Аялым мени менен чогуу баскандан уялат
#1 07 Февраль 2017 - 18:53
Бир бутум бир бутума караганда кыйла эле кыска, басканда чайпалып басам, ошонум үчүн аялым мени менен көчөдө чогуу баскандан уялат, же менден 20 кадам алдыда, же артта басат. сыртымдан билдибейм, бирок жаман боло берем. үйдө мага жасаган мамилеси жакшы эле бирок. айыбым бар үчүн эс нерсе дей албай жашап келем. айтайын дегеним, достор түгөйүңөрдүн кемчилигинен уялбагыла.
#2 07 Февраль 2017 - 21:26
Эх жаратканымдын пендеси ошодон уялып эмнеси бар кайра суйунбойбу мисалы мен эки жубай эрчишип кетип жатса суктанам карачы бактулуу экен деп куйосундо же келинчегинде кемчилик болсо.
#3 07 Февраль 2017 - 22:57
Аялыныз менен суйлошуп журуп уйлондунуз беле же ала качып уйлондунуз беле? Бири биринерди жактырып суйушуп уйлонсонор кемчилиги деле билинбейт эле го деп ойлойм.
#4 07 Февраль 2017 - 23:16
Кызык анда эмнеге тийет.Бой которуп коет экенда.Бирге эле басабыз деп айт.Аллах жаратканда баарыбызды каалагандай кылып.Антип жолдошун басынткан куноо болот.Мусулманча китептерди оку деп сунушта,балким антпей калат,эсине кирип.
#5 07 Февраль 2017 - 23:30
Эч камсанабай эле ортопед-хирург Сабырбек Жумабековго барып , тегиздетип алын . Азыр 21-кылым го. Же кыскараак бутунузга тенеп соо бутту кесип салат
Тамаша
Тамаша

#6 07 Февраль 2017 - 23:42
#7 08 Февраль 2017 - 00:08
izdeim.seni (07 Февраль 2017 - 23:30) жазган:
Эч камсанабай эле ортопед-хирург Сабырбек Жумабековго барып , тегиздетип алын . Азыр 21-кылым го. Же кыскараак бутунузга тенеп соо бутту кесип салат
Тамаша
Тамаша

Бирөөнө арман, күйүт..
Бирөөнө минтип күлкү..
Кантип ушинтип жазганга дитиңер барат билбейм..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#8 08 Февраль 2017 - 00:09
Автор жубайыңыз жаштык кылып жатса керек..
Кийин баары оордуна келет..
Кийин баары оордуна келет..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#9 08 Февраль 2017 - 00:10
#10 08 Февраль 2017 - 01:22
Балким, оюнда жаман нерсе жоктур. Кээ бир адамдар бар го чогуу басышты билбеген, тоус, маани бербеген, сизге ошондой сезилип жаткан болсочу? Бул эми жакшы ой, эгер чын эле уялса, чын эле жаштык кылып жаткандыр. Капалыкты ичке сактабай, сурап кыйытып болсо да, андай ою жок болсо, өзүңүздү эркин сезе билиңиз. Бул сиздин айыбыңыз эмес.
#11 08 Февраль 2017 - 01:36
Автор кыжалат болбонуз менин жолдошум да мен менен чогуу басчу эмес ынжыйып жаны уйлонгон маалыбызда.
Андай нерсеге капа болбонуз!
#12 08 Февраль 2017 - 10:29
Мындайларды коп узгуп калам, мени боюн кичине деп жолдошум бирге баспайт мени менен дейт болчу бир эже. Эч кейибениз жогоруда жазышкандай балким аялыныз жаштык кылып жаткандыр. Диний китептерди коп окусун динден кабары бар мындай Алланын сыноолрруна туз коз караш менен эле карабастан кубануу менен кабыл алат кемчиликтерди.
Алла сабырдуулар менен! Сизди ишендирип айта алам бир аз сабыр кылып жакшы мамле кыла бериниз конулунузду калтырбай, аялыныз созсуз озгорот. Кийин мындай кылганынан озу уялып калат.
#13 08 Февраль 2017 - 11:25
Бугун буту аксактан намыстанса,
эртен кырсыктап таптакыр озунун буту жок калып журбосун. Кудай озу сактасын дечи, бирок эртенки куну пендени кандай тагдыр кутуп турат бир Алла билет. Ушуну келинчегинерге тушундуруп койгула.
#15 08 Февраль 2017 - 18:49
Бир ээн чөлдө өтө өтө сулуу,адеп ахлагы ааяяябай жакшыы аял жашачу экен,анын күйөөсүнүн өңү ушунчччалык суук,анан өтөө орой экен,аны өтүп бараткан кербенчилер байкап калышып,аялдан сурашыптыр,
эмнеге өзүң ушунча келбеттүсүң,
а күйөөңдүн өңү серт болгону аз келгенсип адеби да начар экен. Кетип эле калбайсыңбы дешет,ошондо баягы аял,мен өзүм сулуу болсомда Аллахтын алдында даражам,бул кишиден да төмөн экен,ошого Аллах мени ушуга кошту деп жооп берген экен..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#16 08 Февраль 2017 - 19:13
Бир сахабанын аялынын тили өтө өтө узуун,күйөөсү катуу басса аксак,акырын басса таскак деп, оңго кирсе сол деп, солго кирсе оң деп, күйөөсүнө аяябай каршы чыгып турат экен.. Кошуналары менен даййыма урушуп, үйүнө ээч кимди жолотчу эмес экен. Андан тажаган досу келип, ажырашып эле кетчи, сен тажабадыңбы, мунуң оңолбойт дешип кеңеш беришет.. Ошондо тигил сахаба "мен башка мусулманга жамандык каалабайм, мени менен ажырашса деле, башка күйөөгө тийүүсүнө туура келет.. Ошого ал киши да азап тартып калбасын деп ойлойм " деп ажырашпаган экен. Бирок кийинчерээк аялы оңолуп,ошол айылдын эң үлгүлүүсү болот. Даагы бар эле унутуп жатам..
Румаика эженин айтуусу боюнча жазылды..
Авторго жана автордун жубайына ушул эки кичинекей окуя сабак болоор деген үмүт..
Билдирүүнү түзөткөн: happy02: 08 Февраль 2017 - 19:15
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#17 08 Февраль 2017 - 23:21
Ой тообо анын эмнеси бар менин деле куйоом бар,2 топтогу инвалит,1 козу ат тейлеп кетип карасы жылып калган экен,ошодон кийин ошол козу корбой калган экен,мен аны эчнерсе деп кемсинтбейм,
кайра алдында ойлонуп турам ушуга ушул нерсем катуу тийбедиби озуно алып албадывы,ушул сыяктуу ойлор дайыма коштоп журот,анын туугандары айткан козунду жасалма салдырталы деп мен макул болбой койгом,акыретинде не деп жооп берет,кандай сыноолор болуп жатат?Аллахымын буйругу менен болот,ошондой экен жасалма салуунун кереги жок дегем,анан дайыма каяка барсакда жанынан жылбай колтуктап басам кулуп жайнап кызыбызды жетелеп алыып,кайра мени коруп элдер суктансын дейм,турмушка чыкканыма 5 жыл болду,жапжакшынакай жашап келе жатабыз,Кудай сактасын жаман коздон жаман создон,афтор сенинда аялын тушунуктуу бролуусуна тилектешмин.
#18 09 Февраль 2017 - 14:23
Менинда бир тагамдын буту кыска. Кичинесинде чана тебем деп бутун чанага кысып алган экен. 3 жолу оператция болгон. Барибир дана байкалат буту. Бутунан уялып кечта уйлонду. Бирок аялын бары жакшы дешет. Бир жерге коноко барса жетелешип барат. Кочодода кенири женем тагамдан уялбайтко дейм. Женем бирок суулу келин тагамда красавчик бир айбы буту. Сиздин аялыныз кызык экен. Бир нерсе дей албайм.
#19 10 Февраль 2017 - 11:53
Жон эле тикелей сураса болбойбу, "Пачиму минтесин? Жетелешип журсок болбойбу? Жаткандан уялбаган, басканга келгенде уяласынбы? Бас жанаша, "- деевелэээ.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.