анын себеби, кандайдыр бир сезим, кандайдыр бир сыр жанын жай алдырбады. Аттиң, эгер эл арасына барып, элге кошулуп калса гана анда көзү ачылып, жашоосу жаңыча башталбайт беле. Жаңы жашоону көрүп, көңүлү өсөт эле го. Тымызын жүрөгүн эзген койчунун кызына жолугат беле, ким билет.
Артка жылып, үңкүрүнө келди. Эмнегедир эле жаны жай албай, бир орунга олтура албай калды. Миң- мертебе ичинен эзилип, өзүнчө ар-тараптуу план түздү. Атаганат, ушул жолу Турсунбек бозой жаш кыздын убадасын алып, аны күткөндөй эле абалга келди го. Андан дагы акыркы кездерде көргөн түшү жакшы. Адам баласы жакшы түш көрсө дагы, көңүлү өсүп калат эмеспи. Түшүндө ак нур чачкан жолго түшүп алып узак жол басып бара жатканы такыр көз алдынын кетпейт. Бирөө менен сүйлөшкүсү келет, бирок ким менен сүйлөшөт. Кээде акылынан тайган кишидей өзү менен өзү сүйлөшүп калган адаты бар. Таң атканга чейин уйку бетин көргөн жок. Ар тараптуу ойлорду ойлоп жатып. Качан гана таңкы чолпон жылдызы көрүнгөндө гана эмне болуп уктап кеткенин өзү дагы билбей калды. Көшүлүп уктап жаткан Турсунбектин бул абалын көргөн киши коркмок. Анткени денеси абдан жүндүү. Сакалын айтпаганда дагы, көкүрөгүгдөгү жүнү тим эле кудум аюунун элесин берет. Андан дагы жуунбаганга сасык жыт денесинен чыгып, жанына киши жолой албайт десең.
Эртеси жалган түштө араң ойгонду. Туруп, эки жакты карап, адатынча маңдайкы чоң ташка чыга калып эки жакты карады. Анан даарат ушатып келе жатып, босогонун оң жагындагы ташта турган нанды көрүп сүйүнүп кетти. Дароо тиги киши келгенин билип, кайра артын карады. Эч ким жок. Нанды алып, ошол эле жерден жеп кирди. Бери жакта дүрбү менен карап турган Алымкул иш оң жагына оогонун билип, тиги киши үңкүрүнө кирип кеткенде, акырын алдыга жылып жөнөдү. Анткени тиги ойгонуп кеткенче, колу-бутун таңып калганга үлгүрүш керек эле.
Турсунбек нанды жеп жатып эле ичкери кирди. Эшикти ичинен бекиткен оюна да келген эмес. Бир кезде эмне болуп уктап кеткенин өзү да билбейт. Ал турсун канча убакыт уктады ага акылы жетпей ойгонсо, колу-буту таңылуу. Ал турсун сыртта жатат. Эмне болуп кеткенине башы жетпей, акылын топтоп, эсин жыйды. Качан гана маңдайыгдагы өзүн күлө карап турган адам баласын көргөндө гана иштин чоо жайын түшүнүп, көзүн жумган болду.


***********
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Muslim1990   10 Январь 2017 - 00:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Алымкул кечинде эрте жаткангабы, айтор таң сөгүлүп келе жатканда эле уйкудан ойгонду. Катуу уктагангабы айтор, өзүн абдан жеңил сезип калыптыр. Калама нандан бурдап-бурдап жеп, чалаптан ичип, чала тоют болуп курсагын тойгузуп алып, сыртка чыкты. Тиги киши келбегенин кечинде койгон наны ордунда турганынан улам эле билип, таң эрте ишти баштоону чечип, чечкиндүү кадам таштады.
Кыя жол менен кадамын шамдагай таштап, тез эле баягы жапайы кишини көргөн үңкүрчөгө келди. Аяр кыймылы менен үңкүрдүн оозун караса, ичинен бекитилиптир. Эми жакшылап план түздү.
Чынында эле бул жер абдан ыңгайлуу жер экенини билип, уйкунун дарысы кошулган нанды тиги көрө турган жерге коюп, өзү кайра из калбасын деген ойдо, чөп менен басып, караанын алыстатты. Анан ыңгайлуу жерди таап, аңдыганга өттү. Бир топко күтүп калды. Тиги кишинин ойгонуп, сыртка чыга турган жөнү жок. Андайда адам баласынын оюна эмне деген гана ойлор келбейт. Балким ичинен бекинип жаткан бойдон өлүп калдыбы же чын эле кеч турабы деген сымал ойлор менен алек болуп жатып, бир топ убакытты өткөрдү. Минтип тоо жаныбарларын канча аңдып жатып, көп убактысын күтүү менен өткөргөнүн жашырып болбойт да. Бир кезде көптөн күткөн учур келип, оңдой берди болуп тиги киши сыртка чыкты. Бою узун, жөн эле кудум аюудай болгон түрүн көрүп алып, Алымкулдун көзү чекчейди. Ушул жакша келгени денесин жүн баскан адамды көзү чалбаптыр. Тиги киши чоң ташка чыкты да, эки жакты бир топко карады. Анан эч ким көргөн жок деген сымал шарылдатып, бир топко заара кылды. Андан соң үңкүрүнө кирип бара жатып, нанды колуна алганын даана көрдү. Ал турсун чайнап жеп, эки жакты шектүү карап, ошол калыбында ичкери кирип кеткенин да байкоо салып карап турду. Бир топко аңдып олтуруп ылдамдай басып, үңкүргө жакын келди. Ич жактан деле дабыш билинбейт. Тамтырс, үңкүрдө деле жан жоктой. Камдап алган жипти алып, ичкери сойлоп кирди. Анткен менен үңкүрдүн ичинен сасык жыт уруп турду. Ооба, оозу гана кичине болбосо, нары жагы абдан кенен экен. Караңгыга көзүн үйүр алдырган соң, эки жакты карап чыкты. Баягы киши үңкүрдүн төр жагында коңурукту кош тартып уктап жаткан экен. Дароо колу менен бутун чечилип кетпес үчүн бекем кылып таңды. Деле эч нерсени сезбейт, тиги киши. Сасык жытка чыдабай кеткен, Алымкул эми тиги кишини сыртка сүйрөп чыкты. Оорулугу сайдын кара ташындай. Эгер кармаша кетсе, алы жетпесин дароо эле билди.
Сыртка чыгарып, даги бир топко олтурду. Анан кайра ичкери кирип, үңкүрдүн ичин жакшылап карап чыкты. Сасык жыттын көбү терилердин кургатылбай жыйылгандан экенин билди. Бир жагынан чын эле үңкүрдүн ичи абдан жылуу экен. Кышында суук деле кирбечүдөн экенин байкады. Бирок эшиги анча жакшы жасалбаптыр.
Сулк жаткан Турсунбекти бир топко карап олтуруп, ага боору ооруп кетти. Кантет, анын минтип жапайы киши болгонуна эмне түрткү болду экен деген дагы ойду ойлоду. Балким кишинин өмүрүн кыйып, качып жүргөн жанбы деген дагы ойду ойлоду. Канча жыл элден бөлүнүп жалгыз жашап жатканын так биле албай, ойго алаксып олтурганда, Турсунбек уйкудан ойгонуп кетти. Алгач эле Алымкул тиги кишиге жакын келип, күлө карап учурашты:
- Салам алэкум, - деп. Турсунбек канча жылдан бери биринчи жолу адам баласына жолугуп, ал турсун адам үнүн угуп жатат. Кулагы тунуп, таң калып бир топко үнсүз жатып:
- Сен кимсиң? - деди. Алымкул дагы күлүмсүрөгөн калыбында:
- Мен Алымкулмун. Сизди элге кошуу үчүн атайын келгем. Корпоңуз, мен сизге эч жаман нерсе кылбайм. Алгач убадалышп алалы, анан колу-бутуңду чечем.
Турсунбек дагы да болсо ишене бербей, чалкасынан жаткан калыбында көпкөк болгон асманды карап:
- Алымкул, сен менин жашоомо кийлигишпей эле койсоң болмок. Мен эми адам баласына кошулуп жашай албай калдым го. Анткени менин чоң күнөөм бар? - деди. Ушул сөздү айтып алып, Турсунбек көзүн тартып алды. Алымкул кабагын чытып:
- Эмне киши өлтүрдүңүз беле? - дегенде Турсунбек:
- Кайдагы киши өлтүргөн. Байдын үйүнө ууруга кирип, кармалып калып качып кеткем. Бай мени кармаса жөн койбойт го. Балким сени мага бай жибеген чыгар? - деди эле, Алымкул каткырып күлүп:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Muslim1990   10 Январь 2017 - 00:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

- Байке, кайдагы бай. Азыр байлар жок. Орус келген. Жаңы жашоо башталып, кедей-дыйкандарга бийлик өткөн. Сиз такыр эле артта калган турбайсызбы. Баягы байлардын доору бүтүп, бийлик кедей-дыйкандарга өтүп, азыр бай-кедей деген жок.
Турсунбек таң калып:
- Ошол кантип болсун. Ошончо малын кантип эле байлар кедейлерге берип койсун. Алымкул сен мени коё бер. Болбосо ачык айт, сени бай жалдады болуш керек, мени кармап келгин деп. Алымкул каткырып күлүп:
- Байыңдын аты ким эле? - деди. Турсунбек таңыркай карап:
- Ишеке-деди эле, Алымкул дагы күлүп:
- Биздин айылда андай киши жок. Ишеке деген кишинин атын укпаптырмын. Кыскасы, байке, сиз тилди алып айылга барып элге кошулуп жашаңыз. Аял алып, артыңыздын туяк дагы калтырышыңыз керек. Азыр эл өзгөргөн. Мен азыр сиздин колуңузду чечейин. Сиз колуңуздун тырмагын алып, жуунуп келиңиз. Экөөбүз тамактаналы да, эртели күндү кеч кылбай ылдый түшөлү. Эгер сиз ушул бойдон жатып, өлүп калсаңыз эмне болот? Адам болгондон кийин адамдар менен бирге жашаш керек. Айттым го, азыр баягы заман жок. Эл өзгөргөн. Колхоз-зовхоз болуп, ар ким иштеген эмгегин жедирүү деген болбой калган. Дагы айтам, азыр элди орус башкарып жатат. Алымкул акырын Турсунбектин колун чечти да, анан ала келген кайчыны берип:
- Алгач алдагы тырмагыңызды алыңыз. Мен чачыңызды алып берейин. Сизге атайын кийим дагы ала келген болчумун. Мага сиздин ата-энеңиз түшүмө кирди. "Сизди элге кош" деп аян берди. Турсунбек эми гана жылуу сөзгө муюп, алгач колунун тырмагын алды. Алымкул экөө ээрчише басып, баягы үңкүргө келгенде алгач тамактанышты. Анан суу жылытып, Турсунбектин чачын жибитип, сакалынан бери алды. Жылуу сууга самынданып жуунган Турсунбек тим эле жыргай эл түштү. Анан Алымкул ала келген киймин кийгизди эле, азыраак тар болуп калды. Анткен менен боюна жараша түштү. Бул күнү кеч кирип кетип, экөө көпкө чейин сүйлөшүп олтурушту. Турсунбек башынан өткөргөн окуяларын айтып берип, экөө жагылган оттун жанында түн ортосуна чейин олтурушту. Аттиң, адам баласы ичине катылган букту айтып сыртка чыгарып алса, кандай жеңилдей түшөт. Турсунбек кээде ыйлап алып да жатты. Айтып олтурса көрбөгөн кордугу калган эмес эле. Байдын эле канча азабын тарткан. Ошол азап, көргөн күнү айла жок минтип жапайы киши болууга түрткү болгонун айтканда, Алымкул дагы жашып кетти. Көрсө бул жалганда адам баласы жашоо менен күрөшүп, жеңилип бербесе гана жеңишке жетет белем. Турсунбек канча жылдан бери ичине катылган букту, ичинен жеген санааны айтып берип жеңилдеп алды. Ооба, кечке жуук экөөнүн насибине жакын жерден коён качып, аны Алымкул атып алганда, Турсунбек абдан таң калып калды. Кенедей союлдай болгон мылтыктын ушунча күчү бар экенин ойлобоптур. Андан дагы таң калтырганы качып бара жаткан коёнду дароо жыгып, жанын алганы болду. Анын этин минтип отко куйкалап жегенде, Турсунбектин көңүлү абдан өстү. Ушунча жыл жашап, азыркы абалдай жыргаган эмес эле. Биринчи жолу жакшы сөз угуп, биринчи жолу эч корунбай тамак жегенге көңүлү өсүп, Алымкулду тим эле чоң баатыр, айкөл адамдай сезип кетти. Турсунбектин айтып олтурса сөзү түгөнчүдөн эмес. Ал турсун атасы менен апасынын дагы ысымдарын унутуп коюптур. Чийки тамак жесе, дайыма чийки суу ичсе, эч ким менен сүйлөшпөсө, анан кантет. Экөө качан гана уйкулары келип, көздөрү илине баштаганда, үңкүргө кирип жатып, уйкуга баш коюшту. Турсунбек эмнегедир тынч уктады. Баягыдай болуп кашынган да жок. Тим эле өзүн абдан жеңил сезип, бетин колу менен сыйпалап, таза алынган сакалынын ордуна бети колуна илинип, жашоого жаңы жаралып калгандай эле болду.
Эртең менен ойгонсо, Алымкул чай кайнатып жатыптыр. Турсунбек жуунуп келди, болгондо дагы самын менен. Канча болду самынды унутканына. Бир чети Алымкулдун айткан сөзү демине-дем кошуп, дитинде элге кошулууну ойлоп койду. Бир жагынан мээсине калыптанып калган жалгыздык жашоосу алагды кылды "элге эми кантип кошулуп жашайм" - деп. Алымкул дароо тигинин оюу бузулуп жатканын билип, алдына ала кеп кылды, тамак алдыга келгенде:
- Байке, сиздин оюңузду билип эле турам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Muslim1990   10 Январь 2017 - 00:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эгер азыр сиз качып кетип кайра жалгыз жашаган жашооңузга кетсеңиз, мен кайра сиз үчүн келбейм. Айттым го, адамча жашаңыз деп. Мен сизге аял алып берем, колумдан келишинче жардамымды аябайм. Эл менен бирге жашасаңыз тез эле көнүп кетесиз. Баягы жаш кезиңиз кайра кайтып келбейт. Убакыт өткөн сайын алыңыз кетет.
Турсунбек өзүнүн оюн билип койгон Алымкулга таң берип:
- Мага туура түшүн. Чынын айтканда дароо эле айылга кирип, элге көрүнүү мен үчүн абдан чоң сыноо болуп турат. Алгач мен айылдын четине барайын. Анан акырындык менен элге аралашпасам, болбойт го? Алымкул бул макулуктай болгон адам менен талашкан баары бир жемишин бербей турганын аңдап билип:
- Байке, мындай кылалы. Сиз ойго түшүңүз. Алды жакта дагы үңкүр бар. Ал жерде бир-эки күн жашап туруңуз. Мен айылдан сизге тамак-аш алып келип берип турам. Анан сизди коктунун ичинде жалгыз жашаган эженин үйүнө жеткизем. Балким ал эже менен тил табышып, бирге жашап калат чыгарсыз. Турсунбек аял жөнүндө укканда уялып кетти. Ооба, чын эле акыл-эси артта калганын билгизип:
- Ал аял анан мени менен бирге жашаганга дароо эле макул болобу? -деди эле Алымкул:
- Байке, азыр мага туура түшүнүңүз. Мына сиз эле элге кошулуудан баш тартып жатасыз. Эгер сиз канчалык менин тилимди алып, элге эрте кошулсаңыз, тиги аял дагы сизге тийгенге макулдугун берет. Алгач сиз ал эже менен таанышып, көңүлүн табышыңыз керек да. Турсунбек бир нерсени эстегенсип бир топко турду да анан:
- Алымкул мага чын эле эч ким тийишпейби? Чынын айтсам коркуп турам деди. Алымкул ичинен ойлонуп, дары кошулган нандын баарын бекер бергенине өкүнүп алды. Анткени жарымын бергенде, жарымын айылга жакын калганда берип, уктатып алып барса алда канча жеңил болмок деп ойлоп койду.
Акыры экөө бир пикирге келишти да, ылдыйды көздөй жөнөштү. Турсунбек абдан толкунданып алган. Улам ылдыйлаган сайын башкача сезим пайда болуп, элет жеринен шаарга биринчи жолу келе жаткан адамдай кабагы да ачык. Ооба, чынында аны Алымкулдун бир гана сөзү ушул абалга алып келди. Алымкул эбин келтирип:
"Байке, мен сизди бир тууган кылып алам. Экөөбүз далай жолу бул жакка мергенчиликке келип турабыз" деген сөзү демине-дем кошуп, Алымкулду арка-бел тутуп, өз ыктыяры менен айылга келе жатат.
Кадамдар алдыга жылып, айылга аралык жакындаган сайын, Алымкулда жан жок, "тигини качып кетеби" -деп. Оңдой берди болуп, аңгыча эле тоонун этегинен адашып жүргөн текени атып алды. Ал бул жакка кайдан келип калганын эч ким билбейт. Бул буйрукка айла жок белем. Теке, эмне максат менен бул жакта жалгыз жүргөнүнө Алымкул абдан таң калып калды. Андан дагы мылтыгы октолуу болгон үчүн, узатпай атып алганга үлгүрдү. Жолу болуп, минтип жапайы кишини колго түшүргөнү аз келгенсип, дагы тоо текени атып алганы абдан көңүлүн өстүрдү. Ич этин алып салып, жонуна көтөрүп алып, күүгүм талаш, алгач коктунун оозунда жалгыз жашаган, жашы кырк бештерге барып калган Мубаранын үйүнө келишти.
Мубаранын күйөөсү беш жыл илгери ооруп каза болуп калган. Анткен менен согончогу канабады. Жалгыздыкка көнгөн, элге кошулбаган, түнт аял. Баарынан да Алымкулду жакшы көрөт. Дайыма кетип бара жатканда шыралга калтырып кеткен адатка айланган.
Биринчи жолу жакын жерден аял кишини көргөн Турсунбектин көзү токтоп калды. Бул жашоодо өзүнө эмне жетишпей жүргөнүн дароо сезди. Ал турсун тиги биринчи көргөн аялды жактырып да калды белем, андан такыр көзүн алган жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Muslim1990   10 Январь 2017 - 00:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Алымкул сөз кезегин келтирип:
- Эже, сизди Турсунбек байке жактырып калды окшойт, - деп, айтканда, Мубара дагы эми чындап көз агытты. Анткен менен тиги кишинин түркөйлүгү азыраак кабагын бүркөдү. Алымкул алдыга чай, анан шыралгадан куурдак келгенде, сөздүн ачыгын айтты. Турсунбектин канча жылдан бери жалгыз тоодо жашаганын, анын көргөн күнүн, жашаган жашоосун. Мубара биринчи жолу өзүнө мээримин төгө караган эркекти сынай карады. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Ушул көз караштардын артында эмне деген жакшы сезимдер жатканын алгач Мубара байкады. Алымкул учурун келтирип сөзүн сыпаа бүтүрүп, сыртка чыгып кеткенде Турсунбек алгач:
- Сиз абдан сулуу аял экенсиз!- деди. Биринчи жолу Мубара эркек атуудан "сулуу аял экенсиз" деген сөздү укту. Күйөөсү эч качан минтип айткан эмес. Аны менен канча жыл бирге жашады. Сөзгө сараң, анан абдан түнт, көп жашка улуу адам эле. Бир да жолу ал киши сени сүйөм демек турсун, ачылып бир да сөз айткан эмес. Тескерисинче суук көзүн гана кадам турчу. Анын жанында канча жыл басынып жашады. Ошол себептен адамдардан өзүн оолак тутуп, жапайы кишидей элге кошулбай калган. Анткен менен азыноолак малы бар. Башкарма дагы Мубараны киши катарынан чыгарып салып, "жумушка чык" деп такыр айтпайт. Андан дагы Мубура алгач көргөн кишинин көзүнө оорулуу кишидей болуп көрүнөт. Бетин чаар баскан, өңү серт болгону дагы чүнчүтүп, боюн элден алыс тутуп келет. Мубара алиги сөздү укканда биринчи жолу жылмайып күлдү. Жылмайганда баштагыдан миң эсе сулуу болуп көрүнүп кетти, Турсунбектин көзүнө. Турсунбек эми өзүн кыйла жеңил сезип:
- Сиздей сулуу аял заты бар экенин билбептирмин, - деди эле, Мубара жагымдуу көз караш менен карап, биринчи жолу кылыктанган болуп:
- Сиз дагы жакшы киши экенсиз- деди. Экөөнүн ортосунда ушунтип сөз башталып, кобурашып жатканын сырттан кирип келе жатып Алымкул угуп калды да, бир топко үн чыгарбай тыңшап туруп анан ичкери кирип:
- Мубара эже, сиз макул көрсөңүз Турсунбек байке бүгүнчө мында жатып алсын. Эртең мен өзүм келип алып кетем. Азыр үйгө барып, алар менен да кеңешип келейин. Ал эми бул текенин эти мында эле калсын деди. Мубара бул сөздү укканда кара күчкө каршылык көргөзгөн болду:
- Түнү жалгыз үйдө чоочун эркек менен жатканым болбой калат го? - деди эле, Алымкул:
- Эже, аны ким көрүп жатыптыр. Турсунбек байке абдан жакшы киши. Сизге тийишпейт, - деди. Мубара тез эле макул болду.
Алымкул кеткенден кийин экөө кайнаган чайды алдыга алып келип алышып, узун сөзгө киришти. Турсунбектин уккандан тажабаган башынан өткөн окуялары Мубаранын аялдык аёо сезимин козгоп, көзүнөн жашын куюлтуп олтуруп узун сабак кепти укту. Андан дагы анын али күнчө үйлөнмөк турсун "аял эмне" экенин билбегени таң калтырды. Ооба, Турсунбектин биринчи жолу эркектик сезими козголду. Ал турсун Мубараны жактырып калганы да жүзүнөн билинип турду. Кара май куюлган чырак таң атканга чейин өчкөн жок. Аял заты сөз укканга дагы ыктуу болуп жаралган эмеспи. Бир кезде көздөрү жайнаган Турсунбек жанына жакын келип олтуруп:
- Мубара, мен сага арбалып бара жатам. Сени бек кучактагым келип жатат деди эле, Мубара андан келген жагымсыз жытка көңүлү айнып:
- Жок, Турсунбек, мен азыр суу ысытайын. Алгач сен жуунуп алчы. Сенден абдан сасык жыт келип жатат деди эле, Турсунбек уяла түштү. Мештин үстүндөгү чакадыга ысык сууну чабыштырып, колуна самынды берип, экөө сыртка чыгышты да, Мубара суу куюп берди. Жуунуп көрбөгөн Турсунбек денесине суу тийгенде кытыгысы келип абдан катуу күлдү, анан көнүп кетти. Жуунуп болгон соң, Мубара күйөөсүнүн кийимдерин алып чыгып кийгизди. Кийим кийгенде Турсунбек такыр башка адам болуп чыга келди. Баягы сасык жыты жоголуп, көзгө ал такыр башка адам болуп көрүнүп кетти. Мубаранын көргөн камкоруна ыраазы болгон Турсунбек камынтпай кучагына кысып, кулагына акырын шыбырады:
- Мубара, сен абдан сулуу жансың деп. Эркектин карылуу колу денесине тийгенде аял да, мээнип кетти. Эч карышылк көргөзбөй, кайра ага денесин ыктады. Мындай жагымдуулукту эч качан сезген эмес. Биринчи жолу эркектин кучагында өзүн эркин сезди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Muslim1990   10 Январь 2017 - 00:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ал эми Турсунбек бек кучактаган калыбында бир топко туруп, ушул бакыттан куру калып жүргөнү үчүн арданып, өзүн- өзү жек көрүп кетти. Бир кезде Мубара акырын шыбырады:
- Мен төшөк салайын, таң атканы калды дегенде гана Турсунбек төшөк деген сөздү эстеди. Канча болду бул сөздү укпаганына. Сыр алдырбаганга болгон аракетин жасады. Кээде баягы кулакка тааныш сөздөрдү укканда "ушундай сөз бар эмес беле" деп эстей калып да жатты.
Мубара эки кишиге бөлөк кылып төшөк салып, идишин жыйнап келип жатканда Турсунбек өзүнө таандык төшөккө жатып, ушундай бир өзүн бактылуу сезип кетти. Мына жашоо деген ушул эмей эмне? Мубаранын ар бир кыймылына көз агытып, аны чындап ичинен жакшы көрүп турду. Мубара дагы анын жагымдуу көз карашын билгизбей карап, андан дагы жакшы сөз күттү. Бир кезде Мубара чыракты өчүрүп өзүнүн төшөгүнө жатты да, үнүн акырын чыгарып:
- Турсунбек жакшы жатып жай тур, - деди. Бул сөз улансын үчүн айтылгандай сезилип:
- Мубара, мен сага абдан ыраазымын. Сен абдан жакшы аял экенсиң. Мага абдан жагып калдың. Мен кичинемде сендей болгон камкор аял алгым келчү. Мубара өзүнүн дарегине карата айтылган жакшы сөздү угуп, кабагы ачылып:
- Турсунбек, чын эле мен сага жагып калдымбы? - деди эле, Турсунбек чын ыкласы менен берилип:
- Макул көрсөң мен мында сени менен эле жашап калайынбы. Эмне десең баарына макул болуп жашайм. Сенин тилиңден чыкпайм. Чынын айтсам эми мен элге кантип кошулат элем. Мага сенин бир гана ооз сөзүң керек. Мубара ойлонуп, тигинин эч калпы жок, чын ниетинен айткан сөзүнө муюп:
- Турсунбек, мен сага абдан туура түшүнөм. Сенин абалыңды кантип көрүп-билип туруп, билмексенге салат элем. Бирок сени бир көрүп эле, баарына макулдук бергеним туура эмес го. Чынын айтсам азыр эмне кылышты да билбей турам, - деди. Ушуну менен сөз үзүлүп, экөө бири-биринен сөз күтүштү. Ал турсун Мубара тигини жанына келип жатабы деп чыдамы кете күттү. Ушул жашка келип мындай абалга кабылып көргөн эмес. Биринчи жолу денеси берилип, эркек эңседи. Жанында ашып кетсе бир метр аралык алыс жаткан Турсунбектин дем алган үнү дагы кулагына бир укмуштай жагымдуу угулуп, аны эңсеп турду. Ал эми Турсунбекте кайдагы уйку. Канчалык өзүн эркин сезип, чыдамы түгөнүп бара жатканда да, алты айласы кетип, чыдап жата берди. Жаман оюнда "үйдөн кууп чыгып салса эмне кылам" деген ойду ойлоду. Акыры болгон күчүн жыйып:
- Мубара, - дегенде, ушул эле сөздү күтүп тургансып, Мубара дароо жооп берди:
- Эмне болду? - деп. Турсунбек мукактанып:
- Мубара, сен мени урушпайсыңбы, эгер жаныңа барып жатсам!- деди. Эх, ушул сөздү айтуу эмне деген гана эмгекти талап кылбады да, эмне деген гана азапты тартырбады. Айтчу сөзүн айтып алып, ушундай бир оор жүктү үстүнөн бирөө алып салгансып жеңилденип алды. Мубара эмне деп жооп беришти билбей башы катты. Эгер макул болбой койсо чоң бакыттан куру кала тургандай сезип, үнүн жай чыгарып:
- Жаныма жатканда эмне кыласың? - деди. Турсунбек мококтугун карматып:
- Эч нерсе деле. Жөн гана сени кучагыма кыскым келип жатат. Каршы болбочу деди эле. Мубара ичинен өкүнүп алды "айтпай эле келип жаныма жата бербейби" деп. Ушундайда аял заты эркектен чечкиндүүлүктү кандай күтөт. Бирок Турсунбекте кайдагы чечкиндүүлүк. Мубара акырын гана:
- Мейли, - деди. Минтип айтмак деле эмес. Кандайдыр бир азгырык, тигинин жүн баскан чың денеси, баары бир уйку бербейт эле. Турсунбек акырын жанына жылып келип жатты да, олдоксон кыймылы менен жанына жатып, коомай кучактады. Денесин майда калтырак басып, такыр өзүн жоготуп койду. Мубара ан сайын денесин ага ыктап, алсыз кучактаган болду. Кечээ эле жалгыз жатканда тилек кылбады беле "жок дегенде жанымда караан болгон, эркек адам болсо, аны кетирбей кармап калат элем" деп. Минтип бүгүн тилеги кабыл болуп, боору ооругандай тигинин тагдырын угуп, ага минтип өзүн арнаганы турат. Анткен менен денеси магдырап, жашоо абдан кызык сезилип кетти.
Ушул жашка чейин айбанаттардын жакындашканын гана көзү чалган Турсунбектин шаштысы кете түштү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 17:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: