Менин таятамдын иниси балалуу боло албай копко журот экен.Балдары туулуп эле чарчап калат экен.Ошондо уул торосо токтоп калат,уч кун ат койбой ырым кылып,таштандыда эле журуп,аман болсун деп Таштанды койгон экен.Озу бой келбети келишкен акылдуу,сулуу жигит болуп эр жетти.Аман журуп 4 уулду болду...Чон энемдин аты Болду эле.Чон таятабыз уул куто берип бешинчиси кыз торолгондо.
ЭЭ Болду ия,кызы да уулу да керек эмес деп капа болуп,тескери бастырып кеткен дешет...
Таятам каза болгон туну агасынын келини тороп,Толонду акебиз кайра торолду деп Толосун койушкан.Илгери кыргыздар ошол учурда эмне себепчи болсо ошону койушкан Сапарда журсо Сапарбек.Тан агарып келе атканда торолсо Чолпонбек.Бала кутуп зарыгып калышса Зарылбек.,Зарылкан.
Балдары токтобой калса Токтосун,Токтобай,
Олмас,Токтокан дешкен экен.Илгери биздин айылда Дурболон деген киши болор эле.Корсо ай кунуно жетип калган келин жолдо келе атса алдынан трактор чыга калса,коркуп кеткен келин качып бара атып тороп койгон экен.Биринчи трактор келе атышы экен эле...Биздин айылда Бечел деген киши болор эле.Бир куну раис тушку тамака кирип калат экен,ашпозчу жок болуп кутуп тордо отурса бешиктеги бала."ААсеке быйыл эгин мол болчудайбы,
мага окшогон жетимдин курсагы тойчудабы"
-десе раис уйдон чочуп чыга качыптыр.Ак боз бээ сойгузуп туло откоруп аксакалдарга айтса.Э ал ашпозчунун бешикте жаткан 7 жашар баласы,тили буудай кууруйт дешет.Ачуусу келген раис барып бешикти ачса бешикте озун озу терметип чон эле бала жатат дейт,Бойу кодо,тили заар ,тизеден ылдыйын бешиктин ич жагына киргизип ,озун озу тербетчуу экен.Атына оноруп барып тоонун чокусуна отургузуп,бир уйур жылкыны айдатыптыр.
Эзели баспаган бала кутуроп жылкы келе атса Асеке олдум деген бойунча чуркап кетиптир.Атын Бечел койуп,элден бата алып берген дешет.Биз да коруп калдык шум суйлогон,созго чечен киши эле...
Мен тааныган кыздар бар.Кыз тороло бергенде Бурул анан жанылсын деп Жаныл,уул берсин деп Улбу акыры таарынышып Таарын анан Мейли ошонтип тогуз кыз торолгон.
Азыркы заманда жаштар каалаган атын койот.Илгери чон ата,чон эне же коншулары эле койуп койгон.Менин чон баламды колдон торолду деп чон атасы Колбай койушкан.Азыр биз деле Чон ата экообуз Жоомарт,Чынгыз,
Нуркыз,Акбермет,
Акмаржан,Али нур деп кыпкыргызча аттарды койуп койдук.
Уул-кызга энчилеп маанисиз ат коюу... Кыз-балага энчилеп маанисиз ат коюу...
#122 23 January 2017 - 19:13
Албетте маанилуу ат коюлуш керек... Балтасап кетменсап картошка пияз деп коебербей...
#123 23 January 2017 - 20:01
Чоң энемин таенеси Жамбы болгон экен. Байкем кыздуу болгондо чоң энем атын Жамбы коём десе, жээним сиңдиңдин аты ким деп сурагандарга Жамбы деп айтамбы деп койдурбай койгон. Айдана коюшкан анан.
Үлпат деген эже бар
Үлпат деген эже бар
#126 23 January 2017 - 20:56
Эмима деген кыздын атын уктум 3жашта экен)
Наима дегенди да коюп башташыптыр))
Наима дегенди да коюп башташыптыр))
#128 23 January 2017 - 21:49
Мирзат муканов деген да журналист бар беле
Келинди сынабай келген кезинди эсте.
#129 23 January 2017 - 21:54
Адалат деген ат кандай экен . 
Манас эпосунда Көкөтөй карыя балалуу боло албай жүрүп акыры балалуу болгондо, адамдарга сүйгүнчүк болуп, адамдардын сугу көзү тийбесин деп Бокмурун деп коёт. Бокмурун деген арты уккандар жийиркенип кетишет экен.
Манас эпосунда Көкөтөй карыя балалуу боло албай жүрүп акыры балалуу болгондо, адамдарга сүйгүнчүк болуп, адамдардын сугу көзү тийбесин деп Бокмурун деп коёт. Бокмурун деген арты уккандар жийиркенип кетишет экен.
#130 23 January 2017 - 22:00
#133 23 January 2017 - 23:28
бул жактагы аттарды окусан озунчо эле анегдотко кулуп жатам эзилип кээ атарды окуп алып
#134 23 January 2017 - 23:36
Мен да ушуну айтайын деп жаттым эле.
Бироо балалуу болуп эшике чыкса бир аксакал эт жепатыптыр, "аксакал жеп аткан эмненин эти?" ордоктун, болду ордокбай дегендей.
/>
Дагы айтат имиш бироо мен эгер 99га чыгып уулдуу болуп кала турган болсом уулумдун атын ФЫЙТ деп коюп коем дейт да ышкырыпчы.. Ошентип куудулдар кулдургонун жазып койдум да.
Ал эми тема боюнча озумдун уккан акыркы озгочп аттардан айтсам, Меринса деген кыз менен тааныштым италияча коюлуптур.
Бироо балалуу болуп эшике чыкса бир аксакал эт жепатыптыр, "аксакал жеп аткан эмненин эти?" ордоктун, болду ордокбай дегендей.
Дагы айтат имиш бироо мен эгер 99га чыгып уулдуу болуп кала турган болсом уулумдун атын ФЫЙТ деп коюп коем дейт да ышкырыпчы.. Ошентип куудулдар кулдургонун жазып койдум да.
Ал эми тема боюнча озумдун уккан акыркы озгочп аттардан айтсам, Меринса деген кыз менен тааныштым италияча коюлуптур.
#135 23 January 2017 - 23:39
#136 23 January 2017 - 23:44
#138 23 January 2017 - 23:51
москвада квартирада жбир кыз бар эле ЖАДЫРА болчу аты биринчи уканда тан калгам
#139 24 January 2017 - 00:32
Биздин айылда Байпак, Самолет, Кимбилет деген кишилер бар, Тай, Кучук деген энелер бар эле...
#140 24 January 2017 - 00:39
Ноен деген созду адабиятта кезиктиргем кыйын адамдарды ошентип айтса керек Менин да Ноен деген классташым бар ал жон ат эмес биз кыргыздын кээ бир создорун билбейбиз а чон-аталарыбыз билишет.мага мааниси жок аттар жакпайт мисалы Аяна, Адина нени тушундурот кооздук учун го же батыштыкы эмес же арабча эмес
Нойон деген монголчо- аскер башчы, мыкты жоокер кыскасы аскердик чинди билдирет го менимче

Супер-Инфо
super.kg
видео














