Суперстан: Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. акын эжекебиздин ырлары менен бөлүшөбүз.

#281 Пользователь офлайн   happy02   03 Январь 2017 - 19:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Сен болгон үчүн

Жүрөгүм жабыркаганда,
Заманам тарып анан да,
Тапталбай алыс чуркаган,
Күлүктөй ташыркаганда,
Өксүбөш үчүн кетилип...
Өзөктүн дартын кетирип,
Өзүндү издейм дүйнөмдөн,
Өзгөлөр үчүн бекинип...

Жандүйнөм жабыркаганда,
Бардүйнөм жабып алам да,
Жолуңа сенин – сүйүүдөн
Ак жарык төшөп анан да,
Дүйнөмө сени чакырып,
Көзүңдөн сүйөм батынып.
Кызганып бөлөк-бөтөндөн,
Добушунду угам жашырып...


Көңүлүм санааркаганда,
Элесиң эске салам да,
Магдырап барып бүт дүйнөм,
Өзүңдүк болуп... анан да
сен болгон үчүн дүйнөмдө,
Күн болуп күндө жанам да...
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#282 Пользователь офлайн   happy02   03 Январь 2017 - 19:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Кетти...
(Бир узатууда көңүлгө жазылып калган ыр эле, бүгүн кагазга түшүрдүм...)

Кетти өмүрдөн, кетти дагы бир киши...
Обо эненин кызы, мейли сиңдиси.
Аттиң дүйнө кечээ эле өлүм чын,
Экендигин келген эмес билгиси...

Далбас урган менен канча сүйлөөгө,
Алы келбей, аатиң тилин күрмөөгө,
Бир серпилип карап алып жарыкты,
Кетти үзүлүп... кетти аркы дүйнөгө...

Кечээ эле ушул жерде отурган,
Келишимдүү бир жан болчу созулган.
Баары бүттү... баары калды... бир гана,
Коштоп кетти жаназасы окулган...
30.12.2016.
19.27.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#283 Пользователь офлайн   happy02   03 Январь 2017 - 19:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Жаңы жылдын биринчи ыры... Жашоо,өмүр - өзу жол...Жолдорубуз ар дайым байсалдуу болсун...


Жол...

Ичтен шашып, сыр билгизбей сыртыңдан,
Нур төгүлүп, ыр төгүлүп ууртуңдан,
Сагынычың тарап дагы, тарабай,
Жолго чыктың алыскы ата журтуңдан...

Атаң алкап, апаң сүйүп бетиңден,
Бир туугандар боорго кысып... кетирген,
Кандай кымбат, кошо чуркап бөбөктөр,
Жеңелериң кол булгаган көз ирмем.

Артта калып... караандары алыстап,
Ал ансайын тулпар кенен арыштап...
Сен узайсың... сени күтөт улуу жол,
Сени күтөт сүйүү менен алыс жак...
02.01.2017.
10.56.


Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#284 Пользователь офлайн   happy02   04 Январь 2017 - 23:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Белегиң...


Алтын эмес, жакут эмес, гүл эмес,
Асмандагы ай, күн эмес... Түн эмес,
Мага арнасаң сүйүүңдү арна, ал дагы
Эгер болсо – жасалма, калп сүйүү эмес.


Көрдүнүйө белек кылам дебегин,
Анык болсо арзып, сүйүп берериң,
Жагымдуу сөз, мээрим арна, мага алар
Эч нерсеге алмаштыргыс белегиң...


Бүт дүйнөнү тартуу кылып бербегин,
Ошол эрдик – мендеги өрттү жеңгениң!
Багындырып жанүйнөмдү, жүрөктү,
Ырдүйнөмдү биротоло ээлегин!

03.01.2017.

00.58.


Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#285 Пользователь офлайн   happy02   08 Январь 2017 - 00:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Мен...

Аттиң десең,
бүгүн көргөн эртең жок...
Деген менен
мен өлүмдөн коркпоймун.
Тирүүлүктүн,
бирок парзын аткарбай,
Жүргөнүмө...
жүрөкзаада окшоймун.

Кечир, Кудай?
Кечир мени абийрим,
Аз өмүрдө
кылдым канча пенделик.
Сен чакырган
күнү алдыңа барармын,
Жакшымды да,
жаманымды теңденип...

Дагы канча
жол басармын, ким билет,
Дербишке окшоп,
бет алдымды тиктеймин...
Жүрөгүмдө
бир боштук бар толбогон,
Кимди? Нени?
Балким сени издеймин?..
Дербишке окшоп,
бет алдымды тиктеймин...
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#286 Пользователь офлайн   happy02   08 Январь 2017 - 00:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Эски дептерден эки шиңгил:

Толукшуп турар кезде мен,
Томсоруп сени эстеген,
Тобокел кылып а бирок,
Толгонуп учуп жетпеген,

Багынбай акыл-эске мен,
Бардүйнөм төшөп эстеген,
Башкача мүнөз күттүм не,
Бакыттай сени дегдеген.
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#287 Пользователь офлайн   happy02   13 Январь 2017 - 18:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


КЭЭДЕ МЕН


Кээ бир кезде – өткөн, кеткенди эстеген,
Күндөрдү аяп көп мүдөөгө жетпеген,
Өзөк өрткө, өкүнүчкө чулганып,
Учурлар көп – аттиң дүйнө, эх деген!

Ээн калып,жайдакталган кезде мен,
Элестер бар – эңсөө менен эстеген.
Эңшерилип, бири кем бул дүйнөдө,
Эрксиз анан тунгуюкка кептелем.

Ооба,баары, тирүүлүк да чек менен,
Ошон үчүн барга тобо деп келем.
Оомал, төкмөл дүйнөнү эмес, жаңылган
күндөр үчүн кээде өзүмдү жек көрөм.

Келише албай жүрөк акыл-эс менен,
Кээ бир кезде мен сүйүүдөн четтегем.
Келбечүдөй кеткен сезим, эми өч
алыш үчүн келеби деп сестенем...

Өмүрдүн бир күнү батса кеч менен,
Караңгы түн, жымжырттыкка кез келем.
Алда нени элестеткен бу түндөн,
Кээде чыкпай калуучудай шектенем.

Андай кезде өзүмдү-өзүм текшерем:
“Качандыр бир жерде калып, (эх) денем.
Эстен чыгар өңү-түсүм... а бирок,
Эл ичинде ырым менен эстелем...

Анда өмүрдү сүрбөптүрмүн текке жөн...” -
деп өзүмдү алдап, бирок эске мен
бир чындыкты алгым келбей кайпактайм:
“Кечпи-эртеби, чын суракта тескелем...”

22.00

10.01.2016.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#288 Пользователь офлайн   happy02   13 Январь 2017 - 18:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


СЕН...

Жүрөккө сен
Санаа таштап, ой таштап,
Сага карай
Сагынчка жол таштап…
А мен толгоо
тартып сендик ырларга,
Чабалактайм,
Ак кагазга бой таштап…

Өрдү карай
өзүмдү-өзүм жөлөйм да,
өзгөлөрсүз
өз дүйнөмө жөнөйм да,
- Өх-х! – деп алам
өзүңө окшош ырларды,
Өөп-жыттап,
Ийнине баш жөлөйм да!

Добушуңдан
Алып тоодой каниет,
Комузуңду
Уккум келип да бир эх,
Кең ааламдын
терезесин ачам да,
Телмирем, саа
айткым келип аруу кеп...
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#289 Пользователь офлайн   happy02   13 Январь 2017 - 18:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Тартуу

Жандүйнөмдө Күнүм бар тийип турган,
Жүрөгүмдө сүйүүм бар сүйүп турган,
Кулагымда –сыйкырдуу бир добуш бар,
Каным менен айланып жүрүп турган...

Карегимде сүрөтү жашайт анын,
Карайм дагы кайгымды азайтамын.
Алда кайдан агылып келип турган,
Сүйүүсүнөн дилимди тазартамын. ..

Башкача бир жандүйнөм эргип анан,
Арууланам, эс алам, сергийм анан.
Жүрөйүн деп мен дагы жүрөгүндө,
Бүт дүйнөмдү тартууга бердим анан...
"Эски дептерден"
Ж.Исабаева

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#290 Пользователь офлайн   happy02   13 Январь 2017 - 18:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз



БАЛАЛЫК
Бар нерсеге бактылуу кудуңдаган,
Байлык, бийлик дегенге жулунбаган,
Балалык, эх – тамшанып таттуу жеген,
Баёолугу башка өңгө кубулбаган.

Аалам, дүйнө – бардыгы жомок болуп,
Ай-жылдызга айттырбай конок болуп,
Кыял менен жашаган кызык күндөр...
Эстутумга көп келет конок болуп...
Ж.И

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#291 Пользователь офлайн   happy02   22 Январь 2017 - 19:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Катка жооп

Сен жазыпсың: “Оюм сизге ак, таза,,
Кечириңиз, бирок суроом жакпаса.
Талант, сүйүү, мансап, байлык – баардыгы,
Башыңызга жүк болбойбу башкача?..”

А мен жанмын артыгы жок башкадан,
Маянасы – майда иштерден ашпаган.
Ар бир кечте соңуна окшоп жомоктун,
Аткан таңда кайра уланып, башталам...

Жаратканды, жакшы адамды сатпаган,
Сапатым бар, сасыткы ойдон сактанам.
Садагасы, көрөнгөм бай, а бирок
Сандыгым жок, дүнүйө ороп сактаган.

Кээде эргийм, кээде көзгө жаш алам,
Кээде улгаям, кээде талдай жашарам...
Бирок өмүр Жаратканга аманат,
Мүнөт сайын, бир кертимден азаям...

Учурум көп – өзүмө-өзүм жакпаган...
Кантип анан жалган айтып, мактанам?
Чынында өлгөн күндөрүм деп эсептейм,
Күндөрдү ошол – эки сап ыр жазбаган.
Ж.И.
25.10.2015

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#292 Пользователь офлайн   happy02   22 Январь 2017 - 19:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Ыр жазып жатканда...

Ойлоруңдун ойкуп-кайкыр учугу,
О, бир анан оргуштамай утуру!
Ондогон жыл ойлонсоң да таппайсың,
Кандай жыргал акынга ошол учуру!

Күнбү, түнбү жүрөккө ырлар өбүлүп,
Балкып денең, кабыргаң кырк сөгүлүп.
Буркан-шаркан албуут дайра сыяктуу,
Өзүңө-өзүң толуп, кайра төгүлүп...

Саптар... Саптар келген кезде төркүндөп,
Коргошундай көөлгүп денең, көлкүлдөп,
Мына-мына кошо кетчү өңдөнүп,
Жаның ырдын кылда учунда мөлтүлдөп! ..

О, ошол кез кандай жыргал, керемет,
Байлыгың да, бийлигиң да кеп эмес!
Керек болсо кээде бир сап жакшы ырга
,Бүтүндөй бир өмүр дагы тең эмес!
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#293 Пользователь офлайн   happy02   22 Январь 2017 - 20:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Суранам...

Сындырам деп кылба аракет, суранам,
Аяйм, текке кеткенине убараң.
Майыштырам, үзөм десең канчалык,
Мен ансайын чыйраламын, уланам...

Жыгам го деп чалма ыргытпа, суранам,
Мүдүрүлүп барып кайра тура алам.
Кирдетем деп кылсаң канча далалат,
Ыйманымдан арууланып, нур алам.

Өчүрөм деп далбас урба, суранам,
Ого бетер күчөп күйөм, уланам.
Сабырды мен алгам эне сүтүнөн,
Кечиремин... бирок сага убадам.

Бөгөймүн деп бөктөрүлбө, суранам,
Ырдүйнөмдү бөгөлбөскө бура алам,
Мен эргүүнү алгам бешик ырынан,
Бардүйнөмдү муза менен сугарам.

Бүлүнтөм деп кылба аракет, суранам,
Анткен сайын ширелишем кубанам.
Ыдырабайм – ыйман, ырым барында,
Бөлүнбөгөн бүтүндүккө туна алам...
10.23.
18.01.2017.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#294 Пользователь офлайн   happy02   22 Январь 2017 - 20:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Бөлүнбө, кыргыз!

Калың журтту кайгы басып турганда, болгондо да дүйнө эли карап турган интернет бетинде "Жаман жарасын көрсөтөт" болуп жаакташып, бөлөк элге шылдын болбойлу, достор! Андан көрө биригели, бири-бирибизди чөгөрбөй, өйдө көтөрөлү, бири-бирибизге дем-күч берели, кубат бололу... Эртеңдерди ойлойлу...

“Бөлүнбө кыргыз!
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет...”
Деген кеп дайым
кыйытып көптү эстетет...
Болбосо: “Кыргыз
чачырап кетсе экен!” деп,
Сыртынан күлүп,
канчалар ичтен кектешет.

Көөнөрбөй, улам
көгөрүп-өсүп батадан,
Биримдик менен
бөксөрбөй, толуп жашаган,
Байыркы кыргыз(!)
Алдырып койбой бирге бол,
“Бир жеңден колуң,
чыгарып баш бир жакадан”.

Абийирди арам
дүнүйө менен кирдетип,
Адашып калбай,
бузуку турса тил безип,
Элибиз – эсен,
жерибиз –бүтүн болуу үчүн,
“Жети эмес, иш кыл,
жетимиш өлчөп бир кесип”.

Алдастап согуп,
жүрөктүн каны коюлат,
Аңдышып турсак,
алдырып баарын коюу бат!
Ар бириң бүгүн
Ата-Журт үчүн ак ойлоп,
Ак иштей көргүн!
А ачынган курсак тоюнат...

О, эрлер, шерлер!
Бириңден өткөн бириң эр!
Эл-жерге чындап
күйө алчу кана, кимиңер?!.
“Курама жыйып,
журт кылган” руху Манастын,
Кааласа ар бир
кыргыздан кайра тирилээр!
Кез келип турат
Кеңешип кесип” биригээр!
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#295 Пользователь офлайн   happy02   22 Январь 2017 - 20:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Бири-бирибизге жакшы гана маанайда кат жазып туралычы... :)

Эски дептерден эскирбеген эки шиңгил:

Кат
Бүгүн сенден куш тилиндей кат алып,
Кубангандан көздөрүмө жаш алып...
Бакытыма батпай турдум бапырап,
балкып турду бүт дүйнө өзү жашарып...

Эки сапка эркеледим, эзилдим...
Тамчы жашым – көл-дайрасы сезимдин.
Дүйнө - жомок, өзүм болсо бакыттын,
Ханышасы сыяктанып сезилдим...
Ж.И.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#296 Пользователь офлайн   happy02   28 Январь 2017 - 19:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Обонго (тапшырык менен жазылды)

Катчы мени бооруңа...


Кучактачы? Катчы мени бооруңа,
Кирип алды дүйнөмө ыза тоорула...
Кош канатым таштап ийдим... Жаңы эле
Бузуучудай болуп турган тоону да...


Кучактачы? Бирок алым сураба,
Ансыз дагы бир ишеним – мунара,
Жандүйнөмдөн турат аста солкулдап...
О, суранам, кулай көрбө, кулаба?!


Кучактачы?! Бугум батпай ичиме,
Жетпей... жетпей боюм таштаар кишиме,
Бошоп турам болгон дүйнөм болкулдап,
Боюм түздөп алайынчы кичине...
18.02.
23.01.2014.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#297 Пользователь офлайн   happy02   28 Январь 2017 - 19:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Жаңы ыр

Зирек досубуздун өтүнүчү менен...

Сагыныч...

Сагынычтан кетем кээде өрттөнүп,
Сагынычтан кетем кээде көрктөнүп...
Көкүрөгүм өйүп турат бир арман,
Көңүлүмө шибегедей көктөлүп!
Сагынычтын азаптуу да, азарттуу,
Ай, күндөрүн жашайм баштан өткөрүп...

Санаа жанды будамайлап, бөктөрүп,
Нөшөрлөп жаап, кайра жарк деп өзгөрүп,
Буркан-шаркан толкуп, ташып деңиздей,
Аттин дүйнө, бирде азайып, бөксөрүп...
Барам илкий жалгыз аяк жолдо мен,
Шарт бурулуп, багыт бузаар көздөнүп...
15.27.
25.01.2017.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#298 Пользователь офлайн   happy02   28 Январь 2017 - 19:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


БҮГҮН...

Мен ырдайын,
А сен мени угуп тур,
Арзуу айтып,
Аруу сезим сунуп тур.
Кудум ошол
Жаздай жашыл курактын,
Шарапатын
Да бир ирээт туюп тур.

Мен бийлейин,
А сен мени карап тур.
Ийик сымал,
Чимиригим санап тур.
Карыта албай,
Ичи өрттөнгөн мезгилди,
Табалап да,
Тамашалап, аяп тур...

Жаш баладай
Таарынайын эркелеп,
Бооруңа кыс,
А сен мени эркелет.
“Жанбиргем” деп,
Саамайымдан жыттагын,
Жаштыгымдан
Узагым жок эртелеп.


Көңүл назик,
Көкүрөккө түйгүнүң,
Мен сүйөйүн,
Сен да ошончо сүйгүнүң.
Жүрөгүмду
Элжиретип эизилткен,
Деги өзгөчө
Эмне деген күн бүгүн...
Ж.И.
(Эски-и дептерден)

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#299 Пользователь офлайн   happy02   06 Февраль 2017 - 22:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Уяңдыгым...
Сен мени кечирип кой?.. Көңүлүңдү
ооруттум, билбей чыным, төгүнүмдү.
Тартынып турдум сага жеткизе албай,
Ак жамгыр болуп көл-шал төгүлүүмдү.

Көңүлүм толкуп-ташып сөздөрүңдөн,
Көлкүлдөп сүйө тиктеп өткөнүңдөн. ..
Бакыттан баш айланып тик бага албай,
Көздөрүм тайгаланды көздөрүңдөн. ..

Өзүмдү канча сага арнап, жаным,
Дилимде сени ушунча ардактадым,
А бирок билгизе албай чындыгымды,
Калтырак басып дүйнөм... алдастадым.

Кайталап, миң кайталап угам ырың...
Бардүйнөм сага ушунча кумар, чыным...
Сезими селге айланып кетпесин деп,
Ортону тосуп турат уяңдыгым...
Ж.Исабаева

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#300 Пользователь офлайн   happy02   06 Февраль 2017 - 22:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз


Анда өзүмө таарынам

Эмнегедир...
Мейли таңбы, кечинби,
Куса менен ойдон жүрөк эзилди!
Бир көрүнүп кайып болгон бир элес,
Азгырыктай ээлеп акыл-эсимди.
Түшүмө да кирчү болду, ал эмне –
сүйүүбү же ошого окшош сезимби?


Ал ким деги?
Сапырылткан санаамды?
Сыйкырчыбы же кадимки адамбы?
Өзүн көрбөй, бирок угуп добушун,
Элес-булас боолгойм жалгыз караанды.
Баарынан да ал жүрөгүмө келүүчү,
Жалгыз аяк жолду кантип таба алды?..


Балким мени...
чындап сүйүү даарыган?
О, ал анда мен тааныйлек, тааныган,
адамдардын бирине да окшобос,
Башкача бир жаралган жан баарынан! ..
калсам кокус купулуна толо албай,
анда өзүмө өмүр бою таарынам..!
Ж.Исабаева

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 20:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: