Суперстан: Чубак ажыга берилген суроолорго жооп - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чубак ажыга берилген суроолорго жооп Суроо бербеңиздер. Чубак ажыга жетпейт. Башка сайттан алынган.

#181 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   06 Ноябрь 2016 - 14:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек


لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#182 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   06 Ноябрь 2016 - 14:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

*ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВДОН ТУРМУШТУК СУРОО ЖООПТОР*

_ЭСКЕРТҮҮ ЧУБАК АЖЫ ВОТСАПТА ЖОК,СУРОО ЖООПТОР ГЕЗИТ,САЙТТАРДАН АЛЫНЫП ЖҮКТӨЛӨТ_

*СУРОО:* Менин биринчи күйөөм апасына өчөшүп “3 талак” деп жазып берген, айткан эмес. Мага талак түштүбү? Төрт жыл өткөндөн кийин турмушка чыктым. Азыр 2 балам бар, намаз окуйм.
*ЖООП:* Кудайым сага бакыт берсин. Экинчи эриңдин этегине эрмешип, эриктирбей, ээн ооздорго ээндетпей, эркин калтырбай эрмектеп, эркелетип, эсиңди ээктеп, эптеп эр кылып кал. Ошондо утуш сеники болот. Сенин никең туура.
*СУРОО:* Гусул алганда суу кайра идишке чачырабаш керекпи? Гусул өтпөй калабы?
*ЖООП:* Зыяны тийбейт. Иштетилген суу таза (таахир), бирок таза кыла албайт (гойру мутаххир).
*СУРОО:* Үч айдан бери күйөөм экөөбүз чогуу жашабайбыз. Ал Ошто, мен балам менен Бишкекте. Күйөөмө ишенбей калдым, жашоого кызыгуум калбады. Сиз кандай кеңеш берет элеңиз?
*ЖООП:* Адамдар, айрыкча жубайлар бири-бирине ишенич менен жашоосу керек. Сиз күйөөңүздү эркек деп түшүнүңүз. Кээ бир аялдар эркектерди өздөрүндөй, аялдардай кабыл алып алышат, ошондой мамилени күтүшөт. Анда тараза бузулуп кетет. Ар бир адамдын жакшы жери бар. Ошол жакшы жери аркылуу аны сүйгөнгө аракет кылыңыз. Ага жасаныңыз. Ал сизден, сиз андан каалаган мамилени эле каалайт. Эгерде адамдын майда кемчиликтерин кечире албасаңыз, анда анын чоң жакшылыктары ме-нен өзгөчөлүктөрүн эч убакта баамдай албайсыз.
*СУРОО:* Мен бир адам менен тааныштым, ал абакта отурат экен, 5 маал намаз окуйт. Мен дагы намаз окуп баштадым. Ал: “Кел, нике кыйдырып алалы”,- дейт. Дагы 2 жылы бар экен. Эмне кылышты билбей жатам.
*ЖООП:* Ошол жерден аман-эсен бошонуп чыккандан кийин, кырк күнгө дааватка барып келгенден соң үйлөнсөңөр жакшы болот. Себеби, эки тараптагы адамдардын психологиясы эки башка болуп калат. Адам коомго аралашып калгандан кийин гана жашап кетүү жеңилчиликке турат. Ал жерден чыга элек болсо аны кантип кучагыңызга толтуруп жатмак элеңиз. Кудайым ошол жактагылардын баары тообо келтирип, аман-эсен бошонуп чыгуусун Аллахым насип этсин.
*СУРОО:* Азыр Куран окуганда кафе, ресторанда окутуп, тойго дасторкон жайгандай кылып жатат. Мисалы, жылкы, уй союп, салат, шоколад, печеньеге чейин коюп жатышат. Ушул туурабы?
*ЖООП:* Ал деле бара-бара калат. Жаңкы үчүлүк, бейшембиликтер, кырктык, элүү эки күндүк, жылдык, кара аш деген балээ-баттердин, бидьаттардын баарын чогултуп ыргытып, шаар жеринде ушул нерсеге токтолуп калбадыбы? Эми бул тигилерден жеңилирээк. Анткени белгилүү бир күнгө айланбайт.
*СУРОО:* Менин агамды жеңебиз дубалатып салган. Алар бирок ажырашып, жеңем жашабай жатат. Ортодо 2 бала бар. Агам жашагысы келет. Дубаны кантип чечебиз?
*ЖООП:* Намаз окуп, даарат менен жүрсө эле чечилгени турат. Эгер байланган болсо, ушу агаңыз бир аз бошураакпы дейм да. Ортодо эки баласы болсо, аялын алакачып эле келип, алыска атка өңөрүп кетип калсын. Жомоктогудай белгисиз тараптарга алып кетсин. Ага асмандагы айдын бир үзүмүн белек кылсын. Романтикалуу кечтерди тартууласын. Ошондо анын кеткенин көрөйүн. Ушу кыргыздар кызык эле элбиз, күнөөнү дайыма башкалардан көрө беребиз. “Оро албаган орок тандайт”,- деп бекеринен айтылган эмес да.
*СУРОО:* Шарият негизинде жазылган жаш жубайларга арналган китеп барбы? Сиз кайсыл китепти окуганга кеңеш бересиз? Роман, повесть, миф,
драма, мистикалык чыгармаларды окусак болобу?
*ЖООП:* Эми андай китептерден уучубуз куру эмес. Орусча, кыргызча болуп бир топ эле бар. Китеп саткан дүкөндөрдү кыдырсаңыз чыгат. Азыр эсиме жара чыгып, эстей албай турамын бирди-жарымын.
Жаңкы айтып жаткан чыгармаларды окусаңыз болот, бирок түзүгүрөөктөрүн окуңуз. Акыркы мезгилде жер жайнап чыккан китептер жаандан кийинки козу карындай көбөйдү. Сиз классиканы окуңуз...
*СУРОО:* Менин сүйлөшкөн кызымдын кыздык намысы жок экен. Бирок, “мени таштаба” деп ыйлап жатат. Ага көңүлүм болбой калды. Таштап салсам убалына, каргышына калбаймынбы?
*ЖООП:* Анын андайлыгын кайдан билдиң? Сен билгендей жол менен канчаларга билдириптир ал ошондой экенин? Сен анын андайлыгын табигый жол менен билсең, сен деле андан абат эмес экенсиң. Эшегине жараша тушагы. Ал нерсе үйлөнгөндөн кийин билинет эле? Сен сүйлөшүп жүрүп эле билип алыпсың. Алакандай жерин эптеп сактай албаган эртең сенин абийриңди жаап жүрөт деп ойлойсуңбу? Сен жумушка кеткенде үйүң «байтал базарга» айланып кетүүсүн каалайсыңбы? Кандай гана жийиркеничтүү. Дароо тообо кыл. Күнөөгө батып бүтүпсүңөр. ..
*СУРОО:* Мен 5 убак намаз окуйт элем. Бирок гинекологиялык жактан ооруп, кулагым дагы суукта ооругандыктан намаз окуй албай жатам. Кантип таяммум даарат алам? Кургак эле сүртүп коёмбу?
*ЖООП:* Истинжаны кургак кылганың туура. Жакшы болгондо жууйсуң. Кулагыңа да масх тартпай эле кой. Даараттын төрт парзын эптеп аткарып алсаң жарай берет. Ал да болбосо таяммумду ошондо кылаарсың. Аны ошондой болуп калсаң үйрөтөрмүн.
*СУРОО:* Күлсө даарат бузулабы?
*ЖООП:* Намаз окуп жатканда күлсөң дааратың бузулат. Намаздын сыртында күлгөндөн бузулбайт. Бирок катуурак күлүп кармана албай жел чыгарып жиберсең, ошол жел жаныбардан бузулат, күлгөнүңдөн бузулбайт.
*СУРОО:* Күйөөм экөөбүзгө нике окулуп жат-канда күйөөмөн макулдугун сурап, менден сураган жок, же мен укпай калдымбы. Азыр балалуу болдук, эчнерсе болбойбу?
*ЖООП:* Ээ, кокуй! Жок жорукту баштап, кандай молдоке экен? Кыздан сурап, анын макулдугун алгандан кийин гана жигиттен суралат макулдук деген. Балким, сен күйөөгө тийип жатканыңа толкунданып, мен да күйөөгө тийп жатамбы деп кулагың укпай калгандыр? Айтор, кандай болгон күндө дагы никеңерди бир жаңыртып алгыла! Айтаарым, нике кыйдырганда колдон келишинче илим-билимдүү адамдарга кыйдырган макул. Ишти чаласы жок бүтүрөт.
*СУРОО:* Тахажут намазын уктабай эле окуса болобу?
*ЖООП:* Болот. Бирок, уктап туруп окуганың сооптуураак.
*СУРОО:* Өзүм намаз окуйм. Гитара черткенге болобу? Гитарага көп жылдан бери катышам.
*ЖООП:* Ошону кой, андан көр Куран окуганды үйрөн.
*СУРОО:* Жаңы үйлөнгөнбүз. Күйөөсү биринчи дааватка чыкпай эле, чогуу мастуратка чыга берсе болобу?
*ЖООП:* Негизи боло бериш керек. Бирок дааваттын кабыл алынган тартиптери бар. Ал тартип күйөөсү үч күндүккө үч жолу чыккандан кийин гана мастурат жамаатка чыкса болот.
*СУРОО:* Жубайым, карындашым жана күйөө бала менен жамаат болуп окусак болобу?
*ЖООП:* Болот. Күйөө бала жаныңызга, жубайыңыз менен карындашыңыз аркага бир сап болуп окушат.
*СУРОО:* Менин бөлөм эркек. Жигит менен жүрөт экен (бир жыныста). Биз жакында билдик. Эмне кылсак болот? Жардам бериңизчи.
*ЖООП:* Бөлөңдү тигинден бөлгүлө. Азыр аял аялга, эркек эркекке үйлөнүү күчөп, ал Кыргызстанда да пайда боло баштады. Муну медицина кызматкерлери табийгый көрүнүш, оору дешет. Ошентип айткан доктурларды бир сыйра Жыргал каары деген жинайдаар молдобуз бар. Ат-Башынын кулуну. Ошого бир көрсөтүп дем салдырыш керек болот. Ага болбосо Оштогу Ак-Бууранын суусуна кыштын күнү бутунан кармап башынан сууга салыш керек болот. Ээ, кокуй, ушул кантип табигый көрүнүш болсун. Бул накта жапайы, акмак көрүнүш.
Эркекке тийген эркек сымалдарга кой кайтартып, илгеркидей сакмалга эки жолу салсаң, жамгырдын күнү кезүү кайтартып, бутун торпокко сыя бастыртсаң, колтугундагы колоңсосу сасып, буту чирип кете тургандай абалга алып келсең, кечинде сарайдагы көңдү чаптырсаң, анан көрөөр элем эркекке эрге тийгенди! Чачын кырып салып, молдого шакирттикке берип, одоно көйнөк ыштан кийгизсең, такымы кызарып, пикириндеги «Айчүрөк сулуу» болгону эсинен чыгып, өзүнө келээр эле. Ал эми аял ала турган болгон аялдарга пахта тердирип, тамеки чаптырып, күнүгө он эки уйду саадырып, сүтүн уюттуруп ишке койсоң, алар дагы ордуна келет. Башына жоолук салып, күчтүүрөк эркекке эрге берип жибериш керек. Эркекке эркектин, аялга аялдын гормондорун ичириш керек. Жогоруда мен айткан нерселер да ошол гормондордун эң күчтүүлөрү. Ислам мындай чектен чыккандарды жектейт. Бул коомчулуктагы оору. Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат. Ошентип олтуруп адамзаттын тукуму үзүлчү беле?
*СУРОО:* Илимсиз имамга уюуш керекпи?
*ЖООП:* Илимдүүнүн илимсизге уюганы болбойт. Ал өзүнө окшогондорго имамга өтсө жарайт.
*СУРОО:* Кызымдын кулагына өзүм азан айттым эле. Башында “Биссмилахир рахманир рахим” деп айтылбай калды. Эми башынан айтыш керекпи? Бирок азанды толук айттым.
*ЖООП:* Ошонуң жарай берет. Кудайым эки дүйнө бактылуу кылсын...
*СУРОО:* Даабатчылардын кир, аялдыкындай узун көйнөк кийип келип даават айтышы туурабы?
*ЖООП:* Эми ошол кир көйнөк кийген биздин (намаз окугандардын) эң жамандарыбыз болуп эсептелет. А намаз окубаган, кудайсыздардын эң жамандары селсаяк болуп көчөдө жүрөт го. Ал ошол кир кийим кийген кечээ селсаяк болуп кеткенде көңүл деле бурбадың эле. Эң жакшы деп, сүрөттөрүн төргө илген, ошол намаз окубагандардын партиясындагы эки президент качып эле кетти го. Парламентте олтурган жакшылар ачуу суудан ууртаганын, даараткана таппай даракка жаба урганын, дагы башка койчу, болбогон иштерди кылганы сенин көзүңө көрүнбөй эле, ушул кир көйнөк көрүнүп калабы?
Туура, мусулман таза болуш керек. Бирок ошону менен эле мусулманчылыкка көлөкө түшүрө берүү керек болобу? Ынсаптуулук кайда кетти? Сен карасаң Абдышүкүр ажыга карабайсыңбы? Ал болбосо мага кара. Биз бир ич кийимди эки күн катарынан кийбейбиз. Ал эми узун көйнөк боюнча, Суусамырга барсаң, музейдеги Кожомкул алптын көйнөгү менен ошол дааватчынын көйнөгүнүн өлчөмү бирдей болбосо, мага кел. Мусулманчылыкты кармануу үчүн сөзсүз эле араптардын, же башкалардын көйнөгүн кийүү шарт эмес. Бирок, ошол эле учурда алардын кийимин кийип алса тыюу салуу деле туура эмес деп билем. Анткени америкалыктардын, же батыш маданиятын кийип жүргөндөргө эч ким каршы деле чыккан эмес. Мисалы, тизесин көрсөтүп кыска кийген Каныкей энекебизди, же чач кырктырган Айчүрөк апабызды, же көкүрөгүнүн жарымын көрсөткөн Курманжан датканы элестете аласызбы? Мен мисалы элестетмек турсун акылыма сыйдыра албайм.
*СУРОО:* Намаз окуп, кайра ичимдик ичип, сойкулук, тоноочулук кылган адамдарды Кудай кечиреби?
*ЖООП:* Эми чындап ыйласа сокур көздөн жаш чыгыптыр. Жаңылып-жазбаган пенде болбойт. Чындап тообо кылса, Кудайым кечирет. Эң эле жаманы кечирет экен деп кайра-кайра күнөө кы-луу болот. “Билип туруп сууга сийген” дегендей кээ бирлер билип туруп арам иштерге батынышат. Бу-ларга өзүнчө азап болоор. Кандай болгон күндө да тообо эшиги дайыма ачык турат. Ошол эле учурда эске ала турган жагдай, ар бир пенде ар бир мүнөттө аркы дүйнөгө узай кетүүсү ыктымал.
*СУРОО:* Мечиттен адам байкабай аба-ырайын булгап койсо не болот?
*ЖООП:* Даараты бузулгандан башка эч нерсе деле болбойт. Эшик-терезени ачып абаны айландырып койсо баары ордуна келет. Жаны бардын газы бар дейт. Парламентте деле аба булгагандар болсо керек. Эми аны жарыя айтышпайт да.
*СУРОО:* Халал азык-түлүктөрдүн адал экенине кантип ишенебиз?
*ЖООП:* Мамлекет менен диний башкармалык чогуу чаран көзөмөлдөгөн Адал ишканасы тастыктаган болсо, коркпой ишенсек боло бериш керек.
Бирок жеке менчик ишкана болгон учурда, шайтан алайхи лаьнанын таасири көбүрөөк тийип калуусу ыктымал. Негизи, адал тамак-аштагы эске алуучу орчундуу жагдай эт жана эт азыктары болуп саналат. Ошондой эле ден-соолукка зыяндуу азыктар да макрух, же арам деген баага татыктуу болуп калат.
*СУРОО:* Аялынын көзүнө чөп салган эркек кан-тип күнөөсүнөн арылса болот?
*ЖООП:* Тообо кылсын. Экинчи кайталабоого өзүнө шерт берсин. Кылган ишине өкүнүп, күнөөлүү болгондугун Кудай алдында мойнуна алсын. Дагы деле болбой чөп салгысы келип жатса, адалдап никелеп токол алсын, орозо кармасын. Жөн эле тообо кыла бербей, ошол күнөөнүн алдын алуу керек го. Коррупцияга каршы күрөш ошол коррупционерлерди камоо менен эле бүтпөйт да, анткени жаңы коррупционерчелер чыга берет. Коррупцияга каршы күрөш ошол коррупцияны шарттаган жагдайларды жоготуу менен болот.
*СУРОО:* Намазга жыгылып, мечитке барып жүргөн дин жолундагы адамдардын сөгүнгөндөрүн көп көрөбүз. Бул күнөө эмеспи?
*ЖООП:* Албетте күнөө. Сөгүнгөн намаз оку-ганга деле, окубаганга деле бирдей күнөө болот. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) сөгүнгөн эмес. Бир нерсени айта кетүү керек: Адамга баа берген-де анын өтмүшүн да кароо керек. Анткени ошол сөгүнүп жаткан кечээ намаз окуй элегинде, күнүгө эки жолу адам тоноп, бир жолу кыз зордуктап, төрт жолу уурулук кылат эле. Демек, жакшы жакка оогон турбайбы деген баа болушу керек. Менин башымдан өткөн бир окуяны айтып берейинчи. Биздин химиядан берген Гүлнара деген эжейибиз бар эле. Мен жалаң беш алчумун. Жанымдагы шеригим үчтөн көтөрүлө алчу эмес. Бир күнү мен төрт алып, ал беш алыптыр. Чыгарган маселелерибиз окшош чыгарылган. Мен эжейге айтсам, ал мага муну айтты: «Сен жакшы окуп жүргөн мурунку абалыңа караганда бүгүнкүң төрткө ылайык, ал эми тигиники мурунку абалына караганда бүгүнкүсү бешке ылайык!». Ошондо түшүнгөм бештен бештин айырмасы болоорун. Ошол сыңары жанагы сөгүнүп жаткан адам көп адамдан жакшы. Сөгүнгөнү менен маредорлук, коррупция кылбайт. Уурдабайт, жалган айтпайт. Болгону эле сөгүнүп жатат. Адамдардын жаман сапаттарын көргөндөн көрө анын жакшы сапаттарын издеп, ошол аркылуу аларды жакшы көрүү кандай ырахат экенин билген болсоңуз, дайыма жакшы жактарын гана издеп калмаксыз. Сиз бүгүнкү күндүн эсебинен бирөөгө жакшылык кылдыңызбы, же бүгүнкүңүз кечээкиден айырмасы болгон жокпу? Анда сиз зыяндасыз.
*СУРОО:* Дин жолундагылардын ичимдик ичкендер менен бир дасторкондо отуруп тамак ичүүсү күнөө эмеспи?
*ЖООП:* Күнөө болот. Колдон келишинче алар менен бир дасторкондо олтурбаганга аракет кылуу ылаазым болоор. Арак баардык жамандыктын башаты. Бардык балээ ошого келип такалат.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#183 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   06 Ноябрь 2016 - 14:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Мен 25 жаштамын. Байкемдин досун жакшы көрөм, ал да мени жакшы көрөт. Бирок, ал мурда үйлөнгөн. Байкемден тартынабы, үйлөнөм деп айтпайт. Ислам дининде кыз бала чечкиндүү кадам таштап айтса болобу? Андан айрылып калуудан абдан корком. Байкеме айтуудан уялам. Толя

- Албетте, болот. Бала айтыш керек же кыз айтыш керек деген чек жок. Жакын адамдарыңыз аркылуу айттырыңыз.  

- Балам 14 жашта. Азыр да түнү мени менен чогуу уктайт. Башка жаткыруу керекпи? 077117...

- Ооба, башка жаткырыңыз. Балагатка жетип калыптыр. 

- "Сенден көңүлүм сууп баратат, ажырашам" десе талак түшөбү? +770136...

- Жок, түшпөйт. Талак өткөн чакта айтылса түшөт. 

- Менин үйүм жок. Курман айтка козу курмандык кылсам болобу? Кээ бирөөлөр айтышат, болбойт, анткени үйүң жок деп. 077380...

- Мүмкүнчүлүк болсо, курмандык кылса боло берет. 

- Курбу кызым жоолук салынат. Кээ бир мугалимдер жоолукту чеч дешет. Медсестралар, врачтар практикага киргизбей ыйлатышты. Ушул боюнча приказ чыгарып, чеч дегендерге чара көрсөңүздөр жакшы болмок. 077840...

- Жакында эле Билим берүү министри жоолук салынып кирүүгө тыюу салынбагандыгы жөнүндө атайын чечим чыгарган. Мыйзам жолу менен укугуңарды коргой аласыңар. 

- Намаз окуйм. Практикада укол саябыз, перевязка кылабыз, спирт колдонгонго туура келет. Бирок, колумду дароо жууйм. Эч нерсе болбойбу? 

- Эч нерсе болбойт. 

- "Энеме өзгөчө мамиле кыл" деп аялын урса болобу? 055928...

- Аял назик жан, урбаш керек. Сөз менен эле айтып түшүндүрүңүз.  

- 19 жаштамын. Денеме ар нерселер чыгып, кетпей жатат. Көз тийгенде ушинтип жаранын түрү чыгат, көз мончок тагын дешти. Тагынсам күнөө эмеспи? Окунсам болобу?055390.. .

- Көз мончок көз тийгенден сактай албайт. Аны кадимки эле мончоктордой кылып адамдар жасашат. Көз тийгенден сактоочу дубаларды, Курандын сүрөлөрүн окуп жүрүңүз. Өзүңүзгө дем салыңыз. Намаз окуп, таза жүрүңүз. 

- Өзүнө өзү дем салуу кандай? 077213...

- Фатиха, Ихлас сүрөлөрүн же башка сүрөлөрдү каалаганча кайталап окуп, алаканыңызга дем салып, анан бүт денеңизге сүйкөп коёсуз же сууга дем салып ичесиз же жуунасыз. 

- Алланын 99 атын даараты жок же жумушка баратып жолдо жатка айтса болобу? 070017...

- Болот. 

- Мен күндө жакшы тилектерди тилейм. Жаштын тилегин берет дейт. Кайсы убакта тилесе тилеги кабыл болот? Айжамал

- Тилектер баардык учурда кабыл болот. Өзгөчө намаздан кийин, азандан кийин, түнкү тахажуд намазынан кийин деп айтылат. 

- Жаш балдарым бар. Намаз окуган убакта ыйлап калышат. Оюм бөлүнүп, адашып кетем. Эмне кылсам болот? 077355...

- Оюңузду жыйнап, чын дилден Кудайга берилип намаз окуңуз. Адашып кетсеңиз башынан окуса болот же сажда-сахва кылынат. 

- Мен жолдошум менен ажырашкам, ортодо уулубуз бар. Бир молдодон уктум бала арам болот деп ажырашкандан кийин. Анын балдары да арам болобу? Нике окулуп төрөлсө дагы? 077901...

-Нике менен төрөлгөн бала арам болбойт. Дегеле никесиз төрөлсө да балада эч кандай кемчилик жок, зына кылган ата-энеси күнөөлүү. 

-Дуба жөнүндө түшүнүк берсеңиз.

-“Дуъа” - араб тилинен которгондо "чакыруу" же болбосо бир нерсени сурануу деген маанини билдирет. Шариятта дуба кылуу - Аллахтан пенделердин сурануусу. Эмне муктаждыгы болгон болсо сурай берет, кемип калган тамагынын тузунан, жоголуп кеткен бут кийиминин боосунан баштап бардык нерселерди сураганга уруксат берилет. Пенде Аллахтан түз сурайт. Мисалы, биз окуп жаткан “Фатиха” сүрөсүндө “ияка наъбуду ва ийака настаин” (Оо, Жараткан, сага гана сыйынабыз. Сенден гана жардам сурап жалынабыз”) деп айтылат. Ушундайча Аллахка “сага гана сыйынабыз” деп, андан жардам сурап жатат. Демек сунуш кылып анан дуба кылган болсо кабыл болот. 

- Башка улуттагы тилемчилер көбөйүп кетти. Мурда Өзбекстанда көп болчу. Балдарын жетелеп алып суранышат. Аларды чириген бай деп айтышат. Садага берсе болбойт да аларга. Колу-буту соо, иштесе болот. Сооп тийбейби? Бизге чет өлкөдөн келгендер аларды кыргыздар деп ойлошот да. Аластап жүргөндөргө акча берсе болобу? 070805...

- Илим талап кылуу кандай фарз болсо, иштеп өзүн баккан да дал ошондой эле фарз. Адам атабыз алгачкы пайгамбар болуп туруп  эгин эгип, аны тартып, эмгеги менен нан тапса, Нух пайгамбар жыгач устасы болгон, Ибрахим пайгамбар бөз токуп тиричилигин өткөзгөн. Дауд пайгамбар темир уста болгон болсо, Пайгамбарыбыз алайхис салам кой кайтарып, айтор, пайгамбар аттуунун баары ак эмгек маңдай тер менен ырыскыларын терип жешкен. 

Садага сурап жан багуу – нан табуунун эң акыркы чеги. Жан багуунун башка түрү менен алектенип, курсагын тойгузууга мүмкүнчүлүгү бар болгон адамга садага суроо, кайыр суроо арам болот. Ал эми ачкадан өлүп бара жаткан адам кайыр сурабастан өлүп кетсе күнөөкөр болот.

Бир күндүк азыгы бар адамга садага, кайыр суроо арам.

Кайырды адегенде тууган-уруктардан баштап берүүбүз керек. Себеби, туугандарга берилген кайыр-садака, кайыр-садака да, тууганчылык мамиле да болот. Бирок, бергендин жолун издешибиз керек. Кайыр-садакамды силерге берейин дедим эле делинсе ыңгайсыз абал жаралат. Ошондуктан тууганчылыкка салып эле белек демиш болуп берилсе жакшы болот. Ниеттерди Кудай Таалам билип турат.

Тааныбаган бир адамга караганда, тааныган адамга садака берүү көңүлдү ток кылат. Кокустан садака берилген адам бай болуп калган болсо, берилген садака садакага өтпөй калат. Жөн эле белек болуп калат.

Садака жаман өлүмдөн, балээлерден тосот. Өмүрдү узартып, ырыскыны кеңейтет. Кудайга жакын кылат. 

- Кара-Балтадагы орус кемпир тамекини койдуруш үчүн өзүңдүн тамекиңден үчөөсүн дубалап, ушуну чеккенден кийин коёсуң дейт экен. Чын эле экинчисин чеккенде эле тамекини көргүң келбей калат экен. Барсак кандай болот? Бул дубасынын зыяны тийбейби? 070029...

- Лөлүнүн атын сугарып, пулун ал. Тамеки тартканга үндөгөн шайтандын эсебин берчү башка бир шайтан бар экен деп пикир кыл. Өзүңө дем салдырба, тамекиге сала берсин. Теке болсун - сүт берсин. "Колунан бир нерсе келип турат, касиеттүү экен, олуя болуп кетиптир бул орус кемпир" деген ынанымдан кач. 

- Насбай атканда даарат бузулабы? Орозочу?

- Орозо бузулат. Даарат бузулбайт, бирок, "күл" менен жакшылап оозун чайкаш керек болот. Чочконун тезегин жеген адам кантип оозун тазалаган болсо, дал ошондой. 

- Аср намазын шам намазына жарым саат калганда каза деп ниет кылбай эле окуса болобу?

- Ооба, себеби аср намазынын убагы чыгып кете элек болот. Бирок, алгачкы убагынан кечиктиргени себептүү макрух болот . 

- Атым Каныкей, 22 жаштамын. Азыр намаз окуп баштагам. Таң калыштуу, жан кыйнаган оорудан айыкканыма аз гана убакыт болду. Аллахка миң мертебе ыраазымын. Бир жылдан ашык ооруп жатып калгам. Мен кыйын деген врачтардын эч кимиси диагноз коё албай, өз жаныма кол салган күндөр да болду. Көзүң ачылып же жин, азгырык бар деген китептерден улам баары дал келет эле. Бирок, эң кыйын молдо жин жок деген. Ал оору эмне болуп келип кетти? Эмне менен оорудум? Эгер менде жин болгон болсо күнөөмдүн көптүгүнөнбү же эмнеден улам андай оорушум мүмкүн? Кандай адам ооруйт? Аллахка жакпаганбы? Мурда намаз окубачумун, бирок тарбиялуу, түз жүргөн кыздардан элем. Эмне үчүн мен? 070507...

- Жараткандын сыноосу, кимди кантип сыноосун бизден сурабайт. Айыкканың жакшы болуптур. Намазды калтырба. Намаз адамдын жан-дүйнөсүнүн шыпаасы эмеспи.... 

- Мен жолдошумдун унаасын жууймун. Аны көргөн адамдар “уят эмеспи, аял киши болуп унаа жуусаң” деп калышат. Шариятта болобу? Багымдат намазын кээде окуй албай калам. Казасын качан окусам болот? 077950...

- Жолдошуңдун ыштаны менен байпагын жууп жатпайсыңбы, машинесин жуусаң эмне болуптур. Шариатта тыюу салбайт. Кээ бир аялдар машине жууганды жактырса, жууй берсин. Бирок, эркек аялын машинесин жууганга мажбурлай албайт.

Күн чыгып бара жатканда, батып бара жатканда, чак түштө окуган болбойт. Калган убакта казасын окуса боло берет. Мүмкүн болгон эң алгачкы убакытта окуганы эп. 

- Кудай ар бир ооруну шыпаасы менен берген. Эгер доктурдан айыкпай, шыпаасын экстрасенс табыптан тапса, көзгө көрүнбөгөн күчтөр бар экенин сезе билсе, бул ширкпи? Параллелдүү ааламды да Кудай жараткан го. Ооруулууну дарылоо, тазалоо касиети Кудай тарабынан берилсе керек?.. 077143...

- Параллелдүү деп айтылбайт, туурасы параллель аалам деп айтылат. Табып дегенде элдик табыпты айткан болсоңуз, мисалы ысыктык, сууктук деп дартты аныктап, тамакты мүнөздөп ичүүнү сунуштаган болсо, эч кандай каршылык жок. Экстрасенс дегенде көзү ачык түшүнүлгөн убакта, ага ишенген болбойт. Жакшы-жамандын баарын Кудай жараткан экендиги шексиз. Ушуну да Кудай жараткан. Жаратыптыр деп эле ичип өлүп алган жоксуз го?... 

- "Манасты" да ар бир адам айта албайт. Манас, Бакай бабалардын арбактары көрүнүп, колдоп анан айта баштайт. Бул кыргыздарга гана таандык. Азыркы күндө арбактар менен сүйлөшүп, кыргызчылык менен дарылап, камчы менен жин кууп, дем салып дарылоо касиетпи же күнөөбү? 077143....

- "Арбактар менен сүйлөшкөн" деген туура эмес. "Арбактар колдоп" дегени да коошпойт. Жакшысы Аллах Таала талант берип, илхам салып улуу баянды айтып калышат десек туура болот. Кудай ушундай касиет берген себебинен өткөн бабаларыбыз көздөрүнө элестелген. Ачка тооктун түшүнө таруу киргендей кеп. 

Камчы менен жин кууган бар, бирок өлөрчө оору адамды сабап салат дегени жок. Жин куугандар Куран аяттары менен гана дем салышат. 

- Көп жыл фитр садакасын бербептирмин, билген эмесмин. Эми кантип берсем болот?

- Фитр садакасын көп жылдан бери бербеген пенде, тооба кылып, чогултуп туруп муктаж адамга берип койсо болот. Адашкандын айыбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң. 

- Намазда оюм дүнүйөгө бурулуп кетсе кабыл болобу? Тахажудду көп калтырам. Жазасы болбойбу? 055409...

- Шайтан васваса кылып турбаса оокаты өтпөй калбайбы?.. Кыжаалат болбоңуз. Шайтанга моюн бербеңиз. Намазыңыз насип кылса кабыл болот. 

Тахажжуд намазы милдеттүү намаз эмес, андыктан күнөөлүү болбойсуз. 

- Спираль коюу күнөө эмеспи? Асел

- Балдарды төрөөнүн ортосундагы аралыкты жок дегенде 3 жыл кылуу максатында, башка каражаттар менен сактануу натыйжа бербесе, ошол учурда гана болот. Же төрөгөнгө ден-соолугу жол бербегенде салдырса бир жөн. Анан кайсарлыкка салып, орустардай болуп экини эле тууйм же кантип багам, болбосо фигурам бузулат эле, карьерам токтоп калат деп спираль салдырса таптакыр болбойт. Мына, өзбек туугандар 20 жылдын ичинде аялдары төрөп олтуруп элинин саны 19 миллиондон 36 миллионго жетти. Бизде жакшы, аларда жаман деп мактанабыз. Адамдардын кайра-кайра тууп көбөйүп жаткандагысы - ошол элде тынчтык бар болуп, нанга курсагы ток экенинен кабар берет. Же бу "демократия" бизге нан болбосо, май болуп бербесе... Ушул келгенден бери ызы-чуудан башыбыз чыкпады... 

- Менин балдарыма айткан тилегиңиз үчүн рахмат. Кайра жарашканга аракет кыл депсиз. Балдары телефон чалып  “ата кандайсыз?” десе дароо трубканы коюп коёт, баланын шагын сындырып. Анан кандай жарашуу? Ортобуздан да көп сөздөр өттү. Анын үстүнө аны наркотикке аралашып алган дешет. Бул жагы кандай болот? Корком. 077815...

- Убакыт көп нерсеге дары болот. Убагы келгенде менин сөзүм жардамга келет... Кем болбоңуз... 

- Чубак ажы, сиз экинчи аял алгандарды көп колдойсуз, өзүңүздүн бир эле аялыңыз болсо керек. Экинчисин алайын деген ниетиңиз барбы? 055009...

- Мен жыргаганымдан экинчи аял алгандарды колдогонум жок. Кореяга турмушка чыгып кор болгон кыздарды, Кытайга турмушка чыгып кул болгон кыргыз кыздарын көрүп, кыргыздын патриот уулу катарында, мусулман үммөтү катарында экинчи аял алууну колдойм. “Бирөөнүн жеринде султан болгончо өз жериңде ултан бол” - дейт эмепи. Муну менен баардык проблема чечилип калат деп деле үмүттөнбөймүн. Болгону, жеңилдетет деп ишенем. Андан сырткары айта турган маселе, мен шариатты бурмалабай түз айтып жатамын. Ошого милдеттүүмүн. Кыяматта жооп беремин. Адамдардын көңүлүнө, нафсисине жараша ылайыктап жооп берүү туура эмес.

Ал эми мага келе турган болсок, менин ниетим жок. Илим менен, дин таратуу менен алпурушуп жүрүп бир аялыма да ырыстуу көңүл бөлө албай жүрөм. Мени түшүнүп мага жардам берип келаткан жубайыма, аны мага насип кылган тагдырыма, тагдырды жазган Кудайыма  ыраазымын. Менин аздыр-көптүр илим алганыма жубайымдын салымы чоң. А бирок, убактысы кенен болгондорго, мүмкүнчүлүгү барларга дале осуят кылам: “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” - деген ушул деп айтсам туура болот го. 

- Ажырашканыбызга 5 жыл болуп калды. Талак түшүп калдыбы? Аялымдын күнөөлөрү мага да жазылабы? 055011...

- Эгер жөн эле ажырашып, бирок талак берилбеген болсо, же кандайдыр бир себептер менен талак түшпөгөн болсо, сиз күнөөсүнө шериктеш болосуз. Себеби, нике кыйылаары менен анын милдети сизге жүктөлгөн. Курсагы ачса, кышта жылуу кийими, өтүгү жок үшүп калса, жайында жеңил кийими жок ысып кетсе, самыны жок башын жууй албай калса, эркек жытын сагынып бирөө менен шайтан сайып жытташып койгон болсо да жооп бересиз. “Катын алсаң, отун ал” деген оңой сөзбү? Ал эми аялыңыз башка бирөө менен жашап жаткан болсо, ал жашоосу зынаа, ойноштук деп эсептелет. Мисалы, Жамийла (Айтматовдун чыгармасындагы) Даниярдын ойношу, кылган иши зынаа. Ошондуктан сиз аялыңызга талак берүүңүз керек болот. Үнүңүздү чыгарып: "Мен Паланча уулу Түкүнчө, Пастанча кызы Мастанчага бир талак бердим!" , деп айтсаңыз бир талак түшөт. Аял угуусу шарт эмес. Жок жерден экөөңөр эки жерде күнөөкөр болуп жүрө бербегиле, жЖебеген самсага пул төлөп... 

- Бир таанышым абакта отурат. Ага шартыма карап дары-дармек, кийим, жууркан алып барып бердим. Ушул сооппу же күнөөбү? 077735...

- Ниетиңизге жараша болоор.... 

- Мен анда-санда арак ичемин. Менин келинчегим мага арак ичкенде кыйнала турган дары берет. Ошол күнөөбү? 077357...

- Эшегине жараша тушагы.... Башка эмне дейм. Деги сен күнөөбү деп айткандан уялбайсыңбы? Ичкениң арак болсо, анан сага жайнамаз алып келип салып бериш керекпи? Тооба кыл, үкөм! Арак жакшылыкка алып барбайт... 

- Жигитим экөөбүз жакында турмуш курабыз буюрса. Ага чейин өбүшүп жүрсөк болобу? 055111...

- Ок, антпе! Уят болот. Анан деле өбүшүп, андан деле чарчайсың. Жаның чыкпай кое тур. Шерменделик болот.... Кокуй күн.... 

- Баланын тушоосун кесиш керекпи же жөн эле коёбу? Сабира 

- Салт, адатка кошулат. Ыктыярыңыз. Динде милдеттүү эмес. Сөзсүз тушоо кесүү керек деген туура эмес... 

- Курбу кызым биринчи күйөөсү менен ажырашканда идда мөөнөтү 1 ай бүткөндө жакшы жерден жуучу келип, кыздын болочок кайын атасы “нике өтө берет, бирок идда мөөнөтү бүткөнчө жыныстык мамиледе болбогула” деп үйлөнтүп койду. Азыр балалуу болуп жакшынакай жашап жатат. Ал өзү күмөн санай берет, эгер нике өтпөсө кантип түшүндүрөм деп. 077759...

- Нике өтпөйт. Чала молдо дин бузаар деген ошол. Никелерин дархал (сразу дегеним) жаңыртышсын.  

- Биз кечинде кошулуп, гусулду эрте менен ниет кылып жуунабыз. Боло береби? 077783...

- Боло берет. Намаздан калбагыла. 

- Кем акыл адам ибадат кылбайт го. Кабырда азапталып, тозокко кетпейби деп боорум ачыйт?.. 055409...

- Жок, аларды Кудай Таалам бизге үлгү болсун деп жараткан. Алар бейишилер...  

- Классташ кыздарга даават кылсам болобу? Али.

- Чогултуп алып жалпы айтсаң бир жөн, анан вечерге барып, музыканын коштоосунда, караңгы бурчка барып шыбырап айтсаң болбойт...
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#184 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   06 Ноябрь 2016 - 14:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВДОН Мен 5 убак намаз окуйм. 11-класстамын. ЗАГСка чыксам, тойлорго барсам болобу? Баарын билип көрүш керек го, кийин турмушта керек болот да. 077314...

- Ким айтты тойго барбаш керек деп. Бара бер. Бөлөк-шалак болуп бийлегенден, балдар менен кучакташып ары-бери баскандан оолак бол. Баарын көрүш керек деп сага кайсы акылдуу айтты экен? Болбогон акыл, жарыбаган пикир.. Акылдуу адам шариат менен жүрөт... Ар кимдин жетегине кирбестен...  

- Эркек намаздан кийин Аят ал курсини, тасбихтерди, дубаларды купуя же шыбырап айтса болобу? 

- Болот, берекем. Кудайым кабыл кылсын. Дубалардын купуясы жакшыраак...  

- Маасы-чокой кийген убакта шымды толук чечип кайра кийсе чокойго масх кылуу жарабай калабы?

- Ыштанын чечкенде чокою да кошулуп чечилип кетсе, чокойго масх кылууга болбой калат. Чокой ордунда эле козголбой турган болсо, масх тарта берет..... 

- Чачын кестирген, жайып жүргөн күнөө болобу?

- Мүрүсүнөн жогору кылып кестирген күнөө. Көчөдө жайып жүрөбү, түйүп жүрөбү айырмасы жок, жылаңбаш жүрсө күнөө. Үйүндө каалагандай жүрө берсе болот. 

- Мен күйөөдөн чыккан бир баласы бар келинди алгам. Аялым сөзүмдү укпайт, ажырашам дейт, мен талак бербей жатам. Мага айтпай турмушка чыгып кетсе күнөө болобу? Сөз менен мээсине куюп коюң. Артур

- Сен өзүң атка мингенде эле кыйшык минген экенсиң. Жигит  киши мурда үйлөнбөгөн болсо, мурда турмушка чыкпаган кыз менен турмуш куруусу максатка ылайыктуу. Мурда турмуш көргөн неме какбашыраак болуп калат, анан сени мурункусуна салыштыра да берет.

Сага айтпай, сенден жооп албастан туруп башкага турмушка чыга албайт. Себеби, сенин никеңде деп эсептелет. Ага айтаарым: Карындашым, эрдин санын көбөйткөндөн мелдеште утуп чыга турган болсоң мейли эле, бирок, андан абийир таппайсың. Эриңдин сөзүн ук, бактылуу болосуң. Байтал чуркап байге албайт деген кеп бар. Эрин сыйлаган эшикке жатпайт. Үйдө эркек кожоюн болот. Кичине дем салдырып алсаң жакшы болот. Күйөөңө баш бербей оолукмаң баштаган убакта "Аьуузу биллаахи минаш шайтоонир рожиим" деп сол жагыңа үч ирет түкүр. Кайра ордуңа –насип кылса- келип каласың. 

- Гусул албай жүрсө эмне болот?

- Гусулу жок жүргөн болот. Намаз окуй албайт. Куран кармай албайт. 

- Аялым мага айтпай төркүнүнө кетип, “ата-энең менен жашабайм, шаарга квартирага чыгалы” дегенинен шартка байланыштуу жок дедим. Боюнда бар болчу. Мен “оокаттарыңды алып биротоло кет, бала меники эмес” дедим. Туугандары келип оокаттарын алып кетти. Башка аял алгым келбейт. Жиним менен айтып алып өкүнүп жатам. Бир ай боло элек. Деги аял төркүнүндө канча жүрүшү керек? Кыйналса эле кетип калат. Деги аял күйөөсүнө баш ийиши керекпи? 077309...

- "Оокаттарыңды алып биротоло кет, бала меники эмес!", деп айткан убакта ажырашуу ниетинде айткан болсоңуз, аялыңызга сиз тараптан бир талак түшкөн болот. Кайра нике кыюу керек болот. Ал эми ниетиңизде ажырашуу болбосо ,талак түшпөйт, нике сакталуу.

Аялга төркүнүндө жүрүштүн кереги жок. Чыккан чык чийинден сырткары деген сөз бар. Барып саламатчылыгын билдирип, ала барганын берип, курсагын бир тойгузуп, "бисмилла" деп кайра кайтуу керек болот. Бул эми жакын жерге турмушка чыккан болсо. Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт болбосун. Бир айда ашып кетсе бир барса болот. Ал эми алысыраак жер болсо күйөөсүнүн уруксаты менен бир түнөп келсе болот. Эң жакшысы, күйөө сөрөй экөө чогуу барып келгени жакшы.

Аял ооруп калып, доктур төркүнүнө жакын болсо, же төрөгөндөн кийин энеси карап берейин деген болсо, же кайсы бир себептерден улам күйөөсү экөө кеңешип төркүнүндө жүрүүнү туура деп табышкан болсо, ага да мейли. Кеңешип кескен бармак оорубайт дейт эмеспи.

Телтеңдеп эле мен кетем деген кемакыл катындар болот, сумкасы даяр турган. Алардын өзүнө окшогон кемакыл энеси болот келе бер деп "поддержка" берип турган. Атасы да энесине баш ийген катындай эле болгон бир байкуш болот. Же атасынын башын энеси жеп алган болот. Нормальный эне келген кызынын курсагын тойгузуп, санынан чымчып уяткарып, эртеси эт-ашын салып берип узатат кызын. Атаң укпасын кокуй деп. 

Негизи үйлөнгөндө үйдө кожоюну атасы болгон үйдөн алуу керек. Адашып кетип энеси кожоюн болгондон алсаң, алганыңдын бир кайнамы кем болгон болсо, мен кожоюн болом үйдө деп жүрүп карыйт, сени да карытат. Бул эми бойдоктого кеңешим... 

- Аллах Сизге ыраазы болсун. Сүйүктүү пайгамбарыбыздын оң жагындагы кошунасы болуңуз. Өмүрүңүз узун болсун, кыргыздардын 120 жаштагы муфтийи болуңуз. Ден соолугуңуз чың болсун. Сиздин айткандарыңыздын баарын түшүнөбүз, бирок муфтий болбойм дегениңизге түшүнбөй калдык. Биз сизден суранбайбыз, талап кылабыз. Муфтийликке кайра келиңиз, баштаган иштерди аягына чыгыңыз да, өзүңүз айткандай биттерге өчөшпөңүз. Кун Фаякун сыпатынын ээси өзү алып келген болсун. Биз сизди аябай күтүп жатабыз. Айчүрөк экөөбүзгө да дуба кылып коюңузчу, анын үч балапаны, менин эки балапаным бар. Ал хижабчан, мен сакалчан. Колоктоп бойдок жүрө бербей баш кошуп алсак. 077842...

- Аллахым Сизден да ыраазы болсун. Пайгамбарыбыздын сухбатында (аңгемелешүүсүндө)  бейиште болгонду баарыбызга насип этсин. Айчүрөк экөөңөр беш балапанды чогуу өстүргөндү ырыскыландырган болсун. Аталуу жетим арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим кылбай, тегиз карап бакканды экөөңөргө тең жазган болсун. Андан сырткары дагы экөөңө беш перзент берсин. Ону тең каары, ону тең аалым болсун. Ону тең ыймандуу, ону тең ден-соолуктуу, ону тең бактылуу-бай болсун. Жамандык көрүшпөсүн. Кудайым экөөңөрдү ушул күздөн калтырбай кошкон болсун... 

- Айт намаздарында туурасы бут кийимди каерге чечүү керек, намаз аянтта окулса?..

- Айт намазда, дегеле намаз учурунда бут кийим коюга ылайыктуу жер болгон болсо өзүңүздүн маңдайыңызга коюп окуйсуз. Же эки бутуңуздун ортосуна коюп алсаңыз да мейли. Же оң тарабыңызга коюңуз. Намаздагы кошунаңыз кыжаалат болбогудай болгону жакшы. Эң жакшысы бир пакет алып чөнтөккө салсаңыз, кереги тийгенде бут кийимиңизди салып коюп коёсуз. Мен Меккеде жүргөндө ошондой адатым бар эле.

Андан сырткары айта кете турган нерсе, намазда бут кийимди чечүү милдеттүү эмес, эгер бут кийиминде жаман нерсе жабышпаган болсо. Бут кийим менен окуй бересиз. 

- Биздин үйүбүздө  чакан дүкөнүбүз бар. Арак, тамеки сатылбайт. Аялым айтат “шарият боюнча мен дүкөндө соода кылганга болбойт” деп. Ушул туурабы? Мен болсо таксист болуп жана дүкөнгө товар ташып, эч бошобойм. 070930...

- Анын айтканы бир чети туура. Дүкөнгө бейтааныш эркектер келип аны-муну сүйлөөсү да мүмкүн. Ошондон айбыкса керек. Эгер аялдарга же жаш балдарга соода кылса эмне үчүн болбосун. Шариат баш оту менен эле аялдарга соода кылууну тыйбайт. 

- Бирөөнүн алмасы болсо, аны үзүп жебесе жөн эле жатса жесе болобу? 077840...

- Алманы үзүп жесеңиз күнөөлүү болосуз. А бирок, алманын ээсин жакшы билсеңиз, сиздин үзүп жегендигиңизге ачуусу келбесин да билсеңиз анда үзүп да жесеңиз болот. Ал эми жерге түшүп калган алма да мына ошондой эле өкүмдө. Себеби, жерге  түшкөнүн да ар күнү кечинде терип как кылып кургатып алаттыр. Андыктан ойлонуңуз...  

- Мечитте кыска убакытка уктоого этикаф ниети кандай кылынат? 3 күн дааватка этикаф кандай ниет кылынат? Этикаф жөнүндө маалымат берип койсоңуз. 077840...

- Ниет менен беш маал намаз окулган мечитте турууну эьтикаф деп атайбыз. Аял киши үйүндө эьтикафка олтурат. Эьтикаф үч түргө бөлүнөт: 1.Назир кылып айткан ваажып эьтикаф. Мисалы, аялым эркек төрөсө, эки күн эьтикафка олтурам деп назир айткан болсо, олтуруп берүүсү ваажып болот. 2. Орозонун акыркы он күндүгүндө болуучу сүннөт муьаккада (бекем сүннөт) эьтикаф. 3. Жогорудагы экөөнөн башкасы мустахаб өкүмүндө.

Нафил эьтикафтын мөөнөтүнүн эң азы чектелбейт. Мечиттин ичине кирип эле кайра чыга турган болсо да эьтикафтын ниетин кылса жарай берет. Демек, мечитте уктаса да эьтикафты ниет кылып уктаган болсо соопко ээ болот. 

- Кандай дос тандаса болот? Досуң сага кыянат кылсачы? 077840...

- Диндарын танда. Досуңа өтө жакын болуп кетпе, бир күн кас болуп калаарсың, душманыңа өтө кастык кылып кетпе, бир күнү дос болуп калаарсың делет. Досуң кыянаттык кылган болсо, ошого жараша жооп берет. Ал деле пенде болсо керек... Же сен периштелерден дос күттүң беле... 

- Илимге үйдөн качса болобу? Дамир

- Жок, садагасы. Илимди окуганда үйдөн качпа, ата-энеңдин ыраазылыгын тап деп окутат. 

- Эрте менен суукта таяммум кылса болобу?

- Суук тийип ооруп андан, олууттуу оорууга дуушаар боло турган болсоң болот. 

- Менин күйөөм мурунку бойдок маалымда сүйлөшкөн баланы айтып эле эзе берет. Дин жөнүндө түшүнүгү бар. Ага жолукпасам деле ошенте берет. Бул күнөөбү? 077323...

- Балким, сиз ошого "повод" берип жаткан болбоңуз. Күйөөңүздү жактырбаган киши болуп, силкилдей берсеңиз, анын ачуусу келип айтуусу мүмкүн. Эгер, жөндөн-жөн эле жумурткадан кыр чыгарып ызы-чуу кылган болсо, олуттуу түрдө сүйлөшүңүз. "Бул жашоо. Ойношууга болбойт. Бактымды табайын деп издегем, көрсө бактым сенден экен. Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө. Экинчи укпайын" деп айтыңыз. Шариатта антип айткан күнөө болот. Дин жөнүндөгү түшүнүгү канчалык болду экен?.. 

- Мен мурда намаз окуучу элем. Азыр окубай койдум. Эсимде анча калбай жатат. Бул үчүн мага күнөө берилеби? 077323...

- Болгондо да чоңу сага берилет. Эч кыжаалат болбо..... 

- Чачты милировка кылса болобу? Масх тартканда өтөбү? Мен жасап алган элем. А боёсочу? 077710...

- Табигый боёктор менен боёсо болот. Химиялык боёктор чачты каптап калып гусул алганда суу өткөрбөйт деп кээ бир аалымдар айтышат. Милировка кылганда химиялык боёк колдонулат. Гусул кабыл болбогон соң даарат да жараксыз болот. 

- Жин менен шайтандын айырмасы кандай? Ак жин, кара жин деп айтышат го. Жин сүрөөсүндө алар да Куранды угуп баш ийгендиги айтылат. Алардын арасында мусулман болгондору барбы? 077143...

- Жиндер да биз сыяктуу бир аалам. Алардын каапырларын шайтан деп коёбуз. Арасында мусулмандары, таквалары да бар. 

- Мен базарда иштейм. Бизге чай, тамак сатчу эже гусул эмне экенин билбейт экен. Даарат алып эле жумушка келе беришет. Чай, тамагы арам болбойбу биз ичсек? 077101...

- Тамагы го арам болбойт. Ага гусулду үйрөткүлө, кандай мусулман болот? Ал эле эмес намазды да үйрөткүлө. Тамагын жейсиңер, эртең кыяматта доогер болот. Балээ эле жегендей болуп жүрбөгүлө...  

- Көп жыл балалуу болбой жүрүп анан көзү ачыкка барып, айткандарын аткарып, мазарларга барып анан балалуу болгондор бар. Биз себепкер, Алла берген азиздер шыпаагер деп айтышат. Рухий, операциясыз сеанс өткөрүп дабалашат. Бул чын эле Кудай берген касиет. 077143...

- Шайтан берген кесепет десеңиз туура болчудай экен. Эмнеге бизге аны түшүндүргүңүз келип жатат. Мен сиз айтканды билбейминби? Кээ бир учурда көзү ачыктар өздөрү барган аялдарды жылаңачтап дем салып, жыныстык алака кылгандары да бар. Ошондон тууп алып деле, сопусунуп көзүн сүзө берет кээ бирлер. Кудайдан улук болуп кеткен ким бар? Ошентип балалуу болгондон көрө баласыз өткөн жакшы.... Ширк келтирип, кудайга каапыр болуп... ыймандан чыгып..... 

- Биздин 2 айлык балабыз бар. Дайыма кошулган кезде балабыз ыйлап жиберет. Келинчегим гусул алганча чыдабай ыйлайт. Эмизип жиберет. Күнөө болбойбу? 

-  Бала ыйлап калган учурда эмчегин гана жууп эмизип койсо болот. 

- Заара кылганда тыйынча жерге жайылбаса жуубай койсо боло берет дешет го. Анда даарат ала берсек болобу? 077242...

- Ооба, бирок, алмаштырганыңыз жакшы. Канткен менен заарадан сактанбоо, кабыр азабына себеп болот эмеспи.... 

- Менин каары иним сизден илим алгысы келет. Өтө жоош, уялчаак. Пакистанда 4 жыл окуган. Эгер макул десеңиз өзүм Сизди таап алам. 077280...

- Макул. Макул дебегенге айлам ? Кудайым көрүп турат. 

- Кызым 16га чыгып калды. Экинчи турмушум балалуу болбой бузулду. Эми Кудай уул берсе дейм. 4 баласы бар мурунку таанышым жолугуп, “экинчи аял бол, эки жакты тең карайм, азыр эч кимге айтпай балалуу болгондо айтабыз” дейт. Же бузуку боломбу? 077143...

- Жок, бузуку болбойсуз. Турмуш өзү ушул. Кудайым сизге бак айткан болсун...
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#185 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   06 Ноябрь 2016 - 15:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Мен дайыма тырмагымды өстүрүп жүрөм. Кээ бирөөлөр аны күнөө, ичинде шайтан ойнойт дешет. Ошол чынбы? 077785...

- Албетте тырмакка көңүл бөлүү, аны таза жана жагымдуу таризде алып жүрүүнү шариат талап кылат. Хна коюп кооздоого да уруксат берилет. Ошол эле убакта өтө узун кылып өстүрүү туура эмес. Пайгамбарыбыз алайхис салам мындай дейт: "Адам уулу табиятынан жакшы көргөн (Фитра) сүннөттөрүнө:

• Сүннөткө олтургузуу,

• Аврет (чурай) түктөрүн алуу,

• Мурутту (мойлону) кыскартуу,

• Тырмакты кыскартуу,

• Колтук түктөрүн жулуу кирет". (Бухари, Муслим)

Азирети Анас (Аллахым андан ыраазы болгой) мындай дейт: "Пайгамбарыбыз алайхис салам бизге  мойлону (мурутту) кыскартууда, тырмак алууда, колтук түктөрүн жулууда, аврет түктөрүн алууда кырк күндөн өткөрүп жибербөөгө убакыт чектеди!" . (Муслим, Насааий, Ахмад. Ахмад риваяты менен)

Тырмакты өстүрүү жана кооздоп боёктор (лактар) менен боёп алуу мусулман эмес коомдордун аялдарына тиешелүү жорук. Аларды туураган жакшы эмес. Тырмагын өстүргөн аялдар каапыр аялдарга эле эмес, кээ бир айбандарга да окшошуп кетет. Мисалы бүркүттөр, жапайы мышыктардын тырмактары да узун болот. Андан сырткары узун тырмактардын ичине биз көргөн же көрбөгөн кирлер толуп калат. Сыртын кызартып боёгон менен ичиндеги микробдорду кайда катабыз?  Тырмакты узун кылып өстүрүүдө тырмакты калыңдатуу жана бекем кылуу үчүн лактын түрлөрүн да сүртүшөт. Ал өз кезегинде дааратты жана гусулду өткөзбөйт. Ошондой эле жасалма тырмактарды да тагууга тыюу салынат. Жаңы жылда жаш балдар жаныбарлардын кебин (формасын) кийгендей болот. Маскарапоздук мусулманчылыкка туура келбейт.

Ушул эле маанидеги фатва Сауд Араб падышалыгындагы Фатва комиссиясы тарабынан берилген. 

-Мен уулумду 18 жашында үйлөгөн элем, тилекке каршы, ажырашты. Ортосунда бир бала бар. 7, 8 айдан кийин кайра башка кызга үйлөдүм. Аны менен да ажырашып, кайра биринчи келинимди алып келдик. Бир жылдан кийин ал кетип, кайра уулум мурдагы экинчи аялын алып келди. Кайра- кайра нике окуй берсе эч нерсе болбойбу?

- Эгерде ар бир ажырашып жатышканда талак түшкөн болсо, анда эки мертебе нике окутканга уруксат берилет. Үчүнчү ирет ажырашып талак түшкөн болсо, анда келиниңиз башка турмушка чыгып, андан жолу болбой ажырашкандан кийин гана уулуңузга никеге туруусу мүмкүн. Эгерде, талак түшпөстөн туруп жөн эле эки бөлөк жашап калышкан болсо, анда алгачкы нике сакталуу бойдон калат. Жаңы нике кыюунун кереги жок болот. Демек маселени тактоо үчүн молдокелер менен жүзмө-жүз сүйлөшүп алуу зарылчылыгы турат. Менин сизге берээр кеңешим: уулуңуз эки келиниңиз менен тең чогуу жашай берсин. Бирок, экөөнү бир үйгө жашаткан болбойт. Бир короодо жашаган болсо да дааратканалары, жуунган жерлери, ашканалары айрым-айрым болгон болсо жарай берет.

Сиз да этиет болуңуз, көйнөк алмаштыргандай эле келиндерди алмаштыра берген жакшы эмес. Алар да башка бирөөнүн бөпөлөп өстүргөн кызы. Анан да уулуңуз өзү да кичине пикирленгенди үйрөнсүн. Кетир десе кетирип, алып кел десе алып келе берсе, роботтон айырмасы жок болуп калбайбы? Келин деле ойлойт да, мен кимдин аялымын өзү деп? 

- Бир китепте Аллах Таала ата-эненин күнөөсү үчүн балдарын жазалап, бактысыз кылат деп жазылыптыр. Бул туурабы? 055409...

- Жок, туура эмес. Фаатир сүрөөсүнүн 18-аятында мындай делет: "Кыямат күнү бирөө бирөөнүн күнөөсүн (жүгүн) көтөрбөйт. Эгер кыямат күнү жүгү оор (күнөөлүү) болгон пенде, жүгүн жеңилдетүү үчүн башка бирөөнү чакырса, ал чакырылган  жатындаш-тууганы болсо да жеңилдете албайт. Ал күнү бирөө бирөөгө кароого да, жардам берүүгө да мүмкүнчүлүк таба албайт. Эй Мухаммад! Сен Аллахтын өкүмдөрүн Аллахтан корккон адамдарга, намазкандарга жеткиресин. Сенин насыйкаттарыңды ошол заттар кабыл кылат. Кимде ким күнөөнүн булганычынан таза болсо, өзүнүн пайдасына тазаланган болот. Ар бирибиз (эсеп-кысап берүү үчүн) Аллах Таалага барабыз".

Аяттан баамдалып тургандай бир адамдын күнөөсү үчүн башка бир адам жооп бербейт. Ар ким колу менен кылганын мойну менен тартат. Ошого карабастан ата-эненин тарбиясына, берген тамагынын адалдыгына жараша балдардын тарбиясы да түздөлөт же бузулат. Баам-парасаты кем болуп, же зирек жан болуп чоңоёт. 

- Биздин үйдө  байкемдин досу көп жылдан бери жашайт. Бизге бир туугандай мамиле жасайт. “Мен сага чоочун эмесмин. Жоолуксуз жүрө бер ысыбай” дейт. Ал мага макрухбу? А жездемчи? 070217...

- Байкеңдин досу да, жездең да сага махрам эмес. Алардын көзүнчө жылаңбаш жүргөнүң болбойт. Бир туугандай мамиле кылганы үчүн сооп алат, бирок, ал шариатты өзгөртпөйт. Элестетип көр, байкеңдин досу сени сүйүп калып үйлөнө турган болсо, эч ким болбойт деп айта албайт. Ошол сыяктуу... 

- Атам, байкелерим менен бетинен өөп учурашсам болобу?

- Атаңдын колунан же маңдайынан өп, байкелериң сенин маңдайыңан өпсүн. Сен өппөй эле кой. Эркек бир туугандардын бири-бири менен өбүшкөнү туура эмес, кучакташып эле көрүшкөнү жетиштүү болот, эгер көптөн бери көрүшө элек болсо. 

- Сиз "Тамчы" гезитин калтырбай окуйсузбу? Гезиттин акыркы бетиндеги мусулмандардын таанышуусуна кандай карайсыз? 077759...

- Ал бетти окубаймын. Сизге берээр кеңешим, сиз да керектүү маалыматтарды гана окуганга аракет кылыңыз. Баардык эле жазылгандарды окуй берсеңиз убакыт да жетпейт. Мээ ысырап болот. 

- Жума, айт, Курбан айт күндөрү боюна бүтүп калса бала майып болуп калат дейт. Маалымат берсеңиз. 077101...

- Андай жери жок. Каяктан уктуңуз экен? 

- Ажыке, Сизди терең урматтайм. Мен эки балалуу болгонумда келинчегиме талак деп ачуум менен айтып койгом. Эртеси айткан сөзүмө аябай өкүнгөм. Азыр бактылуу өмүр сүрүп жатабыз. Никебиз бузулган жокпу? 

- Кем болбоңуз. Сиздин маселени тактап сурагандан кийин айтуу керек болот. Жекече жолуксаңыз тактап айтып берээр элем. 

- Мен нике кыйдырайын деп "Дордой" мечитине барсам, "күбөлөрүң жок экен, кыз тараптан же эркек тараптан күбө алып кел” деп нике кыйбай койду. Ушул туурабы? 055350...

- Кыз тараптан же эркек тараптан күбө деген болбойт. Жөн эле балагатка жеткен, акыл эстүү мусулман адамдардан күбө болот. Мүмкүн болушунча жакшы тааныштардан болгону жакшыраак. Эки эркек адам, же бир эркек эки аял адам күбө боло алат. Молдокенин күбөлөрү жанында болбосо, барып күбө алып кел дебегенде кантмек эле. Же никени сиз кыйдырсаңыз, күбөнү молдо таап бериш керек беле? Анын үстүнө нике кыйылчу кыздын атасынын, агасынын макулдугу барбы деп суроо керек болот. Аны кимден сурайт эле молдоке. Кыздын Валисинин (атасынын, агасынын) уруксаты керек болот никеде... 

- Жин кириптир кишиге дегенди кандай тазалоо керек? Ал эмне болгондо кирет? 077765...

- Жин айдаар молдокелерге дем салдыруу керек. Сүннөттөрдү аткарбай койгондон, макрух иштерди аткаргандан жиндерге мүмкүнчүлүк берилип, алар ал мүмкүнчүлүктү пайдаланып кетүүсү ыктымал. 

- "Аллахтын 99 атынан тогузу сага. Аллага ишенсең бул СМСти тогуз адамга жибер. Эртең жаңылык угасың. Ишенбесең 9 жыл жамандык болот"... Ушул сыяктуу СМСтер чындыкпы?

- Маани берүүнүн кажети жок. Шариатта бул нерсе жок. 

- Карызымды өз убагында бере албай 2 айдан кийин бердим. “Жол кирени кошуп бер” дегенинен кошуп берсем, “башы көзүмдөн садага, сен жарыбайсың” деп каргады. Ушул каргыш туурабы? Мен Кудай алдында күнөөлүү болбоймунбу? 077242...

- Эгер сиз мүмкүнчүлүгүңүз болуп туруп деле, атайылап кечиктирсеңиз күнөөлүү болосуз. Бирок, колуңуздан келишинче аракет кылып, ошого карабастан кечигип калсаңыз, кечиримдүү болот. Карыз берген адам, "карыз төлөй албай калуусу деле мүмкүн" деген пикирди көңүлүнө алып туруп берсин. 

- Кечиресиз, мен акыркы күндөрү аябай кыйналдым. Бел жагым ооруп гинекологго текшерилгени баргам. Кыз эмес экенсиң дейт. Андай жаман жолго барган эмесмин. Намаз окуйм, оронуп жүрөм. Эми эмне кылам? Жуучулардын баарын кайтарып жатам. Атам жок. Атасы жоктун абийири жок деп апамды уят кылгым келбейт!! ! 077351...

- Ал нерсе башка нерсе менен да кетип калуусу мүмкүн деп айтылат. Балким гинеколог адашып айтып жаткандыр. Жуучуларды кайтарбаңыз. Жакшысын тандап турмушка чыгыңыз. Балким түшүндүрүп айтсаңыз, түшүнүп туура кабыл алаар.... 

- Жолдошум Россияда. Көп болду, келе элек. Жыныстык катнашта болгум келип,  өзүмдү өзүм кандыра турган болдум. Күнөө эмеспи? Миргүл

- Күйөөңүздү чакырыңыз. Же чакырттырыңыз. Же ал сизди чакырсын. Айтор, муктаждыгыңыз аткарылсын. Сизди антип кор кылбасын.... 

- Гороскопко ишенсе болобу? Кээде туура чыгып калат. 055869...

- Ширк. Ыймандан чыгарат. Жылдыз карап төлгө салгандарга ишенүү болбойт. Он беш жолу туура чыкса да. 

- Кыздар балдарга чогуу даават айтса болобу? Кызга атасы, бир тууганы, күйөөсү гана айтат дешет. Жанара

- Жок садагасы, башталышы жакшы эле даават болуп башталып, акыры антидаават болуп кетпесин. 

- “Дуруд” деген сөздүн мааниси кандай?

- Менин билишимче араб тилиндеги сөз эмес. Фарси тилинде "салам" маанисин туюндурат. (Кыргыз-фарсы сөздүгү. Балтабаев. 502-бет) Бирок, кыргыз тилинде "салават- дуруд" деп салаваттын бир аты катары айтылып жүрөт. 

- 18 жаштамын. Колумду сурап ыймандуу намаз окуган бала келди. Өзүмдүн сүйлөшкөн жигитим бар, бирок динден кабары жок, “намаз оку” десем, “убактым жок” дейт. Апам “азыр жашсың, шашпай жигитиңе кетесиң, колуңду сураган бала түндүктөн экен, болбойт” дейт. Кеңеш бериңизчи. Жанара

- Кыз кишиге ыйманы бекем, намазкан адам колун сурап келсе, ошого берген жакшы. Адамдын эң жакшы капиталы анын диндарлыгы эмеспи? Маселе түндүк-түштүктө эмес. Маселе менталитеттердин айкалышында. Жигит менен сүйлөшкөндү токтот. Анын үстүнө намаз окубаган экен. Кудайдын парзын аткарбаган адам, сени уят кылып коюусу мүмкүн. Этиет бол. 

- Турмушка чыкканга чейин хижаб кийбей намаз окуп, даарат менен таза жүрсө болобу? Бирок, көбү “намаз окуган адам сөзсүз хижап кийиши керек” дешет. 077775...

- Ар бир мусулман аялзатына элечек кийүү, оромол салынуу милдеттүү болот. Айызы келип намаз окубай жүргөн учурда деле оромолчон жүрүү милдеттүү. Кудайдын буйругун угуп аткарсаңыз, ошол себептен Кудай Таалам жакшы жерге турмушка  чыгууну насип кылат. 

- Менин атам, апам карындашым үчөөбүздү кичинекей кезибизде үйсүз таштап койгон. Эми чоңоюп, үйлүү-жайлуу болуп калганыбызда “мени менен жана туугандарым менен катышкыла” деп талап кылып жатат. Бирок башка үй-бүлөсү бар, бизге жардамы тийбейт. Апам өзү  бизди багат. Кандай кылсам туура болот? 

- Үңкүр да болсо үйүм бар дейт эмеспи. Бир күн болбосо бир күн, маалы жеткенде катышууга туура келет. Бир адам катачылык кетирсе, ага да катачылык менен жооп берүү керекпи? Жакшылыкка жакшылык ар кишинин иши, жамандыкка жакшылык эр кишинин иши. Сиз эр киши болуңуз. Апаңызды да капа кылып алгандан сактаныңыз. Ал киши сиздин бейишиңиз. 

- Жолдошумдун аялы бар. Биз да нике кыйдырып алалы дейт. Мен каршы болуп жатам. Менден 20 жашка улуу. Аялынан ажыраштырып алсам күнөө болобу? Айдай

- Кудай акы, мен сиздин сөздү түшүнгөн жокмун, сиз өзүңүз да түшүнбөсөңүз керек. Жолдошум дейт, кайра эле никем жок дейт. Нике жок болсо кантип ал жолдош болсун. Жөн эле ойношум дебейсиңби? Культурный болбой эле... Аны ажыраштырсаң арам болот. Аны ажыраштырып бакытка жетпейсиң, бирөөнүн көз жашы аркылуу бактылуу болуу мүмкүн эмес. Жакшысы дароо нике кыйдыргыла, ал байбиче сиз токол болуп жашай бересиңер. Башка жолу жок. Никеси жок ойношуңуз менен жашаганга такыр болбойт. 

- Сулаймандар деген кимдер? Эмнеге динибиз мазхабдарга бөлүнүп кеткен?

- Сулайман Тунахан деген буюк аалымдын шакирттери. Туура жолдогулар.

Мазхабка бөлүнүүнүн бир канча себептери бар. Ар бир адамдын өзүнө жараша акылы болот эмеспи. Ошол сыяктуу аалымдар да кээ бир маселелерде өз ара кайчы пикирлерде болуп, алардын жолун жолдоочулары да ошого жараша мектептерге бөлүнүп кетишкен. Андан коркуунун кажети жок. Болгону, туура багыттагы мектептерди туура билүү керек. Мектептерди- мазхабтарды жок дегендер жаңылышат. Алар биздин илимий мурасыбыз, баа жеткис байлыгыбыз.  

- Мен бир жигитти жактырып, жолугушуп жүргөндөн кийин аялы бар экенин билдим. Мамилебиз кайра бекемдеп баратат. Кол үзө албай кыйналдым, бирөөнүн көз жашынан бакыт кура албасымды да билем. Эмне кылсам? 077995...

- Экинчи болуп турмушка чык....Антип жүрбө... 

- Жашым 29да. Намаз окуганыма 8 жыл болду. Балагатка жеткенде дин боюнча маалыматым жок болчу. Ошондогу намаз, орозолор каза болдубу? 077038...

- Балагатка жеткен учуруңузду так билсеңиз, ошол учурдан баштап каза намаздарды окуп бересиз. Эгер балагатка жеткен мезгилиңизди болжолдоп да биле албасаңыз, анда он беш жаштан беркисин каза кылып окуп бересиз. Орозо да ушул таризде. 

- Аялдар жуманы мечитте окуганы туурабы? Кадыр түн күнү борбордук мечитте котологон аялдар жүрөт, клубга баргансып бурч-бурчта. Көңүлүм аябай бузулду. Сиз айтып тыйсаңыз болобу? 070303...

- Аялдардын мечитте Жума окуганы туура эле. Бирок, Жума окубастан Бешим намазын үйүндө окуганы жакшыраак.  Комсомол менен партиянын убагында жулунуп, активист болуп көнүп калган апаларыбыз динге келгенден кийин да "үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы"  деп мечиттерге келгенди жакшы көрүшөт экен. Кой десең эле митингге чыкканы турушат. Анын үстүнө мечитте маселе айтылса, аны угуп пайдаланышат. Муфтий Абдусаттар азирет дамбылдабыздын тушунда уруксат берилип башталган. 

- Карызың бар болуп, 40 миңден ашкан акчаң болсо зекет кажетпи? 077112...

- Карызды төлөө керек. Төлөгөндөн калганы жүз он беш миңден (115,000) ашса, зекет берүү милдеттүү болот. 

- Менин балдарым  токтобой жатат, боюмдан түшүп калат. Дарылансам деле болбой жатат. Бала жаткан жерге шайтан орноп алат дейт. Ушуну окуган молдолор болсо дарегин бересизби? Махабат

- Ошол жердин өзүн окуй турган адистешкен молдо болоорун билбейм. Кадимки эле молдолорго дем салдырасыз го дейм. Намаз окуп, Кудайымдан сурасаңыз кабыл кылат. 

- Атам жакында кайтыш болгон. Айт күнү жай башына барсак топурагы жайылып калыптыр. Кайра чогултуп коюшту. Чогултса болбойт деп уктум эле?.. 055257...

- Жакында кайтыш болгон болсо, анда топуракты чогултуп коюшканы туура эле болгон. Ал эми эски мүрзөлөрдү жамгыр менен барып барып убакыттын өтүүсү менен жер менен жексен болуп кеткен учурда, кайрадан жаңыртып, дөбөлөндүргөн болбойт. 

- Биз сиңдим, эжем болуп жамаат менен намаз окуйбуз. Кээде алардын окуганына ичим чыкпайт. Бири тез окуйт, бири рукуго туура эмес турат. Ошондо кандай кылсам болот? Айтсам болбоду. 055766...

- Аял кишилер жамаат менен эмес, жекече окугандары жакшыраак. Ар кимиңер өзүңөрчө окугула. 

- “Имамдардын дил азыгы” деген китепте сакалды кыруу арам дептир. Биз күнөөкөрбүзбү?

- Кээ бир аалымдардын көз карашы болсо керек. Сакал коюу сүннөт. Алуу макрух (жактырылбайт). Муфтийлерге, каазыларга, имамдарга, аалымдарга милдеттүү болот сакал койгон. Анткени адамдар алардан үлгү алышат эмеспи. 

- Куранды кай жерде окууга тыюу салынган? Намаз окугандын алдында болбойбу? 055607...

- Ыңгайсыз, булганыч жерлерде окуганга тыюу салынган. Калган учурду баарында окуй берет. Намаздын алдында да боло берет.... 

- Мен 20 жылдан бери бир кызды сүйөм. Убагында материалдык жетишпегендиктен улам үйлөнө алган эмесмин. Азыр жаркылдап башкага жар. Ошко барганда алыстан бир көрбөсөм кете албайм. Ал мени көргүсү жок. Мен күнөөгө батып жатамбы? Байыш.

- Ооба. Сиз күнөөкөрсүз. Ал туура кылат. Аны көрүп эмне муратка жетмекчисиз? Ажырашып сизге келсин дейсизби? Андай болбойт. Намаз окуңуз, убактыңызды пайдалуу нерселерге жумшагандыгыңыз пайдалуу. 
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#186 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   06 Ноябрь 2016 - 15:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

*ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ ТУРМУШТУК СУРОО ЖООПТОР*

_ЭСКЕРТҮҮ ЧУБАК АЖЫ ВОТСАПТА ЖОК,СУРОО -ЖООПТОР САЙТТАРДАН ,ГЕЗИТТЕРДЕН АЛЫНЫП ЖҮКТӨЛӨТ_

- Учурда айрым аялы бар адамдар убактылуу нике кыйышып, аны менен жыныстык катнашта болгон соң талак берип ажырашып алышат экен. Бул мусулманчылыкта күнөөбү же күнөө эмеспи?

- Убактылуу нике кыйганга шариат жол бербейт. Бул сойкулукту расмийлештирүү дегенге барбар. Ар бир адам ажырашаарда өзүнүн апасын, эже-карындаштарын, кызын элестетүүсү керек болот. Сойкулук, же шариатташтырып айтканда зынаа кылган адамдын тууган аялзатына эртели-кеч зынаа кылынбай койбойт. Такыр аялзатынан тууганы жок делгенине да акыр-түбү үйүнүн дубалына зынаакор адам жаба сийип кетет. Убактылуу нике кыйдырган менен ал кыйылып калбайт. Азыр өлкөбүздү каптап келе жаткан шийит агымында убактылуу никеге жол берилет деп айтылат. Бизге шийит агымы перс тили жана маданиятын улуттук, гуманитардык университеттерде окутуу аркылуу кирип жатат. Эгер шийит агымы күч алса Сириядагы абал бизге келиши мүмкүн. Анткени Сирияда сунниттер менен шииттерди кагыштырып, андан экономикалык жана саясый упай топтоп жаткан державалар бар.

- Урушчаак аялды кантип жумшартса болот?

- Урушчаак аял өзүнөн-өзү эмес турмуштун заарынан улам урушчаак болушу мүмкүн. Мышыкты деле ургулай берсең, айласы кеткенде арстандай айбат көрсөтөт. Айтор, баккан ээси жарашса күйпүл күчүк сак болот, алган эри жарашса кара катын ак болот. Жарашпай калса сакоо катынга тил бүтүп, уулуу заарга айланат. Ошондуктан аялды күндүзү үйдөгү идиш жуууп, кийим жууп, балдарды караган роботтой көрүп, түндөсү бир түндүк сойкудай пайдаланбай, ага аял катары, өмүрлүк жар катары, эң негизгиси эркек сыяктуу эле урмат-сый менен жыргалчылыкка укуктуу адам катары мамиле кылуу керек. Экинчиден, айылдын балдары үйрөтүлө элек тайларды үйрөткөндү, чарс аттарды жоошутканды билебиз да. Ошентип жоошутуп, анча-мынча алдаса да болот. Ортодогу сүйүү жалындап күйүү үчүн кичине калп айтып, аялзатын мактап койсо да болот. Аял киши көзүнө ишенбейт, кулагына ишенет. Акылына ишенбейт, сезимине ишенет. Ошон үчүн аялдар башкарган машинелердин авариясы көп болот. Үчүнчүсү, ачууланып баштаганда эле кучактап, сүйлөтпөй өбө калсаң, оозу жабылат. Кээде аял киши эркектин эркектей болуп чечкиндүү кадам шилтегенин жактырат. Куру жентельмендик өтпөйт бу кургур жашоодо. Илгери Жаныбек Жанызак деген кээде акыл-эстүү аял-эркек мамилелерин жаза коюп жүрчү, ошонун сабагынан бир аз үйрөнүү деле ашыкча болбойт. Аял киши кумарынан канбай калса да ачуусу мурдуна чыгып, жердин баарын өзүнүн жинди казанына салып кууруп ийет. Акырында айтаарым, аялдарды дааватчылар таалимдерине жиберүү керек. Аял динге келсе, кыз жибектей созулуп, Айчүрөктөй суналып, Курманжандай каада күтүп, Каныкейдей жароокер болуп, Акмөөрдөй сулуу боло түшөт. Өзүмдүкү беле деп көзүңдү ачып-жуумп тааныбай каласың. Миң уккандан бир көргөн артык, ошенткиле эркектер.

"Дааватчы менен Кожомкул алптын көйнөгүнүн көлөмү бирдей"

- Акырындап аялдын аялга, эркектин эркекке үйлөнүүсү Кыргызстанга да жылып кире баштады. Муну медицина кызматкерлери табигый көрүнүш, оору дешет. Ислам буга кандай карайт?

- Ошентип айткан доктурларды бир сыйра Жыргал каары деген жинайдаар молдобуз бар - Ат-Башынын кулуну. Ошого бир көрсөтүп дем салдырыш керек. Ага болбосо Оштогу Ак-Бууранын суусуна кыштын күнү бутунан кармап башынан сууга салыш керек болот. Э кокуй, ушул кантип табигый көрүнүш болсун? Бул накта жапайы, акмак көрүнүш. Эркекке тийген эркексымалдарга кой кайтартып, илгеркидей сакмалга эки жолу салсаң, жамгырдын күнү кезүү кайтартып, бутун торпокко сыя бастыртсаң, колтугундагы колоңсосу сасып, буту чирип кете тургандай абалга алып келсең, кечинде сарайдагы көңдү чаптырсаң, анан көрөөр элем эркекке эрге тийгенди. Чачын кырып салып, молдого шакирттикке берип, одоно көйнөк ыштан кийгизсең, такымы кызарып пикириндеги "айчүрөк сулуу" болгону эсинен чыгып, өзүнө келээр эле. Ал эми аял ала турган болгон аялдарга пахта тердирип, тамеки чаптырып, күнүгө он эки уйду саадырып, сүтүн уюттуруп ишке койсок алар да акылына келет. Эркекке эркектин, аялга аялдын гормондорун ичириш керек. Жогоруда мен айткан нерселер да ошол гармондордун эң күчтүүлөрү. Ислам мындай чектен чыккандарды жектейт. Бул коомчулуктагы оору. Ооруну жашырсак өлүм ашкере кылат, муну жок кылуу керек.

- Даабатчылардын кир, аялдыкындай узун көйнөк кийип келип даабат айтышы туурабы?

- Эми ошол кир көйнөк кийген биздин (намаз окугандардын) эң жамандарыбыз болуп эсептелет. А намаз окубаган, кудайсыздардын эң жамандары бомж болуп көчөдө жүрөт го. Ошолор кир кийим кийип, бомж болуп жүргөндө көңүл бурбайбыз. Эң жакшы деп, сүрөттөрүн төргө илген, ошол намаз окубагандардын партиясындагы эки президент качып кетти го. Парламентте олтурган жакшылар ачуу суудан ууртаганын, даараткана таппай даракка жаба урганын, дагы башка болбогон иштерди кылганы көзгө көрүнбөй эле, ушул кир көйнөк көрүнүп калабы? Туура, мусулман таза болуш керек. А бирок ошону менен эле мусулманчылыкка көлөкө түшүрө берүүгө болобу? Ынсаптуулук кайда кетти? Биз карасак Абдышүкүр ажыга же мага карагыла. Биз бир ич кийимди эки күн катарынан кийбейбиз. Ал эми узун көйнөк боюнча, Суусамырдагы музейдеги Кожомкул алптын көйнөгү менен ошол дааватчынын көйнөгүнүн ыразмери бирдей болбосо, мага келгиле, мурдумду туурасынан кесип берейин. Мусулманчылыкты кармануу үчүн сөзсүз эле арабдардын же башкалардын көйнөгүн кийүү шарт эмес. А бирок ошол эле учурда алардын кийимин кийип алса тыюу салуу деле туура эмес деп билем. Анткени америкалыктардын же батыштын кийимин кийип жүргөндөргө эч ким каршы деле чыккан эмес. Мисалы тизесин көрсөтүп кыска кийген Каныкей энекебизди, же каре кылып чач кырктырган Айчүрөк апабызды, же көкүрөгүнүн жарымын көрсөткөн Курманжан датканы элестете аласызбы? Мен мисалы, элестетмек турсун акылыма сыйдыра албайм.

"Билип туруп сууга сийгендерге өзүүнчө азап болор"

- Атасы сакал кое электе баласы сакал коюп алууга ислам жол береби?

- Негизи исламда сакалы жок адам үйлөнбөйт. Ал күйөөгө тийет. Балалуу болгонго чейин сакалдуу болуп калуусу кажет. Алыс барбай филармониянын дализиндеги залкарларды карап көрөлү. Курманжан ападан башканын баарынын сакалы бар. Орустардын кашасын жегендерди буга кошкон жокпуз. Кашадан ооз тийбеген кытайлык кыргыздардан Жусуп Мамайды карачы. Жел келсе сакалы желбиреп, көзүңө бир жакшы көрүнөт.

- Намаз окуп, кайра ичимдик ичип, сойкулук, тоноочулук кылган адамдарды Кудай кечиреби?

- Эми чындап ыйласа сокур көздөн жаш чыгыптыр. Жаңылып-жазбаган пенде болбойт. Чындап тооба кылса Кудайым кечирет. Эң эле жаманы кечирет экен деп кайра-кайра күнөө кылуу болот. Билип туруп сууга сийген дегендей кээ бирлер билип туруп арам иштерге батынышат. Буларга өзүнчө азап болоор. Кандай болгон күндө да тооба эшиги дайыма ачык турат. Ошол эле учурда эске ала турган жагдай, ар бир пенде ар бир мүнөттө аркы дүйнөгө узай берүүсү ыктымал.

- "Халал" деген тамак-аш продукцияларынын адал экенине кантип ишенебиз?

- Мамлекет менен диний башкармалык чогуу-чаран көзөмөлдөгөн Адал ишканасы тастыктаган болсо коркпой ишенсек боло берет. А бирок жеке менчик ишкана болгон учурда, шайтан алайхи лаьнанын таасири көбүрөөк тийип калуусу ыктымал. Негизи адал тамак-аштагы эске алуучу орчундуу жагдай эт жана эт азыктары болуп саналат. Ошондой эле ден соолукка зыяндуу азыктар да макрух же арам деген баага татыктуу болуп калат.

- Аялынын көзүнө чөп чалган эркек кантип күнөөсүнөн арылса болот?

- Тооба кылсын. Экинчи кайталабоого өзүнө шерт берсин. Кылган ишине өкүнүп, күнөөлүү болгондугун Кудай алдында мойнуна алсын. Дагы деле болбой чөп салгысы келип жатса, адалдап никелеп токол алсын, орозо кармасын. Жөн эле тооба кыла бербей, ошол күнөөнүн алдын алуу керек го. Коррупцияга каршы күрөш ошол коррупционерлерди камоо менен эле бүтпөйт да, анткени жаңы коррупционерлер чыга берет. Коррупцияга каршы күрөш ошол коррупцияны шарттаган жагдайларды жоготуу менен болот. Чөп салууну деле алдын алуу керек.

"Аялы бар эркек, сулуу кызды караса көзү агып түшөт"

- Дин жолундагылардын ичимдик ичкендер менен бир дасторкондо отуруп тамак ичүүсү күнөө эмеспи?

- Күнөө болот. Колдон келишинче алар менен бир дасторкондо олтурбаганга аракет кылуу лаазым болоор. Арак бардык жамандыктын башаты. Бардык балээ ошого келип такалат.

- Ырдоо, сүрөт тартуу күнөө делет? Бул чынбы?

- Чын экени чын. Жандуунун сүрөтүн башы менен кошо тартуу күнөө. Жансыздарды мисалы жаратылышты же бир буюмду тартса боло берет. Ырдаганда да Жеңишбек менен Аалыдай болуп акыйкатты ырдаса сооп болот. Анан, жинди-кетти болуп ырдагандарга күнөө болот.

- Жини келген адам бирөөнү "эшек, "чочко" деп атаса, ага динде кандай күнөө тагылат?

- Сөккөндөй эле күнөө болот. Кээде мени ошентип айтты деп биротоло кыяматтык кас болуп алышат бирөөлөр. Антпей, аны да "чочко" , же "эшек" деп койсо тараза теңделип калат. Ошону менен маселе бүтөт.

- Никесиз бойдо бүтүп калган балага ким көбүрөөк жоопкер болот?

- Ошол никесиз бойго бүтүп калганга ким канчалык себепкер болсо ошончолук күнөө болот. Кунаажын көзүн сүзбөсө бука жибин үзөбү. Үзгөнү да, сүзгөнү
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#187 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   11 Ноябрь 2016 - 19:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Мен хиджаб кийген бир кыз менен жолугуп жүрөм. Жолукпай койбоско экөөбүздүн тең ыйманыбыз алсыз. Күнөө болбойбу жолуга берсем? Сүннөт тирилткенге аздап эрте болуп жатат эле… 777889292.. 

- "Эрте болуп жатат" дегениңди өзүң эле түшүнбөсөң мен түшүнгөн жокмун. Жолуккан күнөө болот. Ыйманыңдын алсыз экенин билет экенсиң, көбөйтүүнүн аракетинде бол. Билбесең да бир жөн эле...

- Саламатсызбы! Күйөөмдүн өткөнүнө бир жылдан өттү, бирок, тынбай түшүмө кире берет. Түшүмдө көбүнчө, жыныстык катнашта болобуз. Кайненеме тез-тез түшүмө кире  берет десем, "нааразы болсо, ошентип түшүңө көп кирет" деди. Тынбай куран окуп турам, 3 балабыз бар. Күйөөм өткөн кезде бир айлык боюмда бар экен эле, ал билбей кетти. Туугандарым алдырып ташта дегенине көнбөй төрөдүм, азыр 5 айлык. Нааразы болсо, түшкө көп кирет деген чынбы? Суранам, жооп берип коюңузчу! Айнура.777156127. . 

- Айта берет. Ыраазы болгон үчүн түшүңө кирип жатат. Сен дагы кызык экенсиң, кемпирлердин сөзүн сүйлөп... Шайлообек Дүйшеевдин "Агындыларындагы" кемпирлердин жомогун саймедирегендей болуп.

- 9 жаштан берки каза болгон намаздар кандай жол менен окулат? 9 жаштан берки хайз болгон күндөрдү кандай кылып эсептейбиз? 07711270..

- Адатыңды билеттирсиң. Билсең, ошол адатыңа салыштырып эсептей бересиң. Билбесең ар бир айдан жыйырма күн деп окуй бересиң. 

- «Lets go» чайынын капкагынан чыккан утуулар адал болобу? 07776355..

- Ооба. Адал болот. Анткени, сен лотереяга же башка бир нерсеге акча төлөбөйсүң. Болгону, чайды сатып алууга кызыктыруулар бар. Анын зыяны тийбейт. 

- Менин жашым жыйырмада. 5 жыл болду, орозо кармайм. Бирок, ушул жылы ден соолугума караштуу 4 күн калганда эч карманалбай койдум. Азыркы учурда больницадамын. Эми кандай кылып кармасам болот? 07026938..

- Ооруканадан абдан жакшы болуп сакайып чыккандан кийин, күнүнө күн тутуп бересиң. Аллахым шыпаа насип эткен болсун. 

- Биз Нарындан болобуз. Кызым Жалал-Абадка турмушка чыккан. Эки баласы бар, күйөөсү менен жакшы жашайт бирок, кайненеси «аркалык» деп, мен балама өзүм аялды алып бермекмин деп куурата берет. Экөө ортодо кыйналды! Дуба окуп коюңузчу суранам, бактылуу болушсун! 05544747.. 

- Ошентип айткан кайненелердин баарын чогултуп, дунгандардын пияз талаасында түшкү тамагын бербей туруп эки күн иштетсе, сооп болоор эле. Кудайым балдарыңызды бактылуу кылсын. Омийин!

- Арстанбек Абдылдаевдын «Асмандан илим түштү» деген сөзүнө кандай көз караштасыз? Алла ыраазы болсун! 07784080.. 

- Аман эле болсун. Аман эле болсун....

- Аламан, улак тартыш шариатта кандай? 07795555..

- Сүннөткө туура келет. Улак тартуу боюнча макаламды окусаңыз көзүңүз  ачылат. 

- Күйөөм 3 талак айткан. Бирок, эртеси “жиним менен эле айтып койгом” деп кайра жарым жылдай жашаганбыз. Азыр бир жарым жылдан бери чогуу жашабайбыз. Мен азыр бошмунбу? Талак бербейсиңби десем “мен сени баягы талак айтканда бошотуптурмун” деп койду. 05530513.. 

- Сенин күйөөңдү Чым-Коргонго жаткырыш керек. Жини келип айтса деле түшө турган талак түшө берет.

- Мен өзүмдөн 10 жаш улуу аялды жакшы көрөм. Үйлөнсөм шариатка туура болобу? Кеңеш бериңизчи, сураныч. Менин Атым Улан. 

- Болот. Туура келет. Уктаарыңда сага жомок айтып берет...

- Дигер намаз жөнүндө кененирээк маалымат бериңизчи? Мага жакшы каалоо айтып коюңузчу. 07735573..

- Кенен маалыматты китептен оку. Эмнени нерсени айтуумду каалап турсаң, ошонун баарын сага тиледим.

- Мен 35 жаштамын. Талмам кармаганда жыгылып, башым ооруп, унутчаак болдум. Суроолорду жаттай албай жатам. Сөзсүз түрдө арабчасын окуш керекпи? Намаз окусам, китептен карап окусам болобу? Гулмира.

- Аллахым шыпаа берсин. Азырынча китептен окуй бер. Жаттагандан кийин шпаргалкасы жок окуп баштайсың. 

- Дубаны кантип жандырса болот? Күчтүү молдолор жандырып беришеби? Жандырыш үчүн, эмне кылыш керек? Дубалап, башын айланткандар чоң күнөөгө батышабы? 05588289..

- Намаз окусаң жазылып кетет. Намаз окубасаң, кыйналып жүрө бересиң. Таза жүр. 

- Аялы күйөөсүнүн чачын алса болобу? 07776090.. 

- Болмок турсун болот. Кайра жакшы болот да, бетин жуубаган Таняга же Оляга алдыргандан көрө. Адамдын эң эле азиз мүчөсү башы. Башты ар кимге кармата берген болбойт. Мен дайыма чачымды аялыма алдырам. Бекерге дагы түшөт.

- Ассалому алейкум, Чубак ажы! Кыргызстанда сиздей аалымдар бар экенине сыймыктанабыз! “Тамчы кабар” гезитин чыдамсыздык менен үй-бүлөбүз, достор менен чогулуп окуйбуз. Сиздин байлыгыңыз күндөн күнгө өркүндөп жатат. Аллах ыраазы болсун! Сизди көрө албагандарга Жараткан топук берсин. Сиздин кеңештериңиз “Тамчы кабардын” жарымын ээлеп чыксын! Алматыдан, туугандарыңыз. Али 

- Кудайым кем кылбасын. Сыртта жүргөн бир туугандардын баардыгын Аллахым жаман сөздөн, жаман көздөн сактасын. Адал ырыскы насип этсин. Кудайым өзүнөн башкага муктаж кылбасын. Элибиз мамлекетибиз өркүндөп өссүн. Динге Кудайым күч кубат берсин. Кудайым барыбызга топук берсин. Аллахым ыраазы болсун!

- Мен сыздан ооруп калганда астыма колум менен таблетка салам, гусул бузулбайбы? Намаз окуй берсем болобу же сөзсүз гусул керекпи? 07726171.. 

- Ошол таблетка салганда ырахат алып кетсеңиз, гусул бузулат. Ырахат албасаңыз, гусулуңуз да, дааратыңыз да бузулбайт. Намаз окуй бересиз. Аллахым шыпаа берсин.

- Ооруп жатканда, мындай күндөрү деле Фатиха сүрөөсүн кандай үндө окушум керек? 07076948..

- Кадимки үнүңүз менен окуй бересиз. Эл жок жерде үнүңүздү бийик чыгарып, эл көп жерде жапысыраак чыгарып окуй бересиз. Үнүңүздү чыгарып окуганыңыз жакшыраак. 

- Чубак ажы, сизди Аллах 10 сахабадан кандай ыраазы болсо, он биринчи болуп, сизден ыраазы болсун! Сиздин жоопторуңузга адам аттуу инсандардын 100 пайызы ыраазы. Сизге Аллах Васиила Жаннатын берсин! Сиз менен сыймыктанабыз. Сизге орунсуз суроо бергендерге, көңүлүңүзгө катуу тийбесе экен деп тилейбиз. Сизге чиркейдин да залака тийгизишин каалабайбыз. 07736012..

- Аллахым ыраазы болсун! Мага тилеген жакшылыктардын баарын эселентип Кудай Таалам баардык пенделерине берсин деп тилейм. Аллахым абийирлерибизди арууласын, ниеттерибизди тазартсын. Адал ырыскы менен ырыскыландырсын!  

- Менин күйөөм наркы дүйнөгө кеткен, азыр экинчи болуп, бирөөнүн никесиндемин. Анын аялы бар. Менин чоң балам билбейт, ушул кылганым күнөөбү? Кыйналып кеттим, балдарды жалгыз өстүрдүм. Кыздарым билет, эмне кылайын? 07722663.. 

- Балаңызга билдирип койсоңуз жакшы болчу экен.

- Мен Москвада ОМОН болуп иштейм, бирок, жетиммин. Биздин кызматкерлер чоң-чоң курулуштагы балдарды кармап, качса урабыз, эгер жашынса эшик терезени сындырабыз. Ал күнөө болбойбу? Магамет. 

- Жөнү жок жерден урсаң, албетте, күнөө болот. Чөптү кордосоң көзгө зыян.

- Менин аялым чет өлкөгө иштегени кетти. Күнөө болбойбу? 07729010..

- Сен эмне бул жерде “Тамчыны кабарды” окуп олтурасың, аялыңды четке жөнөтүп коюп. Даюс десе... 

- Эки аял алгандар, анын жоопкерчилигин билбей эле үйлөнгөндөр көп. Ошондуктан ажырашуулар көп болуп жатат. Эркектер эки аял алуу шариаттагы бүт жоопкерчилигин билип туруп үйлөнүшсө, мындай болбойт эле. Эки аял алып бактылуу жашагандар аз. Ушул туурабы? 07734845.. 

- Эки аял алып бактылуу жашагандар аз дейсиз, бирок, бир эле аял менен чекеси жылып кеткендер деле арбып кеткен жери жок. Колунан келгендер ала берсин. Бул дүйнө сыноо дүйнө. Акыретке барганда эс алабыз эми.

- Теңирчилерге көз карашыңыз кандай? Теңирчилердин өзүнчө мыйзамы болобу? Алар Аллага ишенеби? Бирок, баардык нерсе Алладан болот го?! 07724646..

- Кудайым ал адашкандарды туура жолуна салгай эле! Тозок отунан сактаө көр! Өзү теңирчимин дегендерди чогултуп Жыргал каарыга дем салдыруу керек болот. 

- Мен эч кимге арнабаган аруулугумду, ак никелүү жолдошума арнагам. Боюмда бар кезде ажырашып кеткенбиз. Кызыман кабар албайт. Кийинки алган аялына жагыныш үчүнбү, билбедим, ”менин кызым эмес” деп айткан экен. Менден кийин эки аял алды, мейли, кудайга ак болсом болду. Кудайга, ак никеге койдум дедим. Мен болсо кызымды ойлоп турмушка чыкпадым. Кудайдан кызымдын ден соолугун, бактысын тилеп келем. Батаңызды берип коюңузчу. 07702606.. 

- Кудайым бактылуу кылсын. Экөөңөрдүн тең жолуңар ачылып, жакшы күйөөгө тийгиле!

- Жолдошум экөөбүз тең сүннөт менен жүрөбүз. Жолдошум турмуш шартка байланыштуу Россияда иштейт. Анда-санда акча салат. Беш балабыз бар. Өзүм болс кичине баламды үйгө таштап базарда иштейм, иштебейин десем жолдошумдун тапканы жетпейт. Жетишсиздиктин айынан өткөндө урушуп кеттик. Аябай сөгүп, мага уюлдук телефон менен чалба деди. Ошондо мен эмне кылышым керек? Балдар энеге эле керек болобу? 07798878..

- Ал деле жыргаганын ошентпегендир. Сабыр кылыңыз, баары өтөөр. Балдар атага да, энеге да бирдей керек болот. Жыртык бүтөлөөр, курсак тоюнаар. Көңүл ордуна келбей калганы жаман болот. Көңүлдөр оорубасын.

- Намаз окугандан кийин кайсы дубаны окушум керек? Зикирди ар бир намазда чалабы? Аятал курсун окубаса дагы болобу? Даарат кандай болгондо бузулат? Көкүрөктөн сүт акса, даарат кайра аламбы? 07772533.. 

- Көкүрөктөн аккан сүт дааратты бузбайт. Кийимди да булгабайт. Ал эми калган суроолоруңузду китептен карап окуп, түшүнбөгөнүңүздү сурап алсаңыз болот.

- Мен медресеге кирейин десем апам болбой жатат. Менин алдымда окуй бер деп жатат. Атам, байкелерим киргизебиз деп жатышат. Эмне кылсам болот? 07094849.. 

- Атаңдын сөзүн ук. Ата акыркы сөздү айтуусу керек болот.

- Күйөөм экөөбүз тең динде жүргөн адамбыз. Күйөөм жакында бир дамбылдадан илим алып жатат. Ал дамбылданын устазы Таджикистандык олуя экен. Эми күйөөм, ал олуяга барып, зыярат кылып, батасын алып келебиз дейт. “Мен кичине күмөн санап жатам, бир олуяга ишенип албас бекен” деп. Айтуусу боюнча олуялар бардык нерсени билишип, көрүшөт. “Аллах бардык сырын ачып койгон” дейт. Ошол туурабы? 05576600..

- Олуя бардыгын билет дегени туура эмес. Кээде олуяларга ишенип олтуруп ыймандан да чыгып кетүүсү мүмкүн. Олуяны Кудай Таалама теңеп алса каапыр да болуп калат. Жөн эле барып, илимин алып, насааттарын укса бир кеп.

- Мен реализатор болуп иштейм. Кожоюнум айткан баанын үстүнө 20-30 сом кошуп, жол кире чыгарып алам. Бирок, кожоюнум билбейт, акчасына тийбейм. Бул күнөө деп эсептелинеби? 07770135.. 

- Арам болот, садагасы. Адал тамак же, дубаң кабыл болот.

- Үйгө лөлү, дубана келсе садака бериш керекпи? Даарат андай керекпи? Даарат эмне болгондо бузулат? 07796634.. 

- Садаканы тааныштарга берген, туугандарга берген жакшыраак. Даарат бузулганды китептен окуп, түшүнбөгөн жериңди сура. Адепти үйрөн.

- Мен өткөн сандагы 5552159.. абонентинин суроосуна кошумча айтайын дегем. Уруксат берсеңиз? Бир тууган сага айта кетчү нерсе. Мусулман адам эч качан бири-бирин өлтүрбөйт. Сен мусулмансыңбы? Сенин аялыңды, кызыңды зордуктап жатса, унчукпай карап, олтура бересиңби? Үйүңдү талкалап, жериңди тартып алсачы? Мен мусулманмын деп олтура бересиңби? Ислам эмне, лохтор үчүн бекен? Сен Ак үйдө иштеген же болбосо черныймын деген братанына таянып сүйлөңүз. Мен Аллахка таянып сүйлөйм. Ассалому алейкум. 07790907..

- Уруксат бердим. Ал пендеге сөздөрүңүз чучукка жете тургандай болуптур. Бир аз адептүү айтсаңыз, мындан да чырайына чыкмак экен. 

- Досторума, эркек аттууларга “кыз менен сүйлөшкөн болбойт” десем, анда кантип үйлөнөм?

- Жеңелериң таап берет. 

- Үйлөнүү тою шариат боюнча кандай болот? Ушулар тууралуу бир макала жазып берсеңиз. 07790907.. 

- Аракет кылайын бир тууганым.

- Менин ата-энем ажырашып кеткенине 6 жылдан өттү. Андан бери атам 2 аял алды, апам турмушка чыккан жок. Экөөнү жараштырыш үчүн эмне кылуум керек? Атам да, апам да 5 убак намаз окушат, үй- бүлөбүз баары окуйт. Атам 40 күндүк дааватка 2-3 жолу чыкккан. Сизден сураныч, кеңешиңизди бериңиз. 07072113.. 

- Кандай таризде ажырашканын тактагандан кийин жакшыраак кеңеш берээр элем. Баары ошого байланат.

- Сиз менен кол алышып, саламдашканыма сыймыктанып турам. Сизге туура эмес сүйлөгөндөрдү окуп капа болом. Урматтуу кыргыз элим! Аалымдарды ушак кылып коюштук менен жети урпагына чейин хидаят берилбей калышы мүмкүн. Ясин сүрөөсүн 9 аятын душмандарга кантип колдонот? Тартиптерин айта кетсеңиз? 07092123..

- Жөн эле окуй бересиз. Болгону даарат менен, ыклас менен окусаңыз, таасири ансайын күчөйт. Аллахым ыраазы болсун. 

- Эркек бала канча жаштан баштап үйлөнсө болот? Кайсы убакта сүннөт, фарз, важип болот? 07072113.. 

- Балагатка жетип, ычкырын өзү байлап, эки адамды бакканга жарагандан кийин үйлөнсө жарай берет. Ушул убакта үйлөнгөнү сүннөт болот. Шахваты күчөп, кызыл көйнөк көрсө айланчыктап кете албай турган болуп калса ваажып болот. Такыр болбой калса, парз болот. Колунан бок келбей туруп эле, эки адам эмес, өзүн бага албай турган болсо макрух болот.

- Эжем хиджаб кийет, студент. Анан боёнуп турат. Боёнбо дейин десем, жини келет. Боёнсо эмне болот? 07092123.. 

- Боёнсо маймыл, маскарапоз болот, боёнгону арам болот. Сойкулардын тизмесине кошулат. Көчөгө чыгып, кайра үйгө келгенге чейин периштелер наалат айтып турушат.

- Биздин аппак деген молдобуз бир убак дагы намаз окубайт, бирок, жаназа окуйт, нике кыят. Ушул молдого кандай насаат айтат элеңиз. 05518090.. 

- Кудайым ал аты аппак болуп, өзү капкара болуп кеткен молдо сөрөйүңөргө хидаят, туура жол берсин.

- Мен студент кызмын. Турмушка чыга элекмин. Менин түшүмө жаш наристелер көп кире берет. Эмне себептен? 07726883.. 

- Аларды жакшы көргөндүгүңдөн болсо керек...

- Чубак ажы, оронгон хиджапбан кыздар кайсы окууга тапшырып, кандай жумуштарда иштесе болот, кээ бир адамдар айтып калышат, “оронгондор банкта же дагы ушуга окшогон иштерде иштесе болбойт” деп, ошол туурабы? 07728969.. 

- Мугалим, аялдардын догдуру, тарбиячы болуп иштесе эмнеге болбосун. Аялдын кадыр-баркы, намысы сактала турган жерлерде иштесе болот. Эркектерге аралашып иштөөнү шариат жектейт.

- Менин келинчегим оорукчан эле, каза болуп калды. Мен талак бере элек каза болуп калды. Мен үйлөнүп алдым, эми кандай болот? 07022496..

- Каза болоору менен нике ансыз деле ажырайт. 

- “Эгер мусулман аял мусулман эмес адамга турмушка чыкса нике түшпөйт” деп жооп бергенсиз. Анда менин балдарым ойношчулуктан жаралганбы? Ал кореец болчу, ажырашкам. 07050897.. 

- Ооба. Тооба кылыңыз. Балдарга туура тарбия бериңиз. Балдарыңыз мусулман болуп эсептелет.

- Күйөөм мени уруп, мурдум кыйшайып калган. Түздөтөйүн дегем. Шариатта Кудай берген көз мурун менен жашаш керек, эгер мен мындай кылсам шариатка каршы чыккан болбойбу? Кемчиликтериңди оңдотуп, башкача болгон күнөөбү? 05537773..

- Сиздин шартта түздөтсө болот. Экинчи кыйшайганга шарт түзбөңүз. 

- Азан айтылып жатканда басып бара жаткан болсоң, сөзсүз азан бүткөнчө олтуруп, бата кылыш керекпи же баса берсе болобу? 07080506.. 

- Баса берсе болот. Колунан келсе  олтуруп укканы жакшы.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#188 Пользователь офлайн   Meruet84   03 Декабрь 2016 - 23:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

ЧУБАК АЖЫДАН СУРОО ЖООП

1) Тамеки сатып иштесем күнөө болобу? Башка жумуш табалбадым.
Жооп: Ва алайкумус салам! Тамеки сатып иштөө макүрөө амал. Арам деп айтуу бир аз оор.
2) Үй-бүлөңүзгө жана жүрөгүңүзгө тынчтык. Мен бир кыз менен таанышкам, бирок анын динден кабары жок экен. Кантип динге алып келсем болот? Каракол, Кубан.
Жооп: Атайын аялдар үчүн таалим жыйындарына жибер. Аялдарга арналган баяндарга каттоосуна себеп бол. Эӊ негизгиси дубада болсоӊ, баары жайына келет. Анан да эске ала турган жагдай, сен өзүӊдү мусулман жигиттеринин адеби менен көрсөт. Болбосо, аны таптакыр жийиркентип алсаӊ, динден алыстоосуна себеп болуп каласыӊ. Кудайым жакшылыктарын сага, анан ага ыроологон болсун!
3) “Жахаба” күбөлөрү деген кимдер? Бир досум ушул топко кирип кетиптир.
Жооп: Алар мусулман эмес, каапыр жамааттарга кошулат. Жаӊы чыккан диний топтор. Аларга кулак салуунун, алар менен катташуунун кереги жок. Кудайым сактасын. Досуӊузга айтыӊыз, акыреттен үмүтү болсо, ал сектадан чыксын!
4) Ачуу үстүндө аялыма 3 талак деп айтып алдым. Аялымдан кечирим сурадым, жашасак болобу?
Жооп: Талак маселесин тактоо үчүн жубайлар менен чогуу бирге маселенин чоо-жайын тактоо керек. Ошондо гана тагыраак жана чындыкка жакыныраак жооп чыгат. Жакын жердеги аалымдарга кайрылсаӊар жакшы болот.
5) Жумушта азан жакшы угулбайт. Намаз убагы келгенде, өзүнчө азан айтпай эле окуй берсе болобу?
Равшан.
Жооп: Жарай берет. Бирок, өзүӊүзгө жетээрлик мыкдар-өлчөмдө айтып алсаӊыз дагы бир сүннөттүн сообуна ээ болгон болор элеӊиз.
6) Намаз окуюн десем, апам каршы болуп жатат. Эмне кылсам болот, устаз?
Жооп: Намаз окуу үчүн эч бир адамдын уруксаты керек эмес, берекем. Намазыӊды оку, апаӊды сыйла. Бейиш эненин таман астында.
7) Аллах пенделерди өзүнө ибадат кылуу үчүн жараткан экен. Өзүнө ибадат кылдырып эмне кылат, себеби эмне? Нарын, Мирлан.
Жооп: Мунун жообун ирети менен төмөнкүдөй айтсак болот.
• Кудай Таалам өз каалоосу менен бейиш жана тозокту жаратты.
• Ошол бейиш жана тозокко адамдарды адилеттүү бөлүү үчүн сыноо майданы катары бул жалган ааламды, биз жашап жаткан дүйнөнү жүзөгө ашырды.
• Сыноо максатында бизге өзүнө ибадат кылууну буйруду.
• Ибадат аткаргандар бейишке, аткарбагандар тозокко татыктуу болушту.
• Ибадат аткаргандар бейишке кирүүдөн мурда, мына ушул убактылуу дүйнөдө да бактылуу болушат. Анткени Алла Таалам пенделеринин бактылуу болуусун каалайт. Бул Кудай Тааламдын айкөлдүгүн билдирет.
• Ибадат аткарбагандар тозоко түшүүдөн мурда, мына ушул убактылуу дүйнөдө да жашоонун азаптарына, жан-дүйнө тозогуна кириптер болуп, бактысыз болушат. Алла Таала пенделеринин бактысыз болуусун каалабайт. А бирок, пендеси өзү ошол бейтаалай жолду тандап алгандыктан Кудай Таалам анын бактысыз жолго түшүүсүн тагдырына жазат. Бул Кудай Тааламдын адилеттүүлүгүн баяндайт.
• Мунун баары Кудайдын каалоосу. Ал Заттан кайсы бир ишти эмне үчүн кылдыӊ деп суралбайт. Балким, ал бардыгынан, бүткүл макулуктарынан эмне үчүн мага ибадат кылган жоксуңар деп сурайт. Анткени ал Жаратуучу. Биз болсо Анын жаратылган макулуктарыбыз.
• Бул маселеде куру чечендиктин кереги жок.
• Бул маселе да канааттандырбаса, анда акыретте Кудайдын өзүнөн сурап алуу эле калат. Бирок, маселе ага чейин созулбайт, акыреттин алгачкы убактысында, жан алгыч периште келгенде бардыгы бардыгына түшүнүктүү болуп калат.
8) Ассалааму алейкум! Мен банкта программист болуп иштеймин. Сүткорлукка себепчи болуп калбаймбы? Ош, Асылбек.
Жооп: Ооба, шерик болуп каласыз. Колуӊуздан келишинче адал жумуш табуунун аракетинде болуӊуз.
9) Кыргызстанда көптөгөн пирлер болот эмеспи. Ошолор Аллага шерик кошкон болбойбу?
Жооп: Кайсы пир бар болду экен Кыргызстанда? Мен укпаптырмын! Деги эле пир деген ким. Устаз, мугалим, тарбиячы деген эле сөз. Адамдарга, тагыраагы, шакирттерине такыба жолуна түшүү сабактарын үйрөткөн устат. Башка нерсени түшүнүүнүн кереги жок. Тасаввуфту туура эмес түшүнүүнү каалаган кээ бир адамдар ширк деп айта беришет. Ага маани берүүнүн кереги жок.
Туура, кээ бир пир болумуш болуп адамдардын башын айландырып, динди ырыскы табуунун булагы катары карап алган акмактар да бар. Аларга Кудай Таалам ылайыктуу жазасын берген болсун!
10) Ислам дини 73 агымга бөлүнөт экен. Ошонун ичинен бирөөсү гана туура деп айтылат. Ошол бирөөсүнүн ичине 4 масхап тең киреби же бирөөсү элеби? Манас
Жооп: Ошол туура агым, туура жамаат Ахлу сунна жамааты болуп эсептелет. Төрт мазхабтын бардыгы ошол Ахлу суннага кирет. Кыргызстандагы шиитер, агаханий-исмаилиттер жана ахмадийлерден башка жамааттардын баары Ахлу суннага кирет.
11. Жолдошум менен ажырашып жүрүп 15 жылдан кийин кайра жараштым. Азыр неберелүү болуп калдык. Иште десем иштебейт, туугандар менен катташтырбайт. Сен өзүң келгенсиң, иште деп кайра мага айтат. Кеңешиңизди бериңизчи, устаз?
Жооп: Сабыр кылыӊыз дейт элем. Кээ бир адамдар жалгыз жашагандан зеригип ит деле багып алат экен го. Сиз адам багып жатыпсыз. Иштеп бага бериӊиз, итчелик болуп кароолчулук кылганга жарап калаар. Адам илгери үмүт менен жашайт эмеспи... Ал эми туугандар менен катташтырбаганы албетте, натуура. Бул кылганы да, жогорудагы жоругу да Кудайга жакпайт.
12) Атам кредиттин күнөө экенин билбей, бизди кредит менен чоңойтту. Эми ал күнөөкөр болбойбу? 22 жаштамын. Үйлөнөм деп ата-энеме айталбай жатам. Кантсем болот?
Жооп: Ар ким кылганына өзү жооп берет. Күнөө экенин билбей калса, күнөөсү жок болуп калбайт.
Үйлөнөм деп айталбасаӊ, илгертен келе жаткан салт бар, атаӊдын кепичине жүгөрүнүн сотосун салып кой. Акылдуу адам баамдап алат. Аны да баамдабаса, атаӊдын досторуна айт, ошолор айтсын!
13) Агам токко тартылып өлгөн. Ошондо ал шейит болгон болобу?
Жооп: Кайсы ниетте тартылып өлгөнүнө каралат. Кудай Тааламдын сөзү бардыгынан жогору болсун деген максаты болсо шейит болорунан шегим жок. Ал эми башка болсо, анда башка.
14) “Сетевой маркетингде” иштесе болобу?
Жооп: Мунун кыргызчасы кантип айтылар экен? Иштөө тартибине жараша жооп болуусу керек. Тагыраак баяндасаӊыз толугураак жооп болоор эле.
15) Түштүк жакта “ак кечүү” деген нерсе бар экен. Эгер аял-эркек ак кечишпесе сооп жазылбайт дейт. Бул нерсе шариатта барбы?
Жооп: Мен билгенден бул сыяктуу жорук Лейлекте гана бар. Бул нерсе шариатта жок.
16) 40 жашка жакындап калдым, үйлөнө элекмин. Үйлөнбөй эле койсом болобу?
Жооп: Кой антпе! Жалгыздык Жаратканга гана жарашат. Үйлөнүү сүннөт.
17) Агам ичкиликке берилип кетти. Үй-бүлөсүн да карабай калды. Акча алса эле ичип келет. Ошондо акча бергендин акыбалы не болот?
Жооп: Арак ичкенге акча берген, арак ичкен менен бирдей күнөөгө шерик болот.
18) Суу жок болуп калса карды эритип даарат алууга милдеттүүбүзбү, же таямум кылабызбы? Таямум кылганда карга колду уруп таямум кылса болобу? Топурак табуу кыйын, Сибирде иштейбиз.
Жооп: Карды эритүү кыйынчылык туудурса, же суук болгону үчүн суу менен даарат алуу оор болсо, таяммум кылса болот. Таяммум жер жынысынан болгон ар бир нерсеге жарай берет. Мисалы күйүп күл болбогон нерсенин баары, мрамор, акиташ, кум, топурак, таш, кесек ж.б.лар. Такыр болбосо өзүӊөр менен бирге алакандай болгон жука ташты алып алсаӊар деле болот. Карга таяммум кылынбайт.
19) Жолдошум мага ишенбей, ар дайым куран карматып, ата-энемдин атын айттырып карганта берет. Анан карганып чындыкты айтсам күнөө болбойбу?
Жооп: Чындыкты айтсаӊыз күнөө болбойт. Жолдошуӊузга Кудайым ынсап берсин.
20) Адашкан агымдар дегенде, анын амалы айтылабы же акыйдасыбы?
Жооп: Адатта, адашкан агымдар дегенде акыйдага байланыштуу айтылат.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#189 Пользователь офлайн   Salixa.   26 Декабрь 2016 - 19:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

✍
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#190 Пользователь офлайн   -FREEDOM-   26 Декабрь 2016 - 22:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:00
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москов

Кимде болсо илгилечи.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#191 Пользователь офлайн   Kadyrov_92   26 Декабрь 2016 - 22:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 921
  • Катталган: 05 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 22 Ноя 2017 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Mars 2025

Ушул жерде суроо берсек жооп береби ажыке???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#192 Пользователь офлайн   Salixa.   26 Декабрь 2016 - 23:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

✍ ШЕЙХ ЧУБАК АЖЫ МЕНЕН БОЛГОН СУРОО-ЖООП 10

《СУРОО》
-Гусул алып жатып “аслан гуслан жана баян суу аклай көр денемди, дуба аклай көр тилимди” деген сөздү айтыш керекпи? 077366...

《ЖООП》
-Шариятта мындай сөз жок.

《 СУРОО》
-Күйөөмдүн экинчи аялымын. Биринчи аялы “мен уруксат бермейинче никеңер жарабайт” дейт. Роза

《ЖООП》
-Биринчи аялдын уруксат бериши шарт эмес.

《СУРОО》
-Өлүм жөнүндө ойлонуп, жан чыгып жатканын элестетип кыйналчу болдум. Бул күнөө эмеспи? Өлүмдөн коркуш керекпи? 055013...

《ЖООП》
-Күнөө эмес, тескерисинче күнөөлөрдөн алыстатып турган сезим. Ошол сезимди туура пайдаланыңыз, андан коркуу керек эмес, ага даярдык көрүү керек.

《СУРОО》
-Үй-бүлө курганыбызга үч жыл болду. Кызыбыз бар. Күйөөм чеги жок кызганат. Колу да көп тиет. Намаз окуп, оронуп жүрөм. Ажырашкым келип жүрөм. Талак сураганга укугум барбы? Же өмүр бою таяк жеп өтөмбү? 055343...

《ЖООП》
-Ажырашканга укугуңуз бар. Жашагыңыз келбесе талак алсаңыз болот.

《СУРОО》
-Арбактар куран талашат дешет. Ар бирине бирден окуш керекпи же жалпы окуп койсо болобу? 077944...

《ЖООП》
- Арбактар куран талашпайт. Алла Таала берешен. Атын атасак да, атабасак да дилибизден өткөн арбактардын баарына жеткирет. Баарына бирдей жеткиргенге Алла Таала кудурети жетет.

《СУРОО》
-Түшүнөн чочуса же кырсыктаса жети токоч бериш керекпи? 077944...

《ЖООП》
-Жети токоч эмес, садака бериш керек. Садака – балээлерди кайтаруучу. Токоч береби, акчалай каражат береби, ар кимдин өзүнүн ыктыяры.

《СУРОО》
-Дуба кылуунун адептерин айтып бериңизчи. Адиарим 90

《 ЖООП》
-Даарат алып, кыбыланы карап отуруп, көңүлүн бир жерге чогултуп, чын дилинен дуба кылыш керек. Биринчи, Аллага мактоо, экинчи, пайгамбарга салават айтып, үчүнчү, эл-журтка жакшылык тилеп, анан өзүнө тилек айтса – ошол дубанын кабыл болушуна өбөлгө.

《СУРОО 》
-Медресеге кирем десем ата-энем каршы. Эмне кылсам болот? 16 жаштамын. 077898...

《 ЖООП》
-Ата-энеңизди көндүргөнгө аракет кылыңыз. Медресенин жакшы жактарын айтып бериңиз. Кудайдан суранып, дуба кылыңыз.

《 СУРОО》
-Намаз окубагандардын дубасы кабыл болобу?

《 ЖООП》
-Дубанын кабыл болушу намазга байланыштуу деп айтылбайт. Дуба жүрөккө байланыштуу. Эгер адам зулумдук көрүп турган кезде дуба кылса мусулман болсо да, болбосо да кабыл кылам деген Кудай.

《 СУРОО》
-Кредит жана пайызга акча берүү, алуу эмне себептен арам болоорун толук айтсаңыз.

《 ЖООП 》
-Алла Таала сооданы адал, сүткордукту арам кылды. Бир түрдүү нерселерди бири-бирине саткан учурда теңме-тең сатуу керек. Артыкча сатып пайда табуу арам. Мисалы, алтынды алтынга, буудайды буудайга, тарууну тарууга, акчаны акчага ж.б. сатканда кайсы биринен ашыкчалыкты талап кылса сүткордук болот.

《СУРОО 》
-Кыргыздар чочконун этин жесе болбойбу? 077841...

《 ЖООП 》
-Болбойт. Чочконун эти арам.

《 СУРОО》
-Келме келтирип жүргөн жакшыбы? Дааратсыз айтса деле болобу? Күйөөсү менен сооп бөлүшүш керек дейт, жашаганыбызга 20 жыл болду, күйөөм сага 50%ы деп койгон. Ушундай болобу? Эрежеси барбы? 077780...

《ЖООР 》
-Келме келтирип жүрүү жакшы. Дааратсыз айтса деле болот. Ар бир адамдын тапкан сообу өзүнө жазылат. Кимдир бирөө өтүп кеткен адамдарга сооп багыштаган болсо жетет. Бизде сооп бөлүшүү деген түшүнүк жок.

《 СУРОО 》
-Экинчи аялы болуп тийсе тиги дүйнөдө жалгыз калат. Күйөөсү биринчи аялы менен жүрөт деген чынбы? Алина 

《 ЖООП》
-Тиги дүйнөдө бардык аялдары менен бирге жүрөт. Ал жакта кызгануу деген болбойт.

《 СУРОО》
-Канчалык күнөө жасаса да аял бала төрөгөндөн кийин күнөөлөрү кечирилет дейт. Түшүндүрүп берсеңиз. 077780...

《 ЖООП 》
-Албетте, майда күнөөлөр, Кудай менен пенденин ортосундагы күнөөлөр кечирилет. Намаздан кийинки намазга чейинки күнөөлөрдү намаз кечирип турат, жума намаздан жума намазга чейинки күнөөлөрдү жума намазы кечирип турат, аял төрөгөндө да көп түйшүк тарткандыгы үчүн кайсы бир деңгээлде күнөөлөрү кечирилет. Чоң күнөөлөр тообо кылмайынча кечирилбейт.

《 СУРОО 》
- Даарат алып жатып мурдумду чайкаган кезде канап кетет. Дааратты башынан башташым керекпи? +770239...

《ЖООП》
-Албетте, башынан башташ керек. 

《СУРОО》
-Жашым 19да. Турмушка чыккан эмесмин. Жигиттер тийишсе же номеримди сурашса “турмушка чыкканмын, бир балам бар” десем унчукпай калышат. Бирок кээде алардын кээ бирөөлөрү түшүмө кирип муңайган көздөрү менен карашат. Бул кылганым күнөөбү? 077801...

《 ЖООП 》
-Күнөө эмес. Шариятта да, салтта да турмушка чыгуу жол-жобосу айтылган. Кызды ата-энеси турмушка узатат.

《 СУРОО》
-Мазардын алдынан өтүп баратып оомийн кылгандын пайдасы барбы? 077951...

《 ЖООП》
-Маркумдарга дуба бар, “бизден мурда өтүп кеттиңер, биз да силерге кошулуучуларданбыз. Силерге да, бизге да Алла тынчтык берсин” дегендей мааниде. Өткөндөргө куран окуп, сообун багыштаган жакшы.

《 СУРОО》
-Айыз келип баштаганда биринчи кичине келет, кайра жок болот. Ушинтип баштаганда намазды токтотомбу? 055322..

《ЖООП》
-Айыз келгенден баштап намазды токтотосуз. Толук бүткөндөн кийин окуп баштайсыз.

《 СУРОО》
-Мен эже-сиңдилерим менен ар айда 1000 сомдон черная касса ойноп турам. Бул исламда арам дешет. Маалымат берип койсоңуз. 077394...

《 ЖООП》
-Мунун келечеги адилетсиз болгондуктан тыюу салынган.

《СУРОО》
-Балага ат коюуда курандан алып же пайгамбарыбыздын аялынын атын койсо атты көтөрө албай оор болот деген чынбы? 077060...

《 ЖООП》
-Жок андай эмес, ар бир адамдын аты өзүнө жараша болот. Абдулла же Абдурахман деген аттар Аллага сүйкүмдүү аттар. Ушундай аттарды койсо жакшы болот.

《 СУРОО》
-Бир куранды эки-үч арбакка багыштаса болобу? Арбакка кантип жыт чыгарат? 077060...

《СУРОО》
-Ооба, баарына бирдей жетет. Арбакка жыт чыгаруу деген түшүнүк жок. Куран окуп, сообун багыштап турса болот.

Билдирүүнү түзөткөн: Salixa.: 26 Декабрь 2016 - 23:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#193 Пользователь офлайн   Meruet84   31 Декабрь 2016 - 12:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ.

СУРОО-ЖООПТОР

СУРОО: Илимсиз имамга уюуш керекпи?

ЖООП: Илимдүүнүн илимсизге уюганы болбойт. Ал өзүнө окшогондорго имамга өтсө жарайт.

СУРОО: Кызымдын кулагына өзүм азан айттым эле. Башында “Биссмилахир рахмани рахим” деп айтылбай калды. Эми башынан айтыш керекпи? Бирок азанды толук айттым.

ЖООП: Ошонуң жарай берет. Кудайым эки дүйнө бактылуу кылсын...

СУРОО: Даабатчылардын кир, аялдыкындай узун көйнөк кийип келип даават айтышы туурабы?

ЖООП: Эми ошол кир көйнөк кийген биздин (намаз окугандардын) эң жамандарыбыз болуп эсептелет. А намаз окубаган, кудайсыздардын эң жамандары селсаяк болуп көчөдө жүрөт го. Ал ошол кир кийим кийген кечээ селсаяк болуп кеткенде көңүл деле бурбадың эле. Эң жакшы деп, сүрөттөрүн төргө илген, ошол намаз окубагандардын партиясындагы эки прездент качып эле кетти го. Парламентте олтурган жакшылар ачуу суудан ууртаганын, даараткана таппай даракка жаба урганын, дагы башка койчу, болбогон иштерди кылганы сенин көзүңө көрүнбөй эле, ушул кир көйнөк көрүнүп калабы?

Туура, мусулман таза болуш керек. Бирок ошону менен эле мусулманчылыкка көлөкө түшүрө берүү керек болобу? Ынсаптуулук кайда кетти. Сен карасаң, Абдышүкүр ажыга карабайсыңбы? Ал болбосо мага кара. Биз бир ич кийимди эки күн катарынан кийбейбиз. Ал эми узун көйнөк боюнча, Суусамырга барсаң, музейдеги Кожомкул алптын көйнөгү менен ошол дааватчынын көйнөгүнүн өлчөмү бирдей болбосо, мага кел.

Мусулманчылыкты кармануу үчүн сөзсүз эле араптардын, же башкалардын көйнөгүн кийүү шарт эмес. Бирок, ошол эле учурда алардын кийимин кийип алса тыюу салуу деле туура эмес деп билем. Анткени америкалыктардын, же батыш маданиятын кийип жүргөндөргө эч ким каршы деле чыккан эмес. Мисалы, тизесин көрсөтүп кыска кийген Каныкей энекебизди, же чач кырктырган Айчүрөк апабызды, же көкүрөгүнүн жарымын көрсөткөн Курманжан датканы элестете аласызбы? Мен мисалы элестетмек турсун акылыма сыйдыра албайм.

СУРОО: Намаз окуп, кайра ичимдик ичип, сойкулук, тоноочулук кылган адамдарды Кудай кечиреби?

ЖООП: Эми чындап ыйласа сокур көздөн жаш чыгыптыр. Жаңылып-жазбаган пенде болбойт. Чындап тообо кылса, Кудайым кечирет. Эң эле жаманы кечирет экен деп кайра-кайра күнөө кылуу болот. “Билип туруп сууга сийген” дегендей кээ бирлер билип туруп арам иштерге батынышат. Буларга өзүнчө азап болоор. Кандай болгон күндө да тообо эшиги дайыма ачык турат. Ошол эле учурда эске ала турган жагдай, ар бир пенде ар бир мүнөттө аркы дүйнөгө узай кетүүсү ыктымал.

СУРОО: Мечиттен адам байкабай аба ырайын булгап койсо не болот?

ЖООП: Даараты бузулгандан башка эч нерсе деле болбойт. Эшик-терезени ачып абаны айландырып койсо баары ордуна келет. Жаны бардын газы бар дейт. Парламентте деле аба булгагандар болсо керек. Эми аны жарыя айтышпайт да.

СУРОО: Халал азык-түлүктөрдүн адал экенине кантип ишенебиз?

ЖООП: Мамлекет менен диний башкармалык чогуу чаран көзөмөлдөгөн Адал ишканасы тастыктаган болсо коркпой ишенсек боло бериш керек. Бирок жеке менчик ишкана болгон учурда, шайтан алайхи лаьнанын таасири көбүрөөк тийип калуусу ыктымал. Негизи, адал тамак-аштагы эске алуучу орчундуу жагдай эт жана эт азыктары болуп саналат. Ошондой эле ден соолукка зыяндуу азыктар да макрух, же арам деген баага татыктуу болуп калат.


لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#194 Пользователь офлайн   asiana   02 Январь 2017 - 01:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 99
  • Катталган: 24 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 23 Июн 2019 22:52
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Беш маал намаз окуган адам, чогу иштеп акчасын алып бербей журот, наркы дунуойдо аласын деп,наркы дунуойдо акысын толоп беруу оной оюнчукпу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#195 Пользователь офлайн   mikoo   02 Январь 2017 - 01:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 30 Июль 16
  • Соңку аракети: 03 Янв 2021 23:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Октябрьский

Чубак ажы Жалиловко берилген суроолорго жооптор
Суроо: "Молдонун айтканын айт, кылганын
кылба",-деген сөз бекеринен болбосо керек.
Жооп: - Ооба, молдонун айтканын кылам
деп убара болбо, колуңдан келбейт.
Суроо: “Тигил дүйнөнүн бар экенин ким
көрүп келиптир?”
Жооп: - А жок экенин ким көрүп келиптир?
Суроо: “Молдонун айтканын кыла берсең
акмагың чыгат”- дейт эмеспи?
Жооп: - Чынында молдонун айтканын
кылсаң акмагың чыгып кетет. Антпесе
акмагың менен жашай берип, өзүң да
акмак болуп каласың”- дегени.
Суроо: “Мусулмандар деле кара ташка
сыйынышат”
Жооп: -Мусулмандар Кара ташка
сыйынышпайт. Болгону аны сыйлашат.
Суроо: “Ажылыкта каза болгон кары-
картаңдардын жоопкерчилигин ким алат?”
Жооп: - Аларды карылыгында ошол жакка
өздөрүн жөнөтүп койгон уулдары алат.
Суроо: “Жылкынын баары жорго болот,
жиндинин баары молдо”-болот деп бир
олуя айткан экен. Азыр деле андайлар
толтура го?
Жооп: - Ооба, жинди атыкпаган молдо
чынында жинди. Анткени, пайгамбарыбыз
с.а.в.ды жинди дешкен. Бирок, ким жинди
болуп чыкты?
Суроо: “Карыганда деле намаз окуса
жетишет да, азыр эртерээк го”
Жооп: - Туура айтасыз, азыр эрте. Өлүм
периштеси кечке чейин келип калса керек.
Суроо: “Мечит көбөйдү. Алардын ордуна
мектеп курса болбойбу?”
Жооп: - Болот, ким кой деди. Курам
дегендер болсо курсун.
Суроо: “Арак деле нан жасалган буудайдан
жасалат да. Аны неге арам дейсиңер?”
Жооп: - Энеңиз менен кызыңыз деле аял
да, эмнеге аларга үйлөнбөйсүз?
Суроо: “Ажыга барып келсе деле
күнөөлөрдү жасап жатышпайбы? ”
Жооп:- Мончодон чыкса деле адам кирдеп
жатпайбы?
Суроо: “Ажыдан келип алып, мурдагыдан
бетер бузукулук кылгандар бар...”
Жооп: -Туура, эшек Аравияга барып келсе
эле эшектигин кылбай койбойт.
Суроо: “Кечээ эле арак ичип жүрбөдү беле,
бүгүн намаз окуп калыптыр...”
Жооп: - Ооба, а сиз дагеле ичип жүрөсүз.
Суроо: “Намазды кыргызча окуса
болбойбу?”
Жооп: -Болот, бирок кыраатын кайсы
обончуга жаздырасыз?
Суроо: “Эмнеге эле молдокелер арак
болбойт, аялга барган туура эмес, тамеки
тартпагыла” – дей беришет?
Жооп: -Алар муну мусулмандарга айтып
жатышат.
Суроо: “Көп аял алуу кыргыз элине жат
көрүнүш. Кайсы кыргыз көп катын
алыптыр?”
Жооп: - Манас, Семетей, Сейтек, дегеле эр
менен баатырдын баары.
Суроо: “Азыр жаштар ата-бабасы койбогон
сакалды коюп калды”
Жооп: -Тетирисинче, азыр ата-бабалар
койгон сакал коюла баштады. А силер аны
алып салгансыңар. Курманжан даткадан
башка бүт кыргыз жакшыларынын сакалы
болгон.
Суроо: “Адам динден көрө илимди үйрөнүү
зарыл. Илим гана туура жолго жетелейт”
Жооп: - Илдимпоздордун эң укмушу
Акаевпи?
Суроо: “Көзү ачыктар жолун ачып, иши
жүргөндөр толтура”.
Жооп: - Анда эмнеге көзү ачыктар өздөрү
самсаалап базарларда отурушат?
Суроо: “Жүрөгүм таза болсо болду да,
намаз окуп, орозо тутуп эмне кылам?”
Жооп: - Тетирисинче жүрөктү намаз менен
орозо тазартат.
Суроо: "Өзү эле кечээ арак ичип жүргөн,
бүгүн эле намаз окуп калганын кара”
Жооп: - А сиз дагы эле ичип жүрөсүз. Качан
намаз окуп калаарыңызды кудай билет.
Суроо: “Кыздарга жоолук салып, баарын
чүмкөп салсаңар эркектер кимди карайт
эми?”
Жооп: - Өздөрүнүн кыздарын чечинтип
алып карай берсин. Сөзсүз бирөөнүн кызын
караш керекпи?!
Суроо: “Жоолукту салынып алып,
кылбаганды кылганы канча...”
Жооп: - Ооба, алар али кылбаганын кылып
жатат. А силер кылганыңардан али кутула
элегиңер канча?!
Суроо: “Кыргыздын кыздары жүздөрүн
чүмкөгөн эмес”
Жооп: - Анткени бүгүнкүдөй эркектери жок
эле
Суроо: “Шалбырап кийинип алып, үч уктап
түшүнө кирбеген жерлерде тентип жүрүшөт”
Жооп: - Анткени сизге окшоп
шалбырабагандар кошунасын да тыйып
койо албайт.
Суроо: “Чала молдо дин бузат” дейт
элде...”
Жооп: - Ооба, анткени толо молдосу динди
билбейт.
Суроо: “Намазды буйурганда окуйбуз...”
Жооп: - Бойго жеткендерге “Оку” деп
буйрулган. Же Кудай Өзү келип,
маңдайыңызга туруп буйурсунбу?
Суроо: "Намаз окуганга убактым жок болуп
жатпайбы?”
Жооп: - Эч нерсе эмес, өлүм периштеси
келгенде табылып калаар.
Суроо: “Сакалчандар террористтер, а
терроризм дегени коркутуу дегенди
билдирет экен”.
Жооп: - Туура айтасыз, алар гана тозок
менен коркутушат.
Суроо: “Намаз окуп жүрүп деле күнөөлөрдү
жасап жатышпайбы? ”
Жооп: - Алар жок дегенде намаз окуп
жатышат. А силер күнөө да кыласыңар
намазды да окубайсыңар.
Суроо: “Эмне үчүн эркек бир нече аял алса
болот, аял бир нече күйөө менен жашаганы
болбойт?”
Жооп: - Бир эркектин төрт кепичи болсо
кандай жана бир кепичти төрт эркек кийсе
кандай?
Суроо: “Адалсынган молдодон алты
камандын башы чыгат”,-дейт.
Жооп: - Айылдын баарын тазалаган тура
..... . .....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#196 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   13 Январь 2017 - 19:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Түш жөнүндө Исламда эмнелер айтылат? Түшүңдө көптөн бери көрбөгөн адамдарды көрсө, эртеси эле ошолорду көрүп каласың. Түштү жоруган кандай болот?

*ЖООП:* Түш жөнүндө көп жолу айттык гезит бетинен. Ошентсе да, түштү дайыма жакшылыкка гана жоруу керек. Эптеп жоруй албай турган адамга айтуунун зарылдыгы жок. Түштөр сүйүнчү сыяктуу болушат. Мисалы сиздин түшүңүздө кимге жолуга тургандыгыңыз көрүнөт экен. Бул жакшы нерсе, ошол көрө турган адамга бересеңиз болсо камдап алсаңыз, оңой кутуласыз. Көбүнесе, адам көп ойлонсо, ойлонгон нерсеси түшкө кирет. Ачка тооктун түшүнө таруу кирет. СУРОО: Базарда иштейбиз. Орус аял каша сатат, жесе болобу? Балдарга жаныбарлардын сүрөтү бар кийимди кийгизсек болобу? Мечитте отурганда бутун кыбыла жакка сунуп отуруп алышат, болобу? Укол алганда спирт кийимге тийип калса эч нерсе болбойбу?

*ЖООП:* Кашасына малдын майын кошпосо, бышырганда чочконун этинен жасалган тамак бышырган казанга бышырбаса, жегенге жарай берет. Теке болсо да сүт берсин. Жаш балдардын кийимине оюнчуктардын сүрөтү тартылган кийимдерди кийгизсе болот. Бирок чыныгы жаныбардын адис сүрөтчүгө тарттырган сүрөтүн кийгизүүгө болбойт. Периштелерди кубалайт. Мисалы, азыр кээ бир футболкаларга атактуулардын сүрөттөрүн тартып алып кийип жүрүшпөйбү? ! Мечитте олтурганда, же мечиттен тышкары жерде бутту кыбыла тарапка сунуп олтуруу адепсиздик болот. А бирок, атайын максаттуу эмес, кокустан буту кыбыла тарапка сунулуп калса зыяны тийбейт. Ошондой эле, олтуруп намаз окуй турган адамдар, бутун сунуп гана олтура турган болсо, ал учурда кыбыла тарапка бутун сунуп окуганга уруксат берилет. Эгерде бир адам, кыбыла тарапты мазактоо максатында, мусулмандардын урматтуу эсептелген тарапка урматсыздык көрсөтүү максатында кыбылага бутун сунуп олтурса, же кыбыланы карап түкүрсө, жаман ниети үчүн ыймандан чыгып кетет.

*СУРОО:* Мечитке намазга майкачан келип окуп атыптыр. Биз айтсак «бул аврат эмес го» дейт.

*ЖООП:* Туура айтат. Аврат эмес. Эртең үйлөнүү той кылганда, өзү үйлөнгөндө да аврат эмес деп майкечен келсин. Президент конокко чакырса да аврет эмес деп майкечен келсин... Аврат дегенден сырткары кийим кийүүнүн сүннөттөрү, адептери деген нерсе бар да, кокуй... Тузу жок, катыгы жок кара жарма ичкендей болуп, кантип ушундай болсун. Намазды жеңи узун, башына баш кийим кийип, кененирээк кийим менен окуйт.

*СУРОО:* Аялымдын чачы түшүп жатат, кыркса болобу? Узуну 50 см го.

*ЖООП:* Кырккандан башка жолу жок болсо, кыркса макул. Колунан келишинче кыркпаганга аракет кылсын. Аял кишинин чачы эң кыска дегенде мүрүсүнөн болуусу керек. Такыр болбосо, таз кылып алганга деле уруксат берилет, айласы куруса...
*СУРОО:* Тырмагына лак койгондордун гусулу өтпөй калса жасаган тамагы кандай болот?

*ЖООП:* Тырмагына лак койгон аял дегеле гусул жөнүндө ойлонот болду бекен. Гусул жөнүндө ойлонгон адам тырмагына лак койбосо керек. Ошого карабастан колун таза чайкаган болсо тамак жасай берет.

*СУРОО:* Өзүнөн чоң аялга үйлөнүү сүннөт болбосо, анан күнөө да болбойбу?

*ЖООП:* Күнөө болбойт, чырагым. Кайра жакшы болот. Ачынып калсаң жаап турат. Көчөдөн капа болуп келсең сооротуп турат. Анан бир аз улгайганда сага жаш, өзүңө тең аял алып берет.

*СУРОО:* Жакшы көргөн адамым боору ооруп көз жумду. Өлөөрүн бир ай мурда өзү уккан экен. Жашоодон чарчадым деп ооруканага барбай ар кандай дарыларды ичип жүрдү. Арак ичпей дарыланса, дем салдырып, өзүн караганда өлбөйт беле деп катуу өкүнүп ыйлайм. Көз жумаардын алдында дарыгерлер «Эртерээк алып келсеңер беш жыл жашамак»,- дешиптир. Аракет кылып чуркасак аман калмак беле деп эзиле берчү болдум. Өзүмдү күнөөлөйм, же тагдырбы, же ажал жетет деген чынбы?

*ЖООП:* Тагдыр. Анын жашоосунда эмне болуусу жазылган болсо, ошол нерсе ишке ашты. Өзүңүздү кыйноонун кереги жок. Намаз окуп, Куран окуп сообун багыштасаңыз жакшы болот. Жакшы көргөнүңүздү далилдеңиз. Маркумдар сиздин өкүнгөнүңүзгө, ыйлагандыгыңызга муктаж эмес. Алар сооптуу амалдарга муктаж.

*СУРОО:* Түшүмө Пайгамбарлар көп кирет. Аттарын да айтып өздөрүн тааныштырат. Бирөөлөргө жорутсам «көзүң ачылат» дейт. Сизден жооп күтөм.

*ЖООП:* Көзүң ачылат дегени күрөккө турбаган сөз. Пайгамбарлар түшүңө кирсе, Кудайдын бергени ошол. Намаздарыңды үзбөй оку. Жоолук салын. Анан калса Пайгамбармын деп сени алдап деле коюусу мүмкүн. Пайгамбарлардын кебете-кепширлери жөнүндө китептерди окуп аларды таанып ал. Айрыкча, Мухаммед (алайхис салам) турпатын таанып алсаң, ошого окшотуп тааныйсың. Шайтан Пайгамбарлардын кебетесине кире албайт. Эгер так тааныган болсоң, анда чындап эле пайгамбарлар кирген болот.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#197 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   14 Январь 2017 - 14:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

СУРОО:* Үйүбүз жоктугуна байланыштуу күйөөм төрөгөнүмө каршы. 2 кызыбыз бар. Чоңоюп калышты. Жашым өтүп жатат. “Пландап балалуу болуу керек”,-деп уруктугун да түшүрбөй келет. Ушул туурабы?

*ЖООП:* Кайсы бир деңгээлде пландаган туура болот. Бирок, уруктугун түшүрбөгөнү сиздин укукту тебелегендик болуп саналат. Аны сиздин уруксат менен гана сыртка түшүрүүгө укуктуу болот. Үйлүү дагы болосуңар. Үйлүү болгон убакта анын, же сиздин төрөгөнгө мүмкүнчүлүк калбай калса эмине болот? Ошондуктан, демилгени колго алыңыз. Балким төрөлө турган балаңардын маңдайына жазылгандыр силердин жалпыңардын үйүңөр. Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет...

*СУРОО*: Мен билген бир адам бар, 5 убак намаз окуйт, ислам тууралуу илими да өзүнө жетиштүү. Жубайы намаз окубайт экен. Эми ошол адам аялын, балдарын таштап намаз окуган аял алган. Никеде берген убадасы ысык-суугуна чыдайм дегендей, же анын балдарынын шариятка болгон көз карашы келечекте кандай болот?

*ЖООП:* Намаз окубаган аял менен жашоо кандай оор экенин элестете да албасаңыз керек. Аял турмушка чыккандан кийин күйөөсүнө ыңгайлашып жашоосу керек. Айрыкча мусулманчылык жашоосунда. Эмнеге намаз окубайт? Эмнеге ачыкчачык кийинет? Эркек ачык жүргөн аялзатын аялым деп ээрчиткенден намыстанат. Никеде берген убадасын аял деле аткарган эмес турбайбы? Никеде аял өзүн багыштайт, бул багыштаган эмес турбайбы? Керек болсо, күйөөсү жакшы көргөн тамакты жакшы көргөнгө аракет кылса, үй-бүлөдө бакыт орнойт. Балдары эмне дейт дейсиз. «Балам, балалуу болгондо билээрсиң» деген кеп бар, балдары
да баралына келгенде түшүнөт. Алар да жашоонун даамын татышат. Атасын түшүнөт.

*СУРОО:* Биз менен чогуу иштеген христиан дининдеги киши каза болду. Бир аз акча чогултуп, барып көмүшүп, чай ичип отуруп келдик. Барса болот беле?

*ЖООП:* Туура эле кылгансыңар. Эгерде тирүү кезинде даават кылсаңар, мындан да жакшыраак болмок...

*СУРОО:* Шаабан айы толук орозо кармаса Мункар, Накирден сурак болбойт деген туурабы? Үй-бүлөлүк лото ойносо болобу? Жума намаздын акыркы 4 рекет сүннөтүнөн кийин дагы 2 рекет сүннөт окулабы?

*ЖООП:* Шаабан боюнча сен айткан маселеден кабарым жок. Үй-бүлөлүк лотолор бекер таркатылса ойносоң болот. Бирок акчага сатылган болсо лотереянын бардык түрү арам. Жума намаздын акыркы төрт рекети менен жума бүттү болуп эсептелет.

*СУРОО:* Намаз бүтүп калса, кечигип калсам, коомат айтпай эле окуймунбу?

*ЖООП:* Ооба, кооматы жок окусаң боло берет. Сен үчүн мечитте айтылган коомат жетиштүү.

*СУРОО*: 2 айлык боюмда бар.Орозо кармасам болобу?

*ЖООП:* Дарыгериң менен кеңеш. Ал эмне айтса, ошону айтабыз.

*СУРОО*: Шарият боюнча үйлөнөм дейм. Кудалашкандан кийин тойго чейин сүйлөшө берсем болобу?
*ЖООП:* Ниетиң жакшы экен. Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартпа! Кудалашкандан кийин да сүйлөшпө. Никеден кийин сүйлөшө бересиң.

*СУРОО:* Кээде 4000 сомдук товарды 10000, же 12 000 сомдон сатып жиберебиз. Негизи шариятта канча кошконго уруксат?

*ЖООП:* Базардын баасын билбеген, элеттен келген адамга ашкере кошуп саткан болбойт. Анын баёолугун пайдаланба. Аны менен байып кетпейсиң. Анча кошсоң дагы өзүң бил. Уятың менен абийриң ченеп берсин.

*СУРОО:* 2 жолу 3 күндүк дааватка чыктым. 40 күндүк дааватка чыксаң сен үчүн тозок арам, 4 айлык дааватка чыксаң, Кыяматта сенден сурак болбойт дешти. Ошентсем бейишке шуулдаган бойдон киремби?

*ЖООП*: Ошентип айтса дагы болот бекен?... Бейишке шуулдаган бойдон кириш үчүн көп эмгек керек болоор.

*СУРОО*: Аялын «каалаганыңа тийип, каалаган жагыңда жүрө бер, көңүлүмдү калтырдың» деген сөздөр менен коркутса, талак түшүп калабы?

*ЖООП*: Талак түшпөйт. “Жаман иттин аты бөрүбасар” дегендей, сенин дагы коркутканың жаман экен. Кудай сакта! Ошентип да коркутабы?!

*СУРОО:* Зекет канча сом беребиз?

*ЖООП:* Акчаң жүз он беш миң сомдон жогору болсо, кырктан бирин бересиң. Мисалы, эки жүз миң сомуң болсо беш миң сом бересиң.

*СУРОО:* Күйөөм 8 жыл мурун каза болгон. Турмушка чыкканым жок. Күнөө болуп саналабы?

*ЖООП:* Күйөөсү жок жаман жолго түшүп кетчүдөй болуп турсаң, күнөө болоор. Антпесең, күнөө болбойт. Бирок колоктоп бой жүрбөй, ылайыктуу бирөөгө баш байлап алсаң, эки бакыр бир тукур болуп, жакшы эле болот.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#198 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   14 Январь 2017 - 14:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

*СУРОО*: Орозодо даарат алганда оозуңа суу алса болобу? Кээде намаз окуп жатканда азан угулуп калат. Ошондо башынан окуш керекпи?

*ЖООП*: Орозо учурунда даарат алганда оозго жана мурунга суу алса болот. Бирок тереңдетип алгандан сактануу керек. Азан өз убагында так айтылуусу кажет. Мисалы, Бишкектин борбордук мечитинде багымдаттын азанын жыйырма мүнөт кечиктирип айтышат. Азан өз убагында так айтылса, азандан кийин окуу керек болот. А бирок, азан кеч айтылса, сиз өз убагында так окуп жатсаңыз, эч кандай маселе болбойт.

*СУРОО:* Этек кир келген учурда окулбай калган намаздар карыз болуп калабы? Орозочу?

*ЖООП*: Этек кир келген учурлардагы намаздар карыз болбойт. Ай сайын келгендиктен аялзаты бул учурлардагы намаздардын карызынан куткарылган. Ал эми орозо бир жылда бир жолу болгондуктан, этек кир келип, тутулбай калган күндөрдү кармоо анчалык деле оор болбогондуктан, алар карыз болуп эсептелет.

*СУРОО:* Багымдат намазынан кийин даарат бузулса, бетиңди, бутуңду жуубай, аврат жериңди гана жууп, дуба окуп, зикир чалып отурса болобу, же кайрадан даарат алуу керекпи? Телевизор көрүп, музыка угуу күнөөбү?

*ЖООП:* Ооба, даараты жок деле зикир чалса жарай берет. Телевизордон шариятка каршы келбеген нерселерди көрсө болот. Музыка жөнүндө жогоруда айттык.

*СУРОО*: Сакал өстүрүү парзбы? Ата-эне каршы чыкса алыш керекпи?

*ЖООП:* Сакал коюу сүннөт. Ата-эне каршы чыкса алуу керек болот. Ошол эле учурда ата-энесине хидаят-туура жол сурап дуба кылуу да керек болот. Анткени, ыйманы алсыз ата-эне гана сакалга каршы чыгат.

*СУРОО*: Аялдын айызы келип турганда кылган тамагы арам эмеспи?

*ЖООП:* Жок, арам эмес.

*СУРОО*: Укол алганда спирт сүртүлгөн бойдон намаз окуса болобу? Суу менен жууганга болбогон учурда?

*ЖООП*: Спирт сүйкөлгөн абалда намаз окуса болот. Спирт кошулган атыр себинип намаз окуса да жарай берет. Анткени спирт арам болгону менен нажас эмес. СУРОО: Каза намаздарды ар бир 5 убак намаздын алдында окуса болобу? Рекеттери кандай окулат?
*ЖООП:* Каза намаз менен жөн намаздын окулуусунда, рекеттеринде айырмачылык жок. Ниеттеринде гана айырмачылык бар. Беш маал намаздын алдына салып каза намаздарды окуса боло берет.

*СУРОО:* Жолдошум жакында каза болду. Анын түшкөн сүрөттөрүн, тасма дисктерин сактасак болобу?

*ЖООП:* Аллахым артын кайрымдуу кылсын. Сүрөттөрүн сактасаңыз деле болот, эгер көргөн
сайын эстей берип муунуңуз бошойт десеңиз, бирэкөөнү алып калып калганын өрттөп жиберсеңиз деле болот.

*СУРОО:* Жигитим намаз окуйт. Бир күнү мага телефондон «Никебизди кыйдырып албайлыбы?» дейт. Эмне деп жооп береримди билбей калдым.

*ЖООП:* Жок. Качан үйлөнө турган күн келип, той болгондо нике кыйдырабыз. Ага чейин сүйлөшкөнгө да болбойт деп жооп бер. Сен да намаз оку.

*СУРОО:* Намаз окуйм, жоолукчанмын. Атыр, боёно турган каражаттарды сатсам шариятка туура келеби? Башка ишим жок. Эски сүрө, дубалар жазылган кагаз бар. Аларды ыргытып, күйгүзүп жиберсек кандай болот? “Рисале- и-Нур” жыйнагындагы китептерди окуса болобу? Намаз окуп атып пикирим чачыла берет. Эмне кылсам болот?

*ЖООП*: Косметиканы сатканды шарият тыйбайт. Ар бир аял өзүнчө косметикага ээ болуусу милдеттүү. Күйөөсүнө атыр-упа коюп жасануусу керек болот. Сиз сатпасаңыз алар аны кайсы жерден сатып алышат эле... Эски сүрөө-дубаларды таза жерге коюп өрттөп жиберсеңиз жакшы болот. Мисалы тандырга күйгүзүп жиберсеңиз болот. “Рисале –и –нур” жыйнагындагы китептерди окусаңыз болот. Бирок, андан башка китептерди окуса таптакыр болбойт деген пикирден оолак болуу керек. Намаз окугандан мурун ниетти бир жерге топтоп алып киришүү ылаазым. Инсандыкка таандык кээ бир жумуштарын бүтүрүп кирүү керек. Мисалы, дааратканага баргысы келип турган болбосун, же өтө ысык, же өтө суук жайда намаз окубасын. Намаздан кийин «Аүуузу биллаахи минаш шайтоонир рожиим» деген дубаны айтып сол далысынан арта үч мертебе түкүрсүн.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#199 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   14 Январь 2017 - 15:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВДОН ТУРМУШТУК СУРОО-ЖООПТОР*

*СУРОО:* Аялым Орусияга кеткенине 6 ай болду. Нике бузулбайбы?

*ЖООП:* Бузулбайт. Бирок, сен аялыңды тигил жакка жиберип коюп бул жакта эшек такалап жүрөсүңбү? Сен да кет. Барып аны кара.

*СУРОО:* Сизди Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жакшы көрөбүз, сыйлайбыз. Кыргызстанга сиздей такыба аалымдар абадай кажет. Чет өлкөгө кете турган ниетиңиз болсо, кетпеңизчи. Биз чын ыкласыбыз менен суранабыз. Эгерде жубайлар бул дүйнөдө ажырашса, тиги дүйнөдө дагы чогуу жашашабы?

*ЖООП*: Сизди Аллахым өзү жакшы көрсүн. Жалгыз бир эле адам менен жашаган болсоңуз, экөөңөрдүн бара турган жериңер бир болсо чогуу болосуңар.

*СУРОО*: Квас ичсе болобу?

*ЖООП*: Шаарда сатылып жаткан, бөлкөдөн жасалган квастарды ичсе болот. Суусундук катары каралат. Бирок балчелекчилердин балдан жасаган квасы кадимкидей мас кылуучу касиетке ээ болгондуктан, арам деп билебиз.

*СУРОО:* Аялым менен урушуп «ажырашабыз, кет, тойгуздуң мени» деген сөздөрдү айтып алдым. Талак түшпөйбү?

*ЖООП*: «Ажырашабыз» деген сөзүңүз келээр чакта болгондуктан маани берилбейт. «Тойгуздуң мени» деген сөзүңүз да нике маселесине таптакыр тиешеси жок. Ал эми «кет» деген сөзүңүздү ажырашуу ниетинде айткан болсоңуз, бир талак боин түшөт. Кайрадан нике кыюуга милдеттүүсүз. Ал эми андай ниетиңиз жок болсо, эч кандай мааниге ээ
болбойт. Катардагы эрди-катындын урушканы болуп эсептелет.

*СУРОО*: Аср намазы 4 рекет парз элеби, же 4 рекет сүннөтү да барбы?

*ЖООП*: Асрдын алдынан окулчу төрт рекет мустахабы бар. Аны сүннөт деп айтканга болбойт. Мустахаб деп айтсак туура болот.

*СУРОО:* Намаз окуп жатып кекирип, же эстегенде намаз бузулбайбы?

*ЖООП:* Намазы бузулбайт. Намаз учурунда эстегенде колу байланып турган болсо, сол колунун аркасы менен оозун жабат. Колу байлануу эмес болсо, оң колунун аркасы менен оозун жабат. Намаздын сыртында эстесе, сол колдун аркасы менен оозду жабуу мусулманчылык адептерибизден.

*СУРОО:* 33 жолудан зикирди сол кол менен чалса болобу?

*ЖООП*: Оң кол менен жакшыраак. Бирок сол колуңуз менен, же эки колуңуз менен чалсаңыз да жарай берет. Маселе, кайсыл кол менен чалууда эмес, зикирдин чалынуусунда турат.

*СУРОО*: Эркектердин чачын кыркып иштесе болобу? Чачтын бардыгы бирдей болуш керек дейт, бирок азыркы учурда төбөсүн, маңдайын бир аз узунураак кылышат. Болобу?

*ЖООП:* Бирдей дегендин мааниси, таптакыр маскарапоз болуп кетпесин деген сөз. Кээ бирлер башынын кээ бир жерин таптакыр кырдырып, башка бир жерин өстүрүп алганын шариятыбыз жактырбайт. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) жек көргөн. Ал эми узундугу бири-бирине жакыныраак болгон чач жасалгаларына шарият каршы эмес. Андыктан эркектерге чачтарач болуп иштесеңиз болот.

*СУРОО*: Мен музыканы көп угам. Бул туура эмес дешет. Чынбы? Сүрөөлөр жаздырылган телефон, дисктерди үйгө коюп койсо болобу?

*ЖООП:* Музыканы көп уксаң жүрөгүң карайып кетет. Ырайым-мээримден кур жалак каласың. Телефон менен дисктерди үйгө койбогондо көчөгө коймок белең? Бийигирээк жерге койсоң жакшы.

*СУРОО*: Аалымдарды каяктан тапса болот?

*ЖООП:* Республикалык масштабдагы аалымдарыбыз бир топ эле бар. Облустугу андан көп, райондугу жер жайнайт. Айылдыгынын эсеби жок, көп. Кыргыздын эки күн намаз окуса, үчүнчү күнү молдо болуп алмайы бар эмеспи?. Молдо Сабыр, Молдо Газы, Молдо Надыр, Молдо Ахун, Абдышүкүр ажы, Максат дамбылда, Сиражиддин шейх, Нурулла кары, Жээнбек шейх деп санап олтурсаң бир канчага барып калат.

*СУРОО*: Күйөөм мас эле, атасына өчөшүп «3 талак бердим» деп айткан. Бирок артынан «Тообо кылдым, сени менен жашайм, атама өчөшүп айттым эле»,- деди. Азыр нике окутпай эле жашап жатабыз...

*ЖООП:* Күйөөңдөн суроо керек. Эгер сага талак берүүгө ниети жок болсо, айткан талагы түшпөйт. Анткени ал өз сөзүндө сенин атыңды айткан эмес, талакты сага таандык кылуучу сөздөрдү колдонгон эмес. А эгер, ниетинде талак берүү болгон болсо, талак түшөт. Кокустан сенин атыңды айткан болсо, ал учурда ниети суралбайт. Айткан талагы түшөт.

*СУРОО*: Жыныстык мамиледен кийин аялым экөөбүз гусул ала элек болчубуз. Конок келип калды. Учурашып, тамак-аш берсе болобу?

*ЖООП:* Эки колуңарды жууп алган болсоңор боло берет.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#200 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   14 Январь 2017 - 15:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ ТУРМУШТУК СУРОО-ЖООПТОР*

*СУРОО:* Аялдар оронушу керекпи, же оронбосо да болобу?

*ЖООП*: Оронуш керек болот. Жоолук салынуу, узун этек, узун жең менен жүрүүсү милдеттүү болот. Бирок ошол узун кийим да айлана-чөйрөгө бир аз ылайыкташуусу керек. Таптакыр кара кийим кийип алгандары биздин менталитетке бир аз одоно келет.

*СУРОО:*Топурак жеген күнөөбү?

*ЖООП:* Атайын жей турган күлбото деген топурактын түрү болот. Ошону жегенге уруксат берилет. Анан көчөдөгү баткакты, же акиташ-цементти жегенге таптакыр тыюу салынат.

*СУРОО:* Биздин каза намаздарыбыз көп болгондуктан кыжаалатпыз. Харам мечитинде окулган намаздардын сообу 1000 эсе көп болсо, ошону менен каза намаздардан кутула алабызбы?

*ЖООП:* Акыретке барганда Аллах Таалам Өзүнүн пазилет-жоомарттыгы менен ошол эселенген соопторду каза намаздардын ордуна өткөрүп жиберүүсү толук мүмкүн. Бирок ал жөнүндө бизге кабар берилген эмес. Пенделердин мойнундагы милдети каза намаздарды колунан келишинче окуп бере берсин, ажалы жетип өтүп кетсе, калганын Аллахтын ырайымынан сүннөт жана нафил намаздарыбыз каза намаздарыбыздын ордун жапкай деп үмүт кылабыз.
*СУРОО:* Аялдарга таравих намазы сүннөтпү, же парзбы?

*ЖООП:* Эркектерге да, аялдарга да таравих намазы сүннөт муаккада. Аялдар мүмкүнчүлүгү болушунча таравих намазын үйүндө окуганы жакшы. Төрт рекеттен кылып жыйырма рекет окуса аткарган болот.

*СУРОО:* Жуунганда буттун таманын самындап жууса, тиги дүйнөдө кыл көпүрөдөн өтпөй калабы?

*ЖООП:* Жок берекем, андай эмес. Бут дегенди самындап жууп туруш керек. Байпагыңды шыпка ыргытсаң жабышып кала тургандай болбош керек. Кээ бир адамдар буту ушунчалык жыттанат, мурдуңдун аллергиясы кармайт. Кээде мечитке буту сасыктар кирип кетет. Саждага барсаң мурдуңа жаман жыт келип турат. Адам бутун, байпагын карап жүрүүсү керек болот.

*СУРОО:* Чындыгында, бул сизге жагымсыз суроо деп ойлойм. 3 талак тууралуу эч кабарым жок болчу. Бир күн телефон аркылуу келинчегиме ошол жаман нерсе оозумдан чыгып кетти. Арадан 6 ай өттү. Келинчегим менен ажырашуу такыр оюмда жок.

*ЖООП*: Сени алдамчы деш керек. Кабарың жок болсо, кантип аны айттың экен?! Кабары жок адам кантип кабардуу болуп калды экен?! Ошондуктан, кабарым жок эле дегениң таптакыр туура эмес. Канткен күндө дагы сенин маселеңди чечүү үчүн экөөңдү бет маңдай олтургузуп алып суроо керек болот. Бул сөзүң менен эшектин тушоосу дагы чечилбейт.

*СУРОО:* 5 маал намаз окуйм. Акыркы күндөрү эртең менен уктап калып жатам. Бул күнөө эмеспи?

*ЖООП:* Күнөө.

*СУРОО*: Азыркы жаштардын көбү заманга жараша дешип кыз-жигит болуп жүрүшөт . Ушул туурабы?

*ЖООП:* Туура эмес. Заманга жараша дегидей заман өзгөрүп кетиптирби? Ошол эле күн, ошол эле
ай. Жада калса, ошол эле жылдыздар. Заман өзгөрбөйт. Заманда жашап турган адамдардын пейилкую өзгөрөт. Кыз-жигит болгон туура эмес. Шайтандын шакирттери кыла турган иш.

*СУРОО*: Намаз календарында багымдат намазынын убактысы менен орозо календарында ооз бекитүү убактысы бирдей. Ооз бекитип дароо эле багымдат окусак болобу, же 15-20 мүнөт өткөрүү керекпи?

*ЖООП:* Календардагы убакыт, ооз бекитүү учуру багымдаттын кирүү учуруна туура келүүсү милдеттүү. Ошого карабастан, 5-6 мүнөт этият алгандыгыңыз жакшыраак.

*СУРОО:* Мен өзүмдөн өзүм туталанып, ичим туз куйгандай ачышып, буулугуп ыйлай берем. Баардык жерим ооруйт. Арыктап, капкара болуп чүнчүп кеттим. Апама, бир туугандарыма күндөн күнгө жек көрүүм күчөп барат. Аларды көрсөм эле кыжырым келет. Эч кимге кошула албайм. Жашынып алып ыйлай берем. Дарыгерлерге кайрылсам, так диагнозун айта алышпады. Тааныштарым «сенде кара дуба бар»,- деп айтышты. Кара дуба ушундай ооруларга алып келеби?

*ЖООП:* Намаз оку. Орозо тут. Бардык нерсени Аллахтын каалоосу деп бил. Келечекке үмүт менен кара. Дайыма даарат менен жүрсөң, бул оорудан айыгасың.

*СУРОО:* Менин жынысым эркек. Бирок байкелерим «кызтеке», «катын» деген сөздөрдү айта беришет. Кийинки учурларда жеңелер да айта башташты. Мен себепчи болуп күнөөгө батып жатышкан жокпу? Мен эмне кылуум керек?

*ЖООП:* Байкелериң акмак болбосо, жеңелериң даап айтышпайт эле. Бир тууганды бир тууган сыйлап, жаманын жашырып, жакшысын ашырып
в туруу керек болот. Тууганым, дааватка чык, намаз оку. Кудайдан калба. Ал байкелериңе Кудай Таалам ынсап берсин.

*СУРОО:* Уулум 4 жашта. Бетинен өпсөм, орозом бузулбайбы?

*ЖООП:* Балаңды эмес, балаңдын атасынын бетинен өпсөң деле орозоң бузулбайт. Болгону, өбүү делебени козгобогондой болуу керек.

*СУРОО:*
1) Аялын күйөөсү башына чыгарып албаш үчүн аялга кандай мамиле кылуу керек? 2) Мусулмандар каапырга биринчи болуп салам берсе болобу?

*ЖООП:* Аялын башына чыгарып албоо үчүн күйөөсү аялына шарияттагыдай мамиле кылуу керек. Шарият китептерин окуңуз. Аял-эркектин ортосундагы укуктар менен милдеттерди үйрөнгөндүгүңүз өтө пайдалуу.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 14:20

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: