III. ЧЫНЧЫЛДЫК
Чынчылдык негизинен туура жолдо жүрүү, калп айтпоо, уурулук кылбоо, адилеттүүлүктөн тайбоо, убадага бек туруу сыяктуу сөздөр менен маанилеш.
Чынчылдык – бул адамдын ичи менен тышы, тышы менен ичи, өзү менен сөзү, сөзү менен өзүнүн айкалышып турушу. Чынчыл адам бирөөнү алдабайт, сөзүнө бекем турат, аманатка кыянаттык кылбайт. Таразасында,
соода-сатыгында бирөөнүн акысын жебейт, шылуунчулукка барбайт. Ар бир ишин майын чыгара жасайт, көрсөтмөлүүлүктөн такыр
оолак болот. Жумушчу болсо, өз ишин толук орундаганга аракет кылат. Жумушчу иштетсе, жумушчуларынын акысын толугу менен берет.
Куранда мындай буюрулат: «Сага буйрулгандай туура жолдо бол!» (Худ сүрөсү,112). Негизи, чынчыл болуу, түз жүрүү адамдын ар бир кыймыл-аракетине,
ички дүйнөсү менен сырткы дүйнөсүнүн айкылышына байланыштуу.
Адамды жакшы же жаман кылган нерсе – бул сапат, кулк-мүнөз. Пайгамбарыбыз береги аяттан улам «Худ сүрөсү мени карытты (чачыма ак түшүрдү)» (Тирмизи, Тафсир, 56/6) деген. Себеби мусулман адам
бул эрежеге дайыма ар бир ишинде, ар бир кадамында баш ийиши керек. Чынында эле бул
жагдай кажыбас кайрат, талыкпас аракетти талап кылат. Ырас, мусулман түз жүрүүдөн оолак боло албайт.
Азирети Пайгамбарыбыз куттуу хадистеринин биринде: «Дин – бул чынчылдык, ак ниеттүүлүк.
..» (Бухари, Иман, 42; Муслим, Иман, 95) дейт. Демек, ар кимге жана ар нерсеге карата чынчыл болуу. Кара ниеттүүлүк,
ичи менен сырты, сөзү менен өзү башка болуу мусулмандык сапатка жатпайт. Куранда төмөнкүчө буйурулат: «...Убадага бек тургула! Себеби берилген убададан улам сурак болот» (Исра сүрөсү, 33) «Буттардын (идолдордун) ыпластыгынан жана жалган сөздөн оолак болгула!» (Хаж сүрөсү, 30).
Адам эң ириде Алла Таалага карата түз болушу кажет. Бул деген сөз, ишениминде,
ибадаттарында ыкласы түз, ниети ак болуу дегенди түшүндүрөт.
Демек, чынчылдык баарыдан мурда адамдын ишенимине байланыштуу.
Аллага ишенбесе да, ишенген адам сыяктуу көрүнгөн, ишениминде ниет ак болбогон адам «мунафык-эки жүздүү» адам.
Адамдык асыл сапат өңүтүнөн адамдардын эң төмөнкү даражасында мына ушулар турат.
Мындай эки жүздүү адамдын ишеними да, ибадаты да жараксыз болуп эсептелет.
Андыктан чынчылдык, ак ниеттүүлүк,
ишенимибиздин да, ибадаттарыбыздын да негизги
талабы.
Адам баласы айлана-чөйрөсүнө,
элге карата чынчыл болушу керек. Алла Таала адамга ар бир ишинде түз болушун буйурат. Азирети Пайгамбарыбыз:
«Бизди алдаган адам бизден эмес» (Тирмизи, Буиуу, 72) деген. Демек, соода-сатыкта жалганчылык,
таразада алдамчылык чынчылдыкка түк дал келбейт.
Чынчылдыктын дагы бир мааниси адамдын ишенимдүүлүгү.
Маалым болгондой, Азирети Пайгамбарыбыздын лакап-аты «ал-Амин» болгон. Башкача айтканда, ишенимдүү адам. Ал дос-душман дебей жалпы элдин ишенимине ээ болгон.
Адам жеке өзүнө карата да чынчыл болушу зарыл. Жасаган жат иштерин жаап-жашырып,
өзүн-өзү алдабашы керек. Өзүнө-өзү сурак кое билиши кажет. Бул иштери акыретте аны кай жакка алпараарын таразалап көрүшү дурус.
Чынчылдык бул оңой-олтоң иш эмес. Ырасында эле көпчүлүк адамдар негизинен өздөрүн туура, түз болгонун ойлошот. Жасаган ишин туура деп эсептешет. Ал эми чындыгында туура болуунун материалдык да, моралдык да өңүтү бар. Адам баласы ириде өзү түз жана чынчыл болушу керек. Жеке кызыкчылыгына жараша кыймыл-аракетин
өзгөртпөшү зарыл. Жалган сүйлөө, жалган күбөгө өтүү, адамдарды алдоо чоң күнөөлөргө кирет. Ислам маданиятында чынчылдыкка маанилеш бир топ сөздөр бар. Буга туура-түз болуу жана ак жолдо жүрүү кирет. Азирети Пайгамбарыбыз акыл-насаат беришин сураган адамга төмөнкү насаатын айткан: «Аллага ишендим деп айткын да, түз жүр!» (Муслим, Иман, 62). Асыресе, «Эгебиз Алла Таала» деген соң түз жүргөн адамдарга Куранда
төмөнкүчө куш кабар берилет: «Чындыгында:
«Эгебиз Алла Таала» деп түз жүргөндөргө
периштелер түшүп: «Коркпогула!
Кайгырбагыла!
Силерге убада кылынган бейиш бар, ошого кубангыла!
» дешет» (Фуссила сүрөсү, 30).
«Биздин Эгебиз Алла гана – деп айтып, түз жүргөндөргө коркунуч да, кайгы да болбоит. Алар жасаган жакшы иштеринин сыйлыгы үчүн бейишке киришет. Ал жерде түбөлүккө болушат» (Ахкаф сүрөсү, 13-14).
Мусулман баласы туура сүйлөшү керек. Ыйык Куран мусулмандарга ар бир сөзүнө кылдат мамиле жасап, айта турган сөзүн өз ыгы менен жана ал сөзү кай жерге барып такаларын ойлонуп сүйлөшүн буйуруу менен аларды жакшылыкка жол ача турган жакшы сөз сүйлөөгө үндөйт. Арийне, Алла Таала түз жүргөн чынчылдарга,
туура сүйлөгөн
ыраскөйлөргө жардам берет. Жараткан Алла алардын ар бир ишине береке-кут ыроолоп,
жаман иштерден оолак болууларына,
жат жосундарын оңдоп түз жолго салууларына
жардам берүүнү өзүнчө ыроо катары багыштаарын убада кылган. Мына ушундай жакшылык ишти жасаган мусулман адамдын каталарын, кемчиликтерин кечириши не деген ыраакым! Мына ушул учу-кыйырсыз ыраакым, чексиз кечирим адам баласын тозок отунан куткара алат. Бул багытта аяттардын биринде: «О, момундар!
Алладан корккула, туура сөз сүйлөгүлө!
(Ошондо) Алла Таала ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Ким
Аллага, анын Элчисине моюн сунса, албетте, ошол зор ийгиликке жетишет» (Ахзаб сүрөсү, 71) деп буюрулат.
Пайгамбарыбыз хадистеринин биринде мындай дейт: «Силерге туура-түз болууңарды буйурам. Анткени туура болуу жакшылыкка,
жакшылык бейишке алпарат.
Адам туура-түз жүрүүнүн акыбетинде Алланын алдында сыддыктардын (чынчыл-ыраскөилөрдүн) катарына кирет. Жалган сүйлөөңөргө тыюу салам. Себеби жалганчылык жамандыкка,
жамандык тозокко алпарат. Адам жалган сүйлөп олтуруп, акырында Алланын алдында жалганчы деп жазылат» (Бухари, Адаб, 69).
Күнүмдүк турмушта, эл менен болгон мамиледе, соода-сатыкта түз-туура жүрүүгө өзгөчө маани берүү кажет. Бул өтө зор мааниге ээ. Анткени бул жагдай адамдын адал же арам азык-киреше табышына түздөн-түз тиешеси бар. Асыресе, тарыхта жер менен жексен болгон коомдордун айрымдары дал ушул соода-сатыктагы алдамчылык,
шылуунчулук себептүү Алланын каарына калгандыктары билдирилет.
Бул багытта Куранда көптөгөн эскертүү аяттар бар. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:
«(Соода-сатыкка койгон мүлкүңөрдү) Туура тараза менен тарткыла!
Адамдардын мүлкүн (акысын) кемитпегиле,
жер бетинде бузукулук кылбагыла!
» (Шуара сүрөсү, 182-183).
«Өлчөгөндө толугу менен өлчөп бергиле, туура тараза колдонгула!
..»(Исра сүрөсү, 35)
«Таразадан алдагандарга азап! Алар адамдардан өлчөп алышса, толук алышат да, бирөөгө таразалап беришсе, кемитип беришет. Алар (кыяматта) тирилээринин анык экенин билишпейби?
!» (Мутаффифин сүрөсү, 1-4).
«О, ыйман келтиргендер!
Бири-бириңдин мал-мүлкүңдү арам жолдор менен жебегиле!
Өз ыраазылыгыңар менен болгон соода болсо, алгыла!» (Ниса
сүрөсү, 29).
Кыскача Ислам негиздери (Мухтасар Ислам илмихалы). Абдуррахман Хачкалы ( Фикх илиминин доктору).
#181 25 October 2016 - 01:07
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#182 25 October 2016 - 01:36
IV. АДИЛЕТТҮҮ БОЛУУ
Ислам – бул адилеттүүлүктүн дини. Анын эң маанилүү талаптарынын бири –адилеттүүлүк. Куранда адилеттүүлүккө өзгөчө басым жасалат. Пайгамбарыбыз да мусулмандарды ар качан адилетүүлүктөн, калыстыктан карыш жылбоого чакырган.
Асыресе, Алла Тааланын «ал-Адил» б.а. «Адилеттүү» деген ысым-сыпаты да бар. «Адилеттүүлүк» түшүнүгүн «ар бир адамга өз укугун берүү, ар бир иште түз болуу, күнөөлүүгө жазасын берүү, мыйзам алдында адамдарды бирдей кароо» сыяктуу түшүнүктөр менен чечмелөөгө болот. Куранда жана сүннөттө тез-тез кайталанган «адилеттүүлүк» сөзү «тартип, теңдик, акыйкат өкүм чыгаруу, туура жолдо жүрүү, калыс мамиле жасоо» сыяктуу маанилерде колдонулган. Адилеттүүлүк – бул акыйкаттан
алыстабоо.
Аяттарда адилеттүүлүк жөнүндө төмөнкүчө буйурулат:
«Алла Таала адилеттүүлүк менен мамиле жасоону, жакшылык кылууну жана тууган-туушкандарга каралашууну буйурат...» (Нахл сүрөсү, 90)
«Алла силерге аманаттарды өз ээлерине кайтарып берүүңөрдү, эл башкарып калсаңар, адилеттүүлүк менен башкарууңарды буйурат...» (Ниса сүрөсү,58).
«О, момундар! Алла үчүн күбөлүккө бекем тургула (бирөөгө күбө болгонуңарда жалган айтпагыла). Айрым адамдарга болгон жек көрүүңөр силерди адилетсиздикке түртпөсүн. Адилеттүү болгула!.. .» (Маида сүрөсү, 8).
«Жараткан Эгем мага адилеттүү болууга буйрук берди – деп айткын...» (Аараф сүрөсү, 29)
«О, ыймандуулар! Өзүңөр, же ата-энеңер, же жакын тууганыңар үчүн зыян болсо да, Алла үчүн адилеттүүлүктү тургузуучу калыс күбө болгула! Эгер (силер күбө болуп жаткан адам) бай болсун, кедей болсун, Алла аларга (силерден да) жакын. Сезимге алдырып адилеттүүлүктөн тайбагыла! Эгер адилеттүүлүктөн тайсалдап (туура күбөгө
өтпөсөңөр), же андан баш тартсаңар, арийне, Алла силердин ар бир ишиңерден толук
Кабардар! » (Ниса сүрөсү, 135).
Бураида (Алла ага ыраазы болсун!) Алланын Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) мындай дегенин айтат:
«Казылар (сот-бийлер) үч түрдүү. Алардын бири бейишке кирип, экөө тозокко түшөт. Бейишке кире турган казы акыйкатты билип, ошол боюнча өкүм чыгарат.
Экинчиси акыйкатты билип, адилетсиз (туура эмес) өкүм чыгарат. Ал эми үчүнчүсү жагдайды толук түшүнбөй туруп нааданча өкүм чыгарат. Мына ушул экөө тозоку» (Абу Давуд, Акдия, 2, 3573).
Дагы бир хадисте төмөнкүчө буюрулат: «Өкүм чыгарууда үй-бүлөсүнө, өз карамагындагыларга карата адилеттүүлүктөн тайбагандар кыямат күнү нурдан бүткөн минбарларда (жумшак мамыктарда) отурушат» (Муслим, Имара, 17).
Адилеттүүлүк өмүрдүн өтөсүнө чейин өз күчүндө болушу керек. Адилеттүүлүктүн карама-каршы мааниси «зулумдук». Адилеттүүлүктөн, калыстыктан карыш жылган адам зулумдукка кадам таштаган болот. Адам баласы эң ириде өз үй-бүлөсүндө адилеттүү болууга жанүрөшү кажет. Балдардын бирин төмөн, бирин жогору көрбөй бардыгына бирдеи мамиле жасашы зарыл.
Сот акыйкатты туу тутуп, туура чечим чыгарышы кажет. Бүгүнкү күнү тилекке каршы, соттор пара берүүнүн, кадыр салуунун, тараптарлыктын, коррупциянын эң сонун көрнөгүнө айланып калгандай. Ырас, Азирети Пайгамбарыбыз бул багытта сот чечими менен бирөөнүн укугун тепсеп, бирөөнөн мал-мүлк (пара) алуу – бул тозоктон от алуу дегенди түшүндүрөөрүн эбак эле айтып кеткен. Бүгүнкү күнү көпчүлүк учурда кайдыгер мамиле жасалган жагдайлардын бири – бул жумуш же кызмат оруну. Тууган, дос, тааныш-билиш сыяктуу жагдайлардан улам тигил же
бул кызматка иштин көзүн билбеген адамдар келип отурууда. Бул жагдай коомдун экономикалык жактан да, руханий жактан да начарлашына, коомдук башаламандыкка алып бараары кашкайган чындык.
Адилеттүүлүктүн дагы бир көрнөгү жумушчу-ишкерге өз акысын толук берүү. Бул капитализм өкүм сүрдүргөн дүйнөдө инсаниятка өтө зарыл жагдайлардын бири.
Ошондуктан социалдык адилеттүүлүккө басым жасаган идеологиялар чыккан. Адамдар жеке кызыкчылыкка абдан жатык болгондуктан көпчүлүк учурда адилеттүүлүктөн алыс арыш созууда. Андыктан элдин башындагылар коомдук адилеттүүлүккө өтө кылдат мамиле жасоолору кажет. Албетте, бул Алланын буйругу.

#183 26 October 2016 - 01:03
V. АДАЛ КИРЕШЕ ТАБУУ
Ислам дини өзгөчө басым жасаган негизги маселелердин бири – бул адал киреше жана адал азык маселеси. «Адал» сөзү аткарууга же тамактанууга уруксат берилген жагдай же азык дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле ал «маңдай тер менен табылган киреше, өз акы» деген маанилерди да камтыйт.
Адал ырыскы табуу, үй-бүлөнү адал жол менен багуу мусулман баласы үчүн парз, Алланын буйругу. Алла Таала адамдын муктаждыгын жетиштүү өлчөмдө жаратып, алар адам баласы үчүн өзүнчө ыроо болгондугун билдирип, ырыскыны жалгыз Өзүнөн суроо керектигин буйруган:
«Силерди жер бетине жайгаштырдык жана ал жерде жашоо үчүн зарыл муктаждыктарыңарды кошо бердик. Силер ошого карабастан аз шүгүр келтиресиңер» (Аараф сүрөсү, 10)
«Силерге асман-жерден ырыскыны ким берет?деп сурагын. Айткын: «Алла!» деп...» (Саба сүрөсү, 24)
«Алла Таала силерге Өз ырайымы менен түндү эс алууңар, ал эми күндүздү Анын жакшылыгын (ырыскысын) издешиңер үчүн жараткан. Балким, (Аллага) шүгүр келтирерсиңер» (Касас сүрөсү, 73)
«Эгеңер Өзүнүн учу-кыйырсыз жакшылык-ыроосунан насибиңерди табууңар үчүн деңиздерде кемелерди жүргүзөт. Акыйкатта Ал силерге өтө Мээримдүү» (Исра сүрөсү,66)
«Айткын: Алла Таала кулпенделери үчүн жараткан кооз нерселерин жана таза ырыскыларын ким арам кыла алат экен?...» (Аараф сүрөсү, 32)
«Алла Таала ыроологон адал жана таза ырыскы менен азыктангыла! Алла Тааладан корккула! » (Маида сүрөсү, 88)
«О, адамдар! Жер бетинде таза нерселер менен азыктангыла! Шайтанга баш ийбегиле! Ал силердин ачык-айкын душманыңар» (Бакара сүрөсү, 168)
Азирети Пайгамбарыбыз «адал ырыскы ибадаттын ондон тогузу» деп буйурган.
Дагы бир хадисте: «Эч ким өз маңдай тери, адал эмгеги менен тапкан ырыскыдан дагы адалыраак ырыскы жеген эмес» (Бухари, Буйуу, 15) делет.
Алланын акыркы Элчиси күндөрдүн биринде Саад бин Муаз (Алла ага ыраазы болсун) менен жолугуп, кол алышып учурашып жатып, колунун чор басканын байкап, себебин сурайт. Кутман сахаба: «Бала-бакырамды багайын деп бакчамда иштеп жатам» деп жооп бергенде, Пайгамбарыбыз сахабасынын колунан өөп, эт-жүрөгү болкуп: «Мына ушул Жараткан Алла сүйгөн кол!» деген экен.
Демек, адал киреше жана адал азык мусулмандын күнүмдүк турмушунда өтө зор мааниге ээ. Андыктан арам азык менен тамактанып ибадат кылуу чыныгы ибадат сыяктуу болбойт. Асыресе, арам жол менен азыктанган адамдар ибадаттан алыс болуп, аларга ибадат кылуу өтө оор келет. Арам адамдын жандүйнөсүн, жүрөгүн карартып, ибадаттан толук азык алдырбайт. Арам азык менен тамактанган адам негизинен күнөө иштерге
ийкемдүү келип, терс жолдорго тез түшөт.
Мусулман адам адал эмгек менен өзүнүн да, өз карамагындагы адамдардын да муктаждыктарын камсыз кылууга милдеттүү. Уурулук, талап-тоноочулук, шылуунчулук, пара алуу, арам иштер менен алектенип акча табуу, адал-арамды эске албай «акча тапсам болду» деген түшүнүктө болуу мусулманга түк жарашпайт. Өзгөчө жалпыга таандык мамлекеттик казынаны тиешелүү жерлерге өтө кылдат каржоо керек. Мусулман баласы
күмөндүү нерселерден да оолак болуп, адал азыкка артыкча көңүл бурушу кажет. Азирети
Пайгамбарыбыз: «Дыкат бургула, денеде бир (муштумдай) эт бар! Эгер ал жакшы болсо,
дене да жакшы болот. Эгер жаман болсо, дене да жаман болот. Ал эт – жүрөк!» деген.
Бул жерде адамдын жүрөгү жакшы болсо, иш-амалдар да жакшы болоруна ишарат жасалат. Жүрөктүн жакшы болушу үчүн баарыдан мурда адал азык менен тамактануу, арамдан алыс болуу кажет.
Адамдар буга эң көп соода-сатыкта салкын мамиле жасап, мал-мүлкүн өткөзүү үчүн маңдайындагы адамдын билбегенинен пайдаланууга, калп айтып алдоого аракет кылышат.
Бул шариятта арам өкүмүндөгү иш болуп саналат.
Адал-арам маселеси асыресе, коомдук маселе. Арам кулач жайган коомдордун түбөлүгү өтө коркунучтуу. Пайгамбарыбыз бүгүнкү күндөгү бул апаатка далай кылым мурун эле мындайча ишарат жасаган: «Ушундай бир күн келет, адам мал-мүлктү адалдан таап жатабы, арамдан таап жатабы, аны кызыктырбай калат. Мындайлардын эч бир дубасы кабыл болбойт!» (Бухари, Буиуу, 7).
Ошону менен бирге куттуу хадистерде соода-сатыгын түз жүргүзгөндөр шейиттер,
пайгамбарлар менен бирге болоору билдирилген. Бул багытта ардактуу Пайгамбарыбыз: «Мамилеси түз, чынчыл жана ишенимдүү соодагер пайгамбарлар, ыраскөй-сыддыктар жана шеииттер менен бирге болот» (Ибни Мажа, Тижарат, 1) деген.
Дагы бир хадисте мындай буюрулат: «О, адамдар! Алладан корккула! Ырыскыны туура (адал) жолдон тапкыла. Анткени кечиксе да, ырыскысы толук берилмейин эч бир адам көз жумбайт. Андыктан Алладан корккула! Ырыскы табууда туура аракет кылып, адалын алгыла да, арамын таштагыла! » (Ибни Маажа, Тижарат, 2)
Исламда эң маанилүү эрежелердин бири – бул «акы-укук» маселеси. Ислам акы-укукка негизделген дин.
«Адамдын укугу, акысы» деген түшүнүк Исламда өтө зор мааниге ээ. Адам укугунун материалдык да, руханий да жактары бар. Эч бир себепсиз бирөөнүн акысына кол салуу, бирөөнүн малын уурдоо сыяктуу жагдайлар каражат өңүтүнөн адам укугу. Адам акы-укугу муну менен гана чектелүү эмес. Кошунанын, меймандын, ата-эненин,
жубайлардын, балдардын акылары сыяктуу бир топ укуктук маселелер бар.
Пайгамбарыбыз мындай дейт:
«Кимде дин боордошунун ар-намысына, мал-мүлкүнө байланышкан акысы болсо, алтын-күмүштүн түк пайдасы болбой турган кыямат күнү келгенге чейин аны менен адалдашсын (акысын берсин). Болбосо, өзүнүн жакшылык иштери (сообу) болсо,
соопторунан ошол (акысы берилбеген) өлчөмдө алынат (да өз ээсине каитарылат). Эгер
жакшылыктары болбосо, тиги зулумдукка учураган (акысы тепселген) адамдын күнөөлөрүнөн алынып, ага жүктөлөт» (Бухари, Мазалим, 10).
Адамдар көбүнесе соода-сатыкта бирөөнү алдап, калп аитып мал-мүлкүн арам
кылып алышат. Куран дал ушул багытка өзгөчө басым жасап, төмөнкүчө буиурат: «(Соода-сатыкка коигон мүлкүңөрдү) Туура тараза менен тарткыла! Адамдардын
мүлкүн (акысын) кемитпегиле, жер бетинде бузукулук кылбагыла! » (Шуара сүрөсү, 182-
183)
«Өлчөгөндө толугу менен өлчөп бергиле, туура тараза колдонгула! ..»(Исра сүрөсү,
35)
«Таразадан алдагандарга азап! Алар адамдардан өлчөп алышса, толук алышат да,
бирөөгө таразалап беришсе, кемитип беришет. Алар (кыяматта) тирилээринин анык
экенин билишпеиби? !» (Мутаффифин сүрөсү, 1-4).
«О, ыиман келтиргендер! Бири-бириңдин мал-мүлкүңдү арам жолдор менен
жебегиле! Өз ыраазылыгыңар менен болгон соода болсо, алгыла!» (Ниса сүрөсү, 29).

#184 23 January 2017 - 21:04
VI. АТА-ЭНЕГЕ ЖЫЛУУ МАМИЛЕДЕ БОЛУУ
Дин Исламда өзгөчө басым жасалган жагдайлардын бири ата-эненин укугуна өтө кылдат да, жылуу да мамиле жасоо. Динибизде Алла Таалага моюн сунуудан кийин эле ата-энени сыйлап алуу буйругу келет. Куран карылык куракка жеткен адамдардын үй-бүлө төрүндө олтурушун каалайт. Аларды таштап кетүү чоң күнөө болуп эсептелет. Бул алардын акысы, асыресе, балдардын милдети. Куранда ата-энеге жылуу мамиледе болууга үндөгөн бир топ аяттар бар.
«Жараткан Алла силерге Өзүнөн башка эч кимге сыынбооңорду жана ата- энеңерге жакшылык кылууңарды буйурду. Эгер алардын бирөө же экөө тең карылык куракка жетсе, аларга «Уф-ф!» дебе, зекибе! Жылуу-жумшак сөз сүйлө! Аларга мээрим төгүп (Жаратканга алакан жая): Оо, Жараткан Алла! Мени кичинемден чоңойтуп өстүргөндөй, аларды да мээримиңе бөлөй көр... – деп дуба кыл!» (Исра сүрөсү, 23-24).
«Айт: Келгиле, мен силерге Жараткандын арам кылган нерселерин окуйун: «Ага шерик кошпогула, ата-энеңерди урматтагыла, кедейликтин дартынан өз каныңардан бүткөн балдарыңарды өлтүрбөгүлө! Биз аларга да, силерге да ырыскы беребиз. Ачык да, жашыруун да бузуку иштерге жакындабагыла! Алла тыйуу салган (жөн-себепсиз) адамды өлтүрбөгүлө! Силер ойлонууңар үчүн Ал силерге мына ушуларды насаат кылат» (Анаам сүрөсү, 151)
«Биз адамга ата-энесине жакшы мамиледе болуу керектигин буйурдук...» (Лукман сүрөсү, 14)
«Аллага ибадат кылгыла! Ага эч нерсени шерик кошпогула! Ата-энеге, тууган- туушкандарыңарга, жетимдерге, кембагалдарга, жакын-алыс кошунаңарга, жаныңардагы досуңарга, жолдо калган карып адамга, өз карамагыңардагы (малайларга) жылуу мамиледе болгула! Алла Таала бой көтөргөн, өзүн жогору сезген адамды жакшы көрбөйт!» (Ниса сүрөсү, 36)
Бул багытта Азирети Пайгамбарыбыз мындай дейт: «Жараткандын ыраазылыгы атанын ыраазылыгында, Жараткандын каары атанын ачуусунда (катылуу)» (Тирмизи, Бирр, 3). «Ата бейиштин ортоңку каалгасы. Кааласаң аны көз жаздымда калтыр, кааласаң коргоп ал!» (Тирмизи, Бирр, 3).
Кааб бин Ужра аттуу сахаба мынабу окуяны баяндайт: «Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) бизден минбарга жакын отурушубузду өтүндү. Биз минбарды тегеректеп отурдук. Биринчи баскычка аяк койуп «Оомииин! » деди. Бир баскычка өйдө көтөрүлдү. Дагы «Оомииин! » деди. Үчүнчү баскычка аяк койду. Дагы «Оомииин! » деди.
Андан соң минбардан түштү. Биз:-О, Алланын Элчиси! Бүгүн биз сизден мурда укпаган жаңы бир нерсе уктук! дедик. Азирети Пайгамбарыбыз бизге жооп иретинде мынабу окуяны айтып берди: Минбарда турганда Жабраил келди. Биринчи баскычка кадам койгонумда мага: «Куттуу Рамазан айына жетсе да, кечиримге ээ болалбаган жан (Жараткандын чексиз) ыракымынан оолак болсун!» деди. Мен «Оомииин! » дедим. Экинчи баскычка чыкканымда: »Сенин атың аталса да, сага салават жана дубай салам жолдобогон адам (Жараткандын чексиз) ыракымынан оолак болсун!» деди. Мен дагы «Оомииин! » дедим.
Үчүнчү баскычка көтөрүлгөнүмдө: »Атасынын же энесинин же болбосо экөөнүн тең карылыгына күбө боло туруп, бейишке кире албаган адам (Жараткандын чексиз) ыракымынан оолак болсун!» деди. Буга дагы «Оомииин! » дедим» (Тирмизи, Даават, 100)
Куттуу хадистердин биринде чоң күнөөлөрдүн катарына мынабу күнөөлөр да кирээри баса белгиленген: «Алла Таалага шерик кошуу, ата-энеге орой мамиледе болуу жана жалган күбөгө өтүү» (Бухари, Адаб, 1).
Алланын ыраазылыгы Анын буйругуна баш ийүүдө жатат. Жакшылык көргүбүз келсе, Алланын ыраазылыгына ылайык кадам шилтеп, ата-энелерибизге жылуу-жумшак мамиледе болуп, алардын кызматын кылуубуз кажет.
VII ТУУГАН-ТУУШКАНДАР МЕНЕН БОЛГОН БАЙЛАНЫШТЫ ҮЗБӨӨ
Куранда тууган-туушкандар менен болгон байланыш тууралуу да көптөгөн аяттар бар. Алар менен жылуу мамиледе болуу дин Исламдын адаттагы эрежеси. Бул «сила-и рахим» деп аталат.
Бул багытта Куран аяттарынын айрымдары төмөнкүчө:
«Алар Алла бириктирүүнү буйруганды бириктиришет (туугандар менен болгон тыгыз мамилени бекемдешет). Эгесинен коркушуп, сурактын жаман, терс өңүттө болорунан кооптонушат» (Раад сүрөсү, 21)
«Аллага берген сөздөн кайткандар, Алла бириктирүүнү каалаган (туугандык) мамилени үзгөндөр жана жер бетинде бузукулук чыгаргандар – зыянга учуроочулар» (Бакара сүрөсү, 27)
«Алла менен келишим бекемделген соң аны бузгандарга, Алла бириктирүүгө буйруганды үзгөндөргө, жер жүзүндө бузукулук кылгандарга наалат болсун! Алар үчүн жаман жай даярдалган» (Раад сүрөсү, 25).
Кудсии хадистердин биринде Алла Таала төмөнкүчө буйурат: «Ким туугандары менен болгон мамилесин үзбөсө, мен да аны менен болгон байланышымды үзбөйм. Ал эми ким туугандык мамилесин үзсө, мен да аны менен болгон байланышымды үзөм» (Бухари, Адаб, 13).
Азирети Пайгамбарыбыз да туугандар менен болгон мамилеге ар дайым өзгөчө көңүл бөлгөн. Куттуу хадистеринин биринде ал мындай дейт: «Сени менен байланышын үзгөн тууганыңа зыярат кылып барып, туугандык мамилени жандандырышың – бул пазилеттин (артыкчылыктын, жогорулуктун) сереси»

#185 23 January 2017 - 21:09
VIII. КОШУНАЛЫК УКУК-МИЛДЕТТЕРГЕ АЯР МАМИЛЕДЕ БОЛУУ
Коомчулуктун бири-бирине жакын отурук алып жашаган адамдары «кошуна» деп аталат. Бир имаратта, бир көчөдө же бир чөлкөмдө жашаган кошуналар ортосундагы байланыш өтө зор мааниге ээ. Ислам дини кошуналык укук-милдеттерге өзгөчө маани берет. Куттуу хадистердин биринде мындай делет: «Азирети Пайгамбар үч жолу «Аллага ант! Ал толук ыйман келтирген болбойт деди. Ким, о, Алланын Элчиси? – деген суроого ал: Кошунасы анын жамандыгынан кооптонгон адам – деп жооп берди» (Бухари, Адаб, 29). Пайгамбарыбыз дагы бир хадисинде: «Аллага жана акырет күнүнө ишенген адам кошунасына жакшылык кылсын!» (Муслим, Иман, 77) деп буюрган.
Жеке адам коомго, коом жеке адамга тиешелүү. Эң ириде үй-бүлө, айлана-чөйрө, коом адам баласын кандайдыр бир калыпка салган зор маанилүү факторлор. Адам баласы төрөлгөндөн баштап көз жумганга чейин жардамга муктаж зат. Калетсиз, жардам жоопкерчилиги ага эң жакын адамынан башталат. Ата-эне, бала, бир туугандар жана тууган- туушкандар. Бирок жашоодо туугандардын ар дайым эле бир жерде болууларына шарт түзүлө бербейт. Балким, ал туугандарынан да кошуналары менен бир имаратта, же бир көчөдө, же бир аймакта узак жылдар бою бирге жашашы мүмкүн. Андыктан кошуналык баиланыштар өзүнчө мааниге ээ болушу керек.
Мусулман баласы айлана-чөирөсүнө карата кайдыгер мамиле жасабашы керек. Ар качан жакшылык үчүн жан үрөп, жамандыкка күчүнүн жетишинчетоскоол болууга аракет кылуусу зарыл. Ал кандайдыр бир терс көрүнүшкө «мага эмне?» деп кол шилтеп басып кетпеши керек. Кедей-кембагалдарга, жарды-жалчыларга жардам берип, кошунасынан ар дайым кабардар болуп, ал-акыбалын сурап турушу кажет. Азирети Пайгамбарыбыз хадистеринин биринде: «Кошунасы ач отурган чакта, ток жаткан адам бизден эмес» (Хаким, II, 15) дейт. Андыктан мусулман баласынын милдети даарат алып намаз окуу менен гана чектелбейт. Ал ар дайым элдин керегине жарап, жакшылыкка гана умтулууга тийиш. Кошунанын жаны, мал-мүлкү, намысы, сырлары ж.б. кошунасына аманат. Мусулман аманатка асти кыянаттык кылбашы кажет. Ал кошунасы мусулман болсо да, болбосо да, аны менен жылуу мамиледе болушу керек.

#186 23 January 2017 - 21:28
IX. ИЗГИ АДЕП-АХЛАК
Ахлак – бул адамдын адамдык сапаттары, кулк-мүнөзү. Ал бийик-төмөн, же жакшы- жаман болуп экиге бөлүнөт.
Ислам дини толугу менен изги-жакшы адеп-ахлакка негизделет. Ал эң ириде бүтүндөй жандуу-жансызга карата, анын ичинде эл менен жылуу мамиледе болуу, чынчылдыкты, адилеттүүлүктү туу тутуу зарылчылыгын, бирөөнүн укугун тепсебөө, адамдын ички дүйнөсү менен сырткы дүйнөсүнүн айкалышып туруу, ар бир ишти түз бүтүрүү зарылчылыгын талаптайт.
Азирети Пайгамбарыбыз: «Мен изги адеп-ахлакты кемелине келтирип толуктоо үчүн жиберилдим» (Муватта, Хуснул-хулк, 8) деген. Пайгамбарыбыз элге ар дайым үлгүлүү өрнөк болгон. Ал кары-жаш, аял-эркек, кул-кедей, жарды-жалчы дебей жалпыга жылуу-жумшак мамиледе болуп, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Ал тургай душмандары дагы аны «калпычы, жалганчы» деп айыптоого ооз көптүрө да, анын ишенимдүүлүгүнөн да күмөн санай алышкан эмес. Чынчылдык жана ишенимдүүлүк анын иридеги адамдык бийик сапаттарынан болгон. Асыресе, Алла Таала ардактуу Пайгамбарыбызды алкоого алып: «Сен изги адеп-ахлактын сересиндесиң» (Калам сүрөсү, 4) деген. Изги адеп-ахлак Ислам дининин буйруктарын жандил менен сүйүп аткарып, тыйууларынан оолак болуу менен жүзөгө ашат. Изги адеп-ахлактын негизги мыйзам-эрежелери Ыйык Куран китебинде берилген.
Изги ахлак – бул сараңдыктан да, ысырапкорлуктан да алыс туруу. Мусулман ар- намыстуу болушу зарыл. Ыйбаалуулук анын иридеги сапаттарынан. Ал арам иштерден такыр оолак болууга тийиш. Анткени алар адамдык бийик сапатка терс залакасын тиигизээри бышык. Жамандык кылуу менен изги адепахлакка ээ болуу мүмкүн эмес. Азирети Али: «Изги адеп-ахлак үч нерседе (катылуу): Арам иштерден алыс туруу, ар нерсени адалынан табууга аракет кылуу жана мүмкүн болушунча үй-бүлөгө жакшы шарттарды түзүп берүү» дейт. Изгиликтин, жакшылыктын кайнар булагы – тек Алла Таала гана. Ким Ага канчалык жакын болсо, ал адам ошончолук изги адеп-ахлакка ээ болот. Жалгыз Аллага ишенген, Аны жандилден сүйгөн адам жаамы жандуу-жансызды жакшы көрөт, баарысына кучак жая айкөл мамиледе болот. Аллага жакын адам Ага болгон ыйбаалуулугунан, адебинен улам ар бир таштаган кадамына кылдат мамиле жасап, терсаяктыкка барбайт.
Изги адеп-ахлак жөнүндө куттуу хадистерде байма-бай эскерилет. Алардын айрымдары төмөнкүчө:
«Адам изги адеп-ахлак менен күндүзү орозо кармап, түнкүсүн туруп намаз окугандардын даражасына ээ болот» (Абу Давуд, Адаб, 7).
«Момун-мусулмандардын ыйманы жагынан кемелине келгени – эң изги адеп- ахлактуусу» (Ибни Хиббан, Сахих, IX, 483).
«Силердин мага эң сүйүктүүңөр жана кыямат күнү мага эң жакыныңар – адеп- ахлагы эң бийик болгонуңар болот» (Ибни Хиббан, Сахих, II, 231).
Алла Элчисинен адамдарды бейишке чыгарчу нерселер жөнүндө суралганда: «Алла Таалага карата такыбаа жана изги адептүү болуу» деп жооп берген. Ал эми адамдарды тозокко түшүрчү нерселер тууралуу суралганда:
«Ооз (тил) жана жыныс мүчө! (б.а. оозуна алы жетпөө жана жыныстык арзууга алдануу)» деп жооп кайтарган (Тирмизи, Бирр, 62).
Ыймандуу адам эң ириде бирөөнү эмес, өзүн суракка тартып, теске салышы кажет. Азирети Умар (Алла ага ыраазы болсун): «(Кыяматта) Жоопко тартылганга чейин өзүңөрдөн сурак алгыла! Эң чоң жыйын (Алла Тааланын алдына чыгып, Ага жооп бере турган күн) үчүн (жакшылык иштерди көп жасоо менен) сулуулангыла! Арийне, бу дүйнөдө өзүн-өзү суракка алган адам үчүн кыямат күнү сурак жеңил болот» (Тирмизи, Кыямат, 25/2459) деит.
Азирети Умардын уулу Абдуллах (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт: «Алла Элчисинин (саллаллаху алеихи васаллам) жанында отургам. Ансар мусулмандардан бир адам келип Пайгамбарыбызга салам берип, мынабу суроону узатты:
- О, Алланын Элчиси! Момундардан эң жогору адам ким? Паигамбарыбыз:
- Адеп-ахлагы эң бийик момун-мусулман адам – деп жооп берди. Анда береги адам: Ал эми момундардын эң акылдуусу ким?деп дагы бир суроо берди. Алланын Элчиси:
- Өлүмдү эң көп эстеген жана өлүмдөн кийинки жашоосу үчүн эң мыкты деңгээлде даярдыгын көргөн адамдар эң акылдуу адамдар болуп саналат – деп жооп кайтарды» (Ибни Мажа, Зухд, 31).
Ислам аалымдарыбыз да изги ахлак жөнүндө көптөгөн асыл ойлорун айтып, өздөрү да ошол нукта өмүр кечирүүгө аракет кылышкан. Эмесе, мына ошол асыл-ойлордон термелерди сиздер менен тең бөлүшмөкчүбүз:
Жоомарттык – бул адамдын сулуулугу. Кечиримдүүлүк – өзгөчө жакшылык.
Топуктуу адам азга да шүгүр келтирет, ал эми кесир көптү да жактырбайт.
Жоомарт адам сөзүнө бекем туруп, катачылык кетиргендерди кечире билет. Ал өзүнө жасалган кысым- зомбулукка чыдайт, бирок эч ким андан кордук көрбөйт.
Бирөөнүн сени менен кандай мамиледе болуусун кааласаң, сен аны менен дал ошондой мамиледе бол!
Кечирим сураган адамга кечиримдүү бол! Жасаган жакшылык ишиңди колко кылба!
Элге жакшылык кылган адам Жараткандан жакшылык табат.
Сага сөз ташыган адам сенден да сөз ташыйт. Мусулман адам дос-душман, жакшы- жаман, адил-заалым дебей, бардыгына жарык маанай, жумшак менен мамиле жасап, жамандыкка, бузукулукка, душмандыкка жол ачпашы керек.
Адамдарга тартуулана турган эң пайдалуу жакшылык жана эң кымбат белек – бул жылуу мамиле, жумшак тил жана жарык маанай. Айтор, жалпыга жылуу мамиледе болуп, элдин керегине жарап ак кызматын өтөө мусулман баласынын өзгөчө сапаты.
Улууларга урмат, кичүүлөргө ызат кылуу, алсыздарга ыракым этүү Ислам дининин талабы. Алла Таала ата-энеге урмат-сый көргөзбөө мындай турсун, аларга «уф-ф!» деп да айтууга уруксат бербейт. Мусулман боорукер, ырайымдуу болушу керек. Куттуу хадисте буйрулгандай, ыраакым этпегенге ыраакым болбойт.
Салам берүү бул сүннөт. Ал эми салам алуу парз. Азирети Пайгамбарыбыз саламды көп айтып жайуубузду, таанысак да, тааныбасак да ар бир мусулманга салам берүүбүздү зарыл деп билет. Мусулман адам эл менен иши болбой өзүнчө жашабайт. Ал элге кызмат кылат. Коомдогу терс көрүнүштөргө каршы күчүнүн жетишинче жан үрөй аракет жасайт.

#187 23 January 2017 - 22:38
X. ЫЙБААЛУУ БОЛУУ
Мусулман баласынын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири ыйбаалуулук. Ыйбалуулук бул ыймандуулуктун талабы. Ыйбалуулуктун жалпы мааниси терсаяктыктан оолак болуп, ар-намыска бек туруу дегенди түшүндүрөт.
Азирети Пайгамбарыбыз: «Ыйбаалуулук – бул ыймандан! Демек, ыймансыз ыйбаа, ыйбаасыз ыйман болбойт» (Бухари, Иман, 3) дейт. Ыйбаалуулуктун, ынсаптуулуктун жоктугу ыймандуулуктун жоктугу менен түшүндүрүлөт.
Бул багытта ардактуу Пайгамбарыбыз куттуу хадистеринде мындай деген: «Ыйбалуулук жакшылыкты гана апкелет» (Бухари, Адаб, 77).
«Орой сөз айыптан башка эч нерсе апкелбейт! Ал эми ыйбалуулук турган жерин көрккө бөлөйт!» (Муслим, Бирр, 78).
«Оо, Жараткан Алла! Сенден туура жол көрсөтүшүңдү, такыбаа, ар-намыстуу болууга жардам беришиңди жана жандүйнөмдү көркүнө чыгарышыңды суранам...» (Муслим, Зикир, 72)
Алла Таала Куранда ыйбаалуу кулпенделерин алкоого алып:
«Кайыр-садагалар өздөрүн Алла жолуна арнаган кедейлер үчүн. Алар жер бетинде сапарга (соода-сатык кылууга) чыгууга чамалары жетпейт. Алар ыйбаалуу (каниеттүү, ынсаптуу) болгондуктан билбеген адам аларды бай деп ойлойт. Сен аларды жүзүнөн тааныйсың. Алар адамдардан кайыр сурашпайт» (Бакара сүрөсү, 273) деп буюрат. Ибни Масуд мындай дейт:
«Күндөрдүн биринде Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам): «Алла Таалага карата толук ыйбаалуу болгула!» деп буюрду. Биз: «О, Алланын Элчиси! Кудайга шүгүр, биз Аллага карата ыйбаалуубуз» дедик. Анда ал сөзүн чечмелеп: «Айтайын дегеним, силер түшүнгөн ыйбаалуулук эмес. Аллага карата толук ыйбаалуу болуу – бул башты жана баштын ичиндегини, курсакты жана курсактын ичиндегини коргоо, өлүмдү жана топуракта чирүүнү эстөө. Ким акыретти кааласа, дүйнө жашоосунун кооздугунан баш тартышы керек, акыретти бул жашоодон артык көрүшү зарыл. Ким мына ушуну орундатса, Аллага карата толук ыйбаа кылган болот» деди» (Тирмизи, Кыямат, 24). Алланын Элчиси Ашаж ал-Асариге мындай деген:
«Ырас, сенде Алла сүйгөн эки сапат бар. Алар жылуу-жумшактык жана ыйбаалуулук» (Ибни Маажа, Зухд, 18).
Уятсыздык адамдын эң төмөн сапаттарынын бири. Абдуллах бин Умардын айтуусунда, Пайгамбарыбыз мындай деген: «Калетсиз, Улуу Жараткан Алла Таала бир кулпендесине каары түшөөрдө андан ыйбаалуулукту алат (андан ыйбаа эбак кеткен болот)...» (Ибни Маажа, Фитан, 27) Пайгамбарыбыз бир сахабасынын ээн жерде кийим кийүү жөнүндө сураган суроосуна: «Алла Тааладан уялуу адамдардан уялуудан алдаканча жогору» (Абу Давуд, Хаммам, 2) деген таризде жооп кайтарган.
Дагы бир хадисте төмөнкүчө буюрулат «Жылаңач жүрбөгүлө! Силердин жаныңарда силерден эч айрылбаган (периштелер) бар. Алар тек даарат ушатуу жана адам жубайына жакындоо учурунда гана айрылат. Алардан уялгыла жана аларга жакшы мамиледе болгула!» (Тирмизи, Адаб, 42).
Ислам бардык адеп-ахлактан тышкаркы терс иштерди, ыйбаасыздыкты арам деп эсептейт.Эркек менен аялдын шариятка ылайык келбеген байланыш-мамилеси назар менен башталат. Ошондуктан Алла Таала мусулман эркек-аялдарга бири-бирин делебени козгоочу назар менен карабоолору, сүйлөшө турган учурда жер карап сүйлөшүүлөрү керектигин буйурган:
- (Мухаммед! ) Момундарга айткын: «(Ар кайсыл аялдарды карай берүүдөн) көздөрүн сакташсын, уяттуу жерлерин (жыныстык катнаштан) сактасын! Бул (күнөөдөн таза жүрүүлөрү үчүн) өздөрүнө эле жакшы. Арийне, Алла Таала ар бир ишиңерден Кабардар! Момун аялдарга айткын, көздөрүн төмөн түшүрүшсүн! Абийирлерин сакташсын! Көрүнүп турган манжалары жана кызыл ашыгынан башка жерлерин көрсөтпөсүн! Жоолуктарын көкүрөктөрүнө чейин жаба салынсын! Сулуулугун көрсөтүшпөсүн! Бирок өз күйөөсүнө, атасына, кайын атасына, өз уулдарына, өгөй балдарына, бир тууган ага-инилерине, алардын уулдарына, эже-сиңдилеринин уулдарына, мусулман аялдарга, кол алдындагы күңдөргө, аялга муктаждыгы (кумардануусу) болбогон кызматкерлерге, аялдардын уяттуу жерлерин билбеген наристелерге көрсөтсө болот. Ошондой эле көмүскө кооздуктарын башкаларга көрсөтүү үчүн буттарын жерге катуу урушпасын! О, момундар! Баарыңар Аллага гана тооба кылгыла! Балким, (азаптан) кутулаарсыңар» (Нур сүрөсү, 30-31)
«О, пайгамбар! Жубайларыңа, кыздарыңа жана момун-мусулмандардын аялдарына аяткын: үстүлөрүнө сырткы (кенен) кийим жамынышсын! Бул алардын таанылуусу жана кордолбоолору үчүн ылайыктуу. Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү! » (Ахзаб сүрөсү, 59)
Азирети Осмон(Алла ага ыраазы болсун) ыйбалуулугу, адамгерчиликтүүлүгү менен үлгү болууга арзыган сахаба эле. Алланын Элчиси (саллаллаху алеихи васаллам) андан периштелер да ыйбаа кылаарын айткан.

#188 24 January 2017 - 21:43
XI. ЭМГЕКЧИЛ БОЛУУ
Дин Исламда жалкоолук терс сапаттардын эң төмөнкүлөрүнөн болуп саналат. Адам баласы өз табиятына ылайык, шык-жөндөмүнө жараша иштеп, убактысын, ден-соолугун текке кетирбеши кажет. Пайгамбарыбыз бул багытта:
«Оо, Жараткан Алла! Алсыздыктан, жалкоолуктан, коркоктуктан жана карылыктан жалгыз Өзүңө баш калкалайм... » (Бухари, Даават, 38) деп дуба кылган.
Бул хадисте адам баласы туш болгон төмөнкү терс жагдайлар эскерилет: алсыздык, жалкоолук, коркоктук жана карылык. Мына ушул терс жагдайларды жайгаруунун жолу «эмгек кылуу, иштөө».
Алланын Элчиси бир хадисинде:
«Көпчүлүк адамдар алданган (кадырына жете албаган) эки жакшылык бар. Алар: ден-соолук жана бош убакыт» (Бухари, Рикак, 1; Тирмизи, Зухд, 1) дейт.
Куранда түн эс алуу, күндүз эмгек кылуу, иштөө үчүн жаралгандыгы билдирилет. Асыресе, аяттардын биринде «Адам үчүн тек маңдай теринин (эмгегинин) гана акыбети бар» (Нажм сүрөсү, 39) делип, иштеп аракет кылбай туруп эч ким адал кирешеге, демек, түбөлүк бакытка жете албасы буюрулат.
Азирети Пайгамбарыбыз бир хадисинде: «Эч ким өз маңдай тери, адал эмгеги менен тапкан ырыскыдан дагы адалыраак ырыскы жеген эмес» (Бухари, Буиуу, 15) деген.
Ислам дининде «иштөө» өзүнчө ибадат болуп эсептелет. Арийне, парздарын жана башка милдеттерин аткарган мусулман адамдын адал эмгек кылуусу өзүнчө сооп. Бул жерде «иштөө сооп болсо, анда парз ибадаттарды таштап койсо деле болот турбайбы» деген чолок ойго алдырбоо керек. Асыресе, Исламдагы «тобокел» түшүнүгүн туура эмес түшүнүп, «алма быш оозума түш» деген таризде отуруп албоо зарыл. Тобокел – бул кайсыдыр бир ишти жүзөгө ашыруу үчүн бардык керектүү иштерди орундатып болгон соң бу иштин акыбетинин үзүрлүү болушун Алла Тааладан тилөө.
Бул дүйнө үчүн да, акырет үчүн да иштөө керек. Тең салмактуулукту сактоо кажет. Жалкоолуктун айынан бирөөнүн көзүн карап муктаж болуп калуу өзүнчө күнөө. Ошондой эле акыретти унутуп адал-арамды ылгабай тек дүйнө үчүн, байлык-бийлик үчүн гана иштөө да такыр туура эмес. Демек, бул дүйнөдө Жараткандын мыйзамына ылайык, адал- арамды эске алып үй-бүлөнү багуу бул Жараткандын буйругу. Андыктан адам баласы адал- арамды ылгап, утурумдук дүйнөдөн түбөлүк акыретине күчүнүн жетишинче азык даярдап алышы кажет. Көпчүлүк адамдар бүгүнкү күнү тилекке каршы, буга кошкөңүл мамиле жасап келет.
Мусулман баласы ар бир ишке кадам таштоо алдында акыретти, түбөлүк жашоосун, кыяматтагы сурак жөнүндө сөзсүз түрдө ойлошу керек. Ал тек бул дүйнө, байлык-бийлик, жеке кызыкчылык менен гана чектелбейт. Чындыгында да, дүйнө бул акырет үчүн өзүнчө даярдык, асыресе, сынак жайы. Акыреттеги абалыбыз бул дүйнөдө жасаган иш- амалдарыбызга, жүргөн-турганыбызга жараша болот. Бул дүйнөдөгү кыймыл-аракетибиз, ой-түшүнүгүбүз, ишенимибиз эске алынып, ал жерде же сыйлыкка, же жазага ээ болобуз. Бул багытта төмөнкү аятта мындай буюрулат:
«О, ыймандуулар! Алладан корккула! Адам баласы эртеңкисине эмне даярдаганын карасынчы?! Алладан корккула! Анткени Алла силердин эмне кылганыңардан Кабардар! » (Хашр сүрөсү, 18).
Иштөөнүн, байлык топтоонун негизги максаты – тек дүйнөлүк ырахат болбошу керек. Топтолгон байлык, мал-мүлк өз орду менен, өз максатына ылайык колдонулушу кажет. Мусулман адам Алла Таалага ар качан шүгүр келтирип, мүмкүнчүлүгү болсо зекетин, садагасын берип, үй-бүлөсүнүн, кедей-кембагал тууган-туушкандарынын муктаждыктарын камсыз кылышы керек. Ал мына ушундай жол менен гана дүйнөдөгү мал-мүлкүнүн пайдасын акыретте көрүп,түбөлүк бакытка багыт алган болот. Болбосо, өмүр бою эмгек кылып чогулткан мал-мүлкү тек дүйнөдө гана калып, акыретте эч бир пайдасы болбой, тескерисинче, оор жүк, зыян болору толук ыктымал. Андыктан мусулман баласы ар дайым Алланы, кыямат күнүн, түбөлүк акыретин эстеп, ар бир кадамын ошого жараша ташташы абзел

#189 24 January 2017 - 22:04
XII. ҮММӨТ ҮЧҮН КҮЙҮП-ЖАНУУ
Мусулман баласынын маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул Ислам үммөтүнүн бир мүчөсү болгондугун унутпашы. Мусулмандар ортосунда дин боордоштугу, туугандыгы, тыгыз карым-катнаш болушу керек. Бул өңүттөн, мусулмандар кайсы рассадан же кайсы элден болсо да, бири-бирине жылуу, тыгыз мамиледе болуп, ар качан бири-биринин жакшылыгын каалоолору зарыл. Бул өтө зор мааниге ээ. Азирети Пайгамбарыбыз мындай дейт: «Момун-мусулмандар бири-бирин жакшы көрүү жагынан болобу, бири-бирине боорукер мамиле жасоо өңүтүнөн болобу, айтор, ар өңүттөн, бир дене сыяктуу. Дененин бир жерине тикен батса, бүт дене сыздайт» (Бухари, Бирр, 37) Бардык мусулмандар бир тууган. Аяттардын биринде төмөнкүчө буюрулат: «Чындыгында, момун-мусулмандар – бир тууган. Ошондуктан бир туугандарыңардын ортосун оңдогула (жараштыргыла)! Алланын ырайымына ээ болуу үчүн Андан корккула! » (Хужурат сүрөсү,10). Андыктан мусулман коомчулугу оомал-төкмөл дүйнөнүн оош-кыйышында, ар түрдүү машакат-кыйынчылык учурларда бири-бирине арка-жөлөк болуулары керек. Оор кырдаалга тушуккан мусулмандарга мусулман коомчулугу эки колду чөнтөккө салып карап турбай, күчүнүн жетишинче жардам берип, күчү жетпесе Жаратканга алакан жая алар үчүн дуба кылып туруулары кажет.
Мусулман адам мусулман болууну эң чоң бакыт деп билет. Ал Азирети Пайгамбарыбыздын үммөтү болууну Жараткандын баа жеткис ыроосу катары эсептейт . Себеби ал эң тандамал пайгамбар. Ага үммөт болуу түбөлүк бакыттын жолу. Бардык пайгамбарлар анын келерин айтып, ага ыйман келтиришкен.
Мусулман үммөтүнүн эң көрүнүктүү өзгөчөлүгү ар дайым жакшылыкка, бирөөгө жөлөк-таяк болууга умтулуп, жамандыктан, терсаяктыктан оолак болуу. Мусулман коомчулугунда жардамдашуу, бири-бирине арка-жөлөк болуу бул негизги эреже. Бул үммөттө эч ким кароосуз калбашы керек. Мусулмандар беш маал намазга мечиттерге келип, бир жерге топтолушат. Ал жерден бири-бири менен таанышат, алака курат, тыгыз карым-катнаш жанданат. Ар качан бири-биринин ал-абалынан кабардар болуп, машакатына да, кубанчына да ортоктош болот. Ал эми зекет ибадаты менен коомдук бейпилдик, тынчтык, ынтымак жанданат. Орозо ибадаты да ошондой. Орозо айы – жакшылыктын, ырайымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, береке-куттун айы. Демек, Ислам буйруган ибадаттар адамды жакшылыкка гана ыктап, кемелине келтирип, «адам» атка татыктуу өмүр сүрүп, өрнөк үммөт болушуна жол ачат.
Ислам үммөтүнүн эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн дагы бири элди дайыма жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу. Алла Таала мусулман үммөтүн дал ушул өзгөчөлүгүнөн улам алкоого алып: «Силер инсанияттын ичинен тандамал эң мыкты үммөтсүңөр. Силер жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарып, жалгыз Аллага ишенесиңер. ..» (Аали Имран сүрөсү, 110) деп буюрат.
Ислам үммөтүнүн күчү биримдикте жана ынтымакта. Куранда «Баарыңар жалгыз Алланын жибин (динин гана) бекем кармангыла! Бөлүнүп-жарылбагыла! » (Аали Имран сүрөсү) «Чындыгында, момундар – бир тууган. Ошондуктан бир туугандарыңардын ортосун оңдогула (жараштыргыла)! Алланын ыраиымына ээ болуу үчүн Андан корккула! » (Хужурат сүрөсү, 10) деп буюрулат.
Мусулман мусулманды Жараткан Алла үчүн гана жакшы көрөт. Бул эң аруу жакшы көрүү сезими. Ыйман жүрөккө орношкондо Алла үчүн жакшы көрүү сезими да орношот. Бул өңүттөн, мусулмандар бир дене сыяктуу. Бири-бирине арка-жөлөк болуп, кайгы-муңун тең бөлүшүп колунан келген жардамын берет. Бир хадисте Азирети Пайгамбарыбыз мындай дейт: «Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ал анын укугун коргойт. Аны душмандын колуна жалгыз таштап кетпейт. Ким мусулман боордошунун бир муктаждыгын камсыз кылса, Алла да анын муктаждыгын камсыздайт. Ким мусулман боордошун машакаттан куткарса, Алла да аны машакаттан куткарат. Ким мусулман боордошунун кемчилигин жапса, Алла да анын кемчилигин жабат» (Бухари, Мазалим, 3).
Айрым бир катачылыктардан улам мусулман адамды «каапыр» деп айтууга болбойт. Ахли сүннөт ишеними боюнча, кандайдыр бир күнөө жасоо менен мусулман адам динден чыкпайт. Ал күнөөкөр болуп эсептелет. Көз жумганга чейин тооба (кечирим) каалгасы ачык. Андыктан бүгүнкү күнү Ислам душмандары мусулман үммөтүн алсыратуу, бөлүп-жаруу үчүн жасаган ар түркүн бузуку-оюндарына алданбай, каразгөй хаосторуна карата ар бир мусулман баласы ойгоо болушу кажет. Каапырлыкты талап кылган ачык бир сөз айтмаиын эч бир мусулманды «каапырлыкка» чыгарууга болбойт. Бул чоң күнөөлөрдүн катарына кирет. Ахли сүннөт (Имам Азам, Шафи, Ханбали жана Малики) агымдарынын ортосундагы айырмачылыктарды ибадат-амалдар өңүтүнөн өзүнчө кеңири жол, асыресе, Жараткандын ырайымы катары кабылдоо абзел.
Анфал сүрөсүнүн 46-аятында Алла Таала: «Аллага жана Анын элчисине баш ийгиле! Абайлагыла, бири-бириңер менен талашып-тартышып, жаатташпагыла! Эгер жаатташсаңар, ал-күчтөн таясыңар. О, момундар, сабыр кылгыла! Алла сабырдуулар менен бирге!» деп жалпы үммөткө буйрук берет.
Дагы бир аятта: «О, момундар! Этият болгула! Айкын-ачык далилдер, Алланын аят-жарлыктары келсе да, өз ара бөлүнүп-жарылып, ит арка тартып ынтымагы кеткен элдер (адамдар) сыяктуу болбогула! » (Аали Имран сүрөсү, 105) деп буюрулат. Мына ошондуктан айрыкча бүгүнкү күнү мусулмандар кимдир бирөөлөрдүн азгырыгына, ойунуна алданып бири-бирин каапырлыкка чыгарып,мушрик- бутпарас көрбөшү керек. «Мен мусулманмын» деген адамга мусулман катары мамиле жасоо зарыл. Агымдар ортосундагы айрым бир айырмачылыктар мусулмандардын ортосуна от жагып, ит арка тартып ыдарашына, бөлүнүп жарылышына себеп болбошу кажет. Себеби жогоруда белгиленгендей, агымдар мусулман коомчулугу үчүн өзүнчө бейпилдиктин, тынчтыктын, биримдиктин, ынтымак-ырашкерликтин жолу.

#190 24 January 2017 - 22:57
XIII. ДИН ИСЛАМДЫН КӨӨНӨРБӨС ДӨӨЛӨТТӨРҮНӨ КАРАТА АДЕП САКТОО
Алла Таалага таандык нерселер «ыйык» болуп саналат. Аларга карата адеп сактоо –
бул, ыймандуулуктун талабы. Мусулман баласы аларга эч качан адеп сактабай кое албайт.
Буга эң ириде Алла Тааланын ысым-сыпаттары, Алла түшүргөн ыйык Китептер (булардан бүгүнкү күнгө чейин тек Куран гана бурмаланбай жетип олтурат), пайгамбарлар кирет. Харам мечити (Кааба) жана башка мечиттер да ар бири өзүнчө ыйык жерлер болуп саналат. Мына ушунун бардыгына карата урмат кылуу, адеп кармануу мусулмандын милдети. Алланын атын айтууда өзгөчө урмат-сый сактап, «Алла Таала» «Алла жалла жалаалуху» «Улуу Жараткан Алла» деген сыяктуу сөздөрдү колдонуу керек.
Азирети Пайгамбарыбыздын аты аталганда ага дубай салам жана салават (анын бейпилдигин, амандыгын тилөө) жолдоо керек. Бул Алланын буйругу. «Азирети Мухаммед саллаллаху алейхи васаллам» «алейхиссолаату вассалаам» «Аллахумма солли алаа Мухаммад ва алаа аали Мухаммад» деп айтуу сыяктуу. Башка пайгамбарлардын ысымдары аталганда «алейхиссалам» деп аларды да сый урмат менен эскерүү керек.
Кутман сахабаларды да урмат-сый менен эскерүү зарыл. Себеби дин Исламды Пайгамбарыбыздан алып бизге чейин аруулугун жоготпой жеткиришине дал ошол кутман сахабалар себеп болушкан. Алардын ак кызмат, опол тоодой адал эмгеги бүтүндөй мусулман үммөтү үчүн өчпөс да, өлбөс. Алар баскан жолдон чыкпай өмүр улаган чакта Пайгамбарыбыздын жолунан чыкпай жүргөн болобуз. Алардын аты аталганда «Радияллаху анх» (Алла ага ыраазы болсун!) деп айтуу абзел. Ал эми сахабалардан кийинки дин Ислам үчүн күйүп-жанып, кара жанын карч урган аалымдардын аты аталган чакта «рахматуллахи алейхи» (Алла Таала аны өз ыраакымына бөлөсүн!) деп айтуу дурус.
Кутман сахабаларды, Ислам аалымдарын жакшылык менен эскерүү, аларга карата адеп кармануу, алар жөнүндө адепке терс келген өйдө-ылдый сөздөрдү сүйлөөдөн оолак болуу мусулман баласына куп жарашкан изгилик. Куран окуур алдында «Ауузу-бисмилла» айтылат. Куран китепти дааратсыз колго алууга болбойт. Жунуп абалындагы адам жадысынан да Куран окубайт.Мусулман баласы Куранга карата да өтө кылдат адеп сакташы кажет. Куран окулуп жаткан учурда кунт койуп угуп отуруу керек. Бул Алланын буйругу. Куранга карата адеп сактабоо – бул Жараткан Аллага карата адеп карманбоо дегенди туюнтат. Себеби Куран – бул Алла Тааланын сөзү.
Мусулман адам кандайдыр бир жакшылык-адал ишке «Бисмиллахир- Рахмаанир- Рахиим» деп Алланын атын оозануу менен киришиши керек. Куттуу хадистердин биринде «Бисмилла менен башталбаган иштин акыбети жакшы болбойт» деп буюрулат.
Андыктан мусулман баласы Исламдын «ыйык» аталган көөнөрбөс дөөлөттөрүнө карата адеп карманып, аларга өзгөчө маани берип, ар бир сөзүнө кылдат мамиле жасашы кажет. Динди, динге байланышкан жагдайларды шылдың-келекеге албашы зарыл. Алланын мыйзам-эрежесин келекеге алуу каапырлыкты талаптайт, Кудай өзү сактасын!

#191 26 January 2017 - 03:25
XIV. ЖАКШЫ АДАМДАР МЕНЕН БИРГЕ ЖҮРҮҮ
Адам баласы ар дайым достору, айлана-чөйрөсүндөгүлөр сыяктуу болот. Дин Ислам мусулман баласын жакшы адамдар менен бирге жүрүүнү, жаман адамдардан алыс болууну, эки жүздүүлөр менен дос болбоо керектигин буюрат. Сыныктан башканын баары жугуштуу демекчи, адам баласы жакшы адамдар менен болсо, ага жакшылык гана жугат. Мерез жүрөк ийге келип, жакшылыкка ийигет. Бул учурда жакшылык кылууга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр жаралат. Ошондуктан Куран да, сүннөт да жакшы адамдар менен бирге болууга үндөйт. Аяттарда төмөнкүчө буюрулат:
«Момун эркектер менен момун аял кишилер бири-бирине арка-жөлөк, дос. Алар элди жакшылыкка чакырып, жамандыкка барбоого үндөйт. Намаз окуп, зекет беришет. Мына ушуларга Алла Таала ыраакым этет. Чындыгында Алла Таала Улуу, Даанышман! » (Тооба сүрөсү, 71).
«О, ыймандуулар! Мага да, өзүңөргө да душман адамдар менен достошпогула! ...» (Мумтахана сүрөсү, 1).
«Момундардын ордуна каапырлар менен достошкондор ошого (алар менен достошконуна) сыймыктанып жатышабы?! Ырасында (сыймык) жогорулук Аллага гана таандык!» (Ниса сүрөсү, 139)
«Зулумдук кылгандарга ыктабагыла! Антсеңер тозок оту силерге да жетет...» (Худ сүрөсү, 113)
Мусулман баласы изги адеп-ахлакка гана багыт алышы зарыл. Мунун көрнөгү адамдар менен болгон жылуу мамилесинде катылуу. Куттуу хадистердин биринде Пайгамбарыбыз мындай дейт: «Мусулман баласы адамдар менен жылуу мамиледе болот...». Ошондуктан мусулман адам текебер эмес, кичи пейил, жылуу-жумшак болуп, ар дайым чындыкты айтып, туура эмес сүйлөсө, же туура эмес иш кылса катачылыгын мойнуна алышы керек. Адамга ийненин көзүндөй да жамандык каалабашы керек. Ар качан элдин кызматына даяр туруп, өзүмчүлдүктөн, сараңдыктан оолак болушу зарыл.
Куранда эл менен жылуу мамиледе болууга үндөгөн көптөгөн аяттар бар. Анын айрымдары төмөнкүлөр:
«Силерге салам берилген чакта, силер (анын саламына) андан да жакшы алик алгыла, же эч болбоду дегенде өзүндөй салам кайтаргыла! Чындыгында, Алла ар бир ишти Эсептөөчү» (Ниса сүрөсү, 86).
«Мээримдүү Жараткандын кулдары жер бетинде сыпаа гана жүрүшөт. Наадандар аларга асылып ар түрдүү сөз айтса, «салам-тынчтык» деп (жылуу-жумшак) гана жооп беришет» (Фуркан сүрөсү, 63). «(Лукман уулуна) Адамдарга кекирейбе, жер үстүндө бой көтөрүп баспа!...» (Лукман сүрөсү, 18) деп акыл-насаатын айткан
Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) мындай дейт:
«Момун-мусулман адамдарды жамандаган, каргап-шилеген, жаман сөз сүйлөгөн жана терс аракет кылган адам эмес!» (Тирмизи, Бирр, 48).
Мусулман адам Азирети Пайгамбарыбыз баш болгон бардык пайгамбарларды, акырет журтуна көчкөн момун-мусулман боордошторун жакшылык менен эскерип, алар үчүн Жаратканга алакан жая дуба кылышы керек. Хашр сүрөсүнүн 10-аятында Алла Таала мындай буюрат: «Алардан кийин келгендер мындай дешет: «Оо, Жараткан! Бизди жана бизден мурун ыйманга келген туугандарыбызды кечире көр... Жүрөгүбүзгө ыймандууларга карата кек сала көрбө. Оо, Жараткан Алла! Сен албетте, Мээримдүү, Боорукерсиң» . Мусулман баласы Алланын сүйүктүү пенделеринин өмүр таржымалын окуп, үйрөнүп алардан үлгү алышы абзел. Ырас, ал жашоосун эң ириде Куран менен көрктөшү керек. Аны дайыма окуп, аны менен жашоого умтулушу зарыл. Алла Таала мындай буюрат: «Алла Таала аяттары бири-бирине окшош (сыяктуу угулуп, куюлушуп) турчу Сөздүн эң көркөмүн Китеп түрүндө түшүрдү. Андан Эгесинен корккон адамдардын денелери титирейт. Анан алардын терилери, жүрөктөрү Алланы эстөө аркылуу жибийт. Бул (Куран) – Алланын туура жолу. Аны менен (Алла өзү) кимди кааласа, Туура жолго багыттайт. Алла бирөөнү адаштырган болсо, анда ага башка эч ким Туура жол көрсөтүүчү боло албайт» (Зумар сүрөсү, 23)

#192 26 January 2017 - 03:30
XV. УБАДАГА БЕКЕМ ТУРУУ
Убадага бекем туруу мусулман баласынын иридеги изги сапаттарынын бири. Мусулман адам дайыма берген сөзүнө, убадасына бек турушу кажет. Куранда мусулмандардан эң ириде Аллага берген сөзүнө бек туруу зарылчылыгы талап кылынат. Ошону менен бирге адамдарга берген сөзгө бекем туруу керектиги да баса белгиленет: «О, момундар! Берген убадаларыңарга бекем тургула!» (Маида сүрөсү, 1). «Берген сөзүңөрдү аткаргыла! Анткени убада жоопкерчиликти талаптайт» (Исра сүрөсү, 34).
«Ким антты бузса, ал өзүнө гана зыян алып келет. Ким Аллага берген антын аткарса, Ал ага жакын арада зор сыйлыктарды тартуу кылат» (Фатх сүрөсү, 10).
«Мага берген убадаңарды орундаткыла! Мен да силерге берген убадамды аткарайын... » (Бакара сүрөсү, 40)
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кыяматта Алла Тааланын: «Мен кыямат күнү мынабу үч (тайпага кирген) адамга душманмын» дээрин айтып, анын биринчиси «Алланын атын оозанып ант ичип, берген сөзүнөн тайган адам» болоорун эскертет. (Бухари, Буиуу, 106)
«Кыямат күнү убадасын аткарбаган оопасыз адамдын аркасында (анын оопасыздыгын айгинелеген) бир асаба-туу болот. Бул туу анын оопасыздыгынын өлчөмүндө жогору көтөрүлөт... » (Муслим, Жихад, 15-16; Тирмизи, Фитан, 26). Ардактуу Пайгамбарыбыз көп учурда:
«Оо, Жараткан Алла! Ал-күчүмүн жетишинче сага берген сөзүмө бекем турууга, убадаңа ээ болууга аракет кылуудамын» деп кечирим тилеп дуба кылаар эле (Бухари, Даават, 16).
Ибни Аббас (Алла ага ыраазы болсун): «Алланын Элчиси –саллаллаху алейхи васаллам бир нерсени айтса, аны сөзсүз түрдө аткара турган» дейт. (Бухари, Шахадат, 28).

#193 26 January 2017 - 03:44
Бул жак озунчо эле илим казынасыго.
Балли Нурзида эже, колунуз дарт корбосун.
#194 26 January 2017 - 16:52
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#195 26 January 2017 - 17:17
XVI. ДАЙЫМА ТООБА КЫЛУУ
Тооба – бул өз күнөөсүн, катачылыгын кабылдап, жалгыз Жараткан Аллага баш калкалап, экинчи ал ишке барбоого сөз берип, кечирим тилөө. Ислам дини кемчиликсиз, катасыз адам болбоосун, кемчилик адамдын өзүнчө бир өзгөчөлүгү болгондугун баса белгилейт. Андыктан мусулман коомчулугунда да, айрым бир катачылыктар, туура эмес иштер болушу толук мүмкүн. Ырас, мусулмандын иши мүмкүнчүлүктүн жетишинче катачылыктардан, жамандыктардан алыс болуу, терс көрүнүштөргө бөгөт койууга аракет кылуу. Мусулман кетирген кемчилик-каталарынан, күнөөлөрүнөн арылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мунун тек жолу эгер бирөөнүн акы-укугун тепсеп алган болсо, ал адамга акысын кайтарып бериши же ыраазылыгын алышы керек. Ал эми шариятка дал келбеген кандайдыр бир терс иш кылса, Жараткан Алладан кечирим тилеп, экинчи ал ишке барбоого сөз бериши керек. Бул багытта Алла Таала мусулмандарды тооба кылууга чакырып: «О, момундар! Баарыңар Аллага тооба кылгыла (кечирим сурагыла)! Ошондо корккон нерсеңерден кабатыр болбой, үмүт кылган нерсеңерге ээ болосуңар» (Нур сүрөсү, 31).
Адам болгон соң ар качан, ар жерде катачылык кетирүү толук ыктымал. Андыктан катачылык кетирген киши дароо тооба кылып Алладан кечирим тилеши керек. Жараткандын кечирим каалгасы ар дайым ачык. Кечиримден үмүт үзүлбөйт. Алланын кечириминен үмүт үзүү Кудай сактасын каапырлыкка алып барат. Мусулман Жалгыз Аллага гана таянат, ишенет. Аллага ишенген, шерик кошпогон адамдын күнөөлөрү тооба кылса, кечирилет. Бул Алланын момун-мусулмандарга берген убадасы. Азирети Пайгамбарыбыз: «Тооба кылган адам күнөө жасабаган адам сыяктуу болот» дейт (Ибни Маажа, Зухд, 30).
Кудсии хадистердин биринде Алла Таала мындай буюрат: «Эй, кулдарым! Силер ар качан ката кетиресиңер. Мен бардык күнөөлөрдү кечирем. Андыктан Менден кечирим сурагыла, силерди кечирейин... » (Муслим, Бирр, 55; Тирмизи, Кыямат, 48/2495)
Алланын кулу болуунун бир белгиси жүзөгө ашкан күнөө ишке бушайман болуп, жалгыз Жараткандан кечирим тилөө. Бул аракет Алланын Кечиримдүүлүгүн кабылдап, Ага баш калкалоо дегенди түшүндүрөт. Куранда ката кетирип, катачылыгынан улам Аллага тооба кылып (кечирим тилеп), тообасы кабыл болгон пайгамбарлар жөнүндө маалыматтар берилет. Алардын бири алгачкы инсан Азирети Адам ата болгон. Ал адамзат тарыхында биринчи жолу ката кетирип, дароо тооба кылып, тобасы кабыл болгон. Ал эми шайтан бой көтөрүп кетирген күнөөсүн моюндабай, Жаратканга тооба кылбагандыгы үчүн Алла Тааланын ыраакымынан ажырап, каргышына калган.
Ырасында эле, кемчиликсиз адам баласы болбойт. Андыктан түбөлүк акыреттик бактысын ойлогон адам ар качан Жалгыз Жаратканга тооба кылууга умтулушу керек. Тооба кылууда кары-жаштын айырмасы жок, ар ким Жараткандын кең мээримине баш калкалап тооба кылууга укуктуу. Мусулман баласы кандай күнөө кетирсе да, ага чын дилден бушайман болуп экинчи кайталабоого сөз берип Алладан кечирим тилегени дурус. Куранда тооба кылууга байланышкан төмөнкүчө аяттар бар:
«(Мухаммед! ) Айткын: Өздөрүнө-өзү зыян келтирип жаткан пенделерим! Алланын жакшылыгынан үмүт үзбөгүлө! Алла бардык күнөөлөрдү кечирет. Анткени ал Кечиримдүү, Боорукер. Жаза-азап келгенге чейин Эгеңерге кайткыла! Ага моюн сунгула! Кийин жардам ала албайсыңар. Силерге капилеттен күтүүсүз азап келгенге чейин Эгеңерден түшүрүлгөн эң жакшы нерсени (Куранды) бекем кармангыла! ......Ошондой эле өз азабын өз көзү менен көргөн соң: «Аттигиниң- ай! Мага дүйнө жашоосуна кайра кайтууга мүмкүнчүлүк болгондо, ошондо мен жалаң жакшы иштерди гана жасаган адамдардан болоор элем» деген адамдын кейпин кийип кала элегиңерде (Куран менен өмүр кечирип калгыла)...» (Зумар сүрөсү, 53-60) «Тооба кылып, ыйман келтирип жакшы иштерди жасаган адам тозоктон кутулуучулардан болот» (Касас сүрөсү, 67).
«Күнөөнү билбестен жасап, кайра тезинен тооба кылып өкүнгөндөргө Алланын кечирими болот. Акыйкатта Алла – Билүүчү, Даанышман» (Ниса сүрөсү, 17)
«О, ыймандуулар! Аллага чындап (жүрөктүн түпкүрүнөн сызылып чыгып, сай сөөктү сыздаткан бушаймандыкка буулугуп) тооба кылгыла!» (Тахрим сүрөсү, 8).
Ислам аалымдарынын бири Хасан Басри аттуу аалымга күндөрдүн биринде бир адам кургакчылыктан, бири кедейликтен, бири балалуу болалбай жүргөндүгүнөн, дагы бири талаасынын начарлыгынан арызданып келишкен эле. Хасан Басри алардын ар бирине Жараткан Аллага тооба кылып, кечирим тилөөлөрүн сунуштайт. Анда алар ар биринин арызы ар башка болгонун айтып, Хасан Басриге толук түшүнө албай суроолуу карашат. Хасан Басри дайымкы калыбынан жазбай төмөнкү аятты окуйт: «Эгеңерден кечирим сурагыла! Анткени ал – Кечиримдүү. (Кечирим тилесеңер) Ал силерге асмандан нөшөрлөгөн жамгыр жиберет. Ал силерге мал-дүйнө, бала-чака менен кубат берет. Жана да силер үчүн бакча, дарыяларды жаратат» (Нух сүрөсү, 10-12). Ардактуу Пайгамбарыбыз мындай дейт:
«Алла Таала мага ушул аят (Анфал сүрөсү, 33) менен үммөтүм үчүн эки кепилдик берди:
1. Мен алардын арасында турган чакта Алла азап жибербейт.
2. Алар кечирим сураган учурда (баш көтөрүп кечирим сурабай калганга чейин) Алла аларга азап бербейт
Мен алардын арасынан айрылганымда (көз жумган соң, мага берилген экинчи) кечирим тилөө кепилдигин кыяматка чейин алар менен калтырам» (Тирмизи, Тафсир, 8/3082).Пайгамбарыбыз дагы бир куттуу хадисинде: «Ар бир адам ката кетирет. Ката кетиргендердин эң кайырлуусу – тооба кылган адам болуп эсептелет» (Тирмизи, Кыямат, 49) дейт.

#196 26 January 2017 - 19:48
XVII. АЛЛАНЫ ЭСТӨӨ, ЗИКИР КЫЛУУ
Куранда эң көп кайталанып баса белгиленген буйруктардын бири Алланы көп эстөө, көп зикир кылуу. Ырасында мусулмандын ишеними кургак-супсак ишеним эмес. Анын ишеними ар качан жандуу, ар дайым өз күчүндө болушу керек. Ал ар жерде, ар бир ишинде Жаратканды ойлоп, эстеши керек. Адам баласы Алланы эстеп жүргөн чакта гана бир жактуу жакшылык менен чектелбейт, эки дүйнөлүк бакыттын балтатым мөлтүр булагынан даам сызат. Алланы эстеп зикир кылуу адамдын жандүйнөсүн тазалайт, адамдык бийик сапаттарга ээ кылат, элдин керегине жараган, эл үчүн күйүп-жанган эр азамат болууну талаптайт. Ал эми Алланы унутуу – бул азгырык каракүч атыккан шайтан үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Ал ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып адамды ак жолдон адаштырууга бар күчүн жумшап жандалбас урат. Мына ошондуктан Алла Таала буга кайра-кайра кайрылып өзгөчө басым жасайт:
«Жараткандын атын эсте, ага бүт жандилиң менен бет ал!» (Муззаммил сүрөсү,8) «О, ыймандуулар! Алланы көп эстегиле, аны эртели-кеч аруулап даңазалагыла! » (Ахзап, 41-42)
«Ыймандуулардын жүрөгү Алланы эстегенде бейпилдик табат. Көңүл бургула, жүрөк Алланы эскергенде гана бейпилдик табат» (Раад сүрөсү, 28)
«Түнкүсүн Жаратканга сажда кыл, аны көпкө чейин аруулап даңазала! » (Инсан сүрөсү, 26) «О, ыйман келтиргендер! Мал-мүлкүңөр, бала-бакыраңар Алланы эскерүүдөн силерди алаксытып койбосун. Ким (буларга) алаксып (ибадатын аткарбай калса), ал зыянга учурайт» (Мунафикун сүрөсү, 9)
Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) айтуусу боюнча, Алланын Элчиси мындай деген:
«Бул дүйнө жана андагы нерселер нарксыз. Тек Алланы зикир кылуу жана Ага жакындаткан нерселер, илим үйрөткөн аалым жана үйрөнгүсү келген шакирт мындан тышкары» (Тирмизи, Зухд, 14).
Алланы зикир кылуу бул Алла сөзүн тек сөз иретинде кайталоо эмес, аны жандил менен айтуу, ал жүрөккө бейпилдик, ырахат тартуулаган абал. Жогоруда белгиленгендей зикир кылуу жүрөктү сан түркүн ыпластыктардан арылтып, Исламдын тунук булагына жууп, эң мыкты сапаттар менен шөкөттөйт.
Ардактуу Пайгамбарыбыз куттуу хадистеринде мындаи дейт:
«Алланы сүйүүнүн белгиси – бул, Алланы зикир кылууну жакшы көрүү» (Суйути, ал- Жамиус-Сагир, II, 52)
«Бир адам бир жыйында отуруп, ал жерде Алла Тааланын ысмын эстебесе, Аллага карата кемчилик кетирип күнөө иш кылган болот. Төшөккө жатаарда Алла Тааланы зикир кылбоо да кемчилик болуп эсептелет» (Абу Дарда, Адаб, 25). Пайгамбарыбыз күндөрдүн биринде сахабаларына кайрылып: Силерге эң кайырлуу, Алланын алдында эң баалуу, даражаңарды көтөрө турган, силер үчүн алтын-күмүш таратууңардан дагы кирешелүү .... амал жөнүндө кабар берейинби? дейт. Сахабалар: Ооба, о, Алланын Элчиси – дешет. Анда Пайгамбарыбыз:
Алла Тааланы көп зикир кылуу! – деп жооп кайтарган экен. (Тирмизи, Даават, 6) Ибни Аббас : «О, ыймандуулар! Алланы көп эстеп зикир кылгыла!» (Ахзаб сүрөсү,41) деген аяттын түшүндүрмөсүн берип: «Алла Таала пенделерине парз кылган ар бир парзга белгилүү чек коюлган. Бул багытта себептүү адамдардын себептерин кабыл алат. Бирок зикир мындан тышкары. Акылынан ажырагандардан тышкары зикирди таштаган адамдын үзүр-себебин кабыл кылбайт. Адамдарга ар качан зикир абалында болуу зарылчылыгы буйрулган» (Табари, XXII, 22; Куртуби, XIV, 197) дейт. Алланын Элчиси мындай дейт:
«Алланын алдында тасбих, такбир жана тахлилди (Алланы улук тутуп даңазалоо) тилинен түшүрбөй Ислам боюнча өмүр кечирген момундан өткөн кайырлуу адам жок».
«Тилге жеңил, таразага коюлганда оор, аша Мээримдүү Алланы сүйүндүргөн эки сүйлөм бар: Субхааналлахи ва бихамдихи, Субхааналлахил- азиим» (Бухари, Даават 65, Аиман, 19, Тавхид, 58; Муслим, Зикир, 31; Тирмизи, Даават, 60; Ибни Маажа, Адаб, 56)

#197 26 January 2017 - 19:49
XVIII. ЖООМАРТТЫК
Жоомарттык – бул элге өзгөчө каржылык жактан жакшылык кылуу. Жоомарттык сараңдык сөзүнүн антоними (карама-каршы мааниси). Бакара сүрөсүнүн 267-268- аяттарында: «О, ыйман келтиргендер! Өзүңөр жасап тапкан жакшылыктардан жана Биз силерге жерден чыгарып берген нерселерден сарптагыла. Өзүңөр жаман көргөн нерселерди (Алла жолунда садага, зекет үчүн) тандап бербегиле! Алла – Бай, мактоого татыктуу! Шайтан кедейликти убада кылып, бузукулукка буйруйт. Алла силерге Өзүнүн кечиримин жана ыраымын убада кылат. Чындыгында Алла – баарын камтуучу, Билүүчү!» деп буюрулат.
Сараңдык Куранда жат сапат катары айтылып, сараң адамдар шайтандын досу экендиги баса белгиленет. Аали Имран сүрөсүнүн 180-аятында мындай делет: «Алланын берешендигинен ыроолонгон жакшылыктарга сараңдык кылгандар муну өздөрү үчүн жакшы деп ойлобосун! Жок, бул аларга абдан жаман. Кыямат күнү алар эмнеге сараңдык кылышкан болсо, ошол нерсеси алардын мнуна (от болуп) оролот...»
Байлык – бул Алланын ыроосу. Мусулман баласы баарыдан мурда кирешесинин адалдыгына күчүнүн жетишинче этият болушу керек. Ал жоомарт болушу керек. Элге каржылык жактан да жардамын аябашы абзел.
Сараңдык жүрөктөгү эң жаман туюмдардын бири. Ал адамды дүйнөнүн утурумдук нерселери менен гана чектеп, элге жакшылык кылууга бөгөт болот. Бул мусулманга жарашпаган сапат. Мусулман адам элге ар качан жакшылык кылууга, мал-мүлкүн Алла жолунда сарптоого умтулушу керек. Мал-мүлктү ага Алла Таала ыроологондой эле, ал да андан элге берүү менен акыретине кам көрүшү кажет. Ошону менен бирге жоомарттык да тең салмактуу болушу керек. Жоомарттык десе эле байлыктын баарын элге таратып жиберүү деп түшүнбөө дурус. Үий-бүлөнү, бала-чаканы кайыр-садага ала тургандай даражага кириптер кылып байлыктын бардыгын сарптабоо абзел.
Асыресе, Куранда элдин камын ойлогон, алардын кызматына даяр тургандар төмөнкүчө алкоого алынат: «Өздөрү муктаж болуп турса да, өздөрүнө караганда өзгөлөрдү (элди ойлоп) жогору койушат» (Хашр сүрөсү, 9). Күндөрдүн биринде Алланын Элчиси сахабаларына кайрылып: Кимиңерге мураскорунун мүлкү өз мал-мүлкүнөн дагы артыгыраак? – деп суроо салат. Алар:
О, Алланын Элчиси! Бардыгыбыз өз мал-мүлкүбүздү бүт нерседен артык көрөбүз – дешет.Анда Алланын Элчиси:
Адамдын өз мал-мүлкү – (бу дүйнөдө) жакышылык кылуу менен (акыретке) мурунтан жиберген мүлкү, ал эми мураскорунун мүлкү болсо, (өз мүлкүн) сарптабай калтырган (дүйнөгө таштаган) мүлкү болуп эсептелет – деп сөзүн чечмелеп берген экен (Бухари, Рикак, 12). Бул хадисте чыныгы мал-мүлк жакшылык жолдорго сарпталган мүлк болгондугу айтылууда.
Дагы бир хадисте Алланын Элчиси мындай дейт: Бир дирхам – жүз миң дирхамдан артык. Сахабалар:
Бул кандайча, о, Алланын Элчиси? – деп сурашат. Анда Пайгамбарыбыз:
Бир адамдын эки дирхамы бар эле. Булардан эң жакшысын садага кылды. Дагы бир адам болсо, мал-мүлкүнөн жүз миң дирхам алып садага кылды – деп жооп кайтарат (Насаи, Зекет, 49). Азирети Пайгамбарыбыз бул жерде мусулмандарды мал-мүлкү аз болсо да, ал-күчүнө жараша садага берүүгө үндөө менен мунун өтө чоң сыйлыкка, соопко себеп болоорун айткан.

#198 27 January 2017 - 00:35
XIX. МЕЧИТ КУРУУ
Мечит – бул жалгыз Жараткан Аллага кулчулук кылууга даярдалган имарат. Азирети Пайгамбарыбыз ар дайым мечитке барып турууга үндөгөн. Куттуу хадистердин биринде төмөнкүчө буюрулат: «Мечитке барууну бир адамдын адатка айландырып алганын көрсөңөр, анын ыймандуу болгондугуна күбөгө өткүлө. Себеби Алла Таала мындай деген: «Алланын мечиттерин тек Аллага ыйман келтиргендер. ... курат (жамаатка ар качан келип турат)» (Тооба сүрөсү, 18) (Ибни Маажа, Масажид, 19).
Маймуна (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт: «О, Алланын Элчиси! Бизге ыйык жай (б.а. Акса мечити) жөнүндө фатва бериңиз – дедим. Ал мага мындай жооп берди: «Ал жерге баргыла, ичинде намаз окугула!.. ..» (Абу Давуд, Салаат, 14/457). Алланын Элчиси мындай дейт: «Ким Алланын ыраазылыгы үчүн бир мечит салса, Алла Таала ал адамга бейиштен бир кан сарай даярдайт» (Муслим, Масажид, 24).
Амр бин Абасанын (Алла ага ыраазы болсун) айтуусу боюнча, Алланын Элчиси: «Ким Алла(нын аты) зикир болуп турушун көздөп бир мечит салса, Алла Таала ага бейишке бир үй куруп коет» (Насаи, Масажид, 1).
Азирети Анастын (Алла ага ыраазы болсун) айтуусу боюнча, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам): «Үммөтүмдүн сыйлыгы мага көрсөтүлдү. Алтургай мечиттен чыккан бир таштандынын сообун дагы көрдүм. Үммөтүмдүн күнөөсү да көрсөтүлдү. Курандан сүрөө же аят жаттап, аны унуткан адамдын күнөөсүнөн чоң күнөө көргөнүм жок» (Абу Давуд, Салаат, 16/461; Тирмизи, Фазаилул-Куран, 19, (2917)
Умар бин ал-Хаттаб (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт: Алланын Элчиси минтип айтты: «Амалы бузулган коом мечиттерин кооздоого киришет!» (Ибни Маажа, Масажид, 2). Бул хадис мечиттердин жөнөкөй салынышы керектигине ишарат жасайт. Анткени мечиттерде ибадат кылынат. Ал эми андагы кооздук ибадаттагы «хушуу» (Жаратканга жандил менен ибадат кылуу) сезимин бузат, адамдын ойун бөлөт. Ошондуктан мечиттерди ашкере кооздоого аракет кылбоо дурус. Анын ибадаткана болгондугун унутпоо абзел

#199 27 January 2017 - 23:31
XX. КЕЧИРИМДҮҮ БОЛУУ
Кечиримдүү болуу Куранда эң жогорку сапаттардын катарынан орун алат. Аяттарда:
«Ким сабыр кылса жана кечирсе, чынында бул өтө чоң иш» (Шууро сүрөсү, 43) «Эгер силер жакшылыкты ачык, же жашыруун кылсаңар, же жамандыкты кечирсеңер, акыйкатта Алла –Кечирүүчү, Кудуреттүү! » (Ниса сүрөсү, 149).
«О, момундар! Силердин аялдарыңар менен балдарыңардын арасынан өзүңөргө душман катары мамиле жасагандар чыгышы мүмкүн. Алардан этият болгула! Бирок, жумшактык кылып, байкамаксан болуп, аларды кечирсеңер, акыйкатта, Алла – Кечиримдүү, Боорукер! » (Тагаабун сүрөсү, 14)
«Мээримдүү Жараткандын кулдары жер бетинде сыпаа гана жүрүшөт. Наадандар аларга асылып ар түрдүү сөз айтса, «салам-тынчтык» деп (жылуу-жумшак) гана жооп беришет» (Фуркан сүрөсү, 63).
«Токчулукта да, жокчулукта да Алла жолунда сарптагандар, ачуусун сабыр менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгон адамдар – чыныгы (такыбаалар)! Алла жакшылык кылуучуларды сүйөт» (Аали Имран сүрөсү, 134)
Бирөөнүн айыбын жабуу багытында Азирети Пайгамбарыбыз: «Ким бул дүйнөдө мусулман боордошунун айыбын жапса, Алла Таала да анын айыбын акыретте жаап жашырат» (Муслим, Бирр, 58, 72) деген.
Ардактуу Пайгамбарыбыз дагы бир хадисинде: «Дин боордошун кайсыдыр бир катачылыгынан улам айыптаган адам ошол катачылыкка өзү тушукпастан көз жумбайт» (Тирмизи, Кыямат, 53) деп айтуу менен мусулмандардын кандайдыр бир кемчилигинен улам бири-биринин айыбын ачууларын, бири-бирин элдин алдында шылдыңга алууларын өтө жат иш катары кабылдайт.

#200 27 January 2017 - 23:42
XXI. НАПСИНИ ТЕСКЕ САЛУУ
Изги адеп-ахлактын өркүндөшүндө өзгөчө кадамдардын бири – бул терс сапаттарды теске салуу, өзүн-өзү тарбиялоо. Напси араанын бууп теске салбаган адам жакшылыкка салыштырмалуу жамандыкка алдаканча ийкемдүү келет. Ар бир мусулман адам өзүнүн катачылыктарын, кемчиликтерин, терс сапаттарын билип, аларды теске салышы кажет Мусулман адамдын адамдык касиетинде өтө зор мааниге ээ болгон напси тарбиясы эң ириде наадандыктан, караңгылыктан, туура эмес ишенимдерден жана терс сапаттардан арылуу менен башталат. Жүрөктү ар түрдүү ыпластыктардан тазалаган соң, ыйман, ыклас, илим, ирфан, даанышмандык, изги сезим туюм, адамдык бийик сапаттар менен көрктөп, баралына жеткирүү керек.
Ардактуу Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз бул багытта көп хадис сөздөрүн айткан. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:
«Чыныгы мужахид (жихадка чыккан баатыр) – бул напсине каршы күрөшкөн адам!» (Тирмизи, Фадаилул-Жихад, 2/1621)
«Акылдуу адам – бул напсисин тизгиндеп, өлүм өтөсүнө даярдык көргөн адам. Ал эми наадан – напсисин бош койо берип Алладан (жакшылык) күткөн адам» (Тирмизи, Кыямат, 25/2459; Ибни Маажа, Зухд, 31)
Адам баласы бул дүйнөгө кулчулук сыноосу үчүн келгендиктен көз жумганга чейин азгырык арзуулар жылоолойт.
Алланын ак жолун жайууда ардактуу Пайгамбарыбыздын бир ыкмасы – бул дил маек эле. Ырас, Жараткан Алла Азирети Пайгамбарыбызга:
«Сен (аларга) насаат айтып эскертип тургун. Анткени эскертүү момун-мусулмандарга пайдалуу» (Зарият сүрөсү, 55)
«...Ансыз да, сен тек эскертүүчүсүң» (Гаашииа сүрөсү, 21) деп буюрган.
Жүрөк аруулугунун маанилүүлүгүн түшүнүү үчүн Пайгамбарыбыздын төмөнкү хадисине назар салсак болот:
«Адамдын денесинде бир эт бар. Эгер ал жакшы болсо, дене да жакшы болот. Эгер жаман болсо, дене да жаман болот. Ал эт – жүрөк!» (Бухари, Иман, 39).
Адам табиятындагы жамандыкка ыктаган ийкемдүүлүктөрдү ооздуктоо үчүн напсини теске салып, жүрөктү аруулоо кажет. Анүчүн ар бир адам өз шык күчүнө жараша Жараткан Алланы таанып билүүгө, адал-арамды ылгап Анын ак жолунан жүрүп, Ага жалынып жалбарып кечирим тилеп, аны аруулоого, даңазалоого аракет кылышы керек. Чыныгы кулчулук деген ушул.
Алла Таала Шамс сүрөсүндө мындай буюрат:
«Напсини ыпластыктардан аруулаган адам сөзсүз түрдө иигиликке жетет. Ал эми аны ыпластыктар менен «шөкөттөгөн» адам зыян тартат» (Шамс сүрөсү, 9-10).
Напсинин арзууларын азайтып, аны ар түрдүү рухий ыпластыктардан, терс сапаттардан оолак кармоо менен руханий өркүндөөгө, рух дүйнөнүн көрктөнүшүнө, адамдык сапаттын бийиктешине аракет кылган болобуз. Аалымдар напсини тарбиялоонун алгачкы жолдору катары төмөнкү жагдайларды тизмелейт: аз тамактануу, аз уктоо, аз сүйлөө. Асыресе, булар Азирети Пайгамбарыбыздын сүннөтүнөн алынган.
Напсини тарбиялоо менен жүрөктү напсилик арзуулардан, терс ийкемдүүлүктөрдөн тазалоо керек. Болбосо, жүрөк руханий өркүндөөгө багыт алалбайт.
Алла Тааланын алдына тек бейпил жүрөк менен, б.а. сан түркүн рухий ыпластыктардан арылып, аруу жандүйнө менен баргандар гана Алланын мухит сымал учу- кыйырсыз ыраакым-мээримине бөлөнөөрү бышык. Бул багытта Алла Таала: «Ал күнү мал- мүлк да, бала-бакыра да пайда бере албайт. Тек Жараткан Аллага аруу жүрөк (калб-и салим) менен келгендер гана (тозок отунан кутулат)» (Шуара сүрөсү, 88-89) деп буюрат.

Супер-Инфо
super.kg
видео