Кандайсыңар?
Кечээ күнү жан кейиткен абдан кайгылуу окуя, кырсык болду. Көпчүлүктүн эле көргөн, уккан сайын жүрөктөрү ооруп, жок эле дегенде көздөрүнө жаш тегеренип жатты болуш керек, жеке мен бир эмес, бир нече жолу ыйлап да алдым. Бүтүндөй бир үй-бүлөдөн бирөө гана калды, бир үй-бүлө бүтүн кетти, бир үй-бүлөдөн эч нерсеге али акыл коюп түшүнө элек бала калды, жакын деген адамдарынан айрылышты, баш калкалоочу жайынан, кийинчү кийиминен, ичинчү тамагынан айрылышты, эч нерсеси калбады, тыптыйпыл...
Видеолордон көргөн чыгарсыңар.
Кырсык болгондо да таңга маал, кээ бирлери кечинде шипширин уйкуга кеткен бойдон турбай калышты... Жашоонун али ж-сын көрө элек наристелер,
жүрөгүндөй болгон балдарынан айрылган эне... Мындай кырсыкты, мындай тагдырды эч кимдин башына салбасын.
Эми теманы ачканымдын максаты мындай, атайын форумчулардын атынан ким кандай жардам көрсөтө алат, канча жардам көрсөтө алат, чогултуп, анан Бишкек шаарындагы форумчулар чогулуп барып келели. Мындай кайрымдуулук боюнча тема ачылыптыр, аны да көрдүм, бирок алар жардамга аябай муктаж. Бул жалпы форумчулардын атынан болсун. Кайдигер караган адам болбостур...
Кырсыктан жабыр тарткандарга форумчулардан жардам Бишкектеги форумчулар чогулуп...
#2 17 January 2017 - 10:43
Жакшы болмок экен, мен бара албасам дагы,берип кетейин... көчөдө жүрөт элем,силерге тапшырып кетсем болобу?
Теманы бүгүнчө Суперстанга же эркин темага ачып турсаңыз болмок экен,бул жака анча адам кире бербейтго...
Теманы бүгүнчө Суперстанга же эркин темага ачып турсаңыз болмок экен,бул жака анча адам кире бербейтго...
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#4 17 January 2017 - 10:44

Каяктан тапшырасыз? Бишкектесизби?
#5 17 January 2017 - 10:47
Ооба Бишкектемин
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#6 17 January 2017 - 11:22
0773602474, бул менин номерим, вотсапптан жазсаңар да болот, именно бүгүн эмес, алар дагы көп жардамга муктаж болушат.
Бишкектеги форумчулар, силердин колдооңорго муктажмын...
Бишкектеги форумчулар, силердин колдооңорго муктажмын...
#10 17 January 2017 - 13:36
Мен да колдойм! Ар бирибиз чын жүрөктөн чыкканын берели, достор. Мындай кырдаалда жардам бербесек бири-бирибизге дагы качан беребиз?
Учурда бардык ишканалар бир күндүк айлык-аксын жабыркагандарга берип жатышат. Биздин колдон келбей эмне болуптур?!
Учурда бардык ишканалар бир күндүк айлык-аксын жабыркагандарга берип жатышат. Биздин колдон келбей эмне болуптур?!
#11 17 January 2017 - 13:46
Орусия, АКШ, Корея, Италия олколорундогу мекендештер "кантип жардам берем?" деп журушкон. Мына мумкун болду. Келгиле, 500 рублдан болсо дагы салалы 
Gupa бийкеч ишеничтуу эле форумчу. Коп тукурсо кол болот дегендей, биригели!
Gupa бийкеч ишеничтуу эле форумчу. Коп тукурсо кол болот дегендей, биригели!
#12 17 January 2017 - 13:52
Акчаны кимге салсак болот Москвадагылар?
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#14 17 January 2017 - 14:28
Мындай тагдырды эч кимдин башына салбасын. Элестеткиле,
кечинде жапжакшынакай болуп тирилигин кылып, ойноп-күлүп жаткан айыл, эл, адамдар, наристелер таң атпай тыптыйпыл. Эх! Жардам кылалы, албетте!Бир туугандарыбыз үчүн.
#15 17 January 2017 - 14:51
Колдон келип турганда жардам бергенге даярбыз. Элсомдо бар да Gupa, ошол жакка салып койсок болобу?
#18 17 January 2017 - 15:31
Озгондуктор да четте карап турбайлы колдон келген жардамыбызды аябайлы. Кыштын ызгаар кунундо жакындарынан турак жайынан ажырап туугандарыбыз сыздап турат. Алардын аза кайгысын тен болушуп конул айтабыз!!
!
Бакыт - деген жан-дүйнөнүн абалы.
Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.
Бакыт - деген телегейи тептегиз,
Там-Туң баскан наристенин кадамы!
Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.
Бакыт - деген телегейи тептегиз,
Там-Туң баскан наристенин кадамы!
#19 17 January 2017 - 15:34
колдон келген жардамды берели мен бишкектемин номерим 0771730475 ватсаптан жазсанар болот эгер чет жакта жургон бир туугандар ишенич корсотсонор эл сомго которсонор жеткирип берем.Сыдыков Ызатбек Каныбекович
#20 17 January 2017 - 15:34
2015 кыска номерине УЧАК созун жазып жонотсонуздор да 25 сом жардам болот экен. Эээхх окунучтуу...
.

Супер-Инфо
super.kg
видео