Саламатсыздарбы!
Бул теманы ачуудагы максатым - максатыбызга канткенде жетебиз,канткенде ийгиликтүү адамдардын катарын толуктайбыз ушул теманын алкагында болмокчу.Бул тема учурдун талабы десем болот.
Баарыбыздын бир күндүк,бир айлык,бир жылдык максат,пландарыбыз бар.Аларды аткарсак аткарабыз,болбосо "эртең"
деген шылтоо менен калып кетет.Учурда баарыбыз окуйбуз,иштейбиз,
кандайдыр бир ачылыштарды,
аракеттерди жасайбыз же болбосо жөн гана жашап жүрөбүз.Баардык адамдар окшош эле аракеттерди көрүшөт,бирок баарынын натыйжасы окшош чыкпайт,аз гана адамга ийгилик жылмаят.Себеби эмнеде?Себеби,
биз туура максат коюууну билбейбиз деп ойлойм.Оюбузда көп нерсени жасагыбыз келет,бирок тоскоолдуктардан коркобуз.Ийгиликтүү адамдар - каалаганын жасаган адамдар болуп,аларга элдин сөзү,эч нерсе таасир этпейт экен.Бир максаты - көздөгөн бутасына жетүү.
Көпчүлүгүбүз барган сайын "жашыбыз өтүп баратат" деп өзүбүздү таштап коёбуз же "убагы келет" деп отура беребиз.Эгер мындай шылтоолорубуз болбогондо,
балким, илимий ачылыш жасамакпыз,
тил үйрөнүп чет өлкөгө чыгып келмекпиз,мүмкүн миллионер болмокпуз. Максатым ишке ашпай калабы деп күмөн санап отурганыбызда башкалар ийгиликке жетип жатышат.Эмесе,
өзүбүзгө мотивация берип, максатыбызга тезирээк жетели!
1.Алыңызга жараша иш тизмегин түзүп, ашыкчасын алып салыңыз.Анткени башыңызга көп жумуш үйүп алсаңыз,стресске учурайсыз. Ал эми иш тизмегиңиз толугу менен аткарылса,сизге ушул мотивация болуп берет.
2.Ар дайым адамдарга жардам бериңиз. Анткени башкаларга көмөк көрсөтүү менен бизде жагымдуу эмоциялар пайда болот.Ал эми сиздин аракетиңизге алар ыраазычылык билдиришет.
Башкаларды бактылуу кылсаңыз, өзүңүз бакытка туш болосуз.
3.Өзүңүздү ар бир жасаган ийгилигиңиз үчүн мактаңыз.Бирок процесс эмес,прогресс болгондо мактанганга көнүңүз. Анткени өзүңүздү өтө мактап жиберсеңиз мээңизге ийгилик жаралды деген белги берилет. Жыйынтыгында максатка жетүү үчүн сиз баштагыдай аракет көрбөй каласыз.
4.Бардык кырдаалдардын жакшы жактарын гана көрүүгө аракет кылыңыз. Ал эми башыңыздан өтүп жаткан кыйынчылыктарды келечекке болгон тажрыйба деп билиңиз.Эсиңизде болсун,азыр адамдардын көйгөйлөрү өзүнө жетиштүү. Сиздин көйгөйлөрүңүз башкаларды кызыктырбайт.
Андыктан позитивдүү болуп, айланаңыздагыларга энергия бериңиз.
5.Жашоо бир күнү бүтөрүн эске алыңыз. Кызыктай угулушу мүмкүн,бирок элестетиңиз,
эртең сизге ажал келет.Албетте,
сиз маанилүү деген иштерди аткарып,жакындарыңыздын жүрөгүндө жакшы адам катарында калгыңыз келет.Оңой сезилгени менен элестете келгенде кыйын эле.Андыктан күн сайын машыгууга туура келет.Эгер күнүгө ушундай элестетип жашасаңыз ийгиликке тез жетесиз.
6. Өзүңүзгө жакшы мамиле кылыңыз! Ар бир адам уникалдуу, андыктан өзүңүздү башкалар менен салыштырбаңыз.
Анткени баарыбызга бирдей мүмкүнчүлүк,
бирок ар башка шык-жөндөм берилген.
7. "Убакыт кантип өткөнүн билбей калам" деген сөз сизге таанышпы?Себеби,
сиз жумушка келер замат социалдык тармактардагы баракчаңызды ачып,аны менен алаксып отурасыз. Ошону менен таңкы,анын ичинде бир күндүк энергияңызды болбогон бир "лайктарга"
коротосуз.Мындай кайталанбасын десеңиз иш тизмегин түзүп,биринчи сапка энергия көбүрөөк кете турган жумушуңузду жайгаштырыңыз.
8. Күн сайын эс алыңыз. Кантип десеңиз,жумуш учурунда 5 мүнөттөй көзүңүздү жумуп чалкалап отуруңуз же жатыңыз.Бул ыкма чачыранды ойлорду чогултуп, сизге кошумча энергия тартуулайт.
1.Сиздер максатты кандай шартта коёсуздар,жазуу түрүндөбү же оюңузда эле ойлоп коёсуздарбы?
2.Максатыңыздын канча пайызына жете алдыңыз?
3.Максат,ийгилик жөнүндө ой пикириңиз,кеңешиңиз.
- (2 )
-
- 1
- 2
Максатты туура тандоо. Ийгиликке жетүү
#2 11 January 2017 - 22:41
Биринчи жолу тема ачып жаткандыктан,
каталар болушу мүмкүн.Мындай тема бар болсо,туура эмес бөлүмгө ачылса,кечирим сурайм!
<
#3 11 January 2017 - 22:58
Менин максатым,оюмда кана.Максатка жетиш учун эмгек жана акча болуш керек деп ойлойм.
#4 11 January 2017 - 23:14
Сонун экен! Максаттарым көөөп, бирок ушул жалкоолук деген бар да (( Ээринбесең эле баары болот негизи
#5 11 January 2017 - 23:16
1.Сиздер максатты кандай шартта коёсуздар,жазуу түрүндөбү же оюңузда эле ойлоп коёсуздарбы?
2.Максатыңыздын канча пайызына жете алдыңыз?
3.Максат,ийгилик жөнүндө ой пикириңиз,кеңешиңиз.
Мен план коюп жашабай калдым.. Себеби ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, ишке ашпай ара жолдо калган максаттар көп.. Аларды ойлоп ичтин улутунуп гана коймой..
Максаттардын көбүнө жете элекмин, себеби жалкоорокмун. .))

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#6 11 January 2017 - 23:16
Сонун экен! Максаттарым көөөп, бирок ушул жалкоолук деген бар да (( Ээринбесең эле баары болот негизи
#7 12 January 2017 - 01:57
Сонун тема экен!
Вчера - мечта,
Сегодня - цель.
Завтра -реальность ... Деген саптар ушу менин баракчамда бар экен, яманам суйунуп калдым))))
Негизи адам каалагандай максат кое алат деп ойлойм. Максатым ишке ашпай жатат деп ойлойсун албетте. Бирок максат коюдан мурда адамда каалоо куч болуш керек деп ойлойм. Эгер сен кааласан кандай максат болсо да жетесин деп ойлойм да ))))

#8 12 January 2017 - 03:22
[quote name='happy02'
date='11 Январь 2017 - 23:16' timestamp='1484154962'
post='3258429'
]
1.Сиздер максатты кандай шартта коёсуздар,жазуу түрүндөбү же оюңузда эле ойлоп коёсуздарбы?
2.Максатыңыздын канча пайызына жете алдыңыз?
3.Максат,ийгилик жөнүндө ой пикириңиз,кеңешиңиз.
1. Максатты оюмда гана жэ суроттун ( буюм жэ уй, машина ж.б.у.с ) корунуктуу жерге коем. Кобунчо айтышат жазган жакшы деп бирок башка бироолор билбей эле койгонун туура кором.
2. Буйруса аз аздан жэтип келе жатам. Максаттарымды 2 болом:
а) Кыска убакытка коюлган ( кандайдыр бир буюм сатып алуу, саякаттоо ж.б.у.с.)
б) Коп убакытты талап кылган максаттарым.
3. Максат койгондон кийин кооп аракет талап кылат. Эн негизгиси сабр анан аракет. Аракет десе эле тытына бербоо куто билуу, бир аз кыйынчылык болсо оюнан кайтпоо жаныдан баштоого даяр болуу дагы башка толтура. Дагы айта кетчу нерсе бир ордунда турбоо жаны нерселерди уйронуу дуйного коз карашты озгортуу керек. Озуно озун отчет берип турушун керек.
Мен эмнеге жэтиштим?
Эмне кылдым максатыма жэтуу учун?
Эмнеге мындай болбой жатат?
Максатка жэтпей жатсан демек чын журоктон каалаган жоксун жэ туура эмес максат койгонсун.

#9 12 January 2017 - 11:01
Максатка жетүүгө болгон аракетте "бешенеге жазганы болот" деген ой болбошу керек. "Мен колумдан келген аракетимди кылам, колумдан келбегенине Аллах колдоо көрсөтөт"
деп аракеттенүү зарыл. Анан да, мотивация деген түшүнүк бар. Кайсы бир жумушту баштоодо, алдыңа болжолдуу эмес, так максатты коюп жумуш баштоо керек. Мисалы: "Мен бүгүн экзаменден жакшы баа алсам жакшы болмок" дегендин ордуна "Мен бүгүн 5 деген баа алам, бул колумдан келет!"
деп ишенимдүү айтуу, максатка жетүүдө канчалык бир пайызда көмөкчү болот.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#10 12 January 2017 - 14:15
Кудайга чексиз,чексиз шүгүр айтам. Көздөгөн максатыма жетпей кала элекмин,жараткан Аллах эмнени максат кылсам ошону берип жатат ушул жагына шүгүр
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#11 12 January 2017 - 14:46
Мен бир китептен окуп максаттарымдын Бир жылдыкт планын жазып койгон элем Почти Кудайгу шугур ырааазымын жарымдан кобуроогу 65% ишке ашыптыр калганы азыркы учурда акырын болуп жатат
Кудайыма шугур
#12 12 January 2017 - 19:56
#13 12 January 2017 - 23:36
#14 13 January 2017 - 09:05
Жакшы ниет жарым ырыс.
Максатсыз жашоо тунгуюкка алып келет.
Баарын "Аллахтын ыраазычылыгы" -учун деп ниет кылып баштасак сооп да ийгилик да болот.
Максатсыз жашоо тунгуюкка алып келет.
Баарын "Аллахтын ыраазычылыгы" -учун деп ниет кылып баштасак сооп да ийгилик да болот.
#15 13 January 2017 - 12:16
" Секрет" Ронда Берндин, " ойлон - ойгон" автору эсте жок, ""ийгиликтин он эки сыры" Брайн Трейсинин кетептерин окуп.
"Ойлон ойгон" жакшы китеп.Автору Касымбек Жунусалиев, бул китепти "Секрет" тасмасынан таасирленип жазыптыр.Баса, баарыңыздарга "Секрет" фильмин көрүүнү сунуштайм..
<
#16 13 January 2017 - 13:24
Пайдалуу кеңеш! Жакшы,менин дагы максаттарым көөп. Өгөле көп...) . Бирок "жалкоолук,
уйку" деген нерсе убактымды өлтүрүп кетип жатат(((.
#17 13 January 2017 - 22:39
" Секрет" Ронда Берндин, " ойлон - ойгон" автору эсте жок, ""ийгиликтин он эки сыры" Брайн Трейсинин кетептерин окуп.
"Секрет" жакшы китеп. Мен да ушул китептен жакшы таасирлерди алгам. Эң биринчи кезекте туура ойлонгонго үйрөтөт.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#18 14 January 2017 - 02:59
Алдыга жакшы максаттарды койдум. Кудай буйруса экоо тен ишке ашуу процессинде.
.
Salam baaryna
#19 15 January 2017 - 01:11
Менин максатым,оюмда кана.Максатка жетиш учун эмгек жана акча болуш керек деп ойлойм.
Мүмкүн,акча табуу үчүн максат коюп,аны аткаруу керек.Акча жөндөн жөн келбейт эмеспи..
<
#20 15 January 2017 - 01:14
Сонун тема экен!
Вчера - мечта,
Сегодня - цель.
Завтра -реальность ... Деген саптар ушу менин баракчамда бар экен, яманам суйунуп калдым))))
Негизи адам каалагандай максат кое алат деп ойлойм. Максатым ишке ашпай жатат деп ойлойсун албетте. Бирок максат коюдан мурда адамда каалоо куч болуш керек деп ойлойм. Эгер сен кааласан кандай максат болсо да жетесин деп ойлойм да ))))
Вчера - мечта,
Сегодня - цель.
Завтра -реальность ... Деген саптар ушу менин баракчамда бар экен, яманам суйунуп калдым))))
Негизи адам каалагандай максат кое алат деп ойлойм. Максатым ишке ашпай жатат деп ойлойсун албетте. Бирок максат коюдан мурда адамда каалоо куч болуш керек деп ойлойм. Эгер сен кааласан кандай максат болсо да жетесин деп ойлойм да ))))
Туура айтасыз,каалоо күчтүү болуш керек экен..
<
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео