Сүйүктүү ырлардын тексттери! Жактырган ырларыңыздын текстерин бул жакка...
#581 21 Декабрь 2016 - 02:50
Baby there's shark in the water
But I need to get in
I need to cross the border
I need it
You know we ain't getting younger
We'll sink or we'll swim
Baby are you with me?
I've been doing it myself
But now I need some help
Ain't nobody, no me better, than you know me
I don't wanna drown
I don't wanna drown tonight
So tell me would you dive with me?
Darling there's a storm a coming
I feel the winds blowing
I'm heading for the horizon
I need it
All around the waves are getting steeper
But I know, we can swim
So baby are you with me?
I've been doing it myself
But now I need some help
Ain't nobody, no me better, than you know me
I don't wanna drown
I don't wanna drown tonight
So tell me would dive with me?
Standing by the rocks
And feel the ocean crash
Don't push me
Cush I'm close to the edge
Жүрөгүмсүң
#582 25 Декабрь 2016 - 15:44
"Кайдагы сүйүү?"
Сөзү : Р.Нарынбаевдики
Обону : Р.Нарынбаевдики
Байкоосуздан жолуктуң, сүйгөнүм, мага,
Баштагыдай күлкүң жок, не болду сага?
Убадаңа бек туруп калбадың беле?
“Бактылуу болобуз” деген сөздөрүң кайда?
Кайырма:
Жаным, кайдагы сүйүү?
Жаным, кайдагы күлкү?
Соолуду го сага арналган сүйүүнүн гүлү,
Эми кайрылбайт күлкү,
Эми кайрылбайт сүйүү.
Соолуду го мага арналган сезимдин гүлү.
Кантип эми таба алам дартыма даба?
Бүт дүйнөмдү курчап алды муздаган аба.
Эгер болсо канатым баарын унутуп,
Алып учуп кетмекмин алыс жактарга.
Билдирүүнү түзөткөн: Adilet92: 25 Декабрь 2016 - 15:47
#583 26 Декабрь 2016 - 16:50
Алтынай Нарбаева..
"Жалгыз кайык"
Оо, турмуш мыйзамыңа каныктырдың
Жолумду жабык кылдык, жарык кылдың
Дардаңдап боз жар күттүм деген менен
Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн
Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм
Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп
Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Аттиң ай көңүлдү эзет жан арманым
Ар дайым мээрим издеп карайладым
Күнүнө күмүш таптым, бирок аттиң,
Көксөгөн жылуулуку таба албадым.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Карытып пайдасы жок ай-жылдарды,
Калдактап кайран өмүр калбырланды.
Каалгыйт айланамда бопбоз туман,
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы.
Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Билдирүүнү түзөткөн: happy02: 26 Декабрь 2016 - 16:52
#584 30 Декабрь 2016 - 22:21
Кыргызстан - тоолордун мекени,
Тунук суулар, токойлор, кендери.
Кылымдарга түбөлүк жашай бер,
Өсө бергин, гүлдөгүн, мекеним.
Көк асманды тиреген тоолорум,
Ак булутту жандаган зоолорум.
Жаратканым сулуулук бериптир,
Айтып бүткүс эң бир кооз мекеним.
Кайырма:
Кыргызстан - ыйык мекен,
Кыргызстан, койнуң кенен.
Кыргызстан, Кыргызстан,
Коргойбуз сени бек туруп!
Ата Журтум, Ала-Тоом, мекеним,
Коргойбуз биз, сактайбыз өзүңдү.
Күн нуруна бөлөнүп жергебиз,
Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз.
Ала-Тообуз - элимдин тиреги,
Көк асманга желбирейт желеги.
Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз,
Бабалардын салтын биз барктайбыз.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#585 01 Январь 2017 - 03:21
Уйкуман серпилгенде алыс жактан,
Айылдын ак таңдары эске келет.
Жолунун боз чаңдары көздөн учуп,
Көңүлүм өскөн жерге имерилет.
Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип,
Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн.
Апалар таңда туруп уй сааганда,
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн.
Туулган жер, кудуретиң сагындырып,
Элесиң көз алдыма мелт-калт этет.
Айылыма өзүм жетпей, оюм жетип,
Yмүтүм закымдарга батып кетет.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#586 04 Январь 2017 - 23:47
Baktyluumun (17 Ноябрь 2014 - 02:41) жазган:
Таанышканбыз мажүрүм тал түбүндө.
Ашпай калды иш жүзүнө оюбуз,
Болбойт эми бизди күткөн тоюбуз.
Кайырма:
Тамчы болуп көздөн аккан жаш болуп,
Турсам керек азыр сенин көзүңдө.
Жүрөгүңдү отко салып кыйнаба,
Кечир мени, мени күтпө, ыйлаба.
Ишене албай менин жазган катыма,
Терезеңден улам карап күтөрсүң.
Караанымды издеп, издеп карегиң,
Талыганда бир күнү үмүт үзөрсүң.
Кайырма:
Нечен жылдар, айлар өтсө, күт өтсө,
Өткөн тагдыр жашап калар жүрөктө.
Ыраазымын сени күткөн күндөргө,
Ыраазымын ошол ар бир мүнөткө.
Ушул ырды ким аткарат?
#587 15 Январь 2017 - 22:44
#588 22 Январь 2017 - 22:55
Сөзү : Фатима Абдалованыкы
Обону : Т.Колдошовдуку
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу элем, магдыратып жытынан,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!
Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.
Билдирүүнү түзөткөн: Kadyrov_92: 22 Январь 2017 - 22:57
#589 27 Январь 2017 - 11:09
Сендей бир мага жар керек .деген ырдын тексти болсо жуктоп койгулачы.
Коломун болуп кичине
Козумдун батсан ичине
Корсотпой катып журмокмун
Конулу бузук кишиге
Ушул ырды дагы
#590 01 Февраль 2017 - 11:49
Adilet94 (03 Май 2015 - 05:25) жазган:
-Жал-жал карап калган чагындан.
-Журок куйду чексиз жалынга.
-Жан адамга ыраа кыйбастан.
-Тургум келди сенин жанында.
-Жароокерим менин жалжалым.
-Суйбос болсон неге алдадын?
-Эстей берип омур откончо.
-Кокуроктон кетпес арманым.
Кайырма:
-Ачык айтсам сен кеткенде карабай.
-Азап тартам ичтен бугум тарабай.
-Айыкпаган дартка салдын кантейин.
-Абалымды сураганга жарабай.
-Мейли мейли сурабагын абалым.
-Мен алгачкы суйум менен каламын.
-Эстей жургун гул сунушкан учурларды.
-Эстей жургон кулуп жамалым.
-Атин атин ошол кездерим.
-Алдарынды неге сезбедим.
-
Жанга батып журок сыздады.
- Жал оорутуп таштап кеткенин.
-Жароокерим менин жалжалым.
-Суйбос болсон неге алдадын.
-Эстей берип омур откончо. -Кокуроктон кетпес арманым.
Кайырма:
-Ачык айтсам сен кеткенде карабай.
-Азап тартам ичтен бугум тарабай.
-Айыкпаган дартка салдын кантейин.
-Абалымды сураганга жарабай.
-Мейли мейли сурабагын абалым.
-Мен алгачкы суйум менен каламын.
-Эстей жургун гул сунушкан учурларды.
-Эстей жургон кулуп жамалым.
Ушул ыр кимде бааар/?
#591 28 Март 2017 - 22:35
суйгон жарым эрмегим жалынарым
Мен карыйын туйшугун тартып журуп
Сен карыба Жан биргем кагылайын. Деген ырды толугун жазып коюнуздарчы сураныч билгендер болсок
#592 04 Апрель 2017 - 15:34
учабыз тоонун кушундай
каанаты сынган куш болуп
Ушул ырды билгендер болсо жазып койгулачы
#593 07 Апрель 2017 - 09:08
#594 29 Апрель 2017 - 16:25
#595 29 Апрель 2017 - 16:34
#596 07 Май 2017 - 10:14
#597 07 Май 2017 - 10:17
#598 18 Май 2017 - 19:34
Өзүңчө качып эле...
Өзгөрдүң эми неге?
Сөздөрүң жаным эле,
А балким, башка бирөө сүйдүң беле?
Көздөрүң сүйкүм эле,
Сөздөрүң ширин эле,
Бири жок бүгүн неге?
Болушум ушул болсо не кыл дейсиң?
Дилимди же билбейсиң,
А өмүр өтөр-кетер,
Бир келген көз ирмемсиң.
Жашоодо өкүнбөгөн адам барбы?
Сыйрыдың жараттарды,
Бактылуу күндөр келет,
Бардыгы жаңы, жаңы.
А балким, башка бирөө жакты беле?
Жолуңа тартып желе,
Кош эми, ыйлайт дебе,
Кааларым бакыт эле,
Кааларым бакыт эле.
#600 09 Июнь 2017 - 16:32
Адатымча чакырамын шыбырашып
Деген ырды Ким билет текстин жазып койгулачы