Баракча 1 - 1
Толготуп жатканда кантип толгоону жеңилдетсе болот? Толгоо
#1 02 Февраль 2017 - 12:37
Толготуп атканда эмне кылыш керек? Женил төрөш үчүн? Рая эженин жазгандары бир жерде бар эле таппай калдым
#2 02 Февраль 2017 - 12:55
Больницада шумдукту кордумго озбек аялдардан. Бириси жыландын терисин чайга салып ичип атат, экинчиси бадамды майдалап алып аны да чайга салып ичип жатыштыго. Жыландын терисин кошуп ичип койгонду коруп коонум айланып чыктыго:->
#3 02 Февраль 2017 - 13:01
Мен торогонго чейин конугуулорду жасап журдум.Кудайга шугур,торотум женил болду.Интернеттен издесениз кош бойлуулар учун конугуулорду
#4 02 Февраль 2017 - 17:02
Толгоо тартып жатканда эч ким ооруга чыдай албай бакырбай койбойт.Ошол убукта чукур чукур вдох-выдох кылып дем алсанар озубузго эле онойураак болот экен.
#5 02 Февраль 2017 - 19:57
Мен да биринчимде ошол кантип дем алат ошолордун баардыгын уйронуп алгам.Интернеттен ошодон карасан табасын разрыв да болбойсун.
[color="blue"]Салам[\
blue]
#6 02 Февраль 2017 - 20:08
Толгоо баары бир толгоо.адамдан адам чыгыш оной эмес го.биринчиси алладан тилеш керек андан кийин врачтын айтканын уксан эле баары жакшы болот буюрса.
Келинди сынабай келген кезинди эсте.
#7 02 Февраль 2017 - 21:21
менин да бир кайнежем,жыландын терисин алып келип берем чайга малып ичесин болбосо чайнап жутуп жибересин,торотун толгоон женил болот дейт.И биринчи жолу угушум дедим,Аллахтан эле онунан женилинен берсин деп коюп журом.
#8 02 Февраль 2017 - 22:22
Мен толгоо маалында душтагы суудан белиме чачып 2сааттай турдум го, ооруну аябай эле женилдетет экен суу. Мен душка негизи толгоом башталганда жуунуп тазаланып даярданайын деп эле киргем роддомго барганга. Андан мурда интернеттен окугам да суу толгоону азайтат деп ошол эсиме тушуп колдонуп кордум, жыйынтык жаман эмес толгоом да торотум да женил болду.
#9 03 Февраль 2017 - 14:41
#10 03 Февраль 2017 - 23:28
VIK (02 Февраль 2017 - 12:55) жазган:
Больницада шумдукту кордумго озбек аялдардан. Бириси жыландын терисин чайга салып ичип атат, экинчиси бадамды майдалап алып аны да чайга салып ичип жатыштыго. Жыландын терисин кошуп ичип койгонду коруп коонум айланып чыктыго:->
Мен экинчи уулумда он күндөй толготкомун, больницага барсам дагы убакыт бар деп кетирип жиберчүү.Бир күнү апам (кайнем) бир чыныга бирдеме берди: "ич мынаны,төөрөтүң жеңил болот ",-деп жыландын порсу мн аарынын уясынынын кайнатмасын ичирген.Узаак толготкондорго колдонушат көбүнчө.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#11 04 Февраль 2017 - 05:24
#12 04 Февраль 2017 - 20:01
Meruet84 (03 Февраль 2017 - 23:28) жазган:
Мен экинчи уулумда он күндөй толготкомун,
больницага барсам дагы убакыт бар деп кетирип жиберчүү.Бир күнү апам (кайнем) бир чыныга бирдеме берди: "ич мынаны,төөрөтүң жеңил болот ",-деп жыландын порсу мн аарынын уясынынын кайнатмасын ичирген.Узаак толготкондорго колдонушат көбүнчө.
Анан жардам бердиби ?
#13 04 Февраль 2017 - 23:07
Ачуу бадамды майдалап, нават салып демдеп ичсе пайдалуу деп Рая апа жазса керек эле.
#14 07 Февраль 2017 - 16:54
Магада кайын эжем жыландын терисин чайга кошуп ичирген. Колдон келишинче боюнда барында кыймылдаш керек экен. Срогуман отуп тородум менда. Жаны жылга карата апамда аябай соода кылды. Мен торошумдо женил болот деп 3 кун жардам бердим. Кундо эле ичим, белим ооруп койот. Анан 1 январда коз жардым. Врачта кыймыл коп болсо торошта оной деген эле.
#15 07 Февраль 2017 - 19:49
Ар кимдин толгоосу ар кандай болот экен. Биринчиси торот кыйын эле болот экен. Мен 7айдан откондон баштап 50метр жерден кундо 5литрлик чакалар менен суу ташыдым кыймыл болсун деп. Тандырга нан жаап баштадым, озу духобкага жабат элем. Конугуулорду жасачумун кечкисин. Кундо тынбайт элем, коп кыймылдаганга аракет кылдым. Бирок толгоом бир сутка болду.
Эмнеси болсо да кудайдан тиленип, адамдан адам чыгыш оной эмес, чыдаш керек деп озунорду жоготбой, баланы гана ойлосонор баары жакшы болот.

#16 16 Февраль 2017 - 11:08
ТОЛГООНУН КАНТИП ЖЕНИЛДЕТУУ КЕРЕК?
Наристени жарыкка алып келээрде эне өмүр менен өлүмдүн ортосунда эки жашоо үчүн күрөшөөрү баарыбызга белгилүү. Айрым энелердин толгоосу узакка созулуп, бала да, эне да кыйналса, кээде тескерисинче, төрөй турган учур жетсе да толгоо келбей, дарыгерлер жасалма толгоо чакырууга мажбур болушат. Ушул абалдагы энелерге жардам катарында элдик ырым-жырымдарды жана элдик дарыгерлердин рецепттерин сунуштоону туура таптык.
Элдик дарыгерлердин рецепттеринен:
Толгоо жайлап, узакка созулуп жанды кыйнабаш үчүн толгоо учурунда лавр жалбырагын кайнатып, тундурмасын ичүү керек. Бул энеге күч-кубат бергенден тышкары толгоону тездетет.
Толгоо учурунда шоколад жесе, толгоодогу оору жеңилдейт.
Төрөөгө убакыт саат келип, бирок, толгоо келбей жатса малинанын жалбырагын кайнатып, андан алынган тундурманы күнүнө бир стакандан төрт маал ичип туруу өтө натыйжалуу. Бул тундурма жатындын булчуң эттерин жумшартып төрөткө даярдап, жатындын ачылышына жардам берет. Муну төрөт, толгоо учурунда суусаганда суусундук катары да иче берсе болот. Малинанын тундурмасы толгоону чакырат, бирок, суюктукту кош бойлуулуктун жети айына чейин ичүү сунушталбайт.
250 мл өрүк ширесин, 2 чоң кашык өсүмдүк майын (касторовое масло) жана 200 мл шампанды аралаштырып толгоо учурунда жарым саат сайын майда ууртап ичиңиз. Бул маңыз толгооңузду жеңилдеткенден тышкары эртелетет.
110-115 мг өсүмдүк майына (касторовое масло) апельсин ширесинен кичине куюп, ага бир чай кашык сода кошуп ичсе толгоону чакырат жана тездетет. Бул рецептти медицинада да пайдаланып жүрүшөт. Эгер өзүнүн натыйжасын жакшы бербесе 12 саатта бир кайталаңыз.
Ананас жатын кынын жумшарткандан тышкары кеңейтип жеңил төрөгөнгө чоң пайдасын тийгизет. Ал үчүн жети даана жаңы ананасты төрөөргө чукул жеш керек. Бирок, мынча ананас ичти өткөрөт деп мындан чочулабай эле коюу абзел.
Жай толгоодо энеге кичине арак ичирип, арак менен ичин сүрүү зарыл.
Жай толгоодо ар бир саатта таттуу суу ичип туруу толгоону күчөтөт. Бул үчүн стакандын үчтөн бир өлчөмүндөгү шекерге 200 мл кайнак суу куюп аралаштырып ичүү абдан натыйжалуу. Бул ымыркайдын жарык дүйнөгө эрте келишине жардам берет.
Көнүгүүлөр:
Көп басуу жеңил төрөттү гана бербестен, толгоону чакырат.
Моюнду, далыны, омурткаларды укалоо жеңил төрөттү алып келет.
Укканда сергүүчү жана көңүл көтөрүлүүчү музыканы толгоо маалында жаңыртып коюу да толгоону жеңилдетет.
Төрөт жакындап калганда толгоону чакырууга, жатын кынынын ачылуусуна жыныстык катнаш жардам берет.
Чоң шарга минип отуруп алып топту айлантуу зарыл. Бул учурда эне жыгылып кетпеш үчүн колунан кармап, сүйөп турчу адам керек. Бул жатын кынды укалагандан тышкары, эч кандай кесүүсүз төрөөгө жардам берет.
Жылуу суу толтурулган ваннага түшүп, ичти сылап, чычаң омуртканы укалоо толгоону жеңил өткөрөт.
Кол менен столду таянып, ичке күч келтирбей майда секирүү төрөттү жеңилдетет.
Ширеңкени кутучасынан чыгарып жерге чачып, кайра улам эңкейип бирден жыйноо толгоону чакырат жана жеңил төрөөгө көмөктөшөт.

Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#17 16 Февраль 2017 - 23:32
Guliii (04 Февраль 2017 - 23:07) жазган:
Ачуу бадамды майдалап, нават салып демдеп ичсе пайдалуу деп Рая апа жазса керек эле.
Ачуу бадам толгоону күчөтөт, бирок шейканы ачпайт.Абайлап ичпесе толгоо күч болгон мн шейка ачылбаса кыйын. Анан да давленияны көтөрүү коркунучу жогоруу турат.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#18 18 Февраль 2017 - 14:17
Баракча 1 - 1