Толук кандуу уй-булонун эрке кызы болчуумун. Эрке дегенде да,жалгыз кыз,эн кичинекейи.
Бирок,ото эрке болгом деп айта албайм,апам мугалим,катуу кармачу.Ал айтканды жасап,алып бергенди кийип,же дегенде жеп,мени сындаганда создору бийик жана соогумо жеткидей сындачу,кийин аны кайталабайт элем.Апам:"
Ичимдегини тап,озун билип кыл",-дегендерден эле.А мен кайда,али жаш болсом,кантип тушунмок элем.Ошон учунбу,тиричиликке тын чыкпадым,баарын кеч уйрондум.3 бир тууган элек,эки агам бар.Алар мектепти абдан жакшы окуп бутурушту,ойлоп койом,мен дагы деле эркелик кылган экем. Анткени,олимпиадага катышпадым,
эн мыкты окубадым.Мектепте окуп жургонумдо агам уйлонду,ошондо кичине чоное туштум окшойт,той-топурдун ичинде журуп.Женелуу болдум.Эми иш деле кылбайм,окуудан келсем баары даяр.Ошондой болсо да,женем апамдын ичимдегини тап деген мунозун тушуно бербеди корунот,айтоор,
апамдын ичи чыга бербеди,кылган иштерине.Женем жогорку окуу жайлардын биринде окучу,аз отпой женем м.н байкем шаарга кетишти.Женем контрактта окучу,окутабыз деп алышкан,а агамдын машинасы бар,квартиранын,
окуунун акысын ата-энем толоп турушту.Аз отпой,жаны жыл кирип келди.Байкем м.н женем да келишти,кооп продукты кылышып,белектерди даярдашып.Оздору жаш уй-було болсо,кайдагы акча деп коп ойлонбодук окшойт,тек гана иши жакшы болуп аткан го деп койдук.Жаны жыл м.н кошо женемдин да боюнда бар экен,абдан суйундук.Кызыгы,
женем апам салган сойконун ордуна чонойтуп,сойко шакек тагып алыптыр.Апам буга абдан таарынды,мага алып бербегенди,
алып берип деп.Мен деле таарынмакмын деп ойлоп койом.Эне деген баари бир эне да,аял экинчи орунда туруш к.к. Алар жаны жылды откоруп кетишти.1,2 айдан кийин продуктынын,
алтындын аркасы чыкты. Корсо,кредит алышкан экен. Байкем кыйналса к.к да,иш жакшы болбой,аялынын боюнда болуп жатса,анан да намыской болчу. Кредитти укканда атамдын абдан жини келди.Озу кредитти жаман корчу,арак ичкен эмес,тамеки тарткан эмес.Эми биз жак,келиндин ата-энеси м.н кырылып эле жатып калышты.Ата-
энемдин жашы чон,бирок алар да унчукпай тура алышпады. Айта кетчу нерсе,женемдин жерлиги алысыраак эле,ата-энем ынабай алып бербейбиз дегенине карабай,байкем когоруп журуп алды.Апам айткан эле,"козун май басып калыптыр"
деп.Байкем жоош,жайдары,
акылдуу,коп китеп окучу.Бара-бара мунозу озгоруп баштады.Уйдо атамдын "нерви жука",тез жини келчу,ал мунозу бизде да бар.Ошол тез жини келуу,байкемде оркундой баштады.Ата-
энем,тайэне,
таятамдардын:
кредитин толошуп койгула деген созуно карабай,кредитин толоого жардамдашпады.
Убакыт отуп,женем тороду.Бирок,
тилекке каршы айынан эрте,уйдо.Кыз болчу.3 кунчо жашап,биздин:
"баардык таарынычтарды ушул бобок унуттурат,баарын жакындаштырат"
,- деген тилектерибиз орундалбай,
аркы дуйнону карай кете берди.Андан сон,бата артынан бата болду.Женем м.н байкем ажырашышты,
оздорунун каалоосубу же ата-энемдинби,
толук айтуу кыйын. Болгону,баарык мамиле солгундап калган... Байкем дагы да,озгоруп кетти.Бир туруп жайдары,бир туруп жанына эч кимди жолотпой жини келет,же башкага уйлонбоду.Ата-
энеме койсо,шарт эле уйлонтуп койсо.Жашоонун дагы бир жазылбаган мыйзамы:эч кимди ото жакшы корбо жана жаман корбо.Агам,женемден баш тарта албай койду корунот.Ото баласаак эле,кимдин баласы корунсо,бир аздан кийин аны байкемдин колунда корчуубуз. Аз кун жашаса да,"ата"
деген сезимди сездирген,куноосуз кызын коп эстоочу.Ортодо коп создор болду,айтайын дегеним,уй булодогу бардык адамдарга жакшы да,жаман да айтты.Биз баарын тушунуп турдук.
Баракча 1 - 1
Бардыгында барктайлы! "Адам баркы" жонундо эки ооз кеп
#2 16 Январь 2017 - 20:03
Эмнеси болсо да,бутуруп коюуну чечтим.
Байкем кайра уйлонбоду.5- 6 айдан кийин Россияга кетти,жакшы эле иштеп жургон.
Бир куну баары озгорду.
Жайкы каникул убагы болчу.Мен анда 11-классты бутуп,жогорку окуу жайга да тапшырып,эс алып жургом.Эрте м.н чай ичип,кичине отурганда,тайэнем, абжем,тагам келишти.Биз кулуп,жайнап эле тосуп алдык.Жуздору суз,мунайым гана жылмайып коюшту,кулуп турган мени карап.А апам аларды карап,ыйладынарбы деп койот,коздору кызарып калыптыр.Уйго кирип отурушту,ыйлап киришти.Корсо, байкем россияда коз жумуптур.Апам ишенбейт,кечээ эле чалды эле го деп.ээх.Мен биринчи буркурап ыйлап баштадым,анан апам...Батага адамдар келишти,атамдын эшикте агасын кучактап ыйлаганын кордум.Апам андан кийин тездик м.н карып кетти,мунайым. жумшак адамга айланды.Кээде, атайын жинине тийчу болдум.Анткени, мурункудай урушуп,кагып турса,кайгысы унутулгансып, жашарып калгандай сезилчу.Баарынан да,энени баласынан айрыбаса экен,канча кундор,жылдар отсо да,эч унутпайт.Кечээ эле "кайдасын? " деген корсотууну коруп жатып,токтобой ыйлады...

#3 16 Январь 2017 - 21:04
Байкенердин жайы жаннатан болсун! Силерге сабыр, олум ар бир жандын башында бар! Айырмасы, бироо жаш кетсе, бироо каарылыкка жетип кетет экен! Сабыр, сабыр, сабыр!
Счастье не в деньгах!
#4 16 Январь 2017 - 22:29
Арты кайырлуу болсун. Бул дуйнодон кеткенден кийин кадырын билет экенбиз. Андай болбосо олбойт беле, мындай болбосо антпейт беле деген арман менен жашайт экенбиз.
#5 17 Январь 2017 - 00:14
Ар бир башта бир өлүм, бирок, капысынан келген кырсыктан сактасын.. Агаңыздын жаткан жери жайлуу, нурлуу болсун.
Апаңыздын ар бир жасаган нерсесин көзөмөлгө алып турушуңуз керек окшойт.. Мисалы ошол эле "Кайдасың? "- берүүсүн көрсөтпөгөнгө аракет кылышыңыз керек. Себеп дегенде, ошол нерсени көрүп отуруп, эски жарасы козголуп, инсультка кабылып калуусу толук мүмкүн.мындай ситуацияларды көрүп да калдым.. Апаңызды абайлаңыз..

В каждой шутке есть доля правды...
#7 17 Январь 2017 - 09:27
ии жаман болуптур да, ата эне баланын жашоосуна кийлигишпегени туура, алганы менен бөлбөгөнгө аракет кылыш керек.....келинчегине алып ьерген нерселерге таарынбаш керек, кайра сүйүнбөйбү жакшы жашап жатышканына.
...эми баары кеч....
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#8 17 Январь 2017 - 23:03
Уйлоп жайлагандан кийин кичинекей коломтолорун бузбай,кийгилишпей коюш керек.Бирок ал кезде озубузду кармай албай,шайтан(алехи лана)азгырыгына кирип жакындарыбыздын турмушуна кийгилишип алабызда.Балким женениз мн тим койгондо тируу болот беле дагы тороп алат беле.Эми ал тагдыр ошондой.Сабыр жана сабыр тилейм.
#10 17 Январь 2017 - 23:28
окунучтуу... Эми апанызды абайланыз конулун башка нерсеге буруп бир нерсе менен алек болгону жакшыго,бир аз болсода озуно келет.
Баракча 1 - 1