Суперстан: Кулагыңа күмүш сырга - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кулагыңа күмүш сырга Адептүүлүк ыймандан

#141 Пользователь офлайн   Oylonkyrgyzym   30 Декабрь 2016 - 17:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 793
  • Катталган: 08 Январь 16
  • Соңку аракети: 15 Май 2018 15:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтуу Ала-Тоо...

Аялдын тилин тартышы нары жагынан болот.Тилин тартпаган аял ал өмүр бою өзүн да жолдошун да кыйнайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   -NURIK-   30 Декабрь 2016 - 21:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 802
  • Катталган: 26 Июнь 16
  • Соңку аракети: 01 Авг 2020 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Германия. Мюнхен шаары.

Бул жакта сонун нерселер бар турбайбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   Salixa.   30 Декабрь 2016 - 23:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

1: Кураани Карим канча жылда толук түшкөн?
Кураани Карим 22 жыл, 2 aй, 22 күндө түшкөн. (23)
2: Аллах Таала Жабрейил (АС) аркылуу жиберген аяндарды эмне дейбиз?
Вахий.
3: Курандагы 114 бөлүмдү эмне дейбиз?
Сүрө дейбиз.
4: Куранда эң көп кайсы коом жөнүндө айтылат?
Исраил коому жөнүндө.
5: Курандын алгачкы сүрөсү?
Фатиха.
6: Курандын акыркы сүрөсү?
Наас.
7: Курандын жүрөгү деп аталган сүрө?
Йа сиин.
8: Курандын эң узун сүрөсү?
Бакара.
9: Курандын эң кыска сүрөсү?
Каусар.
10: Куранда канча жолу «Бисмиллахир рахмаанир рахиим» деп айтылат?
114 жолу.
11: Куранда канча пара (бөлүк) бар?
30.
12: Куран кайсы халифанын заманында көбөйтүлүп таркатылды?
Аз. Усман (РА).
13: Имсак деген эмне?
Саарлыктын бүтүшү, орозонун башталыш убактысы.
14: Хижрий жылнаама деген эмне жана аны ким түзгөн?
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) Меккеден Мединага көчкөн күнүнөн башталып, айдын жаңырышына карап эсептелген жыл санак. Аз. Умар (разиялооху анху) түзгөн.
15: Үмүтсүз ыйман деген эмне?
Фираун сыяктуу өлүп баратып ыйман келтирүү.
16: Пайгамбарыбыздын аялдары?
1) Хадича 2) Савда 3) Айша 4) Хафса 5) Зейнеб бинти Хузайма 6) Умму Салама 7) Зейнеб бинти Жахш 8) Жувайрия 9) Умму Хабиба 10) Сафиййа 11) Маймуна 12) Мария (РА)
17: Эң чоң күнөө?
Ширк.
18: Кабырда кимдерден сурак суралбайт?
Пайгамбарлардан, жаш балдардан жана акыл-эси кем адамдардан.
19: Орозодо эмне ичсе орозосу бузулбайт? Aнт ичсе.
20: Дааратсыз эмнелерди кылууга болбойт?
Намаз окууга, Куранды кармоого, таваф кылууга.
21: Meккеде Куранды ачык жарыя кылып окуган сахаба?
Абдуллах ибн Масуд.
22: Куранда аты аталган аял?
Аз. Мариям.
23: Куранда «Бисмиллах» менен башталбаган сүрө?
Тообо.
24: Куранда аты аталган сахаба?
Аз. Зейид бин Харисе. (Ахзаб сүрөсү 37-аят)
25: Эң биринчи кайсы сүрө түшкөн?
Алак сүрөсүнүн алгачкы 5-аяты
26: Кыямат башталаарда сурнай тарта турган периште?
Аз. Исрафил
27: Казасы окулбай турган фарз намаз?
Жума намаз.
28: Беш убак намаз кайсы түндө парз болгон?
Мираж түнү.
29: Иса пайгамбардын сахабалары эмне деп аталат?
Хаварийлер.
30: Мусулмандардын ыйык күнү?
Жума күнү
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   Salixa.   30 Декабрь 2016 - 23:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

31: Мусулмандардын алгачкы кыбыласы? Кудустагы Акса мечити.
32: Муса пайгамбарга кайсы китеп түшүрүлгөн?
Тоорат.
33: Шариятта эркектерге кандай кедемеден тигилген кийим арам кылынган?
Жибек.
34: Бешиктеги кезинде сүйлөгөн пайгамбар?
Аз. Иса алейхисалам.
35: Балык жутуп алган пайгамбар?
Аз. Жунус алейхиссалам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   Meruet84   31 Декабрь 2016 - 12:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

АЙЫМДАРДЫН 99 ПАЙЫЗЫ КЕТИРГЕН КАТАЛАР!

Үйдүн куту болуп, үй-бүлөнүн очогун бекем кармап, кичинекей мамлекетти сактап турууда аялдын ролу чоң. Бирок көпчүлүк аялдар билинбегени менен ар кандай каталарды кетирип, үйдөгү уруштун отун тутантып жиберишет. Алар кандай каталар экенин окуп экинчи жолу кетирбегенге аракет жасаңыз.

1-КАТА: Эгерде үй-бүлөдө аял лидердин же «апанын» ролунда болуп эркекке баласындай мамиле жасаса, анда эркектин ага болгон сексуалдуулугу жоголот. Анткени эркектин оюнда “апа” жана секс эки башка нерсе. “Апа” бул сүйүү үчүн, ал эми секс үчүн башка аял издешет. Аял – кыз жана апанын айкалышуусу, андыктан аялзаты дайыма назик, алсыз болуп туруусу шарт. Эркектер жанындагы аялынын алсыз болушун каалашат. Ал эми өзүн лидер же «апа» катары көрсөткөн аялдардын арты ажырашууга алып келет.
2-КАТА: Аялдар эркектин анын оюндагыдай болбой жатканын көп билдиришет. Алардан жоопкерчиликти күтүшөт. Ар дайым «сен жалкоосуң», «сен акча таппайсың же чечкинсизсиң» деп айта беришет. Ушундай позицияда айтылган сөздөр эркектин көңүлүнүн калышына алып келет. Негизи эркектер - жоопкерчиликти сүйбөгөн жандар, аларга «мен сага капа болдум» же «мен сага ишенем» деген жакшы сөздөрдү айтуу менен жоопкерчиликти өзүнө алдырса болот. Эркектер аялынан мактоо сөз укканды жактырышат.
3-КАТА: Эркекке өзүн керектүү адам катары көрсөтүү үчүн аялдар өз кызыкчылыгын курмандыкка чалышат. Мисалы, күйөөсүнүн көңүлүнө карап ал таттуусун жесин, ал жакшысын кийсин деп жүрүп өзүн унутуп коюшат. Бул нерсе башкалардын алдында жакшы көрүнгөнү менен аялдын баркы жок болуп калат. Ал үйдө чоңойгон кызда дагы “аялзаты үй-бүлөдө экинчи орунда турат” деген түшүнүк калыптанып калат.
4-КАТА: Табиятынан эркектер сулуу аялга сөзсүз түрдө көз кырын салышат. Эгерде аял аны кызганып урушчу болсо, өзүнө-өзү ишенбестигин гана көргөзгөн болот. Эркек өзүнө-өзү ишенген аялды атайын кызгандырыш үчүн ар нерсе кылышы ыктымал, бирок эч качан эч кимге алмаштырбайт. Эгерде эркек чындап тескери жолго баскысы келсе, аялга көрсөтпөйт, кызганганына карабай басып кетет. Ошондуктан аял эркектин башка аял менен маектешип жатканын көрсө шек санай бербеши керек. Ал эркектин кыжырын гана келтирет.
5-КАТА: Аял түгөйүнүн маанайы чөгүп турганын же аны менен сүйлөшкүсү келбей турганын байкаса, аны жайына коюшу керек. Эркектер аялдар сыяктуу ичиндеги көйгөйүн бирөө менен бөлүшө бергенди каалашпайт. Көп нерсени ичине катышат. Андыктан эркекке ар кандай суроолорду бере бербөө керек. Болбосо ортодо уруштун чыгуусуна алып келет.
6-КАТА: Көпчүлүк аялдар бакыт эмне экенин баамдашпайт. Сүйгөн адамына турмушка чыгууну канчалык кыялданып жүрүп жетишсе дагы турмуш кургандан кийин болбогон турмуштук маселелерден улам жашоосуна нааразы боло беришет. Ата-эненин эң негизги милдети - балдарына бакыт эмне экенин сездирүү. Эгерде өзүндөгү бактылуу сезимин сезип жана балдарына да көрсөтө алса, анда ал өзүн да, балдарын да бактылуу кылган болот.
7-КАТА: Баланы эркелетип тарбиялаганды билишпейт. Эгерде баланы эркелетип ага жакшы сөз айтып койсо, анын жаман болууга жолу жок. Ошондой эле балдар чоңойгондо сырын айтпайт деп капа болбой, баланын сезимин жашынан эске алуу керек. Эгерде кызыңыз ыйлап жатса, эч качан анын жөн эле ыйлап жаткандыгын айтпаңыз. Анын ордунда болсоңуз сиз да ыйларыңызды айтып, анын сырын тең бөлүшкөнгө үйрөтүңүз.
8-КАТА: Эркек кишилер аялга жакшы сөз сүйлөгөндү көп эле биле беришпейт, а жакшы сөз укпаган аял болсо өзүн керексиз сезет. Аял жакшы сөз күтүп капа болуп олтура бергенден көрө өзү үйрөтүшү керек. Мисалы, күйөөсү көйнөгү кайда экенин сураса «мага тиешелүү жакшы үч сөз айтсаң, көйнөгүң кайда экенин айтам» же «дүйнөдөгү эң даамдуу тамак жасап берем» деп айтсын. Ушундай жакшы сөздөрдү айттырганга эркекти башынан үйрөтүү керек. Кийин ал өз алдынча бул сөздөрдү колдонуп калат.
9-КАТА: Эмне үчүн аялдар көчөгө чыгардын алдында сааттап күзгүнүн алдында олтуруп тааныбаган элге сулуу көрүнүүнүн аракетин кылышат. Ал эми үйдө күйөөсү үчүн жасанууга убакыт табышпайт. Мунун баары аялды элдин ою кызыктырганында. Аялдарга күйөөсүнөн жакшы сөз укканча башка бирөө анын кандай сулуу экенин айткандыгы алда канча маанилүү. Бул жакшы көрүнүш эмес, муну жок кылуу керек. Аял өзүн таштабай, биринчи кезекте күйөөсүнүн алдында сулуу болушу керек. Ошондо күйөөсү башка менен алмаштырбайт.
Бактылуу болуштун эң оңой жолдору:

«Бүгүн өзүмө кандай ырахат тартууласам? » деп ойлонуңуз.
Күнүнө 4 км жөө басыңыз. Бул азыр 500 метр, анан 500 метр басам деген эмес, дароо 4 кмди басып өтүңүз.
Суу ичиңиз, организмди депрессиядан тазалаңыз.
Дайыма өзүңүздү жактырарыңызды айтып туруңуз.
Аз болсо да эрте менен өзүңүзгө жаккан иш кылыңыз. Күнүңүз жакшы болот.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   G.Bale   04 Январь 2017 - 12:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 500
  • Катталган: 12 Май 16
  • Соңку аракети: 17 Дек 2020 23:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Bernabeu

Мерует, Салиха, ото пайдалуу нерселерди жазып жатасыздар, бирок окууп келе жатып бутуп калганы жаман болдуда кайфти бузуп))). Улантсаныздар жакшы болмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   Salixa.   06 Январь 2017 - 01:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

~БАЛА ТӨРӨП,АНЫ БАГУУНУН СООПТОРУ~

Пайгамбарыбыз( саллаллаху алайхи васалам) айтты: 
"Аялдын боюнда болгон кезинде,ага кундузу менен орозо кармаган, туну бою тахажуд окуган,Аллах ка жалынып жалбарган жана Аллах жолуна чыгып эмгектенген адамдын сообуна барабар сооп берилет. Качан ал аял толгогондо баардык калайык ага канча сооп берилгенин билбейт. Бала торолгондон кийин ага сут эмизсе, анда суттун ар бир ууртамына бир жанды тирилткендин сообу берилет. Качан баланы суттон чыгарганда бир периште келип ал аялдын далысын таптап, мактап айтат:"Бул кыйынчылыктардын акысына сенин мурдакы баардык куноолорун кечирилди,эми жаныдан амалды башта". 
Убада ибн Соомиттен(разиаллаху анху) риваят:
"Пайгамбарыбыз(саллаллаху алайхи васалам) айтты:" Кайсыл кыз турмушка чыга электе эле кайтыш болуп кетсе же бир аял тороттон каза болсо же нифаста каза болсо, анда буларга ШЕЙИТТИН ДАРАЖАСЫ берилет".  
Пайгамбарыбыз(саллаллаху алайхи васалам) айтты:
"Оо, аялдар! Силердин бироонор бул нерседен ыраазы эмеспи:"Качан бир аял озунун куйоосунон боюнда болуп, куйоосу андан ыраазы болсо,анда ал аялга орозо кармап, туну бою ибадат кылган кишинин сообунчалык сооп берилет. Качан ал аял толгосо анда ага бериле турган белектерди асман жана жердеги эч бир макулук билбейт. Баланы торогондон кийин эмизген суттун ар бир ууртамына жана баланын ар бир соргонуна ал аял учун бир сооптон берилет. Эгер баланын себебинен туну ойгонсо,анда ага Аллах жолуна жетимиш ишке жараган кул азат кылгандын сообу берилет. Силер билесинерби булар кимдер? Жыргалчылыкта оскон, жакшы амалдарды кылган жана куйоолоруно моюн сунуп шугурсуздук кылбаган аялдар". 
"Бактылуу аял" китебинен.
ЖАЗГАН: Молдо Нурмухаммад
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   Meruet84   06 Январь 2017 - 20:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

(ТОЗОК ОТУНДА 14-ТҮРДӨГҮ АЗАП
ТАРАТКАНДАР)

1. Расул Алла жана айатты. Бир бөлөк элди
көрдүм, жылан-чаян мойнуна оролуп
азаптап турат. Мен я Малик, булар ким?- деп
сурадым. Малик: я Расул, булар малын зекет,
эгининен үшүр бербегендер деди.

2. Дагы бир коомду көрдүм, мойнуна оттон
боо салып колу-бутун от аркан менен
байлап азап берип жаткан. Андан кийин, я
Малик булар ким?- деп сурадым. Малик
булар суткорлор деп айтты.

3. Дагы бир жаматты көрдүм, өз этин өзү
жулуп жеп турган. Я Малик, булар ким?-деп
сурадым. Малик айтты, булар жалган
дүйнөдө ушак айтып, зыян кылып, тобосуз
дүйнөдөн кайткандар.

4. Дагы бир коом көрдүм, тозоктун ичинде
эки оттун ортосунда бутунда оттон кепич,
башында оттон тажы, үстүндө оттон кийим.
Я Малик, булар ким?-десем. Булар жалган
дуйнөдө эки аял алып, экөөбүнү тең
карабай, бирин артык, бирин кем көргөндөр.

5. Дагы бир жаматты тозокто от найза
менен уруп азаптап жаткан экен. Бул кандай
жамаат?-деп дагы сурадым. Ошондо Малик
айтты булар дуйнөдө күнөө ишти жасап, эл
ичинде жасабагандай болуп жүргон тобо
кылбай өлгөндөр. Эми биз аларга казык
кагып, азап берип жатабыз.

6. Дагы бир жамаат көрдүм, тили салактап
салбырап турат. Я Малик, булар ким?-деп
сурадым. Малик айтты, булар аялын,
балдарын себепсиз уруп, себепсиз
сөкөндөр.

7. Жана бир аялды көрдүм. Эмчегинен асып
коюптур. Мен бул ким?-деп сурадым. Бул
күйөөсүнөн уруксатсыз башка бирөөнүн
баласын эмизген аял эле деди.

8. Дагы бир аялды көрдүм, чачынан асып
коюптур. Мееси шарактап кайнап турду. Бул
ким деп сурадым. Бул күйөөсүнүн көңүлүн
оорутуп, беймаани сөз айткан аял эле.

9. Бир аялды көрдүм, өз этин өзү жулуп жеп
турат. Бул жалган дуйнөдө өзүн боёнуп,
менменсинип, асыл буюм тагынып, жат
адамдарга өзүн көрсөткөн аял деди Малик.

10. Жана бир жамаат аялдарды көрдүм. От
аркандар менен буту-колу байланган,
жылан-чаян соруп этин жеп, катуу азап
берип чыңыратып жатат. Бул эмне болгон
аялдар деп сурадым. Булар даартты туура
албагандар деди.

11. Дагы бир аялды кордүм, оттон жасалган
табытка салып коюптур. Бүт денеси күйүп
турат бул кандай аял деп сурадым. Бул аял
ойноштон бала тууп, ал баланын атасын
жашырып, бөлөк бирөөгө тилеген аял деди.

12. Бир аялды көрдүм, бутунан асып, башын
төмөн каратып от дандырга салып коюптур.
Малик айтты: Я Мухаммед бул аял күнөөлүү
адамдарга ээрчип бир айылдан экинчи
айылга барган аял деди.

13. Жана бир аялды көрдүм, ит сүрөтүнө
болур турду. Ал аялдын от ичинен өтүп
оозунан чыгып турат. Малик айтты: Бул
ойноштон бала боюнча бүтүп, аны түшүрүп
же тууп анан өлтүргөн аял деди.

14. Жана бир аялды көрдүм, тилин
аркасынан чыгарып койгон, от болуп жанып
туру. Малик айтты: Булар Дүйнөдө калп ант
ичкендер деди.

Муну угуп азирети Айша, Фатима ыйлашты: О
Расул, адамдар бул иштен кандайча
кутулат"- деп. Расул айтты, мен бул ишти
баян кылдым, сиздер өзүнүздөр шайтан
азгырып иштесеңиздер, тобо кылып, экинчи
иштебеңиздер. Өкүнүңүздөр, тобо
кылыңыздар. Алла-Таалага ушул иштерден
сактап, тобобузду кабыл кылып, өзү рахым
этсин.

Оомийн, я раббил аламиин.✔


:батан:
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   Salixa.   08 Январь 2017 - 18:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

Текиндики темирден...дебениз. .

⛔Ар бир жигит өзүнүн эже-карындашына башкалардын зыян жеткируусун каалабайт.
☝Бирок, ар бир кыз кимдиндир сага окшогондун карындашы. (Абайла)

⛔Ар бир жигит өзүнүн энесине башкалар урмат менен мамиле кылуусун каалайт.
☝Бирок, ар бир эне кимдиндир сага окшогондун энеси. (Урматта)

Чужое не жалко деп ар кимдин карындашын өзүң билгендей колдонбо. Сага ал салфетка эмес, ал деген сага окшогон бирөөнун карындашы.

Автобусда баратсан жашы улуу аядарга орун бер. Ал да бирөөнүн энеси. Балким сенин энен үчүн да башкалар орун берээр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   jobo   08 Январь 2017 - 18:44

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 01 Май 13
  • Соңку аракети: 19 Дек 2020 10:27
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Salixa. (08 Январь 2017 - 18:32) жазган:

Текиндики темирден...дебениз. .

⛔Ар бир жигит өзүнүн эже-карындашына башкалардын зыян жеткируусун каалабайт.
☝Бирок, ар бир кыз кимдиндир сага окшогондун карындашы. (Абайла)

⛔Ар бир жигит өзүнүн энесине башкалар урмат менен мамиле кылуусун каалайт.
☝Бирок, ар бир эне кимдиндир сага окшогондун энеси. (Урматта)

Чужое не жалко деп ар кимдин карындашын өзүң билгендей колдонбо. Сага ал салфетка эмес, ал деген сага окшогон бирөөнун карындашы.

Автобусда баратсан жашы улуу аядарга орун бер. Ал да бирөөнүн энеси. Балким сенин энен үчүн да башкалар орун берээр!

Туптурааа....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   Salixa.   11 Январь 2017 - 10:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

������Нандын күйүгү ...

Узун, машакатуу күндөрдүн соңунда, апам тамак даярдап, аны атама сунду. Анан тамак менен кошо күйүп калган нанды да берди. Бирок нандын куйүгү чон болчу.
Атам нандын күйгөнүно карабастан, алды да апама карап жылмайды. Андан соң атам менин окуум тууралуу сурады.
Мен атама эмне деп жооп бергенимди билбейм, а бирок атамдын күйгөн нанды майга, вареньеге малып, берилип жегенин билем…
Мен олтурган жерден алысыраак кеткен кезде, апамдын күйгөн нан үчүн атамдан кечирим сураганын уктум.
Бирок атамдын жообун эч качан унутпайм!
Суйуктуум … кам санаба, Мен кээде күйгөн нанды жегенди жактырам. Анча мынча күйүк болушу керек да … деди
Мен атамдын айткан сөздөрунө тушунбөй, жатаар астында эмнеге антип айтканын сурадым. Эгер чын эле кээде куйук нан жегенди жакшы көрсө, канчалык болушу мүмкүн?
Ал мага карады да, төмөнкү терен маанини камтыган сөздөрдү айтты: Оо балам! Бугун апанкең оор жумуш менен алектенип, чарчап-чаалыгып кыйналды. Ал эми, күйүп калган нандын анчалык деле зыяны жок, зыяны болгон учурда деле, олуттуу оорууга чалдыктырбайт балам.
Катасы жок киши жок. Ар бирибизде толгон токой кемчиликтербиз бар. Биз адамдардагы кээ бир кемчиликтерди туура тушунуу менен кабыл алууну уйронуубуз зарыл. Анткени бул адамдар менен мамиле курууга үйрөтөт.
Нандын кичинекей күйүгү, жумшак жүроктү таарынтпашы керек. Адамдар бири-бирин кечирүүнү, туура түшүнүүнү үйронүүсү зарыл.
Ар дайым сындай берүү жакшылыка алып барбайт!
Шамалга туруштук берем деп, башын бийик көтөргөн дарак, мөмөсүнөн жана жалбырагынан айрылып калышы мумкун. Адам деле ошондой…
Ар дайым бирөөгө сын айта берүү сөзсүз терс таасирин тийгизет…
Мумкун болушунча жакшы сыпаттарын айтып, кээ бир каталарга көз жумуп коюңүз. Анткени жылуу-жылуу сүйлөсөн, жылан ийнинен чыгат дейт эмеспи. Ал эми жакшы сөз да бул – ачкыч сымал. Аны менен ооздорду кулпулап, жүрөктөрдү ачуу мүмкүн.

Араб тилинен которгон О.Ташполотов

Билдирүүнү түзөткөн: Salixa.: 11 Январь 2017 - 10:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   Salixa.   11 Январь 2017 - 21:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

Адал жана арам.

Бир жаш жигит Каабанын жанында: "Эй, туура жүргөндөрдүн жардамчысы болгон Аллахым! Эй, харамдардан сактангандардын жардамчысы болгон Аллахым! Сага шүгүр кылам!” - деп кайталай берет. Бирөө келип: "Эмне үчүн кайра-кайра бир дубаны эле кайталай бересиң, андан башка эч бир дуба билбейсиңби? ” - деп сурайт. Ага мындай деп түшүндүрөт:
"Мындан 7-8 жыл мурда Каабада жүргөндө ичинде миң алтыны бар кесе таап алдым. Ичинен бир үн: "Бул алтындар менен мобул-мобул нерселерди кыласың”, - деп азгырып жаткан эле. Өзүмө-өзүм: "Жок, бул меники эмес, бирөөнүн буюмун колдонуу арам болот”, - дедим. Ушул кезде бирөө: "Баланча кесе таап алган адам барбы?” - деп кыйкырып жүргөн болот. Аны чакырдым. Кесенин кандай экендигин сүрөттөдү да, ичинде 1000 алтын бар болгондугун айтты. Алтын салынган кесени ага бердим. Ал болсо кеседен отуз алтын чыгарып менин колума карматты.
Базарга бардым. Таза, келбеттүү бир жаш туткун баланы мактап, сатып жатышкан экен. Ал жаш баланын тазалыгы менин назарыма түштү. "Бул туткун үчүн канча сурайсың?” - дедим. "Отуз алтын”, - деп жооп берди. Алтындарды берип, ал жаш баланы сатып алдым. Арадан бир-эки жыл өттү. Жаш бала өтө эмгекчил жана адептүү эле.
Бир күнү аны менен кетип бара жатканда алдыбыздан үч киши келе жатканын көрдүк. Жаш жигит мага: "Мырзам, мен Фарс өкүмдарынын баласымын, мына бул келе жаткандар атамдын кишилери, мени издеп жүргөндөр. Сенден мени сатууңду сурашат. Сен жакшы адамсың, отуз миң алтындан төмөн сатпа!” - деди. Үч киши жаныбызга келип: "Бул туткунду бизге сатасыңбы?” - дешти. "Сатамын, бирок, отуз миң алтындан төмөн болбойт”, - дедим. Бираз соодалашып, болбогондон кийин айласы жок макул болушту. Алтындарды берип, жаш жигитти алып кетишти. Мен бул алтындар менен жумуш орундарын ачып, соода-сатык менен алектенип, андан да байып кеттим. Бир күнү туугандарым: "Өтө бай үй-бүлөнүн жакшы бир кызы бар, атасы жакында кайтыш болду. Аны менен сени үйлөнтөлү”, - деди. Мен макул болдум.
Нике кыйылды. Төөгө артылып, кыздын себин алып келишти. Себинин арасынан бир кесе менин назарыма түштү. Жубайыман: "Бул эмне?” - деп сурадым. "Ичинде 970 алтын бар. Атам бир убакта Каабада жоготкон экен. Тапкан адамга отуз алтынын бериптир. Калганын мага белек кылды. Себиңе кошоорсуң деп айткан”, - деп жооп берди.
Демек, бул алтындар менин ырыскым экен. Кайтарып бербегенимде арам жолдон келмек эле. Азыр болсо адал жолдон кайра өзүмө келди. Мага көмөктөшүп, арамдардан коргогон, көптөгөн ниматтарды берген Раббиме шүгүр кыламын... Ачуу болсо да чындыкты айткыла... Баары бир тагдырга жазганын көрөсүң... Насибиңден артыгын көрбөйсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   unhappy   22 Январь 2017 - 15:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 11 Январь 17
  • Соңку аракети: 03 Фев 2018 05:06

"НУ КАК ВАМ??" "МЕН КАНДАЙ ЭКЕМ??" "ЖАМБАШЫМ КАНДАЙ ЭКЕН" "ФИГУРАМ КАНДАЙ ЭКЕН?" " БУЛ ЖАГЫМ МЫНДАЙ БЕКЕН??" деп. Сулуулугун реклама кылган, ошол менен сулуулугун да ыйманын да комплемент класска саткан, анан да уялбай мен "мусулманкамын" деген НАМЫССЫЗ кыздар учун.

ЭСКЕРТYY
Эгер мусулман кызымын десениздер Аллахтан коркунуздар!

Жоолук жана узун көйнөк (жилбаб) чындап эле Исламдан эмеспи? Муну кийүүгө кимди ким буюрду??
Мындай кийинүү Аллах Тааланын буйругу:

بسم الله الرحمن الرحيم
„О.э. көрүнүп тургандан башка кооздук-жасалгаларын көрсөтүшпөсүн жана көкүрөктөрүн жоолуктары менен тосушсун! “ [24:31]
„Эй Пайгамбар, жубайларыӊа, кыздарыӊа жана момундардын аялдарына айткын, үстүлөрүнө жамынчыларын жамынышсын! “ [33:59]

Куранга толук ишенип амал кылыныздар.

Аллах Таала айтат:
أَفَتُؤْمِنُونَ بِبَعْضِ الْكِتَابِ وَتَكْفُرُونَ بِبَعْضٍ فَمَا جَزَاءُ مَنْ يَفْعَلُ ذَلِكَ مِنْكُمْ إِلَّا خِزْيٌ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَاوَيَوْمَ الْقِيَامَةِ يُرَدُّونَ إِلَى أَشَدِّ الْعَذَابِ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ
«…Же китептин бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүн танасыңарбы? Араңардан ким бул ишти кылса, анын жазасы бул дүйнөдө кор болуу, Кыямат Күнүндө болсо ал катуу азапка дуушар кылынат. Аллах жасап жаткан ишиңерден кабарсыз эмес”. [2:85]
وَأَنْ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَنْ يَفْتِنُوكَ عَنْ بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَاعْلَمْ أَنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُصِيبَهُمْ بِبَعْضِ ذُنُوبِهِمْ وَإِنَّ كَثِيرًا مِنْ النَّاسِ لَفَاسِقُونَ ۩ أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنْ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ
«(Эй Мухаммад), алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын нафстерине ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитнага салып коюуларынан этият болгун! Эгер(сенин өкүмүңдөн)жүз үйүрүшсө, билип койгун, Аллах аларга айрым күнөөлөрү себептүү мусийбат жеткирүүнү каалайт. Шек-күмөнсүз, адамдардын көпчүлүгү итаатсыздар. Динсиздик өкүмдар болушун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коум үчүн Аллахтан да жакшы өкүм кылуучу ким бар?!” [5:49-50]

ПАЙГАМБАРЫБЫЗ(с. а.в)ДЫН хадистери:

"Аялдарыңарды кооз кийинүүдөн тыйгыла! Бани Исраил аялдары кооз кийинип мечитке бой көтөрүп баскандыктары үчүн лаанаттанган. ” [Ибни Маже]

"Жаханнамдагылардын көбү аялдар экенин көрдүм. Себеби, көп лаанат айтышат жана күйөөлөрүнө карата куфран-ы нимат кылышат.” [Бухари].

ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (саллаллаху алайхи ва саллам)
КӨРБӨГӨН ЭКИ ТОПТОГУ ТОЗОКТУК АДАМДАР БАР:
“Мен көрбөгөн эки түрдүү топтогу тозоктук адамдар бар, алардын бири - уйдун куйругу сыяктуу камчылары менен адамдарды сабаган залим топ. Экинчиси - кийингенине карабастан жылаңач көрүнгөн жана башка аялдарды да өздөрү сыяктуу кийинүүгө үндөгөн, баштары төөнүн өркөчүнө окшогон аялдар. Мына ушундайлар бейишке кире албайт жана анын жытын дагы жыттай алышпайт”.

Мына мен мусулманкамын деген карындаштар. Ойлонуп корунуздор. Бул жашоо сыноо,
"демократия жана андагы менин укуктарым" деген создорду унутуп эле коюнуздар.
Акыретте демократиянын негизинде, же дагы бир, адамдар ойлоп чыгарган мыйзамдар менен сурак кылбайт бизди.
Куран Сунноттун негизинде сурак беребиз ар бирибиз!

«Расулуллах (с.а.в) бизге жаш кыздарды, хайз көрүп турган о.э. бойго жеткен кыздарды Рамазан жана Курман айттарга чыгарышыбызды буйруду. Хайз көрүп тургандары намаздан четтешет, жакшылыкка жана мусулмандардын дубасына күбө болушат». Мен ошондо: «Бирибиздин жамынчыбыз (жилбаб) болбосочу?” – деп сурадым. Расулуллах (с.а.в.): «Ага эжеси (досу) жилбабын кийгизсин», – деп жооп берди.(Муслим риваяты).

Бул хадисте, хиджабсыз кочого чыгууга эч бир мумкун эмес экенин тушундуруп жатат.

Мени жаман корбонуздор. Ассалааму алайкум!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   unhappy   22 Январь 2017 - 20:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 11 Январь 17
  • Соңку аракети: 03 Фев 2018 05:06

Сактай тургандардан жүрөгүнүздү сактаныз,,, ,анткени андан өмүрдүн булагы чыгат........... .)))))))))

Жүрөк таза болсо сүйлөгөн сөзүнүзда,,, ,,
Ойлогон ойунузда,,, кылган ишинизда таза адал болот........)))))


Жүрөкту тазалап турунуз,,, ошондо жашоонуз таза болуп адилеттуу иштерди көп кыласыз....... ..))))))

Жүрөкту кантип тазаласа болот?

Кудайдан коркуу менен жана Кудайдын сөздөру менен............
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   rnurzida   23 Январь 2017 - 11:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

"БЕЙИШКЕ КИМДЕР КИРЕТ БИЛЕСИЗБИ?"
Абдишүкүр ажы Нарматов.

Элестетиңиз бейиштин эшигинин астында турганыңызды! Ал жерде адам аябай көп, аябай тыгылыш... Адамдардын күбүрөгөн үндөрү гана угулат... Бардыгы бейиш эшигинин ачылышын гана күтүп турушат, ал кандай бактылуу көз ирмем болору бардыгыбызга табышмак... Бирок, бейишке топ-топ болуп кирүүчүлөрдүн кимдер экендигин билесизби? Алардын катарында болом деп ойлойсузбу? Аны мен билбейм дейсизби?. Анда бейишке жамаат-жамаат болуп кирүүчүлөрдүн кимдер экендигин угуңуз!. "Раббисинен коркуп такыба болгондор бейишке топ-топ болуп киришет" - деп Алла Таала убада берген. Бейиштин ачкычы - такыбалык, марттык, жоомарттык жана жакшылык кылуу.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   happy02   23 Январь 2017 - 11:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


"Аялдын акылы жарым акыл"-деген адамдарга.
Абдишүкүр ажы Нарматов.

Наристе апасынын ак сүтүн эмип курсагын тойгузат, aл эми апа баласын эмизгендиги үчүн сөөгүндөгү кальций витаминин жоготуп, тиштери ооруйт, жана баласы чоңойгонго чейин тынчсызданып жашайт. Ошол бала бойго жеткенден кийин, биз акылдуубуз деп кафеге кирип, бутун бутуна учкаштырып отурган адамдарга кошулуп: "Аялдын акылы жарым, акылы кемтик" - деп, айтып калат. Бирок, бул сөздү айтаардан мурда: Менин толук акылым эмне менен толукталды - деп сурап көрдүңбү?. Чындыгында сенин толук акылың, акылы кемтик адамдын азыгын жеп толукталган.


Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   defne15   26 Январь 2017 - 00:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 367
  • Катталган: 05 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Апр 2021 22:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сонун айылда

Просмотр сообщения happy02 (23 Январь 2017 - 11:42) жазган:


"Аялдын акылы жарым акыл"-деген адамдарга.
Абдишүкүр ажы Нарматов.

Наристе апасынын ак сүтүн эмип курсагын тойгузат, aл эми апа баласын эмизгендиги үчүн сөөгүндөгү кальций витаминин жоготуп, тиштери ооруйт, жана баласы чоңойгонго чейин тынчсызданып жашайт. Ошол бала бойго жеткенден кийин, биз акылдуубуз деп кафеге кирип, бутун бутуна учкаштырып отурган адамдарга кошулуп: "Аялдын акылы жарым, акылы кемтик" - деп, айтып калат. Бирок, бул сөздү айтаардан мурда: Менин толук акылым эмне менен толукталды - деп сурап көрдүңбү?. Чындыгында сенин толук акылың, акылы кемтик адамдын азыгын жеп толукталган.



Сонун туура айтылган.Азаматсыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   rnurzida   26 Январь 2017 - 18:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Бул маалыматты окугандан кийин түн ичинде туруп бир рекет болсо да намаз окуганга аракет кылып келем...

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Ислам аалымдарынын бири айтат: "Кайсы үйдө түн ичинде тахажжуд намазы окулса, анда ал үйдө бир нур пайда болот. Ал нурду периштелер көрөт. Биз асманга жылдыздардын нурун көрүү үчүн караган сыяктуу, периштелер да намаз окулган үйдөгү жарык нурду көрүү үчүн жерге карашат... Андан да таң калыштуусу, күн сайын сенин үйүңдөн жарык нурду көрүп турган периште, күндөрдүн биринде ошол нурду көрбөй калса, сен жөнүндө сурайт. Анткени ал сенин үйүңдөн дайыма жаркырап чыгып турган нурду ошол түнү көрбөй калган болот. Ал периштеге сенин ооруп калгандыгың же бир мүшкүл ишке кабылгандыгың тууралуу кабар жеткирилет. Сенин кабарыңды уккан периште дароо сага шыпаа тилеп, мүшкүлүңдүн жеңил болуусун сурап, сенин муктаждыгыңа жараша дуба кылат. Анткени ал үйүңдөгү намаздын себебинен жаркырап турган нурду кайра көргүсү келет...

Аягында айтарым, бул сөздөрдү окугандан кийин жөн гана рахмат айтып ыраазычылык билдирип койбо! Башкаларга да жеткир, алар да пайдалансын, алардын үйүнөн да түнкү намаздын нуру жаркырап турсун...

Абдишүкүр ажы Нарматов.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   rnurzida   26 Январь 2017 - 18:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Бисмиллахир рохманир рохиим

Өкүнүүчү адамдын кулагына азан айтуу.

Кайсы бир киши өкүнүчтүү кайгы -капада болсо,анын кулагына азан айтса,кайгы- капалыгы жоголот.Азирети Али айтты:"Пайгамбарыбыз
(с.а.в)мени кайгы- капада жүргөнүмдү көрүп:"Ээ, Абу Толибтин баласы!Мен сени кайгыда болгонуңду көрүп турам"-деди. Мен:"Ооба. "-дедим.Пайгамбарыбыз
(с.а.в)айтты: "Сен өзүңдүн үй-бүлөңдөн бирөсүнө өкүм бер.Ал сенин кулагыңа азан айтсын. Себеби азан кайгынын даарысы". Азирети Али айтат:"Мен бул амалды кылдым.Менин кайгым жок болду".Ошондой эле ушул хадисти риваят кылгандар,баары тажрыба кылып көрүп муну туура тапты(Канзул Уммаал,2-том 658-бет

КУЛК-МҮНӨЗҮ ЖАМАН АДАМДАРДЫН КУЛАГЫНА АЗАН АЙТУУ

Кимдин мүнөзү жаман болсо,инсан болсун, жаныбар болсун кулагына азан айтуу керек.Азирети Али риваят кылат:Пайгамбарыбыз
(с.а.в)айткан: "Кайсы инсандын мүнөзү жаман болсо,ал инсан болсун же жаныбар болсун, анын кулагына азан айткыла". (Мишкаттин шархы Миркат,2-том149- бет)

ШАЙТАН ТЫНЧТЫК БЕРБЕЙ ЖАНА КОРКУТКАН УБАКТА АЗАН АЙТУУ

Качан шайтан бирөөнүн тынчын алса жана коркутса,ошол убактта бийик үн менен азан айтуу керек.Себеби шайтан азандан качат.Сахл бин Соолих айтат:"Менин атам мени Хариса уруусуна жиберди.Мени менен бир бала жана бир киши бар эле.Дубал жактан бир чакыруучу менин жолдошторумдун атын атап чыкырды.Менин жолдошум дубал жакка караса,ага эч ким көрүнгөн жок.Андан кийин болгон сөздүн баарын атама айттым.Атам: "Мен мындайын билгенимде силерди ал жакка жибербейт элем."-деди. Бирок,качан бир үн уксаң бийик үн менен азан айт.Себеби мен Пайгамбарыбыз(с. а.в)
хадисин азирети Абу Хурайра риваят кылганын укканмын:" Качан азан айтылганда шайтан артынан желин чыгарган абалда качат."(Муслим, 1-том 167)


Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   rnurzida   26 Январь 2017 - 18:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

ЧАГЫШТЫРУУНУН ЗЫЯНЫ,КЕСЕПЕТИ.

БИСМИЛЛААХИР- РАХМААНИР-РАХИИМ.

Чагыштыруучу асти (эч качан) жаннатка кирбейт деди Расул Алла. Бир куну Расул Алла эки бейиттин арасынан өтуп бара жаткан эле эки бейиттин экөөнө да азап берип жаткан экен. Саиди аалам: мунун бирөөсү өзүнүн денесин бейшебине тийгизип, сактабаган киши экен, экинчиси чагыштыруучу экен деди.

Расул Алла, кыямат күнү 4 түрдүү жамаатка шапаат болбойт, эч ким шапаат кылбайт деди:
*1.* Калпычы, калп айткан кишиге;
*2.* Жетимди ыйлатып малын жеген, азар бергенге;
*3.* Чагыштыруучуга;
*4.* Касташкандарга ( жаман ойлуу аңдышуучуларга).

Бани Исраилде бир кезде жаан жаабай эгин, чөп күйүп кургап бара жаткандан кийин Муса пайгамбар 600 миң жамаат менен талаага чыгып дуба кылып, тилек кылат. Бирок жаан жаабайт. Ошондо Муса: О Алла, менин дубам кабыл болбоду, бул элди ракымың менен жалгасаң дегенде, Алладан, эй Муса, элдин арасында чагыштыруучу бар деген кабар келди. Кайсы убакта дуба жасаган коомдун арасында чагыштыруучу болсо, мен дубаны кабыл кылбайм дегенде, эми эмне кыламын деп Муса сурады. Алла: эй Муса, сен элдин баарын тообо кыл деп айт, деди. Муса элге тообо кылгыла деди. Эл түгөл тообо кылышты. Артынан дуба кылышты. Алла дубасын кабыл алып, жаан берди.

Дагы бир рываятта мындайча айтылат. Бир дөөлөттүү киши базарга барып бир кул сатып алды. Саткан адам бул чагыштыруучу деп айтты, ал адам чагыштыруучу болуп эч нерсе кыла албайт деп үйүнө алып келди.
Бир күнү ал кул кожосунун аялына, сиз эмне билесиз, күйөөңүз башка бир аял алайын деп жүрөт деди. Ал аял анда мен эмне кылайын дегенде, ал кул, сен күйөөңдүн сакалынан үч тал алып бер, башкасын мен жөндөйм деди
Анан кул чыгып кожосуна келди да, ээ кожо, сиз эмнени билесиз, аялыңыз сизди өлтүрөйүн деп жүрөт деди. Ага кожосу ишенген жок эле, анда сиз бүгүн уктамыш болуп жатыңыз, ошондон кийин көрөсүз деди.
Кулдун бул сөзү көңүлүнө уюп, үйүнө келип, калп уктаган киши болуп жата берди. Бир убакта аялы келип күйөөсүнүн бычагын алып ээгине апара бергенде, күйөөсү мени чындап өлтүрөйүн деп жүргөн экен деп ордунан тез туруп, аялынын колунан бычагын алып, аялын өлтүрдү.
Ошол ортодо кул аялдын төркүнүнө кабар берди. Кожом аялын себепсиз уруп өлтүрдү деди, тез арада аялдын төркүндөрү жыйналып келип, күйөөсүн өлтүрдү. Эки арада согуш болуп, бейкүнөө 80 киши өлдү.

Мына чагыштыруунун зыяны .Ошондо Аалым,чагыштыруучулар эч качан жаннатка кирбес деп,айтты. Чагыштыруучу туура сөз айтсаң, калп дейт. Себеби: өзү дайыма чагыштырып, калп айтып, адат кылгандыктан элдин баарын өзүндөй көрөт.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 17:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: