Суперстан: Жан курбум. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Жан курбум. Курбумдун тагдыры мени ойлонтот

#21 Пользователь офлайн   aijyldyz   12 Февраль 2017 - 10:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

"Ошондо эки кошуна кыз менен парктан чыгып бараткам сырттан эле таанычумун ал балдарды учурашып эле мени дагы бир кызды машинага салып ала качып жоношту. Тепкилеп, ыйлап да бараттым же мени угаар адам болсочу..суйроп бир уйго алып келишти ой боюма койбой жоолук салышты олуп эле алгым келди адам болуп жаралганыма окундум малчалык да укугум жоктугуна ыйладым, баары тынчып калганда мени болду калат дешти да дааратканага барганча чогуу барган кошуна кыз экообуз качтык. Курган жаным жол таппай журобуз чуркап эле баратабыз ээн талаада, алыстан бир уй коруп жетпей баратабыз, жетип эле энтигип жолду сурасак уйунун ары жагына отуп: аай балдар азыр сураган кызынар келди деп бар уну менен балдарды чакырды жол уйунун эле ары жагында экен аларга айтпай эле бизди жашырып жолго салса эмне? Эргулдар келишти да мени талаа менен суйроп жоношту. Шерик кызым кала берди. Буттарымды тикенектей кирип буттарым канап баратат озум басам дегениме койбой суйроп баратышат, жаным ачышканына чыдабай силердин да кыздарынарды ушундай кылсын, ылайым жакшылык корбогуло жашоонордо дедим. Жаагыма бироосу чапты, мен каргап алар суйроп уйго да келдик сырттан кулптап койду. Анан мага куйоо боло турган жигитти киргизди. Мойнунан муунтуп олтуруп койгум келди 17жашта болсом. Апам женемдер келип отурасын деп кетишти, ыйлап ыйлап отуруп калдым. Авысыным бар экен.. кайнене да келиндин жашоосунда салымы чон экен, авысынымды айтып ал минчу тигинтчу жакшы жумуш жасачу сен андай эмес экенсин дейт, авысыным жогорку окуу жайды бутуп иштеп аннан турмушка чыкса турмушту жакшы тушунот да кайынагам экоо жети жыл суйлошуп баш кошсо, 27 жашында келин болуптур, буларды эми ойлоп башым жетип атпайбы, куйоом эч кандай жумушу жок экен кочого чыгып кайдан арак табат билбейм ичип келип "сен деген башында мени тоготпой талаа аралап качкансын мени уят кылып койдун" дечу болду. Болду эми сенин жарын болдум эми сага жакшы жубай болом десем акылын эми кирдиби бир жумадан кийин деп тепкилеп салды. Кайненем ырас болот ошентсе анан аялга акыл кирет деди. Же авысыным болушуп койсо эмне кайненем мына жененди сабабайт куйоосу жакшы да женен десе ан сайын сабачу болду. Озум арык назик кыз болсом алым эч нерсеге жетпеди апам торкулотуп чакырганда бардым да кетпей койдум, кайненем менен куйоом келип алып кетебиз десе да конбодум кайненем баласын таштап бир апта жашап баргыла деп озу кетип калды, эки кундон кийин адаты кармап калды уйдо эч ким жокто, кош бойлуу болчумун бар унум менен бакырдым ага чейин жаагыма эки чапты, эми колу кызып сабашты баштаганда авамдын балдары келип сарайга алып кирип тепкилеп салды куйоомду, ырас болду деп ичимдеги наристемди сылап жерде жата бердим, чон энем байкап калып бироонун баласы олтуруп коесунар деп ажыратып калды болбосо чын эле олтуруп коймок оной кутулмакмын, ошол менен ажыраштым башка турмушка чыгууну ойлобойм-деп Айчолпон суйлоп жатканда энем келип калды. Айчолпон кетти.
-Тамак жасабадынбы кун кечтеп баратат талаа иштеринен чарчап келишет-деп энем чаканы мага каратып ыргытып жиберди. Курбум менен суйлошуп байкабай калыпмын. Титиреп жатам.
-Экинчи курбуларынды корбойун, баарын унут-деди каардуу карап. Мен башымды ийкедим. Соз менен жооп бергенден корктум. Тамагым быша электе келип калышты ары бери чуркап журом. Тункусун болмого киргенде Эрнист
-Эмне болду-деди. Эч нерсе дедим. Озу кечке иштеп чарчап келсе. Мен ага эч качан энем антти тиги кыз мынтти деп айтчу эмесмин.
-Курбун келген тура дасторконго да эч нерсе нан чай менен отурдунарбы апам айтты сен ага капа болбо биз болунуп чыгабыз анан бардык досторун менен катташтырам эркеги менен да аялы менен да-деди. Суйунуп алдым азыр болунуп бараткандай.
-Мен да сени менен талаага чыгып иштейм сенин жанында болюнчу-деп кондурдум. Дыйканчылык кылып улуш жерлерин иштетчу. Бир кун аяш атам келиптир суйунгонумду айтпа. Дасторконго эмна коюшту билбей жангак турган экен аны да чоон тарелкага салып коюп койдум азыр эстеп кулкум келет озумо. Кайненем эмне дээр экен деп коркуп улам улам карап кой. Жок кабагы ачык экоо суйлошту. Мени тамак жаса дегенинен чыгып кеттим. Эмнени суйлошконун билбедим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   aijyldyz   12 Февраль 2017 - 10:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Кайынсинди кайнилерим кетменди кармаган боюнча чаап кетишет оро албаган орок тандайт болуп мен артта калып кетем. Эртеси жарымын кайынсиндим кошо чаап алып кетет кээде кайним аран чабам. Колуман келбегенине уялам. Алыстан карап турган энем байкап коюптур. Талаага жонотпой койду. Соодога базарга чыгышыма уруксат берди. Соодага чыгып соода жакшы боло баштады. Иним уйлонуп ошол шылтоодо уйго бардым. Сагынып жарылайын деп калгам. Жакшы эле кабыл алышты. Авам тойдун чыгымын баарын которо турган болуптур, акемдер баары уйлуу жайлуу болуп жакшы жашашчу. Уйубузго баш кирет экен биздин уй булоо чоноет деп кубанычым койнума батпайт..
-Бир семиз кой, бир кап ун, он литр ак май алып бересин-деди апам кечинде. Уч кундон кийин той.
-Апа алып бере албайбыз, анын устуно тойдун чыгымдарын авам которуп жатат го-дедим.
-Кедейге тийсен ошондой да базарга чыгып жатасын го акчанды сары майдай кылып кайненен алып жаткандыр сен акча таап барбасан кууп чыгат да-деп уруша баштады. Унчукпадым. Баса менден кийин синдим да куйоого чыккан. Апамдын арзуусундагыдай бай жигит. Ошого да суйуном.
-Эч нерсе кошо албасан тойго келбей эле кой мен элден уялам алдагы кийимин менен-деди
-Кайненем тойдун салат боорсогун жасап берели деди эле- дедим энем ошону айтып кенешип кел деген эле. Боорсок каттаманы бышыра турган адам бар экен салат жасап бердик. Чет элдик кийимдерди алганга акчам жок болчу тойго деп1000 сомдук эле койнок алдым. Той да отту эртеси да болду. Эрнисти апам карап да койгон жок. Тойдон тушкон акчаны апам авама берди эле ошол боюнча кайра апама берди иштетесин деп.
-Сен да куйоон да кайненен да барбайт бата тойго синдин Айгулдор барсын коп акча кошту анан кайындары да аттуу баштуу адамдар- деди апам. Мен макул болдум. Синдимдин жашоосу жакшы болгону жакшы да болбосо апам экоон тен мындайсын демек. Апам менен энемдин каттуулугу окшош.. келип келип небере карабаганы да окшоп жатып калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   aijyldyz   12 Февраль 2017 - 12:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Бир койногумду эки кайынсиндим сурап кийчу. Бири бирибиздин сапошка, бут кийимдерибизди да кийчубуз. Эми шарт ошондой эле да. Жолдошумдун казакстанда иштеген достору чогук иштоону сунушташты барып иштеп келууну чечтик энеме бир куну айтабыз дедик. Эртеси улуу кайынсиндим. Мунара РФга барып иштеп келем деди сабакка анча кызыкчу эмес мектепти аран бутту. Аны уккан энем
-Жок деп столду бир муштады. Мен чоочуп кеттим

-Эркегин да кызын келинин да билип кой чет жакка чыкпайсынар, ар кандай кырсыктар болуп жатат, мунозунор да озгоруп калат ал жакта, куйоого берем сени- деди. Эрнист экообуз бири бирибизди карап кала бердик. Ошол боюнча ал маселени козгободук. Соодага чыкканым жакшы болду бир жумадан бери эле эт жегим келет, тушумо да кирип бышкан эттер уктай албай чыгам. Куйоомо айтыш оюма да келбептир. Женем эмне жегин келсе айт дечу кантип айтам бышкан эт алып келип берсе энем билип калса атууга окум чыгат. Обед убакта шашлык жейм. Мунараны жигит менен жолугушууга мени кошуп жонотту. Бул кыз -ааламды сел алса да кызыл ашыгынан келбейт. Кафеге кирип куурдак заказ кылдык. Канча эт жесем деле конулум калбай турган болуп баратамбы деп коем. Экоо бири бирин жактырышып баш кошушту.
Азыр кээ бир келиндерге тан калам, куйоого тийип эле куйоосунун акчасына ээ боло калышат. Куйоомдун эмес озумдун акчамды эсептебепмин энем эмне кылып жатат?деп. Бир жылдык талаадан тушкон кирешени Мунарага кетирди. Анын да мээнети бар колуна кетмен тиери менен аткан октой чаап кетет. Карап турган адамдын кумары канат кылган ишине. Энем эч качан келин келсе кылат деп тамак жасабай койчу эмес. Кыз келсе кыз кимибиз келсек кыла берчубуз. Эртерээк келип тамак кууруп атып бир кесим этти алдым казандан жегим келип мындай кылчу эмес элем дал ошол учурда энем келип калса болобу. Колумдагы эттин ысыгына чыдай албай же таштай албайм байкап калбасын деп коркуп жатам. Байкабай калышы мункун эмес бирок а ччуусу келбеди. Маанайы жакшы. Тойдон келгер туйунчок, пакеттердеги канттарды терип болмосундогу тумбочкага салып кулптап коер эле абысынымдын балдарына да кыздарына да берчу эмес. Конок келсе окшошторун терип тарелкага салып койчубуз. Ошол канттардан алып чыгып жакканын алып же деди. Эмнеге анткенин тушунбодум же дагы кассетасы чайнап калдыбы? Берсем жебейсин дебесин деп экини жедим. Кичинекнйимден бери эле таттууга жакын эмесмин уйдо коробкалап турчу жечу эмесмин кичинекейимде. Шоколад конулумду айлантып бактын ичине кирип кустум. Каардуу кайненем озгорулуп калды. Корсо кош бойлуу экенмин аны да энем айтты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   aijyldyz   12 Февраль 2017 - 12:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Кубанышты деле билбептирмин, куйоомо суйунчулошту деле билбептирмин. Энем каалашынча же деп эт кууруп коет. Соодадан келсем баары даяр тамактанып идиштерди жууп эле жатам. Жолдошум мени мурдагыдан да кобуроок суйо баштады. Ай кунум жетип уул тородум. Ошондо билдим бала бакытын. Аялзаты торогондо энесинин баркын тушунушот тура. Уйубузго озу менен кошо дагы бир кубаныч алып келди. Баары эле айланчыктап жакшы корушот айрыкча кайынсиндим ысымын Шер деп койду энем. Жараткан кимге канча омур берет озу билет экен да ымыркайыма 4.5 ай гана омур жазылган экен бешенесине жакшына осуп келе жатып узулуп кете берди. Экспертиза да текшерип кагазын берди. Мен да кошо олгум келди, аны менен бирге жаткым келди. Эч кимдин созун укпадым. Тун болгондуктан баланы жууп аркы болмого жаткврып коюшту. Кокурогумдогу сут денемди жарып чыкчуудай болуп оорутуп атты. Эрнист менден жашырынып ыйлаганы козунон билинип турду. Баары уктаганда акырын аркы болмого кирип кепинделген баламды алып келип кепинден чечтим. Акыркы жолу кучактап алып жаткым келди. Мончок мончок болуп аккан жашымды токтото албадым. Жаагын чечип эмчегимди салдым эмип жибере тургандай сезилди. Мен эмт сени сагынам, кыяматта корушобуз, сенсиз бул дуйнодо жашагым жок артындан барам балам кутоорсун деп кулагына алдей ырын ырдап жаттым. Тан атпаса экен деп тиледим, кара жерге ыраа корбодум
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Aikoo2014   12 Февраль 2017 - 13:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Журокту ооруттунуз, ыйлап жиберипмин. Эх энени баладан ажыратпасынчы. ..(((
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   aijyldyz   12 Февраль 2017 - 13:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Армандуу тилек менен айткан алдей ырымдан Эрнист ойгонуп кетти байкабады баланы уктамыш болуп калдым. Бирок тан атканча уктабадым. Эрте менен Эрнист сыртка чыгаары менен эшикти ичинен кулптап алып ачпай койдум. Адамдар баары мага суук коруно баштады. Ачсам эле баланы колуман жулуп алып тируу баланы комо тургандай сезилди. Канча ирет ач десе да ачпай койдум. Келген адамдар баары кеткендей тынч болуп калды.
-Айжылдыз ач эшикти угуп чыдай албай келдим баары кетти коркпой ача бер- деди Айчолпон. Унунон дароо тааныдым. Кудум ал мага жардам берчудой эшикти ачтым. Жашырынып турушкан экен. Айчолпондон да мурда керишти. Бербейм баланы дедим да кучактап алдым. Колуман сууруп алышты. Апам жаагыма бир чапты столду сузуп жыгылдым. "Сен эмне психалык оорулуу болуп калдынбы же биз сенин тируу баланды комуп жатабызбы менин деле тун балам олгон ыйлашты деле билбепмин азыркы жаштар эле торогондой болушат тун бала турнага жем деген кийинки балан жакшы торолсун десен ыйлаба" деп апам бир чомуч сууну бетиме жаба чачып чыгып кетти.
-Ак сутуно ыразысынбы деди бироосу.
-Кантип нааразы болоюн ыраазымын дедим чын дилимден. Башка дуйнонун адамы экен торт айлык мейман экен кете берди...сыртка чыкпай жата бердим Айчолпон эшикти ачып бергенине озун куноолуу сезип кете албай же кала албай ынгайсыз абалда турганда кете бер деп аны узатып чыктым. "Эми бунун конулун карай бербей каттуу суйлоп койгула ошентсенер ал чыйралат" деп жатыптыр апам. Бардык нерседен конулум калды. Бир гана Эрнист бар учун ошого таянып жашап журдум. Баламдын бейитин коргум келди.
- Мени алып бар-дедим Эрнистке.
-Жок барбайсын-деди.
-Айтайынбы кандай жерге коюлганын: кыйгач жер жанында эркек кишинин мурзосу бар анан дарак бар-дедим. Ал танкала кайдан билесин деди. Билбейм журогум сез чу. Бир кун озумду жакшы болуп калгандай корсотуп соода ордума барып келем деп энеме бейитке жонодум. Барып мурзолорду аралап издей баштадым. Кароолчусу бар экен андан сурадым.
-Эки жума болду мына жерге койгонбуз андан башка жаш бала коюла элек деп дарактын тубундогу чон бейиттин жанындагы кичинекей жайды корсотту. Ал куран окуп кеткенден кийин кокурогумду ачып бейиттин кучактап ыйлап жатып уктап калыптырмын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   aijyldyz   12 Февраль 2017 - 14:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Кокурлгумдогу сут кетпей койгон эле. Коп адамдар басып келе жаткан шабырттан ойгонуп топурак болгон кийимдеримди каккыладым эрте менен келгем кун батып баратыптыр. Башымды которсом акем, женем иним , Эрнист экен. Мени издеп журушкон экен.Психологго консультатцияга алып барам деп мени акем уйуно алып келди. Чон апам уулуна келгенче кабар алып кетет.
-Чачын ал десе башын алганы турасынар да Эрнистке каттуу тийбей эле койбойсунбу урбаса сокпоосо кызыбызды-деди чон апам уулуна мен ойгонуп кеттим.
-Кээ бир эркектерге тан калам эже карындаштарын куйоолору малдай сабап ургуласа да унчукпаган намыс да менин карындаштарыма кол которсо нан кылып коем куйоо бала жездеге карабайм-деди акем. Туура кылат дедим ичимден Айчолпонду эстеп. Он кун психологго барып жакшы болуп калдым. Дуйнону башка коз караш менен карап калдым. Эрнистке кетким келди аны сагындым. Келип алып кетти. Кайрадан соодага чыга баштадым. Ал акчаларды энем сактап жургон экен там салып берем деп. Боюма кайра болгон жок. Мурда билбегеним менен эми куто баштадым Эрнист бир фирмага ишке кирди кышында соода болбогонунан анан суук болгону учун соодага бир ай чыкпадым. Порошоктун мешокторун бир сомдон алып аны жууп сап кадап тигим продукта ж б нерселер саткандарга откоро баштадым пайда уч эсе тушуп жатты. Аяш атам келгенде чек алып берем деген экен эле мурда айыл окмот менен суйлошуп чек алып берди менин атымда. Орто байыгандай суйундук. Кайненем топтоп жургон акчаларды берди асмандан тушкондой эле суйундук. 3 болмолуу уй баштап устун жаптык анан акча тугонду.. Айчолпондо акча бар экен эки жылдан сон бересин деди бир комнатасын бутуруп кочуп чыга турган болдук. Билинбегени менен беш жыл энем менен бирге жашап коюпмун. Беш жыл стажым отуптур. Апандан алган тарбия турмушта аздык кылат экен калганын кайнененден алат экенсин. Мени да калганын энем тарбиялады. Бир жолу Мунарага
-Балдар менен суйлошпой адегенде нан жабышты уйрон женене окшобой апасы бир сонун нан жабат экен кызычы- десе болобу. Уялганмын апам канча нан жапса карап койбопмун базарга чыгып акча тапсам эле ошого кайыл болуп мени квйнабайын деп аяса керек алтын апам. Энем нан жапса бир да жолу мен жабайын дебепмин кантип жабышты карап да койбопмун жаштык кылып тообо оюма да келбептир. Энем "апан тарбиялабаган апан уйротпогон" деп суйлогондорду жаман корчу. Айткан адам озу тарбиясыз деп. Кайсы апа баласын жаман болсун деп тарбиялайт? Ошол созду апамы беш жыл ичинде бир гана жолу айтты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   rumaika5544   12 Февраль 2017 - 15:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Жакшы жазып жатасыз,ыйлагым келип кетти.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   aijyldyz   12 Февраль 2017 - 15:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Уй али буто элек болчу. Кундогудой келсем энемЭлинаны урушуп жатыптыр "антип соз ташып келбе кудагый экообузду бири бирибизге жамандап, колум жука болсо мейли балдарым аман болсо байлык ошол, Айжылдыз мени эч кимге ушул кезге келип жамандаган эмес, ишенбейм бироонун айыбын чукугандан коро озундун айыбынды сез,сыйын менен келип кет" деп жатты энем. Унчукпай эле жанына келип туруп калдым. Кошуна чакырып энем кетти.
-Эмне балээ болуп кетти?- дедим.
-Казакстанда барган жеримде урушуп кетип калдым анан бир бала менен тааншып уйлондук., бай адамдар бирок тойго силердин уй булоонорду чакыра албадык тагалар эле барды-деди.
-Чакырсан деле бара алмак эмесмин бактылуу болсон болду да- дедим. Энем экоонун ортосунда эмне болду экен деп оюм ошодо.
-Кайненениз капризная экен-деди сынай.
-Мага билинбейт-дедим.
-Мени кайненем кызындай корот экообуз доспуз айтканымды айткан дегенимди деген кылат кызымды карайт-деди. Ылайым эле ошондой болуп журо берсин багынан айтыптыр дагы жакшы жаман жерге тушуп калса кимдин уйуно барат оз атасы менен кыл келбесе, таежелеринин уйундо беш алты ай эле батса деп ойлодум айтсам тескери тушунуп албасын дагы жетимдигин эстеп деп айтпадым.
-Баса эже Мирбек менен да суйлошуп жатам мага болушуп барган эле го- деди.
-Эмнени суйлошосун аны менен?-дедим
-Ал менин биринчи суйуум да- деп кулот.
-Суйбой ол сен куйоон билип калса суйуунду чыгарат, кызынды алыр калып айдап чыксын анан- деп уруштум.
-Бир убакта сиз деле экоо менен суйлошчу эмес белениз-деди куло.
-Ал убакта мен бойдок элем боло берет, куйоого чыккан сон андай болбойт - дедим.
Башка суйлогум келбеди. Озунукун бербей меники туура дей берчу адаты бар. Качан кетет деп кутуп отурам.
-Кайнененизге каттуу тийип койсонуз коркуп калат, азыр эмес торогонунуздон кийин-дейт.
-Мага акыл уйротпо-дедим. Озумдон кичине бир жетим кыздын акылы мага керек эмес. Ар бир таежемди жамандап кетти. Тазасы калбады же тажене же таеже. Бироонун жашоосун сортировка кылганга куштар эмесмин. Создорун конулумо деле албадым. Ириген ооздон чириген соз чыгат да. Казакстанда кантип иштеп журуп баарын тажатканын Айчолпон айткан эле.
-Ушул кыздан алыс эле журчу-деди энем башка эч нерсе айтпады. Айчолпон жылына бир жолу келип иштеп журуп РФга кетти. Мени канча жолу ал жакка чакырса да жолдошум жонотподу. Уйубуз бутту бир болмосу кочуп бара турган болдук.
-Апана айт жууркан, идиш аяк кылып берсин сен алгач келгенинде кийин кылып берем деген-деди энем. Элина башкача соз жеткирип барганын кайдан билем. Кубанычым ашып ташып жаны конушка бардык деп суйунчулоп барсам эле бере тургансып барып алыпбыз. Оз апам эмес башка адам тургандай
-Эмне кайненен эч нерсе бербедиби менде жок бере албайм ээрин эмне кылып журот сени тейлебей, инилеринди бутуна тургузуп тийсен болот эле тук эле жетинбединер- деди. Эрнист жанымда эле кеттик деди
-Жезде кет дегенде кетпейсинерби- деп кекетти.
-Суйлобо сен уйлонгонундо анан тушуносун- дедим кичуу иниме. Ошондо эмнеге ыйладым экен? Кош бойлуу экенимди билген эмесмин да.
-Ыйлаба бизде баары болот апан бербесе койсун заар созун укпайынчы баарын озум алып берем экообуз бактылуубуз ошол жетишту-деди Эрнист. Жок дегенде инилерим жакшы суйлоп койбогонуна ызаландым. Мектепти жакшы окуп бутсом да ушулар кантет деп окубай кышта кыштай жайда жайдай базарды мага баалап бергенсип тапканымды которуп келчу элем. Акыр келип рахматы мага ушулбу? Жетим калдык эми кантебиз деп уктап жатышса оюм онго болуноор эле кудай жетимдерге ырайым кыл деп ыйлаганым. Эртеси иним келиптир ал суйлой электе эле мен атырылдым
-Келбегиле мага тынч болсонор болду жамандык корбогуло, мен олсом да келбегиле силердей бир тууганым жок-дедим.
-Эже уксаныз Элина жок нерселерди айтыптыр да-деп буто электе созун
-Элина куноолуу эмес кайненем создоруно ишенбей уйдон айдап чыкты го эмнеге силер ишенесинер? ал каны башка бироо мен бир тууган элем го-дедим.
Эртеси торт жумалык боюмдан тушуп калды
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Angel92   12 Февраль 2017 - 15:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Ыйлап алдым((Уланта бериниз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   aijyldyz   12 Февраль 2017 - 16:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Ошондо апам туура кылган экен. Баарын даярдап берсе жанымды сабап иштебей болундум болду деп жата бермекмин да. Апамдын кылыгын энеме билгизбей энемдин кылыгын апама билгизбедим. Болбосо экоо кырды бычак болушаары анык. Энем озун жакшы карайт азыр курортторго барат. Кыздар балдары баары було кутуп очор бачар болушту. Кыздар куйоолору менен чет жерде иштешип буттарына турушту кудайдын кулагы суйунсун. Баарыбыз жакшы жашап калдык. Энем бир да небере бакпады эми жаштайынан жесир калып балдарды чонойту болду да. Кээ бирлер пенсиясынан неберелерине эч нерсе алып бербейт дешет эмнеге алып бериш керек? Пенсия озуно гана тиешелуу да. Апам деле ошондой. Каарыганда тынч жашасын карылыктын доорун сурушуп. Жаны болунгондо эл катары кыйналдык кийин баары ордуна тушту. Эрнистдин да ити чоп жей баштады. Калган болмолорду бутуруп мебелдерди алдык. Жараткан алла таллам ар бир пендесин жараткан сон курук койбойт тура.Барга шугур жокко сабыр кылып жашадык. Ар алты ай сайын дарыландым тилегеним кудайдан перзент. Буткул дуйнодогу перзент тилеген аялдарга анан мага перзен бере кор деп тилектерди тилеп келем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Medinaa   12 Февраль 2017 - 19:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

Аябай чыйрак экенсиз
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Ramina-malina   12 Февраль 2017 - 22:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 09 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 20:27

Ehh yilap aldym....kayguluu eken
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   aijyldyz   12 Февраль 2017 - 22:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Эрнист созундо туруп досторум менен катташтырды. Айчолпон келген сайын жолугуп кээде уйдо жатып калчу. Айчырайлуу бул курбум озунун жан шеригин таппады. Куйоо жонундо ойлонгусу да жок айтсан капа болот. Эркектин баарын эле кол которот деген сезим жашап калгандай. Фобия болуп калгандай сыяктуу. Дос балдар бироону таанышып коргуло деп сунушташты. Барбайм дегенине койбой уйуно барып алып чыктым. Жолуктук бир ресторанда, суйлоштук, жакшы эле мырзадай, дуйно коз карашы жакшы. Чыгарыбызда Эрнист келип алып кетти.
-Айжылдыз мага жакпады-деди курбум жолдо келе жатып.
-Эмнеге жакпады-дедим.
-Колу лопаткадай экен урса соо калбайм-дейт.
-Эмнеге оюна негатив ойлор келет дароо эле, балким кол которбойттур- дедим уруша. Ошол менен маегибиз бутту. Мен дукондо эрте менен саат тогуздан экиге чейин, беш саат иштечумун. Обедден кийин сменам алмашат. Дем алыш куну иштебейбиз. Жумушум женил анан кирешелуу эле. Уномдоп иштетчумун. Убакыт келип дарыланып журдум. Энем чакырганда барып кээде айылчылап келчубуз. Бул жолу да кошуна эженин уйуно бардык. Биз барганда баары божурашып олтурушуптур. Биз да кирип кошулдук.
-Озу торобогон келин козго суук корунот да-деп тордогу бир эне суйлоп жатты.
-Мага окшоппу?-дедим .
-Жок ай сокур озуно алат, дулой озуно алат болбогула, жарды десе эле жарды келиндер чычалап, жетим десе жетимдер чычалап калышат кызым, сен торобогон келин эмессин жакшынакай эле торободунбу- деди. Озум да уяла туштум. Бирок энем бир да жолу бала жонундо соз козгободу. Мен энемдин конулундогудой келин болбосом керек деп ойлочумун, торобойт деп ажыраштырса керек деп ойлоп ар кандай кырдаалда озумду даярдар депрессияга тушпогонго даярдадым.
Кечинде Эрнист адатынча жакшы создорду суйлоп чай ичип олтурдук.
-Жан кел ажырашабыз сен балалуу болушун керек- дедим бар эркимди топтоп. Мени тушунбогондой карады да бекем кучактап
-Мен эч качан ажырашпайм сени башкага алмаштырбайм, мени таштап кеткенден коро олтуруп кет тируу олук болгондон коро, баласыз деле жашай беребиз ортодогу махабатыбызды бала менен чектебейли бул созунду экинчи укпайын- деди. Кызуу турмушубуз ото берди. Аяш атам менер аялдамада жолугуп суйлоштук.
-Кызым эми жараткан ар бир инсанына баарын бере бербейт ошон учун бири кем дуйуно дешет, бала бакыт деп ага бардык шартарды тузобуз, жебей жедирип ичпей ичирип кийбей кийгизип чонойтобуз окутуп уй жай салып уйлойсун бир кун келип ошол балан давлениенди которуп же инсулт кылып башынды жеп олтуруп анан кара ашынды элге берет- деди аяш атам. Менин конулу чокпосун деди окшойт.. Аял болгон сон бала жытын жыттагын келет да. Акыркы дарыланган сон трубаларын жабык функция кылабыз дешти. Мен башка жолун издедим. Ноокат районунан бироону угуп женем экообуз бармай болдук. Кирпичныйдагы поликлиникада Манас деген врач бар экен.
-Яичниктерин "уктап" калыптыр, иглотерапия жардам берет-деди. Озу тибет мед билими бар экен бир курс лечение алып,Ноокатка да бардым. Кийинки айда боюма болду. Ыйманы менен ырысы м.н бакыт таалай омуру менен акыл эси алты саны он эки мучосу суйоору куйоору менен ден соолугу ооматы менен бере кор перзентимди деп тилеп журдум. Жумуштан чыгып кеттим,Эрнист уйдо отур озунду этияттап деди. Эх ошол кундор. Бешенеме кошуналарым да жакшы адамдар. Ай кунум жетип уул тородум. Эрнист да кошо каралашып кошуналар да тен карашты. Досторум баары келишип белектерге комуп коюшту. Айчолпон да РФдан келип куттуктады. Эгер Айчолпонду капа кылып алышымды билгенимде ошол сунушту айтпайт элем, мен ак конулдон эле айттым же туура эмес кылдымбы?
-А
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   aijyldyz   13 Февраль 2017 - 09:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Берки эки курбум Айгул менен Назирага мен торой албай жургон мезгилде
-Кудайым бербесе курдашым берет деген экоон бирден тороп бересинер, Айгул сее гарантиясы менен уул торойсун го Нази сен кыз тороп бересинер мага-дечумун
-Аяшынданбы же аяшымданбы- дешсе
-Эрнистен да бала багып алгым келбейт анын гени кандай ким билет.
-Сага тороп бербесек жаныбызды койбойт окшойсун макул достубубуздун урматы бирден эмес экиден тороп беребиз жуп болсун-деп тамашалашып калаар эле. Менин кайгымды да суйунучумду да болушоорлорум ушул уч курбум. Ичинде кири жок. Кош бойлуу убагымда уйго келишсе экоо эки райондон келет сен жата бер деп уйдо оздору тамак кылышат эле
-Сен дегер 200км жолдон келбединби коноксун-десем болбой оздору бышырчу.
Айчолпон жакын жашаганы менен алыста иштеп бул сунушумду айтпагам. Торогонумду угуп элеп желеп болуп келип уулумду эркелетип озун тааныштырып жатты.
-Аяштай да адам болобу деп тан калам мунозу оор басырыктуу алтын адам да башка адам болсо сени он жыл кутмок эмес торобос атка кондурмак, эх Айка сен мени турмушка чык турмушка чык дейсин аяштай адам болсо чыкмакмын-деди Айчолпон.
-Сен да аяшына турмушка чык нике кыйдырып, уйун бутту эртен эле кызын куйоого кетсе жалгыз каласын Эрнистин балдары коп болушун каалайм балама бир тууган болуп катташышат Рфга кетем десен мага таштап кет бага берем-дедим.
-Акылындан адашып калбадынбы? ойлонуп суйлосон менин ордума коюп кор озунду-деди
-Сенин ордунда болсом макул болуп жылда торой бермекмин, мен дагы коп жыл лечение алышым керек ар бирине коп суммадагы каражат талап кылат акчадан кача элекмин, жаман адамга жар болгончо жакшы адамга уй булоолу болсо да жашаганын жакшы го дедим.
-Психологго бар срочно-деди
-Сенин ордуна озумду койсом деле сенин козунду алып озумо салып карасам деле ушул эле созду айтам да мээм, журогум башка болуп жатпайбы озун бироонун ордуна коюп жашоону ошонун коз карашы менен эч ким карай албайт-десем баламды эркелетип отура берди. Ал мага таарынганын билбептирмин. Бирок мен чын дилимден айткам же туура эмес кылдымбы? Арадан бир жыл откон сон айтып жатпайбы ошондо таарынткансын ошол учун номеримди чет жерде алмаштыргам деп. Азыр да айтып калам ичимдо кооп балдарым бар дейсин же мага тороп бербедин же озуно торободун сага да жок мага да жок коз ачып коргон курбум элен торолбой кетпесин деп калам.
Ошол жылы кун аябай ысыган курбум келип кечинде жолуктук.
-Кыздар жанынар бошпу?-деп бир жигит ошончо оорун турса жаныбызга олтурду
-Озубуз да бошпуз- дедим мен да тамашалай. Себеби Айчолпон эми отказ кылбайм дароо турмушка чыгам деп убада берген эле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   aijyldyz   13 Февраль 2017 - 09:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Тааныштык. Созду политикадан баштап кордум соз коштоду. Юридикалык жактан да кордум суйлоп. Созубуз кызый баштады. Медицинадан соз козгосом созумду улап кетти. Ар бир сурообузга жооп берди. Демек бул медик. Тамактанып бутоорубуздо телефон номерибизди сурады эле курбумдун номерин берип койдум. Айтканына караганда жалгыз экен. Кийин звандаса курбум Рфга кетип жатам деп суйлошпоптур ал врач менен.
Эрнист угуп аябай чычалады "эмне мен учун чечим чыгарасын керек эмес башка аял" деп.
-Эми сага кимди табам аяшын да отказ кылды-дедим.
-Сен курбумсун да табасын стандартныйын- деп жол улап кете берди. Нурдин чоноюп мектепке барып калды. Арасында коп жолу кичинекей срокто боюмдан тушту. Артур уч балалуу болду азыр да дос балдар менен катташып турам. Бала кутулбогон суроолорду берсе жооп таппай каласын да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   anara91   14 Февраль 2017 - 00:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 18 Май 2017 01:00

Артур Ким?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Feya   14 Февраль 2017 - 01:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 488
  • Катталган: 24 Июль 08
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 22:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения anara91 (14 Февраль 2017 - 00:25) жазган:

Артур Ким?

2 жигит менен суйлошуп журчу эле го башында , бири бай аяш атасынын баласы, колун сураса баш тартып койгон бала
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   aijyldyz   14 Февраль 2017 - 23:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Просмотр сообщения Angel92 (12 Февраль 2017 - 15:52) жазган:

Ыйлап алдым((Уланта бериниз

Уулумду жоготкон кунду эстеп ыйлап отуруп жаздым откон кунум коз алдыма тартылып. Убактым болбой жатат бошоорум менен кайра улантам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Sezimim   15 Февраль 2017 - 00:02

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 12 Август 16
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 04:00

Кудайым энени баладан айрыбасынчы, ыйлап калдым ошол жерине келгенде...((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 55 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 55, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Авг 2025 14:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: