Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 52
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#1061 Пользователь офлайн   milana0230   10 Февраль 2017 - 14:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 25 Январь 17
  • Соңку аракети: 15 Май 2017 15:23

Баарыңарга салам! Ар бир адамдын башынан чоң таасир калтырган,сабак боло турган окуялар өтөт эмеспи. Ошолор жөнүндө жазабыз. Жана кеңешиңиздерди да калтыргыла
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1062 Пользователь офлайн   atai9292   10 Февраль 2017 - 20:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: Бүгүн, 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Менен буга окшогон окуялар аябай эле көп өткөнда. Кайсы бирин жазсам экен а
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1063 Пользователь офлайн   Respect.   10 Февраль 2017 - 21:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.



Бул окуя Мухаммед Алинин кыздары анын үйүнө өтө ачык кийим кийип келгенде болгон. Анын кыздарынын бирөөсүнүн айтып берүүсү боюнча окуя төмөнкүдөй болгон: 

Биз акыры атам жашаган үйгө жеткенде, айдоочу сиңдим Лейла менен мени атамдын квартирасына чейин узатып чыкты. Ал бизди чочутуу үчүн, ар дайымкысындай, эшиктин артына жашынып күтүп туруптур. Бири-бирибизди болушунча бекем кучактап өптүк. Атам бизге жакшылап көз жүгүртүп карады да, анан мени тизесине отургузуп, мага мен өмүр бою унутпай турган бир сөз айтты.Көздөрүмө тике карап: “Хана, Кудай бул дүйнөдө баалуу кылып жараткан нерселердин баары катылуу жана кол жеткис. Алмазды кайдан табасың? Жердин түбүнөн жабык жана катылган абалда. Берметти кайдан табасың? Океандын тереңинде, кооз кабыктын ичинен. Алтынды кайдан табасың? Терең шахталарда кабат-кабат аска, таштын арасынан. Аны алуу үчүн катуу иштеш керек”. Анан ал мага олуттуу көздөр менен карады да: “Сенин дене-мүчөң да ыйык. Сен алмаз, берметтерден да баалуусуң. Сен да жабынышың керек, кызым!”,- деди. 


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1064 Пользователь офлайн   Respect.   10 Февраль 2017 - 21:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.


Бүгүнкү байлык эртеңки кедейлик.

Бир ыймандуу аял бай соодагерге турмушка чыгат. Ал байдын чоң дүкөнү бар эле жана бул жерде бай кездеме, кийим сатып оокатын кылчу. Ал бай болгону менен абдан сараң адам эле.

Күндөрдүн биринде бай кечинде үйүнө бир тоок алып келип, аялына тоок этинен кечки тамак жасаарын суранды. Тамактанып жаткан убакта дарбазанын такылдаганынан улам бай сыртка чыкты. Дарбазанын жанында абдан курсагы ачып, тамаксыз ачка калган кедей турган эле. Ал байдан бир аз тамак сураганда, бай баш тартып, ачууланып, ага кыйкырып, дарбазасын катуу жаап, тамакка кайтып келди.

Аялы:
- Эмнеге кедейге кыйкырып, анын жүзүнө дарбазаны жаап салдың?
- Сен менин эмне кылышымды кааладың эле?
Аялы:
- Тоок этинин жарымын же бир канатын бергенинде, байкуш кедей аз да болсо ачкалыктан арылмак!

Күйөөсү:
- “Эмне, бир бүтүн канатты беришим керек беле? Сен акылдан азгансыңбы, эмне!” –деп, аялына ачууланды.
Анда аялы: “Жок дегенде жакшы бир жылуу сөз айтып койсоң болмок!”- деди.

Арадан убакыт өтүп бай дүкөнүнө келип, дүкөнүнүн ичиндеги кездеме, кийим-кече баары күйүп кеткенин көрдү. Эми байда эч нерсе калбады. Бай үйүнө капалуу келип, аялына иштин чоо-жайын айтты.
Аялы:
- Маанайынды чөктүрүп, кайгырба! Аллах мунун артынан сөзсүз кубаныч, ырыскы берет.
Күйөөсү: “Ээ, аял, ук мени! Ошол кубаныч келгенге чейин сен төркүнүнө кет, мен сага бир нерсе корото тургандай абалда эмесмин”-деп ачууланды. Ошентип бай аялы менен ажырашты.

Тиги аял өзү айткандай, ак ниет, колу ачык, мээримдүү, кедей ачкаларга жардам берген адамга турмушка чыкты. Күндөрдүн биринде күйөөсү экөө тамактанып отурганда дарбаза такылдап, аялы дарбазаны ачып калды.

- Бир ачка калган кедей адам бир аз тамак берүүбүздү сурап жатат.
-Үйдөгү эки тоок этинин бирөөсүн берип кой. Экөөбүздүн кечки тамагыбызга калганы жетет. Сурап келген адамдын колун бош кайтарган болбойт! –деди күйөөсү.

Аялы: “Сендей колу ачык, ак көңүл адамдар аз!”- деп, тоок этинин бирөөсүн тиги кембагалга алып чыгып берди.

Кайрадан кайтып келип дасторконго олтуруп, аялы көзүнө жаш толуп тамагын жеп жатты, күйөөсү аны байкап калды.
- Сенин ыйлашыңа эмне себеп болду?
- Аябай капалануу менен ыйлап жатам.
- Эмнеге капа болдуң?
- Себеби, жана эле биздин дарбазаны кагып, тамак сураган, сен эт берген кедей менин биринчи күйөөм болчу. Бир жолу ал бай кезинде ачка калып, тамак сурап келген кедейге тамак бергендин ордуна, катуу кыйкырып сүйлөп, кедейдин сунган колун сумсайтты эле.

Күйөөсү: “Ээ, жубайым! Азыр биздин дарбазаны каккан кедей сенин биринчи күйөөң болсо, ошондогу силердин эшигиңерди такылдаткан кедей мен болчумун”-деди.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1065 Пользователь офлайн   Respect.   10 Февраль 2017 - 21:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Ушул сыяктуу окуялар боло береби?

П.С. бул окуялар менин башымдан өткөн эмес...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1066 Пользователь офлайн   Respect.   10 Февраль 2017 - 21:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.


Кулактын дарысы

Бир абышка теңтушуна арыз-арманын айтат: "Ээ, теңтуш, кемпирдин кулагы болбой калды, догдур-согдурга көрсөтпөсөк болбойт окшойт" -дейт. Теңтушу: "Ой!
Аны догдурга көрсөтүп эмне кыласың. Аларың акчаны куруткандан башка эч нерсеге
жарабайт. Андан көрө кыргызча эле дарылабайсыңбы? " -дейт.

Абышка: "Кыргызча дагы дарыласа болобу? Сенин бир
бирлигиң бар э? Анда айтчы билгениңди? "-деп шаштырат, сүйүнүп кеткен абышка. Теңтушу: "Алгач, жыйырма метр аралыктан сүйлөп көр. Эгер укпаса, беш метр жакындап сүйлө. Анда да укпаса дагы жакында. Ошентип канча аралыкта
угарын билип алсаң болот. Калганын анан көрө жатарбыз" -дейт. Абышка үйүнө келсе кемпири очок жакта бир нерсе кылып жүрүптүр. Жыйырма метрдей аралыктан: "Кемпир! Эмне тамак жасап жатасың?" -дейт. Кемпири унчукпайт. Бир аз жакындап, дагы сүйлөйт. Кемпири дагы деле унчукпайт. Абышка дагы жакындайт. Ошентип кемпиринин жанына келип: "Кемпир! Эмне тамак жасап жатасың? -деп кыйкырса, кемпири ачууланып: "Ой! Жанатан бери беш жолу айттымго! Тоок бышырып жатам" -дептир.

Албетте, бул жөнөкөй бир икая. Бирок, мындан алына турган өзгөчө сабак бар. Учурда адамдардын көбү өзүнүн айыбын билбей, башкаларга сын такканды
адатка айлантып алышкан. Бул өтө өкүнүчтүү нерсе.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1067 Пользователь офлайн   Respect.   10 Февраль 2017 - 21:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.



Акыретте намаз окубаган, бай, кедей,
оорукчан, 3 адамдан сурак алынат. Аллах
Таала бай жашаган адамдан сурайт, сен эмне
намаз окуган жоксун дейт, Мен абдан бай
элем ошого деп жооп берет. Аллах Таала ага
эн бай болгон Сулайман а.с Пайгамбарды
корсотот: Сулайман а.с абдан бай болсо да,
Мага ибадат кылып намаз окуган дейт Аллах.
Бай жашаган адамдан сурады Аллах, сен
ушундай бай белен деди ,ал жок деп жооп
берет. Аллах айтат анда сен тозоктуксун деп
тозоко ыргытат. Аллах кедей жашаган
адамдан сурады сен эмнеге намаз окуган
жоксун деп. Кедей жашаган адам айтты мен
эн кедей элем,ошого намаз окуй алган жокмун
дейт. Аллах кедей жашаган адамга, эн кедей
болгон Иса а.с Пайгамбарды корсотот ал
аябай кедей болгон суу ичкени бир гана
крушкасы болгон. Кедей болсо да Иса а.с мага
ибадат кылып намаз окуган деди Аллах. Сен
ушундай кедей белен деп сурады,кедей
жашаган адам жок деди. Аллах айтты сен да
тозоктуксун деп тозоко ыргыттырат. Аллах
оорукчан адамдан сурайт, эмнеге намаз
окуган жоксун деп. Оорукчан адам айтты мен
оорулу элем ошого намаз окуган жокмун дейт.
Аллах оорукчан адамга,эн оорукчан болгон
Абу Аюб а.с Пайгамбарды корсотту Аюб а.с
дын денеси курттап оор абалда болсо да мага
ибадат кылып намаз окуган. Аллах сурады
ооруган адамдан сен ушундай оорукчан белен
деп. Ал адам жок деди Аллах айтты сен да
тозоктуксун деп тозоко бети м,н ыргытат.
Намазга эч кандай шылтоо болбош керек.
Момун Мусулман бир туугандарым баарыбыз
Аллахтын раазылыгына жетиш учун Намаз
окуйлу. Биз да тозоктуктардан болуп
калбайлы Аллах сактасын! !!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1068 Пользователь офлайн   Respect.   10 Февраль 2017 - 21:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.


Акылдуу келин.
Баласынын уйлонгонуно бир ай откон эне
келинин жанына чакырды." Мен баламды 30
жылдан бери намазга тургуза албайт элем.Сен
болсо 30 кундун ичинде эле буга жетиштин" -
коздору жашылдана тушту. Кайын энесин
сооротуп,акылдуу келин мындай
деди:"Энекем, таш жана кен жонундогу окуяны
уктунуз беле? Чон жолдун так ортосунда
откон-кеткен жолоочуларга тоскоол болгон
чон таш бар эле.Бир куну бир жолоочу аны
майдалап,жолдон алып коюну чечти.Ал ташты
куч менен уруп жатты.Бирок, 99 жолку
соккудан кийин ал кишиден куч кетти.Ошол
убакта,жанынан отуп бараткан киши ага
жардамга келди да,керкини алып куч менен
ташты урду.Таш майда болукторго болунду
эле,анын ичинен бир кап алтын чыкты.Ташты
майдалаган жолоочу айтты:"Ташты мен
майдаладым. Алтын мага тийиштуу." -Мен 99
жолу урганмын.Демек, менин да улушум бар"-
биринчиси кем калган жок. Маселе чечилбеген
сон,экоо казыга барышты.Аларды кунт коюп
уккан казы биринчисине алтындын 99
болугун,ал эми экинчи кишиге 1 болугун
берди."Эгерде бул 99 жолу урбаганда,сенин
бир жолу урганындан эч кандай майнап
чыкмак эмес"-деди адилеттуу казы. Сиз 30
жыл умут узбой баланызды намазга
ойготтунуз. Менин бир жолку ойготконум да
сиздин мээнетиниздин момосу"-деп жооп
берди акылдуу келин...


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1069 Пользователь офлайн   milana0230   10 Февраль 2017 - 22:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 25 Январь 17
  • Соңку аракети: 15 Май 2017 15:23

Просмотр сообщения Respect. (10 Февраль 2017 - 21:26) жазган:

Ушул сыяктуу окуялар боло береби?

П.С. бул окуялар менин башымдан өткөн эмес...


Оа болот, абдан жакшы жазып жатасыз, уланта бериниз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1070 Пользователь офлайн   Respect.   10 Февраль 2017 - 23:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.


Болгон окуяны жана болуп жаткан
окуяны айтып берейинчи!
*СОЦИАЛДЫК ТАРМАККА* *ӨЗҮНҮН* *СҮРӨТҮН*
*КОЙГОН ТУУГАНДАРГА* ..
Социалдык тармактарга өзүнүн, үй- бүлөсүнүн
сүрөттөрүн ачык коюп алган туугандарга
кандай түшүнсө болот?
Шариатта керектүү гана делген документтерге
(паспорт, айдоочунун күбөлүгү жана башка)
сүрөткө түшүүгө уруксат.
Ашыкча эле нан жегенин, тойго барганын, ар
бир кыймылын, алдын артын тартып соц
тармактарга жүктөө тыйылат. Медицинада да
селфимания психикалык оору катары каралат.
Бул оору азыр хиджаб кийген ыйманы
алсызыраак кыздарга да жуккан.
Үй-бүлөлүк альбомду жакын тууган деген гана
адамдарга көрсөтөбүз. Антип ачык коюп алуу
көчөдөгү бей тааныш кишилерге ошол
альбомуңду ме көрө бер деп колуна карматып
койгон сыяктуу. Ал сүрөтүңдү жакшы ою бар,
арам ою бар кылмышкер да көрөт информация
катары. Керектүү убакта зыяндык кылып коёт.
Бир кыз жарым жылаңач түшкөн сүрөттөрүн
толтуруп чыгарып койгон эле одноклассник,
жана башка тармактарга. Өзү бир жылдай
болду каза болуп калды. Анын страницасына
эркектер азыркыга чейин шилекейлери куюлуп
комменттерди жазышат. Канча эркек эркектик
сезими козголгон сайын ошол өлгөн кызга
күнөө жазылып 24 саат бою көрүнө жетип турат
... Өтө өкүнүчтүү абал... Паролун өзүнөн башка
эч ким билбейт... Бул Аллахтын жазасы...
Жана кече жакында болгон окуя.
Ушул одноклассникте бир видионун
комментарийинде эки кыз айтышып кетип.
биринин жини келип экинчисинин анкетасына
кирип суротторун алып.Белгилуу грууппаларга
бул кыз менин уй булому бузуп жатат жана
алдамчы кыз етият болгула москвадагылар деп
жазып суротун кошо жуктоп таштайт жала
жап.Аны екинчисинин агасы коруп калып
карындашын сабап таштайт кимдин уй булосун
буздун деп.Ал кыз каттуу тайак жеп болницада
экен азыр.Ошондуктан достор комментарийге
жана башкаларга жазганда етиканы
кармагылачы. Сурот коргозбогулочу. Сурот
жукто бул мактангандык еле.
Ыйлап туруп какшап мен силерге айта берем
сураныч сурот жуктобогулочу
Мусулман мусулманга эскертүүчү! !!
Урматтуу аял зат! Аллах аруу кылып берген
денеңерди жапкыла, жоолук салынгыла... .
Хадисте тозокко түшүүчү аялдын биринчи
белгиси жоолугу жок жарым жылаңач жүрүүсү
деп катуу эскертет.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1071 Пользователь офлайн   Respect.   10 Февраль 2017 - 23:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

ИЧКИЧТЕРДИН YЙYНӨ БАРЫП ЖАШООМ ӨЗГӨРДҮ

Милицияда иштечүмүн. Оңой
жумуш эмес. Күндүр-түндүр эле
ызы-чуунун үстүндө жүрмөй.
Бир ирет "коңшуларыбыз
тынчтык бербей жатат" деген
чакыруу келип, шаардын чок
ортосундагы көп кабаттуу үйгө
бардык. Мындай чакыруулар
толтура эле болот. Кептин
баары аракта да. Андайда
масты алып келип, бир
жумадай камап салабыз.
Айткандай эле, мас экен.
Күйөөсү-аялы экөө тең жапжаш
кыргыздар, экөө тең мас. Ызы-
чуу түшүп мушташышкан
окшойт. Үй ичинин баары
идиштин сыныгы. Күйөөсүнүн
колун кайрып алып жөнөгөнү
калганбыз, капыстан эле эшиги
жабык турган бөлмөдөн добуш
угулду. Карап коёюнчу деп ача
салып жүрөгүм үшүй түштү.
Бөлмөдө төрт жаштардагы кыз,
анан эки жаштардагы эркек
бала жүргөн экен. Экөө тең
мени карап алактап коркуп
калышты. Мен жаш балдардын
мынчалык муңдуу көздөрүн
көргөн эмесмин. Эч кандай
баёолук, адамды кызыгып,
күлүп кароо деген жок,
коркунуч гана бар. Экөөнүн тең
кийимдери кир, чачтары өсүп,
уйпаланган, майланышкан.
Эркек баланын алдында эч
нерсе жок. Ысык сууга күйгөн
окшойт, буттарында сууга
толгон ыйлаакчалар.
– Силердин балдарыңарбы?
– Ооба,- аял көңүлсүз жооп
берди. – Мен силерди тынч
отургула дебедим беле?!- деп
кызды баштан ары чаап
жиберди. Нес болуп эле туруп
калдым. Кыз басып барып
жерде турган табакка кашык
салды да: – Кел, Нуйчик, ап де,-
деп инисин чакырып ага тамак
бере баштады. Тамагы кадимки
эле кукси. Бала отурбай жеп
жатты. Кыязы, бутундагы
ыйлаакчалары ооруйт окшойт.
– Бул эмне кылганыңар? !
Балдардын кебетеси кантет?!
– Байке, сиздин ишиңиз эмне?!
Чыдамым түгөндү. Билбейм
кандай ойлойсуңар, бирок
өзүмдү кармай албай койдум.
Тарс эттире келинди жаактан
ары чаптым. Күйөөсү жүткүндү.
Аны баса калып эзелки өчүм
бар кишидей жанчып салдым.
Экөөнү тең эшикке сүйрөп
чыгып кайра кирсем, баягы
кичине кыз инисин артына
калкалап "байке,
уйушпаңызчы? Нуйчикке
тийбеңизчи? " деп ыйлап
жиберди. А бул байкуштардын
күнөөсү эмнеде эле? Мен өлүп
жаткан адамдарды көргөм,
алардын жакындары ээ-жаа
бербей өксүп ыйлагандарын
көргөм. Бирок көзүмдөн жаш
чыккан эмес. Азыр бети-башы
кирден ботко болуп, балалык
деген эмне экенин билбей, таш
боор ата-энесинин токмогун
кадимки эле нерседей
кабылдап, бирок ошондо да
өзүнөн алсыз, кичине бир
тууганына кам көрүп, аны
калкалап турган кызды көрүп
ыйлап жибердим. Көрсө, күчтүү
адамдардын алдында ыйлайт
экенбиз. Мен аны ошондо
түшүндүм. Экөөнү кучактап
алып ыйлай бердим. Токтоно
албай койдум.
Балдарды убактылуу балдар
үйүнө алып кетишти. А тиги
эрди-катын "бизди сабады" деп
үстүмдөн арыз жазып
коюшуптур. Жумушумдан алып
коюшту. Мейли, өзүм деле
кетмекмин, ага кейиген
жокмун. Оюм башкада болчу.
Мен тиги эки балакайды
таштап кете алмак эмесмин.
Келинчегим колдоп, ары-бери
чуркап жүрүп акыры экөөнү
тең өзүмө каттатып багып
алдым.
Билесиңерби, мен азыр абдан
бактылуумун. Кызым Анель
өзгөчө боорукер, күйүмдүү жан,
1-класста окуп жатат. Уулум
Нурдан апасынын жанынан
карыш жылбайт. Кээде Анель
"сен бизди кайра алып барып
койбойсуңбу? " деп жүрөктү
эзет. "Жок, эми силерди эч
кимге бербейм! Силерсиз
кантип жашайм?!" деп
жооткотом. Азыр алар ини
күтүп жатышат. Жакында төрөт
үйүнө жасанып алып барабыз...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1072 Пользователь офлайн   Respect.   10 Февраль 2017 - 23:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.



"АЖАЛДАН YЧ АДАМДЫ АЛЫП КАЛГАН АКЫЛДУУ АЯЛ"
Абдышукур Ажы Нарматов

Бир падыша үч кылмышкерди абака камоого буйрук берди. Арадан бир нече күндөр өткөн соң аларга өлүм жазасы чыгарылды. Кылмышкерлерди өлтүрүү үчүн баш кесер желдет кылычын көтөрүп башын чабууга даярданып жаткан кезде, боздоп ыйлап жаткан аялдын үнү угулду. Падыша аялды чакыртып, эмне үчүн ыйлап жатасын? - деп сурады. Аял: "Бул үчөөсү менин жакын адамдарым, бирөөсү күйөөм, экинчиси уулум, үчүнчүсү бир тууганым. Көзүмдүн кареги болгон уулумдан, таянар тоом болгон күйөөмдөн, бир боорум болгон бир тууганымдан ажырап жатып кантип ыйлабай коё алам?"- деди. Көз жашын көл кылып боздоп ыйлап жаткан аялды көргөн падыша аялга боору ооруп: "Ушул аялдын урматы үчүн үчөөсүнүн бирөөсүн өлтүрбөгүлө" - деди. Аялга: "Үчөөсүнүн кимисин тандасаң ошонусун өлтүрбөйбүз, кимисин тандайсын ?"- дегенде аял терең ойго батып калды. Баламды тандасамбы же кимисин..... Айлана жым-жырт болуп, бардык адамдардын көзү аялга тигилип кимисин тандаарын жана алардын кимиси тирүү калаарын күтүп жатышты. Аял ойлонуп бүткөн соң: "Бир тууганымды тандайм" - деди. Адамдардын бардыгы аялдын жообуна таң калып, эмне үчүн бир тууганыңды тандадың ? - деп сурашты. Аял: "Күйөөмдөн айрылсам башка адамга турмушка чыгып кетишим мүмкүн, уулумдан айрылсам башкага турмушка чыккан соң башка бала төрөп алышым мүмкүн. Бирок, ата-апамдын кайтыш болгондугуна байланыштуу башка бир тууганды таба албайм"- деди. Аялдын даанышмандуулук менен айткан бул сөзү падышаны жана айланадагыларды таң калтырды. Аялдын даанышмандуулугуна таң калган падыша үчөөсүн бирдей кечирип жиберди. Акылдуу аялдын себебинен үч эркек ажалдан бирдей аман калды.

Ага-ининин, эже-сиңдинин кадырын алардан ажыраган адам гана билет.

Бир туугандарың менен жакшы мамиледе бол, алардын кадырын бил! Анткени алар алтынга алмашкыс жандар....

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1073 Пользователь офлайн   Respect.   11 Февраль 2017 - 00:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.


БАШКЫ ДААРЫГЕРДИН БАЯНЫ.


Кырк жылдан бери рак оорусуна жолуккан бейтаптарды дарылайм. Ушул убакка чейин түрдүү окуяларга туш келдим. Алардын ичинен 1976-жылы болгон бир окуяны баяндап берейин...

Башкы дарыгер болуп иштеп турган убагымда жаш жигит өпкө рагына чалдыгып келип калды. Аны өзүм дарылачу элем. Кудайдын уруксааты менен кыска убакыт ичинде абалы жакшыра баштады. Болгону, кеминде беш жылга чейин өзүн жакшы карап, кээ бир нерселерден тыйылып турушу керек эле. Төрт жыл өтүп, ал жигит Измирге барып келүүнү суранып калды. Кыш айы болгондуктан самолётто барып келүү шарты менен уруксат бердим.

Тилекке каршы ал самолётко билет алалбай, автобус менен жолго чыгыптыр. Анын үстүнө автотыгында алты саат суукта калып кетиптир. Кесели тез арада анын сөөк жана өпкөлөрүнө таркап кетти. Бул болсо башка оорулардын да сезгенишине себеп болуп, баса албай, дайыма кислород менен дем ала турган абалга алып келди.

Бир жолу үйүнө барганымда:
«Доктор... Мен сизге абдан нааразымын», – деди.
«Эмне үчүн?» деп сурадым.
«Сиз... диндар адам экенсиз. Неге мага да Аллахты, өлүмдү, акыретти түшүндүрүп бербедиңиз? »
Анын суроолорунан бир аз ыңгайсыз боло түштүм.
Жигиттин көңүлүн алуу үчүн аракет кылып: «Догдурга ар кандай абалда акчасын берип, дарылана бересиң. Бирок, ыйман дарысын алуу үчүн чын дилден каалашың керек», – дедим.

Ал чын дилден каалайм деген мааниде башын ийкеди. Ушундан кийин үмүтсүз медициналык дарынын үстүнө ыйман менен да дарылоо башталды. Ал болсо мен үйрөтүп жаткан ыйман акыйкаттарын чын жүрөктөн тыңшап, айрым учурда суроолорун берип турар эле.
Бир күнү «Доктор, – деди... өлүп баратканда эмне дешим керек?»
«Сага али шахадат келмесин айтуу узундук кылат. «Аллах, Мухаммад», десең сага үзүр», – дедим. Оорусу күчтүү болгон үчүн көп кыйнабайт элем. Бул арада сапарга кетип калып, кыска убак көрүшпөй калдык.
Кайтып келгенимде апасы коңгуроо кылып: «Балам бир жумадан бери укол албай жатат», – деди.

Тезинен анын үйүнө барып, эмне үчүн укол албай жатканын сурадым. Анын жообун ушул убакка чейин унута албайм... Эстегенде титиреп кетем:
«Дарынын таасири менен уктап жатканда өлүмгө туш келип «Аллах, Мухаммад», дей албай калсамчы?» – деди.

Эртеси күнү ага: «Эч коркпо – беймарал укол алышың мүмкүн» дедим.
Жигит бул учурашуубузда акыркы суроосун берди:
«Доктор! Азраил... мага кандай... абалда көрүнөт?»
«Уулум, Азраил алейхи салам бир периште. Кыйналба, ал сага жакшы кебетеси менен келет, Кудайым буюрса», деп жооп бердим.

Шейшенби күнү жигиттин абалы оорлошкондуктан үйүн көздөй жол тарттым. Бирок, тилекке каршы аны менен амандашуу мага насип болбоду. Үй-бүлөсү бүтүндөй ызы-чууга түшүп калган экен. Бир гана диндар карындашы, мени көргөндө жаныма келип, анын соңку абалын айтып берди: «Бир аз мурун үйдө бир муъжиза болуп өттү. Агам кислородун чечип, кыймылдаба дегенибизге карабай, туруп даарат алды. Андан кийин эки рекет намаз окуду. Баардыгыбыз нес болуп калдык. Кийин болсо шахадат келмесин келтирди жана «Догдурга айтып койгула, өлүм периштеси ал айткандан да сонун кебетеде көрүндү», – деп жаны үзүлдү»...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1074 Пользователь офлайн   Respect.   11 Февраль 2017 - 00:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Бир куну кокустан телефонума башка мага бейтааныш болгон номер чалып калды. Алсам бир кичинекей кыз:
-Ата ата сенсинби?! сени сагындым, келбейсинби - деген ыйламсыраган уну угулду. "тааныштар тараптан мени тамашалап жатышса керек" деген ойдо - Ээ кызым, азыр мен бош эмес элем, ананыраак чалайын" дедим да телефонду очуруп койдум. Өз алдымча көз алдыма 4-5 жаштагы кызды Элестеттим да жылмайып койуп жолума туштум. 
Кечке маал эсимен чыгып кеткен экен, кайра ошол номер чалып калды. Алсам дагы эле ошол кыз:
-Ата атаке сенден суранам, билемин бизди багамын деп алыс жакка иштегени кетиптирсин. Кел десем келе албасынды да билем апам айтты.... жок дегенде телефондон болсо да эркелетип койчу... атаке сени эркелеткенинди сагындым - деп ыйлагысы келип суйлоп жатканда телефонумдун батарейкасы очуп калды... ʺжуроктон чыккан соз, журоко жететʺ дегендей, айткан создору мага катуу тийди окшойт, мындай создорун укканымда жан'дуйномдогу Аталык сезими ойгонду окшойт. Озумчо ойлонуп: 
-мейли кайра чалса эркелетип койом да - деген ойдо калдым. Эртеси кайрадан чалды. Алдын ала даярданып алдым эле: 
-Ээ кызым мен да сени сагындым ананайыным, менин кичинекейим - деп оозума кирген создорду, жылуу жана назик кылып, ал кичинекей кызды эркелете бердим. Анын кубанычына чек жок экенин, сүюнгөндөн ыйламсырап жатканын да байкап турдум. 
- Макул атаке эртен чалам - деп дагы бирдемкелерди айтып жатканда байланыш үзүлүп калды. Кайра чалайын деп чалууга көнүлүм барбады. Эртеси куттум: - чалып калса кичинекей кыздын көнүлү сынбасын, эркелетсем эмне болуптур, үйлөнсөм өзүмдүнда ушундай Атакелеп мени ээрчиген кыздарым болот, инша'а Аллах, деп суйунуп койдум. Ошентип бир убакытка чейин сүйлөшүп жүрдүк, бир күнү мага ал номер чалбай калды, 3-4 кун өтүп калганда гана баягы номер кайра чалды... Чалганына абдан суйунуп, шашып калганымдан ʺаллоʺ деп айткандын ордуна: - кандайсын? кызым, жакшыбы? эмне чалбай калдын? - деп суйлоп жатсам телефондон чон эле аялдын уну:
-Кечиресиз мен сизге бир нерсе айтайын дедим эле - деп калды.
Журогум зырт дей түштү, озумду жаман сезип:
-Айта бериниз - дегиче болбой озу сөз баштап калды:
-Кызым оорукчан болгондуктан атасы авариядан каза болгонун айта албай, алыска иштегени кеткен десем - телефон чалып бер дегенинен оюмдан чыгарып эле ушул атандын жаны номери деп терип колуна карматып койгом. Ошол кундон тартып ал сиз менен ата деп суйлошуп жургон.... ʺСуйлошуп жургонʺ деген созу мени кыжаалат кылып, туду-судю
-Азыр кана жакшыбы? озу каякта?- деп суроо артынан суроолорду берип жатып ал аялдын ыйлаган үнүнөн токтоп калдым...
-3-4кун мурда талмасы кармап катуу ооруп жатып жылмайып: ʺатам мени эркелетти, атам жакшы адам аʺ деп жатып аманатын тапшырды, атасынын артынан кетти, мени жалгыз таштап кетти - деп ыйлап жатып телефонду койоордо дагы: - бир жолу бизди кечирип коюнуз -деп очуруп койду. Кайра чалып кантип кайрат айтаарымды билбей башым чынарып калды... Ошолбойдон байланышпады, а мен кичинекей кызга конуп калдым эле. Телефон шынгырап калса, ошол кызбы деген умутто карайм: - кандайсын, кызым?! Мен атанмын - деп, эркелетким келлет, бирок, ал кыз чалган номер азыркы кунго чейин очук...((((

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1075 Пользователь офлайн   Respect.   11 Февраль 2017 - 00:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

СЫНООДОН ӨТКӨН ЖУБАЙЫМ..

Аялым экөөбүз үйлөнгөнүбүзгө көп жыл болду. Ортодогу мамилебиз сууп,ага болгон сезимим өчө баштады. Көчөдөгү таптатынакай кыздарга көзүм түшүп, кызыга баштадым..
Кыялымдагы сулууну табыш мага онойго турду,себеби, базарда иштейм. Кардарлардын арасынан ушундай бирөөнү таптым.
Супсулуу,назик ушундай сонун жан эле..
Аялым менин ала жипти аттап жүргөнүмдү сезсе керек..унчукпай, ойлонуп,мен уктап калганда ыйлап алчу..бирок балдарыбызды атасыз калтыргысы келбедиби,же мени сүйчүбү,айтоор ажырашам деп бир да жолу айткан жок.
Күндөр өтүп,тиги кызга аябай байланып калдым,аялымды көрөйүн деген көзүм жок. Эптеп эле кечинде келип уктап,кайра эртен менен үйдөн чыга качам..
Досторум,эй эсине кел,тиги кызын сени менен акчан үчүн жүрөт,акчан болбосо бир тыйынчалык керегин жок болосун ага- деп калышты..
Ойлонуп отуруп ал кызды сынайын деп чечтим.
Өзүнчө план да түзүп алдым.
Досум ал кызга чалып:
-Саламатсызбы, мен Эрнистин досу болом..Эрнис банкрот болуп калып,уксус ичип алды,азыр реанимацияда, тезинен келе калсаныз -деп айтты.
Кыз:
-Кайсы Эрнис?!..мен андайды тааныбайм,экинчи мага чалбаныз деп трубканы коюп салды...
Ичим өрттөнүп,анын: "Сизди сүйөм"-деген сөзүнүн жалган экенин түшүндүм..ушунчалык ачуум келди..досторумдун көзүнчө да сынып калдым..
"Ушул эле сөздү аялыма айттырсам кантээр экен?.." деген ой келди.
Досум аялыма чалса,аялым сөзүнүн акырына чыгарбастан:
-Ал тирүүбү?..Кайсыл больницада? !..Тезинен дарегин бере салынызчы мен бара калайын-деп ыйлап жиберди..
Мына сага! Ит эле болдум..1 жылдан бери аны көргүм келбей,карабай, көнүлүн оорутуп жүрсөм,ал болсо ушундай мени сүйөт тура.. эми мени кечиреби??
20 мүнөттөн кийин аялым досум айткан дарекке жетип келди..
Ушунча жылдан бери байкабай көзүм көр экен го,,аялым ушунчалык сулуу экен..жоолугу да өзүнө жарашкан..коркконунан өнү кубарып калган..мени көрүп,нес болуп эч нерсени түшүнбөй карап туруп калды..көздөрүнөн мөлтүрөп жаштар агып жатты..
-Жаным, мени кечирип кой,эми экөөбүз бактылуу болобуз,мен да эми сени менен чогу намаз окуйм..сени намазга ойготом..-деп аны кучактап алып шыбырай бердим..көздөрүмдөн сызылып жаштар акканын да сезбептирмин. .
Ошентип,жашообуз жаныланды,күнүгө аны сүйөм деп айта берем..жума күндөрүмдүн бири да аялыма белек бермейинче өткөн жок..
Көрсө,аял затына дайым көнүл бөлүп,сүйүүндү билгизип турган сайын ал жашара берет экен..
Аялым да өзүнө келип,гүлдөп калды..жаркылдап күлүп жумушка узатып,кайра жаркылдап тосуп алат..
Бирөөнүн сулуу аялына(кызына, карындашына) көз арткыча,өзүбүздүн аялыбызды жакшы карап гүлдөтүп алган туура болот экен деген чечимге келдим.
Аял затын барктап,сыйлап өтөлү,алар биз үчүн күчүн аябай кызмат кылып өмүр кечирет тура...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1076 Пользователь офлайн   Respect.   11 Февраль 2017 - 00:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Бир Даанышман кишинин коп жылдан бери окуткан шакирти болгон экен,
Шакирти бойго жеткенде, Устатын сынамака кополок тутуп, колуна кармап туруп минтип суроо салган экен:
- Устат сиз мага коп нерселерди уйротунуз, сиз баарын билесиз, мынабул колумдагы кополок тируубу же олуубу?
- Биринчиден баарын билуучу бир гана Кудай, ал эми сенин колунда турган кополокту, мен азыр "ТИРУУ" десем, сен мыжыгып олтуруп, жанылдыныз бул олук дейсин, ал эми "ОЛУК" десем, кополокту колундан бошотуп, " Бул кополок тируу деп учуруп жибересин" .
Ошондуктан эми балам баардыгы сенин КОЛУНДА, олуу десен олуу, Тируу десен ТИРУУ. Жолун болсун балам деп узаткан экен.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1077 Пользователь офлайн   Respect.   11 Февраль 2017 - 00:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Танкы маал.
Досуна досу телефон чалып:
- Аллоо досум мага тез арада жуз доллар керек болуп жатат карызга берип турбайсынбы. .?!
- Анда досум куто тур буйруса жарым сааттын ичинде сага сен каалаган сумманы алып барып калам..
- Кутом.. Арадан жарым саат тургай саат сааттар ото баштады чалса телефону очук болуп атканын коруп досу андан качып атканын сезди да ага "SMS" жонотту...
- Досум телефонунду иштетчи суранам сенин мага акчан да жана башка нерсенда кереги жок.. уч торт саат откондон кийин кайра чалса телефону иштеп калган болот:
- Досум жолугалычы эч нерсе деле кереги жок сенден..
- Мен сенден телефонумду атайын очуруп качкан жокмун, азыр сенин "SMS"инди алдым, болгону сага акча заарыл болгонун туюп, базарга барып телефонумду сатканча убакыт созулуп кетти мына жаны эле саттым да башка озумо арзан телефон алып, сага керек болгон жуз долларды даярдап койдум...

Билдирүүнү түзөткөн: Respect.: 11 Февраль 2017 - 00:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1078 Пользователь офлайн   Respect.   11 Февраль 2017 - 00:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

ТҮШҮНДҮРҮҮНҮН БАШКАЧА ЖОЛУ

Шаардагы жол астынан өтүүчү өткөөлдүн тепкичинде көзү азиз адам суранып олтурат. Алдындагы кутуда бирин-серин тыйындар, анан "Менин көзүм көрбөйт, жардам бергиле" деп жазылган чоң барак турат. Анын жанынан жүздөгөн адамдар өтсө да, кутусуна тыйын салгандар жокко эсе. Бир убакта он үч, он төрт жашар секелек кыз тепкичтен секирип түшүп бара жатып, сокур адамдын жанына токтой калды да, кичинекей сумкасынан бир канча тыйындарды алып кутуга таштады. Анан "үй ээсинен" уруксат сурабастан эле анын алдында турган баракты алып, анын артына бирдемелерди жазып ордуна койду да, сепсеңдеп секирип жолун улады. Көзү көрбөсө да, жан дүйнөсү менен кыздын бир нерсе кылганын сезип калган сокур баракты колуна алып сыйпалап көрдү да, эч кандай өзгөрүүнү биле албады окшойт, кайра ордуна коюп койду. Кыз кеткенден кийин абал өзгөрө баштады. Сокурдун жанынан өткөн ар бир адам болбосо да, экинчи, же үчүнчү адам ага кайдыгер карабастан тыйын-тыпыр таштап өтүп жатты. Эски куту бат эле тыйындарга жана кагаз акчаларга толуп чыкты. Сокур адам баракта кандайдыр бир өзгөрүү болгонун эми даана сезди. Аны колуна алып, тыйын таштаган бирөөдөн сурап калды: - Кечиресиз, бул баракта эмне деп жазылып турат? - "Жаз мезгили кандай сонун, бирок мен анын жамалын көрө албаймын" . Баракты окуган адам көзүнө айлана түшкөн көз жашын акырын сүртүп, чөнтөгүнөн дагы бир кагаз акчаны алып кутуга салды да, баракты сокурга карматып басып кетти. Көкүрөгүнө баракты кыса кучактаган сокур качан эле соолуп калган көздөрүнөн сызылып чыккан жашын кирдеген жеңи менен сүртүп, ордунан тура жөнөдү.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1079 Пользователь офлайн   Respect.   11 Февраль 2017 - 00:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Жаш келин жеке дарыгерине келет да:
- Эже жардам бербесеңиз болбойт. Менин балам бир жашка чыга элек, бирок кайра кош бойлуу болуп алдым. Өзүбүз жаш болсок, анын үстүнө экөөсү тең ымыркай болсо, эки баланы кантип багабыз деп ойлонуп жатам. Мага жардам беринизчи, - дейт. Анда догдур кандайча жардам берүү керектигин сурайт.
- Аборт, кош бойлуулугумду токтотуу керек, эже, - дейт анда жаш келин. Бир аз ойлонуп туруп догдур ага мындай дейт: 
-Менде бир жакшы ой бар. Ден соолугуңа да доо кетпейт, эки бала багып да убара болбойсуң.
Макулмун дегендей келин жылмайып, ал кандай жол экенин сурайт. Ошондо догдур:
- Сиз эки баланы бага албайм деп кыйналып турсаңыз, анда төрөлүп калган баланын өмүрүн кыялы. Ошондо аборт кылып ден соолуккп да доо кетирбейбиз, экинчиси төрөлгөнчө эс алып да аласыз, - дейт.
Мындайды күтпөгөн келин ордунан атып туруп: 
- Эмне-ее! Бул дегенкылмыш да! Кайсыл эне өз баласынын омурун кыйсын!? Мага кантип ушуну айтып жатасыз? Бул кандай акмакчылык! Таш боор турбайсызбы. .. - деп чаңырат. Дарыгер айым жылмайып:
-Туура, өз баласынын өмүрүн кыюу-кылмыш, акмакчылык. Бирок сиз бир аз мурурун ушуну эле сунуш менен мага өзүңүз келдиңиз беле, мен бар болгону башкача жолун айтып койдум,- дейт.
Келин унчукпай отуруп калат да, ыйлай баштай. Бир убакта ордунан шарт туруп кетүүгө камданат. "Абортчу? "- деп жылмайган дарыгер айымга да карабай эшикке атып чыгат.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1080 Пользователь офлайн   aizada.ru   11 Февраль 2017 - 02:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 31 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 00:15

Просмотр сообщения Respect. (11 Февраль 2017 - 00:11) жазган:

ИЧКИЧТЕРДИН YЙYНӨ БАРЫП ЖАШООМ ӨЗГӨРДҮ

Милицияда иштечүмүн. Оңой
жумуш эмес. Күндүр-түндүр эле
ызы-чуунун үстүндө жүрмөй.
Бир ирет "коңшуларыбыз
тынчтык бербей жатат" деген
чакыруу келип, шаардын чок
ортосундагы көп кабаттуу үйгө
бардык. Мындай чакыруулар
толтура эле болот. Кептин
баары аракта да. Андайда
масты алып келип, бир
жумадай камап салабыз.
Айткандай эле, мас экен.
Күйөөсү-аялы экөө тең жапжаш
кыргыздар, экөө тең мас. Ызы-
чуу түшүп мушташышкан
окшойт. Үй ичинин баары
идиштин сыныгы. Күйөөсүнүн
колун кайрып алып жөнөгөнү
калганбыз, капыстан эле эшиги
жабык турган бөлмөдөн добуш
угулду. Карап коёюнчу деп ача
салып жүрөгүм үшүй түштү.
Бөлмөдө төрт жаштардагы кыз,
анан эки жаштардагы эркек
бала жүргөн экен. Экөө тең
мени карап алактап коркуп
калышты. Мен жаш балдардын
мынчалык муңдуу көздөрүн
көргөн эмесмин. Эч кандай
баёолук, адамды кызыгып,
күлүп кароо деген жок,
коркунуч гана бар. Экөөнүн тең
кийимдери кир, чачтары өсүп,
уйпаланган, майланышкан.
Эркек баланын алдында эч
нерсе жок. Ысык сууга күйгөн
окшойт, буттарында сууга
толгон ыйлаакчалар.
– Силердин балдарыңарбы?
– Ооба,- аял көңүлсүз жооп
берди. – Мен силерди тынч
отургула дебедим беле?!- деп
кызды баштан ары чаап
жиберди. Нес болуп эле туруп
калдым. Кыз басып барып
жерде турган табакка кашык
салды да: – Кел, Нуйчик, ап де,-
деп инисин чакырып ага тамак
бере баштады. Тамагы кадимки
эле кукси. Бала отурбай жеп
жатты. Кыязы, бутундагы
ыйлаакчалары ооруйт окшойт.
– Бул эмне кылганыңар? !
Балдардын кебетеси кантет?!
– Байке, сиздин ишиңиз эмне?!
Чыдамым түгөндү. Билбейм
кандай ойлойсуңар, бирок
өзүмдү кармай албай койдум.
Тарс эттире келинди жаактан
ары чаптым. Күйөөсү жүткүндү.
Аны баса калып эзелки өчүм
бар кишидей жанчып салдым.
Экөөнү тең эшикке сүйрөп
чыгып кайра кирсем, баягы
кичине кыз инисин артына
калкалап "байке,
уйушпаңызчы? Нуйчикке
тийбеңизчи? " деп ыйлап
жиберди. А бул байкуштардын
күнөөсү эмнеде эле? Мен өлүп
жаткан адамдарды көргөм,
алардын жакындары ээ-жаа
бербей өксүп ыйлагандарын
көргөм. Бирок көзүмдөн жаш
чыккан эмес. Азыр бети-башы
кирден ботко болуп, балалык
деген эмне экенин билбей, таш
боор ата-энесинин токмогун
кадимки эле нерседей
кабылдап, бирок ошондо да
өзүнөн алсыз, кичине бир
тууганына кам көрүп, аны
калкалап турган кызды көрүп
ыйлап жибердим. Көрсө, күчтүү
адамдардын алдында ыйлайт
экенбиз. Мен аны ошондо
түшүндүм. Экөөнү кучактап
алып ыйлай бердим. Токтоно
албай койдум.
Балдарды убактылуу балдар
үйүнө алып кетишти. А тиги
эрди-катын "бизди сабады" деп
үстүмдөн арыз жазып
коюшуптур. Жумушумдан алып
коюшту. Мейли, өзүм деле
кетмекмин, ага кейиген
жокмун. Оюм башкада болчу.
Мен тиги эки балакайды
таштап кете алмак эмесмин.
Келинчегим колдоп, ары-бери
чуркап жүрүп акыры экөөнү
тең өзүмө каттатып багып
алдым.
Билесиңерби, мен азыр абдан
бактылуумун. Кызым Анель
өзгөчө боорукер, күйүмдүү жан,
1-класста окуп жатат. Уулум
Нурдан апасынын жанынан
карыш жылбайт. Кээде Анель
"сен бизди кайра алып барып
койбойсуңбу? " деп жүрөктү
эзет. "Жок, эми силерди эч
кимге бербейм! Силерсиз
кантип жашайм?!" деп
жооткотом. Азыр алар ини
күтүп жатышат. Жакында төрөт
үйүнө жасанып алып барабыз...

таасирдуу окуйа экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 52
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 03:46

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: