Салам форумчулар!
Сиздерден кенеш сурайын дедим эле, бала чакта апамдардын тогуз токоч жасап жаткандарын коп коруп калчы элем. Бирок анча деле маани берип сурап койбоптурмун.
Тогуз токочту жакшылыкка ырымдап жасайт,
алты токочту арбактарга арнап жасайт деген чынбы? А жети токочту да жасап жаткандарын коруп калам. Билгендеринер болсо жазып койгулачы, сураныч. Урматым менен Альбина.
Тогуз токоч ырым жырымга байланыштуу
#2 25 July 2009 - 10:46
Албина эже мен да жакшы билбейт экенмин.Бирок билем бизде жети токочту ар бейшемби кундору коз жумган инсандарга арбап жасашат.Тогуз токоч,жети токоч,булардын баарыны жакшылыкка деп койот.
#3 27 July 2010 - 22:17
Бизде кобунчо "жети токоч" деп,жакшылыкка да жамандыкта деле жыт чыгарып куран окутуп озубуз жейбиз жана бироолорго беребиз(кошуналарга,
жаш балдарга ж.б.у.с.).
Жасалышы.Камырды орточо жасайбыз,катуу эмес,ото жумшак эмес.Камырдын курамы;
1.Ун
2.жумуртка
3.сут.
4.дрожж
5.туз. ж.б.
Тындырылган камырды,жумуртканын коломундой болуп алып жайып,кызытылган майга бышырылат.Токочтун саны мааниге ээ эмес,маанилуусу жыт чыгарып,кураан окуу,арбактарга ж.б.жакшылык, жамандык иштерге.
P.S.Биз жакта ушундайча,балким башка жакта сан чон мааниге ээдир..

Элимде тынчтык болсун!
#4 28 July 2010 - 01:39
Салам форумчулар!
Сиздерден кенеш сурайын дедим эле, бала чакта апамдардын тогуз токоч жасап жаткандарын коп коруп калчы элем. Бирок анча деле маани берип сурап койбоптурмун.
Тогуз токочту жакшылыкка ырымдап жасайт,
алты токочту арбактарга арнап жасайт деген чынбы? А жети токочту да жасап жаткандарын коруп калам. Билгендеринер болсо жазып койгулачы, сураныч. Урматым менен Альбина.
Тогуз токочту жакшылыкка ырымдап жасайт,
алты токочту арбактарга арнап жасайт деген чынбы? А жети токочту да жасап жаткандарын коруп калам. Билгендеринер болсо жазып койгулачы, сураныч. Урматым менен Альбина.
Тогуз, алты, үч, жети ... дагы канча?
Арбактарга? ?? Алар нан жейби? Беш нан берсе жебей коёбу?
Кызык ушу... кыргыздар..
О, кокуй, мен деле кыргызмын да. Анда мен да кызыкмын го ээ.. А мен кызык болгум келбейт. Мен адам болгондуктан ар бир сөзгө, ар бир кыймылга, амалга негиз таап ошонун негизинде жашоо кечиргенди жогору коём. Адам - Аллахтын улук жараткан заты. Аны Ал Өзүнөн кийинки эле орунга койгон. Бардык заттар андан кийин турат, анын Жаратканынан башка. Бирок ошол зат ар кандай нерселерди ойлоп таап (албетте, анын оюна шайтан, каргыш тийгир салат да), ага "салт", "үрп адат" деген статус ыйгарып, "муну ата-бабабыз жасап келген", аны "туура эмес" дегендерге: "Сен эмне ата-бабабызды көкмээ деген турасыңбы?! " - деп жемелеп, аны эл катарынан, журт санынан чыгарып, аны менен керек болсо сүйлөшпөй дагы коёт.
Ты, за свои слова отвечаешь? - деп калабыз.. Кызык, ошондо өзүбүз жөнүндө ойлондук болдук бекен? А бизчи? Биз өзүбүздүн сөзүбүзгө, ишибизге жооп бере алабызбы? Бардык кылып жаткан иштерибизге себеп таба алабызбы?
.. туңгуюк. А жооп таап берген адам - "ак карга"...
Эч нерсе жазасыз калбайт!
#5 28 July 2010 - 02:06
Жыт чыгаруу, куран окутуу боюнча боюнча
Жыт чыгаруу дегенди сөзмө-сөз түшүнүү жарабайт. Ошого жараша түшүнүп, "жыты арбактарга барат экен, алар мүрзөдө ачка жатышат, ушул даамдын жытын искеп тоюп алышсын", - деп ниет кылып жыт чыгаруу (жандык союп, боорсок бышырып...) туура эмес иштерден болуп калат. Мейли ошентсин, бирок именно даамдын жыты менен алар тоюнуп турат деген түшүнүктү жакындатпасын. Анткени, андай түшүнүк исламда жок жана болгон эмес. Кийин кийин исламга философия, мистика аралашып кетип сиңип кеткен түшүнүктөрдөн. Туурасы, ошол союлган малдын этин, бышырылган боорсокту, дегеле жасалган тамакты муктаждар жеп, өлгөн адамга (маркумга) дуа окуп коюусу исламда негизи бар иштерден. Бирок, "тамагы жок болсо дуа кылганга болбойт, сөзсүз түрдө тамак жасаш керек жана сөзсүз түрдө жума же бейшемби күндөрү" дегендер кимдир бирөө исламды ичтен бузайын деп атайы ойлоп тапкан жаңылык иштерден болуп саналат.
Дуа.
Кандай дуа айтылышы керек?
Куранда мындай аят келет:
"... Алардан кийин келгендер айтышат:" Аллах, бизди жана бизден мурунку келген биздин бир туугандарыбызды кечир..".." [59-сүрө, 10-аят]
Аллах Таала бири-бири үчүн кечирим сураган пенделерин жакшы көрөт. Демек, өтуп кеткен ыймандуулар өздөрүнөн кийин келгендердин дуаларынан пайда алышат.
Ауф ибн Малик деген сахаба мындай дейт: "Аллахтын элчиси (ага Аллахтын саламы болсун) бир өлгөн кишиге жаназа окуп жатканда мындай деп дуа кылды:

О, Аллах, бул өтүп кеткендин күнөөлөрүн кечир, ага мээримиң төк. Аны азаптан арылт, бейиштеги жерин кооз кыл. Анын көрүстөнүн кең кыл. Анын каталарын ак кийим кирден тазалангандай суу менен, кар менен, мөңгү менен тазала. Ага дүнөдөгү нерселеринен жакшы нерселерди буюр. Аны бейишиңе киргиз. Мүрзөдө жана тозоктун сыноолорунан сакта!"
Эч нерсе жазасыз калбайт!
#6 28 July 2010 - 02:10
Бул дуа чын дилден айтылганда өлгөн адам, албетте, сообун алат.
Усман ибн Аффан айтат: "Биздин сүйүктүү пайгамбар (ага Аллахтын саламы болсун) көмүп болгондон кийин мүрзөнүн четинде туруп мындай деди:
Бул жерде бир тууган десе, бир туугандарга эле суроо дегенди түшүндүрбөйт. Куранда "..алар - силердин диндеги бир туугандарыңар. ." деп жазылган. [9-сүрө, 11-аят].. Ошондуктан, смело эле таяке-жээн, куда-кудагый, кошуна-колоң, келин-кесек, тууган-урук, кыргыз-казак, айтор мусулмандардын баарына эле дуа кыла берүү керек.

Бир тууганыңар үчүн дуа кылгыла. Ал азыр суралат. Ал суракта бекем болуусу үчүн дуа кылгыла!
Бул жерде бир тууган десе, бир туугандарга эле суроо дегенди түшүндүрбөйт. Куранда "..алар - силердин диндеги бир туугандарыңар. ." деп жазылган. [9-сүрө, 11-аят].. Ошондуктан, смело эле таяке-жээн, куда-кудагый, кошуна-колоң, келин-кесек, тууган-урук, кыргыз-казак, айтор мусулмандардын баарына эле дуа кыла берүү керек.
Эч нерсе жазасыз калбайт!
#8 28 July 2010 - 02:37
Эч нерсе жазасыз калбайт!
#9 04 October 2012 - 17:09
Жакшылыкка ,жаман туш корсо ,же болбосо бейшемби кундору 7 токоч жасалат!Биз да жыт чыгарып Куран окуйбуз 7 токоч кылганда.Жолго аттанарда да энем балдарына 7 токоч кылып ,жыт чыгарып жонотот!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#10 25 January 2017 - 18:03
Ошол жети токочту жебей туруп куран окулабы? Же кадимкидей жеп бутуп окуш керекпи?
#11 25 January 2017 - 18:13

Супер-Инфо
super.kg
видео