“Мен ыйык тутуп жүргөн периштемди зордуктап кетишти”
Өмүрү
мдүн отуз жетинчи жазында жашоомдо чоң өзгөрү
ү болду. Башкача айтканда, аялым, он бир жаштагы уулум бар экенине карабай өзүмдө
н он беш жаш кичүү бир бийкечти сүйүп калдым. Аны менен таанышкан мүнөттө
рүм өмүр бою эсимден кетпесе керек.
Ал күнү кадимкидей эле эртең менен машинам менен жумушка келе жаткам. Сыбызгып чыккан жагымдуу музыкага термелип, рулду оңго-солго буруп келе жатып алды жагымдан бир татынакай бийкечке көзүм түшүп калды. Аябай шашып баратыптыр.
Күткөн маршруткасы кечигип жатабы, улам арт жагын карап, бирде чуркап, бирде басып чалынып-чулунуп кетип баратат. Кызга жакшылык кылууну ойлоп, тушуна жеткенде машинамды токтоттум да: “Чоң кыз, отуруңуз,
жеткирип коём”,-десем,
сүйүнү
п кетип эле арткы орундукка отура калды. Бир нерсеге тынчсызданып,
улам саатын карап коюп жатканын күзгүдө
н көрүп турдум. “Аябай шашып жатасыз го, ээ?”-десем: “Ооба, байке, бизде жумушта тартип өтө катуу. Анын үстүнө
бүгүн чогулуш болмок эле. Кечигип баргандарды директорубуз көпчүлү
ктүн көзүнчө
уяткарып коёт. Сиздин чыгып калганың
ыз жакшы болбодубу”,
-дейт ыраазы болгон түр менен мага жылмая. Айткан дареги менен жумушуна чейин жеткирип койдум. Шаардагы белгилүү
эле компаниялардын биринде бухгалтер болуп иштейт экен. Түшүп баратып мага рахматын кайра-кайра айтты. Мен болсо кыздын визиткасын алып калганга үлгүрдү
м.
Эки-үч күндөн кийин Заринага телефон чалып, кечки тамакка чакырсам каршы болгон жок. Ушул күндөн баштап Зарина экөөбү
з күн сайын телефон менен сүйлөшү
п, күн алыс кафеге барып чогуу тамактанууну адатка айлантып алдык. Ортобузда эч кандай деле ашыкча сөз болбойт, өткөн-
кеткенди, жаңылыктарды сүйлөшө
бүз. Аялымдын, баламдын бар экенин башында эле айткам.
Ошентип, ортодон бир айча убакыт өтүп кеткенин байкабай да калыптырмын.
Бул убакыт аралыгында мен Заринага кадимкидей көнүп,
көрбөй калсам сагынчу болдум. Бир күнү жумушта отурсам Зарина телефонума билдирүү
жазып жибериптир.
Окусам: “Руслан байке, кеч болуп кала элегинде мамилебизди үзөлү
. Мындай мамилебиздин аягы билинбей олуттуу маселеге айланып жүрбөсү
н...” деген эки сүйлөм бар экен. “Зарина туура айтат” дедим ичимден. Мындан кийин телефон чалып анын тынчын албай эле коюуну туура таптым. Ал күнү чын эле телефон чалган жокмун. Бирок, бир нерсе жетишпей жаткансып эле кызыктай боло бердим. Үйгө көңү
лсүз барып, тамакка да табитим тарткан жок.
Кызыктын баары эртеси башталды. Жумушка көңү
лүм чаппай эле Зарина көз алдымдан кетпей туруп алса болобу! Колдорум мага баш бербей, улам эле телефонго сунулат. Өзүмдү
араң кармап, эптеп кечке чейин чыдадым. Баары бир болчудай эмес. “Ушинтип эле Заринаны эми көрбөй каламбы?” деп бир жагынан ичим ачышса, бир жагынан өзүмчө
эле ызаланып, буулугуп бир кызыктай боло бердим. “Эмне, сүйүү
деген ушулбу?” деп суроо берип коём өзүмө
-өзүм. Ойлоп көрсөм,
“сүйү
ү” деген сезим буга чейин менин башыма келбеген экен.
Шаардан окуумду бүтүп бараарым менен эле атам досунун мен өмүрү
мдө көрбөгө
н кызын алып берип койгон эле. Толук, бетин сепкил баскан, анысы аз келгенсип, илээнди, маданиятсыз сапаттары бар жубайым Гүлүмканга көңү
лүм тойбосо да атамдын кебинен чыкпай, тагдырыма баш ийип бергем. Уулдуу болгонубуздан кийин такыр эле жипсиз байланып калгам. Бүтпөгө
н тиричиликке алаксып отуруп минтип уулум да он бирге чыгып калыптыр.
Бир нерсе оюма келе калгандай ордумдан атып турдум да, токтолбостон Заринанын номерин тере баштадым. Мага тааныш үн трубканын тигил жагынан көңү
лсүз унчукту:
- Алло.
- Зарина, баары кеч болуп калыптыр. Биз кечигиптирбиз.
Көрсө,
мен... сени сүйүп калыптырмын.
.. Суранам, жолугалычы,
мен сага баарын айтып берем.
- Жок, Руслан байке, кеч эмес, азыр ойлонбосок,
кийин чындап кеч болуп калат. Жолукпай эле коёлу...
Заринанын болбогонуна койбой жолугууга көндүрдү
м. Көп убакыт бою ашыгын көрбөй калган адамдай болуп катуу сагыныптырмын.
Көргөндө
баса калып чоло жерин калтырбай өпкүлө
гүм келди. Бирок, өзүмдү
кармадым.
- Зарина, билесиңби,
мен биринчи жолу мындай сезимге кабылып отурам. Мага биринчи жолу сүйүү
келди...
- Аялыңызды сүйгөн жок белеңиз?
Заринага ушул убакка чейинки турмушумду төкпөй-
чачпай айтып бердим. Зарина бардык дили менен угуп отурду да:
- Билесизби, сиз да мага бир көргөндө
эле жаккансыз. Бирок, эмне болгон күндө да мен сиздин үйбүлө
ңүзгө
кыянаттык кылгым келбейт. Баары бир экөөбү
згө эки башка жол менен кеткенге туура келет го,-деди көздөрү
н жашылданта.
Бирок, анте албадык. Күн өткөн сайын тескерисинче,
бири-бирибизге улам жакындашып бараттык. Атүгүл мен Заринаны кызгана баштадым. Ал менин гана энчиме ыйгарылгандай,
менден башка эч ким колун тийгизүү
гө акысы жок деп ойлочумун.
Арадан жарым жыл өткөн соң аны биротоло мендик кылып алдым. Тактап айтканда, мечитке алпарып нике кыйдырдым да, ошол түнү мен анын биринчи эркеги болдум. Ушул күндөн баштап экөөбү
з мурдагыдан да жакын боло түшкөнсү
дүк. Бири-бирибизди бир күн эле көрүшпө
й калсак, жашоо токтоп калгандай сезилет. Менин ага болгон сүйүү
м канчалык болсо, кызганычым да ошончолук эле. Заринанын мени үйбүлө
лүүсү
ң деп башка жаш жигитке турмушка чыгып, анын кучагында жатканын элестеткенимде кызганычтан ичим өрттөнү
п, бир жерге тура албай тыбырчылап жиберем.
Ошентип, күндөр өтө берди. Биз аягы эмне болоорун ойлобой, жашыруун жашап жүрө бердик. Бир күнү эле Зарина ыйлап телефон чалыптыр. “Аялыңыз бүгүн мага телефон чалды. Жөн жүрбөсө
ң, катуу өкүнү
п каласың деди” дейт. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи, экөөбү
здүн жоругубуз аялыма жеткен экен. Биздин минтип жүргөнү
бүзгө бир жылдай болуп калгандыктан,
дос-тааныштарымдын көпчүлү
гү эле билишчү бул жөнүндө
. Заринаны эптеп соороттум.
Ал күнү кечинде үйдө албетте, чоң чыр болду. Көрсө,
өзүмдү
н эле бир досум мени сатып коюптур. Зарина жөнүндө
баарын айтып, анын телефондорун да бериптир. Ушул түнү мага “эми болоору болду, аялым менен ажырашып, Заринага үйлөнө
м” деген ой келди. Ал түнү уктабай, Зарина экөөбү
здүн келечегибиз жөнүндө
кыялданып чыктым.
Эртеси жумушка бараарым менен түндөгү
оюмду Заринага айтайын деп телефон чалсам, жумушка келе элек экен. Жарым сааттан кийин чалсам да жок, бир сааттан кийин чалсам дале жок... Жумуштан өмүрү
кечикпеген Заринага эмне болду? Себеби болсо мага айтмак да. Ушинтип ойлоп соткасына чалсам, өчүк экен. Үйүнө
чалсам эч ким алган жок. Жүрөгү
м бир нерсени сезгендей бир “болк” этип алды. Жумушумду таштап коюп түз эле Заринанын үйүнө
жөнөдү
м. Барсам, Заринам диванда сулк жатат. Кечээги кийими менен, чачтары уйпаланган,
түнү менен ыйлаганбы, баягы сулуу көздөрү
нүн нуру өчүп, тоодой болуп шишиген. Жанына барган мени да элес алган жок. “Зарина! Эмне болду? Айт, эмне болду?” деп булксам да үн катпайт. Ордунан тургузуп бети-колун муздак сууга жуудуруп, чачтарын ирээттедим.
Бир топко чейин такып жатып эмне болгонун сурасам, кирпигин араң көтөрү
п “зордуктап кетишти” деп шыбырады. Бул сөздү укканда ок тийген аюудай өкүрү
п, ордумдан ыргып турдум:
- Ким? Качан?..
- Кечээ жумуштан келатсам маска кийген эки эркек сүйрөп машинасына салышып, караңгы жерге алпарып...
Көздөрү
м чанагынан чыгып кете жаздап, калчылдап кеттим.
- Машинасы кандай экен? Номерин көрдүң
бү?
- Кызыл түстөгү
машина экен. Номерин көргөн жокмун.
- Балдар кандай экен?
- Билбейм... Беттерин көргөн жокмун. Болгону бирөөсү
нүн колдорунда толтура сөөлдө
р бар экен.
- Сөөлдө
р?!.
- Руслан байке, кетиңиз, эми мен булганган кызмын. Сиздин бетиңизди карай албайм. Эми мени өз жайыма коюңуз. Өзүм менен өзүм болоюн...
Зарина бир чекитти тиктеген бойдон ушинтип сүйлөй берди. Менин болсо оюмдан сөөлдө
р кетпеди.
- Сөөл...
сөөл...
Колунда сөөлү
бар болсо анда ал менин кайним да. Бул иш аялымдын колунан келгенин билдим. Заринага эч нерсе дебей эле чыгып кетип, туура үйгө бардым. Аялым тоону томкоруп койгонсуп диванда телевизор көрүп отуруптур. Дароо жетип барып жакасынан кармап тургузуп, кыйкырып жибердим:
- Сен кылдыңбы?
- Эмнени?..
- Кечээ кечинде иниң кайда болду? Билмексен болбо, акмак!
- Мен кылдым, колуңдан эмне келет? Бар, эми бара бер периште сезип жүргөн бийкечиң
е. Көрүнгө
нгө талпак болгон сойку менен кантип жатаар экенсиң..
.
Алаканым аялымдын жаагына “шак” дей түштү.
Ал андан бетер буркан-шаркан түшүп,
айтпаган сөздүн баарын айтып долуланып кыйкырып-ө
күрүп ыйлап жүрөт.
Мен болсо эшикти “тарс” жаптым да, чыгып кеттим. Бирок, Заринанын үйүнө
да барган жокмун, жумушка да барган жокмун. Суткага берилчү квартира алып, ошол жакта бир сутка турбай жаттым. Заринага ушул тапта жардам керек экенин сезсем да бутум тартпай койду. Мен бийик тутуп, ыйык тутуп жүргөн адамым бир паста эле ушинтип булганып калабы? Ал бир гана меники эмес беле?
Заринада күнөө
жок экенин билип турсам да көкүрө
гүмдө кандайдыр бир муздак нерсе пайда болду. Канчалык телефон чалып, барайын десем да жүрөгү
м даабайт. Андан бери туура бир жума убакыт өттү. Ушул квартирада эле жашап жатам. Караанымды көрсөтү
п жумушка барып-келип эле жүргөнү
м болбосо, кылган ишимдин да дайыны жок, эч ким менен сүйлөшпө
йм. Кыскасы, азыр өзүмө
-өзүм түшүнбөй, туңгуюктан чыгаар жолду издеп жүрөм.
Жүрөк сыры “Мен ыйык тутуп жүргөн периштемди зордуктап кетишти”
#2 29 June 2007 - 08:41
албетте Заринада куноо жок,ошол жол менен оч алган аялынын акылсыздыгы
Жашоо керемет
#3 29 June 2007 - 10:53
Акыбалыныз кыйын экен.Заринаны ушундай абалга туш келтиргенге сиздин да куноонуз бар.Оз жашоосу жакшынакай эле жургон кызды жолдон буздунуз.Оз уй булонуз бар болгондон кийин кеч боло электе Заринадан кол узгонунуздо жакшы болмок экен.Эмне учун, эгер Заринаны чын эле суйсонуз жаман абалда турган суйгонунузго жардам берген ордуна озунузчо камалып бир жерде жашынгансып жатасыз? Зарина куноолу эмесине толук тушуносуз, туурабы? Заринага барып колунуздан келген жардамынызды бериниз, ал кызда эч куноо жок. Тескерисинче сиздин куноонуз чон!Аялыныз акылсыздык кылып койгон экен. Бирок куйоосу ушундай жолдо журсо баардык эле аял заты жаман абалда болсо керек!
#4 29 June 2007 - 19:23
Эх просто Заринага жалко. Ушундай кыздын убалына калдыныз. Заринага кайтып барып эле жашасаныз туура болот го дейм . Эгер сиз болбосонуз Зарина андайга туш болбойт эле. Бул жерде Аялынздын да кайниниздин да мээси шакалдыкына жетпейт экен. Эмне кылмак элениз Заринаны жалгыз калтырбай бир балээ кылыныз, жардам бересизби эмне кыласыз. Стрестен чыгарышыныз керек. Бул жыл откон сайын унутулат денизчи, бирок азыр Заринага подержка керек.
#5 30 July 2007 - 16:40
[font="Arial"
]Сизге го кеп жок. Мен бул жерде биринчи Заринаны кїнєєлєйт элем. Байкашымча,
жакшы жерде иштеген, єзї да акылдуу эле кыз окшойт. Анан мээси айланып эмне їйбїлєлїї адамга байланып жїрдї экен? Башында эле чечкиндїї тїрдє сизди жолуўузга салып койгондо, мындай окуя болмок эмес. Балким, алиге чейин єз теўин таап, їйлєнїп да алат беле... Дагы уялбай "кызганам"
деп коюптурсуз.
Кайсы арыўызга кызганасыз?
Мен Заринага жолуксам: "Бул эркек сєрєйдєн кол їз, кайрылба, кечирбе. Бул качан болсо сени ара жолго таштап кетїїдєн кайра тартпайт. Мээси айланган кїнї катын-баласына да кетип калышы мїмкїн" демекмин. Эми кайсы бетиўиз менен Заринага барасыз, билбейм. Сиз Заринага татыктуу эмессиз. Так-что, єзїўїз айтмакчы, илээнди, маданиятсыз аялыўыз менен эле жашай бериўиз. Экєєўєр издешпей табышкан экенсиўер. Сиздин теўиўиз ошол эле окшойт. Катуу айткандыгым їчїн мени жаман кєрсєўїз кєрє бериўиз, бирок, мен сизге окшогон чечкинсиз эркектерди жек кєрєм.
#6 30 July 2007 - 16:57
Руслан байке, баянынызды окуп, сизди аяп кеттим. Ар ким ар нерсени айта берет, сиз конул бурбаныз. Анткени, сизди куноолоп жаткандар турмуш дегенге тушунушпойт.
Оздорунун башынан отпогондуктон,
аларга баары женил сезилет. Сиздин жана Заринанын абалын мен эн жакшы тушунуп турам. Аялыныздан чон кемчилик кетиптир. Эми сиз экинчи жолу жанылбайын десениз, Заринага барып, андан аялыныз учун кечирим сурап, ал менен жаны жашоо баштаныз. Ошондо сиз учун жаны дїйно ачылып, чыныгы бактылуу болосуз, суйуп жана суйбой жашагандын айырмасын сезесиз. Кыскасы, Заринаны колдон чыгарбаныз,
ал аябай жакшы кыз экен. Оптимист болуп башты бийик которунуз да, жашоо учун курошунуз. Мен сизге ийгилик каалайм. Зарина менен бактылуу болушунузга тилектешмин.
Сабырдын түбү - сары алтын.
#7 30 July 2007 - 17:12
Азыр шаардан кыздыгы бар кыздарды балабакчадан эле таппасан, кундузу чырак менен издесен да таппайсын. Зарина бир сизге жолугуп калыптыр да... Анан аны кыздыгынан ажыратып коюп, келесоо аялынызга очошуп таштап кетейин деген да оюнуз барбы? Эмнеге ушундай кыздар бизге туш келбейт? Эгер мен сиздин ордунузда болгонумда сиздей болуп Заринадан качмак эмесмин. Ал жанагы зоокурлор менен озу каалап болгон жок да. Эч нерсе болбогондой баарын унутуп, Заринаны алаканыма салып журмокмун. Андыктан, ойлонунуз, байкеси, азыр деле кеч эмес.
#8 30 July 2007 - 18:40
Куноо озунуздо, озунуздун да, Заринанын да жашоосун буздунуз
Ушел в себя, вернусь не скоро!
#9 07 August 2007 - 21:19
Байке сен бир жургон чечкинсиз, эгоист, лох акмак экенсиз. Убагында суйуунузду таппай, эми кайдагы бир жаш кыздын башын айлантып.
#10 08 August 2007 - 01:25
daaa,ushuncha suiup ,al kiz uchun baarina dayar bolup atip,emi zorduktap ketishti dep al kizdi korgung kelbegeni kandai,
al baykush kizdin ushundai oor abalda janinda bolbogondo kachan bolot eleng,koroche bir soz menen aitkanda kalp ele suyom dep "geroi" bolgon ekensing da ,kalp ele suidum dep,suigon kishi ech nersege karabait!!! !
tim bolee al kizdi zorduktap ketishti i eshe ayalingdin prikazi menen!!!al biroo menen izmenjat etse bir jon ,korgung kelbegidei!!! !
daa,baikush zarina sendei nemeni suyup kalgan !!saga jolukpasa mindai ish bolboit ele ,da jalko ee konechno
emi aldigi kvartiiranga jashinip jata berbei ,bir resheniyaga kelishingdi kaalaym:(

#11 01 November 2007 - 17:37
Akibaliniz oor ken chininda lel birok siz Zarinani chin diliniz menen suygonunuzdo ZArinanin janinda bolmoksunuz!Demek.
...
#12 02 November 2007 - 10:33
Саламатсынбы Руслан! Биринчиден сени кандай тушунсо болот? Озун суйууп журуп,анан эле конулун иреенжип калдыбы?А кандай аял заты,журогуно жакын эркегин,башка менен болуп жургонун билип,баардыгын кечирет?Заринада эмне куноо? Башкалардай болуп сага жабышып чапташпай,ачык эле жолукпай эле коёлу дептир.Озун азгырып алып эле,анан эмне болду?Бул жерде келинчегинде да куноо жок дейин десем,дагы туура болбой калат.Бирок ар бир адам озунун бактысы учун курошот.Жакшы эркек аялын эч качан жамандабайт!
-деген соз бар.Ата-эненди куноолойсун.
Уйлонгон кунунду,биринчи нике тунунду эстечи? Анда жакшы,баардыгы сонун болчу,анан эле Зарина пайда болуп келинчегин жаман,откон турмушун кыйын болуп калдыбы?Эх эркектер,ойнойсунар аялзаты менен,да каласынар.Кудай бардыр силерге.Башында уйлонбой эле коюш керек болчу.Же сенин озундун оюн жокпу,ата энеге тушундуро турган?Кандай эле эркекти уйлон десе эле ата-энесин угуп калат?Кыз башыбыз менен бизди кудалаган жерден,жок деп коё алабыз.Анткени турмуш биздики,ата-
энебиздики эмес.Эркек аялдарга караганда кичине бошуурак дегенге,ушундайдан эле билсек болот.Первая жена от Бога,вторая от чёрта деген соз бар!Катуу тийсе кечир,бирок жаш бала болсон бир жон эле,40 жакындап деле калыптырсын.
Вроде бы уже решительный болушун керек эле дейм да.Кудай сактасын,бирок сен дагы омур берсе кыздуу болосун.Кызынды сендей болгон эркектен Кудай сактасын!
Какой привет,такой ответ деген бар!Бирде болбосо дагы,куз,кыш,
айланып тегеренип келгендей баардыгы оз башына тийет экен!Аман бол!
Salam!
#13 09 December 2007 - 06:12
Экоонордо да мээ жок экен!!!
Жапжаш жигиттер турса, каяктагы 40 чыккан адамды суйгон Заринада да, кылгылыкты кылып коюп, зордукталгандан кийин качып жургон Русланда да мээ деген нерсе жок экен. Ай Руслан, сенин азабынды тартып, сенин айындан жан дуйносу антарылып кыйрап турган байкушка барып койсон боло. Сенде мээ эле эмес, адамдык сапат деген нерсе да жок турбайбы, кыскасы МАЛ экенсин!!
!
#14 09 December 2007 - 22:41

Саламатсызбы Kirgizshaa мырза!! !! Сиз бул жерде чоон эле жанылыштык кетирип аша чаап коюпсуз. Себеби адамды малга тенеген озу болбойт, кыргызда болгон да эмес. Адам менен малдын ортосунда ото чон айрма бар эмесби. Кудайым адамга малдан айырмалантып акыл эс берген. Сизден сураныч адамдарга ындай мамиле жасабасаныз. Женилирээк сыпайы создор менен жазсаныз. (ооба бирок сиздин да маанай, кырдаалынызды тушунуп турабыз)
Кийлигишкеним учун алдын ала кечирим сурайм.
#15 09 December 2007 - 23:05
Саламатсызбы Руслан сенин акыбалын ото оор экен..... Ооба суйуу сокур дейт эмесби, жана эмнелер келбей койбойт башка, себеби бул турмушта тируу жанбыз да.
Сиздин абалыныз даоор экен. Чындыгын айтканда ал кызды сиз суйбой эле койбопсуз. Себеби Озунуздун да уй-булоолук ынтымагынызды бузупсуз, жана жаш селкинин да омурундогу катачылыгына жол коюпсуз.
Айтмакчы жаман корбонуз сиздин жубайыныз (аялыныз) адам эмес экен. Озу кыргызда бир орой макал бар эмесби "колунда туруп билбейсин камчыдан откон курал жок, Койнунда туруп билбейсин катындан откон душман жок!!! !"
Аялыныз жогорудагы макалды дагы бир жолу тастыктап олтурат. Бирок бул жашоодо эмнелер гана боойт ээ. Сиздин бир чети ишиниз туура эмес экен, сиз аны суйо турган болсонуз биротоло аялыныз менен ажырашып туруп анан бир жанысыл суйлошбойсузу элениз? Сиз азыр шарыят алдында да 2 жактан куноого бтып олтурасыз го. Биринчиден ал кыздын тагдыры бузулду, экинчиден аялынызга кыянаттык кылдыныз.
Аялыныздын да кызганычы кучтуу экен.
Эми ошол болгон окуяны баарын башкадан ойлоп корунузчу (озунузду аялыныздын, аялынызды сиздин) ордунузга коюп корунуз, сиз эмне кылат элениз??????
Сизден сураныч байкуш Заринаны бир жанысыл кылып коюнуз!
Кылгылыкты кылып коюп чээнде жаткан аюуга окшобой.
Сиздерди терен урматтап PRINCE!

#16 10 December 2007 - 16:07
Аялын жаман аял экен.Атан да туура эмес кылган экен.Сени жактырбаган кызды алып берип.Бардыгына Айдай сулуу кыздар жагат эмеспи.Бирок баарынан мурда...Бири бирин тушунуш керек.Аялын неге мындай кылды деп озуно суроо бердинби.Кийин озунду анын ордуна коюп кор.Анан бир жыйынтыка кел.Бактысыз деп эсептесен озунду...бактылуу кыла алчу сен айткан кыз менен жаша.Анан аны дагы изменять этип койбо тамаша....Бар бол жана бактылуу бол демекчимин.
Урматтоо менен Реалист!
#17 07 November 2012 - 23:46
“Мен ыйык тутуп жүргөн периштемди зордуктап кетишти”
Өмүрүмдүн отуз жетинчи жазында жашоомдо чоң өзгөрүү болду. Башкача айтканда, аялым, он бир жаштагы уулум бар экенине карабай өзүмдөн он беш жаш кичүү бир бийкечти сүйүп калдым. Аны менен таанышкан мүнөттөрүм өмүр бою эсимден кетпесе керек.
Ал күнү кадимкидей эле эртең менен машинам менен жумушка келе жаткам. Сыбызгып чыккан жагымдуу музыкага термелип, рулду оңго-солго буруп келе жатып алды жагымдан бир татынакай бийкечке көзүм түшүп калды. Аябай шашып баратыптыр. Күткөн маршруткасы кечигип жатабы, улам арт жагын карап, бирде чуркап, бирде басып чалынып-чулунуп кетип баратат. Кызга жакшылык кылууну ойлоп, тушуна жеткенде машинамды токтоттум да: “Чоң кыз, отуруңуз, жеткирип коём”,-десем, сүйүнүп кетип эле арткы орундукка отура калды. Бир нерсеге тынчсызданып, улам саатын карап коюп жатканын күзгүдөн көрүп турдум. “Аябай шашып жатасыз го, ээ?”-десем: “Ооба, байке, бизде жумушта тартип өтө катуу. Анын үстүнө бүгүн чогулуш болмок эле. Кечигип баргандарды директорубуз көпчүлүктүн көзүнчө уяткарып коёт. Сиздин чыгып калганыңыз жакшы болбодубу”, -дейт ыраазы болгон түр менен мага жылмая. Айткан дареги менен жумушуна чейин жеткирип койдум. Шаардагы белгилүү эле компаниялардын биринде бухгалтер болуп иштейт экен. Түшүп баратып мага рахматын кайра-кайра айтты. Мен болсо кыздын визиткасын алып калганга үлгүрдүм.
Эки-үч күндөн кийин Заринага телефон чалып, кечки тамакка чакырсам каршы болгон жок. Ушул күндөн баштап Зарина экөөбүз күн сайын телефон менен сүйлөшүп, күн алыс кафеге барып чогуу тамактанууну адатка айлантып алдык. Ортобузда эч кандай деле ашыкча сөз болбойт, өткөн-кеткенди, жаңылыктарды сүйлөшөбүз. Аялымдын, баламдын бар экенин башында эле айткам.
Ошентип, ортодон бир айча убакыт өтүп кеткенин байкабай да калыптырмын. Бул убакыт аралыгында мен Заринага кадимкидей көнүп, көрбөй калсам сагынчу болдум. Бир күнү жумушта отурсам Зарина телефонума билдирүү жазып жибериптир. Окусам: “Руслан байке, кеч болуп кала элегинде мамилебизди үзөлү. Мындай мамилебиздин аягы билинбей олуттуу маселеге айланып жүрбөсүн...” деген эки сүйлөм бар экен. “Зарина туура айтат” дедим ичимден. Мындан кийин телефон чалып анын тынчын албай эле коюуну туура таптым. Ал күнү чын эле телефон чалган жокмун. Бирок, бир нерсе жетишпей жаткансып эле кызыктай боло бердим. Үйгө көңүлсүз барып, тамакка да табитим тарткан жок.
Кызыктын баары эртеси башталды. Жумушка көңүлүм чаппай эле Зарина көз алдымдан кетпей туруп алса болобу! Колдорум мага баш бербей, улам эле телефонго сунулат. Өзүмдү араң кармап, эптеп кечке чейин чыдадым. Баары бир болчудай эмес. “Ушинтип эле Заринаны эми көрбөй каламбы?” деп бир жагынан ичим ачышса, бир жагынан өзүмчө эле ызаланып, буулугуп бир кызыктай боло бердим. “Эмне, сүйүү деген ушулбу?” деп суроо берип коём өзүмө-өзүм. Ойлоп көрсөм, “сүйүү” деген сезим буга чейин менин башыма келбеген экен.
Шаардан окуумду бүтүп бараарым менен эле атам досунун мен өмүрүмдө көрбөгөн кызын алып берип койгон эле. Толук, бетин сепкил баскан, анысы аз келгенсип, илээнди, маданиятсыз сапаттары бар жубайым Гүлүмканга көңүлүм тойбосо да атамдын кебинен чыкпай, тагдырыма баш ийип бергем. Уулдуу болгонубуздан кийин такыр эле жипсиз байланып калгам. Бүтпөгөн тиричиликке алаксып отуруп минтип уулум да он бирге чыгып калыптыр.
Бир нерсе оюма келе калгандай ордумдан атып турдум да, токтолбостон Заринанын номерин тере баштадым. Мага тааныш үн трубканын тигил жагынан көңүлсүз унчукту:
- Алло.
- Зарина, баары кеч болуп калыптыр. Биз кечигиптирбиз. Көрсө, мен... сени сүйүп калыптырмын. .. Суранам, жолугалычы, мен сага баарын айтып берем.
- Жок, Руслан байке, кеч эмес, азыр ойлонбосок, кийин чындап кеч болуп калат. Жолукпай эле коёлу...
Заринанын болбогонуна койбой жолугууга көндүрдүм. Көп убакыт бою ашыгын көрбөй калган адамдай болуп катуу сагыныптырмын. Көргөндө баса калып чоло жерин калтырбай өпкүлөгүм келди. Бирок, өзүмдү кармадым.
- Зарина, билесиңби, мен биринчи жолу мындай сезимге кабылып отурам. Мага биринчи жолу сүйүү келди...
- Аялыңызды сүйгөн жок белеңиз?
Заринага ушул убакка чейинки турмушумду төкпөй-чачпай айтып бердим. Зарина бардык дили менен угуп отурду да:
- Билесизби, сиз да мага бир көргөндө эле жаккансыз. Бирок, эмне болгон күндө да мен сиздин үйбүлөңүзгө кыянаттык кылгым келбейт. Баары бир экөөбүзгө эки башка жол менен кеткенге туура келет го,-деди көздөрүн жашылданта.
Бирок, анте албадык. Күн өткөн сайын тескерисинче, бири-бирибизге улам жакындашып бараттык. Атүгүл мен Заринаны кызгана баштадым. Ал менин гана энчиме ыйгарылгандай, менден башка эч ким колун тийгизүүгө акысы жок деп ойлочумун.
Арадан жарым жыл өткөн соң аны биротоло мендик кылып алдым. Тактап айтканда, мечитке алпарып нике кыйдырдым да, ошол түнү мен анын биринчи эркеги болдум. Ушул күндөн баштап экөөбүз мурдагыдан да жакын боло түшкөнсүдүк. Бири-бирибизди бир күн эле көрүшпөй калсак, жашоо токтоп калгандай сезилет. Менин ага болгон сүйүүм канчалык болсо, кызганычым да ошончолук эле. Заринанын мени үйбүлөлүүсүң деп башка жаш жигитке турмушка чыгып, анын кучагында жатканын элестеткенимде кызганычтан ичим өрттөнүп, бир жерге тура албай тыбырчылап жиберем.
Ошентип, күндөр өтө берди. Биз аягы эмне болоорун ойлобой, жашыруун жашап жүрө бердик. Бир күнү эле Зарина ыйлап телефон чалыптыр. “Аялыңыз бүгүн мага телефон чалды. Жөн жүрбөсөң, катуу өкүнүп каласың деди” дейт. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи, экөөбүздүн жоругубуз аялыма жеткен экен. Биздин минтип жүргөнүбүзгө бир жылдай болуп калгандыктан, дос-тааныштарымдын көпчүлүгү эле билишчү бул жөнүндө. Заринаны эптеп соороттум.
Ал күнү кечинде үйдө албетте, чоң чыр болду. Көрсө, өзүмдүн эле бир досум мени сатып коюптур. Зарина жөнүндө баарын айтып, анын телефондорун да бериптир. Ушул түнү мага “эми болоору болду, аялым менен ажырашып, Заринага үйлөнөм” деген ой келди. Ал түнү уктабай, Зарина экөөбүздүн келечегибиз жөнүндө кыялданып чыктым.
Эртеси жумушка бараарым менен түндөгү оюмду Заринага айтайын деп телефон чалсам, жумушка келе элек экен. Жарым сааттан кийин чалсам да жок, бир сааттан кийин чалсам дале жок... Жумуштан өмүрү кечикпеген Заринага эмне болду? Себеби болсо мага айтмак да. Ушинтип ойлоп соткасына чалсам, өчүк экен. Үйүнө чалсам эч ким алган жок. Жүрөгүм бир нерсени сезгендей бир “болк” этип алды. Жумушумду таштап коюп түз эле Заринанын үйүнө жөнөдүм. Барсам, Заринам диванда сулк жатат. Кечээги кийими менен, чачтары уйпаланган, түнү менен ыйлаганбы, баягы сулуу көздөрүнүн нуру өчүп, тоодой болуп шишиген. Жанына барган мени да элес алган жок. “Зарина! Эмне болду? Айт, эмне болду?” деп булксам да үн катпайт. Ордунан тургузуп бети-колун муздак сууга жуудуруп, чачтарын ирээттедим. Бир топко чейин такып жатып эмне болгонун сурасам, кирпигин араң көтөрүп “зордуктап кетишти” деп шыбырады. Бул сөздү укканда ок тийген аюудай өкүрүп, ордумдан ыргып турдум:
- Ким? Качан?..
- Кечээ жумуштан келатсам маска кийген эки эркек сүйрөп машинасына салышып, караңгы жерге алпарып...
Көздөрүм чанагынан чыгып кете жаздап, калчылдап кеттим.
- Машинасы кандай экен? Номерин көрдүңбү?
- Кызыл түстөгү машина экен. Номерин көргөн жокмун.
- Балдар кандай экен?
- Билбейм... Беттерин көргөн жокмун. Болгону бирөөсүнүн колдорунда толтура сөөлдөр бар экен.
- Сөөлдөр?!.
- Руслан байке, кетиңиз, эми мен булганган кызмын. Сиздин бетиңизди карай албайм. Эми мени өз жайыма коюңуз. Өзүм менен өзүм болоюн...
Зарина бир чекитти тиктеген бойдон ушинтип сүйлөй берди. Менин болсо оюмдан сөөлдөр кетпеди.
- Сөөл... сөөл...
Колунда сөөлү бар болсо анда ал менин кайним да. Бул иш аялымдын колунан келгенин билдим. Заринага эч нерсе дебей эле чыгып кетип, туура үйгө бардым. Аялым тоону томкоруп койгонсуп диванда телевизор көрүп отуруптур. Дароо жетип барып жакасынан кармап тургузуп, кыйкырып жибердим:
- Сен кылдыңбы?
- Эмнени?..
- Кечээ кечинде иниң кайда болду? Билмексен болбо, акмак!
- Мен кылдым, колуңдан эмне келет? Бар, эми бара бер периште сезип жүргөн бийкечиңе. Көрүнгөнгө талпак болгон сойку менен кантип жатаар экенсиң...
Алаканым аялымдын жаагына “шак” дей түштү. Ал андан бетер буркан-шаркан түшүп, айтпаган сөздүн баарын айтып долуланып кыйкырып-өкүрүп ыйлап жүрөт. Мен болсо эшикти “тарс” жаптым да, чыгып кеттим. Бирок, Заринанын үйүнө да барган жокмун, жумушка да барган жокмун. Суткага берилчү квартира алып, ошол жакта бир сутка турбай жаттым. Заринага ушул тапта жардам керек экенин сезсем да бутум тартпай койду. Мен бийик тутуп, ыйык тутуп жүргөн адамым бир паста эле ушинтип булганып калабы? Ал бир гана меники эмес беле?
Заринада күнөө жок экенин билип турсам да көкүрөгүмдө кандайдыр бир муздак нерсе пайда болду. Канчалык телефон чалып, барайын десем да жүрөгүм даабайт. Андан бери туура бир жума убакыт өттү. Ушул квартирада эле жашап жатам. Караанымды көрсөтүп жумушка барып-келип эле жүргөнүм болбосо, кылган ишимдин да дайыны жок, эч ким менен сүйлөшпөйм. Кыскасы, азыр өзүмө-өзүм түшүнбөй, туңгуюктан чыгаар жолду издеп жүрөм.

Кызык,кандай чечимге келди экен бу аке...? Тагдыры не болуптур..?
#19 08 November 2012 - 02:28
Далай убакыт болуптур го бул окуяга эмне болду экен ээ......
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#20 08 November 2012 - 14:09
Мага да кызык болуп атат. Бирок Руслан байке туура эмес кылган.Кыздын жок болду жолукпай эле коелуу дегенине карабай. Жанын койбой башын айлантып, анан тиги жаман иштен кийин иреежип атам дегени.Зарина билсе бетине эле тукурмок.
Жеке бала бакчага 1,5 жаштан 7 жашка чейинки балдарды кабал алабыз! Район Баткен базар 0553677686 0707677686
Набираем детей от 1,5 лет до 7 лет в част.дет. садик оплата 5000с в месяц!
Набираем детей от 1,5 лет до 7 лет в част.дет. садик оплата 5000с в месяц!

Супер-Инфо
super.kg
видео