Суперстан: Алмазбек Атамбаевди ким колдойт? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Алмазбек Атамбаевди ким колдойт? Атамбаев Алмаз Шаршенович

#141 Пользователь офлайн   OFICIAL   07 Январь 2017 - 22:23

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 441
  • Катталган: 14 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 15 Фев 2020 00:24

Просмотр сообщения Lion. (07 Январь 2017 - 21:43) жазган:

АША кытайда эсалып журотко ары жок:97:


++++ ооткондо эле БУУ нун курутайына кетип жатып, Роза эжесинен коркуп, олумуштонуп, оорумуш болуп калып Станбулда, анан Москвада эс алып келди элего)))). Коптогон олколорго иш сапары менен барды, бирок баары сухой сапар болду, бироосунон нормальный жыйынтык жок мля Алмазке.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   aizirek...   08 Январь 2017 - 01:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 689
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Екатеринбург

Просмотр сообщения Revolyutsiya (05 Январь 2017 - 05:52) жазган:

Атамбаевдин суйлогон созу, ар бир жасаган кадамы айтылуу "Кемчонтой" чыгармасын эске салат.....

вахахааа ++++
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   stimyl.kg   10 Январь 2017 - 17:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

Атамбаевди сындагандан абайлагыла туугандар, Ирина Карамушкинанын демилгеси менен Улуттук Коопсуздук Кызматы интернет аркылуу сындагандарга охотага чыгыптыр.
Менин ойумча,эгерде улуу урматтуу президентибиз элине жагымдуу алгылыктуу иш алып барса,элинин жашоо шартын ондогонго мамлекетинин экономикасын которгонго жондомдуу болсо,кантип эле эл тараптан карапайым мекендештеринен сын пикир укмак эле деген ой келет. Бизда коншулар сыяктуу президентибизге сый урмат менен карап, урматтайт элекго,тилеке каршы ар бир кыргыз жараны аркай жерде тентип, кыйынчылык менен акча таап оз турмуштарын ондоп келетан кантип сындабай койбуз. Эми минтип кемчилигин бетке айтып жатсак да мойнуна албастан озунун мумкунчулукторуно таянып карапайым калкты ооздуктап жатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   stimyl.kg   10 Январь 2017 - 17:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

Атайын кызматтар Атамбаевди «Фэйсбукта» сындагандарды текшеришүүдө
Автор: Нуржамал Жанибекова - 10.01.2017
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине карата «терс маанайдагы жарыяларды» чыгарган «Фейсбуктун» 45 колдонуучусун тапты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаев депутат Ирина Карамушкинанын Атамбаев тууралуу начар кеп айткан «Фейсбуктун» колдонуучуларын табуу боюнча сурамына жооп берди.

Анда атайын кызматтар «мамлекет башчысына карата терс маанайдагы пикирлерди маал-маалы менен жарыялаган» «Фейсбуктун» 45 колдонуучусун таап чыгышканы айтылат. 45 колдонуучунун 10у каякта экени аныкталган, калган 35ине карата «тиешелүү иштер» жүргүзүлүп жатат.

«[10 колдонуучунун дареги] Беларусь Республикасында, Түркияда, АКШда, Казакстан Республикасында, Орусияда, Түштүк Кореяда табылган. Буга байланыштуу аларга карата кандайдыр чара көрүү мүмкүн эмес», — деп айтылат сурамга берилген жоопто.



«Азаттык» үналгысынын кабарчысы УКМКнын Жалал-Абад бөлүмү суракка 11 кишини чакырып, Атамбаевге карата сын пикири үчүн аларга эскертүү бергенин билдирди.

«Эскертүүлөр Сузак районунун төрт тургунуна, Базар-Коргон районунун беш тургунуна, Аксы районунун эки тургунуна берилди. Бул жарандардын айтымында, андан кийин алар коомдук түйүндөрдө эч нерсе жазбай калышты», — деп жазат «Азаттык».

УКМКнын басма сөз кызматы бул боюнча анын жетекчиси Рахат Сулайманов гана комментарий бере алаарын айтты. Макала жарыяланып жаткан учурда Сулаймановдон комментарий алганга мүмкүнчүлүк болгон жок.

«Террорчулук менен күрөшүү натыйжалуураак болмок»

Адвокат Искен Афиджанов атайын кызматтар террорчулук менен күрөшсө натыйжа көбүрөөк болмок деп эсептейт.

«Балким атайын кызматтардын күчүн жана мүмкүнчүлүгүн башкача ойлогон кишилерди издеп отурбай, террорчулук менен күрөшкө пайдаланса туура болоор беле?» — деп суроо коет ал.

Карамушкина өзү комментарий берип жатып Атамбаевдин дарегине айтылган кемсинтүүгө бөгөт коюу — атайын кызматтардын иши экенин билдирди.

«Эч ким бийликти да, өкмөттү да, президенттик аппараттын ишин да иштиктүү сындаганга тыюу салган жок да. Бизде ал тургай президентти сотко да беришет (коңшулаш өлкөлөрдө ошентип көргүлөчү! ), бирок кемсинтип, намысына доо кетирип жатса, биздин мамлекеттик коопсуздук органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ага бөгөт коюшу керек», — деп эсептейт ал.



Бул атайын кызматтар президенттин дарегине айтылган сын пикирден улам адамдарды суракка алып, текшерген биринчи учур эмес.

2016-жылдын декабрында Ысык-Көл облусунун тургуну УКМКда Атамбаевге карата сатиранын айынан суракка алынган. Ошол эле жылдын октябрында Карамушкина УКМКны президенттин дарегине коомдук түйүндөрдө айтылган сын пикирлерге көз салууга үндөгөн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   Revolyutsiya   11 Январь 2017 - 06:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2019 20:47
  • Жынысы:Эркек

Атамбаев которуп турган асманы болсо таштап жиберсин... Жаман адамдын артынан жаман соз ээрчийт. Элдин жугун аркалайм деп болбой эле президент болуп алса Акаев, Бакиев агаларынан, Роза апжесинен "улгу" алып, шайлоону бурмалап...

Эми эл акыркы жылы деп нааразычылыгын ичине катып тыйып толкубай турганда казынаны тоноп жеп, корунгон мамлекеттен карыз сурап, анын жарымын "сол чонтокко" жымырып, корунгон жерде эс алып, ырдап журо бербей аз да болсо эл учун иштеп анан кетсин тактан. Такка, ордуна озунун мураскерин койом деп убара болбосун, андай болчу болсо Атамбаевди да Акаев, Бакиевдин тагдыры кутот...

Ирина Карамушкина болсо Атамбаевдин доорунда чалчандап копсо кооп турсун, Атамбаев тактан тушкондо анын да жели чыгат. Мадумаровдой бири такка келип президент болуучу болсо, Карамушкина озу тергоодо сурак берип айыпталуучуга айланышы эч кеп эмес...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   Revolyutsiya   11 Январь 2017 - 06:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2019 20:47
  • Жынысы:Эркек

Эгер Атамбаев озу окуп калчу болсо (непада), ага айтаарым: Атамбаев, сен Кыргызстан тарыхында эн начар эл башкаруучу/ президент болдун. Биз жаман, элдин ырыскысын тоноп жеген деп олкодон кууган Акаев менен Бакиевден да жаман президент болдун... Эл астында сыйын калбады. Эл сени башкаруучу катары эмес, жонокой адам катары да сыйлабай калды, эми бир убактар мерседес мингенсинби же жорго мингенсинби баары бир эл козуно ЖАМАН бойдон каласын... Айланандагы кошоматчыларына ишене бербе, алар да сендей эки жуздуу, калпты ышкырткан. Алар сени айга-кунго тенеп мактаган менен эл сени жек корсо, отурган так бир кун болбосо башка кун кыймылдап-солкулдап тактан алыс учуп кетишин эч кеп эмес...


Эми Алла Тааладан суранарыбыз, кыргызда сендей бала торолбосун, эч ким сага окшошпосун. Сенден кийин такка эли-журтун ойлоп, куйуп-бышкан, эл учун ак кызмат кылуучу журогу таза адам келсин Кыргызстаныбыздын башына... Алла Таалам ушул тилек, дубаларыбызды кабыл кыла корсун... Оомин....

Билдирүүнү түзөткөн: Revolyutsiya: 11 Январь 2017 - 06:51

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   Piligrim   16 Январь 2017 - 15:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 13 Август 12
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 00:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан


Президенттик самолет коюу тумандан улам “Манаска” коно албай көлдөгү “Тамчы” аэропортуна барып конду.


Кечээ, 15-январдын кечинде Кытайдан отпускадан кайткан Алмаз Атамбаевди үй бүлөсү менен алып келгени барган президенттик “ТУ-154” самолету кайра келгенде “Манас” аэропортун коюу туман басып, коно албай Ысык-Көлдөгү “Тамчы” аэропортуна барып конду.

Эсиңиздерге сала кетсек, Алмаз Атамбаев 5-январда Кытайга визит менен барып, визит аяктагандан кийин үй-бүлөсү менен эс алууга калып калган.

Экс-президенттик пресс-катчы Кабай Карабековдун билдирүүсүндө Атамбаев Пекинде бир да маанилүү документке кол койбогон. Болгону ал-акыбал сурашканы барып, анан калып калган.

Ал эми президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков 6-январда президенттик “ТУ-154” самолету Бишкекке кайтып учуп келгенин билдирген.

Ошондо кечээ, 15-январда президенттик “ТУ-154” самолету отпускадагы Атамбаевди үй-бүлөсү менен алып келгени атайын Кытайга учуп барган. Мындай самолетту такси катары пайдалануу дүйнөдө авторитардуу мамлекеттерде гана болушу мүмкүн. Атүгүл бай Европа мамлекеттеринин жетекчилери да отпуске мезгилинде өз эсебинен кадимки эле каттамдагы самолеттордун бизнес-классына билет сатып алып учуп жүрүшөт . Биздин Роза Отунбаева да жумушчу сапарларына каттамдагы самолеттор менен учуп жүрчү. Анткени “ТУ-154” самолету дүйнөдөгү эң көп чыгымды талап кылган учактардын катарына кирет. Авиакеросинди эң көп ичендиктен адистер “крокодил” деп аташат. Салмагы оордугуна байланыштуу аэропорттор учуп-конуу жана туруу, аэронавигация акысын көп алышат. Ошондуктан 2009-жылы президент Курманбек Бакиев “Фалькон” үлгүсүндөгү чакан, үнөмдүү учак сатып алып, пайдаланып жүрчү. Кийин ал самолет жаңы бийлик тарабынан жеке менчикке сатылып кетти.

Ушул январь айында эле такси катары Кытайга эки жолу чабылган “ТУ-154” самолету ансыз да дефициттен жыртыгы чоңоюп жаткан кыргыз мамлекетинин бюжетин канча миллиондогон сомго эңшерткенин эсептеп чыгып, элге угузганга КР Эсеп палатасынын эрдиги жетеби?




Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Atambaev-s-zhenoj-na-trape-e1484532583720.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   mega777   20 Январь 2017 - 13:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Ааламды сел алса өрдөк-казга баарыбирби. ..

...Кечээ аза күтүү күнү эч ким унчуккан жок эле, бүгүн элдин баары президентке нааразы. Элинин башына кара булут айланып, кайгы басканда Атамбаев эс алуудан келип, жылуу үйүнөн чыкпай жатып алды. Кыркка жакын өмүрлөр кыйрады, үй бүлөө мүчөлөрү толугу менен жалп өчтү. Уккандын баары кан какшап кайгырды. Колунан келгендер жардамын берип, каражат топтоп жүрдү. Ушундай маалда Атамбаев басып келген жок. Ал, эл башчысы катары башына жылуу суусар тебетейин кийип алып кайрат айтып, карыпка бел болуп аралашып жүрсө болот беле, же үшүп калат беле?! Анан маалымат кызматкерлери аркылуу көңүл айтымыш болуп, жабыркагандарга 70 миң сомдон бөлүп берди. Атамбаев башынан эле элинин кайгысын тең бөлүшүп, жамандыкка барбайт. 2010-жылы дагы Ош кайгысында жалгыз Атамбаев кабар алган эмес элден.
...Азыр шаардан 20 минуттук аралыкка Атамбаевдин көчүгү көтөрүлүп, буту шилтенген жок. Үйсүз калгандар "Семетей" мейманканасына жата бергиле дешти. Мына ушундай болду. Эл бар экен, кол сунуп колдоп жүрүштү. Элден айланса болот...
(Соц.сеттеги "элдин үнү".Д.О.)

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 20 Январь 2017 - 13:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   Zaika10   22 Январь 2017 - 14:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 43
  • Катталган: 05 Июль 16
  • Соңку аракети: 10 Апр 2018 16:14

Просмотр сообщения edu.k (18 Октябрь 2016 - 22:30) жазган:

Чындыгында кыргыз мамлекетинин эл башчысы,бирок эч бир конулум толбойт ушул адамга. Суйлогон созу журум туруму такыр эл башкаруучуга туура келбейт. Президенттик такка чын пейил таза жол менен келбегенин жана кечеги отуп кеткен кыргыз тарыхында кандуу тонкоруш болуп бийлик басып алуу же оздору мактана айткан революциясы кандай максатта ким аркылуу кандай жол менен уйушулганын кыргыз элинин ар бир жараны толук ишенип бутту окшойт..
Жогоруда байлыктарын жазып отушуптур,бул маалымат да ойдон чыгарылан эместир деп ойлом жана ошончо байлыкты кара таман бешене тер чын пейил менен таап жетишти деп айта албайм,ал байлыкты кыргыз элинен кыргыз жеринен тартып алган байлык деп ойлойм. Мына озунуздор коруп байкап жатасыздар мамлекетибиздин кандай абалга ким аркылуу кептелгенин. Жана да ушул адамга жан тартып таламын талашкандарга тан каламын кандай максат менен мактап добуш берип жатасынар деп..
Кыргыз элине кандай кыйянат кылса ыпылас ойлорун ишке ашырса элдин назары каары баарибир жон койбойт кудайым баарибир жазаасын беретго деп ойлоймун..
+++туура создор!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   Tiguuchu   23 Январь 2017 - 12:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 30 Июнь 16
  • Соңку аракети: 24 Фев 2018 21:02

Просмотр сообщения Piligrim (16 Январь 2017 - 15:52) жазган:

Президенттик самолет коюу тумандан улам “Манаска” коно албай көлдөгү “Тамчы” аэропортуна барып конду.


Кечээ, 15-январдын кечинде Кытайдан отпускадан кайткан Алмаз Атамбаевди үй бүлөсү менен алып келгени барган президенттик “ТУ-154” самолету кайра келгенде “Манас” аэропортун коюу туман басып, коно албай Ысык-Көлдөгү “Тамчы” аэропортуна барып конду.

Эсиңиздерге сала кетсек, Алмаз Атамбаев 5-январда Кытайга визит менен барып, визит аяктагандан кийин үй-бүлөсү менен эс алууга калып калган.

Экс-президенттик пресс-катчы Кабай Карабековдун билдирүүсүндө Атамбаев Пекинде бир да маанилүү документке кол койбогон. Болгону ал-акыбал сурашканы барып, анан калып калган.

Ал эми президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков 6-январда президенттик “ТУ-154” самолету Бишкекке кайтып учуп келгенин билдирген.

Ошондо кечээ, 15-январда президенттик “ТУ-154” самолету отпускадагы Атамбаевди үй-бүлөсү менен алып келгени атайын Кытайга учуп барган. Мындай самолетту такси катары пайдалануу дүйнөдө авторитардуу мамлекеттерде гана болушу мүмкүн. Атүгүл бай Европа мамлекеттеринин жетекчилери да отпуске мезгилинде өз эсебинен кадимки эле каттамдагы самолеттордун бизнес-классына билет сатып алып учуп жүрүшөт . Биздин Роза Отунбаева да жумушчу сапарларына каттамдагы самолеттор менен учуп жүрчү. Анткени “ТУ-154” самолету дүйнөдөгү эң көп чыгымды талап кылган учактардын катарына кирет. Авиакеросинди эң көп ичендиктен адистер “крокодил” деп аташат. Салмагы оордугуна байланыштуу аэропорттор учуп-конуу жана туруу, аэронавигация акысын көп алышат. Ошондуктан 2009-жылы президент Курманбек Бакиев “Фалькон” үлгүсүндөгү чакан, үнөмдүү учак сатып алып, пайдаланып жүрчү. Кийин ал самолет жаңы бийлик тарабынан жеке менчикке сатылып кетти.

Ушул январь айында эле такси катары Кытайга эки жолу чабылган “ТУ-154” самолету ансыз да дефициттен жыртыгы чоңоюп жаткан кыргыз мамлекетинин бюжетин канча миллиондогон сомго эңшерткенин эсептеп чыгып, элге угузганга КР Эсеп палатасынын эрдиги жетеби?




Корбогондун коргону курусун,деген соз таамай айтылган да негизи.Коодону ,ыйманы ток адам эч качан ашыкча жулунбайт.Канчалык жонокой болсо ошончолук эл сыйламак.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   Piligrim   26 Январь 2017 - 00:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 13 Август 12
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 00:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан


Бийлик Текебаев менен жарашкысы келип, эми соодалашууга өтүптүр.


Атамбаевдин командасындагылар маалыматтык согушта Текебаевге уттуруп коюшканын түшүнүп, эми Текебаев менен жарашуу жолдорун издеп, соодалашууга өтүшүптүр. Бул тууралу бизге Ак үйдөгү жеке булактарыбыз кабарлады.

“Биз “Белиз-гейтти” жаап салалы, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кетирип ордуна Дүйшөнбек Чоткараевди коёбуз. Генпрокурор Индира Жолдубаеваны кетирип анын ордуна Темир Жумакадыров дайындалат. Сиз кыйраган “Боингдеги” жүктүн ээсин издегенди токтотуңуз. Мындан ары урушпай-талашпай, ынтымактуу бололу, тапканыбызды тең бөлүшөлү”, деп айланчыктап жатышыптыр.

“Эми Атамбаевди ала жатам!” деп ачууланып жүргөн Өмүрбек Текебаев кепке-сөзгө келбей “Биз жарашууга боло турган чектен өтүп кеттик. Принцип деген болуш керек да. Бири-бирибизге карата айтылган ушунча акаарат сөздөрдөн кийин кантип эми жарашмак элек. Мен аягына чейин турам. “Он еще за “Теке” ответит“ деп көгөрүп көнбөй жатыптыр.

Чынында эле Текебаев карт бөрү эмеспи. Чөгүп бараткан кемеге жабышып, “төкөр өрдөк” менен достошуп, эмне кылмак эле. Андан көрө келечеги кең жаштар менен бир командада болгону жакшы эмеспи.

Ал эми Атамбаев акыркы жумада депрессияга батып, нерви жукарып , ачуулуу болуп калганы айтылууда. Андай маанайына өзүнүн ден соолугу тууралу кытай врачтары берген маалыматтар таасир эттиби же экономика боюнча эксперттердин “Кыргызстанды 2 айдан кийин дефолть күтүп турат” деген көзү ачыктыгы себеп болдубу?

КТ.




Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Atambaev-i-Tekebaev1-e1481564282616.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   ATLETICO   26 Январь 2017 - 03:39

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 334
  • Катталган: 05 Май 16
  • Соңку аракети: 27 Фев 2018 02:49

Просмотр сообщения Piligrim (26 Январь 2017 - 00:24) жазган:

Бийлик Текебаев менен жарашкысы келип, эми соодалашууга өтүптүр.


Атамбаевдин командасындагылар маалыматтык согушта Текебаевге уттуруп коюшканын түшүнүп, эми Текебаев менен жарашуу жолдорун издеп, соодалашууга өтүшүптүр. Бул тууралу бизге Ак үйдөгү жеке булактарыбыз кабарлады.

“Биз “Белиз-гейтти” жаап салалы, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кетирип ордуна Дүйшөнбек Чоткараевди коёбуз. Генпрокурор Индира Жолдубаеваны кетирип анын ордуна Темир Жумакадыров дайындалат. Сиз кыйраган “Боингдеги” жүктүн ээсин издегенди токтотуңуз. Мындан ары урушпай-талашпай, ынтымактуу бололу, тапканыбызды тең бөлүшөлү”, деп айланчыктап жатышыптыр.

“Эми Атамбаевди ала жатам!” деп ачууланып жүргөн Өмүрбек Текебаев кепке-сөзгө келбей “Биз жарашууга боло турган чектен өтүп кеттик. Принцип деген болуш керек да. Бири-бирибизге карата айтылган ушунча акаарат сөздөрдөн кийин кантип эми жарашмак элек. Мен аягына чейин турам. “Он еще за “Теке” ответит“ деп көгөрүп көнбөй жатыптыр.

Чынында эле Текебаев карт бөрү эмеспи. Чөгүп бараткан кемеге жабышып, “төкөр өрдөк” менен достошуп, эмне кылмак эле. Андан көрө келечеги кең жаштар менен бир командада болгону жакшы эмеспи.

Ал эми Атамбаев акыркы жумада депрессияга батып, нерви жукарып , ачуулуу болуп калганы айтылууда. Андай маанайына өзүнүн ден соолугу тууралу кытай врачтары берген маалыматтар таасир эттиби же экономика боюнча эксперттердин “Кыргызстанды 2 айдан кийин дефолть күтүп турат” деген көзү ачыктыгы себеп болдубу?

КТ.





Байкуш АШАчик, сенинда кунун бутуп бараткандайго)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   Revolyutsiya   27 Январь 2017 - 22:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2019 20:47
  • Жынысы:Эркек

Атамбаев бугун эптеп зордоп жатып отту кылган мыйзамсыз, эптемей конституциясына кол коюп жатып адатынча дооруду. Анын айтымына караганда айрым эл бузарлар элди болуп жарып жаткан имиш... Ошол элге жамандык каалаган эл душманын алыстан издебей озунун айланасынан, балким озунон издесе туура болоор беле?! Анткени кандуу жук - жумасына 2-3 жолудан келип жаткан контрабандалык жук бийликтеги белгилуу бир чиновникке, а балким бийликтеги целый бир кланга тиешелуу болгону учун бийлик/Окмот олуп талып бурмаланган туура эмес маалымат таратууда. Ошонун баарынан кабардар Атамбаев Акуйдо отурган ири кит коррупционерлерди коргоосу - анын (Атамбаевдин) оз элине кылган чыккынчылыгы, кыянаты эмеспи...

Анан Атамбаевдин буга чейинки кадамдарына саресеп салган адам, Атамбаев кыргыз элинин душманыбы деген ойго кетет... Анткени анын элге кылган жакшылыгы бир таш болсо, зыяны тоого барабар... Кыскасы эртерээк тактан тушсо экен элдин кыжырын келтирип жийиркентпей! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   -NURIK-   28 Январь 2017 - 19:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 802
  • Катталган: 26 Июнь 16
  • Соңку аракети: 01 Авг 2020 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Германия. Мюнхен шаары.

Кечээги сөздөрү куп гана кыжырга тийди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   Eldar6724   30 Январь 2017 - 20:36

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 01 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:26

Канды кудай ураарда,
Калкына жаман кас болот.
Байды кудай ураарда,
Дөөлөтүнө мас болот (Т.Сатылган уулу "санат" )
Эң туура сөз, эки жолу ревалюция болуп экөөтең ушул нерселер мн башталган, үчүнчүсү тынч эле кетсе экен

Билдирүүнү түзөткөн: Eldar6724: 30 Январь 2017 - 20:37

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   -NURIK-   31 Январь 2017 - 13:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 802
  • Катталган: 26 Июнь 16
  • Соңку аракети: 01 Авг 2020 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Германия. Мюнхен шаары.

Просмотр сообщения Eldar6724 (30 Январь 2017 - 20:36) жазган:

Канды кудай ураарда,
Калкына жаман кас болот.
Байды кудай ураарда,
Дөөлөтүнө мас болот (Т.Сатылган уулу "санат" )
Эң туура сөз, эки жолу ревалюция болуп экөөтең ушул нерселер мн башталган, үчүнчүсү тынч эле кетсе экен

Ооба тынч кетсин. Уят кечке эле таш менен кууп кетириш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   admin_superstan   13 Февраль 2017 - 10:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Алмазбек Атамбаев" темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   DNurgiza   13 Февраль 2017 - 15:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 682
  • Катталган: 07 Февраль 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2021 13:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Каракөл

Атамбаев окууса гана, уялып калат да)))
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   argen.kg4   17 Февраль 2017 - 22:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 981
  • Катталган: 15 Январь 15
  • Соңку аракети: 05 Мар 2021 07:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ал жерден корунбойт

Европада кайыр садака сурап журот.
Или карыздын суммасын кобойтуп журот.

Билдирүүнү түзөткөн: argen.kg4: 17 Февраль 2017 - 22:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   bakaika   01 Март 2017 - 13:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 28 Июль 10
  • Соңку аракети: 04 Мар 2019 22:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:кыргызстан

Президентти оз жайына койгула, озунордун тиричилигинерди кылгыла. кандай болсо да ал деген ажоо. Шариятта башчыга баш ийгиле делет., эгерде Аллахтын буйургуна каршы турбаса
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 20:01

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: