СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#12401 06 Февраль 2017 - 16:12
1.Мен бала кезимде байчечекей анан жоогазым,сирен гулдорун белеке коп алдым.Жаш секелек болсом да конулум жайрап кетер эле...
Гулго ото жакынмын бирок гул менен кутуктагандар жоко эсе.Мурун иштеген жеримен жигиттер 8 - мартка карата белеке бергенинде жаш баладай ичимен суйунуп узака кармашка аракет кылат элем.Кече жакында туулган кунумдо 4 жашар неберем тайэнеме гул алпарам деп ыйлап журуп алдырыптыр. Башка белектерге караганда мага ото ,ото жакты.Бирок балдарым болбосо неберелерим менин бул ич куптумду билишпейт.Бала кезимде кучак толо сирен,кучагым толо жоогазым алып болмомдо жыты анкып,рахатанып ойгонор элем...
2.Мен ичиме салып ойлонуп жангыздап басып же суу жектеп басып,озум менен озум кенешип женип чыгам.Болбосо колума иш алып,кураганча курагым менен сырдашып,мунга батып отуруп ,курактын кооздугу мени ойумдан ажыратып, женип чыгам.
3. Мени кобунчо сыртыман биле беришпейт бул аркалык дегенде кана ээ окшобойт го дешип калат.Бирок кылган ишимен,чечилбей турган нерсени,тарс деп чечип шарт суйлоп койсом.женебиз аркалык да дегендерин угуп калам.Эми каныма синген кээ бир создорду дагы эле айтышымды биздикилер деле кеп кылып калышат.Торкун жака барганымда куйо балабыз так суйлойт,сенин тилин бурулуп калган дешет.Чон атабыз кыргыз менен орустар менен иштешкен.Мен озубечкалар менен коп иштешкем.Бизде орус,озбечкалар анан кыргыз эки,уч эле адам иштеген.Иш бойунча орусча,жон озбекче суйлойт элек.Ошон учун да тилим бурулуп калган болсо ерек...
Суроо берип кайрылган кызым сага да ракмат,суроолорунду кутуп калам...
#12402 06 Февраль 2017 - 17:01
#12403 06 Февраль 2017 - 20:51
#12404 06 Февраль 2017 - 21:50
Айтатго , бироодон кенеш сурасан,ойлонбой туруп ,андай кыл же мындай кыл деп , кенеш берип койот, а ошол маселе озундо болуп калса ,коп кун ойлонуп , андан кийин чечим чыгарат деп. Сиз кандай деп ойлойсуз .
#12405 06 Февраль 2017 - 22:31
Сизге ден соолук узун омур каалайм. Балдарыныздын урматын кызыныздын сыйын корунуз.
Баардык жакшылыктар омурунузго гул десте болсун!! !
Ийгилик каалайм анда сизге.
Бир суроо бере кетейинчи торт баланызга тен келин алып атканда жерлигине маани бердиниз беле?
#12406 06 Февраль 2017 - 22:59
Ар дайым орундуу кенештеринизди аябай арабызда кадырлуу болуп журо бериниз.
Менин суроом кызыктай болсо кечиресиз. Жашыныз 63 чыгып калыптыр . Сиз компьютерди караганда же форумда окуганда коз айнек такпай окуйсузбу? Эгерде коз айнексиз окуйм десениз. Корууну кучтондуруучу кандай ыкмаларыныз бар болушо кетпейсизби?
Алдын ала рахмат. Омурунуз узун болсун.
#12407 07 Февраль 2017 - 01:49
1-суроо;
Негедир,жазган билдируулорунузго карап сизди ото назик аял заты элестетем да.Берген кенештеринизден бул элестетуум канчалык пайыз туура?
2-суроо;
Атынызды,чечмелеп беринизчи.
3-суроо;
Сиздин курагыныздагы адамдардын интернетти тушунушу кыйыныраак да,сиз бул дуйного аралашуунуздун себеби адистигиниз ушул тармакта эмесби?
4-суроо;
Форумчулар арасында коптогон жакшы-жаман, создор айтылып калат да сиз же башка форумчулар жонундо.Алардын жакшылары кубаныч,жамандары журогунузду оорутабы? Же бул мага тиешеси жок деп кана тим болосузбу?
5-суроо;
Бейиш эненин таманы астында дейт го,балдарыныз бейиштин ачкычы болгон апасына канчалык куйумдуу?
6-суроо;
Баардык адамда бир кемчилик бар дейт,озунуздун кемчилигинизди кайсы деп ойлойсуз? Жана ушул учурга чейин кандай жетишкендиктерге жеттиниз?
7-суроо;
Намаз,окуйсузбу? Кээ бирки адамдар бар,Кудайга ибадат кылып кереги жок же Ислам дини жон кана арап элинин ойдон чыгаргандары деп ойлошот.Сизде да кээде ушундай ойлор болобу?
Жооптор учун алдын ала рахмат! Ден-соолугунуз чын жана балдарыныздын бешенесине бар болунуз.
Интервью,жумалыгынызга ийгилик! Буйруса жуманын аягына чейин сизди кичине кыйнап,суроолорду жаадырып турабыз.))
#12408 07 Февраль 2017 - 07:53
samina86 (06 Февраль 2017 - 21:50) жазган:
Айтатго , бироодон кенеш сурасан,ойлонбой туруп ,андай кыл же мындай кыл деп , кенеш берип койот, а ошол маселе озундо болуп калса ,коп кун ойлонуп , андан кийин чечим чыгарат деп. Сиз кандай деп ойлойсуз .
Саламатчылык кызым ( эгер жигит болсон капа болбо,мен немес тилинде окугам мектепте ошон учун башка тилдеги тамгаларды биле бербейм, немис алфабитинде Замина болуп окулат бирок ката болуп калышы мумкун). Тура адам баласы озуно келгенде ойлонуп кандай кылсам туура болот деп копко чайналат.Анан ошол кадамга аттап атып да ,ушул несени туура кылдымбы деген ой башында турат.Кенеш да ар кыл,кээде жаштар ант минт,куйоно мындай кылбайсынбы, кайнененди митпейсинби, же ажыраш,мен бул жорука чыдабайм,ажырашып кетмекмин деген кенештерди окуганда коркуп кетем.Эгер мага суроо келсе копко ойлоном,бир жыйынтыка келип анан кеншимди берем ошондо да менин ойумду тушуно алдырдым бекен деп бушайман жейм.Рахмат кызым озуно да турмушунда ийгиликтер коп болсун
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 07 Февраль 2017 - 07:54
#12409 07 Февраль 2017 - 08:02
Nura.8993 (06 Февраль 2017 - 22:31) жазган:
Сизге ден соолук узун омур каалайм. Балдарыныздын урматын кызыныздын сыйын корунуз.
Баардык жакшылыктар омурунузго гул десте болсун!! !
Ийгилик каалайм анда сизге.
Бир суроо бере кетейинчи торт баланызга тен келин алып атканда жерлигине маани бердиниз беле?
Саламатчылык Нура кызым.!!
Рахмат кызым. Жок жерлигине да байлыгына да карабадым болгону балдарым чын журогунон суйуп,апа ушул кызды суйом деп козунон суйууго толгон,жузунон кубанычка толгонун коруп,Болуптур атан менен кенешейин деп атасына айтып,той кылып алып бергенбиз.Балдарымдын баарын ошонтим десем жалган болор,кызымды зорлоп эле берип койгом...
#12410 07 Февраль 2017 - 08:12
Гостон де Левис
#12411 07 Февраль 2017 - 09:39
izdeim.seni (06 Февраль 2017 - 22:59) жазган:
Ар дайым орундуу кенештеринизди аябай арабызда кадырлуу болуп журо бериниз.
Менин суроом кызыктай болсо кечиресиз. Жашыныз 63 чыгып калыптыр . Сиз компьютерди караганда же форумда окуганда коз айнек такпай окуйсузбу? Эгерде коз айнексиз окуйм десениз. Корууну кучтондуруучу кандай ыкмаларыныз бар болушо кетпейсизби?
Алдын ала рахмат. Омурунуз узун болсун.
Бар бол кызым!!
Кечирим суроонун кажети жок,ар бир суроонун оз орду бар кызым...
Менин жашым отуп кетсе да жакындан жакшы кором.Эч кандай очки кийбейм,Машина иш кылам азырынча машинанын ийнесин озум саптайм.Бирок алыстагыны жакшы коро албайм бул жаш кезимен эле бар эле.Алысырак адамдын жузун же маршурутардын номурун коро албайм.Эми бул несе ата энемен калган мурас болсо керек анткени апам 70 чыканда,уйумо келип текчемен Тологон Касымбековдун Сынган кылычын кубануу менен окуганы эсимде.
Ракмат кызым.Омуруно береке берип,турмушуна бактылуу кундорду корушко Аллахым насип этсин...
#12412 07 Февраль 2017 - 10:54
Рахмат балам куш кордук.
1.Жок назик аял болбосом керек анткени жаш кезимен турмуштун коп запкысын кордум,котор албай сынып калсам керек эле.
2. Каап балам ай жашырып койчу элем бирок калп айталбай турам ачыгын айтпасам болбос.Мени апам уч кун,уч тун толготкон экен.Ар бир ырымды кылса да мен торолбой койгон экем.Ошондо чон атам менен таятам мойундарын курун салып,тизелеп мен суранганда торолупмун. Ошондо чон атам.
- Алда балам ай жанын жаман кыйналды ушу кызынын ракатын кор атын Рахат койолу деп деп чон атам койгон экен.Иштеген жеримдеги биринчи ишимде орустар коп болуп Рая болуп калгам.Негедир балам Рая деп ачып берген.ошол ат жаккан бейм.
3. Жок балам кесиб женил онор жай анын ичинен менин кесибим хим лаб иштеп, товардын качествосу менен курошком десем болот.Эми мен небере багып уйдо болуп калдым,убактылуу ишимди таштадым.Ошондо чон балам япондордун тамаагучи деген оюнчугун алып келип берди.Неберем менен кошо кичинекей динозаврикти кошо багып чонойтком.Кийин балам комп.сатып келип играга кошту.Ошол учурда кызыктуу ойун бар эле.Бир кызды бир куш келип урдап уйдун усту менен учуп кете беле азыр эсиме тушпой атат.Ал ойунду клавитор менен ойнойт эле.Кызыктуу анан татаал эле.Балам озу кызга жеттим деди мен уйдун чердагына зорго жеттим анан очурулуп калды.Анткени келиниме да уулума да комп керек болуп талаш болуп калды.Анда азыркыдай ар бирине нотбук,комп деген тартыш эле.,телофон чыга элек эле.Кийин учунчу балам бир озумо комп жайгаштырып, алыстагы балам менен скайп аркылуу байланышыма шарт тузду.Ошонтип балдарым аркылуу уйронуп,интернеттин кен ааламына саякат жасап,озумо керектуу малыматы кенири ала алам.
4.Оба кээде жолктуруп калам бирок кой аксагы менен жуз делет го.Болбосо турмушта деле ак менен кара жарыша журот го.Мен ошондой кабыл алам.Турмушта деле согунулор болот ал ошол адамдын маданиятынын денгелине карата го.
- Оба кээде карыса деле биз менен жарыша инт ааламында журот,менин чон энем эч нерсени билбей уйдо отурат дегендерди деле окудум.Бирок неге мен ошол созго уялып чыгып кетишим керек.Жок уяла турган эч нерсе жок эгер ошо чон энелер мага окшоп инт ааламында журсо уйдогу майда чуйдо,ошол келиндерге берген азап аз боло беле деп ойлонуп кетем. Жетишкендиктерин, бактылуу кундорун, эсен аман торогондорун, жаш уйлонуп аткандарды окусам журогумон суйуном.Кээде кимдирдир кагып силкенин окусам журогумон капа болом.Кыйналган, зордолгон кыздар туралуу окусам ото капа болуп кыйналам.
5.Балдарыма шугурчулук деп айтсам болот.Ошо балдарымды он жолго салып ата эненен кабар ал деп турган келиндериме ашыкчасы менен шугурчулук дейин...
Беш балан болсо беш башка демекчи учунчу уул келиним ашыкча.Балам дайыма ал акыбалымы сурап запаста канча акчаныз бар деп айлыгы тийген сайын сурап турат.Мезгил алмашкан сайын апа кыш келе атат же жаз келе атат кийимдериниз кандай,эмнениз кем деп сурап турат.Шугур деп калам.Кээ бир энелерден угуп калам балдарым песиянды берчи деп тоноп турат деп.Меникилер иши жок,атасы экообуз не кылып атабыз кийлигишпейт. Биз песиясы жок ададай мамиле кылышат,бир жака барабыз десек жолубузга май куйуп,колубузга акча беришет буга да шугу дейбиз да бизди кандай сыйласанар, балдарынардан ашыгы менен сый коргуло деп тилеп калабыз.
6. - Оба кемчилдиги жок пенде болбосо керек.Мен ичимен зил отуп наразы болсом да тышыма чыгарып атырылып айтып салбайм.Унчукпай калуу бул менин бала чагыман.Ичимен эзилип журуп ошол адамды кайра актап алам бирок кокмун,Эгер журогумо жете азап берсе мен ал адамды эч кечире албайм бирок кектебейм. да жектебейм да бирок журогумдон кечире албайм мына ошол адатымы озум да жаман кором.Бирок турмушумда эч жаман болбодум,келин кезимде коп азап кордум коктугума салып мен ким экенимди корсотом,мени азыр адам ордуна корбосонор, кийин мен сиздерди жакшы мамилем менен берген белегим менен жакшы корсотом деп ыйлап отуруп озум чечимге келгем.Ошол максатыма когоруп журуп жеттим.Баскан турган жерлеринде мени козумчо да козум жокто да мактап журуп,аркалыктай эмес,келиним жакшы укама караганда, Синдиден бей кары,кызыбыздай дегендерин угуп Аллахыма шугурчулук дегем...
Аркалык жаман эле,салт билбейт эле деп айдалып кетпегениме шугур деп калам.Турмушта когоруп журуп кимдигимди билгизгениме шугур.
7. Жок балам,Аллахыман корком андай ой эч келбеген.Билип билбей кылган куноом учун кечирим сурайм, тобо кылам...
Рахмат балам , эч кыйналуу болбойт,
силердин берген суроонор мага кайра откон урмушума сареп салганга,жаштыгыма бир кайрылып келгенге туртку болуп турат.
Рахмат балам сага да ишине ийгиликтер болсун,омурун узун болсун,бактылуу жаштардан бол...
#12413 07 Февраль 2017 - 11:05
DNurgiza (07 Февраль 2017 - 08:12) жазган:
Саламатчылык кызым!!
Неге келбейт экем,кубануу менен келдим кызым.Жаштар Рая эже келсин деп сыйлап турса,кантип келбей койо алам...
Андан коро кобуроок каалаган суроонрду бергиле кучум жетишиче жооп беришке аракет кылайын.
Ракмат кызым баарыбызга текши бактылуулук берсин кызым.
Омурлуу, бактылуу кыздардан болушунду тилеп кетем...
#12414 07 Февраль 2017 - 11:59
#12415 07 Февраль 2017 - 12:28
Куш келипсиз! Бул жактан көргөнүмө кубанычтамын

Интервьюңузга ийгилик.
Жогоруда,кызыңыздын "көңүлүнө карабай берип койдум" деп жазганыңызды окуп калдым,ошо нерсеге кийинчерээк өкүнбөдүңүзбү?
Суроом деле жок экен,сизге бакубатчылык, бактылуу карылык каалайм.
Аман болуңуз!
кидают камень, отвечайте плодами»
#12416 07 Февраль 2017 - 13:25
Shaa-82 (07 Февраль 2017 - 11:59) жазган:
Куш кордук!!
Ракмат кызым.Купуям дайыма ачык колум бошогондо эле жооп жазыш менин адатым.
Ракмат кызым чайлашканга не жетсин бирок колумда келиним жок,дайыма эки неберем карамагымда кээде беш болуп кетет \алтынчы базар кундору.Ошон учун эки жака коп деле чыга албайм.Бирок кудай буйурса насип эткен куну жуздошуп калаарбыз...
Озуно да ракмат кызым,омурлуу бактылуу бол...
#12417 07 Февраль 2017 - 13:43
Суроолоруму дагы бере кетейин )
Менин чоң энемин курдашы экенсиз, жазгандарыңыздан кээ бир мүнөздөрүңүздү окшоштуруп да кеттим..
Өмүрүңүздөгү жалпы максаттарыма жеттим деп эсептейсизби? Же учурда дагы талпынган, көздөгөн ой максаттарыңыз барбы?
Окуган китептериңизден эң чоң таасир калтырганы кайсы?
Кыздын деги эле жалпы аялзатынын колунан эң алгач эмне келиш керек деп эсептейсиз?
Жана кантип эс алганды жактырасыз?
#12418 07 Февраль 2017 - 13:55
Арыбаныз Рая Эже!
Амансызбы, ар дайым бир эле жакындарыныздын эмес, форумдунда куттуу торунон тушпой асыл кенештериниз менен сугарып журо бериниз.Баа жеткис ден соолугунуз мн аманчылыгынызды тилейбиз.
1. Адам каарыганда балдарынын козун карап калат эмеспи, озгочо кенже келиндин. Кенже келинден эмнелерди кутосуз, эмне талаптарды коесуз?
Анткени кенже келинмин кайненемин менден коп нерсени умут кылып, кутуп жургонунда сезем. Турмуш деген ага койбой бизди алыстарда судуроп жургондуктон ар дайым озумду куноолу сезем. Ысык чайын берип, кызматын кылчуу кезде талаалап жургонубуз санаага салат.Эртен бизда каарып, балдардын козун карачу кез келет дегендей.))
2)Уул-кызынызга берген тарбияныздын узурун коруп жаткан учурунуз менимче. Кетирген каталарыздын момосун коруп, журогунуз ооруган кез болобу, мен ушундай тарбия берсем балким балам бул жанылыштыкты кетирмек эмес деп окунгон очурунуз?
3) Ошо менен катар балдарыныздын жакшылыктарын коруп, элден алкоо уккандагы сезимдериниз кандай, берген тарбиям текке кетпептир деп кубанган учурларыныз жонундо болушсонуз.
4)Дегеле бала тарбиялоодо эмнеге коп басым жасагансыз. Эркелетип конулуно карап эркин остургон пайдалууракбы?
Же баланы тыйып, анда-санда какыс-кукус кылган пайдалууракбы? Кантседа бул жаатта тажырыйбаныз мол.
Сураганым себеби кичуулорумо караганда, чонум кобуроок тил угуп, кобуроок уйдогу майда барат милдеттер мойнуна жуктолгондуктон, нааразыле боло берет)) Мени эле уруша бересиз. Мени эле жумшай бересиз деп. Озумо байкалбаган мн кызымды тажатып жиберет окшойм деп ойлоп кетем. Келечекте тарбиясын бузуп албаймбы деген чочулоода башкысы.
5)Ананда ачуунузду кантип басасыз дегим келди.
6)Жагымсыз соз уккандагы сиздин алгачкы реакцияныз?
Суроолорум кобоюп кетчуудой. Калганын жуманын сонуна чыкканча берейин.
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 07 Февраль 2017 - 14:03
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#12419 07 Февраль 2017 - 14:06
rumaika5544 (07 Февраль 2017 - 12:28) жазган:
Куш келипсиз! Бул жактан көргөнүмө кубанычтамын

Интервьюңузга ийгилик.
Жогоруда,кызыңыздын "көңүлүнө карабай берип койдум" деп жазганыңызды окуп калдым,ошо нерсеге кийинчерээк өкүнбөдүңүзбү?
Суроом деле жок экен,сизге бакубатчылык, бактылуу карылык каалайм.
Аман болуңуз!
Бар бол кызым!!
Ракмат кызым,
- Оба окунбодум го бирок коркуу менен жашап журдум.Мен кызыма бир жыл сурок бергем.Бир жылдан кийин тийбесен биринчи эшигимди ким атап сурап келсе ошого берем дегем.Карасам жашы 27 ге чыгып атат,экинчи унверди бутуп атат.
Жээним жакшы бала деп сурап келди.Мен кызга билгизбей корсот,эгер балага жакса эле кызымы берем дедим.Балага кызым жагыптыр.Билем да кызым жактырбайт, мындай нерселер коп болгон.Куда болуп сурагандарга ачык эле айтым.бир жума мага руксат бергиле.Эгер мен унчукпасам менин макулдугум, сойко салганга келе бергиле дедим.Уйго келип кызыма айтым.Кызым жашын отуп кетип атат.Мен бир жума берем жигитин болсо астыма келсин,кедей дебейм,бай дебейм кызым.Эгер жетим бала болсо да бир досун эрчитип келе берсин,мен жетим экен дебейм балам тапкан,чогулткан себинди колуман келишинче берем.Бир кана кызынызды,суйом, мен жашайм десе болгону деп ордуман туруп кеттим.Балыктан ун чыкса ун чыгат,менин кызыман ун чыкпайт.Жигит жактырса алат демекчи 8 куну сойко салдыга келип калышты.Кайненеси кулагына сойко салып,башына ак жоолугун салып бери бурулганда эле кызымын козунун жашы чууруп кетти.Кудагыйымды узатып чыгарып койуп,кайра кирип.Кызым муну эсине бир салып кой,эми жигитин болуп астыма асмандагы жылдыздарды этегиме толтуруп койсо да кеч кызым,бата журуп калды.Ак батаны мен кайрылып буза албайм.Эсинде болсун кызым деп чыгып кеттим го журогум сыздап,кызымын жакшы коргон адамы бар экенин сезип ого бетер кыйналып журдум...
Эртен той деген куну жаныма алып жатсам телефону чырылдап калды.
Сурашып туруп анан оба ошого окшош,эртен деп ыйлап туруп тел.очуруп туруп .
- Апаке ай 99 уна чыдап туруп бири калганда чыдабай калдыныз да ушул куздо той эле десе.Эх турмуш,турмуш татаал экенин дагы бир жолу тан алдым.Корсо озунун групалашы бир жылы, бир ай,бир кундо туулган Таластык жигит экен.Той куну ал бала Бишкеке учуп келди,тымызын уйдо чон чыр болдук.Акелери жангыз карындашыбызды ыйлатып куйого бербейиз,алган нерселерди кайрып беребиз.Той токтобойт кыз узатуу болот,озунун жигити менен дешти.Бирок кызым бизди аядыбы,элден уялдыбы анткени чакырууда баланын аты башка болмок да,оз тагдырын озу чечип,келе аткан баланы да токтотуп,акелерин да токтотуп,турмушка чыгып кетти.
Аллага шугур жакшы жашап атат.Эки уч жыл, келсе эле козун карап апа сиз кылдыныз дээр бекен деп коркуп журдум.Кээде кыйналыштар болот го бирок сиз дебеди,апа пешенем деп ыйлап калчуу.Азыр бактылуу,эки баласы бар,мээримдуу жары бар.
Ошон учун да окунбойм бирок отумушундо апам мени зордоп берип койду эле деген созго калганым анык...
Ракмат кызым.Сага да ишине ийгилик жашооно жана кана жакшылыктар болсун...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 07 Февраль 2017 - 14:07
#12420 07 Февраль 2017 - 14:39
Monchoshka (07 Февраль 2017 - 13:43) жазган:
Суроолоруму дагы бере кетейин )
Менин чоң энемин курдашы экенсиз, жазгандарыңыздан кээ бир мүнөздөрүңүздү окшоштуруп да кеттим..
Өмүрүңүздөгү жалпы максаттарыма жеттим деп эсептейсизби? Же учурда дагы талпынган, көздөгөн ой максаттарыңыз барбы?
Окуган китептериңизден эң чоң таасир калтырганы кайсы?
Кыздын деги эле жалпы аялзатынын колунан эң алгач эмне келиш керек деп эсептейсиз?
Жана кантип эс алганды жактырасыз?
Саламатчылык кызым!!
- Жок кызым дагы эле жетпеген максатарым коп,ойлонсом коркуп кетем,аз омурум калды дегеле оз максатыма жете алаламбы деп санаага алдырам.
Азыр максатым бала кезде ыр жазып тентуштарыма жана да мугалимдериме чон умут жараткам.Бул аткарылбаган максат,арман болуп калды.Мен чонойсом,ыр жазып жетим калган балдардын арманын ата энесине жеткирип,журогуно жете ыр жаратсам дечуу элем...
Таэнемдин элдикине окшобогон тагдырын,уркунго барып кайра аман эсен келгенин поэма кылып жазсам дечуу элем...
Апам менен атамын бири бирин суйуп туруп бирок турмуштун боронунда калып адашканын жазсам дечуу элем...
Мен да турмуштун чон толкунунда калып,талантым тебеленип,зорго жээке судуролуп чыгып,оз ордума келгенче талантым соолуп калыптыр.Азыр эми отумушту жазмак турмак,оз тагдырымы жазышка куч топтоп журом.
Мен китепти коп окудум болгодо да уч тилде окудум.Орус, озбек,оз тилинде.Китептен озумо керектуу кайраты чындап алат элем.Мен турмуштан кыйналып турганымда Войничтин Сайгак деген чыгармасын окуганда,чыдамкайлыкты, турмушта канчалык оор болсо да которо билууну алгам ошондо мен оспурум кыз элем...
Макеронконун Педогтук поэма беле эсиме тушпой атат ошол чыгармасынан жаманчылык менен жакшылыкты тааныдым десем болот.
Жаза кетсем ото коп го...
Аял кишинин колунан биринчиден адамды сыйлай билуу,экинчиден тамак ашты бышыра билуу,балдарын жакшынакай тарбия берууну жана да колунан коор тгулгон ууз,чебер болсо турмушта кыйналбай жашап кетет.
Мен китеп окуп же кино коргонду жактырам же болбосо табыйгата эс алууну жактырам.
Ракмат кызым.