Кыскасы байдын кызына үйлөнгөм, аялым мени сүйүп тийген, аялым атасы бай болсо да жөнөкөй, көптөнгөн каршылыка карабай үйлөнгөнбүз бирок, азыркыга чейин мени кайын атам менен кайын энем кечирбей келет, баш кошконубузга алты жыл болсо да. Теңибиз эмессинер деп сөздөру эле ошол. Мен канча аракет кылбайын тил табышууга, майнап чыга элек . эмне деген гана какшыктарды,
сөздөрдү угуп келем алардан, бирок чыдап жүрөм аялым, уул кыздарым үчүн. Мен ойлогом убакыт менен баары ордуна түшөт деп, бирок ал ойдон кайта баштадым. Аялыма да кыйын болду ортодо, ата энесинин сөздөрү үчүн дайым кечирип өзүн менин алдымда күнөөкөр сезип. мен сенде күнөо жөк десем да сурай берет. Акыркы мезгилдери өзүм да тажап кеттим алардын мамилесинен.
Той топур маарекелеринде тик туруп кызмат кылам, башка бажаларымды кызмат кылдырбайт,
менден кичүулөрүн да, баарын мага жасатат. башым катты.
- (2 )
-
- 1
- 2
Кайын журттун канткенде тилин табам?
#2 17 February 2017 - 16:08
Суроо:
1.Оз уйундо жашайсынбы?
2.Канча баланар бар?
3.Кандай жумушта иштейсин?
1.Оз уйундо жашайсынбы?
2.Канча баланар бар?
3.Кандай жумушта иштейсин?
#4 17 February 2017 - 16:38
#5 17 February 2017 - 16:57
#6 17 February 2017 - 16:58
Ооба өз үймдө жашайм, бир уул эки кызыбыз бар, куруучумун курулушта иштейм.
#8 17 February 2017 - 17:03
#10 17 February 2017 - 18:13
Устамын, тапканым жашообузга жетет. аялым нааразы эмес.
Бул дуйнодо эн башкасы озундун кичинекей уй булоондун бактысы сенин бактын . Башка нерселерге баш катырба . Сенин кайната кайненене окшогон же бакытан да байлыкты жакшы коргон адамдарга эч нерсе мене тушундуро албайсын .Оз уйун оз жумушун бар экен, жубайын сага ыраазы дагы не керек. Кызматка келсек кундо той аш болбостур и анан да той ашта кандай кызмат кыласын эгер кой союу, (боколчу )же аш басуу (плов)болсо мындай кызмат кээ бир мырзалардын(же бажаларындын)колунан келбесе керек. Негизинен куйоо бала кайын журтка бир даталуу кундордо эле барса, жубайын камсыздаса мындай проблема(койгой )жаралбаса керек.
#11 17 February 2017 - 18:32
ошол да проблемавы чакырса бар чакырбаса барба чалса суйлош чалбаса суйлошпо аялына ыразы болсон тыыыынч тутун булата берда бир кун келип оздору окунот болуш керек.
ЭХ ЧИРКИН ДYЙНӨ!!!
#13 17 February 2017 - 18:59
Кээде үйлөнөөрдө ата тегин да карагыла деген жери бар да.Бизде көпчүлүгү анысына карабай эле сүйдүм күйдүм деп үйлөнүп алат.Анан кийин өзүн да келинчегин да кыйнайт.
Мисалы мен кеңеш берсем кайны журттан алыс бол,мамилени да башкасын да.Эсиң болсо эч качан алардан бир тыйын албагын,миң бай болуп миллионер болсо да.
Ач калып колуңда эч нерсең калбаса да аларга көз каранды болбогун.
Мен сенин ордуңда болуп ошондой сөз уксам жыйнаштырып койсом керек баарын.Мен мындайга чыдабаймго.
Билбейм мен мындайга түшпөгөм бирөөнүн көзүн карап жашаганга.
Анан балдар кыздарың бар экен эми сабыр кылыып жаша.Алысыраак эле мамиле кыл болду башка сөз жок.Чакырса барба тойлоруна да башкасына да ар түрдүү шылтоолорду айтып.

#14 17 February 2017 - 19:04
Ошо кайнатамдын фирмасына иштебегеним үчүн да жек көрүшөт мени алар, мен эч качан алардан акча алган эмесмин, албайм дагы. менин деле аларга барайын деп көзүм учуп турган жери жок, маарэке өлүү тирүүндө баары бир барышка туура келет экен.
#15 17 February 2017 - 19:05
Сен өзүң сабырдуулука амал кылбай туруп, бирөөгө сабыр кыл дегениң жарашпайт го.
#16 17 February 2017 - 19:19
Сен өзүң сабырдуулука амал кылбай туруп, бирөөгө сабыр кыл дегениң жарашпайт го.
Мен сенин балдарың кыздарың бар экен ошого сабыр кылып жаша дедим.Анан эмне ажырашып кет дейинби?!
Эгер балдарың жок болгондо анда точно айтат элем ажыраш деп.Сен кызык адамсынго кенеш сүрап кайра бет тырмачылык кылган.
#17 17 February 2017 - 19:23

Мен болгондо чыдабайт элем дегениңден жазгам, дароо аңыраңдап кирбей бир аз сабырдуураак болсоң. Мусулман адам сабырдуу болуш керек, жарты сөзгө чычаңдабай. Өзүң амал кылбаган нерсеңди башкага айтпай эле кой.
#18 17 February 2017 - 19:31
Мен болгондо чыдабайт элем дегениңден жазгам, дароо аңыраңдап кирбей бир аз сабырдуураак болсоң. Мусулман адам сабырдуу болуш керек, жарты сөзгө чычаңдабай.
Өзүң амал кылбаган нерсеңди башкага айтпай эле кой.
Макул сеники туура.)))
Каяктан да жаза койдум, акимдер админдер көрүп калсаңар өчүрүп койгулачы менин билдирүүлөрүмдү.
#19 17 February 2017 - 21:45
Тенибиз эмессинер десе аа анда давай досвидание де дагы оз алдынча жашай бер.Нурмухаммад туура айтат аларга вообще коз каранды болбогонго аракет кыл.Жаман жакшылыктарга да барбаганга аракет кыл.Ниче се тенибиз эмессинер дейт дегин.Адам падам эмес го аларын.
#20 18 February 2017 - 09:11
Аял киши болсо чыда,кызматын кыла бер демекпиз.Бирок жигитке бул жарашпайт.Аялында куноо болбогондон кийин анын да конулун калтырба.Ай мончоктой балдарын турса.Менимче аялын экоон кенешип туруп марекелерине барбай кой.Балдарын менен озун жонот.Байлар сураса ал бечара кембагал келбеди,силерге тен эмес деп койсун.
Силерге тен озум келдим,неберелериниз менен деп койсун.Рас озу билем кылып тийдиби,эми биягына да озу чыдасын.
Анан бир кеби болот.Эр жигиттин уялганы,олгону дейт.Сен барып кызмат кылба,сен эмес алар сага тен эмес,билсен. Ошону билишсин...
Сени тоотпой турса,сен бечара кызматта болсон элестетип алып куйуп кеттим.Байлыгы байпагым делет.Байлык тоголок,мээнет жалпак делет.Бир тоголонсо байлык жок болот.Адамкерчилик болсун,адамдык абийир болсун балам.Сен адамдык сапатын менен байсын балам.Бар жогол байлыгына ургулдум деп жолго салбаганына суйунсун...

Супер-Инфо
super.kg
видео