Суперстан: Күйөөсүнөн өч алыш үчүн өз баласын иттерге таштаган аял - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Күйөөсүнөн өч алыш үчүн өз баласын иттерге таштаган аял Напсинин кулу болбо адамзат

#1 Пользователь офлайн   ayka96   22 Январь 2017 - 20:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

АДАМДАР ЭМНЕ ЭЛЕ БОЛУП БАРА ЖАТАТ. АЙБАНДАНДА ӨТҮП КЕТИШТИГО. ӨЗ КАНЫНАН ЖАРАЛГАН 9 АЙ ИЧИНДЕ КӨТӨРҮП КЫЙНАЛЫП ТӨРӨП АНАН ЖОЛДОШУ БИР БРИЛЛИАНТ КӨЗДҮ КОМПЛЕК СӨЙКӨ ШАКЕК АЛЫП БЕРБЕЙ КОЙСО БАЛАСЫН ИТТЕРГЕ ЖЕМ КЫЛЫП ТАШТАГАН. ЭХ АРМАН ДҮЙНӨ.

Бирине зар дүйнө, бирине кор дүйнө.
-Кече оорууканада сменде элем. Бизде оор абалдагы ооруулуунун өзү болбогондуктан смен ар дайым тынч өтчү..... Түнкү саат экиден өткөндө сырттан ызы- чуу добуш келди. Иттердин арсылдап үргөнү, кыңшылап бакырганы жана эркек кишинин башкача үн менен бакырганын угуп медайым экөөбүз сыртка чуркадык. Добуш кароолчу Эркин аксакалдын үнүнө окшойт эле. Оюбузда бир гана суроо эмне болду, тынчылык бекен? Неге мындай башкача бакырды деген.
Кароолдун жаткан кичинекей бөлмөсүнө кандай чуркап барганыбызды да билбейм. Кирсек эч ким жок эле. Ошондо добуш бак жактан келип жатканын түшүнүп ошол жака чуркадык. Чоң өрүк астына жеткенибизде кароолдун карааны көрүндү. Караңгы болгону үчүн кол телефондун чырагы жанык болчу. Нуруну Эркин аксакалга туштадым. Анын бир колу кан, үстүндөгү кийген тону жана шымы жыртылып айрылып кеткен. Ондогон каракчы менен алышкан адамга окшойт эле. Коркуудан мен калтырап жаттым. Жакын жерде болсо дале иттердин үргөнү угулуп турат эле.
Тынчтыкпы? - деп суроо беришимди билем, эки аттап жаныма келди. Ошондо гана колунда бир нерсе бар экенин байкадым. Карасам.... карабаганым, көрбөгөнүм жакшы эле. Эркин аксакалдын колунда бар жогу тиштеп бир буту дээрлик тытылып салынган наристе бар эле. Врачмын, мындан да жаман ооруулуу болуп келген балдарды көргөнмүн десем жаңылышпайм. Бирок азыр көрүп турган көрүнүш коркунучтун өзү эле. Анча мынча адам карап тура алгыс эле. Кызым, караа текшерип көрчү балким тирүүдүр. Иттердин оозунан тартып алдым... Айланайын кызым жардам берчи деп аксакал наристени колума узатты.
Баланы колума алып ичкериге карап чуркадым. Наристенин үстүндөгү кийимдери да иттердин талаганынан тытылып кеткен. Балтыры жана желкесинен тызылдап кан токтобой агып жатты. Тез жардам бөлмөсүнө жетип келип жарыкты жандырганыбызда сыртта көргөнүбүз жөн гана көрүнүштөй болуп калды.
Адашпасам бул наристенин кыркы да чыга элек көрүнөт. Ит тиштебеген жери калбаптыр. Бел жагынан бир бөлүк эт дептердин барагындай болуп ачылып ичиндеги болгон омуртка жана майда нерв тамырлары көрүнүп турат эле. Жүрөк, өпкө, көкүрөк бөлүктөрү да тиш издери менен толо эле. Наристеде эч кандай жан барлыгы сезилбейи эле. Ошондой болсо да биринчи тез жардамды берүүгө аракет жасап жаттык. Медайымдарга эмне кылыш керек экендигин айтып жатам көзүмдөн аккан жаш токтобой жатты.
Бала кантип бул абалга түштү? Неге жапайылашып кеткен көчө иттеринин жемишине айланды? Кимдин баласы? Апасы кана? Кайда?- деген суроолор мээмди ээлеп алган. Бирок операция столунда жаткан бул тилсиз, бээ күнөө наристе жооп бере албайт эле. Клиникабыз жаңы болгондуктан көп аппараттар орнотула элек болчу. Бирок наристе жансыз го дейм, баарибир эмнедир кыла алчудай чогуу иштегендер менен наристенин жүрөгүн иштетүүгө аракет жасап жаттык. Тынбастан Алладан суранып жаттым. Эмне деп жатканымды билбейм, көзүм наристеде, жүрөгүм Алладан тиленип жатты. Хирургду чакырдык. Чоп чоң кырктан ашкан киши баланын абалын көрүп ыйлап жатты. "Бул абалда чоңдор да тирүү калышы күмөн эже деп " колдорун калтырак басты. Калтырабай! ... жараттарын тигип чыккыла, көп кан жоготкон! Калтыраба! Башкага катуу добуш менен айтылган буйрукту уккан соң хирург өзүнө келип, ит кажыган кичинекей буттардан чыгып турган кан тамырларды кымчыгыч менен кармап ишин баштады. Бир гана хирургка эмес жалпы баарына бакырып жаттым. Бир натыйжа чыгуусунан үмүт үзүлүп баратты. Медайым телефондо чакырган ИИБдин кызметкерлери да баланын абалына карай алышкан жок.
- Бир аз өзүнө келе албай туруп калган ИИБдин кызматкерлери эми баары бүттү, кеч калдык, сыртка чыгып туруңуздар биз ишибизди улантсак деп бизди сыртка чыгара баштады.
Бирок ошол учурда бир күтпөгөн укмуш болду. Оа бул чыныгы укмуш керемет болчу.(Мээримдүү Аллахка шүгүр) ымыркай мышыктын мыёлогонундай үн менен алсыз үн чыгарды. Аппарат менен жасалма дем алуу берилип жатканынанбы же токтогон жүрөктү иштеткенге аракет кылганыбызданбы, тынбай кудайдан суранып жатканыбызданбы кыскасы ал кандай күч экенин билбедим. Бирок баланы тигил дүйнөдөн кайтарды.
Баланын бардык жарааттары тигилип керектүү биринчи жардамды бердик. Бирок бул жерде алып калганга шартыбыз жок эле. Себеби оорууканабызда керектүү жабдыктар жок. Наристенин өмүрүн чоңураак, бардык жабдықтары бар клиникада гана сактап калса болот. Ал дем ала баштады, бирок абалы оор эле. Жетип келген тез жардам машинасында врач болсо да өзүм алар менен чогуу жөнөдүм.
Таң атканга чейин жети- сегиз тааныштарымды ойготуп, балага кан тапшырууга чакырдым. Кудайым өмүрүнө береке берсин (атын айтпайын) "Одноклассники" деги эки жигит бир ооз сөзүм менен келишип кан беришип кетишти. Ооруканага кайтканымда бул окуяны баары угушуптур. Өз түйшүгү өзүнө жетерлүү болуп ооруп жаткан ооруулуулар да бири коюп бири баланын абалын сурап жатышты.
Аябай катуу чарчасам да үйгө кайталбадым. ИИБге барып күбөлүк беришим керек эле. Кароолдун көрүнүшү бир абалда. Аппак сакалы титиреп, көздөрүнөн дале болсо жаш агып турду. Мен ар жыйырма минут сайын ымыркай жаткызылган оорууканага телефон чалып коллегаларымдан абалын сурап жаттым. Биз абал боюнча түшүнүк кат жазып бүткөнүбүзчө наристенин энеси да табылыптыр.
Мен ойлогом бул ымыркай жеңил ойлуулуктун мөмөсү болуп төрөлгөн, ошол себеп баланы сыртта калтырып иттерге жем кылып салынган деп. Адашкан экенмин. Баланы дүйнөгө келтирген айбан!(кечиресиздер)
- Бирөөнүн өмүрлүк жубайы, никедеги эле аялы экен. Эми эмне себептен бала мындай абалга туш болгону кызык болуп жатса керек. Бул жаш келиндин күйөөсү эл катары Россияга иштегени кеткен. Телефондо бир аз катуу сүйлөгөнү үчүн өчүн баласынан алган.
-ЭМНЕ ДЕДИ КҮЙӨӨҢ? Сүйлөбөйсүңбү М........ва?
Эшиктин бир аз ачылган жеринен байкап туруп, эне деген наамга татыктуу эмес, таш боор. Тогуз ай боюнда көтөрүп жүргөн баласы жөнүндө ойлоп да койбогон бул келинди колум менен муунтуп алганга даяр элем.
- Сүйлөбөйсүңбү! Эриң не деди? Талак бердиби?
Жок - деди шашпаай туруп.
- Уул төрөсөң " Бриллиант көздүү комплект алып берем"- деген эле. Эми болсо ошол убада кылганын алып бере албайт имиш. "Россияда кризис, бир аз чыда!"- деп шылтоо кылды.
Кийин эмне болгонун акылым албай калды. Келинге суроо берип жаткан жанагы тергөөчү жанагы келинди муштум менен жыга чаап, тээп салды. Тергөөчүлөрдүн айоосуз таш боор экенин укканмын, бирок азыр жинденип, көзү канга толгон тергөөчүнүн бул аракетин жактап, ага кошулушка даяр элем.
Ал түнү биздин клиникага барып, көздөрүнөн жаш агызган балага карап турган милицияга окшобойт эле. Эгер эки үч киши токтотуп калбаганда, тергөөчү жазага татыктуу болгон иблисти (келинди) өлтүрүп коюшу анык эле. Үйгө жол алдым. Өзүмө өзүм суроо берип жаттым. Бир бриллиант көздүү комплект Аллах берген эң кымбат болгон аманаттан артык беле? Эринин бир ооз сөзү үчүн, кыйналып төрөгөн уулунан кечип жиберүү мүмкүн беле? Мен да аял кишимин. Мен деле аялмын.
Жолдошума кээде эмнелерди айтпайм. Убада берген нерселерди экөөбүз тең унутуп калабыз. Бирок бир да жолу кайдагы бир буюмду деп өчүмдү мотурайган кара көздөрүмдөн албайм го! Дүйнөдө канчалаган балага зар инсандар бар. Балалуу болуу үчүн бар бриллиантын берүүгө даяр канча аялдар бар. Эринин сөзүнө капа болуп, баласын телефондо сүйлөшүп жаткан жерине таштап (көчөдөгү скамейкага) калтырып кеткен. Үйүнө кирип уктап калган аял мусулманбы?
Эң өкүнүчтүүсү ал мусулман эле. Мусулман эне эле. Эй Жараткан, напсинин кулуна айлангандарга инсап бер.....

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   ayka96   22 Январь 2017 - 20:37

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1017035343.jpg
  • Прикрепленное изображение: 1022725632.jpg
  • Прикрепленное изображение: 1022725632.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   ayka96   22 Январь 2017 - 20:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жакында эле болгон окуя экен.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Giza   22 Январь 2017 - 20:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Бул чын экенби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Giza   22 Январь 2017 - 20:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Чындап эле болуппу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   ayka96   22 Январь 2017 - 20:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Giza (22 Январь 2017 - 20:48) жазган:

Чындап эле болуппу?

Болгон окуя деп жатышат.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Aygul777   22 Январь 2017 - 20:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 260
  • Катталган: 02 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 04 Мар 2020 20:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаарым

Ынсап берсин адамдарга, тообо кылдым. Куйоосу кечирбейт го эми. Бирине зар, бирине кор дуйно.
Аллах-кудуреттуу зат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Musabaeva.   22 Январь 2017 - 20:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 773
  • Катталган: 22 Март 16
  • Соңку аракети: 10 Сен 2019 22:16

Кудай ай кандай гана таш боор .Эне деп да жазгым келбеди.
Мен ар дайым өзунө "ЖАЛГЫЗЫҢ"болгум келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   marapat   22 Январь 2017 - 20:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 176
  • Катталган: 08 Июнь 16
  • Соңку аракети: 15 Июл 2024 17:23
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москва

Ой тобоо наристеде эмне куноо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Talantbek1994   22 Январь 2017 - 21:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 227
  • Катталган: 07 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2021 12:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Таңдын атканын Азан менен билдирген жер

Ыйлататко
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Medinaa   22 Январь 2017 - 21:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

Ии,Кудай :капамын:
канчалар бактылуу боло албай журушот?!Бриллиантты тагынып эмне кылат!
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   dinar.meilibaeva   22 Январь 2017 - 21:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 90
  • Катталган: 12 Январь 17
  • Соңку аракети: 30 Июл 2017 04:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:кыргызстан

тообо кылдым журогум титиреп кеттиго.. менин баламды бироо каттуу кармап койсо чыдайбай кетем бул айбан кайдагы арзыбаган нерсе учун баласын иттерге жем кылганын... баладан айлангыр десе...
кыргызстан менин мекеним!!?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Giza   22 Январь 2017 - 21:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Бул болгон окуя бекен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Mumu1986   22 Январь 2017 - 22:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 395
  • Катталган: 21 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 25 Июн 2020 23:01
  • Жынысы:Аялзаты

Уффф, адамдар барган сайын эмне болуп баратат? Озум улутчул эмесмин , бирок атам айтып бердиле. Казак эрди - катын кичинекей баласы менен ат аравада тоодон туну айылга кайтып келатса, чоотторбу карышкырларбы кууйт экен. Ана мына аравасына жетип асылайн дегенде экоо баласын ошолорго таштап берип ,оздору качып кетишкен экен. Казактар ото таш боор калк деп айткан эле. Биздикилер анданда отуп кетишиптирда ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   22 Январь 2017 - 22:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Толук окуй албай койдум..СүрөтСүрөт Сүрөт
Балким ошол күйөөсү алып бере албай калган "ташты" ошол перзенти алып бермек…
Бул аялдын өзүн да ошентип айбанаттарга талатыш керек. Ошол да аз болсо керек!!!
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Mekanyr   22 Январь 2017 - 22:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 18 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2017 20:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

Акмак эле экен кантип кантип .... колу барды бул дуйно деги эмне болуп баратат баш аламан жан кейиштуу окуялар коп болуп баратат оо аллахым озун сактай кор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Almagul.akylbekova   22 Январь 2017 - 22:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 144
  • Катталган: 16 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 12 Фев 2017 18:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кудаааааааай ай бул кандай таш бооор да эмес жырткычда эмес жырткыч болсода баласына меерим берет и аларда журок бар балдарына ушунчалык ашыгы менен меерим тогот бул кандай манкурт эне дегенге тил барбады ушунчалык корбосомда балага жаман ичим ачышты бул аял тиктеп туруп оз канынан жаралган наристесин кандай таштады ааааа журогум кантала болду мен деген балага зар болуп журомунго ишенсенер жан дуйном жанчылып атат бечара балакай ай омурун узууууун болсун бобогум менин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Nurtilek001   22 Январь 2017 - 23:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 315
  • Катталган: 03 Август 14
  • Соңку аракети: 08 Апр 2025 01:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Акылы тайкы, журогу ташбоор айбан экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Suluuushka   23 Январь 2017 - 02:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 634
  • Катталган: 01 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 04 Мар 2020 14:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Новосибирск

Окуп жатып калтырак басып озумду аябай жаман сезип датам. Бул аял эмес эле айбан манкурт экен го 9ай которуп кыйналып тороп анан кайдагы бир зат учун баласын иттерге жем кылган. Эне эмес эле журогу таш муз болгон эч нерсеге тене албадым бул айбанды. Озун иттерге жем кылыш керек. Эхх жашоодо эмнелер гана болбойт баарына чыдаш керек бирде жокчулук болот кээде ачка да каласын каяктагы бриллиант эмес НАнга акча таппай калган кундор болот баарына чыдаш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Angel92   23 Январь 2017 - 02:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Тобоо...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 15:48

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: