Ммм, жакшы ойлонуп ж00п берейин. Жети атам кыргыз. Апамдын чон энесин тажик дешет. Атамдын тайэнеси озбек болгон. Курбуларым сен метизсин, ошого жакшы окуйсун дешчу. Мен кыргызмын.
Мен кыргызмын! Сенчи?
#142 05 October 2014 - 02:13
Асманда жарык корсон жылдыз деп бил , Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил демекчи Мен да кыргызмын
#148 10 February 2017 - 04:25
Төшөктө кантип тынч уктап жатасың кыргыз элим, силердин ичиңер ачышпай жатабы, ичиңер өрттөнүп кыйналган жоксуңарбы?
А мен кыйналып ичим өрттөнүп күйүп жатам,ушул жылдын 16-январь күнү болуп өткөн авикырсыктан жабыркагандарга эмне үчүн толук кандуу жардам берилбей жатат,жалаң кыргыз эмес, мен адаммын деген жүрөгү таза инсандар жардам көрсөтүшүүдө,
кырсыктан бери 2 жумадан өтүп калды, ар жума сайын жабыркагандарга чогулган акча мынча миллион сомду түздү,анчаны түздү деп кабарлап жатышат, ким көзөмөлдөп жатат ошол каражатты,эмне үчүн алигиче ошол чогулган каражатты жабырлануучуларга адилеттик менен бөлүштүрүп бербей жатышат?! Ал акчаны мамлекет бюджетинен бөлүп жардам берейин деген жери жок го,жүрөгү кыргыз деп соккон патриот, адамдык сапаттары бийик,тарбия көргөн кыргыз эли чогултуп жатат го?! Акыркы маалыматтарга караганда 74млн 379 миң сом каражат элден чогулуптур,
муну өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзү маалымдап жатат. Бир үй-бүлөдө 5 эмес 1 адамды жоготконубузда кандай өксүп аза тартабыз,ал эми бул кырсыктан жабыркагандардын акыбалы кандай болду экен? Элибиз жардам кылып жатат, бизге кайдигер карабай каражат топтоп жатышат деп кандай гана үмүттөр менен отурушат азыркы убакта,көздөрүнөн балдарынын элеси кетпей кан жутуп, Эй кыргызым, бул иш аягына чыгабы? Жабыркагандарга чогулган акча адилеттүүлүк менен колдоруна тийип жардамы тийеби? Аягы кандай бүтөрү ар бириңерди кызыктырабы?
Анткени,алардын ордунда биз да болуп калышыбыз мүмкүн эле. Ар бир адамдын башына кыйынчылык түшкөндө ар бирибиз инсандык милдетибизди аткарышыбыз керек.
#149 10 February 2017 - 05:24
Форумга келип ызылдабай барып козомолдо анда. Бул дуйнодо баардык нерсе болот, туркук болуп эч ким эч нерсе калбайт туболукко. Аллахтын корсоткону болду.
#150 10 February 2017 - 05:37
Туура бардык нерсе болот, баары Аллахтын буйругу менен,эч ким тана албайт, бирок мен кырсыктын келип чыгыш себебин талкуулайын деген оюм жок, ошол кырсыктан жабыркагандарга жалпы элден чогулган каражат алардын колуна жардам болуп түз тийеби ошону ойлонуп жатам урматтуу always-here!
#151 10 February 2017 - 06:41
Ал акчалар толук колуна тиеби жокбу Кудай билет
Сенин суйуун ,Менин Ар намысымдын алдында (made in China)
#153 10 February 2017 - 07:34
Колуна тийеби тийбейби канча акча алышса да ошол кырсыкта жакынын жокоткондорго,
зыян тарткандарга Аллах таала мындан аркы жашоолорун бейкут кылсын, алган акчасынын берекесин берсин ден соолук берсин. Откондорду н жайы жаннатта болсун! Бир кун бизда сапар тартабыз ал жака.

Супер-Инфо
super.kg
видео















