-Эдвардс жөнүндө мен да уккам,төрага.
-деди туугандардын бири.
-Ал Пинкертондун мыкты тыңчысы дешет.
-Аны тааныгандар барбы?-деди Макгинти.
-Мен тааныйм.-деп үн катты Макмэрдо.
Чогулгандар дуу дей түштү.
-Менимче ал бизден качып кутула албайт,-деп кебир улантты Макмэрдо,-Тез жана чечкиндүү аракеттенсек,
коркунучтун алдын алабыз.Эгер ал ишти мага тапшырсаңар.
..
-Эмне болгон коркунуч?-деп Макгинти суроо салды.-Ал биз жөнүндө эмне билет?
-Туугандардын баары эле сизге окшош чыгаан адам эмес,кеңешчи.
-Алардын ичинде чабалдары да болп калышы ыктымал.Эдвардч ошондойлордун бирин акчага сатып алсачы?А балким эмгиче сатып алгандыр!
Мунун бир гана амалы бар...
-Аны өрөөндөн качырбаш керек,-деди Болдуин.
Макмэрдо баш ийкеди.
-Туура айтасыз,Болдуин тууган.Экөөбүз бир аз кер-мур айтышсак да,сиздин кебиңизге толугу менен макулмун.
-Аны кайдан табабыз?-деди Макгинти.
-Урматтуу мастер,биздин планды ортого салып болбойт.Чогулуп отургандардан шек санабайм,ошентсе да Эдвардс бирдеменин жытын билип калса,андан кол жууп калабыз.Атайын комитет түзүп,ага сизди,мастер төрага,Болдуин тууганды жана беш кишини сунуш этемин.
Макмэрдонун сунушу кабыл кылынып,комитет түзүлдү.Анын составына Макгинти,Болдуин,
ложанын кузгун кейиптенген катчысы Гарвей,киши өлтүрүү боюнча канык адис жолборс Кармак,эсепчи жана ага-инилүү Вильбейлер шайланды.Ложанын чогулушу көпкө созулган жок,тезиреек тамактанып тарап кетишти.
-Айтыңыз Макмэрдо,-деди кабагы түйүлгөн мастер залда жаңы түзүлгөн комитеттин мүчөлөрү гана калганда.
-Барди Эдвардсты тааныйм,-деди Макмэрдо.-Бирок ал бул жерде Стив Уилсон деген ат менен жүрөт.
-Аны кайдан билесиз?
-Мен аны көрдүм,оозмо-
ооз сүйлөштүм.Бирок ал кезде жамандык оюма да келген эмес,кат келбегенде ал жолугушуу жөнүндө эстемек да эмесмин.Стив Уилсон Эдвардс экенине көзүм жетип турат.Шаршемби күнү поездде баратып көрүп калдым.Ал өзүн журналистмин деп тааныштырып,
Тазалоочулар жөнүндө жан-алы калбай сурамжылап жатты.Нью-Йорк пресске макала жазат имиш.Мен оюма келе калганын айтып тим болдум.Менин айтканымды жазып алды да,"Гезит үчүн жакшы кабар айтып берсеңиз,акчанын көзүнө карабайм,мистер,
ойлонуп көрүңүз"деди.
-Сиз ага эмне жөнүндө айтып бердиңиз?
-Ого келгенин оттодум дебедимби?
-Сиздин айтканыңызга ишенип калса,анча деле кыйын неме эмес го дейм.
-Ал ишенип калды деп сизге ким айтты?Көз жазгырыш үчүн гана жазып алышы мүмкүн.Мен болбогон ишти айтсам,калгандары чындыкты айтып салышы мүмкүн.Эмнеси болсо да,ал кишилер менен баарлашуунун жакшы ыгын таап алыптыр.
-Тыңчы экенин кантип далилдейсиз?
-Ал Хобсондо түштү,мен да кошо түштүм.Телеграфка кирсем,ал чыгып келатыптыр.
Меникөрө сала телеграфист болуп иштеген таанышым наалып кирди:"Мындай телеграмманын акысын эки эсе көөйтпөсө болбой калды".Ошентип чалды-куйду болуп жазылган телеграмманы көрсөттү.Шифр окшойт десем,анысын кайдан билейин күнүгө бир барак толо телеграмма жөнөтүп мээмди ачытмай болду.Ал журналист экен,башкалар анын фактыларын пайдаланып албасын дегени го-дедим.Айтаарын айтып алып өзүм да анча ишенген эмесмин,бирок мындай болуп кетет деп оюма да келбептир.
-Айтканыңызда калет жок,-деди Макгинти.-Эми эмне кылдык?
-Андай шимшип жүргөн немени бир жаңсыл кылып салбайлыбы?
-деди Тазалоочулардын бири.
-Туура айтат,тезирээк өлтүрүп тынбасак болбойт.-деди дагы бирөө.
-Биринчиден анын каерде жүргөнүн так билбейбиз.-деди Макмэрдо.
-Ал Хобсондогу толгон-токой үйлөрдүн кайсы биринде жашап жүргөнүн билип болбойт.Экинчиден,
ал өзүнүн кожоюндарына эмнелерди кабарлаганын да билбейбиз.Ал айрым бир нерселерди билип алышы да ыктымал,биз алгач ошону тактап алсак жаман болбос эле.Ушуга байланыштуу менде бир ой бар.
-Кандай ой?-деди Макгинти.
-Эртең танга маал Хобсонго барып,аны табууга аракет кылам.Табаарыма көзүм жетип турат.Анын дайынын телеграфист да билиши мүмкүн.Эдвардсты таап калсам,Тазалоочу деген мына мен болом,жакшы төлөсөңүз ложанын сырын төкпөй-чачпай айтып берем дейм.Менин кайырмагыма илинээрине ишенип койгула.Бирок,
дейм мен,кызыктуу документтер үйүмдө катылуу,кечки саат ондордо алып кетиңиз,күндүз келсеңиз эл көрүп коёт деп саймедирейм.
-Анан?
-Андан кийинкисинин жарасы жеңил.Мен шаардын чет жакасында жашайм.Сканлейн экөөбүздөн башка киши жок.Эгерде аны бал тилге салып,көндүрө алсам,жетөөнөр саат тогузда менин үйүмө келесиңер.Ал саат ондо келет да,туткун болот.
-Анда эле агенство бир кишисинен кол жууйт экен да.-деди Макгинти кытмыр жылмайып.
-Эртең саат тогузда сиздикине чогулабыз,Макмэрдо.
Ал келип берсе эле болду,калганын бизге коюңуз.
"Кандуу өрөөн" Артур Конан Дойл Детектив
#42 20 Август 2014 - 18:54
БАРДИ ЭДВАРДС КАПАСТА
Эртеси таң атпай Макмэрдо Хобсонго жөнөдү.Тагдырдын тамашасына айла барбы,полиция дал ошол күнү аны менен баарлашкысы келип калса болобу.Аны Чикагодо жүргөндө эле тааныган,бир курдай Вермиссадан камакка алган капитан Мервин аны менен станциядан карп-күрп жолугуп калды.Макмэрдо терс бурулуп,аны менен сүйлөшпөй койду.
Макмэрдо сапарынан келип,барда отурган Макгинтиге шыбырады:
-Ал келмей болду.
-Эң сонун,-деди жалтылдаган желетке кийип,кабагынан кар жаап отурган Макгинти.-Көп нерсени билет бекен?
Макмэрдо ийинин кысты.
-Ал өрөөнгө келгенине алты жумача болуптур.Көп акча менен келген окшойт,пулдун күчү менен далай ийгиликке жетсе болоорун билесиз.
-Ложада чыккынчылар жок,-деди Макгинти кызууланып. -Анын мүчөлөрү болоттон да бекем.Моррис шүмшүк эле болбосо...Арабызда чыккынчы болсо эле ошол деп эсептеш керек.Бүгүн эле ага эки жигит жиберип,эмне иш кылганын айттырып алсам деп турам.
-Сиздин оюңуз балким туурадыр,чынын айтсам Морристи жакшы көрөм,ошондуктан ал жапа тартышын каалабайм.Ложанын иши жөнүндө мени менен эки жолу сүйлөштү.Ал биз жөнүндө башкача ойдо болушу мүмкүн,бирок ал чагымчы эмес экенине көзүм жетти.
-Ошентсе да мен ал шүмшүктүн акесин таанытам.Бир жылдан бери акмалап жүрөм...
-Өзүңүз билиңиз.Бүгүнкү ишке салакасы тийбесин десеңиз,аны эртеңкиге калтырыңыз. Эдвардсты бир жаңсыл кылмайын,башка иштерди кечеңдете туралы.
-Жарайт,-деди Макгинти.-Кимден кандай маалымат алганын Барди Эдвардстын оозунан угабыз.Айтпаса жүрөгүн кесип алабыз.Баса, Жон,ал капска түшүп калам деп чочулаган жокпу?
Макмэрдо күлүп калды:
-Жок!Мен ал шумпайдын шилекейин агыздым.Керектүү материал алыш үчүн ложанын чогулушуна келгенден да кайра тартпай тургандай абалга жеткиздим.Алдын ала акысын да берди,-деп Макмэрдо чөнтөгунөн акча сууруп чыкты.-Документти алгандан кийин дагы ушунча акча бермек болду.Демек, ал келет,кеңешчи. Акчасын талаага чачмак беле!
-Баса,сиз ага кандай документти бермек болдуңуз?
-Эмне бермек элем,туугандашуунун токтому,китептери, эрежелери жөнүндө ой-тоонун башын сүйлөдүм.Үйүмө келип толук маалымат алмак болду.
-Аны түшүнсө болот.-деди Макгинти кабагын чытып.
-Документтерди эмне үчүн ала келген жоксуң деп сурабадыбы?
-Сурабай коймок беле.Эки тарап тең менден шектенгени аз келгенсип,капитан Мервин станциядан мени тооруп калса,документтерди көтөрүп жүргөнүм кандай болот деп кутулдум...
-Аның ырас,-деди Макгинти.-Бул жоопкерчилик өзүңүзгө жүктөлөөрүн билерсиз дейм,Макмэрдо. Биз тыңчынын өлүгүн эски шахтага ыргытып жиберебиз дечи,бирок Хобсондо жашаган Эдвардска бүгүн жолугуп келгениңизди жашырып жаап коюш кыйын.
Макмэрдо ийнин куушурду:
-Эгер биз акылга салып иш кылсак,аны өлтүрдүң деп биздин мойнубузга коё алышпайт.Менин үйүмдү эч ким аңдыбайт,ошондуктан ал биздин үйгө келгенин бир да киши билбей калат.Андан көрө жигиттерге планды жакшыраак тушундүрүңүз. Биздикине кечикпей келгиле.Ал саат ондо келет да,каалганы үч жолу такылдатат. Мен аны үйгө киргизип кулпулайм да,колго түшүрөбуз.
-Андай болсо оңой-олтоң эле туткундайт экенбиз.
-Оңоюго оңой бирок сак болуш керек,анткени Барди Эдвардс алдуу күчтүү неме,курал-жарагы да бар.Ал мага ишенгендей эле болду,бирок абайлаш керек.Ал кирип келип жети кишини көрсө,дароо аткылап кирээри бышык.
-Туура.
-Октун үнүнөн эл чогулуп калбаса эле болду.
-Туура айтасыз,Макмэрдо. Анда канттик?
-Мындай сунушум бар.Сиздер төрку бөлмөдө болосуңар.Мен эшикти ачып,аны оозгу бөлмөгө отургузам да,документ апкелем деп чыгып кетем. Сиздерди эскертип коюп,документке окшогон кагаздарды кармата саламын.Ал буйдала калганда мен аны басып жыгылам да,тапанчасына асылам.Менин үнүмдү угаар менен жетип келесиңер.Ал менден алдуу күчтүү көрунөт,ошондуктан күчум жетпей калышы мүмкүн,юирок силер кирип келгиче кутулта койбойм.
-Жакшы оюңуз бар экен,ложа сизге көптөн-көп карыздар.
-Анчалык деле мактоого татыктуу эмесмин,кеңешчи. -деди Макмэрдо,бирок жакшы кепке көтөрүлө тушкөнү өңүнөн байкалып турду.
Макмэрдо үйүнө келип тапанчасын тазалап,майлап чыкты да,октоп койду.Андан соң тыңчыны тузакка түшүрчү бөлмөнү кунт коюп карап чыкты.Узунунан кеткен үч терезелүү бөлмөнүн бурчунда меш,ортосунда чакан үстөл бар болчу.Макмэрдо үйүндөгү буюм-тайымга көз жүгүртүп,терезелердин кашегин кармалап көрдү.
Сканлейн келгенде Макмэрдо ага болочок иш жөнүндө айтып берди.Мик Сканлейн көптөн бери ложанын мүчөсү болсо да, суу жүрөктүгүнөн улам Тазалоочулардын кандуу ишине баш-оту менен кирише алчу эмес,каршы да чыга алчу эмес.
-Сиздин ордуңузда болсом,бүгүн кечинде эле кетип калат элем.-деди Макмэрдо.
-Жакшы кеңеш бердиңиз,-деди Сканлейн.-Ложа мени күнөөлөбөс дейм.
Комитеттин жети мүчөсү дээрлик бир убакытта келишти.Бир караган кишиге алар кой оозунан чөп албаган момун,каада- салттуу кишилердей көрунгөнү менен,алардын ар-бири кеминде онго жакын адамдын өмүрүн кыйган баш кесерлер болчу.
Макмэрда үстөлгө койгон вискини бири калбай ичишти.Жолборс Кармак мешти кармалап көрүп,аябай ысып чыкканын сезди.
-Мунусу ойдогудай экен,-деди кытмыр жалмайып.
-Ананчы,-деп Болдуин кепти жиреп кепти.-Эгерде тыңчы сөрөйдү мишке куйкаласак, бүт сырын айтып берет.
-Ансыз деле баарын айтырып алабыз,ага шептенбесеңер да болот.-Деди Макмэрдо,баардык кыйынчылык анын мойнунда болсо да,өзүнүн салабаттуу кармап.
-Дегинкиси,азамат экенсиз,Макмэрдо, -деди Макгинти.-Сиздин үнүңүз угулаар менен учуп жетебиз...

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#43 20 Август 2014 - 19:40
Макмэрдо калың терезе парданы жаап койду.
-Терезеден эч ким шыкаалабайт, ага кабатыр болбогула.Убакыт чукулдап калды даяр тургула.
-Алда немеден шексинип калса канттик?-деди катчы.
-Чочулабагыла, сөзсүщ келет.-деди Макмэрдо.-Келсем дегенде эки көзү төрт.Чышш! Жым болгула.
Баары тең демин ичине катып,унчукпай калышты.Айрымдары стакандарын кармаган бойдон нес болуп калышты.Эшик үч жолу кагылды.
-Үн чыгарбагыла! -деп шыбырап коюп,Макмэрдо бөлмөдөн чыга жөнөдү.
Киши өлтүрүүчүлөр өз шеригинин кадамын эсептеп,жымжырты болушту.Эшик ачылып,тигилер саламдашкандай болушту. Чоочун бирөнүн кадамы угулуп,бирдеме дегенсиди.Эшик кулпулангандай болду.Тыңчы колго түшту.Жолборс Кармак кыткылыктай баштады эле,Макгинти колу менен анын оозун басты.Коңшу бөлмөдөн күбүр-шыбыр угулду.Эшик ачылып,сөөмөйү менен оозун кымтыган Макмэрдо көрүндү.
Ал үстөлдүн жанына келип,бөлмөдөгүлөрдү бир сыйра карап чыкты.Ал таптакыр өзгөрүп,көздөү чанагынан чыгып кетиптир,сурдана карайт.
-Ии,-деди Макгинти чыйпыйы чыгып.-Барди Эдвардс келдиби?
-Ооба,-деди Макмэрдо токтоо сүйлөп.-Барди Эдвардс келди.Барди Эдвардс-менмин!
Бир саамга өлүү тынчтык орноду.Жети өлтүрүүчү Макмэрдонун сөзүн алгач укканда түшүнбөй калышты окшойт.Аңгыча терезелердин айнектери талкаланып, үч терезеден тең мылтыктардын ооздору көрүндү.Макгинти ок жеген аюудай болуп бир айкырып алды да,чала жабылган каалгага умтулду.Бирок аны тапанча кармаган капитан Мервин тосуп алды,Макгинти артка чегинди.
-Бөлмөдөн чыкпаганыңар эле дурус кеңешчи,-деди буга чейин Макмэрдо атыккан киши.-Болдуин, танпачаңызды бербесеңиз бар эмеспи...Ошенткениңиз оң.Мага акулак салгыла,үй курчоодо.Кырк солдат кароолдо турат.Каршылык көрсөтүүнүн кажаты жок го дейм.Эң сонун!Мервин курал-жаракты чогултуңуз.
Куралсызданган Тазалоочулар үстөлдүн жанында нес болуп катып калышты.
-Коштошоордон мурун менин сөзүмдү угуп алгыла,-Эдвардс кебин улантты.-Анткени сотко чейин көрүшө албайбыз.Бош убактыңарда ойлонуп алгыла.Мен Пинкертондун агенствосундагы Барди Эдвардс деген болом.Силердин бузуку иштериңердин бетин ачуу мага тапшырылган болчу.Опурталдуу оюн баштап,тобокелге салган элек.Эми баары бүттү.Мен утуп чыктым.
Тазалоочулар эстерине келип,Эдвардсты көздөрүндө огу болсо атып ийчүдөй болуп акырая карап калышты.
-Кимдир бирөө оюн бүтө элек деп турат го дейм?Болсо болоор.Кантсе да көбүңөр ал оюнга катыша албайсыңар, силерден башка алтымыш киши камалды.Бул ишти мага жүктөшкөндө гезиттин апыртмасы го деп анча ишенген эмесмин. Тазалоочулар масондор менен байланышта экен деп угуп,Чикагого бардым да,тууганчылыкка мүчө болдум.Вермиссага келгенде гана түшкө кирбес алаамат окуялар болуп жатканына көзүм жетти.Баса мен Чикагодон бир да кишини өлтүргөн эмесмин,бирок мен силерге нак доллар бердим.Силер менин эмне кылып,эмне коюп жатканымды аңдай алган жоксуңар.Чү деген эле жерден Болдуин өлтүруп коё жаздаган Стейнджер абышканы мен аман алып калдым, Честер Уилкоксту алдын-ала эскертип,бала- чакасы менен коркунучсуз жайга кетип калгандан кийин гана анын үйүн жаргыздым.Бирок бир топ кылмышты болтурбай коюш менин колуман келбей калды.Ошентсе да силер өлтүрмөк болгон адамдар үйлөрүнө башка жол менен келип,силер барганда үйүндө жок болуп,же силер көчөдөн күтсөңөр үйлөрүндө бекинип отурушту.Анын баарын мына мен уюуштурдум! Кээде ложага тигил же бул кылмыш ишти жүзөгө ашыралы деп сунуш кылчумун да,өзүм алдын ала болтурбай койчумун.
-Оңбогон гана чыккынчы! -деди Макгинти кыжыры кайнап.
-Мени кандай десеңиз да өз эркиниз, Жек Макгинти.Адамдар сиз жөнүндө эмне деп жүргөнүн эсиңизден чыгарбасаңыз эле болгону.Өлүм алдында ойлонуп койгонуңуз өзүңүзгө эле пайда...Бүттү, Мервин,сизди жолдон калтырбайын...

#44 20 Август 2014 - 20:00
Ошол эле күнү кечинде Этти Шефтер жашыруун кат алды да,таңга маал Эдвардс экөө поездге отурушту.Этти жана анын жигити Кандуу өрөөндөн биротоло кетишти.Он күндөн кийин Чикагодо үйлөнүү тоюн беришип,ага Жекоб Шефтер карыя да катышты.
Тазалоочуларды штаттын борборунда соттошту.Алардын колдоочулары көп болсо да,колдорунан эч нерсе келбеди.Вермиссанын адамдарынан тартып алган дүнүйөлөрү да жардамы тийбеди." Туугандардын" кылык-жоруктарын ийне-жибине дейре билген адамдын айткандарын канчалык далбас урса да,актоочулар төгүнгө чыгара албай коюшту.Мастер өкүм чыгараарда жалынып-жалбарынып кечирим сурады.Макгинти баш болгон оржанын сегиз баш кесери өлүм жазасына өкүм кылынды,элүүгө жакн киши түрмөгө камалды.Бирок Эдвардс айткандай оюн ошону менен бүтүп калган жок.Тед Болдуин,бир тууган Вильбейлер, ложанын дагы бир нече желдеттери өлүм жазасына тартылбай калды.Алар он жылга кесилип,азатыкка чыккандан кийин Эдвардстын соңунан түшүштү.Мурдагы Тазалоочуларандан өч алабыз деп касам ичишти. Эки жолу кол салышкандан кийин үчүнчү жолу соо калбасына көзү жеткен Эдвардс Чикагодон качып чыкты.Фамилиясын өзгөртүп Калифорнияга көчүп барды.Аялы кайтыш болду.Дуглас деген ысым менен эски кенде иштеп,Бэркер аттуу англис шериги менен дүр-дүнүйөлүү болду.Өлтүрүүчүлөр анын соңунан түшкөнүн билип Англияга көчө качты...
КОРУТУНДУ
Полиция иликтеп чыгып,Жон Дугластын ишин жогорку жактагыларга өткөрүп берди.Өзүн-өзү коргогон киши катары акталып чыкты.
Холмс Дугластын аялына кат жиберди:" Кандай болсо да аны Англиядан алып кетиңиз.Бул жердин баш кесерлери Дугластын сары изине чөп салган америкалык өлтүрүүчүлөрдөн да амал-айлалуу" .
Арадан эки ай өттү.Башка иштер менен алагды болуп Бирлстоундагы окуя унутула баштаган кезде табышмактуу кат алдык: "Оо Кудайым,мистер Холмс!Оо Кудайым!" Дайыны да жазылбаптыр, кол да коюлбаптыр. Таң калаарлык катка күлкүм келди,Холмс болсо катка өтө олуттуу маани берди.

#45 20 Август 2014 - 20:35
Бир күнү кечинде биз жашаган үйдүн ээси,мисси Хадсон эшикти каккылап,чоочун бир киши шашылыш бир иш боюнча мистер Холмсту издеп келиптир деди.Аңгыча өң-алеттен кеткен Сесил Бэркер кирип келди.
-Мен,эң жаман кабар алдым,мистер Холмс,-деди ал аптыгып.
-Ошондой болот деп чочуладым эле.-деди Холмс.
-Шордуу Дуглас!Анын фамилиясы Эдвардс имиш,бирок мен үчүн өмүр бою Бенито кенинде чогуу иштеген Дуглас бойдон кала берет.Үч жума мурун аялы экөо Пальмира пароходуна түшүп,Түштүк Америкага кетишкен.Кечээ кечинде пароход Капшдадтка жетиптир,бүгүн эртең менен мен мына бул телеграмманы алдым. "Ыйык Елена аралына жакындаганда катуу толкун болуп,Жон деңизге кулап түшуп кайтыш болду.Кантип өлгөнүн көргөн киши жок.Ива Дуглас".
-Аа ошондой болгон экен да.-деди Холмс ойго батып.-Жакшы ойлонулган иш экен.
-Мен да ошондой ойлоймун.Ашынган өчмөнтөй Тазалоочулар. ..
-Жок,урматтуу сэр.-деди Холмс.-Бу жолу тузак үзүп,капкан сындырган киши катышыптыр. Мындан ары чолок мылтык же олчойгон тапанча жөнүндө такыр кеп болбойт.Эрдин атын алыстан ук дегендей,бул Мориартинин иши.Кылмыштын башатын Америкадан эмес,Лондондон издеш керек.
-Эмне үчүн?
-Мориарти жеңилип калдым деп,мүңкүрөп калчу киши эмес.Куулук- шумдугу ишке ашпай калганын өмүрү кечирбейт.
-Америкадагы окуяга анын кандай тиешеси бар?
-Алгачкы кабарды анын жардамчыларынын биринен алганбыз.Кыязы кимдир бирөө Мориартиден жардам сурагыла деп америкалыктарга кеңеш берсе керек.Алагч алар издеген кишини таап,аны өлтүрүүнүн планын түзуп берген окшойт.Иш оңунан чыкпай калганын билип,ишке өзү киришсе керек.Дуглас Лондондо жүргөндө болочок коркунуч алааматтан кыйыныраак деп эскерткеним эсиңиздеби? Мен туура айтыптырмынбы?
Жаны кашайган Беркер башын мыкчыды.
-Сиздин оюңузча биз малдаш токунуп отура беришибиз керекпи?Ал Азезилге эч кимдин күчү жетпейби?
-Андай эмес!-деди Холмс ойлуу.-Аны жеңип болбойт деген жокмун.Бирок убакыт керек,мага убакыт бергиле!..
Биз унчукпай калдык,айтылуу тыңчы Шерлок Холмстун ою алда кайда чабыттап баратты. (Аягы)

#46 22 Март 2016 - 23:22
Мынакей Кандуу ороонлу издеген окурман учун атайын таап келип жылдырдым,Гулмира 96 окуй бериниз, озу эч Ким окубады эле жарыялаганымда)).
Билдирүүнү түзөткөн: belka: 22 Март 2016 - 23:25
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#47 22 Март 2016 - 23:59
Мен таппай жүргөм да. Бир чыгарманы эстей албайтам, айтор, фантастика ужас сыяктуу болчу, тирүү куурчактар жөнүндө калп айтпасам. Окуучу кезде окугам, атын унутуп атам, ошол китепти таппайтам. Ошонун атын билбейспи?
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#48 23 Март 2016 - 00:01
Бул китеп бар эле бизде, окугам, бирок эсимде калбаптыр, анткени тээ кичинемде эле окуп чыккам бардык китепти, чилистен болчу элем))).
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#49 23 Март 2016 - 01:26
Белка чоон рахмат коптон коп ыраазычылык!
Мен издеп жургон китептин дал озу да.
#50 23 Март 2016 - 01:33
"Мырзайым Мендилиптин азезил куурчактары"
деген чыгарма болсо керек тируу куурчактар жонундо, мен ойлогом ушул китепте болсо керек деп. Мында жок экен.
#51 24 Март 2016 - 06:28
Азезил куурчактар кимде болсо да жазып койгулачы. Кандуу Ороон китебинин ичинен окуган элем. Кыйшык уй да бар болчу.
#52 24 Март 2016 - 13:27
Ушул китепте бар, мен бир эле чыгарманы илгем,торт чыгарманын автору торт башка. Калганын жазам десенер байланышкыла,
менин балдарым кичинекей учун жоопкерчиликти алып баштагым келбеди.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#54 17 Январь 2017 - 05:39
Саламатсызбы.
Сураныч сизден ушул китептеги "Мендилипи мырзайымдын жан алчуу куурчактары"
чыгармасын жазып койунузчу. Мен бешинчи класста окугам, бирок, акыркы барактары жок болчу, эмне болуп бутооруно аябай кызыгам.
#55 17 Январь 2017 - 07:17
мындан башка да эки чыгарма бар эле бул китепте,баардыгын жазып койсо кандай сонун болоор эле
#56 17 Январь 2017 - 07:47
Агата Кристинанын "Кыйшык уй" жана "Американын сонку чабандеси"
болчу.