Суперстан: Кызыңарды аягыла... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кызыңарды аягыла... Аны келечекте кандай тагдыр күтүп турат?

#1 Пользователь офлайн   aikow92   25 Октябрь 2015 - 09:37

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Буга чейинки "Эгер кыргыздын аялы мал болбосо", "Апама менин колуктум келиндик милдетти аткарбайт" деген колонкалардын автору Данияр Айтмандын блогу. (Бул автор Данияр Айтман дегенди тушундурот)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   aikow92   25 Октябрь 2015 - 09:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Дүйнө аялзаты үчүн катаал. Аны кадам сайын коркунучтар күтүп турат: зордук-зомбулук, кулчулук, экинчи сортко сүрүлүү... Андыктан мырзаларга айткым келет: кызыңарды аздектегиле, аягыла. Үлбүрөк жанды турмуштун катаал бороонуна үшүтүп таштап койбогула...

Жер бетинде 200 миллион кыз энесинин ичинен өлтүрүлөт. 133 миллион кыздын тагдыры талкаланат. 700 миллион кызды балакатка жете электе күйөөгө сатышат.

Дүйнөдөгү аялдардын 30 пайызы үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы. 10 миллион аял күңгө айланган, 4 миллион аял сойкулукка барууга аргасыз.

Аялдардын тапкан кирешеси эркектерге караганда 20-40 пайызга аз. Ири компаниялардын 5 пайызын гана аял башкарат. Парламентте аялдар 22 пайыз гана орунду ээлешет. Кат-сабаты жоюлбагандардын 60 пайызын аялдар түзөт. Аялдардын 30 пайызы гана илимде ийгиликке жетишет. Күн сайын 800 миң аял кош бойлуу абалында же төрөт маалында өлөт.

Ошого карабай феминизм – заар, аялдарга өтө эле көп укук берилген деп айтышат!

Бизде бактыга жараша Кытай, Индиядагый аялдарды кырбайт. Бирок бизде кыздын жарык дүйнөгө келишин кубанып күткөндөр аз, көбү тун баласы эркек болушун каалайт. Уул төрөбөгөн энени анчейин урматташпайт. Көпчүлүк күйөөлөр эркек төрөмөйүнчө жубайын жерийт. Кокус согончогу канабаса ажырашат же үстүнө аял алат. Кыз-эркек деп ылгоо, бөлүү пастык экенин түшүнгөндөр чанда. Ачык айта турган болсок, минтип тандоо барып турган наадандык.

Ымыркайымды күтүп жатканда мага кыз-эркекпи баары бир болчу. Азыр мен кызымды эч кимге, эч нерсеге алмашпайм. Мен анын жарык дүйнөгө келишине өз көзүм менен күбө болгом. Киндиги кесилгенден кийин колума көтөрүп турган кезде, анын тагдырына жоопкер экенимди сезгем.

Мен дүйнөнү өзгөртө албайм. Бирок мен кызымдын бул дүйнөдө бактылуу болуусуна дем-күч бере алам.

Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 25 Октябрь 2015 - 09:45

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   aikow92   25 Октябрь 2015 - 09:54

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Менин кымбаттуу кызым!

Сен менин жашоомдун жарыгысың. Мен сени аябай жакшы көрөм. Мен сенин бактылуу болушуңду каалайм!

Сен өз тагдырыңа кожоюнусуң. Сенин жашооң сага гана таандык. Сен эркинсиң, сен аны каалагандай жашоого акылуусуң.

Сенин колуңдан баары келет. Кыялдана бил жана аны ишке ашырууга умтул.

“Бул аялдын иши эмес” деп айткандарды эч качан укпа.

Сенин сүйүүгө жана сүйүктүү болууга акың бар. Сен сүйгөн адамдын дини, улуту, социалдык статусу маанилүү эмес. Эң башкысы ал жакшы адам болушу керек.

Сен үй-бүлө күтүүгө, жакпаса андан баш тартууга акылуусуң. Кааласаң балалуу болосуң, каалабасаң жок. Эч ким сени зордой албайт. Аялдын бактысы сөзсүз эркек менен жашоодо эмес. Күйөөнүн баары эле аялды бактылуу кыла албасын унутпа.

Сен өзүң каалаган адамга гана жашооңдон орун бере аласың. Ошол эле маалда анын жашоосунда да сага орун болушу керек. Сен бирөөгө баш ийип, кызмат кылууга милдеттүү эмессиң.

Бизге дагы өз бактыңды курмандыкка чалып, кызмат кылба. Биз сени абдан жакшы көрөбүз. Бойго жеткениңде биз сени чоң турмушка коё беребиз. Сенден эч нерсе күтпөйбүз, анткени сен бизге эгебейсиз бакытты эчак эле тартуулап койгонсуң.

Сени жакшы көрөм, атаң...


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   medina.   25 Октябрь 2015 - 10:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Сонун экен.Мындайча айтканда, жашоого жаныча коз чаптырган,алысты коро билген адам экен.Кана эми ушуну башкалар тушунуу менен караса...
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Holerik10   25 Октябрь 2015 - 10:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Биздикилер мындай тушунукко жеткиче али ухууууу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Kontinent   25 Октябрь 2015 - 11:33

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 787
  • Катталган: 11 Август 15
  • Соңку аракети: 08 Дек 2015 11:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кажети жок.

МММ туура
Жаңы жолго түшүү үчүн, эски жолдон чыгуу керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Kg.lady   25 Октябрь 2015 - 14:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Энесин аяй албаган, аны сыйлай албаган эркек феминизм жонундо ооз ачпаса деле болмок. Аялы, кызы кол жеткис, баасы ченемсизда, апасы байкуш келининин бир чыны чайына татыксыз. Ушул кантип тендик болсун? Ошо аялы, кызы, озу, дегеле жер бетиндеги адамзаты эненин кардынан чыккан. Мин жолу феминст болуп, аялдарга боор толгосода мен бул кишинин пикирине каршымын, аял болсомда! ИМХО!

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 25 Октябрь 2015 - 14:37


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   EdikoKG   25 Октябрь 2015 - 14:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 816
  • Катталган: 11 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 07:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтүү кыргыз жери. АЛАЙ))

Аял-аялдай болуп,оз оордун билгени жакшы. Эркеке атаандашып, тизгин талашса-узак бара албасы белгилуу. Батыштын тен укуктуулук деген "балээси" биздин кыргыздардын канына синиши,зыяндан башка пайда алып келбейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   advokat.nur   25 Октябрь 2015 - 15:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 341
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 20 Окт 2021 07:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бул адам жаныча коз караш мн караган адам экен.Бул тарыхта деле болуп келген жана орундалган. Азыркы биздин кыргыздын ойлору да артта калат,коросунорго. Бул автордун ою созсуз болот.
Senorita
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   happy02   28 Октябрь 2015 - 00:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

80% колдойт элем. Кана эми ушинтип эле кыз кишилер коколоп калсак..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   aijan   28 Октябрь 2015 - 16:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Биз, кыргыздар, жалпылап алганда, кызды башынан эле кыз бала, назик жан деп эркелетип бополоп багабыз, а келинге болсо талабыбыз куч. Менимче, копчулук конфликттер дал ушул озун уйдун эркеси сезген кыз "оз ордун билген" келинге айлануудан башталат. Адатта:
Кыз - улбурок, назик, жумшак, конулчоок жб деп суроттолот да, ал чарбакерби, башкабы, анчейин этибарга алынбайт, а келин болгондо шыпылдаган, чыдамдуу, ишке жарактуу, соз которумдуу болуусу талап кылынат. А кыз маалында ар бир созго маани берген сезимтал улбурок кантип соз которумдуу боло алат? Албетте, бул укугун тепселоо, бирок кызды башынан эле "оз ордун билдирип тарбиалоо" жок дегенде кызга болгон чынчылдыкпы дейм. :батан:

Ал эми автор айткандай кылып оз кызын принцессадай тарбиялагандар кездешет, бирок алардын барган жерине ал принцессабы, королевабы, келиндик ордун билуусу зарыл болгондуктан, эки болок тарбиянын ортосунда кыз эле кыйналат.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   momuntay   04 Февраль 2017 - 09:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 755
  • Катталган: 06 Апрель 14
  • Соңку аракети: 09 Авг 2018 15:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орто Азиядагы Байыркы шаар

Айжан айтмакчы кыз баланы ар бирибиз принцессадай кылып эле тарбиялап тим болбостон, балким чындап болочоктогу келин, эне, мыкты аялзаты катары тарбияласак туура болчудай.
Автор айтмакчы биз сенден эч нерсе кутпойбуз, талап кылбайбыз деген саптарына кошула албай турам. Балким автор эркек заты болгон учун ушинтип айткандыр. Жеке мен кызымдан кутом. Турмушта ар нерсе болот. Оз оордун таап бактылуу жар, эне болсо гана менин журогум тынч болот го дейм. Ал учунтурмуштагы оош кыйыштарды айтып тушундуруп тарбиялоомо туура келет го дейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Alfiya   04 Февраль 2017 - 09:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 291
  • Катталган: 20 Январь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:55
  • Жынысы:Аялзаты

Айта берсе арман коп дегендей бул тема аябай опурталдуу чон тема, ошого я молчу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Lili   04 Февраль 2017 - 21:20

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 754
  • Катталган: 05 Июнь 10
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 16:00
  • Жынысы:Аялзаты

Дааа, Данияр Айтмандын оюн мен тушундум жана кошулам, башка коментарий ашыкча....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Stark.T   04 Февраль 2017 - 21:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 70
  • Катталган: 12 Январь 17
  • Соңку аракети: 19 Авг 2020 22:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Каракол

Менин тышка чыгарып, соз менен жеткире албай Турган ойлорумду бут баарын жазыптыр! Аж козумо жаш тегеренип кетти. Ушундай терен ойлогон кишилерге таазим этем!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   milana0230   04 Февраль 2017 - 21:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 25 Январь 17
  • Соңку аракети: 15 Май 2017 15:23

Кандай бакыт! Жогоруда айтылгандай, ыйлап жибердим. Эээээх, кыргыз качан онолот?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   raia   05 Февраль 2017 - 23:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Окуп отуруп,кыздар келин болгондо эле баары азапка малынып,ото кыйынчылыкта болбосо каарду турмушта болгондой жазылат.
Ал эми бир чон уйго бактылуу келин болуп,кайын ата менен кайнененин мээриминде, алган жарынын суйууго толгон кучагында жашагандарды эч эсепке албайбыз...
Мен коп эле бактылуу келиндерди кором.Аппак жоолуктарын улбуротуп салынып,кайненеси менен эрчишип меймандарга баргандарын, кайненесинин балам иче кой,кызым жей кой дегендерди деле коруп журом.Кордук коргон келиндей азган тозгон,кабагын салып эзиле жашаган келиндерди чынында коро элекмин.Кочодо жаш келин улбурото жоолук салынып куйосунун колунан жетелеше болбосо колтукташа, бири бирине мээримду карашып,суйууго толгон коздору менен бири бирин карап жылмайып кетип баратканды коп кором.
- Чон атама ээ кара ананайындар бактылуу болсун ото эле жаш экен деп калам.Анда чон атам
- Э энеси экообуз бир кезде булардан да жаш болгонбуз деп жаш кунубузду эскерип калабыз.Дайыма эле байкуш келиндер деп байкуш кыла берсек анда чыныгы турмуш кайда калат.Азыркы келиндер эч байкуш эмес.Техниканын заманы.Кирди колго жушпайт,нанды тандырга жабышпайт.,очоко от жагып тамак кылбагандардын саны кобойгон.пилита, духобка деген ар бир уйдо.Эт сактоодо проблема жок ар бир уйдо муздаткыч.Жоо да журуш жок,ар бир уйдо машина.ар бир уйдо телевизор ДВД си менен.Колго кесме кылуу жок баары кылма кыл магазинде.Баланы багышты айтпай эле койойун пешенер бар кыздарым ушул заманынар кут болсун.
Эми японгобу же кытайгабы эшик шыпыра турган техника заказ кылсак эшик деле шыпыра турган техника келип калар...
Ошолор айрыкча кытайлар шыпыргыны билбей атат да билсе эптеп чыгарып акчабызды чаап алат эле да...
Кыргыз элин дайыма биле бербейбиз,озубуз кыргыз болсок да.
Кыргызда кызды каттуу сыйлаган.Кыздын кырк чачы улуу деп торго откоруп,эркин остургон.Ата тышкы тон делип ,ата тышынан тарбия берген,эне ички тон делип кызга кичинесинен журуш туруш,суйло манерасынан бери,ууз,чеберчилик, тикме бычмачылык, тамак жасоо иши кылып аял затына керектуунун баарын уйроткон.Бизде кыздардын эркиндигин мындан бил жорголорго минип коч башында журушкон.Ошон учун кыргыздардын кыздары чабандес болгон учун да агалары менен жарышып жоонун астын тозуп жоо чапкан делип айтылып келет.Кыздарыбызды улпулдок бийкеч кылып тарбияласак ошон учун турмушта оз ордун таап кете албаганы ошондон.Кыз баланы кичинесинен спорт менен акыл сезим менен,назик бий чолкомундо, денесин чыналткан спортун туру менен, тиричилике бышырып тарбиялаганыбызда, болжурогон
,ыйлактаган ар нерсешге чыдамы жок келиндер келип чыкпайт эле...
Бизде кызды мейман делет,кыз балага ар тараптан бул кыз бала деп астейдил уулдан башкача астейдил маани берип аздектейбиз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   nargis   07 Февраль 2017 - 19:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Данияр Айтмандын айтканын бир жак четинен туура деп эсептесек анда биз мусульман калкы озу буду коп урп адатарыбызды унуткан болобуз, бир эле мисал келиндик Кызматты алсак , эгер келин кызматты кылбасын десек ушул эле нерсе менен улууга урмат кичууго ызат дегенди унутабыз, а Чыныгы Кызматты Рая эже айткандай техника кылып жатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   HanTegin   21 Июнь 2018 - 10:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 451
  • Катталган: 01 Август 16
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 13:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

Мен бугун атайын ылайыктуу тема издеп журуп ушуну таптым. Дегеним кыз жонундо жазайын дегем. Жогоруда Рая эженин жазгандарын окуп отуруп кээ бир жерине макул болгун келген жок. Менин кызым жок кудайым ыраа коргон жок. Кыркка чыккыча олутту деле кыз тороо жонундо ойлонгон эмесмин. Атасын кубантып уулдарды тороп бергем улуулары жигит болуп атасынан жумуш талашып калышса, кичуулоору жумуштан келсе эркелеп черин жазышат. Чарчап келген атабыз кичинекей тостогойду эркелетип жатып калат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   HanTegin   21 Июнь 2018 - 10:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 451
  • Катталган: 01 Август 16
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 13:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

Бирок акыркы убакта эмне кылсам, кызга аракет кылсамбы деп ойлоно баштаганда атабыздын мага кылган мамилеси бут оюмду бузду . Кыз торобойм деп чечтим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 14:44

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: