А Кокуй мен майрамдабайм мага болбойт деп туруп эртеси карасан ушу жазып жаткандар тыйрандап тосуп жанбашына Бир Уруп эмне ун чыкса ошону кылып жургонун коросун.
14-февралга даярдык кандай болуп жатат?
#103 14 February 2017 - 10:05
А Кокуй мен майрамдабайм мага болбойт деп туруп эртеси карасан ушу жазып жаткандар тыйрандап тосуп жанбашына Бир Уруп эмне ун чыкса ошону кылып жургонун коросун.
Демек алардын арасында ,сенда баркенсинда ааа...?
Сенин суйуун ,Менин Ар намысымдын алдында (made in China)
#109 14 February 2017 - 16:10
#110 14 February 2017 - 16:16
Биздин менталитетке кирбеген майрамды эмне кыласынар? Куйоонду кундо сыйлап тур!Аялынды ар дайым аярла!Ошол биздин день валентинибиз!
#111 14 February 2017 - 16:22
Мурун мектепте тим эле 14-февраль деп олуп калчуубуз кыздар)).Дискотека коюп берчуу эле,анан бир почтовый ящик коюп койчу эле ичине сени жактырган бироо кат жазып салып коет эле,же сен бироону жактырсан жазып салып коесун...Сабактан кийин атайын конкурс уюштуруп кичине майрам коюп берет эле анан ошол каттарды ээлерине чакырып таркатат эле...андан сон дискотека болчу))...бара бара бул майрамдын маанисиз экенин тушунуп жетип майрамдабай калдым.Суйуу учун олумго даяр эмесмин...Суйуу учун суйуп жашайм.Валентин суйуусун каалабайм)
#112 14 February 2017 - 20:52
*Азыркы замандагы жаштар башкача деңгээлде өсүп жатышат. Жаштардын көпчүлүгү кыз-жигит болуп жүрүү күнөө экендигин билишсе да алардын арасынан кыз-жигит болуп жүрүү туура деп жактагандары да бар.*
Бул жашоодо ар бир адам бактылуулукту издейт. Кимден сурабайлы, бактылуу болсом деп тилейт. Ар бир эркек менин аялым ыймандуу болуп, келечектеги балдарыма татыктуу эне болуп берсе экен дейт. Ошондуктан ыймандуу, кулк-мүнөздүү аял алууну каалайт. Ошондой эле ар бир кыз да келечектеги күйөөсүн эң жакшы, мени түшүнгөн күйөө болсо деп тилейт. Эң негизгиси бактылуу болуп жашасак болду дейт. Демек, бул жашоодо баарыбыз бакыт издейт экенбиз, сен да, ал да, кыз да, жигит да, бири да калбай бакыт издешет.
Эми карап көрөлү, биз чындап эле бакыт жолуна түштүкпү?! Жаштар мына турмуш жолуна кадам коюп жатышат, карасаң баары эле эки-экиден жетелешип алып кыз-жигит болуп жүрүшөт. Алар кыз-жигит болуп жүрүп бактыларын табыштыбы?
Мурдагы ата-бабаларыбыздын заманында азыркыдай кыз-жигит болуп ээрчишип жүрүү деген түшүнүк жок эле. Ошол убакта ажырашуу, аборт кылуу, зордуктоо, ата-энесинин уруксатысыз өз алдынча жүрүү деген түшүнүк болгон эмес. Ал убактагы адамдар азыркыдай көйгөйлөрдөн алыс жашаган. Бүгүнкү күндөгүдөй ажырашуулар болгон эмес, ал эми акыркы кездерде ажырашкандардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат.
Эми ойлонуп көрөлү, мурда жашоо кыйын болсо да үй-бүлөдө ынтымак, биримдик болгон. Азыркы кезде адамдардын материалдык турмушу оңолду, бирок эмне үчүн үй-бүлөлөр бузулуп жатат? Үй-бүлөдө ынтымактын кетишине эмне себеп болуп жатат?
Азыркы жаштарда уяттуулук деген түшүнүк такыр өзгөрдү, алардын арасында бузукулук күчөдү, никесиз төрөгөн кыздар, үй-бүлөсүн таштап кеткен эркектер көбөйдү. Ачыктан-ачык эле жаштар эки-экиден болуп алып кечелерге, түнкү клубтарга барып жатат. Коомдо мындай күнөө иштер кадимкидей эле көрүнүшкө айланып баратат. Булардын баарына эмне себеп болуп жатат? Ал эми мектепте окуган секелек кыздардын жарымы мектепти бүтпөй жатып кыздыгынан айрылса, кээ бири кош бойлуу болуп шерменде болгондору да жок эмес. Келечекте мындай кыздардан кандай эненлерди күтүүгө болот? Балким мындай күнөөлөрдүн жайылыша жаштардын кыз-жигит болуп жүрүүсү да себеп болуп жаткан жокпу? Эгерде кыз-жигит болуп жүрүү жаштардын келечектеги үй-бүлөлүк бактысына коркунуч алып келсе, анда биз бактысыздыктын жолуна түшүп алып бакыт издеп жатсак, анда биз бактылуулукка кантип жетебиз? Кантип бактылуулук издеп жатабыз деп айта алабыз?
Аллах таала ыйык Куранда айткан:
*«Зынаага жакындабагыла, анткени ал эң ыплас, жаман жол».* (Исра сүрөөсү, 32-аят)
Аллах таала Куранда мындай деп айткан:
*«Кимде-ким Менин эскертүүмдөн баш тартса, анда ага машакаттуу тар жашоо болот».* (То-Ха сүрөөсү, 124-аят)
Эй, мусулман бир тууганым! Эмнеге сен кыз-жигит болуп жүрүү күнөө экенин билип туруп, аны токтотууга аракет кылбайсың. Сен аны күнөөгө азгырып алдап жүргөн кыз, сага окшогон бирөөнүн карындашы, келечекте бирөөнүн энеси. Балким айтаарсың, жүрөт десе мен силер ойлогондой жүрбөйм, жөн гана бири-бирибизди жакшыраак билиш үчүн эле деп айтаарсың? Эртең эле сен да кыздуу болосуң, ошондо ыраазы болот белең сенин кызың бирөө менен жетелешип жүрүп, аны бир канча убакыт колдонуп, анан сенден жакшы аял чыкпайт деп кызыңды таштап кетсе, сен муну кандай кабыл алат элең?
Сен азыр ушинтип бир кызды алдап жүрсөң. Ошол кыздын абийирин төгүп, сыздатып туруп талаага таштап кетсең эле баары бүтөт деп ойлойсуңбу? Билип кой, Аллах таала бир убакта сенин башыңа да ошондой түйшүктү салганда, сен ошолорго каршы чара көргөнгө алың келбей калат. Анткени сен да убагында бирөөнү сыздаткансың, сен да бирөөнү ыйлаткансың, абийирин төккөнсүң. Сен да бирөөнү бузгансың, бирок билип койгун, жакында сен да аял аласың, сен да кыздуу болосуң. Мына ошондо сен кылгандай бирөө да сенин кызыңды, эже-карындашыңды кантип бузуп кеткенин билбей каласың. Азыр бирөөнү бузган болсоң, бир күнү сен дагы ошонун абалына түшөөрүңдү билип кой. Мына ошондо Аллах Таала бирөөгө кылган жамандыгыңды өз башыңа салат. Анткени Аллах Таала адилеттүү Зат. Эгерде сен бүгүн бирөөнү кордогон болсоң, эртең сени да бирөө кордойт. А балким сен кордолбосоң да, сенин кызың кордолушу мүмкүн. Ошондо сен аргасыздан айтасың, азыркы жаштар бузулду, жаштардан уят кетти деп. Ошого ким себеп болду? Сен дагы ошого себеп болгонсуң. Ошондуктан сен өзүңө каалабаган зыянды башкаларга да каалаба. Эгерде сен келечектеги кыздарыңдын абийирдүү болушун кааласаң, анда кыздардын абийирин бузба.
Эмне үчүн шарият кыз-жигит болуп жүрүүнү тыйган деп ойлойсуң? Анткени аялдар алсыз жаратылган. Аллах Таала аялдарды ушунчалык назик, ишенчек, адамдын көңүлүн ооруткусу келбеген мээримдүү, боорукер кылып жараткан. Ошону адамдын абийирин сыйлабаган, адамгерчилиги жок эркектер пайдаланып кетбесин деп, алардын алсыздыгынан башка бирөө пайдаланып койбосун деп шарият кыз-жигит болуп жүрүүнү тыйган. Шарият дайыма алсызды коргойт, алсызды күчтүү кордосо, анда алсыздын таламын талашат. Анткени Аллах Таала шариятты адамдар өз ара ынтымакта, биримдикте жашоолору үчүн түшүргөн.
Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айткан:
*«Эгерде аял менен эркек жалгыз калса, анда алардын үчүнчүсү шайтан болот».* (Тирмизи)
Абу Умама риваят кылды: *«Бир жигит Пайгамбарга (саллаллаху алейхи уа саллам) келип: «Оо, Аллахтын Элчиси! Мага зынаа кылууга уруксат бериңиз»,– деп сурады. Ошондо адамдардын баарысы ага жабалактап: «Сага балээ болсун!»,– деп жемелеп киришти. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам): «Бери келчи»,– деди. Ал жигит Пайгамбарга жакын келгенде, ага кайрылып: «Кел, жаныма олтурчу»,– деп айтты, ал жигит отурду. Ошондо Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам):
– «Сен ушул нерсени өз энеңе каалайт белең?»– деди.
– «Жок, Аллахка ант болсун, (кантип эле каалайын), Аллах мени сиз үчүн курман кылсын»,– деп жооп берди. Ошондо Пайгамбарыбыз айтты:
– «Адамдардан да эч кимиси мындайды өз энесине каалабайт. Ушул нерсени кызыңа каалайт белең?»– деп сурады.
– «Жок, Аллахка ант болсун, (кантип эле каалайын). Аллах мени сиз үчүн курман кылсын»,– деп айтты.
– «Адамдардан да эч кимиси мындайды өз кызына каалабайт. Ушул нерсени эжеңе каалайт белең?»– деп сурады.

– «Адамдардан да эч кимиси мындайды өз эжесине каалабайт. Ушул нерсени атаңдын эже-карындаштарына каалайт белең?»– деп сурады.

– «Адамдардан да эч кимиси мындайды өз эжелерине каалабайт. Ушул нерсени тайежеңе каалайт белең?»– деп сурады.
– «Жок, Аллахга ант болсун, (кантип эле каалайын). Аллах мени сиз үчүн курман кылсын»,– деп айтты.
– «Адамдардан да эч кимиси мындайды өз тайежесине каалабайт», – деп ал жигиттин көкүрөгүнө колун коюп: «Оо, Аллах! Мунун күнөөсүн кечир, жүрөгүн тазарт жана анын абийирин таза сакта»,– деп дуба кылды. Мына ошондон баштап ал жигит таптакыр зынаага көңүл бурбай калды».*
Аллах таала ыйык Куранда ыймандууларга кайрылып:
*«Ыймандуу эркектерге айткын: «Ар кайсы аялдарды карай берүүдөн көздөрүн сактап, уяттуу жерлерин бузукулуктан сакташсын. Бул – алардын өздөрү үчүн абдан жакшы. Чындыгында Аллах алардын кылган иш-аракеттеринен Кабардар»,*– деген. (Нур сүрөөсү, 30-аят)
Адам шайтанга азгырылбаш үчүн көздөрүн күнөөдөн сакташ керек. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Алиге мындай деп айтты:
«Эй, Али! Бир карагандан кийин экинчи жолу караба! Экинчи караганың сен үчүн күнөө болот».
Аллах Таала Куранда минтип айткан:
*«Эй, Пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына айткын: «Үстүлөрүнө сырткы кенен кийимдерин жабышсын. Бул – алардын таанылуусуна жана кордук көрбөөлөрүнө жакыныраак. Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү». * (Ахзаб сүрөөсү, 59-аят)
Азыркы кездеги кыздардын көпчүлүгү Аллахтын дини менен жашоо канчалык зарыл экендигин толук түшүнбөстөн, муну ресторан-кафе менен алмаштырып, өздөрүнүн негизги максаттарын унутуп коюшту.
Эй, карындашым! Сен өз билгениңди кылып жүрүп, эртең боюңда болуп калса, ата-энеңдин алдына кантип барасың? Бул убакта сени жигитиң эле эмес, сени эң жакшы көргөн ата-энең да сени жерийт. Азыр минтип жүргөнүңдү шайтан кызык көргөзүп жатат, шайтанга азгырылба. Себеби жигитим деп жүргөн адам бир күнү сенин абийириңди төгүп, анан сени керексиз буюмдай таштап, өзү башкага үйлөнүп алганда, ошондо кыз-жигит болуп жүрүү күнөө экендигин түшүнөсүң. Бирок ал убакта кеч болуп калат. Акылдуу адам бирөөлөрдүн катасын көрүп өзүн оңдойт. Ал эми акылсыз адам өзү ошол катага түшүп зыян тарткандан кийин гана түшүнөт. Ал жигитиң сени алдап жатат. Эгерде анын сага үйлөнөм деген ниети болсо, анда атаңа жуучу жөнөтөт, урматың менен үйлөнөт. Сен ойлоп жатасыңбы, ал бирөө менен ээрчип жетелешкен кызга үйлөнөт деп. Ал өзүн өзү билген, көрүнгөн менен жетелешип көп баскан кызган эч качан үйлөнбөйт. Ошондуктан шарият мындай күнөө иштерден тыйган.
Аллах Таала ыйык Куранда:
*«Эй ыймандуулар! Шайтандын жолуна түшпөгүлө! Ким шайтандын жолуна түшсө, албетте, аны шайтан бузукулукка жана күнөөгө азгырат. Эгерде силерге Аллахтын жакшылыгы, мээрими болбогондо силерден эч кимиңер эч качан туура жолду таба албайт элеңер. Бирок Аллах Өзү каалаган пендесин туура жолго салат. Аллах – баардык нерсени Угуучу, Билүүчү»,*– деген. (Нур сүрөөсү, 21-аят)
Аллах таала Курандын башка аятында мындай деп айткан:
*«Ыймандуу аялдарга айткын: «(Ар кайсы эркекти карай берүүдөн) көздөрүн сактап, уяттуу жерлерин (бузукулуктан) сакташсын. Сулуулуктарын көрсөтүшпөсүн, бирок кийингенден кийин (жүзү, колу, бутунун томуктан ылдыйкы бөлүгү көрүнсө) эч нерсе эмес».* (Нур сүрөөсү, 31-аят)
Мурда элибизде эркектер менен аялдар аралашып отурганы уят болсо, азыркы күндө эркектер менен аялдар аралашып отурбагандын өзү уят деп эсептелип калды. Эркектер менен аялдар аралашып олтурганга болбойт деп айтылса көпчүлүк таң калат. Адамдардын динден алыстаганынан улам жашоодогу көз-караштар тескери болуп калды. Уятсыздыкты уяттуу эмес катары эсептеп, уяттуулукту уят катары эсептеп калды. Мындай аралашуу адатка айланды. Бул аялдын кадыр-баркына доо кетирип, ушак-айыңга калып, ар кандай күнөөлөрдүн көбөйүүсүнө себеп болууда.
Кыз-жигит болуп жүрүп баш кошуунун зыяндары өтө көп, алардын кээ бирлерин айта кетсек:
1. Сүйдүм-күйдүм деп жүрүп, бири-биринин айыптарын көрбөй, турмуш кургандан кийин көрүп, анан жактырбай калат. Анткени шайтан аларга кооз кылып көргөзө берет. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:
*«Чындыгында шайтан адамдын каны менен кошо айланат».* (Сахих Бухари)
2. Бири-бирине ашык болгондор бул жашоону романтика, сүйүү түгөнбөйт, дайым ушундай болот деп ойлошот. Ошондуктан жалаң гана сүйүү жөнүндө сүйлөшөт. Жашоодогу кыйынчылыктар, милдет-жоопкерчиликтер жөнүндө такыр сөз козгобойт. Ушундай ойлогондору үчүн үйлөнгөндөн кийин жашоо кыйынчылыктары булар күткөндөн такыр өзгөчө болуп чыгат, натыйжада алар өзгөрүп бири-бирине башкача мамиле жасай башташат.
3. Кыз-жигит болуп жүргөндөр бири-бирине көргөзгөн жылуу мамилени, боорукерликти, урмат-сыйды ж.б.у.с көрүнүштөрдү чындык катары кабыл алышат. Бул нерселер дайым улана бербейт. Никеден кийин адамдын чыныгы жүзү, мамилеси ачыкка чыгат. Анткени ага чейин экөөсү тең жалан гана жакшы жактарын көргөзүүгө аракет кылышат. Берилген суроого жалаң гана жакшы жоопторду айтат. Мисалы, “Ачууланасынбы? ”– десе, “Жок”,– дейт. “Аялын урган эркектерге кандай карайсың?”– десе, “мен андай эркектерди эркек деп эсептебейм”, – дейт. Эч бир адам ичиндеги нерсесин ачылып айтпайт. Эч бири айтпайт “мен ушундай ороймун, эгер жинге тийсе, аял кишинин көңүлүнө карабайм” деп айтпайт. Кыргызда сөз бар го “Алганга чейин алтыным, алгандан кийин катыным” деген, ошол сөз бекеринен айтылган эмес. Эч бир кыз айтбайт мен ушундай ажаанмын, эгер көңүлүмө туура келбесе, көк беттигим кармап калат. “Кыз кезинде баары жакшы жаман аял кайдан чыгат” деген сөздө чындык нерселер бар. Мына ошентип никеден кийин көйгөйлөр башталат.
Мындан башка дагы көптөгөн зыяндары бар. Сен ойлойсуң, мен сүйлөшүп жүрүп тандап алсам жашоом жакшы болот деп. Эч качан мындай болбойт! Сен билбейсиң, сен жакшы деген адам, жаман болуп чыгышы мүмкүн, сен жаман деген балким жакшы адам болушу мүмкүн. Сен сүйлөшүп, кыз-жигит болуп жүрүп тандап алган кызың сага кийин жакбай да калышы мүмкүн. Демек, сен үйлөнөм деп канча сүйлөшүп жүргөн болсоң да бир күнү баары бир ал сага жакбай калышы мүмкүн. Эгер буюм болсо аны башкасына алмаштырып аласың, а сенин өмүрлүк жубайың болгон соң андан балалуу болгондон кийин кантесиң? Чыныгы сүйүү – бул никеден кийинки сүйүү. Ага чейинки сүйүү деп атап жүргөн нерсе суктануу, шайтандын азгырыктары. Анткени бул убакта экөө бири-бирин реалдуу жашоодогу мээримин көрүп сүйөт. Шарият боюнча үйлөнүүдө такыр көрбөй туруп үйлөнүш керек деген сөз эмес. Келечектеги жубайын никеден алдын жолугуп сүйлөшүп көрүүгө уруксат берилген. Бирок жолугушуу жалгыз эмес кыздын жанында ага жакын туугандарынан бирөө жарым болушу шарт.
Мугийра ибн Шуьба (радыяллаху анху) үйлөнүү үчүн бир аялга жуучу жөнөткөндө Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) ага: «Аны бир көргүн, чындыгында аны көргөнүң – экөөңөрдүн ортоңордо тунук сүйүүнү пайда кылган эң абзел иш»,– деп айткан.
Эркектердин намысын, кыздарыбыздын абийирин, үй-бүлөлөрдүн ынтымагын сактоо үчүн биз никегеге чейин кыз-жигит болуп жүрүүдөн жана зынаадан сактануубуз керек жана башкаларды да бул күнөө иштерден тыюубуз керек. Ар бир оорунун дарысы бар сыяктуу ар бир көйгөйдүн чечими бар. Ошондуктан кыз-жигит болуп жүрүү бул күнөө деп эле калбастан, андан кутулуу жолдорун да бар:
1) Аялдар менен эркектердин аралашып отуруулары күнөө экендигин ар бир адам билиш керек.
2) Адамдарды жакшылыкка чакырып, күнөө иштерден тыюу.
3) Аялзатына мүнөздүү болгон уяттуулук сапатына көңүл буруу.
4) Кыз бойго жеткен кезде аны турмушка берүү.
Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам): «Эгерде силер динине жана кулк-мүнөзүнө ыраазы болгон адам (кызыңарга) куда түшүп келсе, анда ага кызыңарды турмушка бергиле»,– деп айтты.
5) Эркектер намыстуу болуп үй-бүлөсүн, эже-карындаштарын туура жолго баштоосу керек.
Аллах таала Куранда ыймандууларга кайрылып мындай деген:
*«Эркектер – аялдардын үстүнөн башкаруучу. Анткени Аллах бирөөсүн экинчисинен (башкаруучулук сыпатта) абзел кылды».* (Ниса сүрөөсү 34-аят)
6) Эркектер үйлөнүүгө шарты болсо кечиктирбей үйлөнүү. Абдулла бин Масьуд (радыяллаху анху) Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтканын айтты: *«Эй,жигиттер! Кимиңердин үйлөнүүгө шартыңар болсо, анда (кечиктирбей) үйлөнгүлө! Анткени үйлөнүү адамды зынаадан жана көздү күнөөдөн сактайт. А эгер үйлөнүүгө шартыңар болбосо, анда орозо кармагыла. Чындыгында, бул (силерди күнөөдөн сактоого) эң жакшы жол».*

Жондоолор
#114 14 February 2017 - 21:45
Оо кайдагы бир ата бабабыз тааныбаган валентиндин суйуусун даназалабастан Озубуздун эле адамдарды даназаласак озубуздун эле адамдардан улгу алсак болбойбу
Мына мисалы
Раймалы менен Бегимай
Акмоор менен Болот
Данияр менен Жамиля
Асель менен Ильяз
Ж.б. коптогон адамдарыбыз барго улуу суйууну корсоткон .

#116 14 February 2017 - 22:11
Мурун мектепте тим эле 14-февраль деп олуп калчуубуз кыздар)).Дискотека коюп берчуу эле,анан бир почтовый ящик коюп койчу эле ичине сени жактырган бироо кат жазып салып коет эле,же сен бироону жактырсан жазып салып коесун...Сабактан кийин атайын конкурс уюштуруп кичине майрам коюп берет эле анан ошол каттарды ээлерине чакырып таркатат эле...андан сон дискотека болчу))...бара бара бул майрамдын маанисиз экенин тушунуп жетип майрамдабай калдым.Суйуу учун олумго даяр эмесмин...Суйуу учун суйуп жашайм.Валентин суйуусун каалабайм)
Хехе биз учурунда мындан торт жыл мурда ошол почтовый ящиктин ичине озубузго озубуз эле авторитет учун жазып салып койчубуз .
#117 14 February 2017 - 22:25
Хехе биз учурунда мындан торт жыл мурда ошол почтовый ящиктин ичине озубузго озубуз эле авторитет учун жазып салып койчубуз .
Молодцы)))
.....
.
.....
#118 15 February 2017 - 00:29
Азыркы жаштар асмандан тушуптурбузбу,
ошол илгерки кыз жигит болуп суйлошбогон журбогон эле адамдардын урпактарыбыз.
Илгерки заман башка азыркы заман башка. Илгери уйлонсо же тийсе озу эмес ата энеси жакындары чечип турмушка узатып келген. Бой жетип жете электе, акылы токтоло элек жаш 12-16жашында эле уйлоп же берип салган. Ан сезим ал балдарда башкача дуйно тааным азыркы жащтарга салыштырмалуу бир топ томон болгон. Албетте мектепте окубаса азыркыдай окуу нерселер жок болсо жашоо ушул экен деп журо беришкенда айланасындагы гана жашоо мунозун таанып билип. "Эми турмушка чыгышын керек Тезекбайга"
десе "макул"
деп. Турмушка чыгып же уйлонуп турмуш секс балалуу болуу ушул экен деп жашап журо беришкен. Албетте бул 20чы кылымга чейин кыргыздар Совет доору орногонго чейинки элдерди мисал туттум. 20чы кылымдын башынан баштап аста секин эл билим ала баштады, дуйнодо башка алыскы элдерди таанып билип алар мн мамиле тузуло баштады.
Ал эми 1990жылдан кийин Кыргызстан эгемендик алып, жаштардын дуйного чыгуу таануу эркиндиги мумкунчулугу жаралды. Анысына кошу ташыл теле жана радиолор, гезиттер эркин иштей баштады, жанылары ачылды, мурдагыдай Совет доорундагыдай маалымат таркатуу элдин ан сезимине сссрдин манкурт кылчуу КНДРге окшоп зордуктап корсотуусу окутуусу жок болду. Ссср кезинде Ссср кинолору ырлары жанылыктары гана коп корсотулуп келсе, эркин теле жана радиолор дуйнолук беруулор онукту.1995жылдардан тартып Интернет онуго баштады. Жаштардын ою, жашоо талап озгорду. Илгеркидей жаш турмуш куруу зыян экенин тушунуп жетишти 18ге чыкбай жатып. Илгеркидей болбой жаштар оз жашоо келечегин оздору тандайт оздору чечет. Албетте озу чечет десе биржолу эле озумбилемдик эмес жакындары мн кенешет эмне кылууну. Бирок илгерки жаштардай болбой дуйно таанымы башкача болгону себептуу келечеке план тузо алат. Уй було курууну милдеттуу же биринчи план эмес деген жаштар башка пландар мн да журо беришет. Адам болгондон кийин бири бири мн суйлошот, таанышат, жашоодо ар кандай стуациялар болгондой ошол бойдок жургон жаштар кутуусуздон озуно жаккан жигит же кызды жолуктуруп таанышып каалаар. Таанышкан сон эмне болмок, кундо суйлошмой чогуу бир жактарга бармай болот бири биринин конулун алуу максатында. Таанышкан сон кыз жигит болбой дароо турмуш куруу керек эгер жакса деп коюшат. А бирок кыз же жигиттер баары бирдей эмес да кээ бироолор ар кандай себептуу даяр эмес. Эки уч ай же бир беш жыл суйлошуп турмуш курушатго кээлери. Турмуш курууга даяр болгу чейин ошол аралык отуп кетээр ортодо. А эгер кыз же жигит даяр болбосо анда кызжигит болуп суйлошбой эле койбойбу деген суроо туулат. Жактырып калса кантип суйлошбой коюп кол шилтеп кетуу мумкун. Кыз жигит болуп журуп турмуш куруп бактылуу жашагандар бар. Кыз жигиттин баары эле жатып алган же сорушуп обушкон эмес да.
Албетте бар жон эле конул ачуу максатында жургондор жаман жолго барса керек.
Кыз жигит болуп журуу 21кылымда тан калычтуу эмесго.
.
Валентин кунуно келсек бул жонгана суйуу куну деп аталып калган. мында пайда да зыян да жок.

Супер-Инфо
super.kg
видео