Эртен мененки аба ырайы мага жакты. Кун суук да эмес, жылуу да эмес. Кундогудой эле маршруткага тушуп келе жаткам. Бир маалда жаныма бир жаш кыз келип отурду (примерно 20-22 жаш). Отургандан кайра тушкучокту коз жашы тыйылган жок. ( жол 40-45 мин. убакытты алат). Кыздын сулуулугун айтпа...эч боексуз...илгерки кинолордо коргон кыздардай...
Ак Моорго да окшоштуруп жибердим. Ал кыз ыйласа озум тынч отура албай, кормоксон, билмексен болуп отура берейин деп ойлодум. Ошол эле учурда эмне болгонун сурап, колумдан келген жардамымды берсем...Же сурап ого бетер жинине тиемби? "ишин эмне?" деп койсо эмне кылам...эмнеге мынча шолоктойт...
деген суроолор, ойлор менен кыйналып отурдум. Маршрутканын ичи толо адам болсо да....бирообуз да ага суйлоп, ал-жайын сурай алган жокпуз. Ушунчалык кен дуйнодо озун жалгыз сезип, эч кимге кереги жок адамдай, суу жээгинде жалгыз калган ак куудай, мерээздиктин кучагында калган кызга эмнеге мен эч нерсе айта албадым? эмнеге мен жанында отуруп бир кайрылып суйлой алган жокмун? эмнеге ал кыз мынчалык жашоосуна таарынып ыйлады? деген ойлор дагы деле мээмди жеп жатат.
Jurogum oorup ketti. Ehh jalgan duino

Супер-Инфо
super.kg
видео



















