Суперстан: Калемиме ыр, жүрөгүмө арман алып келген сүйүү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Калемиме ыр, жүрөгүмө арман алып келген сүйүү

#1 Пользователь офлайн   jika9889   11 Февраль 2017 - 10:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 04 Февраль 17
  • Соңку аракети: 10 Апр 2020 13:24

Саламатсыздарбы? Ар бирибиз суйуудон жаралып,жада калса жаратканым жеке эле адамга эмес баарына мээрим суйууну бирдей берген экен. Махабат деп акындар нечендеген ыр жазып,жазуучулар роман повесть жаратпадыбы. Анда созду узартпай озумдун махабат баянымды жазайын.Куздун биринчи айынын кундору эле, жаныдан мектепти аяктап бир окуу жайдын босогосун аттадым. Баардык курсташтар чогулуп тест жазып жатканбыз бир убакта коляскада отурган бизден улуулаар байкени бироо суйроп келди. Бизге карап жылмайып учурашып биздин группалашыбыз болоорун айтып отту. Ичимден тан калып,копко карап койдум... ошентип убакыт отуп октябрь айы да келди. Байке коптон бери келе элек эле ал каалаган убагында келип окууга мумкунчулук алган.Октябрь айында сабакка келип биз менен дагы жакындан таанышып копко суйлоштук. Байке озу устачылык менен алек кылчу аны коп адамдар таанычуу. Жанына барсам адегенде жердигимди сурап: -сен Ырыстын(ал дагы коляскада отурган эже болчу экоо кайсы бир майыптардын конкурсунда чогуу болуптур)синдиси болосунбу?-ооба алысыраак тууган болуп калабыз. -кечээ суйлошсом менин синдим да ошол жакта окуйт деген.Ушундай создор м.н созго тартып суйлошуп кеттик. Телефон номерлерди алмаштык. Озу оорунун азабын тартып журсо да сулуу жапжаш корунот эле. Кундор отуп бир куну окуу жайдын концертинде чогу болуп калдык. Мен артыкы катарлардан четки орундукка отурдам байке болсо коляска м.н менин жаныма келди. Дагы суйлошуп создон соз чыгып дин тууралуу талкууга кызуу кирип кеттик. Концертке да конул бурбай калдык. Бир убакта: -эртен чалам калганын эртен уланталы-, деди. Эртеси куну паркта курбу кызым менен сейилдеп журсом чалып калды. Сылык учурашып бир аз суйлошуп,курбум менен жургонумду айтсам кечирээк чала турганын айтты. Ошентип телефон аркылуу суйлошуулор башталды. Коп жылдан бери майыптык м.н кун кечирип келгендиктен аябай терен ойлуу создун гулун терген адам эле. Тундон тан атканча сырдашып коптогон сырларын айтчу. Озунчо эле бир китеп чыкчудай жан дуйнону оорутуп журок сыздатып,журогу таштан жаралган адамды да ыйлатчу. Кээде ыйласам,кээде тамаша созуно кулуп кундон кунго ортобуз жакындай берди. Кызыгы жашын айтчу эмес сени менен тенмин мени ким катары корсон озун бил. Мен сага бир келген сабакмын деп коп айтчу. Анан да телефонду коюп коштошуп жатканда акыркы жолкудай коштошоор эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Nursultan.92-19   11 Февраль 2017 - 13:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 143
  • Катталган: 03 Август 16
  • Соңку аракети: 17 Фев 2017 20:58
  • Жынысы:Эркек

анан кадганы кана
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   jika9889   11 Февраль 2017 - 19:55

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 04 Февраль 17
  • Соңку аракети: 10 Апр 2020 13:24

Ар кандай темада суйлошуп талкуу жургузуп калчубуз. Бир куну суйуу темасы козголуп калды. Суйууго ар бир адам таттыктуу деген оюмду айттым. Ар бир созду маани берип угуп,терен ой жугуртчу. Создорумду угуп мени суйуп калганын айтты. Бирок... менин суйуумду кабыл албайсын гоо. Озу майып болсо кайсы арына суйуусун айтат... деп журогумду тилип отту. Эч бир каршы соз айтпастан суйуусун кабыл алдым. Конулу которулуп мурункудан маанайы жарык болуп калды. Куздун жылуу кундорунун биринде жолуктук. Азга суйлошуп уйлорубузго кайттык... Озум ыр жазгандыктан коптон бери ыр жаза элек элем. Негедир эргуу келип ырларым ак баракка тогулуп жатты... Калабы дейм жазылбастан коп ырлар/ Сиз жонундо жазгым келди бул сапар/ Сезимимди айтпасам да мен сизге/ Сизге арналат арзуусу бар бул саптар...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   jika9889   11 Февраль 2017 - 20:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 04 Февраль 17
  • Соңку аракети: 10 Апр 2020 13:24

Убакыт отуп кыш да кулачын жайып келип калды... Сагынып кутуп жургон еыш да келди/ Бул кышты кылымдардай куткон менби/ Жалооруп карап турам тереземди/ Жалгызым аппак кардай себелечи... Кыштын алгачкы кундорундо да жолуктук. Ал куну негедир мага чакан блокнот белек кылды. Ыр жазаарымды билчу эмес. Уйго келип мага бир ой келип,жазган ырларды белекке берген блокнотко жазып. Баардык сырымды ыр менен ак кагазга жазып жаттым. Кундор кубалашып отуп жаны жыл да босогону аттап калды. Жаны жылдын биринчи кунундо оз эмгеги менен жасалган жасалгалуу сандыкты белекке берди. Аттин, ошол кун акыркы кун экенин билгенимде. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Medinaa   11 Февраль 2017 - 20:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

ии анан? (
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   umar92   11 Февраль 2017 - 23:30

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 413
  • Катталган: 03 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 19 Июн 2024 21:29
  • Жынысы:Эркек

Улант,эми куттурбой!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Olumush   12 Февраль 2017 - 01:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 23 Август 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2023 16:02

Не болду анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   jika9889   12 Февраль 2017 - 14:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 04 Февраль 17
  • Соңку аракети: 10 Апр 2020 13:24

Жаны жылдын биринчи куну ошентип коруштуу тез тез чалып туруусун отунуп,жылмайып жылуу узаттым. Кышкы каникул да бутту. Окуу башталды... А бирок журогумон орун ала баштаган адам чалбайт жазбайт. Чалайын дейм бир аз кыздык намыс кылып чалбадым. Убакыт карпатпай отуп жатты. Туптуура бир айдан кийин чалды. Мурункудай эмес бир аз конулу чогуп ойлуу экен аз гана убакыт суйлоштук. Кундоп тундоп чалган адам жок коп убакыт откоруп гана чалып жатты. Кыш да бутуп жаз да кирип келди. Апрель айында чалып:мен сени суйом сагынам кайда болсом да оюмдасын, арман ай бутум басса тоонун гулдорун терип, сени менен жетелешип журбойт белем. Жаным асылым аман бол озунду жакшы кара... сага эн кооз жерди корсотом бир аз коркуно чыга элек экен,эки жумадан кийин коркуно чыгат жараткан насип кылса барабыз.... Жакшы тур.... Ушул создор айтылып телефон очту. Арадан эки жумадан ашык убакыт отту чалбады жазбады. Бир куну тушумо кирди. Ото сулуу болуп, буттары басыптыр. Чалып тушумду айтайын дедим куру намыс менен дагы чалгым келген жок... Жаздын акыркы айында туш чендерде чалып калды бошобой жаткам кечте суйлошом деп албай койдум. Кечинде бошоп чалайын деп жатсам, жанындагы дос жардамчы баласы чалып калды. Жакшы маанай менен учураштып неге чалганын сурагыча болбой эле 'бул жашоодогу сырдашым мундашым болгон адамымды шум ажал алып кеткенин айтты' уккан кулагыма ишенбей боздогон бойдон кала бердим. Эртеси тан атмак тозок болду эч бир уктай албай ыйлап гана жаттым. Эртеси группа баарыбыз чогулуп уйуно бардык,ошондо тигилген боз уйду коруп бире толо тунулдум. Уйго келгиче ыйлап, бир жума эсиме келе албай журдум. Жанында жургон адамды жоготкон оор экенин ошондо тушундум... Экообуздун суйуу, мен жазган ырлар, анын олуму баары сыр болуп кала берди. А баса мен ырларды блокнотко жазып озуно белек кылгам аябай кубанып кундо окуурун айтчу. Кийин ал блокнотту озумо алдырып алдым... Азыр ал адамдан бир узум махабат жана кооооп сап ырлар калды. Сандыгы уйумдун торундо орун алып коргон сайын журоктогу арманымды козгойт...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Medinaa   12 Февраль 2017 - 19:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

ии:капамын:
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Asalim-99   12 Февраль 2017 - 19:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 480
  • Катталган: 24 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 30 Окт 2020 17:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кара-Кулжа

Иий окунучтуу суйуу экен...
BROKEN ANGEL
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   jika9889   12 Февраль 2017 - 19:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 04 Февраль 17
  • Соңку аракети: 10 Апр 2020 13:24

Кечиресиздер ото кыскартып жаздым кыска анан нуска болсун дедим...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 11:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: