Марип,Шарип деген аттар нени тушундурот?
Уул-кызга энчилеп маанисиз ат коюу... Кыз-балага энчилеп маанисиз ат коюу...
#142 24 January 2017 - 05:22
#143 24 January 2017 - 05:26
Биз жакда Эрмек деген кишинин.
Кылыч,Канжар, Кумуш,Байсал, Жалын деген балдары бар.

#144 24 January 2017 - 11:41
Биздин айылда дагы Кучуктай,
Кучукбай,Алтымыш, Жетимиш ,Токсонбай
деген адамдардын аттары бар.
Ортодон жогорку жаштагы адамдардан.
Кучукбай,Алтымыш, Жетимиш ,Токсонбай
деген адамдардын аттары бар.
Ортодон жогорку жаштагы адамдардан.
#146 24 January 2017 - 23:12
#148 25 January 2017 - 00:10
#149 27 January 2017 - 15:59
Менин таятамдын иниси балалуу боло албай копко журот экен.Балдары туулуп эле чарчап калат экен.Ошондо уул торосо токтоп калат,уч кун ат койбой ырым кылып,таштандыда эле журуп,аман болсун деп Таштанды койгон экен.Озу бой келбети келишкен акылдуу,сулуу жигит болуп эр жетти.Аман журуп 4 уулду болду...Чон энемдин аты Болду эле.Чон таятабыз уул куто берип бешинчиси кыз торолгондо.
ЭЭ Болду ия,кызы да уулу да керек эмес деп капа болуп,тескери бастырып кеткен дешет...
Таятам каза болгон туну агасынын келини тороп,Толонду акебиз кайра торолду деп Толосун койушкан.Илгери кыргыздар ошол учурда эмне себепчи болсо ошону койушкан Сапарда журсо Сапарбек.Тан агарып келе атканда торолсо Чолпонбек.Бала кутуп зарыгып калышса Зарылбек.,Зарылкан. Балдары токтобой калса Токтосун,Токтобай, Олмас,Токтокан дешкен экен.Илгери биздин айылда Дурболон деген киши болор эле.Корсо ай кунуно жетип калган келин жолдо келе атса алдынан трактор чыга калса,коркуп кеткен келин качып бара атып тороп койгон экен.Биринчи трактор келе атышы экен эле...Биздин айылда Бечел деген киши болор эле.Бир куну раис тушку тамака кирип калат экен,ашпозчу жок болуп кутуп тордо отурса бешиктеги бала."ААсеке быйыл эгин мол болчудайбы, мага окшогон жетимдин курсагы тойчудабы" -десе раис уйдон чочуп чыга качыптыр.Ак боз бээ сойгузуп туло откоруп аксакалдарга айтса.Э ал ашпозчунун бешикте жаткан 7 жашар баласы,тили буудай кууруйт дешет.Ачуусу келген раис барып бешикти ачса бешикте озун озу терметип чон эле бала жатат дейт,Бойу кодо,тили заар ,тизеден ылдыйын бешиктин ич жагына киргизип ,озун озу тербетчуу экен.Атына оноруп барып тоонун чокусуна отургузуп,бир уйур жылкыны айдатыптыр. Эзели баспаган бала кутуроп жылкы келе атса Асеке олдум деген бойунча чуркап кетиптир.Атын Бечел койуп,элден бата алып берген дешет.Биз да коруп калдык шум суйлогон,созго чечен киши эле...
Мен тааныган кыздар бар.Кыз тороло бергенде Бурул анан жанылсын деп Жаныл,уул берсин деп Улбу акыры таарынышып Таарын анан Мейли ошонтип тогуз кыз торолгон.
Азыркы заманда жаштар каалаган атын койот.Илгери чон ата,чон эне же коншулары эле койуп койгон.Менин чон баламды колдон торолду деп чон атасы Колбай койушкан.Азыр биз деле Чон ата экообуз Жоомарт,Чынгыз, Нуркыз,Акбермет, Акмаржан,Али нур деп кыпкыргызча аттарды койуп койдук.

Супер-Инфо
super.kg
видео