Чубак ажыга берилген суроолорго жооп Суроо бербеңиздер. Чубак ажыга жетпейт. Башка сайттан алынган.
#201 14 Январь 2017 - 15:06
*ЖООП:* Мусулман, Кудайдан корккон дарыгердин кеңешин алыңыз. Ал доктур орозо кармоого уруксат берсе, орозо кармооңуз керек болот. Ал эми суурдун эти боюнча мына буларды айтса болот. Суур менен кашкулак экөө окшош болгону менен суур жалаң гана чөп-чардын тамырлары менен тамактанат, ал эми кашкулак өлүмтүккө да кол салганы айтылат. Кашкулак суурга салыштырмалуу өтө эле сасык жаныбар болот. Эгерде суур чындап эле тамырдан башканы жебей турган болсо, анда суур менен коёндун айырмасы жок болуп, экөө тең адал болот. Кокустан, суурдун жашоосун изилдеген адистер суур, жандуулардан кээ бир нерселерди, мисалы чычканды жейт деп билдиришсе, ал учурда мышыктын өкүмүндө болуп, экөө тең арам болот. Мен жаныбарлар боюнча адис болбогондуктан кайсы жаныбар эмне жегендиги боюнча көп деле маалыматым жок. Дуба китептерге келсек, окусаңыз эле жакшы. Эң жаманы окубай койгон. Дуба окугандан мурда намазды баштасаңыз, андан бетер жакшы. Анткени, намазды Аллах Таалам парз кылган. Сиз дуба окуп Аллах Тааладан сурап жатпайсызбы? Адегенде, ошол сиз дуба кылып жаткан Аллах Тааланын парзын аткарып андан кийин сурасаңыз тезирээк кабыл болуп, өзүңүздүн да жүзүңүз жарык болот.
*СУРОО:* Үйлөнгөнүмө 6 ай болду. Аялымдын бир жаштагы кызы бар. Бир бала коркутуп, 5-6 ирет зордуктап качып кетиптир. Кайненем өзү багат. Менин ата-энем билбейт. Ата-энем аялымды кыз бойдон келди деп ойлойт. Биринчи түндө бармагымды кесип шейшепке кан тамызып койгом. Ынтымактуу жашап жатабыз. Кеңешиңизди күтөм.
*ЖООП:* Эми сага кандай кеңеш берейин, өзүң өтө эле акылдуу экенсиң. Ынтымактуу болсоңор, ошону сактап кал. Жашооңорду уланта бергиле. Экөөңөрдү ортоңорду сыр сыр бойдон сакталып калганы ийги.
*СУРОО:* Кайнатам менен чогуу турабыз. Ал көзүн сактай албайт, көкүрөк, жамбаш дегендей карай берет. Сиңдим уктап жатса көкүрөгүн кармаптыр. Жанынан өтсөң калп эле колун тийгизип өтөт. Андан жийиркенем. Аялдар менен көрүшкөндө алаканын кытыгылайт экен. Жакын эле адамыбыз менен мамилеси бар. Мен жумушка кетсем жашынып келет. Эч ким көрбөдү деп келгенин өзүм көрдүм. Карабайсың, кирин жуубайсың деп көп тил угам. Ич кийимин да мен жууп беришим керек экен. Бирок мен бирин да жасагым келбейт. Аллахтан корком өзүмө кайтпайбы деп. Аллах мени кечиреби?
*ЖООП:* Мындай учурда силер бөлүнүп жашаганыңар дурус болот. Күйөөң менен кеңеш.
*СУРОО:* Орозо туткан адам бетине крем сүртсө, помада койсо, кашын терсе, атыр себинсе орозосу бузулбайбы?
*ЖООП:* Сиз айткан маселелердин бардыгында орозо бузулбайт. Бирок аялзаты көчөгө, сыртка чыгаарда помада койгону, буркуратып атыр себингени туура эмес. Көчөгө атыр коюп чыккан аялзатына периштелер каргыш айтып турушат. Шариятта арам болот. Крем муктаждыкка жараша сүртүлгөнү туура болот. Ал эми каш терүү аялзаты үчүн күнөө болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) каш терүүдөн тыйган.
*СУРОО:* Менин жашым он төрттө. Орозонун биринчи күнү чыдабай орозомду ачып койдум. Бирок эртеси күнү орозо тутканга үйрөнүп калдым. Ачып койгонум күнөөбү?
*ЖООП:* Чыдабай койгондо кандай болду? Эгер орозо кармап туруп, ачка болгондугуң себептүү олуттуу ооруга дуушар боло турган болсоң, же денсоолугуң майып болуп кала тургандай болсо ачканга уруксат берилет. Тутпай калган ар бир күнгө бир күндөн тутуп бересиң. Ал эми жөндөн-жөн эле ачып жиберген болсоң тутпай калган күн үчүн бир күн, ал эми орозонун урматын сактабай ачып жибергениң үчүн алтымыш күндү удаама-удаа кармап каффаарат аткарып берүүң милдеттүү болот. Мунун баары сен балагатка жеткен учурда болот. Анткени, азыркы учурда көпчүлүк он беш жашка барып балагатка жетүүдө.
*СУРОО:* Мен базарда иштейм. Орозо кармай албай жатам. Башында үч күн кармадым. Кармай албай калган күндөргө 50 сомдон берсем болобу? Кимге берем?
*ЖООП:* Кармай албай калган күндөрүнө бели бекчейип калган кемпир-чалдар фидия берет. Ал эми жаштар тутуп берүүсү милдеттүү болот. Бир аз ооруп турган болсо, жакшы болгондо тутуп берет. Сен тутпай калган күндөрүңдү тутуп бер. Эртеңден баштап тутуп карма.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#202 14 Январь 2017 - 15:08
*ЖООП:* Аялдын эркекке дем салганы туура эмес. Эркектер эркектерге дем салсын. Аялдар аялдарга дем салсын. Кээ бир аялдар бирин жактырып калса эле кайра-кайра барып, дем салдыра берет. Бул туура эмес. Эгер кайсыл бир эркек эшикти жаап, терезени калап дем салса, аны шайтан дегиле. Колдон келсе эркек эркекке, аял аялга дем салсын. Ар кимдин өзүнө-өзү дем салганы эң жакшы. Жатарда бизде «Алхамду» делген Курандын Фатиха сүрөөсүн, Аят аль-Курсини, Каафируун, Фалак, Насты окуп, колго үйлөп кол жеткен жердин баарына сыйпап чыксаңыз – бул пайгамлардын сүннөтү.
*СУРОО:* МЕНИН КРЕДИТИМ БАР. БЫЙЫЛ КУРБАН ЧАЛА АЛБАЙ КАЛДЫМ. АЯБАЙ ӨКҮНҮП ЖҮРӨМ. ИШТЕРИМ ЖАКШЫ.
*ЖООП:* Кредиттен тезирээк кутулуп, аны кайра албаңыз. Аны алууга мусулманга тыюу салынган.
*СУРОО:* АЙТТАН МУРУНКУ АРАПА КҮНДӨРҮНДӨ КИР ЖУУБАЙТ ДЕШЕТ. БУЛ ТУУРАБЫ?
*ЖООП:* Бизде эки айт бар, Орозо айт жана Курбан айт. Арапа күнү Курбан айтта болот. Орозо айтта Шектик күнү болот. Себеби «эртең орозобу же орозо эмеспи» деп шектенгенибизден «шектик күнү» болуп калган. Арапа, Шектик күндөрү иш кылбайт дегени, ошол күнгө чейин бүтүрүп койсо жакшы дегендик. «Койчунун кызы кой келгенде иш кылат» дегендей кээ бир адамдар айт келе жатса, кыйраткансып иш кылып калат да. Айтта адамдар майрамдаш керек, айтташ керек, боорсок бышырып, үй шорпо жытанып, балдар жилик кучактап укташ керек. Ошондо анан той болот. Той күнү иш кылбаш керек. Адамдардын майрамдык маанайын бузбаш керек. Бул күнү жаңы кийимдер, сандыкта жаткан чапандар, жаңы маасы-көлөчтөр кийилиш керек. Адамдар арак ичпеш керек, балдарга сүйүнчү пул бериш керек, айтор, ушундай майрамдык маанай болуш керек. Бирок зарыл иш болсо кылса боло берет.
*СУРОО:* КАТЫНДЫН СӨЗҮН КАЙТАЛАГАН ЭРКЕКТИН ИШИ ЭМЕС ДЕДИҢИЗ. КИШИ КАРА БАР ЖЕРДЕ УНЧУКПАЙ КОЮП, ӨЗҮНЧӨ КАЛГАНДА «ЭМНЕГЕ МИНТИП АЙТТЫҢ» ДЕП СУРАСА ТУУРА БОЛБОЙБУ?
*ЖООП:* Эми тууганым, «разборка», ызы-чуу кылып териштиргендин кереги жок. Аял киши жеңил адам, ачуусу менен айтып алды. Байкуштун аны айткысы деле келбейт эле. Ошону эмнеге айттың дештин кереги жок. Ал өзү эле уялып калат. Ошондуктан эл жок жерде барып, эмне минтип айттың деп такалаштын да кереги жок. Жөн эле ушуну туура эмес кылдың окшойт деп айтып, эскертип коюу жетиштүү болот. Ар бир сөздү жазып алып, милийсадай болуп тергеп чыгуу жакшы эмес. Аял киши акылы менен эмес, көбүнчөсүн сезимдери менен аракет кылат. Ошондуктан ката кылгандыгы өзү деле түшүнүп калат.
*СУРОО:* ҮЧ ЖЫЛДАН БЕРИ ЧЕТТЕ ИШТЕП ЖҮРГӨМҮН ДА. ӨЗҮМ ҮЙЛӨНГӨМ. ҮЙЛӨНҮП КЕТКЕМ, КЕЛИНЧЕГИМ БИЯКТА КАЛГАН. КЭЭ БИРӨӨЛӨР АЙТАТ НИКЕ ЖАРЫЛЫП КАЛГАН, ЖАҢЫРТЫШ КЕРЕК ДЕП. ОШОЛ ЖӨНҮНДӨ СУРАЙЫН ДЕГЕМ
*ЖООП:* Жок, нике жарылып кала бергидей жумуртка эмес да. Ал жөн эле сөз. Алты ай жүрсө нике жарабай калат деген нерсе жок. Белек-бечкек жиберип, тез-тез келип турсаңыз эле нике ордунда тура берет. Кудай Таалам бакыт-таалай берсин.
*СУРОО:* БАЛА ТӨРӨЛГӨНДӨ КУЛАГЫНА АЗАН ЧАКЫРЫШ КЕРЕК ДЕП УГУП КАЛАМ. МЕНИН ЭКИ БАЛАМ БАР. АЛАРГА АЙТЫЛГАН ЭМЕС. КИЙИНЧЕРЭЭК АЙТЫП КОЙСО БОЛОБУ? ЧОҢОЮП КАЛЫШТЫ ДА.
*ЖООП:* Мечитке жетелеп барыңыз. Ошол айтылган азан жетиштүү болот. Дайыма мечитке алып барып туруңуз, жакшы болот. Ийгиликтин эрте-кечи жок. Эч болбосо, кеч болсун деген кыргыздын накыл кеби бар. Азан айтылган кулакка арам кирбейт, Алла деген сөз кирет, мындай кулак кийин ууру болбойт, кески болбойт, кийин ыймандуу болот, арактан алыс болот, зынадан аыс болот. Балдарыбыздын кулагына бул ааламга түшкөндөгү биричи сөзү «акча» же «арак» деген болбостон, «Алла» деген сөз кире турган болсо, демек келечегибизди камсыз кылган болбобуз.
*СУРОО:* УЧУРДА ҮЙ-БҮЛӨМ МЕНЕН ЖАМАН АКЫБАЛДА ТУРАБЫЗ. КӨКӨЙҮМДҮ КЕСИП ТУРАТ, ЭКИ БАЛАБЫЗ БАР. МЕНДЕН ДА КЕТТИ, АНДАН ДА КЕТТИ ДЕГЕНДЕЙ. КАЙРА ЫНТЫМАККА КЕЛСИН ДЕП БАТАҢЫЗДЫ БЕРИП КОЕСУЗБУ?
*ЖООП:* Кудай Таалам ынтымак, ийгилик, жакшылык берсин. Кудайым ажырашкандарды жараштырсын. Таарынышкандарды табыштырсын. Кара далы кыздарыбыз тезирээк күйөгө тийсин. Бойдокторубуз колоктоп жүрбөй тезирээк үйлөнсүн. Ооруп аткандарга тез шыпаа берсин. Кудайым шерменде кылбасын. Эркек кечирим сураганды билгенде гана эч бир себепсиз эле үйлөнгөнгө даяр болот. Эгер кечирим сурай албаса, анда үйлөнүүгө даяр эмес. Териштирип, кимдики туура экенин аныктагандын кереги жок. Ал олимпиадада болот, допинг ичтиңби деп сураштыруу. Эрди-катындын ортосунда болгон маселеде эркек жөн гана кечирим сураганды билиш керек. аялдан кечирим сурап, аны мактап ишке салсаңыз, аялдан өткөн баатыр болбойт. Ошондуктан аялдардын психологиясын бир аз билиш керек. булар эркектей макулук эмес, өзгөчө макулук. Эмне көп? Жакшы сөз көп. Ошондуктан буларга жакшы сөз айтсаңыз жарашат сизге.
*СУРОО:* МЕН СЕМЕЙНИЙ КИШИМИН ДА. КЕЛИНЧЕГИМ БАШКА ҮЙ-БҮЛӨ МЕНЕН ЖЫНЫСТЫК МАМИЛЕДЕ БОЛОЛУ ДЕП СУРАНЫП АТАТ. ЭМНЕ КЫЛАМ?
*ЖООП:* «Семейний» дегендин кыргызчасы бар. «Үй-бүлөөлү» десең. Кыргызча түгөнүп калса, орусча сүйлөйбүз. Андай кылуу – арам. Ал тообо кылсын. Достор чогуу отурганда, аял-эркек аралашып отуруунун өзү туура эмес. Анткени бирөөнүн катыны бирөөнө кыз көрүнөт деген сөз бар. бирөөнүн күйөөсү бирөөгө жигит көрүнөт. Ошондуктан достор отурганда, аялдар бөлөк, эркектер бөлөк отуруш керек. «Аяш-аяш» деп бири-бири менен аралашып бийлеген таптакыр туура эмес. Сенин аялыңды башка бирөө белинен кучактап бийлеп аткан бул арам, арам. Керек болсо башканын аялы менен сүйлөшкөнгө болбойт. Ушундан жанагындай арам ойлордун баары башталат да. Анын аялынын көзү сизде, сиздин аялыңыздын көзү башкада болуп. Муну бизге орустар алып келип, кадимки көрүнүш болуп калды. Сен маданияттуу көрүнөсүң, бирок сенин аялың менен башка бирөө жатып аткан болот. Сен башканыкы менен жатып аткан болосуң. Бул таптакыр туура эмес нерсе. Ошондуктан бул туура эмес маселе. Таптакыр аны колдобоңуз. Бул шайтанчылык, таптакыр арам. Ал эмес тооктор, мал да муну колдобойт. Туура эмес. Бул ошол Европадан келген бузуку нерсе. Акмакчылык. Бул кыргыздын дининде, шариатында, салтында болбогон маселе. Аялыңарды кызгангыла! Аялыңызга дем салдырыңыз, дааватка алып чыгыңыз. Анан аялыңызга өзүңүз жакшыраак көңүл бөлүңүз. Балким сизден таппаганын издеп аткандыр. Бир аз романтик болуңуз. Бети-башты жакшылап жууп, ага атырлардан куюнуп барып, аялыңыздын көңүлүн ойготконго аракет кылыңыз, урматтуу бир-тууган.
*СУРОО:* РОЗА ОТУНБАЕВА ЖӨНҮНДӨ
Сөз келгенде Отунбаева апчебиз жөнүндө айтып кетүүнү туура көрдүм. Ал да аял киши. Мен азрети муфтий болуп иштеп турганымда бул киши президент болуп иштеди. Орозонун биринчи күнүндө кабыл алуусунда болгондо эжебиз мени, муфтийди көрүп эреркеп, айтор, ыйлап жиберди да. Анан: «Ушул күндөрдөн аман чыгамбы билбейм. Эгер өтүп кетсем, тебелеп-тепсеп көөмп койгула», - деп айтты. Ал эженин эсинде барбы жокпу билбейм. Мен ошону укканда ичимден «Ушул күндөр да бүтөр бекен» дегем. Оор күндөр. Ошто өзбек-кыргыз окуясы болуп жаткан оор күндөр. Кан жыттанып турган учур эле. Ошондо ыйлаганын көрүп кадимкидей боорум ачыган. Оор күндөрдөгү кээ бир адамдырдын кылык-жоруктары үчүн адамдарды күнөөлөгөндүн кереги жоктур. Ал күндөр башка күндөр болгон. Ошондуктан келгиле, урматтуу бир-туугандар биз алакандай элбиз. Саясачыларга айтарым, чоңдорубузга айтарым, келгиле акыйнек айтышпайлык. Келгиле сатышпайлык. Келгиле бул аз күндүк убакытта бири-бирибизди урматтап, сыйлап өтөлү. Беш күндүк өмүр. Эртең Кудайдын астына барганда бардык нерсеге ар кимибиз жооп беребиз. Бирок кечээ, мурдагы күнкү кан жыттанып турган окуяларда кабыл алынган чечимдер, бүгүн таптакыр башкача кабыл алынуусу мүмкүн. Анткени ошол убакта мен да муфтий болчумун. Андан мурдараак фатва бөлүмүнүн башчысы болчумун. Мага ошондо ушундай суроо келген. «Биздин үйүбүзгө каршылаш улутунан болгон бирин союп, корого көмүп алдык. Кантип чыгарабыз ошону», - деп суроо берсе, башка бирөө «Ичин жарып, баласын чыгарып салдык», - деген төбө чачты тик тургузган суроолорду беришти. Ушундай бир күндөр өткөн. Ошондуктан мен айтат элем. Урматтуу биздин журт багар, эл багарлар акылыбызга келели. Абийирди ачып албайлык бардыгыбыз. «Акылың барда абийириңди жап», - деген сөз бар. Ошондуктан мен бардык Кыргызстан калкына кайрылар элем. Урматтуу бир-туугандар жанагы «Эки жакшы тоого чыкса, кудалашып түшөт. Эки жаман тоого чыкса, кубалашып түшөт» дейт. Кубалашпай бардыгыбыз кудалашалык. Келгиле «Ачуу – душман, акыл – дос, акылыңа акыл кош» деген сөз бар. Өлкөбүздү бүлдүрүп, мамлекетибизди бөлдүрүп, жок кылып алуудан сактаналык. Бардыгыбыз жеке кызыкчылыктарыбызды бир аз ооздуктасак, бардыгыбыз «Кудай үчүн» деп бир аз аркага саресеп сала турган болсок, бардыгы эле ордуна келет. Кудайдын алдына барчу Улуу күндү эстеп, бирибизге бирибиз мээрим менен мамиле кылганды үйрөнөлү. Албетте, кээ бирөөлөр молдоке ушуну сүйлөп эмне кылат. Сүйлөбөй эле койбойбу деп бирөөнө жакпашы мүкүн. Бирок мен жүрөгүмдөгү сөз. Муну айттым. Эгер кимдир бирөөнө оор тийсе, мен кечирим сурайм, урматтуу бир-тууганым. Анткени Кыяматка барганда ушул сөзүм үчүн да жооп береримди билем. Баарыбыздан Алла ыраазы болсун!
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#203 14 Январь 2017 - 15:10
*ЖООП:* Сиз туура эмес китепти окугансыз же туура эмес түшүнүп алгансыз. Зекетти карызы бар болсо, карызын чыгарган соң берет. Үшүрдө карызга карабайт. Жерден чыккан жемиштин ондон бирин бере берет. Сугарган сууну сатып алып же кыйынчылык машакат менен чыгарып, сугарганда ондон бирдин жарымын – 20/1 берет. Жерди ижарага алсаңыз, мисалы бир гектарды эки миң сомго алдыңыз дейли, анда бул акчаны чыгарып туруп анан бересиз. Бирок тракторго, жумушчуларга мынча төлөгөм деген сыяктуу чыгымдарды чыгарбастан үшүр бересиз.
*СУРОО* Мен корейлердин ашканасында иштейм. Бул жерде чочко, кээде иттин эттеринен тамак жасалат. Мен тамак жасайм, бирок даамын да көрбөйм. Өзүн мусулманмын дегендер да келет. Мындан канчалык күнөкөр болуп атам деп сурайын дегем.
*ЖООП:* Ал жерден чыгып башка жерге иштеп кете алганга мүмкүнчүлүгүңүз болсо, табарыңыз менен дароо, эч кармалбастан кетиңиз.
*СУРОО* Сизге жазып, суроолорго жооп алгандай сайтыңыз барбы?
*ЖООП:* Орусиядан келген бир-туугандарга деп бир жолу аракет кылганбыз, бирок менин убактым тартыш болуп, келген суроолорго жооп бере албай калдык. Ошондуктан «МаралFM» радиосунан гана 1,5 саат чыгып суроолорго жооп бергенге мүмкүндүк таап атабыз. Андан сырткары жума сайын сабактарыбыз бар. Ушул «Саресеп» гезити аркылуу да суроолорго жооп берип турабыз, ушул гезит аркылуу байланышсаңыз жакшы болот. Сурооңуз олуттуу, мурун жооп берилбеген болсо, жообун аласыз.
*СУРОО* Мага чоң атам бир кыз, чоң энем башка кыз таап атат, кайсынысына үйлөнсөм.
*ЖООП:* Кудай Тааладан суранган истихара намазын билесиз. Адам кайсыл жолду тандаарын билбей калган кезде, Пайгамбарыбыз ушул истихара намазын окууга буюрган. Анын дубасын Курандын аяттарын жаттаткандай жаттаткан дешет сахабалар. Сиз биринчи чоң атаңыз тапкан кыз тууралуу истихара намазын окуңуз, андан кийинки күнү чоң энеңиз тапкан кызга окуңуз. Кайсыл истихара намаздан кийин көңүлүңүз жай алып калса, ошого багыт ала бериңиз. Энеси кандай экенин караңыз, эшигинин туткасын караңыз кирби же жокпу, андан кийин үйлөнө берсеңиз, буюрса, жакшы болот.
*СУРОО* Жакында машина менен баратып кырсыктап калдым. Соттошуп, сотубуз бүтө элек. Мен кан чыгарып, түлөө өткөрүп коёюн дедим эле. Аны соттон кийин өткөргөнүм туурабы? Жол-жобосу кандай? Бири айтат бышырып тарат деп, экинчиси чийки бойдон деле тарат, үчүнчүсү элге тамак берсе болот дейт.
*ЖООП:* Эми түлөөнүн так жол-жобосу деле жок. Мал союп, эт жемей. Сот бүткөнүн деле күтүүнүн кажети жок. «Түлөө» «тилөө» деген сөздөн келет. Кудайдан тилейсиз. Колуңуздан келсе кыласыз, тартыштык болсо, милдеттүү эмес. Жети, он токоч бышырып деле элге таратсаңыз болот. Аны кылуунун шарты – Алла Тааланы ыраазы кылуу ниетинде, айрыкча колу жука кошуна же медреседе окуган балдарга берсе жакшы. Бирок өзүңөр муктаж болуп турсаңар, өзүңөр союп, өзүңөр жеп, андан кийин дуба кылсаңыздар, кабыл боло берет. Сөзсүз бышырып же чийки таратуу деген талап жок.
*СУРОО* Биздин ит төрөп, төрт баласы болду. Күйөөм алысыраак алып бар дегенинен, дарбазанын сыртына чыгарып койсок, экөө өлүп калыптыр. Кийин башынан ысык өтүп, калган экөө да өлүп калыптыр. Өзүбүздү күнөөлүү сезип, бир сыйра ыйлап аябай жаман болдум. Катуу күнөөлү болуп калдымбы?
*ЖООП:* Ит төрөбөйт – тууйт, бала эмес, күчүк тууйт. Албетте, күнөөлүү болуп калдыңар. Тообо кылгыла. Итке ыйлачу эмес, бирок капа болгонуңар жүрөгүңөрдүн тирүүлүгүнөн кабар берет. Мен да Арашан айылында жашап жүргөндө, бир канчык ит жүдөгөн күчүгүн ээрчитип келди. Тамак берип жүрдүк, көрсө бооз да экен. Ал жети-сегизди тууду. Мурдагы күчүгү менен бирге бир короо ит болуп жатып калды. Же куусак кетпейт. Кийин келген коноктор «Чубак ажы ит багып алыптыр» деп жүрүштү. Акыры элге таратып берип кутулдук. Акыркысынан кантип кутулабыз десек, башка айылга алып барып таштап койгула деген кеңеш беришти. Көк-Жар айылынын боюна таштап өтүп кеткем жумушума. Жумуштан кайтып атсам, асфальт жолунун чекесинен машина уруп кетиптир. Мен көп убакыт капа болуп жүрдүм. Өзүмдү аябай күнөөлүү сездим. Үйдө жүрө берсе болмок деп. Итти үйгө эмес, муктаждык болсо, короого бакса болот. Сиздер да короодон чыгарбай эле койсоңор, күчүктөрү торолгондо таратып берип коёт элеңер.
*СУРОО* Менин көп жылдан бери бутум ооруп жүрдү. Диагнозу чыкпай молдокеге барсак, жин кирип кетиптир дейт. Акыл-эсим ордунда эле. Жин болушу мүмкүнбү?
*ЖООП:* Мен жин боюнча адис эмесмин. Кээде ошентип айтышат жин тууралуу. Бул маселе боюнча КАСИ мечитиндеги Нурмухаммад карыга жолугуп көрүңүз. Ал сизди карап, диагноз койгонго аракет кылса жарашат. Алла шыпаа берсин сизге.
*СУРОО* Мен кыргызмын, бирок Москвада намаз окуп баштагандыктан кавказдык бир-туугандардан үйрөнүп, шафи мазхабында намаз окуйм. Алар бир мазхабдан экинчисине секиргенге болбойт дешкен. Эки жылдан бери Бишкекетемин. Сиздин сабактан таасирленип, өзүбүздүн ханафи мазхабына өтөйүн дейм, бирок өзүмдү күнөөлүү сезип атам. Кантсем болот?
*ЖООП:* Сиз, таксырым, ханафи мазхабына өтүңүз. Себеби биздин аалымдарыбыздын баары ушул мазхабда. Ошентсеңиз башаламандыкка себеп болуудан кутуласыз. Себеби сиздин шафи экениңизди билбей, адамдар «салафи» деп чочуп, жаман көрө бериши мүмкүн. Эгер зарылчылык болбосо, мазхабдан мазхабга өтүү туура эмес. Бирок сиздики – зарылчылык. Себеби элибиздин баары жана аалымдарыбыздын 90%ы ханафи мазхабында. Имам Шафинин кара чечекей шакирти имам Музанинин шакирти имам Тахави ханафи мазхабына өтүп, биздин мазхабдын улуу аалымдык даражасына жеткен.
*СУРОО* Эрди-катын уруша кетип, аялы эрин катуу каргап салса эмне болот?
*ЖООП:* Эчтеке болбойт. Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат, түнү бирге жатышып, таңга жуук табышат. Ошондой эле болот. Ага капа болбош керек. Бир урушуп койсо эле кыжалат болбош керек. Аял деген алсыз болот, айтып коет. Ушинтип айкансың деп, анын сөзүн кайталап айткан эркек, эркек эмес. Аялды Кудай кандай жаратса, дал ошондой бойдон сүйүш керек. Аны «Эркек кылам, чоң апам, апам кылып алам» деген сөз – болбогон кеп. Ачуусу келгенде унчукпай туруп, ачуусу тараганда сүйгөндү уланта бериш керек. Сен минтип айткансың, моминтип урушкансың деп аялга өчөшүп алган эркектин аялдан айырмасы калбай калат. Мурункуну козгоп, 99-жылы, 88-жылы, 76-жылы ушинткенсиң деп жазып алган эркектер бар экен, тообо. Андайды түштүктө «катын каляш» деп коет. Бул "эркектин касиетин жоготкон" деген сөз. Катын каляш болбош керек эркек деген.
*СУРОО* Адамга оору келгенде, күнөөлөрү кечирилет деген хадис жөнүндө айтып берип коесузбу?
*ЖООП:* Бардык кемчиликтен таза Алла өзүнүн сүйгөн пендесине оору берет. Анткени ооруган адам Кудайга жакыныраак болот. Кокустан кетирген күнөөлөрүнөн арылып, жеңилдеп, даражасы көтөрүлөт. Оору берилгенде Кудайга ыраазылык айтып, арызданбастан, көп үшкүрүнүп, онтобостон ооруну конок катары кабыл алган жакшы. Себеби ким оорубаган. Ооруну берген Кудайым, аны өзү алат. Бул да Алла Тааланын сыноосу. Оору даражабызды бийиктете турган тепкич, трамплин деп айтсак да туура болот, урматтуу бир-тууганым.
*Устаздан дуба жана насаат*
Алла ооруп жаткан бир-туугандарыбыздын баарына, анын ичинде биздин апабыз менен келинчегибизге шыпаа берсин, Москвада өрттөн каза тапкан бир-тууган карындаштарыбыздын балдарын жетимдей кылбасын, Ош-Бишкек жолунда, башка жолдордо тез-тез эле кырсыктагандар болуп атат, алардын жакындарына көңүл айтабыз, өтүп кеткендердин баарын Кудайым Бейиштик кылсын.
Айланайын бир-туугандар, келгилечи, адамча жашайлычы, унааны катуу айдабайлы. Келгилечи, жол тартибин сактайлычы. Ырыскы Кудайдан келет, ал тез айдагандан тездеп кетпейт. Уйкуну кандырып жолго чыгалычы. Бирибизге бирибиз аяр мамиле кылып, жүрөктөрдү оорутпастан, катуу сөз айтпастан, улуу адам бололучу. Кыргыз качан ушинтип калдык эле? Качан бири-бирибизди шашкандан басып өлтүрүп кетип калдык эле?
_Урматтуу бир-туугандар, уурдабайлычы, айрыкча мамлекетибизден уурдабайлычы! Ырыскыны Кудайым берет. Кудайым берген ырыскыдан ашыгын оозуңа тыгып жей албайсың. Сенин ырыскың башка биринин оозуна кирип кетпейт. Иш-кагаздарын жасалма кылып, акча алган – арам оокат. Бул сага жакшылык алып келбейт. Балаңдан, небереңден, өзүңдөн чыга берет. Кыяматка барганда тозокко түшөсүң. Уурдаган өлүп кетсин, башкага асылбайлы, ар ким өзүбүздү билели. Ар адам өзүн оңдосо, ошондо мамлекет оңолот. Мамлекет болсо биздики. Табаа эмес, тообо кылдым, канча деген элдер мамлекетсиз жүрөт. Миллиондогон элдер мамлекети жок жүрөт. Чоңдорубуз намаз окуп атат. Коррупция кылгандан тыйылалычы. Биз оңолууга ниет кылбасак, анда болбойт. Балам мамлекетти тоноп, пара алып жыргасын деген түшүнүк жок болуп баратат. Адал эмгек менен жан багалы деген түшүнүктү айта берсек, айта берсек, айта берсек, балдардын кулагына кадимкидей кирет. Бул акыйкат сөз. Мамлекетке кошкон негизги салымыбыз ушул. Келгиле, баарыбыз балабызга адал тамак жегенди үйрөтөлү._
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#205 14 Январь 2017 - 15:14
*СУРОО:* Мен кандай иш баштабайын, жолум болбой
калгандай. Эмне гана кылып көргөн жокмун, баары ийгиликсиз. Кандай кеңеш
бересиз? Жума намазын калтырбайм.
*ЖООП:*Урматтуу Адилет! Ден-соолугу чың болуп, буту
менен басып турган, жума намазга барып жаткан адамды ийгиликсиз деп
айтууга да болобу? Жолу болбой калган адам ким экенин сиз али биле элек
экенсиз. Биз оорчулук келгенде бизден дагы оор сыноого кабылгандарды, ал
эми жыргалчылык келгенде, бизден азыраак жыргалчылык берилгендерди
карасак, бардыгы ордуна келет. Кудайдан калба, Кудай Таалам баардыгын өз
ордуна коёт. Негизгиси, Аллахымдын жазган тагдырына ыраазы болуу
ылаазым. Тагдырга ыраазы болгон адам гана бактылуу болот.
*СУРОО:* Ушак айтуунун күнөөсү канчалык? Мен өзүмдү ушакка жакынмын дебейм, бирок башкалар ошентип ойлошот экен.
*ЖООП:*Ушак айтуу - өлүп калган бир тууганыңдын этин
жегенге барабар күнөө. Ушак боюнча «Дил азык» басма үйүнөн жарык көргөн
адистешкен кыргызча «Ушак» деген китеп бар . Ошол китепти окусаңыз баары
түшүнүктүү болот. Дегеле, «Дил Азык» китептеринен китепкана кылып
алсаңыз, балдарыңызга жакшы мурас калтырган болоор элеңиз.
*СУРОО:* Мен өзүмдүн аялым менен кошулган-да ырахат
албайм. Эч көңүлүм тартпай, кыйналам. Аялым, шек санап, мени башкалардан кызганат. Бирок, башка кыздарды, келиндерди ойлосом, дүүлүгөм. Эмне кылышым керек?
*ЖООП:*Тууганым, анчалык кайсар болбо! Сен базарга
келинчегиңди жетелеп барып, каалаган кийимин алып бер. Жакшы
самын-сумун, атыр-упа алсын. Жалаң аялдар иштеген сулуулук салонуна алып
барып, адистерге көрсөт. Имиджин өзгөртсүн. Андан кийин мусулман
аялдары үчүн фитнес клубуна алып бар. Анан Айни-№31 дарегинде аялдарга
мусулманча таалим өтүлөт, ошол жерге жетелеп бар. Ошондон кийин аялыңды
таанып ал, эр болсоң. Бейиштин хүр кызы болуп кетпейби! ? А сен жүрөсүң,
бирөөнүн аялы бирөөгө кыз көрүнөт болуп. Аларыңдын сырты жалтырак, ичи
калтырак. Ботом, сени кызыктыргандай кийим кийип жүргөн аялзатында
кандай касиет болчу эле. Элдин баарынын көзү түшүп, сугу кирген аялда
береке болбойт.
Мына ошондой... Анан акырында китеп дүкөндөрдү карасаң , жубайлар
кантип бири-биринин көңүлүн тапса болот дегенди дааналап түшүндүргөн
китепти табасың. Ошондон да кичине оку. Жардамчы болор. Ага дагы
болбосоң, анда Жыргал карыга дем салдырып алууң керек болот.
*СУРОО:* Сиз классташтарыңыз менен кадимкидей катышып, шерине, тойлоруна барасызбы?
*ЖООП:*Мен классташтарымдын көп тойлоруна бара албай
калам. Анткени, алыста көп жүрүп алар үйлөнгөн мезгилдерде, Кыргызстанда
жок болуп калдым. Айылдык классташтарымдын кээ бирлери айылда,
калгандары Казахстанда, Орусияда жүрүшөт. Ал эми Бишкекте алар жок.
Ошондуктан, дайыма эле катташуу насип кыла бербейт. Кээде айда-жылда
чогулуп калганда чогулуп палоо жеген учурларыбыз бар. Ал эми шаардык
классташтарымдын кээ бирлери менен байма-бай эле учурашып турам.
Негизинен үй-бүлөлүк байланыштар Ислам университетиндеги группалаштарым
менен көбүрөөк болот го. Анан, жаш чоңойгон сайын пикирлештер да иргелет
эмеспи. Дайыма катташып жүргөн досторумдун кээ бирлерин атай кетсем
Асан ажы классикалык молдоке, Тойгон ажы жана Махамаджан ажы мамлекеттик
кызматкерлер, Доктор Замир врач-хирург, Бакыт ажы банк тармагында,
Токтомурат жана Эдил ажылар, жеке ишкерлер, Асанбай жеке ишкер, Эркин
таксыр бизнесмен, Махмуд ажы аскер кызматкери, Рамис ажы спортчу-жеке
ишкер, Жыргал кары, Абдышүкүр ажы, Өзбек ажы, Кубат айдоочу, Молдожаш
ажы фермер-чабандес, Нурмухаммед кайрымдуулук менен алектенет, Өзгөндүк
Салих бизнесмен, Урмат баатыр, Хафиз бей ажы, Аман ажы, Улан бей ажы,
Алмамбет ажы ж.б., көптөгөн жакшылар менин досторум.
Мен адатта шеринелерди көп жактыра бербеймин. Убактымдын тардыгына
байланыштуу көп той-топурдан баш тартамын. Мен сизге имам Абу Юсуфтун
бир мисалын айтып берейинчи. Имамдын баласы ооруп, аркы дүйнөгө сапар
тартканда, жаназасын окуп берип, эми өзүңөр көмүп келгиле, мен сабагымды
улантайын деп, дарска олтурган экен. Мына ошондой кээ бир нерселерден
баш тартканда гана ийгиликтер жаралат. Көпчүлүктүн шарына кошулуп жүрө
бергенде агынды менен чамындыдан айырмабыз жок болуп калбайбы? Кээде
инсан инсандар тарабынан ойлонуп чыгарылган, барып-барып каада-салтка
айланып кеткен ырым-жырымдардын, каада-салттардын кулуна айланып, андан
ажырай албай калабыз.
*СУРОО:* Мен соода тармагында көп жылдан бери иштейм. Соодагерлерге ылайыктуу дуба айтсаңыз.
*ЖООП:*Кудайым соодаңызга береке берсин. Сиз
такыбалык кылсаңыз ырыскыңыз кенен болот. «Ваакиьа» жана «Кадр» сүрөөсүн
көп окусаңыз жакшы болот.
*СУРОО:* Сизге кайрылганымдын себеби, мен кайсы күйөөм
менен жашаганым шарият боюнча туура болот? Эркектер 2 аял менен жашаса,
мен 2 эркектин ортосунда чайналып жүрөм. Биринчи күйөөмөн 2 уулум бар.
Бири 10до, экинчиси 8 жашта. Сегиз жыл мурун биринчи жолдошум кырсыктап,
токко тартылып, денесинин 70% , жыныс мүчөсү дагы күйүп, доктурлар
кесип салган. Ошондо ажырашканбыз. Ал экинчи аял алса, анысы кетип
калган. Мен ата-энемдин каалоосу менен кийин башкага турмушка чыгып,
андан 1 уулду болдум. Бирок, узакка жашай алган жокпуз, экөөбүз уруша
кетип, талакты 3 жолу айттырып алгам. Экинчи күйөөмө ата-энем дагы
каршы, бирок ал кайра бирге жашайлы деп чакырат. Айта кетсем, эки
жолдошум тең мени жакшы көрөт. Бирок, мен кимиси менен жашашты билбей
турам. Балдарыма ата керек эмеспи…
*ЖООП:*Туура айтасың, балдарыңа ата керек, өзүңө
күйөө керек. Жалгыз тоокко деле жем керек го, акыры. Сен азыркы учурда
биринчи күйөөңө кайта барууга мүмкүнчүлүгүң бар. Бирок аның акталуу
болсо, сага кантип жаншерик боло алат эле. Ага деле кайылмын десең, өзүң
билесиң. Анткени, эркектен өзүнүн ырахатын алуу аялдын укугу. Аял ал
укугунан баш тарта турган болсо, эч ким мажбурлабайт. Мисалы, эки аялдын
бири өзүнүн кезек күндөрүн күндөшүнө берсе боло берет. Ошондой эле
сенин мисалыңды мисалга тартсак болот. А эгер, жок мага мүчөлөрү толук
күйөө керек десең, анда сени менен оозмо-ооз сүйлөшүү керек болот.
Экинчи күйөөңдөн талак кандай түшкөндүгүн тактоо зарыл. Эгер үч талак
түшүп калган болсо, кайрадан чогуу жашооңорго жол жок. Ал эми бир, же
эки талак түшүп калган болсо, анда кайрадан нике кыйып жашасаңар жараша
берет. Ошондуктан, сен тактатып ал, кабыргаң менен кеңеш. Истихаара
намазын оку.
*СУРОО:* Бир бала менен 2 жылдай сүйлөштүм. Эжелери
каршы болуп алдырбай койду. Бирок биз жашап алган элек. Мен алар каршы
болсо сүйлөш-пөй эле коёлу десем, «Валлахи, мен сени алам»,- деп касам
ичип, интимге барды. Мен ага ишенгем. Бирок, ушул күздө башка кызга
үйлөндү. Мен абдан жаман болуп жатам. Өзүмдү-өзүм өлтүргүм келет. Кантип
кийин турмуш курам? Ага жана анын эжелерине болгон жек көрүүнү да
жогото албай жатам. Жакындарыма айтсам, урушуп коюшат. Эмне кылсам
болот?
*ЖООП:*Никелешпей туруп интимге баргандын «Валлахи»
дегенине кандай ишенесиң?! Мусулман адам да ушинтип айтабы?! Эмне кылат
элең, тообо кыл жана экинчи мындай кылба. Экөөң тең пасык экенсиңер.
Адам кылганын мойну менен тартат.
*СУРОО:* Менин күйөөм 2-аял алганы турат. Алчу аялы
«Нике күбөлүк албасаң турмушка чыкпайм» деген окшойт. Ал мага келип
«Никени документалдуу түрдө ажыратып коёлу, Аллахтын алдында никебиз
сакталуу. Мен силерди таштабайм, бул формалдуу эле нерсе»,-деп жатат.
Мага аябай оор тийип, сүйлөбөй койсом, «Анда ЗАГСыңды кучактап отура
бер»,-деп кетип калды. Мен абдан кыжаалат болуп жатам. Кандай кеңеш
бересиз?
*ЖООП:*Туура кылыпсыз. Бул сиздин укугуңуз. Ал
таарынып кетсе, бир күнү кайра келет. Бул эмне деген сөз? Никеңизди сот
аркылуу ажыратпаңыз. Эч кыжаалат болбоңуз, ибадатыңызды кылып, Кудайдан
жакшылыктарды сурана бериңиз.
*СУРОО:* 2-3-4-аялдар үчүн нике күбөлүк кагаз
берилбейт. Бирок, мамлекет көп аялдуулукка мыйзамдык жол бербесе да,
үйлөнүп жаткандар мамлекеттин мыйзамына баш ийбей, сыйлабастыкты
көрсөтүп жатышат. Мусулман мамлекетке баш ийиш керек го, же шариятта
мыйзамга баш ийбегиле деген уруксат барбы?
*ЖООП:*Эгер шарият менен мамлекеттин мыйзамы каршы
келген учурда шариятка баш ийүү керек. Бул деген сөз мыйзамдын кемчилиги
деп кабылдоо керек. Мыйзам да Кудай өкүмүнө каршы чыкпашы керек.
Мыйзамды кайра карап чыгуу керек болот. Ошондой алашемдиктерди жөнгө
салып туруу үчүн бизде Жогорку Кеңеш деген мыйзам чыгаруу органы бар.
*СУРОО:* Али (р.а.,) экинчи аял алам дегенде, Фатима
энебиз Пайгамбарыбызга (С.А.В.) бул тууралуу айтып келген экен.
Пайгамбарыбыз (С.А.В.) минбардан «Али (р.а) Алинин экинчи аялга
үйлөнүүсү Фатиманы капа кылат», - деп айтат экен. Ушул хадиске караганда
, экинчи аял алуу ар бир аялга оор келет. Эркектерге ушул тууралуу
айтасыңарбы?
*ЖООП:*Айтпайбыз. Ар бир ата ушундай аракет кылат.
Пайгамбарыбыз бул жерде аталык макамда айтып жатат. Пайгамбарлыкта
айткан жок. Пайгамбарыбыз деле Хадича энебизге чейин көп аялга үйлөнгөн
эмес, энебиз каза болгондон кийин гана үйлөндү. Көп аялдуулук сүннөт
деген да туура эмес, уруксат берилген гана нерсе. Негизи көп аялдуулук
коомдук, социалдык маселелерди чечүүгө багытталган. Бирок, бизде андай
болбой жатат.
*СУРОО:* Махрга эмне сураса жакшы болот? Мени асем буюмдар кызыктырбайт. Махр көп болсо, сооп да көп болот деген чынбы?
*ЖООП:*Махр канчалык аз болсо, никенин берекеси
ошончолук көп болот. Махрга акча сурап, ага каалаган нерсени сатып алса
болот. Эң азы 5000 сом, көбүндө чек жок. Хадистерде келген ыйманды,
Куран аяттарынан окуп берүү сыяктуу мисалдар Пайгамбардын (С.А.В.) өзүнө
гана тийиштүү болгон нерсе. Ал эми бизде махрга алынган нерсе, кийин
базарга алып чыгып сатканга жарай турган муктаждыкка жеткен каражат
болушу керек.
*СУРОО:* Күйөөм менен урушканда өзүмдү кармай албай, жаман сөздөрдү айтып алам. Кандай кылсам бул адатым калат?
*ЖООП:*Оозуңа кургак чай салып ал. Ошону чайнап
жатып, жооп бергенге чамаң келбей калат. Мага чай алып келсең, дем салып
берем. Өзүңдү кармашың керек. Даарат ал, намаз оку.
*СУРОО:* Жоолукчан кыздардын интернетке сүрөттөрүн койгону туурабы? Ушуга фатва берип койосузбу?
*ЖООП:*Жоолукчан кыздар көчөдө деле жүрүшөт. Аларды
тыя албагандан кийин интернетке сүрөт койбо деп тыюу да туура эмес. Бул
ар бир кыздын өзүнүн ыйманына жараша чечими. Ал эми бул тууралуу фатва
берген парда жамынган өлкөлөрдө тыюу салынышы керек. Анткени, жүзүн
жашыргандардын башка жерде сүрөтүн койгону туура эмес болуп калат.
Бирок, мында ошол мусулман кыздардын сүрөтүн башкалар башка максатта
пайдалышы мүмкүн. Бул жагын да ойлонуу керек
*СУРОО:* Бойдон түшкөн балдар эмне болот? Эне күнөөкөр болбойбу?
*ЖООП:*Атайылап алдырган болсо, адам өлтүргөндөй эле
күнөөкөр болот. Эгер адам калыбына келип анан түшкөн болсо, адам
катарында болот.
Ал эми уруктук абалында эле түшкөн болсо, адам катары эсептелбейт.
*СУРОО:* Кандайча бактылуу болом? Бактылуулукка кандай аныктама берсе болот?
*ЖООП:*Дин менен жашап гана бактылуу болосуз. Аны
бактылуулуктун даамын сезген адам гана айта алат. Намаз окуңуз, ибадат
кылыңыз, Кудайды көп эстеңиз, ошондо гана бактылуу болосуз. Андан башка
бактылуу көрүнгөн сезимдер алдамчы сезимдер. Түбөлүктүүлүк эмес.
*СУРОО:* Тажия өткөрүү боюнча ар ким ар кандай айтат.
Шариятта өлүктү узатуу кандай болуш керек? Ысырапкорчулукту тыя албай
калсак, күнөөкөр болбойбузбу?
*ЖООП:*Албетте, күнөөлүү болобуз. Негизи өлүктү узатууда 4 шарт аткарылышы керек.
•Өлүктү жууш;
•Кепиндөө;
•Жаназа окуу;
•Эрте көмүү, андан кийин маркумдан калган мурасты бөлүштүрүү.
Үчүлүк, төртүлүк, жетилик, кыркылык, кара аш дегендин баары бидьат. Ысырапкордук болуп саналат.
*СУРОО:* Бир айга сапарга чыкса, 15 күнүн касыр намазын окуп калганын окубай койсо болобу, же башынан толук окуймунбу?
*ЖООП:*Бир жерде он беш күндөн көп турууга ниет
кылса, ошол жерге жеткенден баштап эле толук окуп баштайт. Андан аз
күнгө ниет кылса, же качан кетээри белгисиз болуп, бүгүн-эртең деп жүрүп
олтурса, анда канча убакыт калса деле касыр окуй берет.
*СУРОО:* Ш.Абдыкалыковдун «Мусулмандын зарыл китеби»
(Абу Ханифа мазхабы боюнча) деген китебинде «даарат алганда, аялдар
жоолуктун үстүнөн эле масх тартса болот» дегенди окуп таң калдым.
Ушундай кылганга мүмкүнбү?
*ЖООП:*Ханафи мазхабы боюнча жоолуктун да, кол каптын
да үстүнөн масх тартканга болбойт. Эгер кийимдин үстүнөн тартылган масх
тууралуу айтсак, бир гана маасынын үстүнөн тартылат. «Фатху баабил
инаая» (1\127) китебинде жоолуктун үстүнө масх тартуу болбостугу
айтылат. Селдеге масх тартса болот деген хадис «мансуух» экендиги да
баяндалган. Бул китеп ханафи мазхабы боюнча деп аталганы менен мазхабдын
тартиптеринен көп жеринен чыгып кеткен. Китеп негизи салафийлик багытта
жазылган, кыргызча которгондор ханафий мазхабын жакшы аңдай
алышпагандыктан, ханафийлештирүү деген жакшы ниеттери иш жүзүнө оңтойлуу
ашпай калган. Китеп чыкканда бир аз чуулгандуу окуялар болуп, китеп өз
убагында китеп базардан алынып салынган.
Китеп которуучуларга айтаар элем, азыр адамдар өтө эле акылдуу,
маалыматтуу болуп калышкан. Аларды жөн эле алдап коюу мүмкүн эмес. Бир
эле жол - туура маалымат жеткирүү. Ханафий мазхабынын аалымдары жазган
китепти эле которсо жакшы болмок. Бир салафий аалымы жазса, башка чала
сабат салафийи аны кыргызчалап, ханафийлештирсе, өзү ханафий эмес болсо,
боткосу чыгып калбайбы? Жөн эле өзүнүн мазхабыңдагыны жаза бер, эч ким
мышыгыңды «пыш» дебейт.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#206 26 Январь 2017 - 14:28
СУРОО:* Аялдын чачы кыска болсо жаназа окулат, бирок жаназа түшпөйт деген чынбы?
ЖООП:* Мен ушуну биле албайт экенмин. Каяктан таап аласыңар ушундай маселелерди. Мен өмүр бою китеп окуп, сакалыма ак кирип калды. Мен таба албайм, анан кайдан табасыңар, акылым айран...
СУРОО:* Бизде бир кыз иштейт, оронот, бирок багымдат окубайт. Калган намаздарын окуйт. Чогуу жашайбыз. Күйөөсү бар. Бирок аяшы менен жүрөт. Эри телефондо талак берди деп айтты, чынбы билбейбиз. Биз канча жолу айтсак да «Мен жашмын, аяшымды сүйөм»,- дейт. Багымдат окубай, калгандарын окуса болобу? Хижап кийип жүргөнүчү? Кечирип коюңуз суроом үчүн.
ЖООП:* Багымдатка кара басып уктап калып жатса керек го. Садагасы кызым! Сен ал досуңа карап түздөнбө! Ал өзү түздөнө албай жүргөн неме экен. Сен шариятка карап түздөн. Дин жөнүндөгү маалыматтарды китептерден окуп үйрөн. Жоолук салын, намаз оку. Бактылуу бол, тиги карындашым да бактылуу болсун. Кудайым пенделерин бактылуу кылсын.
СУРОО:* Гезиттин өткөн санында «...кээде жыныстык байланыш болуп, бирок уруктук чыкпай калса, гусул алынбайт..», деп жаздыңыз эле. Андан мурунку берген маалыматтарыңызда гусул бузулат деп окугандай болдум эле. Тактоо берсеңиз...
ЖООП:* Аллахым ыраазы болсун. Сиздин билген маалыматыңыз туура. Жыныстык байланыш болуп, бирок уруктук чыкпай калса деле гусул ваажып болот. Жыныстык байланыштын өзү гусул важип болууга жетиштүү. Ал эми менин жазганыма келсек, калемим тайгаланып кетсе керек. Көбүнчөсү жооп жазганда кайрадан көз жүгүртпөстөн туруп жиберем гезитке, убакыттан кызырканып. Ошондуктан кээ бир сүйлөмдөрүм адабий тилдин нормасына түшпөй калат. Андыктан кечирим сурайм. Күнөөнүн баары менде, жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбос.
Эң эле кызык факт өлкө боюнча көптөгөн молдокелер, аалымдар мага телефон чалып ушул маселенин чоо-жайын сурашты. Демек, үммөттүн аалымдары уктап жаткан жери жок, адашсак, тайып кетсек түздөөрүбүз бар деп абдан сүйүндүм. Аллах бардыгыбыздан ыраазы болгой...
СУРОО:* Мурда талак жөнүндө түшүнүк жок болчу.
Күйөөм талак айткан эмес.
Жарашам деп келген, бирок уруша кетип жарашкан жокпуз. Урушканда ал: «Сени бирөө кармап турдубу, эрге тийип ала бербейт белең? Азыр деле тийип ала бер, мен айтып жатам»,-деди. Бул сөзү талакка жатабы? Мени түшүнгөн адам болсо турмушка чыксам болобу? Мен анын алдына талак сурап баргым келбейт. Мени кармап турган кызым. Өгөйдүн көзүн караткым келбейт.
ЖООП:* Сенин бир сөзүң экинчисине карамакаршы келет экен. Турмушка чыксам болобу дейсиң, ана кайра өгөйдүн көзүн карткым келбейт дейсиң. Эгерде күйөөң ушул айткан сөздөрүн ажырашуу ниетинде айткан болсо, сага бир талак боин түшкөн, турмушка чыга берсең болот. Кудайым бак айткан болсун. А бирок андай ниети жок болгон болсо башың дале бошой элек.
СУРОО:* Жолдошумдун көзү өткөнүнө 3 жыл болду. Атасы жок балдарыма кантип татыктуу тарбия берем деп көп ойлоном. Балдарым мени жакшы угушу үчүн кайсы дубаны окушум керек? Сиз да дуба берип коёсузбу, жакшы укпай жатат
ЖООП:* Кудайым бактылуу кылсын. Балдарыңы жайкы мусулман лагерлерине, эркек туугандарынын үйлөрүнө жөнөтүп тур. Кудайым элдин, жердин, диндин керегине жараган азаматтардан кылсын. Апасынын сөзүн уккан, жакшы окуган балдар болгонун Кудайым насип этсин.
СУРОО:* Мен 30 жаштамын. Чачым узун. Кырктырсам күнөө эмеспи?
ЖООП:* Жөндөн - жөн кырктырсаң жакшы эмес иш кылган болосуң. Кырктырба, намаз оку.
СУРОО:* Биздин шаардагы медреседе мектеп жашындагы балдарды тарбиялашат. Билишимче, аны түрктөр каржылашат. Бирок шарттары эң жакшы. Сурайын дегеним, дүкөндөрдөн, базарлардан жардам сурашат. Анан чоң-чоң дүкөн, дарыканаларга жардам сураган «Ихсан кутусу» деген жазуулары бар кутучаларды койгон. Шариятта барбы? Жардам берсек сообу тиеби?
ЖООП:* Албетте сообу тиет. Сооп алам дегендерге көрсөткөн жардамдары болсо керек.
СУРОО:* Жездемди өлтүргөн кишини эжем сотко бербей, Аллах ыраазычылыгы үчүн кечирсем дейт. Өлтүргөн киши кечир деп жалдырайт, кунун берейин дейт.
Анын бергенин алса шарият уруксат береби?
ЖООП:* Шарият уруксат берет. Алганы жакшы. Аны каматкандан байпагыңар манат болуп кетпейт.
Берген тыйынын алып балдарын баксын.
СУРОО:* Бала эмизем. Кошумча тамак берип, орозо кармасам болобу?
ЖООП:* Балаң көп эмип, жыгылып калбагыдай болсоң, же сен орозо кармап балаң ачка калгыдай болбосо кармасаң бир жөн.
Бирок орозо тутат элем деп балаңы сүттөн куру калтырба.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#207 26 Январь 2017 - 14:33
Мусулман эркек каафыр аялынын жасаган тамагын жесе болобу?
-Чочко эти аралаштырбастан, адал азыктардан жасаган оокатын жесе болот.
Аял киши экинчи жолдошунун никесинде турган абалында балдардын атасы болгон биринчи жолдошу каза болсо, анын тажиясына Кураан окутканы келсе болобу?
- Эмнеге болбосун, канткен менен диндеш бир тууганы.
Анын үстүнө балдардын атасы.
Экинчи жолдошу уруксат берген учурда тажиясына Кураан окутканы барса болот.
Күйөөсү мусулман, аялы динсиз болгон учурда бала кайсыл динде болот?
- Ата- эненин кимисинин дини туурараак болсо, бала ошол динде деп эсептелет. Мисалы; теңирчи менен християн дининдеги эки жубайдын ортосундагы бала християн деп таанылат. Ал эми християн жана Ислам дининдеги ата- эненин баласы мусулман деп кабыл кылынат. Сиздин сурооңуздун жообу; бала мусулман дининде болот.
Арендага магазин берсе, ижаарага алган адам арак сатса, ижаара ээсине төлөгөн акча кандай болот? Дегеле арак сатканга ижаарага берүү дуруспу?
- Арак сатканга ижаарага берүү дурус эмес. Себеби Сиз менен биз көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн өлкөдө жашап жатабыз. Ижаарага алган акча арам эсептелинет. Бул маселе «Радд ал Мухтаар» 6-том, 415-бетте келет.
Башка диндегилер (м: атеист) жаназага турса болобу?
-Башка диндегилер мусулмандын жаназасына турууга болбойт. Мусулман маркумду коюп жаткан учурда да гайрыдиндердин аралашуусу жакшы эмес. Маркум коюлуп жаткан убакта, Жараткандын ырайымына айрыкча муктаж болуп жаткан убак болот. Ал ырайымдан кур жалак калган динсизди ал жерде тургузуу тирүүлөрдүн маркумга жасаган ырайымсыз мамилеси катары бааланат.
Боз үйгө маркумдун сүрөтүн илип, өкүрүп келип сүрөткө таазим кылуу туурабы?
Сүрөтүн илген да, өкүргөн да, сүрөткө таазим кылгын да туура эмес. Сүрөт илинген жерден периште качат, периште качкан жерде береке болсу беле?! Чын дилден тиги маркумга боору ооруса чындап өксүп ыйласа мейли, бирок тоо ташты жаңыртып өкүрүп, дог урунуп эмес. Ал эми таазим аттуунун баары жалгыз Жаратканга таандык.
Байтик баатырдын кабырына барып , бир нерселерди суроо туурабы?
Байтик баатырдын кабырынан, же Байтик баатырдын өзүнөн суроо туура эмес. Байтик баатырды кабыры менен жараткан Жаратуучудан гана суроо ылайыктуу.
Никедеги махрддын эң азы канча?
Никеде махрдын эң азы 28,12 грамм орточо тазалыктагы күмүштүн баасы.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#208 20 Февраль 2017 - 13:58
*СУРОО:* “ Намазга жыгылгыла, ошондо гана Акыр заман келгенде силер бейишке чыгасыңар”, - деп бизди коркуткандарга көз карашыңыз кандай? Алар ар кандай тасмаларды бизди коркутуу максатында (маймылга айланып кеткен кыз, жылаанга, корозго айланып кеткен аялдар тууралуу тасмалар бар билбесеңиз керек) коркунучтуу көрсөтүшөт.
*✅ЖООП:* Намаздын парз экени чындык. Окубасаң, тозоко барарың да чындык. Сен намаз окугандан ага бирөө тыйын төлөп турат дейсиңби? Сени тозокко кирбесин деп жатат да. Күн жок деп алаканың менен көзүңдү бекиткениң менен күн жаныбар ишин кылып чыгып, кайра бата берет. Өзүңдү эле алдайсың...
*СУРОО:* Учурда экинчи никедеги күйөөм менен жашайм. Жакында бирөөдөн «аял аркы дүйнөгө барганда биринчи никедеги жолдошу менен жашайт экен» деген сөздү уктум. Ушул сөздүн канчалык чындыгы бар?
*✅ЖООП:* Жалган дүйнөдө аялзаты бир канча ирет жолу турмушка чыккан учурда чын дүйнөгө барганда ошол жолдошторунун ичинен эң эле адеп-ахлактуусу, кулк-мүнөзүнүн жакшыраагы менен болот. Албетте экөө тең бейишке барган учурда мына ошондой жагдай жаралат. Бул туурасында Пайгамбарыбыз (алайхис салам) өз сөзүндө баса белгилеген. Эске ала турган эң негизги маселе адам бейишке барганда ким менен болоорун ойлобой, «ошол жерге барабы, же жокпу?» деген ойдун жетегинде болуусу керек. Анткени, бейишке кирген адам ар дайым бактылуу болот, бардык нерсе купулуна толот, ал жерде көңүл иренжиткен, же ойго толбогон нерсенин өзүнүн болуусу мүмкүн эмес.
*СУРОО:* Кашымды күнөө экенин билбей терип койгом. Азыр өстүрөйүн десем көзүмдүн үстүн каптап кетип жатат. Тере берсем болобу? ЖООП: Аялзатына каш терүүгө болбойт. Каш салаңдап өсүп барып көзүнө кирип кеткенде гана учун кыркып койсо жарайт. Андан сырткары, каш узарып барып адамдын бетиндеги түккө кошулганда, кашты эмес ошол түктү терүүгө болот. Анткени, каштан башка жүздөгү түктөрдүн баарын терүүгө аялзатына уруксат берилет.
*СУРОО:* Мен намаз окуйм, жолдошум окубайт. Намаз окубаган адам менен жатуу, чочко менен жатканга барабар деген сөз чынбы?
*✅ЖООП:* Адамды ак жолго салуу Аллах Тааланын иши. Пенденин колунан келбейт. Пенде себеп гана боло алат. Ошондуктан, ар бир намазыңызда жолдошуңузга дуба кылсаңыз жакшы болот. Жолдошуңуз мусулман эле болсо никеңер сакталып турат. Көңүлүн алып, ыраазылыгын тапсаңыз бейиши болоорсуз. Сиз айткан сөз да айтылат.
*СУРОО:* Намаз окуп жатканда айымдар бутуна байпак кийиши шартпы?
*✅ЖООП:* Чоочун эркектердин көзү түшө турган жерде болсоңуз бутуңузга байпак кийип алууңуз шарт болот. Ал эми өзүңүзчө жалгыз, же туугандарыңыздын, же жалаң аялдардын арасында болсоңуз кызыл ашыка чейин жабылуу болгон болсо, байпак кийүү шарт эмес. Анткен аялзатынын буту намаздын өзүндө аврат деп эсептелбегени менен чоочун эркектерден бутун жабуусу милдеттүү деп фатва берилет керемет мазхабыбызда.
*СУРОО:* Өлгөн адам түшкө кирсе эмне кылыш керек? Дегеле, түшкө ишенсе болобу? Түш тууралуу шариятта кандай айтылат? Кенен айтып бериңүздү суранам.
*✅ЖООП:* Өлгөн адам түшкө кирсе, Куран окуп сообун багыштаса жакшы болот. Бул туурасында «Бактылуулуктун формуласы» деген китебибиздин 75-бетинде кеңири айтканбыз. Ал эми түш үч түргө бөлүнөт. Жакшы түштөр Алла Тааладан, жаман түштөр шайтандан, түшүнүксүз түштөр адамдын чарчаганынан, көңүлүнүн жай эместигинен болот. Бардык түштү колдон келишинче жакшылыкка гана жоруган оң. Ак пейилдүү адамга жоруткан жакшы. Көңүлгө жакпай турган түш болсо, эч кимге айтпай жардыларга садака тыйын берип койсоңуз, баш-көзүңүздөн садака болоор.
*СУРОО:* Боюнан алдыруу канчалык күнөө, аркы дүйнөгө барганда ошол балдар энени тозокко сүйрөйт деген чынбы?
*✅ЖООП:* Адам өлтүргөндөй эле күнөөкөр боло Боюндагы баланы төрөө эненин ден-соолугуна олуттуу зыян бере турган болгондо, же ичтеги бала өспөй калып, же оорулуу болуп (мисалы баш сөөгү жок) туулгандан кийин да ата-энесинин балээси боло тургандай жагдай жаралса гана алдырганга уруксат берилет. Адегенде, дарыгерлердин чечими, андан кийин молдокелер карап макулдук бергенден кийин гана алдырганга болот жогорудагыдай шарттар менен. Ар ким өзү билемдик менен алдыра албайт. Кээ бирлер пландалбай калганы үчүн, же каалбагандыгы үчүн, же жөн эле бага албай калам деп алдырган болсо адам өлтүргүч болуп эсептелет. Ислам шарияты боюнча адам өлтүргөндөй жазага тартылат.
*СУРОО:* «Тирүүлүктө жети күйөөгө тийген айымдар бейишке чыгат» деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
*✅ЖООП:* Жок. Андай сөздү укпаптырбыз. Бул ушул, кайра-кайра күйөөгө тийгиси келгендердин чыгарганы го. Кичине жүзүбүз жарык болсун деп. Кудайым аялдарды көз ачып көргөнүнөн айрыбасын. Кошкону менен кошо карытсын.
*СУРОО:* Кечиресиз, ыңгайсыз болсо дагы суроомо жооп алгым келет. Кытайлардын бир дарысы бар экен, формасы эркек кишинин мүчөсүнө окшош. Аны пайдалануу менен аял жатын ооруларынан арылат экен. Мындай каражатты колдонуу күнөө болбойбу?
*✅ЖООП:* Кечиргенден дагы сурооңузга жооп берүү кыйыныраак экен. Жатыны ансыз айыкпай турган болсо эмне кылмак эле? Ооруп жаны сыздагандан көрө аны пайдаланганы оңураак болгону турат. Бирок тескери жагы ага көнүп алып, күйөөсүн тең синбей калса коом бузулганы жатпайбы? Жакшысы, Кудайым жаратып койгон дарысы күйөөңүздү жакшыраак пайдаланыңыз. Дарылык касиети анча жок болсо күчтөндүрүп тамак берип бапестеп карасаңыз, ордуна келээр. Күйөөңүз жок болсо күйөөгө тийиңиз. Кытай кургур адамы көбөйүп кеткенинен эмнени гана кылбайт. Ага койсок эч ким көбөйбөй эле дарыны кучактап жата берсе... Бизге ал номуру өтпөйт. Кыргыз аз болгондуктан, жерибизге кошуналар кирип келип жашап жатышат. Ар бир кыргыз жок дегенде бештен, ал-күч берсе ондон балалуу болуш керек.
*Акыйкат жолу китебинен*
© БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 20 Февраль 2017 - 14:00
#209 20 Февраль 2017 - 20:26
#210 09 Апрель 2017 - 22:22
#211 10 Апрель 2017 - 06:23
Жооп; бербе сен деген эркексин,ал сага эркелегиси келип ошол ишти кылып атат.Конулун котор,жентельмен бол базарды карасан женнтельмен деген китеп бар ошону оку болгону 15-сом турат.Ал жак бери жагына атырдан себин,спорттук залдарга бар,гул алып барып бер.Кечке сага манты кыла берип тажаган (базарга алып чыгып манты алып бер,ага кошуп лагман алып бер) сага ыраазы болот ошондо.Атыр, алып бер деди аны кылбадын,тигини кыл деди кылбадын анан талак сураса оозунда турат ма! Деп бере каласын.Эркекти эмнеге талак берууго укуктуу кылган? Себеби; эркектин акылы аялдарга караганда жогору болот,аялдар сезими менен кылат баарын.Ошол сезимин тушун сен.Бербе сен эмнеге ага талак беришин керек?
Бир жолу сыналгыдан суроо келиптир "суннотко кантип олтургузат" деп эмне ушул жерде туруп коргозмок белем? Эми сага аялынды кантип суйдурушту уйротойунбу оку баары жазылган.
Бул жазылгандар толук болбой калышы мумкун мен укканымды кана жазып атам.
Билдирүүнү түзөткөн: kaidasyn: 10 Апрель 2017 - 06:47
#212 22 Апрель 2017 - 19:57
-Молдо өзү албашы мүмкүн, бирок ага үй ээси урматтап берген болсо аны алыш керек. Анткени молдо да жөн эле бекерчи эмес да, анын да үй-бүлөсү бар, бала бакырасы бар, аларды багыш керек. Тескерисинче кайра молдого көбүрөөк бериш керек. Мисалы, ырчылар келип ырдап берсе же бир бийчи келип секирип бийлеп койсо анда ага эч нерсе дебестен акысын колдоруна карматышат. Ошол эле учурда бир кадыр-барктуу эле молдо келе турган болсо ага качанкы бир кийилбей калган эски кытай көйнөктү карматып, катыган эки нанды салып берип коюп молдону ыраазы кылдым деп ойлошот. Молдо келбей калса нике кыйылбай калышы мүмкүн эле да. Азыр элдер майдаланып бара жатышат. “Молдого акы берсе болобу, канча берсем болот?”- деп. Молдого акы берсең ал арак ичпейт, сойкуларга барбайт, адал тамак ичип тескерисинче ошол берген акыбыздын сообу кайтат. Жылаңач кийимчендерге акча бере турган болсок алар кайра ошондой жылаңач иштерге акысын коротуп, адамдардын бузулушуна себепкер болот.
-Иним бар, анын 5 баласы бар. Кичүү баласы 4 айлык болгондо кайра келинчегинин боюнда болуп калды. Ал наристени бойдон алдырып салса болобу?
-Эгер келиндин дени сак боло турган болсо анда наристени алдыруунун кереги жок. Аман-эсен көз жарып алган соң, кийинкилеринде сактанганга аракет кылыш керек.
-Биз жакшы эле турабыз. Мен Орусияда иштейм. Бирок атам эмнегедир насыя алууга абдан көнүп алды. Мен акча берейин десем деле көнбөй эле насыя ала берет. Эмне кылсам болот?
– Насыя алуу бул арам иш. Эгер насыя алып жаткан болсо анда акча жөнөтпөй эле койгула. Демек, атаңардын акчасы бар деген сөз. Ата-энеңиз насыя алып жатып акча жөнөтпөйсүң деп капа боло турган болсо ага маани бербеңиз. Себеби алар арам иш кылып коркутпашы керек. Ага бере турган акчаны сактап коюңуз. Качан насыя алганын токтоткондо анан ал акчаңызды берсеңиз болот.
-Менин акчаларымды туугандарыма берип койгон элем, кийин кайра кайрып алгыча иштете туруу үчүн. Ошол акчаларыма зекет беремби?
-Сиз ал акчаларды кайра колуңузга алганда зекет берсеңиз болот.
–Беш балам бар. Улуу балдарым 12 жана 9 жашта. Биз азыр Орусияда жашайбыз. Балдарымды Кыргызстандагы кайсы медресеге берсем болот?
-Жайкы каникулдарда лагерлерге берсеңиз болот. Анткени медреселер 9-класстан жогору кабыл алып баштайт.
-Чачын, тырмагын боёнуп жүрүүчү айымдар намаз окуганда эмне кылса болот?
– Тырмакка лак койсоңуз даарат өтпөй калат. Чачка хына койсоңуз болот. Боёнуп намаз окуй бериңиз, бирок бара-бара даарат алып атып өзүңүз эле сулуу болуп, боёкко муктаждык калбай калат.
-Муфтийликке сиз талапкерлигиңизди койсоңуз кандай болот?
-Муфтийди шайлоо Аалымдардын кеңешинин иши. Аны мен барып болом деген киши эле боло албайт.
-Асмайды таштоо үчүн эмне кылуу керек жана кандай дубаларды колдонсо болот?
-“Аузуу биллахи мина шайтоонир рожиим” деген дубаны айтып эле Алладан тилек кыла бериңиз.
-Өлүк чыккан үйдөн тамак жасалбаш керек деген ойго карата көз карашыңыз?
-Ысырапкерчилик өтө арам нерсе. Негизинен маркум чыккан үйдөн 3 күнгө чейин тамак желбеш керек. Бизде шариятка каршы келген иштерди кылабыз. Тескерисинче маркум чыккан үйдөн көп тамак-аш желет.
-Сиздин ачкан академияңыздан айымдар барып билим алса болобу?
-Азырынчы мырзаларга гана арналган окуу жай болууда. Ал эми айымдарга жекшемби күндөрү сабак болуп турат.
-Сүмөлөктү Нооруз күнүнөн башка күндөрдө деле жасап жегенге болобу?
– Сүмөлөк, көжө сыяктуу тамак-аш оокаттарын эч бир майрамга байлабай даярдап жей берүү жакшы иш.
-“Доктор шер” деген суусундукту айтып каласыз. Ал суусундукту кайдан алсак болот?
-Аны Бишкектеги бир канча дүкөндөрдөн оңой эле таап алсаңыздар болот.
-Мен намаз окуйм. Сыркоолоп калганыма байланыштуу алтын ийне менен дарыланып жаткан элем. Ал ийнени спиртке тазалап алып мени дарылоо үчүн колдонуп жатышканда ийне сайылган жерлерден кан чыгып кетүүдө. Анан ал ийнени алып жаткан учурда адамдагы клеткалар ачылып калгандыктан денеге суу тийгизбеш керек экен. Анан мен намазды кандай кылсам болот?
-Суу тийгизбей, таямум кылып, кургак даарат алып окуй бериңиз. Ийне саюуда спирт сүртүп жаткан болсоңуз ал эч нерсе деле болбойт. Бирок кан чыккан учурда даарат бузулат. Кайра даарат алып намазыңызды уланта бериңиз.
-Намазды каза кылып алганда казасын кайсы убакта окусам болот?
-Каза намаз бул убакытта окулсун деген атайын бир убакыт жок. Качан убактыңыз болгон болсо дароо, тезирээк окуганга аракет кылыңыз.
-Иним үйлөнгөн. Бир баласы бар, бирок келинчеги менен түшүнбөстүктөр болуп ажырашып кеткендерине бир жылдай болду. Ачуусу менен иним келинчегине үч жолу, “талак” – деп айтып койгон экен. Бул маселени кантип чечсек болот?
-Бул маселени чечүү үчүн иниңиз менен келинчегин мага алып келсеңиз жакшы болмок. Себеби бул азыр экөөбүз отуруп чечип коё турган иш эмес. Бетме-бет сүйлөшүш керек.
-Кыздардын Куран курсу боюнча маалымат берип коюңузчу.
-Кыздардын Куран курсу Түркия элчилиги менен Кыргызстан муфтиятынын ортосундагы келишимдин негизинде түзүлгөн. Ал жерде кыздарыбызга арналган пайдалуу сабактар өткөрүлөт. Бир гана менин көз карашым боюнча туура эмес деп эсептегеним, бул курста окуган бойдок кыздарды Түркияга окууга жибергендери, мен буга каршы элем.
-Кайсы масхабды кармануу милдеттүү?
-Биз 4 масхабды туура деп билебиз. Ханафи масхабын карманган бизге важип-милдеттүү.
-Жаңы келин болуп келгендеги жүгүнгөн туура деп эсептейсизби. Ал сыйынуу болуп калбайбы?
-Келиндин улууларга, кайын ата, кайын энесине сыйлоо, салам иретинде жүгүнүүсү эч кандай зыян деп эсептелбейт. Ал эми аларды кудайдай көрүп сыйынуу иретинде ошол улуулар ырыскы берет, жашоомду ошолор өзгөртөт деп Кудайга таандык ишеним менен жүгүнө турган болсо, анда ал ыймандан чыккан ишти жасаган болот.
-Президенттик шайлоого талапкерлигиңизди коёсузбу?
-Президенттик шайлоого талапкерликти койбой эле элге кызмат кылсак болот. Президент 6 эле жыл кызмат кылат. Мен өмүр бою кызмат кылып, элге пайдамды тийгизейин деп ниет кылып отурам. Бирок биз жалпыбыз дуба кылышыбыз керек арак ичпеген, адал иштеген, ыймандуу, элге, жерге күйүмдүү башчыны Аллахым насип кылсын. Негедир ушул суроо мага көп берилип жатат, демек, мен элибиз ыймандуу башчыга суусап турат деп ойлойм.
-Азыркы учурда балдар ата-энеге күйүмдүү болбой бара жатат. Деги эле ата-энеге, жакындарга кандай дуба кылып турсак болот?
-Аллахым баарыбызга ыйман берсин. Адалдан келген ырыскы берсин. Кудай Таалам ажырашкандарды жараштырсын, таарынышкандарды табыштырсын. Ким эмнени кааласа ошону насип кылсын. Бардык жакындарыбызга жакшылык ыроологон болсун. Жүрөгүбүздөгү жаман сапаттарды алып салган болсун. Ар жерден келген балээлерден сактап, жаман көз, жаман сөздөн алыс кылсын. Ар бир мусулман ыплас иштерден алыс болгон болсун. Өтүп кеткен жакындарыбызды Аллахым өзүнүн ырайым кучагына алган болсун.
-Кара мышык бакса болобу?
-Ак мышык, кара мышык баары бир мышык. Кара мышык баксаңыз болот. Пайгамбарыбыз өзү да мышык баккан. Мышыктын баары эле бирдей.
-Жолдошумдун өтүп кеткенине бир жарым жыл болду. Ошол адамга дуба кылып коё аласызбы?!
-Аллахым бардык өтүп кеткен маркумдарыбызга бейишинен орун берсин. Алардын пендечилик кылып кетирген күнөөлөрү болсо кечирсин. Аркасында калгандарга ыйман берсин.
-Менин түшүмө жылан абдан көп кирет. Бул эмнени түшүндүрөт?
-Түштү жакшылыкка жоруш керек. Бизде жылан түшкө кирсе байлык деп эсептелет. Байып байлыгыңыздан зекет берип, мечит, медресе куруп сооп иштерди жасаганды Кудайым насип кылсын. Деги эле бай адамдар ушундай сооп иштерди жасаса деп тилек кылат элем.
– Түшүмдө Куран китеп өрт болуп күйүп жаткан экен. Ошол өрттүн арасынан мен Куран китепти алып чыгыптырмын. Ушул түшүмдү жоруп бериңизчи.
-Сен медресеге кирип, Куран жаттайсың. Сенин түшүң мына ушундай жорулат бир тууганым. Сенден чоң аалым чыгышы ыктымал. Түшүң түш болбой, туш келген болсун. Аллахым түшүңдү кабыл кылсын.
-Адахан Мадумаровдун президент болуп калышына көз карашыңыз кандай?
-Биз дайыма дуба кылып турабыз. Кудайга жаккан, биздин диндарыбыз болгон адам биздин башчыбыз болуп, президенттик шайлоодон өтсүн деп. Чоң саясатта жүргөндөрдүн бардыгы менен эле тааныштыгым бар, ошондуктан саясий дубаларды купуячылыкка калтырганыбыз эле жакшы деп ойлойм. Бирок Кудай Таалам эң жакшысына ийгилик берсин деп тилек кылалы.
-Кыздарды кордогон эркектерге кандай жазаларды колдонсок болот?
– Кыздарды кордоо – бул өтө жаман жорук. Мындан Кудай Таалам өзү сактасын. Эгерде кимдир бирөө башка бир кызды зордуктап, таштап кете турган болсо анда ошол эркектин дагы үй-бүлөсүнөн бирөө зордукталат деген сөз. Анткени биздин дүнүйө салынуу кашык дүнүйө. Ошондуктан мындай зынаакорлуктан абдан этият болушубуз керек. Кыздарыбыздын, карындаштарыбыздын ар жерде кор болушуна биз жол бербешибиз керек.
– Масхаб деген эмне?
– Масхаб – бул жол деген сөз. Пайгамбардын сүннөттөрүн, Курани Каримди ар бир адам эле түшүнүп, ар бир адам эле биле бербейт. Мисалы, мен медицина боюнча көп нерсени билбейм жана түшүнбөйм. Ошол үчүн мен докдурлар менен кеңешип, алардын айтканын угам. Бул деген ошол докдурдун масхабындамын, ошол докдурдун жолундамын деген сөз. Ошол сыяктуу эле Куранды, хадисти биле албаган адистер, билген адистерди ээрчигени жакшы. Билгендердин ичинен эң ишенимдүүсү, айтылган сөздөрү дайыма туура, так, толук жетип турганы “Ханафи масхабы” деп аталат. Бул канткенде туура кылып Куранды окуйм, сүннөттү карманам дегенге кеткен жол. Кээ бир адамдар масхаб колдонбойт, ал болбойт китептен эле үйрөнүп алабыз деши мүмкүн. Бул деле туура, бирок амал кылганда, аны аткара келгенде алар адашып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул иште этият болушубуз керек. Масхаб карманган – бул важип. Масхаб карманбаш керек, ал иш туура эмес дегендердин өзүлөрү туура эмес. Алар туура эмес багытта кетип жаткандар, алардан Кудайым сактасын.
-“Кут” деген сөз жөнүндө түшүнүк берсениз?
-“Кут” деген сөз Кудайдан келген береке дегенди билдирет. Ал таш болуп келип түшүп калбайт. Ал ыйман менен намаз окуп жакшы амалдарды кылуу менен түз жүргөн, туура жүргөн адамдарга келет.
– Балдарга жөлөк пул берсе, алса болобу?
-“Лөлүнүн атын сугарып, пулун ал” деген сөз бар. Мамлекет берсе алыш керек. Бирок мамлекетти мен жардымын, мен кембагалмын деп жок балдарды жаздырып алдап акча албаш керек. Эгер тааныш-билишке салып эптеп документ чогултуп, мамлекеттен ашыкча акча өндүрүп алам десеңиз анда сиз арам иш кылган болосуз. Чындап муктаж болсоңуз анда алсаңыз болот. Эгер балдарыңыз көп, бирок оокатыңыз өзүңүзгө жеткиликтүү боло турган болсо анда ал акчаны алуунун кереги жок.

#213 30 Апрель 2017 - 20:34
*Спирт ичимдигин же төк, же итке бер*
*- Ассаламу алейкум. Тагдырдын сыноосу экен. Улуу сөздө уят жок дегендей бир бала күч колдонуп мени зордуктап койгон. Кийин ошол баладан боюма бүтүп калыптыр. Анан ал балага жолугуп, абалды түшүндүрсөм, мен бага албайм деп качып кетти. Милицияга арыз жазып койгом. Азыр алар иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Апам болсо балаңды карай албайм деп жатат. Кийин бир бойдок байке мага турмушка чык деп айтты. Боюнда бар кезде нике өтөбү?*
*Жооп:* Биринчиден, боюңдагы баланы алдырбай жүргөнүңдүн өзү эрдик. Сени никесиз зордуктап кеткенде дагы шарият боюнча нике жүргөн болот. Бала төрөлгөнгө чейин кийинки никең менен жыныстык катнашта болууга тыюу салынат. Төрөгөндөн кийин ал жигит менен толук түрдө жашоого уруксат берилет. Ошол жигитке Алла ыраазы болсун. Чөкпө, эч качан кайгырба. Бул күн да өтүп кетет. Мындан кийин этият болуп, коопсуздук жок болгон жайларга чыкпаш керек. Сени ала турган жигитке менин атымдан да ыраазычылык билдирип кой. Сенин абийириңди жаап жаткан болсо, анда ал жакшы иш жасаган болот. Баланы туура тарбиялап өстүр. Иншааллах баары жакшы болот.
*- Мен Санкт-Петербургда жашайм. Орус улутундагы жетим-жесирлерге садака берсе болобу? Кыргызстанда жүргөндө 3000 рубль таап алган элем. Андан кантип кутулсам болот?*
*Жооп:* Албетте садака берсеңиз болот, бирок зекетти берүүгө болбойт. Себеби зекетти мусулмандарга гана берүүгө болот. Эгер алар сиздин мусулман экениңизди билип, ошондон улам мусулмандар жакшы экен деген түшүнүк алса бул абдан жакшы көрүнүш. Таап алган акчаңызды садака кылып берип коюңуз.
*Көп жылдан бери айдоочу болуп иштейм. Кээде кардарларга кайтарым акчаны берерде бир аз жетпей калат. Кээ бирлери туура түшүнүп, кээ бирлери такап сурап алган учурлар болот. Динде буга кандай каралат? Экинчи суроом, насыяга акча алып там салып жаткан элем. Бул күнөө болбойбу?*
*Жооп:* Эгерде кызматыңызда сиз кайтарым акча бере албай калсаңыз же сизге кардарыңыз бере албай калса жана ошого эки тарап тең ыраазы боло турган болсо, анда эч кандай зыяны болбойт. Эгер нааразы болсо сөзсүз акчаңызды майдалатып бергенге аракет кылыңыз. Экинчи сурооңуз боюнча, эркектин милдети үй салып үй-бүлөнү багуу. Сиздин да үй салганыңыз абдан жакшы. Бирок насыяга акча албай, бардыгын адал акча менен бүтүргөнгө аракет кылыңыз. Балким кеч бүтүп калышы мүмкүн, бирок жыйынтыгында үйүңүз адалга бүтөт.
*- Асыранды баланы эмчектеш бир тууган кылса болобу? Жакында Ысык-Көл облусунда көп суммадагы акчанын ичимдиктери төгүлдү. Ошол ичимдиктерди төкпөй эле кайсы бир мусулман эместерге сатып, анын акчасын ошол айылдын коомдук иштерине же пайдалуу жактарга жумшаса кандай болмок?*
*Жооп:* Баланы эмизуү эки жарым жашка чейин гана болот. Бала 2,5 жашка чыга элек болсо аны эмизип, өзүнүн өкүмүнө алса болот. Эгер асыранды бала 2,5 жаштан өтүп кетсе аны эмчектеш бир тууган кылууга болбой калат. Асыранды баланы балагатка жеткен учурда өзүнүн кызын же карындашын никелеп койсо болот.
Негизинен шариятта спирт ичимдиктерин сатып, андан пайда көрүүгө толук түрдө тыюу салынат. Өрнөк айылында өрнөктүү иш болду. Ал жердеги дүкөндөрдө сатылган бардык спирт ичимдиктери төгүлдү. Спирт ичимдигин же төгүш керек же итке бериш керек. Аны мусулман эмес бирөөгө сатып, пайда көрүү күнөө болуп эсептелет.
*- Масх тарткандан кийин бешим намазында маасыны чечкенде даарат толук бузулабы? Таяммум дааратын кийимдин сыртынан ала берсе болобу? Арабча кол жазмасы сулуу болсо масуыраты да сулуу болот деген бир хадис окудум эле, ушулар жөнүндө айтып берсеңиз.*
*Жооп:* Эгерде сиз эртең менен даарат алып, андан кийин бутуң узду жууп, маасы кийип, бирок бешим убагына чейин дааратыңыз бузулган болуп, кайра даарат алып, маасыңызга масх тарткандан кийин бутуңузду чечсеңиз анда буттун гана даараты бузулган болот. Таямумда чыкканакка чейин билек ачык болуу керек. Араб жазуусун сулуу жазгандардын жубайы сулуу болот деген боюнча маалыматым жок. Бирок деги эле кайсы тамганы болбосун сулуу жаза билгендер табиятынан сулуу жандарды тандай билет болуш керек деген ишенимди айткым келет.
*- Балам 8 айлык болуп төрөлүп калган. Ошондо врачтар эксгумация кылсаң, башка балдарыңа жардам берет элек, себеби эмнеден болгонун көрүшүбүз керек дешкен. Ал убакта динден билимибиз жок болгондуктан, баламдан жөн эле кечип салдыкпы деп ойлоно берем. Менде күнөө барбы, эмне кылып күнөөмдү жуусам болот? Азыркы учурда көптөгөн идиштерде сары жалтырактар бар. Жолдошум андай идиштер менен тамак ичүүгө болбойт деп айтат. Бул маселенин канчалык чындыгы бар?*
*Жооп:* Сизде күнөө жок, сиз туура эле чечим кабыл алгансыз. Балким ал балаңызды оорулуу кылып төрөсөңүз, кийинки балдарыңыз да оорулуу төрөлүп калмак. Ошон үчүн сиз өз убагында туура эле кылгансыз. Ал эми идиштин жылтырактары чыгып, ден соолукка зыян боло турган болбосо шариятка туура келбеген жактары деле жок. Болгону адамдын сүрөтү бар идиштерди колдонбош керек.
*- «Халал» деген сертификаты бар тамак-аштын баарын эле адал деп кабыл алууга болобу?*
*Жооп:* Өлкөбүздө «Халал» деп сертификат берген аз сандагы мекемелер бар. Ошол себептен мамлекеттик негизде ишканалар ачылса, ошону колго алсак жакшы болмок деп ойлойм. Негизинен этият болушубуз керек. Коомдо «Халал» деген сертификатты сатып алып эле иш алып бара беришет экен деген кептер айтылып келет. Албетте халал комитеттери колдон келишинче жакшы иштерди кылып атышат, бирок ошентсе дагы күмөндүү иштерден ар бирибиз сактанып жүрүшүбүз керек.
*- Апам бир жыл мурун боор оорусу менен жабыркап калды. Апамды айыктырып сактап калууга абдан аракет кылдым. Элге кайрылып акча чогултуп өзүм донор болуп боорумду берейин деп чечкен элем. Тилекке каршы, эки жума мурун чет мамлекетке учуп кетели деп жатканда апам өтүп кетти. Мен жетишпей калганыма өзүмдү абдан күнөөлүү сезип жатам.*
*Жооп:* Урматтуу бир тууганым, сабыр кылыңыз. Алланын тагдырын биз өзгөртө албайбыз. Албетте ата-энебизге канчалык жакшылыктарды жасасак деле жакшылык кылбагандай сезимде боло беребиз. Бул табигый сезим деп ойлойм. Себеби ата–энеге болгон сүйүүнүн, ырайымдын улуулугу ошого түртөт. Өзүмдүн апамдын өтүп кеткенине дагы 5 айдын жүзү болду. Алигиче мен дагы өзүмдү күнөөлүү сезем. Колуңуздан келишинче аракетти кылыптырсыз. Алар өтүп кеткенден кийин бир гана дуба кылып, Куран окуп жакшылык кыла алабыз. Ошондуктан дуба кылыңыз. Адамдар өлүп калды деген алар таптакыр эле жок болуп кетти деген сөз эмес. Болгону биздин ааламдагы бир этаптан башка бир этапка өтүп кетишти. Демек, алар биз менен байланышта болуп турушат, бирок ал байланышты биз сезбейбиз. Ошондуктан намаз окуп, орозо тутуп өтүп кеткен ата- энелерибизге багыштап турган болсок, алардын сообу эч качан тийбей койбойт.
*- Билип, билбей кетирген күнөөлөрдү жууй турган сооп иштерди айтып бериңизчи?*
*Жооп:* Билбей калып кылынган күнөөлөр түшүнүктүү, бирок билип кылган күнөөлөрдү, мисалы, бирөөнүн акысына кирсеңиз андан кечирим сурап, бир нерсесин алсаңыз кайра кайтарып берип, күнөөнү жоюуга аракет кылыш керек. Андан кийин истигфар айтуу керек. Истигфар - тообо келтирүү. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бир осуятында: «Күнөөдөн тообо кылган адам, күнөөсү жок адамдай эле» деген. Ошондуктан тообо кылганга шашылалы.
*- Апам атасыз баланы балдар үйүнө өткөрүп сал деп жатат. Эмне кылсам болот?*
*Жооп:* Бала көчөдө калбаш керек. Балким бир баптистин колуна түшүп калышы мүмкүн же жаман жолго кетип калышы мүмкүн.Ошондуктан балаңды өзүң тарбиялашың керек.
*- Менин бир тууган уялашым өтүп кеткенине көп жыл болду. Бирок түшүмө көп кирет. Ал түшүмө кирсе сүйүнүп, ээрчип кетким келет. Эмнеге мага ушундай түштөр көп кирет. Курандан башка дагы эмне кылсам болот?*
*Жооп:* Намаз окуңуз, Куран окуңуз андан кийин дуба кылыңыз. Анткени алар дайыма биз менен байланышта болуп турат. Ал сиздин намаз окубай жүргөнүңүздү көрүп боору ачып атат, бул жакка келгенде кыйын болуп калат бир тууганым деп, анын сизге намаз окуу деген каалоосу. Колуңуздан келсе мүмкүнчүлүккө жараша садака кайрымдуулук кылып туруңуз. Эң негизгиси намаз окуп, намаздан кийинки сообун багыштасаңыз, бул эң жогорку сооптордун бири болот.
*- Биздин айылга мечит салынып жаткан, бирок толук бүтө элек. Имамыбыз мечитти өзүм бүтүрөм, ага атамдын атын коём деген. Бирок өзү бүтүрө албай жатат. Эл болсо сообу бизге тиет деп колдон келишинче жардам берүүдө. Ошентип мечит бүткөндөн кийин молдо өзүнүн атасынын атын коюп алса туура болобу?*
*Жооп:* Пайгамбарыбыз кимде ким Алланын ыраазычылыгы үчүн үй кура турган болсо, ал адамга Аллахым бейиштен үй берет деген. Ошондуктан мечиттин бүтүшүнө жардам бере бергиле. Молдо туура жолдо болгон болсо, атасы да туура жолдо болгон болсо ысымын койсо эч нерсе болбойт. Андан жардам берген адамдардын дагы эч кандай сообунан кемип калбайт.
*- Илим-билимдүү, бирок социалдык тармактарга сүрөтүн жарыялаган кызга үйлөнүү керекпи же билими жок, бирок социалдык тармактарга сүрөтүн жарыялабаган кызга үйлөнүү керекпи?*
*Жооп:* Мен илим-билими жок болсо да социалдык тармакка сүрөтүн жарыялабаган кызга үйлөн деп айтаар элем.
*- Бир кызды абдан жакшы көрөм. Ал абдан билимдүү, жакшы кыз. Бирок мага турмушка чыгууга такыр макул эмес. Көп жолу жуучу дагы жиберип көрдүм. Мен ошол кызга гана үйлөнгүм келет. Эмне кылсам болот?*
*Жооп:* Биринчиден, ниет кыл. Алладан кыздын жүрөгүн жумшарта көр деп дуба кыл. Эгер такыр болбой турган болсо ал кыз менен эле жашоо бүтүп калбайт. Башка дагы ыймандуу кыздарга жолукканга аракет кыл.
*- Сиз устара менен сакал-мурут албаш керек деп айтып келесиз. Анда эмне менен алсак болот?*
*Жооп:* Кайчы менен сакал-мурутту алыш керек. Абдан кыска кылып алсаңыз болот.
*- Арбактар наразы болсо түшкө кирет деп уккам. Бул сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?*
*Жооп:* Арбактар жалгыз гана нааразы болгондо эмес, ыраазы болгондо да түшкө кирет. Шайтан бир гана пайгамбарыбыздын кебетесинде түшкө кире албайт, ошондуктан кээде өлгөн адамдардын кейпин жамынып шайтан дагы түшкө кириши мүмкүн. Эгерде жаман түш кирсе ал шайтандын таасири болушу мүмкүн. Ага маани бербей эле койгула.
*- Апам ооруп калып дарылануусуна элден акча жыйнаганбыз. Тилекке каршы, апам жыйнаган акчага дарыланбай өтүп кетти. Биз ал акчаларды кайра элге таратып бердик. Бизге сооп болушу мүмкүнбү?*
*Жооп:* Албетте, элден чогулган акчаларды муктаж болгондорго таратып берсеңиздер сооп болот.
*- Багымдат намазында «Фатиха» сүрөөсүнөн кийин «Биссмилляхи рохмоони рохим» дегенди айтпай кетсе деле болобу?*
*Жооп:* Айтсаңыз да, айтпай койсоңуз да боло берет.
*- Жумуштан чарчап келип уктасам эле аркамдан бирөө бычак менен сайгансып кыйнала берем. Эмне кылсам болот?*
*Жооп:* Жумуштан келгенде адам чарчап калат. Ошол учурда жуунуп-таранып, даарат менен жатса кыйналбай укташы мүмкүн.
*- Кайненем орустар менен иштешкендигине байланыштуу үйгө чочконун эттерин алып келе берет. Жолдошум да айтып түшүнүрсө такыр көнбөй койду. Эмне кылсак болот?*
*Жооп:* Энени кагып, урушпаш керек. Чочконун этинин зыяны боюнча кайненеңизге айтып түшүндүрүңүздөр.
*- Адам баласы кандай кылганда түз бейишке кирет. Ушуга байланыштуу хадистер же аяттардан айтып бериңизчи? Менин убактым аз болгондугуна байланыштуу дааватка чыга албайм.*
*Жооп:* Эгер жеген тамагыңар адал болсо, дин менен, сүннөт менен, шарият менен жашасаңар, андан кийин башкаларга зыян тийгизбесеңер силер бейиштик болосуңар.
*- Үйлөгөнүмө бир жыл болду. Келинчегимдин кыргызчылык жайы бар экен. Абдан кыйналып жатат. Кантип токтотсок болот?*
*Жооп:* Эң негизгиси намаз окусун. Буюрса баары жакшы болот.
*- Инсан карызга батып кетип кайра башка адамдардан кошумча пайызы менен акча ала турган болсо ал кандай эсептелет?*
*Жооп:* Биз аны сүткордук деп айтабыз. Бул дагы арам деп эсептелет. Кыргызда жакшы сөз бар “Төшөгүңө карап бутуңду сун” деген, адам карыз алып жатканда мына ушул макалды эстеп койсо. Карызды төлөй аламбы, төлөй албаймынбы деген суроону коюш керек. Эгерде төлөй турганга чама-чаркым жетет дей турган болсо анда алыш керек. Карыз берип жаткан адам жакшылык кылып жатам деп берет. Ошондуктан жакшылыкка жакшылык менен жооп кайтарышыбыз керек. Кээ бирөөлөр карыз акча алып, төлөй албай калганда эмнеге алганын сурасаң зарылчылык болуп калып алдым деп жооп беришет. Зарылчылык качан адам өлөр алдында же ачка калган учурда келип чыгат. Үйгө диван алыш керек болуп, же килемди алмаштырыш керек болуп, же тойго барыш үчүн жаңы көйнөк алыш үчүн карыздап акча алуу арам деп эсептелинип, зарылчылыкка жатпайт.
*- Менден карызга акча алып төлөгөндөр бар, төлөй албай калгандар бар. Кээде төлөй албай калгандар болсо өзүм барып кечтим деп айткан күндөрүм болот. Ошол зекет болобу?*
*Жооп:* Бул жерде кайсы бир мезгилде байлыкты берген, бирок ушул учурда ал байлык жок болгондуктан ал зекетке жатпай калат. Карызды кечип жиберип зекет бердим деген туура эмес. Бирок карызын кечкен адам кайсы бир деңгээлде күнөөсүнөн арылышы мүмкүн. Карыз берүү адамдардын кайсы бир мөөнөткө бир кыжаалаттан чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн бири-бирине акча берүүсү. Пайгамбарыбыз кимде-ким эки жолу карыз берсе, ошол сумманы бүтүндөй бекер бергендей соопко ээ болот деген. Ошондуктан колуңузда болгон болсо ,кайсы бир кембагалдарга карыз берген болсоңуз ошону кечип жибериңиз.
*- Мен унаа алып бир аз акча жетпей калгандыктан насыя алып төлөп бергенге туура келди. Бул сүткордукка жатабы?*
*Жооп:* Албетте сүткордукка жатат. Кээ бирлер мен насыяга акча алып эле жатам, жакшы эле байып жатам деп айтышы мүмкүн. Ал утурумдук нерсе. Бардыгына адал эмгек менен жетишибиз керек. Ошондо жугумдуу, берекелүү болот.
*- Маичилерге пара берүү туурабы же туура эмеспи?*
*Жооп:* Негизи мына ошол маичилер койгон эрежелерди кармануу биздин милдет болуп эсептелет. Куранда Алла Таалага анын элчиси пайгамбарыбызга, имамдарга, аалымдарга, жол башчыларыңарга, жетекчилериңерге баш ийгиле деп айтылат. Маичилер да ошол биздин жетекчилердин макулдугу, буйругу менен шарттарды, талаптарды коюп ишин жүргүзөт. Мисалы, 40тан ашпаш керек болгон жерден унааңызды 80 менен айдап жатсаңыз, милиция тосуп, 300 сом бере турган болуп 200 сом менен кутулуп кетсеңиз сизге дагы, ошол маи кызматкерине дагы арам болгон болот. Себеби ал маи кызматкери да аны алып барчу жерге алып барбай коюшу мүмкүн. Негизинен алар дагы сиз менен биздин коопсуздугубуз үчүн ушул милдетти аткарышат. 150-180ден ашып айдап, кырсыкка учурагандарга өзүн өзү өлтүрдү деп жаназа окулбай да калышы мүмкүн. Ошондуктан тартипти сактаганыбыз жакшы жыйынтык берет.
- Молдонун акча алганы туурабы? Нике бекер кыйылышы керекпи?*
Жооп: Нике бекер кыйылышы үчүн мамлекет молдого акча төлөп бериши керек. Молдонун үй-бүлөсү, балдары бар, кээ бир молдолордун экиден, үчтөн аялдары бар. Аларды ким багат? Нике окутканды билгенден кийин акча бергенди да билишибиз керек. Эгер акча бербей койсоңуз молдо нике кыйбай койсо, анда өмүр бою никесиз жүрүп калышыбыз мүмкүн. Бир артист келип саксаңдап ырдап чыкса милдеттүү түрдө акча берип жатпайсыздарбы. Керек болсо молдого ашыгы менен бериш керек. Ал картошкасын чаап кетип калса, же уйун суугарып кетсе анда сиздин, биздин никебизди ким кыймак? Жаназабызды ким окумак? Молдоке ошон үчүн элдин кызматында болоюн деген. Ал биздин тыйыныбызга муктаж болуп окуган жок, ошентсе да анын эмгегин урматташыбыз керек. Той берсек аракка беребиз, кудага беребиз, ачуу басарга беребиз, анан молдого бербеш керек эмес.
- Куран окугандыгы үчүн акча алган молдолорго кандай карайсыз?*
Жооп: Эгер молдого кимдир бирөө чын ыкласы менен ыраазычылыгын билдирип акча бере турган болсо анын эч кандай зыяны жок. Качан гана молдо куран окуш үчүн милдеттүү түрдө акча бергиле деп сурай турган болсо анда ал акча арам деп эсептелет. Себеп дегенде Алла Тааланын сөзүн акчага саткан болуп эсептелет. Ал эми кээ бир адамдар Куранды үйрөтүп, медреселерде сабак берип иштеши мүмкүн. Ошондуктан буларга берген акчаларыбыз пара эмес. Эгерде кимде ким куран окуш керек болгон жерден белгилүү суммада акча талап кылса, анда ал иттин этин жегендей эле арам иш. Эгерде молдонун эмгеги үчүн чын көңүлдөн бир белек, акча берилип, бирок молдо муктаждыгым жок деп чын көңүлүнөн баш тартса анда ал абдан жакшы. Эгер ал капа болуп калат дей турган болсоңуз ал белекти алып, сизден башка муктаж болгон бирөөнө берип койсоңуз болот.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#214 30 Апрель 2017 - 20:50
Суроо: Кээ бир күндөрү уктап калып Багымдат намазын окуй албай калам. Кээде жумуштан бошобой Бешим намазым да каза болуп калат. Бирөөлөрдөн сурасам ушул күнкү каза намаздын сүннөтүн да окуу керек дейт. Каза намаз боюнча кененирээк айтып бере аласыздарбы? 772 89-73..
Жооп: Намаздын каза болуусуна эки гана себеп бар: уктап калуу жана унутуп калуу. Мындан башка учурларда намазды окубай коюу чоң күнөө. Эч кандай жумуш намаздын убактысын өткөрүп жиберүүгө шылтоо болбойт. Анткени, жумуштун баары кайсы бир пенде үчүн аткарылат. Ал эми намаз Жаратуучунун буйругу. Көпчүлүк адамдар намаз убактыларын жакшы билишпейт жана түшүнүшпөйт. Алар календарда, же мечиттерде жазылып турган намаз убактыларын көрүп, намазды ошол убакта гана окуу керек деп ойлошот. Натыйжада, жумуш убактысы бүтпөй, саат бир жарымдан өтүп кетсе, намаз убактысы өтүп кетти деп эсептеп, ошол бойдон окубай кечкиге калтырып коюшат. Башка намаз убактыларында да ушундай эле көрүнүш болот. Бул туура эмес түшүнүк. Жазылган намаз убактылары ошол убакта мечитте жамаат намазы окулат деген маанини билдирет. Демек, бир жарымдан өтүп кетти деген сөз намаз каза болду деген сөз эмес. Болгону жамаат менен окуу мөөнөтү өтүп кетти. Ал эми Бешим намазынын убактысы Дигер намазынын убактысы киргенге чейин уланат. Ушул убакта Бешим намазын сүннөт, парзы менен толук окуп алса боло жана бул намаз өз убагында окулган намаз болуп эсептелет. Ар бир намазда жеткиликтүү убактысы бар. Убактысы эң тар болгон Шам намазында да жарым саатка жакын убактысы бар. Ал эми Багымдат намазынан уктап калган учурда, ойгоноор замат намаз окуу зарыл. Ошондой эле унутуп калган намазды да эске түшөр замат окуу керек. Каза болгон намаздарды чогултуп Куптан намазынан кийин окуу керек деген түшүнүк туура эмес. Эгер Багымдат намазын чак түшкө чейин окуса, эки ирекет сүннөтүн да кошуп окуу керек. Башка намаздар каза болгон учурда, алардын сүннөтү окулбайт.
Суроо: Биздин айылда адам кайтыш болгон соң үчтүк, кырктык анан аш деген ысыраптуу иштер дагы эле уланып жатат. Буларды аткарууну канчалык деңгээлде күнөөсү бар? Кээ бир молдокелер "мындай кылганга болбойт" деп айтып, анан өзү баштык толтура эт-май көтөрүп кетет. Аларды көргөн эл бул иштер анча деле күнөө эмес окшойт деп ойлоп калышат экен. Дегеле өлүктү узатуу боюнча кенен айтып беришиңиздерди суранам? 555 87- 61...
Жооп: Өлүктү узатуу боюнча гезитибиздин алдыңкы сандарында толук маалымат берилген. Сиздин сурооңуздагы үчтүк, жетилик, кырктык, элүү экилик, жылдык сыяктуулардын баары шариятта жок. Буларды өткөрүүнүн маркумга да, өткөрүүчүлөргө да эч кандай пайдасы тийбейт. Эгерде элге тамак-аш берип, өтүп кеткен маркумдарга сооп багыштоону кааласа, аны сөзсүз бир күндү белгилебей эле каалаган күнү бере берсе болот. Албетте кайыр садакалардын сообу маркумга жетет. Ал эми кайсы бир адамдын кылган ишин көрүп, бул ишти кыла берсе болот деген туура эмес түшүнүк. Мусулмандарга үлгү болуучу бир гана адам бар. Ал – биздин пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Башка адамдардын баары кемчиликтүү. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): "Ким биздин иштерибизден башка нерсени кылса, ат кайтарылат" деп айткан. Демек. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүннөт жолунда келбеген иштерди аткаруунун эч кандай пайдасы жок.
Суроо: Жиндерден кантип коргонуу керек? Намаз окуп таза жүрсөң деле жин кирип кетеби? 770 63-66...
Жооп: Адамдар эмне үчүн жин-шайтандан коргоно албай жаткандыгы тууралу гезиттин ушул санында учкай маалымат берилди. Ал эми кенен маалыматты атайын ушул темада жазылган китептерден алсаңыз болот. Негизи жинден сактанууну Аллахтан сурануу керек. Жин да Аллахтын макулугу. Аллахтын каалоосу менен гана кире алат. Эртең мененки жана кечки зикр сөздөрүн такай айтуунун адатка айландыруу керек. Жиндер орун алып калуусу мүмкүн болгон күл дөбөлөргө, мончого ж.б. жерлерге барганда "Ауузу биллахи минаш-шайтоонир- рожим", "Бисмиллах" деп айтып, этият кылуу керек. Шам учурунда сыртка чыкпоого аракет кылуу керек. Катуу коркуудан, же катуу сүйүнүүдөн этият болуу керек. Негизгиси, Аллахка таянып, чын ыклас менен, таза ибадат кылып жүрсө, жиндин кирип кетүү коркунучу болбойт.
Суроо: Намаз окуп жаткан учурда кайра-кайра адаша берем, мунун себеби эмнеде? Адашып калган учурда намазды кайра окуу керекпи? 0778 98-74...
Жооп: Бул көйгөй бардык эле адамдарда кездешет. Намаз – бул, Аллах менен пенденин ортосундагы байланыш. Намаз учурунда биз Аллахтын алдында турабыз. Мына ушул нерсени жадыбызга бекем сакташыбыз керек. Өзүңүз бир акимдин, же губернатордун алдына киргениңизди элестетип көрүңүз. Анын алдында өзүңүздү кандай кармайсыз? Анын алдында турган учурда эмнелерди ойлойсуз? Эгер элестетип көрсөңүз ал жердеги абалыңыз сизге маалым болот. Ал эми Аллах Тааланын алдында кандай туруп жатасыз? Муну да элестетип көрүңүз. Ошондо сиз намазды кандай деңгээлдеги ыйман менен окуп жатканыңызды түшүнөсүз. Шайтан адамдын ибадатын бузууга аракет кылат, ошондуктан намаз башталар замат ар нерсени ойго сала баштайт.
Намаздын кайсы ирекетин окуп жатканыңызды билбей калсаңыз, азыраак ирекетин окудум деп эсептейсиз. Мисалы: экинчиби, же үчүнчүбү деген күмөн пайда болсо, кимисине көбүрөөк ишенсеңиз ошону аласыз, эгер ишеним бирдей болсо, анда экинчини окудум деп эсептейсиз. Намаз соңунда адашуу саждасы жасалат. Булар тууралуу кенен маалыматтарды гезиттин кийинки сандарында берүүгө аракет кылабыз.
Суроо: Балакат жашына жетти дегенди кантип түшүнсөк болот? Биз эркек он эки, кыз тогуз жаштан балакатка жетет деп жүрчүбүз. Бирөөлөр бизде бул жаштарда балакатка жетпейт деп айтышты. Анда балдар кайсы убактан намаз окуш керек? Ырахмат. 0770 4509...
Жооп: Өспүрүмдүн уруктугу кумарлануу менен түшсө, же кыздардын айлык каны (этек кири) келсе, ошол убакта балакатка жетти деп эсептелет. Эгерде мындай белгилер билинбесе он беш жашка толгондон баштап балкатка жетти деп эсептелет. Ал эми балага жети жашынан намаз үйрөт баштоо керек. Ушул убакта кыз менен баланын төшөгүн ажыратуу зарыл. Эгерде бала он жашка толгондо намаз окубаса, ага адеп берүү үчүн акырын урууга болот. Эгер бала балакатка чейин эле намаз, орозо сыяктуу ибадаттарды аткарса, анда анын сообу энесине жазыла берет.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#215 30 Апрель 2017 - 20:53
-Молдо өзү албашы мүмкүн, бирок ага үй ээси урматтап берген болсо аны алыш керек. Анткени молдо да жөн эле бекерчи эмес да, анын да үй-бүлөсү бар, бала бакырасы бар, аларды багыш керек. Тескерисинче кайра молдого көбүрөөк бериш керек. Мисалы, ырчылар келип ырдап берсе же бир бийчи келип секирип бийлеп койсо анда ага эч нерсе дебестен акысын колдоруна карматышат. Ошол эле учурда бир кадыр-барктуу эле молдо келе турган болсо ага качанкы бир кийилбей калган эски кытай көйнөктү карматып, катыган эки нанды салып берип коюп молдону ыраазы кылдым деп ойлошот. Молдо келбей калса нике кыйылбай калышы мүмкүн эле да. Азыр элдер майдаланып бара жатышат. “Молдого акы берсе болобу, канча берсем болот?”- деп. Молдого акы берсең ал арак ичпейт, сойкуларга барбайт, адал тамак ичип тескерисинче ошол берген акыбыздын сообу кайтат. Жылаңач кийимчендерге акча бере турган болсок алар кайра ошондой жылаңач иштерге акысын коротуп, адамдардын бузулушуна себепкер болот.
-Иним бар, анын 5 баласы бар. Кичүү баласы 4 айлык болгондо кайра келинчегинин боюнда болуп калды. Ал наристени бойдон алдырып салса болобу?
-Эгер келиндин дени сак боло турган болсо анда наристени алдыруунун кереги жок. Аман-эсен көз жарып алган соң, кийинкилеринде сактанганга аракет кылыш керек.
-Биз жакшы эле турабыз. Мен Орусияда иштейм. Бирок атам эмнегедир насыя алууга абдан көнүп алды. Мен акча берейин десем деле көнбөй эле насыя ала берет. Эмне кылсам болот?
– Насыя алуу бул арам иш. Эгер насыя алып жаткан болсо анда акча жөнөтпөй эле койгула. Демек, атаңардын акчасы бар деген сөз. Ата-энеңиз насыя алып жатып акча жөнөтпөйсүң деп капа боло турган болсо ага маани бербеңиз. Себеби алар арам иш кылып коркутпашы керек. Ага бере турган акчаны сактап коюңуз. Качан насыя алганын токтоткондо анан ал акчаңызды берсеңиз болот.
-Менин акчаларымды туугандарыма берип койгон элем, кийин кайра кайрып алгыча иштете туруу үчүн. Ошол акчаларыма зекет беремби?
-Сиз ал акчаларды кайра колуңузга алганда зекет берсеңиз болот.
–Беш балам бар. Улуу балдарым 12 жана 9 жашта. Биз азыр Орусияда жашайбыз. Балдарымды Кыргызстандагы кайсы медресеге берсем болот?
-Жайкы каникулдарда лагерлерге берсеңиз болот. Анткени медреселер 9-класстан жогору кабыл алып баштайт.
-Чачын, тырмагын боёнуп жүрүүчү айымдар намаз окуганда эмне кылса болот?
– Тырмакка лак койсоңуз даарат өтпөй калат. Чачка хына койсоңуз болот. Боёнуп намаз окуй бериңиз, бирок бара-бара даарат алып атып өзүңүз эле сулуу болуп, боёкко муктаждык калбай калат.
-Муфтийликке сиз талапкерлигиңизди койсоңуз кандай болот?
-Муфтийди шайлоо Аалымдардын кеңешинин иши. Аны мен барып болом деген киши эле боло албайт.
-Асмайды таштоо үчүн эмне кылуу керек жана кандай дубаларды колдонсо болот?
-“Аузуу биллахи мина шайтоонир рожиим” деген дубаны айтып эле Алладан тилек кыла бериңиз.
-Өлүк чыккан үйдөн тамак жасалбаш керек деген ойго карата көз карашыңыз?
-Ысырапкерчилик өтө арам нерсе. Негизинен маркум чыккан үйдөн 3 күнгө чейин тамак желбеш керек. Бизде шариятка каршы келген иштерди кылабыз. Тескерисинче маркум чыккан үйдөн көп тамак-аш желет.
-Сиздин ачкан академияңыздан айымдар барып билим алса болобу?
-Азырынчы мырзаларга гана арналган окуу жай болууда. Ал эми айымдарга жекшемби күндөрү сабак болуп турат.
-Сүмөлөктү Нооруз күнүнөн башка күндөрдө деле жасап жегенге болобу?
– Сүмөлөк, көжө сыяктуу тамак-аш оокаттарын эч бир майрамга байлабай даярдап жей берүү жакшы иш.
-“Доктор шер” деген суусундукту айтып каласыз. Ал суусундукту кайдан алсак болот?
-Аны Бишкектеги бир канча дүкөндөрдөн оңой эле таап алсаңыздар болот.
-Мен намаз окуйм. Сыркоолоп калганыма байланыштуу алтын ийне менен дарыланып жаткан элем. Ал ийнени спиртке тазалап алып мени дарылоо үчүн колдонуп жатышканда ийне сайылган жерлерден кан чыгып кетүүдө. Анан ал ийнени алып жаткан учурда адамдагы клеткалар ачылып калгандыктан денеге суу тийгизбеш керек экен. Анан мен намазды кандай кылсам болот?
-Суу тийгизбей, таямум кылып, кургак даарат алып окуй бериңиз. Ийне саюуда спирт сүртүп жаткан болсоңуз ал эч нерсе деле болбойт. Бирок кан чыккан учурда даарат бузулат. Кайра даарат алып намазыңызды уланта бериңиз.
-Намазды каза кылып алганда казасын кайсы убакта окусам болот?
-Каза намаз бул убакытта окулсун деген атайын бир убакыт жок. Качан убактыңыз болгон болсо дароо, тезирээк окуганга аракет кылыңыз.
-Иним үйлөнгөн. Бир баласы бар, бирок келинчеги менен түшүнбөстүктөр болуп ажырашып кеткендерине бир жылдай болду. Ачуусу менен иним келинчегине үч жолу, “талак” – деп айтып койгон экен. Бул маселени кантип чечсек болот?
-Бул маселени чечүү үчүн иниңиз менен келинчегин мага алып келсеңиз жакшы болмок. Себеби бул азыр экөөбүз отуруп чечип коё турган иш эмес. Бетме-бет сүйлөшүш керек.
-Кыздардын Куран курсу боюнча маалымат берип коюңузчу.
-Кыздардын Куран курсу Түркия элчилиги менен Кыргызстан муфтиятынын ортосундагы келишимдин негизинде түзүлгөн. Ал жерде кыздарыбызга арналган пайдалуу сабактар өткөрүлөт. Бир гана менин көз карашым боюнча туура эмес деп эсептегеним, бул курста окуган бойдок кыздарды Түркияга окууга жибергендери, мен буга каршы элем.
-Кайсы масхабды кармануу милдеттүү?
-Биз 4 масхабды туура деп билебиз. Ханафи масхабын карманган бизге важип-милдеттүү.
-Жаңы келин болуп келгендеги жүгүнгөн туура деп эсептейсизби. Ал сыйынуу болуп калбайбы?
-Келиндин улууларга, кайын ата, кайын энесине сыйлоо, салам иретинде жүгүнүүсү эч кандай зыян деп эсептелбейт. Ал эми аларды кудайдай көрүп сыйынуу иретинде ошол улуулар ырыскы берет, жашоомду ошолор өзгөртөт деп Кудайга таандык ишеним менен жүгүнө турган болсо, анда ал ыймандан чыккан ишти жасаган болот.
-Президенттик шайлоого талапкерлигиңизди коёсузбу?
-Президенттик шайлоого талапкерликти койбой эле элге кызмат кылсак болот. Президент 6 эле жыл кызмат кылат. Мен өмүр бою кызмат кылып, элге пайдамды тийгизейин деп ниет кылып отурам. Бирок биз жалпыбыз дуба кылышыбыз керек арак ичпеген, адал иштеген, ыймандуу, элге, жерге күйүмдүү башчыны Аллахым насип кылсын. Негедир ушул суроо мага көп берилип жатат, демек, мен элибиз ыймандуу башчыга суусап турат деп ойлойм.
-Азыркы учурда балдар ата-энеге күйүмдүү болбой бара жатат. Деги эле ата-энеге, жакындарга кандай дуба кылып турсак болот?
-Аллахым баарыбызга ыйман берсин. Адалдан келген ырыскы берсин. Кудай Таалам ажырашкандарды жараштырсын, таарынышкандарды табыштырсын. Ким эмнени кааласа ошону насип кылсын. Бардык жакындарыбызга жакшылык ыроологон болсун. Жүрөгүбүздөгү жаман сапаттарды алып салган болсун. Ар жерден келген балээлерден сактап, жаман көз, жаман сөздөн алыс кылсын. Ар бир мусулман ыплас иштерден алыс болгон болсун. Өтүп кеткен жакындарыбызды Аллахым өзүнүн ырайым кучагына алган болсун.
-Кара мышык бакса болобу?
-Ак мышык, кара мышык баары бир мышык. Кара мышык баксаңыз болот. Пайгамбарыбыз өзү да мышык баккан. Мышыктын баары эле бирдей.
-Жолдошумдун өтүп кеткенине бир жарым жыл болду. Ошол адамга дуба кылып коё аласызбы?!
-Аллахым бардык өтүп кеткен маркумдарыбызга бейишинен орун берсин. Алардын пендечилик кылып кетирген күнөөлөрү болсо кечирсин. Аркасында калгандарга ыйман берсин.
-Менин түшүмө жылан абдан көп кирет. Бул эмнени түшүндүрөт?
-Түштү жакшылыкка жоруш керек. Бизде жылан түшкө кирсе байлык деп эсептелет. Байып байлыгыңыздан зекет берип, мечит, медресе куруп сооп иштерди жасаганды Кудайым насип кылсын. Деги эле бай адамдар ушундай сооп иштерди жасаса деп тилек кылат элем.
– Түшүмдө Куран китеп өрт болуп күйүп жаткан экен. Ошол өрттүн арасынан мен Куран китепти алып чыгыптырмын. Ушул түшүмдү жоруп бериңизчи.
-Сен медресеге кирип, Куран жаттайсың. Сенин түшүң мына ушундай жорулат бир тууганым. Сенден чоң аалым чыгышы ыктымал. Түшүң түш болбой, туш келген болсун. Аллахым түшүңдү кабыл кылсын.
-Адахан Мадумаровдун президент болуп калышына көз карашыңыз кандай?
-Биз дайыма дуба кылып турабыз. Кудайга жаккан, биздин диндарыбыз болгон адам биздин башчыбыз болуп, президенттик шайлоодон өтсүн деп. Чоң саясатта жүргөндөрдүн бардыгы менен эле тааныштыгым бар, ошондуктан саясий дубаларды купуячылыкка калтырганыбыз эле жакшы деп ойлойм. Бирок Кудай Таалам эң жакшысына ийгилик берсин деп тилек кылалы.
-Кыздарды кордогон эркектерге кандай жазаларды колдонсок болот?
– Кыздарды кордоо – бул өтө жаман жорук. Мындан Кудай Таалам өзү сактасын. Эгерде кимдир бирөө башка бир кызды зордуктап, таштап кете турган болсо анда ошол эркектин дагы үй-бүлөсүнөн бирөө зордукталат деген сөз. Анткени биздин дүнүйө салынуу кашык дүнүйө. Ошондуктан мындай зынаакорлуктан абдан этият болушубуз керек. Кыздарыбыздын, карындаштарыбыздын ар жерде кор болушуна биз жол бербешибиз керек.
– Масхаб деген эмне?
– Масхаб – бул жол деген сөз. Пайгамбардын сүннөттөрүн, Курани Каримди ар бир адам эле түшүнүп, ар бир адам эле биле бербейт. Мисалы, мен медицина боюнча көп нерсени билбейм жана түшүнбөйм. Ошол үчүн мен докдурлар менен кеңешип, алардын айтканын угам. Бул деген ошол докдурдун масхабындамын, ошол докдурдун жолундамын деген сөз. Ошол сыяктуу эле Куранды, хадисти биле албаган адистер, билген адистерди ээрчигени жакшы. Билгендердин ичинен эң ишенимдүүсү, айтылган сөздөрү дайыма туура, так, толук жетип турганы “Ханафи масхабы” деп аталат. Бул канткенде туура кылып Куранды окуйм, сүннөттү карманам дегенге кеткен жол. Кээ бир адамдар масхаб колдонбойт, ал болбойт китептен эле үйрөнүп алабыз деши мүмкүн. Бул деле туура, бирок амал кылганда, аны аткара келгенде алар адашып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул иште этият болушубуз керек. Масхаб карманган – бул важип. Масхаб карманбаш керек, ал иш туура эмес дегендердин өзүлөрү туура эмес. Алар туура эмес багытта кетип жаткандар, алардан Кудайым сактасын.
-“Кут” деген сөз жөнүндө түшүнүк берсениз?
-“Кут” деген сөз Кудайдан келген береке дегенди билдирет. Ал таш болуп келип түшүп калбайт. Ал ыйман менен намаз окуп жакшы амалдарды кылуу менен түз жүргөн, туура жүргөн адамдарга келет.
– Балдарга жөлөк пул берсе, алса болобу?
-“Лөлүнүн атын сугарып, пулун ал” деген сөз бар. Мамлекет берсе алыш керек. Бирок мамлекетти мен жардымын, мен кембагалмын деп жок балдарды жаздырып алдап акча албаш керек. Эгер тааныш-билишке салып эптеп документ чогултуп, мамлекеттен ашыкча акча өндүрүп алам десеңиз анда сиз арам иш кылган болосуз. Чындап муктаж болсоңуз анда алсаңыз болот. Эгер балдарыңыз көп, бирок оокатыңыз өзүңүзгө жеткиликтүү боло турган болсо анда ал акчаны алуунун кереги жок.

-Молдо куран окуганы келгенде ага акы берүү туура ишпи?

#216 09 Май 2017 - 10:30
Билдирүүнү түзөткөн: Mr.babnik: 09 Май 2017 - 10:49
#217 13 Май 2017 - 05:59
“Ислам дини” деген сайттан “Каза намазы бар адамдарга сүннөт намазы буйрулбайт” дегенди окудум, ушул туурабы?
- Биринчи суроодо орустар капырбы же адашкандарбы маселе. Жер жүзүндөгү адамдардын бардыгы мусулмандар жана мусулман эместер деп экиге бөлүнөт. Мусулман эместердин бардыгы жалпы жонунан, “капыр” - деп айтылат. “Капыр” деген сөз мусулман эмес деген сөздүн бир гана түрү. Анын ичине христиан болгон капырлар, баптист болгон капырлар, еврей болгон капырлар, теңирчи болгон капырлар, айтор ушуга окшогондор кирет.
Мисалы, адамдар кыргыз же кыргыз эмес дегендей эле адамдар да мусулман же мусулман эмес деп бөлүнөт. Эгерде христиан дининдеги орустар болсо улуту орус, капыр дегени мусулман эмес. Анан ошол мусулман эмес адамдарды “адашкан, христиан дининдегилер” - деп айтылат. Демек, мусулман эместердин бардыгы капыр, ал эми капырлардын түрлөрү бар. Мисалы, көп кудайлуу мушрик капырлар, “кудай жок” - деген атеист капырлар деген сыяктуу.
Суроодогу сөз түрк аалымы Кара Быйыхтын “Ислам дини” деген китебине тиешелүү. Бул китепке муфтияттан адашып уруксат берип алышып, кийин ызы-чуу болуп жүрүшкөн. Бирок чындыгында бул маңыздуу сөз. Анткени сүннөт намаз деген бул милдеттүү намаз эмес, ал эми каза намаз милдеттүү. Ошондуктан ал сөздө маани бар. Бирок биз каза намаз окугула, сүннөт намазды да окугула, бирок каза намазы бар адам нафил намазды окубасын деп айтат элек.
- Менин жакын туугандарымдан бир иним көзү ачыкка барыптыр. Көзү ачык болсо иниме, “сенин сүрөтүңдү мүрзөгө көөмп койгон. Ошол үчүн сен ата-эне, бир туугандарың менен урушуп, ишиң жүрүшпөй жатат”- деп айтыптыр. Ушул туурабы?
- Биринчиден иниңиз намаз окусун. Көзү ачыкка баруу-адамды ыймандан чыгарат. Экинчи барбасын. Бишкектеги Жыргал каарыга келип дем салдырсын. Көз ачыкка барган сайын балээ ого бетер күчөп кетет.
- Балдарды эмдеген (привывка) динге каршы келет деген нерсе туурабы? Эгер туура эмес болсо ажыга бара тургандардын баарын эмдешет?
- Көпчүлүк аалымдардын пикиринде эмдөө жакшы эмес деп айтылат. Ал эми ажыга барып жаткандардын бардыгы эле олуя-аалым эмес. Болгону тандоо ар кимдин эркинде.
- Мен Ош шаарында жашайм. Кимге барып дем салдырсам болот? Сиз айткан Жыргал каары Ошко келеби?
- Жыргал каары Ошко бара албайт. Анткени Бишкекте жумушу абдан көп, колу бошобойт. Ошто ким жакшы дем саларын мен так билбейт экенмин. Мечиттерден барып сурап көрүңүз.
Бирок мечитке барып дем салдырууда этият болуңуз. Кээ бир мечиттерде имамдар дем салдырганы барганда кыздарга кол салып ийген учурлары да кездешет. Дем сала турган молдо аялдарды жалгыз үйгө киргизип алып дем салганы болбойт, балким ал зордуктап коюшу мүмкүн. Мындай молдолор Кыргызстандын бардык аймактарында эле кездешет. Ушундай акмактар чыгып калганы өкүндүрөт. Ошондуктан молдо бөлмөдө жалгыз дем салам десе андан жаа бою качуу керек. Бул шайтан, чапаны, сакалы бар шайтан. Буларга эч качан ишенбеңиздер. Динибиз эч качан буга жол бербейт.
- Моюнга тумар тагып жүрсө болобу? Машинага теспелерди жана дубаларды илип алган туура элеби? Анан айылдардагы берилип жаткан пайыздык чеги абдан төмөн насыялардан алсак болобу?
- Теспени болсо машинага дем салдырбай эле кооздук үчүн илип коёт. Бирок машинага тумар илип алышат. Ошондой эле кишилер да моюнуна тагып алышат. Бирок тумар моюнда же машинада болбостон адамдын жүрөгүндө болгону абзел. Жүрөгүндөгү келмеси бул – тумар. Эгерде сүйлөй албаган жаш балдардын бешигине Фатиха сүрөөсүн жазып илип койсо бир жөн. Моюнуна тагып алып дааратканага кирип кетсе анда күнөө иш болуп калат. Ал эми тумар сактайт деген адамды динден чыгарып иет.
Сүткорлуктун бардыгы жана насыянын баары арам. Такыр эле ачкадан өлө турган абалга жеткенде гана алса анда бир жөн.
- Досторум менен [moderated] каналынан “Тозок жердин астында, бейиш асманда” деген видео көргөнбүз. Ал жерде “жердин канча бир километр катмарынан ар кандай үндөр чыгып жатат. Бул тозоктон келген үн” - деп айтылыптыр. Сиз буга кандай карайсыз?
- Аны биз дагы көрүп жатабыз, кылып жатабыз. Бирок биз бир гана нерсеге ишенебиз. Тозоктун бар экендиги чындык, акыйкат нерсе. Ошону менен бирге бейиштин бар экенине да ишенебиз. Буларды четке каккан киши ыймандан чыгып калат. Андан аркынысына акылыбыз жетпей жатса ага кийлигишип, тастыктоонун да, жалганга чыгаруунун да кереги жок.
- Эркектердин чачын өстүрүп алуусу сүннөт экен. Өстүрбөй кыркып алса болобу же сүннөткө каршы келип калабы?
- Пайгамбарыбыз алейхи салам чачын өстүрүп жүргөн. Бирок өмүрүнүн акырындагы кылган ажылыгында чачын алдырып койгон. Демек, чач өстүргөн сакалдай сүннөт эмес. Эгерде сүннөт болсо анда пайгамбарыбыз алейхи салам чачын алдырбайт болчу. Шариятта эч качан өкүмдөр бири-бирине каршы келбейт. Чачын өстүрсө зыяны тийбейт, сүннөт ниетинде койгон болсо бул жакшы. Чачты дагы өзүнө жарашыктуу кылып өстүрүш керек. Анан бир жерин тасырайта кырып, калган жерин өстүрсө такыр туура эмес. Эркектин чачы мүрүсүнө тийбеш керек. Пайгамбарыбыз алейхи салам, “чачыңарды каза кылып кырктырбагыла” - деген. Бул бир жерин кыркып, калган жерин өстүрбөгүлө дегенди түшүндүрөт.
Көзгө сурма коюу аял-эркекке бирдей сүннөт. Бирок кээ бир жерлерде эркектерге сурма койгонго тыюу салат. Анткени көбүнчө кызтекелер коюп алышат экен. Ошол сыяктуу эле чач өстүргөн бизде жакшы эмес жагдайды жарата турган болсо анда чачыңарды өстүрбөй эле койгула, урматтуу эркектер! Анын үстүнө биздин салтыбызда дегеле эркектердин чачын өстүрүүсү кездешпейт. Азыркы күндө чач өстүргөндөр “инкаршик” же “якыншик” деген жамаатка тиешелүү болуп калды.
- Карындашым инсульт болгон эле, бир аз кыйналып жатат. Кайсы молдокеге барып дем салдырсак болот?
- Жыргал каарыга барыңыз. Бишкектеги Ынтымак жаңы конушундагы мечитте кызмат кылат.
- Мен Кореядан суроо берип жатам. Аср намазын бул жердеги башка мазхабдагылар менен кошо окуганда 45 мүнөт эртерээк болуп жатат.
Кыргызстандан жер алганга чек алгам. Бирок ал үлүштү адистер эки жыл мурунку документ менен бергени жатышат. Бул нерсе пара берип алган болуп калбайбы?
- Окуй берсеңер болот.Сахибе имам Абу Юсуф, имам Мухаммаддын пикиринде боло берет. Ал эми 45 мүнөт кечиктирип окуу Абу Ханифанын жеке өзүнүн мазхабы. Колдон келсе Абу Ханифанын тартиби менен окуган жакшы. Бирок шаафилерде азан айтылса алар менен чогуу окуй бериш керек.
Эгерде жерлер ага тийип, ошонун негизинде берип жатса зыяны тийбейт. Бирок ал элди, мамлекетти алдап жатса бул туура эмес.
- Телеканалдардан эмнеге көп көрүнбөй калдыңыз? Биздин Кыргызстанда деле, Орусияда деле даават тууралуу ар кандай пикирлер айтылат экен. Сизден сурайын дегеним дааватка чыгуу шартпы, ушул тууралуу кененирээк токтолсоңуз.
- Мен Темир Сариев премьер-министир болуп турган учурда “Элтр” телеканалына чыкчумун. Бирок Сариев берген тулпарды Жээнбеков кайра алды. Мен Темир мырзага ыраазычылыгымды билдирем. “Элтр” өкмөттүн каналы болгондуктан өкмөт башчынын кийлигишүүсү менен иштер чечилет окшойт деп ойлоп калдым.
Кудайга миң мертебе шүгүр, Орусияны кыдырып жүрөбүз. Бирок ал жерде дааватка тыюу салынган. Ошондой эле Казакстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттерде да тыюу салынган. Биздин президенттин кеменгерлигинин аркасы менен бизде кудайга шүгүр дааватка тыюу салынган жок. Албетте буга тыюу салынбашы керек. Эмне үчүн биз Орусия, Казакстан, Тажикстанды ээрчишибиз керек. Орусия мусулман эмес өлкө. Ал эми Кыргызстан мусулман өлкө. Коңшулардыкына карганда биздин жерибиз кичине болгону менен биз суунун башында турабыз. Башкаларга караганда биз таза суу ичкен адмдарбыз. Ошондуктан биз башкаларга таза пикир, таза акый бере алабыз. Биз жарды мамлекет болгонубуз менен, бизде эркиндик деген нерсе бар.
Өткөндө бирөө айтып жатат, “Өзбекстанда медреселер бизге караганда аз экен” - деп. Бирок аларда абактардын саны канча экенин ал киши билет бекен? Ошондуктан сүйлөп жатканда бардык тарабын караш керек.
Дааватка тыюу салынганы менен даават токтоп калган жок. Анткени бул Кудайдын иши. Орусияда иштеп жүргөн мекендештерибиздин балдары бара-бара кыргызча билбей калышат экен. Алардын ата-энелери Кыргызстанга келген күндө дагы балдары келгиси келбейт экен. Ошол Орусияга кыргыз мектептерин ачуу абдан татаал жумуш. Ошондуктан молдокелердин жана дааватчылардын кыргыз тилинде айткан үгүт-насыят, дааваттары аркылуу аларды кыргыз бойдон сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар. Муну муфтият эске алып аракет кылса, абдан жакшы иш болот эле.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#218 29 Май 2017 - 19:49
#219 11 Июнь 2017 - 16:50
#220 15 Июнь 2017 - 03:42
Анан ал баланын чочогунда кал болсо эмне болот ?