Кайын сиңдиме карата мамилемди кантип жөнгө салам? Мамилени жөнгө салуу
#1 29 Январь 2017 - 23:27
Мен Токтогулдукмун,
азыркы учурда 2уул, 1кыздын энесимин.....
Үй бүлөө тутатканыбызга 9жыл болуптур....Жолдошумдун үй бүлөсү жөнөкөй адамдар экен. Кайненем өтө берешен, кайнатам да боорукер, ак көңүл адамдар.. Үй бүлөдө жолдошум экинчи уулу экен, бирок биз биринчи үйлөнүп алдык. Анча жашашпаса да калыңга баш ат, анан анан акчалай да беришти.....(жолдошум экөөбүз, жетелешип эле барып калганбыз). 5бир тууган, 3уул, 2кыз.....жана да кайненемдин биринчи турмушунан кыздуу болгон экен, анан ошондон 5жаштагы небереси колунда калыптыр. (кызы да, күйө баласы да өтүп кетиптир). Анан мени өз кызындай мамиле кылышты, мен да эрте эле көнүп кеттим.
Бир күнү кечинде жатаар маалда үйгө кирсем, ошол кичинекей кайын сиңдим төшөктүн этегинде ыйлаап отуруптур, "сага не болду, неге уктабай отурасың?" -десем. "Апамды сагындыым" -деп ыйлайт. А мен андайда ээч нерсе айта албай, аны аяп кантип соороторумду билбей:"алтыным, сен апаңды сагынганыңды түшүнүп турам, ал сенин дайыма жаныңда жүрөт, сени дайыма караап сени менен жүрөт"- деп кайра өзүм ыйлап атпаймынбы анан андан 4жаш улуу кайын сиңдим, урушуп жаткызып койду. Ошол эле байкушту урушуп, кагып силке берчи, мен дайыма эле эле болушум жаман көрүнчү болдум, эжелеринин эски кийимин кийип, эптеп эле жүрө берчү. "Апам мага идиш жууганды үйрөткөн, апам ооруп калганда мен кордо жасоочумун, апам мага жомок айтып берчүү"-деп мага көөп айта берчү....
Арадан 1,2ай өтүп, биз бөлүнүп кеттик, ал сиңдим чоңойуп, мектепке барып калды, меникине келгенде, өзүмдүн апам, эжемдер көйнөк, шлёпка, кофта шорталарды алып берип сүйүнтүп коюшчу, мектепке да кийим алып берип, ал сүйүнсө мен да сүйүнүп калчум..... ошентип арадан көөөөп убакыт өтүп, биз 3балалуу болдук, ошо кичинекей кайын сиңдим чоңойуп 8-класска окуганда менин колума келди.... Азыр 9-класста окуп жатат, өтө жакшы окубаса ла аракет кылат... Анан эч капа болбойт, ыйласа да ичинен ыйлайт, бирөөгө капа экенин эч айтпайт... Үйдүн ишин чала кылат, кирди чала жууйт, анан урушуп койуп, кайра өкүнүп калам... Айтам анан:"Эртең эле турмушка чыгасың, анан чала кылсаң, жеңеси эч нерсе үйрөтпөптүр деп айтышат, урушсам капа болбо"-деп. Ал эч унчукпайт, сыр ачпайт, көөп нерсени жашырат.... Мен ал үчүн көөп нерсе кылгым келет, бирок баарын кылганга алым жетпейт, ошо сиңдим бактылуу болсо экен деп эле кудайдан тилей берем.... Кээде балдарым менен чогуу аны да урушуп, кыйкырып алам....ал капа болот, бирок билдирбейт.
Кантип, кандай мамиле жасашым керек экенин кичине кеңеш берип коёсуздарбы деген ойдо жаза кеттим......

“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#3 30 Январь 2017 - 00:22
Кудай бешенеме жакшы женени буйруп койгон экен.Торт жыл чогуу жашап жаман болбодум. Мени женем эч урушпайт,туура эмес кылсам жон эле тушундурот.
"Кийинкиде мындай кыл э,мен сага башкача мамиле кылам,конулун калып калбасын,сен бизге коноксун.Айтканды туура кабыл ал,уйронгонун озун учун кылганын биз учун"-деп.
Женем жакшы адам, коп нерсени уйротту.Айылдан жаны келген Мединанын айырмасы азыр чон
Омур бою сыйлап отом буюрса.Апам да айтат"женен менен гулжундабай жакшы мамиледе бол"дейт
Бизде деле болот кэээделе"
чарт-чурт"
Кайра эле суйшуп кетебиз
Сиз деле сыйлап коё берин,сый коросуз

Сиз деле сыйлап коё берин,сый коросуз
Билдирүүнү түзөткөн: Medinaa: 30 Январь 2017 - 00:26
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#4 30 Январь 2017 - 00:35
Men da jenem mn uch jyl jawadym,ekoobuz ten bolchubuz meni erkeletip ech nerse jasatpady,oto jakwy kelinchek koz tiybesin,avtor ansyz dele al baykuwtun konulu jarty eken,taktaga myk kakkandai aga kattuu suilobonuz,kiyin kechirim suraganynyz mn jurogundo tak kalat...
#5 30 Январь 2017 - 00:42
Керектуу нерсени уйротуш учун катту тийип урушуп койгонунуз деле жакшыгоо дейм.бир кун келип озунузго эле рахмат айтат.
#6 30 Январь 2017 - 01:27
Урушпагыз эми ошону да сурайсызбы?
Ичинде чон оксук бар экен ошону сиз толтурунуз.
Кылганыныз ал учун жана озунузго сооп да болот. Урушпаныз. Жакшы караныз. Сиз анын апасысыз. Эми сурай турган деле иш эмес . Кыскасы коп урушпай алдап мамиле кылыныз болгону ошол
#7 30 Январь 2017 - 01:54
Жашоо деген ар кандай экен.... Адам дайыма эле бир маанайда, бир ойдо жүрө бербейт тура. Мен ал сиңдимди көп адамдан коргоп, керек болсо жолдошум, өзүнүн апасы болуп калган таенеси да катуу сүйлөсө урушуп кетем. бирок өзүмдөн коргой албай аткандаймын.
Оа, ар ким ар кандай айтабыз, сурабай турган ишти сурап калган учур болот экен. Сынды, акылды баары эле айта берет, мен да өзүмө өзүм көп кеңеш берет элем, антпе, жумшак бол, урушпа, көп ил кылдырба!
деп. Айтуу оңой, аткаруу кыйын экен да.
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#8 30 Январь 2017 - 05:21
Мен ойлойм канча жакшы коруп,аясанызда оксук бар ,ошого коп ачылып суйлобойт,маанайыда жакшы болбогону ошононго деп ойлойм .Сиз уйротуп таза кыл дегенинизди туура эле кордум,сиз ага болсун деп боло айтып атас туура кабыл алышы керек.Озунузделе ото катуу урушпасаныз керек а?
Сенин суйуун ,Менин Ар намысымдын алдында (made in China)
#9 30 Январь 2017 - 10:13
Огой бала оончул,жетим бала кекчил деп бекер айтылбаса керек.Ошондуктан жакшы соз менен тарбиялоо керек.Урушпай эле эгер чала жууса кошо жуушуп уйрот.Кичине жарака чоон маселе жаратышы мункун.Кандайдыр жумуш жасаба экоолоп жасагыла.
Мен коп эле(азыр ото коп)жарты булоонун балдары менен суйлошкондо алар ЭГЕР деген созду коп колдонушат. Ошондуктан аракет кылып жакшы соз менен тарбиялоого мамиле кылууга аракет кыл демекмин.

#10 30 Январь 2017 - 11:50
Окуп отуруп бала кезим эсиме тушту.Мени торобогон тай энем озуно энчилеп багып алган экен.3- класста бакан ата энем каза болуп калып жененин колунда калдым.Жаш бала болсом да жаман куйдум, нескара болуп эле калгам.Оз тууган энем,куйумду авам (Тайэкем ) жанымда болсо да ата энеме окшобой ото кыйналгам.Чачым да узун эле туйтойуп жудоп,тамак ичпей арыктап анан ктуу ооруп айыктым.Ошол учурда женем мени коп кагып силкип,конулум ооруткан создорду айтат эле.бирок авама деле эжеме ( АПАМ) деле айтпай ичиме салып коп ыйлайт элем. Тугандар чогулуп келип мени апама бер дешти бирок бирге оскон жаныман артык коргон аваман кете албай калып калдым.Ошондон кийин уйубуздо чон озгоруш болду,женем мени оз кызындай кабыл алды.
Кийин озум да жаш кезимен кичинекей кыздар апасыз калды,мен оз балдарымдай кабыл алдым.Уй турмушуна керектуу,аял затына керектуу нерсени кучум жеткенче уйроттум.Балдарымдай урушканда урушуп,эркелеткенде эркелетет элем.Женем бир кезде (кылганын мен учун болсо,уйронгонун озун учун) деген соз менен мени тарбияласа, мен да ошол соз менен тарбияладым. Жеке эле кайын синдин эмес балдарды да кагып,силкип, уруп,урушуп тарбия бербеш керек.СЕНИН КАПА БОЛГОНУНДУ СЕЗДИРЕ ТАРБИЯЛА ОШОНДО КАНА КЫЗ БАЛА ЗИРЕК БОЛОТ.Билбегенгин акырын,озун корсоуп жасап анан айтсан жетет.Жетим бала кекчил анан зирек болот.Сенин аны жакшы коргонунду болушуп айтылган создон эмес,журогундун мээримин анан козундун мээримин сезгендей болуш керек кызым....
Журогундон, кылган мамиленден кубат алсын,сенин жакшы коргонунду созунон эмес,жургундон чыкан жылуу мээрим,козунон нур болуп турса кана сен анын женеси эмес апасы болуп кала аласын...
Мен азыр сизди апабыздай коробуз болбосо ападай эле тарбия бергенсиз дешип балдарын таэне дегизишет,мен ичимен бир жашарып суйунуп калам.Сага да ушундай жонокой бирок баасыз рахат алуу сага да насип кылсын кызым...
Азыр женем да карып калды барганымда суйунуп,сурдугуп балдарыма,келиндериме балачагымды айтып мактап жанга тегнебей калат.Экообуз эне баладайбыз...

#11 30 Январь 2017 - 12:26
Чооң ырахмат, баарыңыздарга,
өзгөчө Рая эжеге....
Албетте, баарыңыздардын оюңуздарды кабыл алам. Жакшы айтсаздар да, жаман айтсаздар да.
Экөөбүз эже сиңдидейбиз, мектептеги окуяөарын келип эле айтат, бирок өзүлөрүнө тиешелүү сырларын айтпайт, мен кимди жакшы көрөм, кимди жаман көрөм, ким менен сүйлөшөм, эмне деп сүйлөшөм баарын билет... экөөбүз эшикке чыгып карга күрөшөбүз, үйдөн да ким күчтүү, ким көп чуркайт, ким канча секирет деп мелдешип ойной беребиз....
Анан эми да, мындан нары ага өтө жакшы карайм деп, баарыңарга сөз берем.
МЭРИЯдан келип да көзөмөлдөп турушат.
Албетте, баарыңыздардын оюңуздарды кабыл алам. Жакшы айтсаздар да, жаман айтсаздар да.
Экөөбүз эже сиңдидейбиз, мектептеги окуяөарын келип эле айтат, бирок өзүлөрүнө тиешелүү сырларын айтпайт, мен кимди жакшы көрөм, кимди жаман көрөм, ким менен сүйлөшөм, эмне деп сүйлөшөм баарын билет... экөөбүз эшикке чыгып карга күрөшөбүз, үйдөн да ким күчтүү, ким көп чуркайт, ким канча секирет деп мелдешип ойной беребиз....
Анан эми да, мындан нары ага өтө жакшы карайм деп, баарыңарга сөз берем.
МЭРИЯдан келип да көзөмөлдөп турушат.
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#12 30 Январь 2017 - 12:43
экөөбүздүн өңүбүз да, боюбуз, шымдын, бут кийим размерибиз да окшош, менден кичиине толугураак,
чачы да меникинен узун..... анан бири бирибизге атаандашып,
күзгүгө каранып күлө беребиз......
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#14 30 Январь 2017 - 23:10
Мынтип койбойсузбу тигинтип эле койбойсузбу деп акыл айтуу оной бирок ошо м.н жашаш кыйын. Менда женемин жана сизди абдан жакшы тушунуп жатам. Оз баланды урушсан кейибейсин деле ал деле таарынбайт бирок болок бала болокда конулуно алат кек сактайт. Мындай абал абдан эле оор. Сиз уйроткондо уйротуп урушканда урушуп анан конулунуз жайдары мезгилинде шашпай ачык эле айтыныз мисалы мен сени жакшы кором оз кызымдай эле болуп калдын сени урушканым жакшы адам болсун дегеним мен урушсам таарынба сыртымдан жиним келип урушсамда журогумдон сени жакшы кором. Кооп нерсени ойлоп кейибе жанында мен бармын кандай учур болбосун сени колдоп турууга даярмын деп кучактап башынан сылап койунуз эгер оорчулук болбосо ошондо гана ал кызда сизге ишенип жакындап сиздин ойунуз м.н болуп сизди апасындай жакшы коруп сиз учун кооп нерсе кылат деп ойлойм
#15 30 Январь 2017 - 23:58
mamatmusakuzuraziya (30 Январь 2017 - 23:10) жазган:

ошентип сиз айткандай ацтквм келет, бирок анте албайм да эч.. . соткасына sms жазып ийсемби, же сөзүңүздү жаттап алып айтсамбыыыы. ...
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#16 31 Январь 2017 - 00:03
Мен аябай жакшы көрөм аны, бирок сиңдим билет болду бекен???? Бирок тайнесине, эжесине, менден кийинки жеңесине капа болуп калса, мага арызданат да,,, анан мен сүйүнүп акыл үйрөтүп калам..... Мектептен мугалимдер,
кл.жетекчиң туура эмес мамиле кылса мага айт, мен барып ордуларына коюп келем деп айткам.
Билдирүүнү түзөткөн: DNurgiza: 31 Январь 2017 - 00:15
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#17 31 Январь 2017 - 00:12
Ушу сыяктуу кыз балдар арабызда көп эле го. Анан ар кандай газета,жаңылыктардан окуп калам да, ата энеси жоктор кордолуп, эч кимге айтпай жүрө бергенин...ошону үчүн мен аябай корком.... чоңоюп калдың этият бол деп айтып турам. Өзү бала кыял, боорукер, эч бирөөгө жаман оюу жок, элдин баарын өзүндөй көрөт....
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#18 31 Январь 2017 - 14:47
[quote name='DNurgiza'
date='30 Январь 2017 - 23:58' timestamp='1485799139'
post='3286504'
]
ошентип сиз айткандай ацтквм келет, бирок анте албайм да эч.. . соткасына sms жазып ийсемби, же сөзүңүздү жаттап алып айтсамбыыыы. ...
Оспурум курактарга откоол мезгилинде сиздин жылуу созунуз абадай керек кези. Ушул мезгилде тоголок жетим балдар бул жакта калсын ата энеси бар балдар деле болбогон таарынычтардан оз омурлоруно кол салып жатканын озунуз деле коруп угуп журсонуз керек. Ошон учун бул дуйнодо эч нерсеси жок ал кайнсиндинизге сиздин жылуу мээримдуу мамилениз абдан зарыл.

#19 31 Январь 2017 - 20:15
өзүнө өзү кол салуу су деп туура белгилеп өттүңүз, ошондойлорду уксам эле жаман болом....андайды ойлобосу үчүн мен көзөмөлдөп,
маанайы чөксө сурап турам.
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#20 31 Январь 2017 - 20:33
Колунуздан келишинче тарбиялай бериниз, балдарыныздын катарына кошуп. Мына мени деле женем тарбиялаган убагында урушуп, кагып силкип койчу, жаштыгымда ( балалыгымда ) капа болчумун, азыр болсо баарына ыраазымын, женемдин мага тарбия берип, тазалыка башкасына уйротконуно,
балдарынын катарына кошуп карап бакканына ыраазымын. Ойлойм синдиниз да бир кун келип сиздин баарын туура кылганынызга созсуз акылы жетип сизге ыраазы болот деп. Мен азыр женемди баарынан жакшы кором, апамдан да жакын болуп калган. Тарбиялай бериниз.
АльхамДулилЛяh