Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#1081 Пользователь офлайн   DNurgiza   11 Февраль 2017 - 09:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 682
  • Катталган: 07 Февраль 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2021 13:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Каракөл

Просмотр сообщения Respect. (10 Февраль 2017 - 21:35) жазган:


Кулактын дарысы

Бир абышка теңтушуна арыз-арманын айтат: "Ээ, теңтуш, кемпирдин кулагы болбой калды, догдур-согдурга көрсөтпөсөк болбойт окшойт" -дейт. Теңтушу: "Ой!
Аны догдурга көрсөтүп эмне кыласың. Аларың акчаны куруткандан башка эч нерсеге
жарабайт. Андан көрө кыргызча эле дарылабайсыңбы? " -дейт.

Абышка: "Кыргызча дагы дарыласа болобу? Сенин бир
бирлигиң бар э? Анда айтчы билгениңди? "-деп шаштырат, сүйүнүп кеткен абышка. Теңтушу: "Алгач, жыйырма метр аралыктан сүйлөп көр. Эгер укпаса, беш метр жакындап сүйлө. Анда да укпаса дагы жакында. Ошентип канча аралыкта
угарын билип алсаң болот. Калганын анан көрө жатарбыз" -дейт. Абышка үйүнө келсе кемпири очок жакта бир нерсе кылып жүрүптүр. Жыйырма метрдей аралыктан: "Кемпир! Эмне тамак жасап жатасың?" -дейт. Кемпири унчукпайт. Бир аз жакындап, дагы сүйлөйт. Кемпири дагы деле унчукпайт. Абышка дагы жакындайт. Ошентип кемпиринин жанына келип: "Кемпир! Эмне тамак жасап жатасың? -деп кыйкырса, кемпири ачууланып: "Ой! Жанатан бери беш жолу айттымго! Тоок бышырып жатам" -дептир.

Албетте, бул жөнөкөй бир икая. Бирок, мындан алына турган өзгөчө сабак бар. Учурда адамдардын көбү өзүнүн айыбын билбей, башкаларга сын такканды
адатка айлантып алышкан. Бул өтө өкүнүчтүү нерсе.





:)
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1082 Пользователь офлайн   Almagul.akylbekova   11 Февраль 2017 - 10:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 144
  • Катталган: 16 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 12 Фев 2017 18:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Журокту ыйлата турган окуялар экен,силерге калп болушу мумкун бирок мага чын,ыйлап ыйлап окудум озумду токтото албай,айрыкча жанагы кызга боорум ооруду,ата деген кызга,анан Мухаммед Алинин кызы айткан насааты журоктун озуно жетет экен,рак оорусу менен ооруган баланын окуясы жетти мага ото таасирдуу окуялар экен рахмат силерге,Аллах ыраазы болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1083 Пользователь офлайн   HanTegin   11 Февраль 2017 - 12:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 451
  • Катталган: 01 Август 16
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 13:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

Ичкичтердин окуясын окуган сайын ыйлайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1084 Пользователь офлайн   Respect.   11 Февраль 2017 - 14:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Таасирдүү окуя
Бирине зар дүйнө, бирине кор дүйнө.
-Кече оорууканада сменде элем. Бизде оор абалдагы ооруулуунун өзү болбогондуктан смен ар дайым тынч өтчү..... Түнкү саат экиден өткөндө сырттан ызы- чуу добуш келди. Иттердин арсылдап үргөнү, кыңшылап бакырганы жана эркек кишинин башкача үн менен бакырганын угуп медайым экөөбүз сыртка чуркадык. Добуш кароолчу Эркин аксакалдын үнүнө окшойт эле. Оюбузда бир гана суроо эмне болду, тынчылык бекен? Неге мындай башкача бакырды деген.
Кароолдун жаткан кичинекей бөлмөсүнө кандай чуркап барганыбызды да билбейм. Кирсек эч ким жок эле. Ошондо добуш бак жактан келип жатканын түшүнүп ошол жака чуркадык. Чоң өрүк астына жеткенибизде кароолдун карааны көрүндү. Караңгы болгону үчүн кол телефондун чырагы жанык болчу. Нуруну Эркин аксакалга туштадым. Анын бир колу кан, үстүндөгү кийген тону жана шымы жыртылып айрылып кеткен. Ондогон каракчы менен алышкан адамга окшойт эле. Коркуудан мен калтырап жаттым. Жакын жерде болсо дале иттердин үргөнү угулуп турат эле.
Тынчтыкпы? - деп суроо беришимди билем, эки аттап жаныма келди. Ошондо гана колунда бир нерсе бар экенин байкадым. Карасам.... карабаганым, көрбөгөнүм жакшы эле. Эркин аксакалдын колунда бар жогу тиштеп бир буту дээрлик тытылып салынган наристе бар эле. Врачмын, мындан да жаман ооруулуу болуп келген балдарды көргөнмүн десем жаңылышпайм. Бирок азыр көрүп турган көрүнүш коркунучтун өзү эле. Анча мынча адам карап тура алгыс эле. Кызым, караа текшерип көрчү балким тирүүдүр. Иттердин оозунан тартып алдым... Айланайын кызым жардам берчи деп аксакал наристени колума узатты.
Баланы колума алып ичкериге карап чуркадым. Наристенин үстүндөгү кийимдери да иттердин талаганынан тытылып кеткен. Балтыры жана желкесинен тызылдап кан токтобой агып жатты. Тез жардам бөлмөсүнө жетип келип жарыкты жандырганыбызда сыртта көргөнүбүз жөн гана көрүнүштөй болуп калды.
Адашпасам бул наристенин кыркы да чыга элек көрүнөт. Ит тиштебеген жери калбаптыр. Бел жагынан бир бөлүк эт дептердин барагындай болуп ачылып ичиндеги болгон омуртка жана майда нерв тамырлары көрүнүп турат эле. Жүрөк, өпкө, көкүрөк бөлүктөрү да тиш издери менен толо эле. Наристеде эч кандай жан барлыгы сезилбейи эле. Ошондой болсо да биринчи тез жардамды берүүгө аракет жасап жаттык. Медайымдарга эмне кылыш керек экендигин айтып жатам көзүмдөн аккан жаш токтобой жатты.
Бала кантип бул абалга түштү? Неге жапайылашып кеткен көчө иттеринин жемишине айланды? Кимдин баласы? Апасы кана? Кайда?- деген суроолор мээмди ээлеп алган. Бирок операция столунда жаткан бул тилсиз, бээ күнөө наристе жооп бере албайт эле. Клиникабыз жаңы болгондуктан көп аппараттар орнотула элек болчу. Бирок наристе жансыз го дейм, баарибир эмнедир кыла алчудай чогуу иштегендер менен наристенин жүрөгүн иштетүүгө аракет жасап жаттык. Тынбастан Алладан суранып жаттым. Эмне деп жатканымды билбейм, көзүм наристеде, жүрөгүм Алладан тиленип жатты. Хирургду чакырдык. Чоп чоң кырктан ашкан киши баланын абалын көрүп ыйлап жатты. "Бул абалда чоңдор да тирүү калышы күмөн эже деп " колдорун калтырак басты. Калтырабай! ... жараттарын тигип чыккыла, көп кан жоготкон! Калтыраба! Башкага катуу добуш менен айтылган буйрукту уккан соң хирург өзүнө келип, ит кажыган кичинекей буттардан чыгып турган кан тамырларды кымчыгыч менен кармап ишин баштады. Бир гана хирургка эмес жалпы баарына бакырып жаттым. Бир натыйжа чыгуусунан үмүт үзүлүп баратты. Медайым телефондо чакырган ИИБдин кызметкерлери да баланын абалына карай алышкан жок.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1085 Пользователь офлайн   Respect.   11 Февраль 2017 - 15:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Бир аз өзүнө келе албай туруп калган ИИБдин кызматкерлери эми баары бүттү, кеч калдык, сыртка чыгып туруңуздар биз ишибизди улантсак деп бизди сыртка чыгара баштады.
Бирок ошол учурда бир күтпөгөн укмуш болду. Оа бул чыныгы укмуш керемет болчу.(Мээримдүү Аллахка шүгүр) ымыркай мышыктын мыёлогонундай үн менен алсыз үн чыгарды. Аппарат менен жасалма дем алуу берилип жатканынанбы же токтогон жүрөктү иштеткенге аракет кылганыбызданбы, тынбай кудайдан суранып жатканыбызданбы кыскасы ал кандай күч экенин билбедим. Бирок баланы тигил дүйнөдөн кайтарды.
Баланын бардык жарааттары тигилип керектүү биринчи жардамды бердик. Бирок бул жерде алып калганга шартыбыз жок эле. Себеби оорууканабызда керектүү жабдыктар жок. Наристенин өмүрүн чоңураак, бардык жабдықтары бар клиникада гана сактап калса болот. Ал дем ала баштады, бирок абалы оор эле. Жетип келген тез жардам машинасында врач болсо да өзүм алар менен чогуу жөнөдүм.
Таң атканга чейин жети- сегиз тааныштарымды ойготуп, балага кан тапшырууга чакырдым. Кудайым өмүрүнө береке берсин (атын айтпайын) "Одноклассники" деги эки жигит бир ооз сөзүм менен келишип кан беришип кетишти. Ооруканага кайтканымда бул окуяны баары угушуптур. Өз түйшүгү өзүнө жетерлүү болуп ооруп жаткан ооруулуулар да бири коюп бири баланын абалын сурап жатышты.
Аябай катуу чарчасам да үйгө кайталбадым. ИИБге барып күбөлүк беришим керек эле. Кароолдун көрүнүшү бир абалда. Аппак сакалы титиреп, көздөрүнөн дале болсо жаш агып турду. Мен ар жыйырма минут сайын ымыркай жаткызылган оорууканага телефон чалып коллегаларымдан абалын сурап жаттым. Биз абал боюнча түшүнүк кат жазып бүткөнүбүзчө наристенин энеси да табылыптыр.
Мен ойлогом бул ымыркай жеңил ойлуулуктун мөмөсү болуп төрөлгөн, ошол себеп баланы сыртта калтырып иттерге жем кылып салынган деп. Адашкан экенмин. Баланы дүйнөгө келтирген айбан!(кечиресиздер)
- Бирөөнүн өмүрлүк жубайы, никедеги эле аялы экен. Эми эмне себептен бала мындай абалга туш болгону кызык болуп жатса керек. Бул жаш келиндин күйөөсү эл катары Россияга иштегени кеткен. Телефондо бир аз катуу сүйлөгөнү үчүн өчүн баласынан алган.
-ЭМНЕ ДЕДИ КҮЙӨӨҢ? Сүйлөбөйсүңбү М........ва?
Эшиктин бир аз ачылган жеринен байкап туруп, эне деген наамга татыктуу эмес, таш боор. Тогуз ай боюнда көтөрүп жүргөн баласы жөнүндө ойлоп да койбогон бул келинди колум менен муунтуп алганга даяр элем.
- Сүйлөбөйсүңбү! Эриң не деди? Талак бердиби?
Жок - деди шашпаай туруп.
- Уул төрөсөң " Бриллиант көздүү комплект алып берем"- деген эле. Эми болсо ошол убада кылганын алып бере албайт имиш. "Россияда кризис, бир аз чыда!"- деп шылтоо кылды.
Кийин эмне болгонун акылым албай калды. Келинге суроо берип жаткан жанагы тергөөчү жанагы келинди муштум менен жыга чаап, тээп салды. Тергөөчүлөрдүн айоосуз таш боор экенин укканмын, бирок азыр жинденип, көзү канга толгон тергөөчүнүн бул аракетин жактап, ага кошулушка даяр элем.
Ал түнү биздин клиникага барып, көздөрүнөн жаш агызган балага карап турган милицияга окшобойт эле. Эгер эки үч киши токтотуп калбаганда, тергөөчү жазага татыктуу болгон иблисти (келинди) өлтүрүп коюшу анык эле. Үйгө жол алдым. Өзүмө өзүм суроо берип жаттым. Бир бриллиант көздүү комплект Аллах берген эң кымбат болгон аманаттан артык беле? Эринин бир ооз сөзү үчүн, кыйналып төрөгөн уулунан кечип жиберүү мүмкүн беле? Мен да аял кишимин. Мен деле аялмын.
Жолдошума кээде эмнелерди айтпайм. Убада берген нерселерди экөөбүз тең унутуп калабыз. Бирок бир да жолу кайдагы бир буюмду деп өчүмдү мотурайган кара көздөрүмдөн албайм го! Дүйнөдө канчалаган балага зар инсандар бар. Балалуу болуу үчүн бар бриллиантын берүүгө даяр канча аялдар бар. Эринин сөзүнө капа болуп, баласын телефондо сүйлөшүп жаткан жерине таштап (көчөдөгү скамейкага) калтырып кеткен. Үйүнө кирип уктап калган аял мусулманбы?
Эң өкүнүчтүүсү ал мусулман эле. Мусулман эне эле. Эй Жараткан, напсинин кулуна айлангандарга инсап бер.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1086 Пользователь офлайн   Respect.   11 Февраль 2017 - 15:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Москвадан дем алганы, жаны эле айылга келгем. #Ата-энемдин кубанычында чек жок. Коптон бери келбей жургонго, аябай сагынып калышканбы жандарынан чыгаргысы келбейт. #Апам байкуш берсем деп эле, баарын оозума салып куйполоктойт. Ачып козду ачкыча, арадан бир жума тез эле отуп кетиптир. Жакын туугандарым менин келгенимди билип, коноко чакыра башташты. Озубуздон одонку айылда, атамдын бир тууган агасы турар эле. #Мектепти бутуп эле, окууга тапшырып, андан ары эле Москвага кетип, барбаганыма коп болгон. Бир куну алар да коноко чакырып калышты. Озум алып берген машинени атам айдап, апам экообузду алып, туугандарга жонодук. Алардын уйу тээ чет жакасында боло турган. Азыр баарынын балдары иштеп, жер алып, уй салып байып калбадыбы. Жалгыз турган уйду, дагы уйлор курчап кобойуп калыптыр. Сырттан кире бергенде эле, эттин кайнап аткан жыттары сезилип турду. Уйго кире бергенде эле, кагылайын деген аялдардын курчоосунда калдым. Чон апам да жашып алган. Баары менен учурашып, торку уйго отушубузду айтышты. Апам аялдар менен ал жакта отуруп калды. #Босогодон аттаганда эле копчулук эркектер чогулуп отурган экен, бизди коро коюп баардыгы ордуларынан козголо башташты. Биз менен учурашып саламдашканы. Баардыгы менен саламдашып алик алгандан кийин, бурчта отурган аксакалдын жанына мени отургузушту. Бир алдын чоочулап, бир алдын сурдоп, ушунча кишинин ортосунда отурганыма озумду ынгайсыз сезе баштадым. Мындай копчулукто коптон бери отурбагам. Баардыгы жашы улгайып калган адамдар. Тээ илгерки бир нерселерди айтып маек кылып, отурушат. Бизде айылда эн жакшы жери, аялдарды болок уйдо, эркектерди болок уйдо сыйлаганы. Ушунчалык меймандос экенибизди эми байкадым. Ак сакалын жайкалткан аталарды торго отургузуп коюп, жаштары эшик тарапта, чай сунуп сыйлап жатышат. Бир маалда, жанымдагы аксакал созун баштады:
-"Аллах уйуно береке берип #ыраазы болгон болсун, ушул кошунама. Мени аркы дуйнодо да ушул кошунамды кошуна кылсын Аллахым..."
Баардыгыбыз бурулуп, аны тиктеп, тыншап калдык.
"...Ата энесинин тарбиясына таазим. Мен канчалаган зордук зомбулукту корсотуп, кордосом да , саабыры жетип кечирип отурат. Мунун саабырдуулугуна, адилеттуулугуно, тан калам. Корсо мунун ички дуйносун, журогун корогоч кылган экен да Аллахым. Качан гана башындан бир нерсе откондо, аттин деп баш чайкап окунот экенбиз. Тээ илгери, мен дагы, акылы тайкы динден тушунугу жок акылы пас инсан болгом. Аллахка #шугур келтирип тооба кылам, тируулугумдо тушунуп Аллахты таанып калганыма... "
Ондонуп жай отуруп суйлойун дедиби ордунан козголо баштады эле, аны билгендей жаштар тура калып, ондоп отургузуп , тошокту алдына жаап, кымтылап #коюшуп жайларынан орун алды. Ошондо билдим баспай калган аксакал экенин.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1087 Пользователь офлайн   Respect.   11 Февраль 2017 - 15:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Кайрадан созун улады: "...Мен балдарым менен бул кошунамды мыскылдаганды жакшы корор элек. Мынабу уйун жакшылап айлана тегерегин тосуп албайт, дагы мага акыл уйротот. Малдарымды эгин эгип койгон, тааласын тебелетип отор элем. Кыйын болсон тосуп албайсынбы деп. Эсимде бир куну баласы сут сурап келгенинде, беш уй саап жатсам да, даяр сут турса да бербей койгом. Кичине баласы сутко тойбой, ыйлап жаткан экен. Ушуга беремби? Андан коро итим ичсин деген кыязда, уйдон кууп чыккам. Байкуш балдары жылан аяк, жылан бут журуп эле чонойушту. Ошончо #байлыгым ашып, ташып турса да, бироого бергенден кызганат элем. Ар кимди ошентип мазактап журуп карыганымды, мына баспай, эч кимге керегим жоктой болуп калганда сезип отурам. Балдарымды оозуна тыгып бага берген экемин, баардыгы #мээримсиз болуп чоноюшту. Баардыгы чон окууну бутурушту. Бирок мага убактылары жок. Шаардан келишпейт. Карыганда жолонуп таянар тоолорун ушинтип атса, мындан откон кордук жок. Кемпирим экообуздун канча жашыбыз калды аны бир Аллах билет. Аллахка шугур айтам, баспай калсам да элден болбой, ушул кошунам дайым, озу менен бирге алып журот. Жамандык жакшылыка да бирге барабыз. Ач калганым жок. Балдары барып каралашып турат. Отун суумду ташып дегендей. Бир убакта кордук коргозсом да, кошунам дайым жылмайып тосуп алат. Анын бир созу бар: - Кошунан ачка болсо, жардам бер. Кошунага зулум кылба - деген. Намазды да ушул кошунам уйротту. Аллах андан ыраазы болсун. Балдары да тартиптуу ыймандуу осту. Мен бир эле нерсеге тан калам. Ушунча жаман жагымды коргозсом да, мага эч нерсе болбогондой жардам кылат. Баспай калганыма беш жылдын жузу болсо да, эртели кеч дайым кабар алып турат. Эшике чыгарып эл менен аралаштырып дегендей. Аллахым ушунчалык жан дуйносун кен кылган экен . А мен акмак карыганда билип отурам жылуу мамилени. Кылган ишим учун алдында кечирим сурайм кошуна..." - деп, коздорунон жаш чыга баштады.
"...#Балдарымдан да артык караган сенсин. Мени кечир. Кемпирим экообуз тируулугуздо ыраазычылык билдирели... " Коздорунон салалаган тамчы жашты коруп, агам чыдабай кетти корунот. Коюнчу каяктагыны эстебей деп, жанына жылып отту. Аксакал: "Жок, мен журоктогу ооруткан ооруну чыгарайын кошуна. Антпесем кыйналып кеттим" - деп кучагын ачты. "Келчи дагы бир кучактайын" ... Агам жанына откондо, экоо кадимки жаны корушкон достордой болуп кучакташып калышты. Ыйлап жаткан экооно карап баарынын коздорунон жаш ага баштады. Отургандар не дээрин билбей, карап отуруп коздорунон жаш кетти. Канча турушту билбейм, бир маалда, агамдын кичуу уулу кирип келди. Тамакты киргизе берелиби деп?. Баардыгы жайына отуп тамакты кутуп калышты. Аксакал бизди карап: - "кордунорбу? Силерге да сабак болсун. Эч качан бироонун конулун оорутуп, кулуп мазактабагыла. Могул аганарга карап сабак алып, жакшылыкты кыла билгиле. Колунардан келсе садака бергиле. Кембагалдарды карагыла. Ошондо сооп иштеринер кобойот. Куноо ишти кылбагыла. Болбосо Аллахтын азабы кучтуу" - деп тарбия насатын айтып калды. #Тамак ичилип бутуп, коноктор уйлоруно тарай баштады. Баары кетип бутушкондо, агам кошунасын жоонуна которуп алып уйуно жоноду - алып барганы. Алардын аркасынан мен да жонодум кызыгып. Кызыгы агам таштап эле кайра кайтпастан, конулун алып, бутун жылулап, бир аз отуруп, жаткырып анан кайтты. Кеч кирип, уйго кетууго, камындык. Атамдын жузундо кубанычтын жашы турган болчу, бир тууганынын мактоого татыктуу болгонуна.
"Мына кордунбу, балам, омур ушундай тез эле зуулдап отуп кетет. Жакшылык иштеринди кобойт" - деген атам, мага жылмайып кулуп койду.

Бугунку кун мага омур бою очпос сабак калтырды. Аллахым баарыныздардын журогунуздорду кен кылган болсун. Адашкан пенделерибизге туз жол коргозгон болсун. Жана бардыбыздан Аллах ыраазы болсун. Амин.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1088 Пользователь офлайн   Respect.   11 Февраль 2017 - 15:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Жаңы баш кошкон жубайлар бир күнү туугандарыныкына бара жатканда, абдан катуу ышкырган Шамал башталып калат. Туугандарыныкына барыш үчүн, чоң дарыяны кайык менен калкып өтүш керек эле. Кайык менен бара жатканда катуу жамал болуп, тынч дарыя толкунга айланат. Мындай жаратылыштын мүнөзүн көргөн аялы коркуп, денеси титирегенге чейин барат. Бирок, күйөөсүн караса эч нерсени көрбөгөндөй, эч нерсе болбогондой бей капар отурганын көрөт. Таң калуусу менен аялы күйөөсүнө айтат: "кайык көмөрүлөюн деп турса, өлүм менен жашоонун ортосунда турсак, кантип сиз бей капар таштай болуп отурасыз? Же эмне өлүмдөн корккпойсузбу? "
Мындай сөзүн уккан күйөөсү асынма сумкасынан бычакты алып чыгып, аялынын мойнуна такап, анан аялынан сурайт экен: "ушул мен кармап турган бычактан көрөсүңбу?" . Курч бычактын миизин көрүп турса дагы, аялы эч коркпостон, жылмайып "кантип сиз кармаган бычактан корком эгерде сиз мени жакшы көрсөңүз? Мен сиздикимин. Мага зыян келтире албайсыз" - деп, жооп берет.
Мындай жообун уккан күйөөсү, бычакты асынма сумкасына кайра салып, аялына мындайча айтат: "мына мен да бул шамалдан коркпойм. Сен мага ишенгендей, мен да Жаратканга ишенем. Жана мен билем, Жараткан өзүнүн сүйүктүү пенделерине зыян келтирбейт. А бул ышкырган шамал жараткандын өкүмү менен. Аягы кандай аяктаса дагы - бизге пайда. Эгерде биз тирүү калсак, демек бизге бул пайда. А эгерде өлүп калсак, анда бул да бизге пайда. Алла таала жакшы билет өзүнүн жараткан нерсесине эмне пайда алып келерин"
➖➖➖➖➖➖➖➖
Бул окуянын мааниси:

КАЧАН ООРЧУЛУК БАШЫБЫЗГА ТҮШКӨНДӨ, ӨЗҮҢДҮ КАПАЛЫКА АЛДЫРБА. "БААРДЫГЫ БҮТТҮ" - ДЕП ҮШКҮРҮНҮП ОТУРСАҢ ДАГЫ, АЛЛАГА БОЛГОН ҮМҮТҮҢДҮ ҮЗБӨ. анткени Алла таала эч качан өзүнүн жаратылган нерселерине адилетсиздик кылбайт жана биздин күчүбүз келбеген кыйынчылыктарды жибербейт. Эгерде кыйынчылык бизге келсе, демек, ал кыйынчылыкты женгенге биздин күчүбүз жетет. Инша'а Аллах.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1089 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   11 Февраль 2017 - 20:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

КИРЕШЕЛҮҮ СООДА

Аллахтын Элчиси (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) сахабалардын ортосунда сүйлөп отурган болчу.
Бир убакта эшиктен жетим өскөн бала кирип келди да, салам айтып:
- Оо, Аллахтын Элчиси, бакчамды айландырып короо салып жатканмын, кошунамдын Курма дарагы короо өтчү жерди тосуп калды.
Аны мага берүүсүн же сатуусун сурансам, ал макул болбой жатат, - деди арызданып. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аны кошунасын чакырып келүүгө жөнөттү.
Кошунасы келгенде, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага жетим баланын арызын айтты. Тиги, баланын айтканы туура экендигин моюнуна алды. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) Курма дарагын балага берүүнү, же сатууну сунуш кылды, бирок тиги андан баш тартып макул болгон жок. Ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
- Балага курмаңды сат, анын ордуна улоочон адам жүз жыл бастырып көлөкөсүнөн чыга албаган Бейиштеги даракты аласың, - деди.
Сахабалар күбүр-шыбыр болуп, тынчсызданып кетишти.
Бул дүйнө бакчасын Бейиш бакчасына ким алмаштырбасын.
Бирок, дүнүйө жашоосуна кызыккан тиги адам, дагы эле макул болбоду. Ошондо сахабалардын арасындагы Абу Дахдах аттуу адам:
- Оо, Аллахтын элчиси, эгер мен бул Курманы балага сатып алып берсем, мага да Бейиште ошондой дарак болобу? - деп сурады.
- Ооба, - деп жооп берди Аллахтын Элчиси. Ошондо Абу Дахдах тиги адамга кайрылып:
- Менин курма багымды билесиңби? - деп сурады.
- Ооба. Сенин кудугу, короосу, алты жүз түп Курмасы бар багыңды ким билбесин, шаардын бардык соодагерлери сенин Курмаңдын мөмөсүнө кызыгышат эмеспи - деп жооп берди тиги.
- Эмесе, ошол бакча кудугу, короосу жана үйү менен сеники болот, сен Курмаңды балага бергин, - деди.
Тиги уккан кулагына ишенбей Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) карады. Кантип эле Абу Дахдах алты жүз түп Курмасын бир Курмага алмаштырсын? !
Качан гана Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Абу Дахдахтын сөзүн тастыктаганда, катуу кубанганынан тигинин жүзү кулпуруп чыкты. Анан Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) күбө болуп сооданы бүтүрүштү. Соода бүткөндөн кийин өзүн бактылуу сезген Абу Дахдах Пайгамбарыбызга жылмая карап:
- Оо, Аллахтын Элчиси, Бейиштен дарактуу болдумбу? - деп сурады.
- Жок, - деди Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) акырын.
Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жообуна жакшы түшүнө албаган Абу Дахдах унчукпай туруп калды эле, жүзүнө жылмаю аралаган Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
- Аллах бир Курма үчүн Бейиштен бир бак убада кылган эле, сен берешендик кылып аны бакчага алмаштырдың, бирок Аллах сага караганда берешенирээк, Ал сага Бейиште эсептеп аягына чыга албай турган бакчаларды даярдап койду, - деди да,
- Абу Дахдахтын түшүмү кандай берекелүү болду - деп бир канча жолу кайталады.
Сахабалар аны уккан сайын "Аттиң, Абу Дахдахтын ордунда мен болуп калсам кана" деп өкүнүп жатышты. Абу Дахдах үйүнө келип, аялына багын, кудугун, короосу жана үйү менен сатып жибергенин айтты.
Күйөөсүнүн соода ишин мыкты билгендигине ишенген аялы жөн гана:
- Баасы канча болду? - деп сурап койду.
- Улоодогу адам жүз жыл жүрсө да көлөкөсүнөн чыга албаган Бейиш бакчасына алмаштырдым, - деп жооп берди, Абу Дахдах. Күйөөсүнүн соода ишин мыкты билгендигине дагы бир жолу ыраазы болгон аялы:
- Кандай кирешелүү соода кылгансың, кандай кирешелүү соода кылгансың, - деп, кубанычтан чыккан көз жашын сүртүп, күйөөсүнө жылдыздуу жылмайды.

Кандай гана соонун сабак боло турган окуя э бир тууганым! Куттуу Сахабалардын Аллах үчүн,Анын Элчиси Сүйүктүү Пайгамбарыбыз(саллаллооху алейхи васаллам)га болгон,жүрөк толо сүйүүсүндөй сүйүү,артка шексиз кайтпагандай толук моюн сунгандык,ширетилген , бекем ыйман жан дүйнөбүздө кыпынчалык, же чаң сыяктуу болсо да орун алганда эле аттиң! Жашообузда бир да өкүнбөй ибадат,шүкүр менен бактылуу болуп жашамакбыз!

Кенен -кенен бак олтургуздук бирок бейиш үчүн бак олтургуздук бекен?!

Катар -катар унаны алып,минип жатабыз а бейиш жолдоруна сапар ала турган уна даярдадык бекен?!

Кабат -кабат үйлөрдү жарышып,үйүбүздү евро кылып жатабыз, а бейишке үй салып жатат бекенбиз?!

Эх,аттиң! Бул дүйнөнүн жыргалчылыгы бейиш алдында кыпынчалык кадыры жок экенин билгенибизде эле?! Бу дегени дүйнөгө кызыкпа дегени эмес,дүйөнүн артынан кууп кул болуп калба дегени. Канча болсун адалдан таап,бай бол,бийик бол,элге кызмат кыл,муктаждарга жардам берип , тапканыңа бейишти сатып алууну унтпа дегени!
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1090 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   11 Февраль 2017 - 20:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Дүнүйө кепичиме сажда кылды

Бахадиршахтын заманында, Касым Нанутвий деген белгилүү Ислам аалымы жашаган экен.Бул адам өмүрүн илим алуу жана аны үйрөтүү менен өткөрчү экен. Бир күнү Мераб шаарынын акими аалымга тартуу берип, аны ыраазы кылуу максатында, бир баштык алтын, күмүштү көтөртүп алып, мечитке жөнөйт.
Жолдо бара жатып, жан-жөкөрлөрүнө карап: "Хазратка мен бергендей белекти эч ким бербесе керек, азыр анын кандай кубанганын чогуу көрөбүз" - деп мактанат.
- Сиздин берешендигиңизди эч ким кайталай албайт, - деп, жан-жөкөрлөрү да аны кубаттайт. Ошентип алар мечитке жетет.
Бул учурда Нанутвий мечит алдында чачын алдырып отурган экен.
Аким келип, салам берет. Аалым саламга жооп берет, бирок башын көтөрүп карабайт.
Аалымдын көңүл бурбай койгонуна ыңгайсызданган аким:
- Хазрат, мен сизге бир аз белек алып келдим эле, - деди.
- Сенин белегиңди алууга мен муктаж эмесмин, - жооп берди аалым.
- Сиздин алууга муктаждыгыңыз жок болсо, мен берүүгө муктажмын, сооп алгым келет.
- Мен Дехбанд медресесинен 7,5 рупий айлык аламын.
Бул менин бир айлык жашоомо жетет.
Эгер 8 рупий алып калсам, жарым рупийин эмне кылсам экен деп түнү уктай албай чыгам.
Сенин бир баштык алтыныңды алып эмне кыламын?
Аким, "өзүнө керек болбосо, шакирттерине бөлүп берсе болбойт бекен" деп ойлонуп калды.
- Эгер сен муну шакирттерге берүүнү кааласаң, аларга өзүң бөлүп бер, бирок мен ала албаймын - деди, Нанутвий анын оюн бузуп.
Ошондо ызаланган аким акырын мечиттен чыгып, короодо турган аалымдын кепичинин үстүнө алтын-күмүштү төгүп салып, кете берди.
Нанутвий мечиттен чыкса кепичи жок. Үйүлүп жаткан акчага карап да койбой кепичин издей баштайт.
Шакирттери акчанын арасынан кепичин таап чыгып, алдына койгондо, аны кийип жөнөп калат.
Ошондо Мийонжий деген жардамчысы "Ушунча акчаны бир карабады" деп, таңданганда, хазрат айткан экен: "Адамдар дүнүйө табам деп башы менен сайылып алышкандыктан, кепичтери айрылып кеткиче чуркашат.
А мен дүнүйө дебей, Аллах дегеним үчүн, дүнүйө менин кепичиме сажда кылды".
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1091 Пользователь офлайн   rnurzida   12 Февраль 2017 - 18:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Тема "Дин жана философия" бөлүмүнө жылдырылды. "Таасирдүү окуялар" темасы менен бириктирилди.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1092 Пользователь офлайн   rnurzida   12 Февраль 2017 - 18:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

"Баштан өткөн таасирдүү, сабак болчу окуялар" темасы менен бириктирилди.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1093 Пользователь офлайн   rnurzida   17 Февраль 2017 - 03:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Бир киши дайыма бүркүтү менен аңчылык кылып күн көрөт.
Күндөрдүн биринде бүркүтүн алып аңчылык кылуу үчүн таалага чыкты.
Бир аз жол жүргөндөн кийин чаңкап суу издей баштады.
Тоонун түбүнөн атырылып чыгып жаткан булакты көрүп, идишин сууга толтуруп суудан ичейин деп турган кезде,
бүркүт учуп келип идиштеги сууну төгүп салды.
Аңчы киши кайра идишине суу алып ичейин деп оозуна жакындатаар замат, бүркүт идишти канаты менен кагып сууну кайра төгүп салды.
Бул көрүнүш үчүнчү ирет кайталанганда аңчы ачууланып, сууну төгүү үчүн жакындап келген бүркүттүн башын кылычы менен кыя чаап өлтүрүп салды эле, бүркүт кулап жерге түштү.
Аңчы, башы кесилип канга бөлөнгөн бүркүтүн көрүп,кайгыга чөгүп жүрөгү сыздады.
Бир аз убакыттан кийин булактын башталышына барып, ал жерде чоң көлчөктү көрдү.
Көлчөктүн ичинде чоң жылан өлүп калып, сууга уусу тарап кеткен эле.
Суу аскадан ылдый агып көлчукө топтолуп, андан кийин аңчы суу алган жерге агып келип жаткан болчу.
Бүркүттүн эмне үчүн сууну төккөндүгүн аңчы ошондо аңдап түшүндү...


ЖАКЫНЫҢА КАСТЫК КЫЛЫП ЖОК КЫЛААРДАН МУРДА...

СЕНИН ПАЙДАҢ ҮЧҮН ЖАНЫН АЯБАЙ ЖАКШЫЛЫК КЫЛГАНДАРГА

ДУШМАНДЫК КЫЛААРДАН МУРДА ОЙЛОН !!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1094 Пользователь офлайн   hanbiike.97   18 Февраль 2017 - 19:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 364
  • Катталган: 30 Январь 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2021 14:07
  • Калаасы:Jan duinosu

Ukmush sonun.Jurokko jetet go tash boorlordu meerimduluko chakyrat eken.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1095 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   25 Февраль 2017 - 02:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Автобустун ичинде жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар кетип бара жатышты. Бул түгөй шаардагы башка жаштардан кичине айырмаланып турду. Жаздын керемет таңында жигиттин келинчеги башына жакшынакай кылып ак жоолугун салынып алган. Бир маалда эле жашы кырктарды чамалап калган жүргүнчүлөрдүн бири жигитке: – Эй, жигит, мен сенден бир нерсе сурайын дедим эле. Сен капа болбойсуңб? – деп кайрылып калды. – Сураңыз байке, сизди эмне кызыктырат? – деди жаш жигит. – Өзүң жакшынакай эле жигит экенсиң. Келинчегиң да дурус окшойт. Ушундай жакшы заманда, элдер космоско каттап, илим далай нерсеге жетишип калган маалда сен өмүрлүк түгөйүңдү ысыка карабай думбалап кийинтип койгонуң кандай? Мына карачы менин аялымды. Ал каалаганындай кийинип, каалаганындай бойонуп, бул жашоонун ыракатын түгөл сезип жашайт, – деп жанында жарым жылаңач болуп, шумдуктуудай боёнуп алган аялды көрсөттү. Ошондо жаш жигит автобустун терезесинен каршы-терши өтүп жаткан үстү брезент менен жабылган машинелерди көрсөтүп суроо салды. – Сиз бул унааларды көрдүңүзбү? – Ооба, анын эмнесине таң каласың, – деп корсоюп койду берки. – А булардын үстүн эмнеге чүмбөттөп койгонун билесизби? – Эми ал түшүнүктүү эле да. Бул унаалар бирөөнүн жеке менчиги да. Машинеси бузулбасын дейт. Же ичинде эмне алып баратканы көрүнбөсүн дейт. Мында таң кала турган эч нерсе жок го. – Анда эмнеге булардын арасында кетип бара жаткан автобустардын үстүн
эч ким жаап койгон эмес? – Ой, сен чын эле кызыктай немесиң го. Автобусту коомдук унаа деп коёт. Муну ким кааласа пайдаланат. Сен буларды айтып эмнени далилдейин деп жатасың деги? – деп түктүйө түштү алиги адам. Автобустун ичиндеги бардык жүргүнчүлөр бул экөөнүн кебин аста тыңшап, акыры эмне болуп бүтөт деп демдерин ичине катып келе жатышты. Жаш жигит эч тартынбай туруп: – Сиз түшүнсөңүз, менин келинчегим мен үчүн абдан кымбат адам. Мен бул кишини абдан сүйөм жана ага камкордук кылам. Аялымды бирөөлөрдүн шыкаалап карашына менин намысым жол бербейт. Ошондуктан жоолук салынып, уяттуу жерлерин жашырып жүрөт. Ал эми сиздин аялыңыз ар ким каалаган убагында каалаганындай пайдалана берчү коомдук автобуска окшоп турат, – деп жообун узатты. Мунун жообу көңүлүнө тык эте түшкөн жүргүнчүлөр жал-жал бурулуп тигил кишини карашты. Мындай жоопту күтпөгөн неме эмне дээрин билбей кызарып-татарып, оозуна талкан сугунгандай отуруп калды. Кургур, болбосо жаңы эле космостон сүйлөп акылдуу болуп отурду эле, мына эми, өзүн эле эмес, аялын кошо уят кылып таштады. Жубайы чолок этегин ылдый карай тартымыш болуп, жер карап гана отуруп берди…
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1096 Пользователь офлайн   F.C.Chelsea   28 Февраль 2017 - 08:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 552
  • Катталган: 27 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 25 Янв 2021 17:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек-Ош

*Кырман*

Бул эки жигиттин бирөөсүнүн бешиктен бели чыга элек, экинчисинин жашы жетиге жете элек мезгилде, эрте жазда атасынан айрылышкан. Бечара Бөрүбай тырмалаңдап эс тарткандан баштап отуз жылдык өмүрүнүн аягына чейин дыйканчылык менен күн өткөрдү. Жерден кар кеткен тээ ала шалбырттан баштап, күнү күркүрөгөн кеч күзгө чейин желкесинен кетмен түшпөй, жер менен сырдашып, жер менен акылдашып дыйканчылык кылчу. Элдин баары Бөрүбайды тыкаан киши дешчү. Ананчы, анын короо-жайы да, эгин айдаган талаасы да, башкалардыкынан башкача болуп турчу. Иреттүү, баарысы орду-ордунда, буюм –тайымдары да жай-жайында турчу. Кандай ишке бел байлабасын майын чыгара, чын дилинен аткарчу. Ошого анча-мынча капчыгы калыңдар эгин-тегин айдатып, септиргенде, сугарганда, жыйнаганда Бөрүбай тыкаанды мандикер жалдашчу. Өмүрү кыска экен, ошентип дыйканчылык кылып жүргөн күндөрдүн биринде кокусунан жүрөгү кармап, талаадан үйүнө араң келип үзүлгөн.

Андан бери канча суулар агып, күн кеч кирип, таң атты дейсиң. Ошол убакыт жебеси менен жарышып, анын балдары да бойго жетишти. “Алма сабынан алыс түшпөйт” дегендей балдары да атасын тартып жакшы чыгышты. Бирөөлөргө пайдасы тийбесе, зыяны тийбет булардын. Кол арага жарагандан бери эле экөөсү тең тырышчаак. Дыйканчылык, чарбачылык менен күн көрүшөт. Бошой калышканда кимдир бирөөнүн уйүн шыбап, тамдарын жаап дегендей устачылык да кыла коюшат, бир туугандар биргеликте.
Быйыл эрте жазда ага-ини масилеттешип, айылдын мал жандыгы кышкысын жайылган кара кырдын артындагы “Дасторкон -Тахта” аталган тегиздикке жаздык себишкен.
Ошол күндөн бери бир туугандардын буту ушул жакта.
Бири коюп бири кезек менен кароолчулук кылып жүрүштү. Бешенелерине быйыл күн жаанчыл келип, буудайлары жакшы болду. Кечээ жакында орушуп, кырман бастырышты.
Тоодой болуп үйүлгөн кырмандын четинде ага-ини кылган мээнеттеринин акыбетин кайтарып бергенини жаратканга шүгүрчүлүк айтышып, алган түшүмдү кантип бөлүшөөрүн масилеттеше баштады.
Алгач агасы: Иним кудайга шүгүр. Быйыл куру кол калтырбады. Атам ыраматылыктын;
Дыйканчылыкта өтө сооп көп. Биринчиден, оп бысмылда деп, жакшы ниет менен жерге дан чачсаң, аны жер астындагы курт-кумурскалар жейт. Мында бир сооп. Экинчиден, ал өсүп чыгып. Дан байлаганда куш-чымчыктар азыктанышат, буга дагы бир сооп, анан жыйын-терим болгондо алган түшүмүңдөн бей-бечарага, жетим-жесирге, жакыр-жалчыга үшүр бересиң. Мында дагы бир сооп.
Анан калганын өзүн бала-чакаң менен пайдаланасың- бул нерсеге дагы бир сооп жазылат”-дегенин кулагым чалган эле.
Эгер макул көрсөн, эң алгач кырмандан айылыбыздагы Абдирашит акенин балдарына үшүр берели. Кантсе да, ал кишинин көзү өтүп кеткенден бери жаш балдары аябай кыйналып калышты. Анан кырманды тең экиге бөлөлү деп сөз баштады.
Жанатан бери агасынын сөзүн муюп угуп олтурган иниси макул дегенсип баш ийкеди. Кырмандан алгач үшүр берилди. Анан тең экиге бөлүндү.
Ташууга келгенде иниси агасына:
-Мен карап турайын сиз биринчи ташыңыз. Келгениңизде мен жөнөйүн. Кезек-кезек менен ташыбасак.Жол алыс чарчап калабыз”-деген сунушун айтты. Бул пикирге агасы да макул болду. Ал бир эки кап буудайды эшегине артып үйүнө жол алды. Агасы көздөн кайым болгондон кийин инсине бир ой келди. Бул пикир чындап таң калыштуу эле. Ал өзүнчө жалгыз башымды эптеп багамын. Агама кыйын. Кантсе да,жаш балдары бар. Кой өзүмө тийген тийешеден ага билдирбей кошуп салайын деп ойлонду да,агасы келгиче бир челек буудай салып, агасы тарапка төгүп койду.

Арадан бир канча убакыт өткөндөн соң агасы келди. Инисине буудай капташып жолго салды. Ал нарыраак жылганда, агасынан башында да бир ой кылт этти. Өзүнчө менин үй-бүлөм бар. Эптеп күнүмдү көрөмүн. Ушул иним бойдок жүрөт. Буудай көбүрөөк тийсе сатып, бүлөлүү болуп алса ажеп эмес. Жакшысы ага билдирбей, өзүмдүн энчимен кичине кошуп салайын деди да, инсинин буудайына бир челек төгүп койду.

Эки бир туугандын мындай бири-бирине болгон урматына, сыйына, ызатына ыраазы болгон жараткан,алардын кырманына береке берди. Экөөсү аз гана көрүнгөн кырманды үч күн бою ташышты....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1097 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   05 Март 2017 - 13:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Прикрепленное изображение: IMG_6845.JPGJPG]
Атаңа окшобо уулум…

Эми гана алты жашка толгон уулумдун берилип сүрөт тартып жатканын көрүп жанына бардым:

-Уулум эмненин сүрөтүн тартып жатасың?

-Сизди, апамды жана өзүмдү деп сүрөттү мага карматты.

Сүрөткө көңүл бурсам, өзүнүн жана менин жүрөгүмдү кара өң менен боёптур.

-Уулум, жүрөк кызыл менен боёлот. Мына бул калем менен боёш керек.

-Мен билем.

-Анда неге кара өң менен боёдуң?
Ал мени айыптуу карап:

-Чоң апамдын айтышынча башкаларды ыйлаткан адамдардын жүрөгү кара болот экен.
Сиз кече апамды ыйлаттыңыз го?-деди.

Уулумдун сөздөрүнөн кечеги дилкаралык менен аялымды урганымдан уялып кеттим.
Ошентсе да сөздү буруп:

-Анда өзүңдүкүн неге кара менен боёдуң? Же сен да бирөөнү ыйлаттыңбы?

-Жок мен эч кимди ыйлатпадым.
Сиз дайыма айтасыз го, «Сен кудум мага окшош болушуң керек» деп. Ошон үчүн карага боёдум…

Өзү билип билбеген абалда атасына сабак берген уулумду боорума кысып жатып оозумдан бул сүйлөм кантип чыгып кеткенин байкабадым:

-Атаңа окшобо уулум…

Талгат Мураталиев.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1098 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   12 Март 2017 - 13:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

СЫНООДОН ӨТКӨН ЖУБАЙЫМ..
Аялым экөөбүз үйлөнгөнүбүзгө көп жыл болду.
Ортодогу мамилебиз сууп,ага болгон сезимим өчө баштады. Көчөдөгү таптатынакай кыздарга көзүм түшүп, кызыга баштадым..

Кыялымдагы сулууну табыш мага онойго турду,себеби, базарда иштейм. Кардарлардын арасынан ушундай бирөөнү таптым.
Супсулуу,назик ушундай сонун жан эле..

Аялым менин ала жипти аттап жүргөнүмдү сезсе керек..унчукпай, ойлонуп,мен уктап калганда ыйлап алчу..бирок балдарыбызды атасыз калтыргысы келбедиби,же мени сүйчүбү,айтоор ажырашам деп бир да жолу айткан жок.
Күндөр өтүп,тиги кызга аябай байланып калдым,аялымды көрөйүн деген көзүм жок.
Эптеп эле кечинде келип уктап,кайра эртен менен үйдөн чыга качам..
Досторум,эй эсине кел,тиги кызын сени менен акчан үчүн жүрөт,акчан болбосо бир тыйынчалык керегин жок болосун ага- деп калышты..
Ойлонуп отуруп ал кызды сынайын деп чечтим.
Өзүнчө план да түзүп алдым.
Досум ал кызга чалып:
-Саламатсызбы, мен Эрнистин досу болом..Эрнис банкрот болуп калып,уксус ичип алды,азыр реанимацияда, тезинен келе калсаныз -деп айтты.
Кыз:
-Кайсы Эрнис?!..мен андайды тааныбайм,экинчи мага чалбаныз деп трубканы коюп салды...
Ичим өрттөнүп,анын: "Сизди сүйөм"-деген сөзүнүн жалган экенин түшүндүм..ушунчалык ачуум келди..досторумдун көзүнчө да сынып калдым..
"Ушул эле сөздү аялыма айттырсам кантээр экен?.." деген ой келди.
Досум аялыма чалса,аялым сөзүнүн акырына чыгарбастан:
-Ал тирүүбү?..
Кайсыл больницада? !..
Тезинен дарегин бере салынызчы мен бара калайын-деп ыйлап жиберди..
Мына сага! Ит эле болдум..
1 жылдан бери аны көргүм келбей,карабай, көнүлүн оорутуп жүрсөм,ал болсо ушундай мени сүйөт тура.. эми мени кечиреби??

20 мүнөттөн кийин аялым досум айткан дарекке жетип келди..

Ушунча жылдан бери байкабай көзүм көр экен го,,аялым ушунчалык сулуу экен..жоолугу да өзүнө жарашкан..коркконунан өнү кубарып калган..мени көрүп,нес болуп эч нерсени түшүнбөй карап туруп калды..көздөрүнөн мөлтүрөп жаштар агып жатты..

-Жаным, мени кечирип кой,эми экөөбүз бактылуу болобуз,мен да эми сени менен чогу намаз окуйм..сени намазга ойготом..-деп аны кучактап алып шыбырай бердим..көздөрүмдөн сызылып жаштар акканын да сезбептирмин. .

Ошентип,жашообуз жаныланды,күнүгө аны сүйөм деп айта берем..жума күндөрүмдүн бири да аялыма белек бермейинче өткөн жок..

Көрсө,аял затына дайым көнүл бөлүп,сүйүүндү билгизип турган сайын ал жашара берет экен..
Аялым да өзүнө келип,гүлдөп калды..жаркылдап күлүп жумушка узатып,кайра жаркылдап тосуп алат..

Бирөөнүн сулуу аялына(кызына, карындашына) көз арткыча,өзүбүздүн аялыбызды жакшы карап гүлдөтүп алган туура болот экен деген чечимге келдим.
Аял затын барктап,сыйлап өтөлү,алар биз үчүн күчүн аябай кызмат кылып өмүр кечирет тура...


Бактылуулук Ф.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1099 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   12 Март 2017 - 13:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ИЧКИЧТЕРДИН YЙYНӨ БАРЫП ЖАШООМ ӨЗГӨРДҮ*
Милицияда иштечүмүн. Оңой
жумуш эмес. Күндүр-түндүр эле
ызы-чуунун үстүндө жүрмөй.
Бир ирет "коңшуларыбыз
тынчтык бербей жатат" деген
чакыруу келип, шаардын чок
ортосундагы көп кабаттуу үйгө
бардык.
Мындай чакыруулар
толтура эле болот. Кептин
баары аракта да.
Андайда
масты алып келип, бир
жумадай камап салабыз.
Айткандай эле, мас экен.
Күйөөсү-аялы экөө тең жапжаш
кыргыздар, экөө тең мас. Ызы-
чуу түшүп мушташышкан
окшойт.
Үй ичинин баары
идиштин сыныгы. Күйөөсүнүн
колун кайрып алып жөнөгөнү
калганбыз, капыстан эле эшиги
жабык турган бөлмөдөн добуш
угулду.
Карап коёюнчу деп ача
салып жүрөгүм үшүй түштү.
Бөлмөдө төрт жаштардагы кыз,
анан эки жаштардагы эркек
бала жүргөн экен.
Экөө тең
мени карап алактап коркуп
калышты. Мен жаш балдардын
мынчалык муңдуу көздөрүн
көргөн эмесмин.
Эч кандай
баёолук, адамды кызыгып,
күлүп кароо деген жок,
коркунуч гана бар. Экөөнүн тең
кийимдери кир, чачтары өсүп,
уйпаланган, майланышкан.
Эркек баланын алдында эч
нерсе жок.
Ысык сууга күйгөн
окшойт, буттарында сууга
толгон ыйлаакчалар.
– Силердин балдарыңарбы?
– Ооба,- аял көңүлсүз жооп
берди.
– Мен силерди тынч
отургула дебедим беле?!- деп
кызды баштан ары чаап
жиберди.
Нес болуп эле туруп
калдым. Кыз басып барып
жерде турган табакка кашык
салды да:
– Кел, Нуйчик, ап де,-
деп инисин чакырып ага тамак
бере баштады.
Тамагы кадимки
эле кукси.
Бала отурбай жеп
жатты.
Кыязы, бутундагы
ыйлаакчалары ооруйт окшойт.
– Бул эмне кылганыңар? !
Балдардын кебетеси кантет?!
– Байке, сиздин ишиңиз эмне?!
Чыдамым түгөндү. Билбейм
кандай ойлойсуңар, бирок
өзүмдү кармай албай койдум.
Тарс эттире келинди жаактан
ары чаптым.
Күйөөсү жүткүндү.
Аны баса калып эзелки өчүм
бар кишидей жанчып салдым.
Экөөнү тең эшикке сүйрөп
чыгып кайра кирсем, баягы
кичине кыз инисин артына
калкалап "байке,
уйушпаңызчы? Нуйчикке
тийбеңизчи? " деп ыйлап
жиберди.
А бул байкуштардын
күнөөсү эмнеде эле? Мен өлүп
жаткан адамдарды көргөм,
алардын жакындары ээ-жаа
бербей өксүп ыйлагандарын
көргөм. Бирок көзүмдөн жаш
чыккан эмес.
Азыр бети-башы
кирден ботко болуп, балалык
деген эмне экенин билбей, таш
боор ата-энесинин токмогун
кадимки эле нерседей
кабылдап, бирок ошондо да
өзүнөн алсыз, кичине бир
тууганына кам көрүп, аны
калкалап турган кызды көрүп
ыйлап жибердим. Көрсө, күчтүү
адамдардын алдында ыйлайт
экенбиз.
Мен аны ошондо
түшүндүм.
Экөөнү кучактап
алып ыйлай бердим. Токтоно
албай койдум.
Балдарды убактылуу балдар
үйүнө алып кетишти.
А тиги
эрди-катын "бизди сабады" деп
үстүмдөн арыз жазып
коюшуптур. Жумушумдан алып
коюшту.
Мейли, өзүм деле
кетмекмин, ага кейиген
жокмун.
Оюм башкада болчу.
Мен тиги эки балакайды
таштап кете алмак эмесмин.
Келинчегим колдоп, ары-бери
чуркап жүрүп акыры экөөнү
тең өзүмө каттатып багып
алдым.
Билесиңерби, мен азыр абдан
бактылуумун.
Кызым Анель
өзгөчө боорукер, күйүмдүү жан,
1-класста окуп жатат. Уулум
Нурдан апасынын жанынан
карыш жылбайт.
Кээде Анель
"сен бизди кайра алып барып
койбойсуңбу? " деп жүрөктү
эзет.
"Жок, эми силерди эч
кимге бербейм! Силерсиз
кантип жашайм?!" деп
жооткотом. Азыр алар ини
күтүп жатышат. Жакында төрөт
үйүнө жасанып алып барабыз...


Бактылуулук Ф.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1100 Пользователь офлайн   hanbiike.97   13 Март 2017 - 02:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 364
  • Катталган: 30 Январь 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2021 14:07
  • Калаасы:Jan duinosu

Бир адамдын өмүрүн сактаган көнүл.



Эт фабрикасында иштеген бир айым кечки жумушун бутон соң,муздаткычтарды текшерүү үчүн барып,эшиги кокусунан жабылып кетип ал жерде камалып калат.

Ыйлайт,жардам сурап кыйкырат,буту муздаткычтын эшигин тебет,бирок тилекке каршы аны эч ким укпайт.

Арадан беш саат өткөн соң күзөтчү келип айымды куткарат. Бактыга жараша анын ден-соолугуна олутту зыян тийе элек болчу.Бир чети куткарылганына кубанып,бир жагынан таңырқап күзөтчүдөн сурайт:"Сиздин бул жакак келишинизге эмне туртку болду,анткени бул жакты кароо сиздин милдетиниз эмес го "-дейт,
Күзөтчү ага жооп берет."Мен бул фабрикада 35 жылдан бери иштейм.Күн сайын миндеген жумушчулар келет,кетет. ..Бирок,алардын арасында бир гана сиз мени мн саламдашып, коштошосуз. Көпчүлүк мени байкабагандай мамиле жасап,көнүл бурушпайт.Ал эми бүгүн адатыңызча эрте мн саламдаштыныз бирок кечиндеси айтып жургөн "кошунуз" деген сөзүнүздү укпадым.
Мындан улам сизге бир нерсе болдубу деп кабатырланып фабриканы бир карап чыгууну чечтим. Сиздин мага кичинекей көңүл бөлүүңүздөн улам,мен өзүмдү адам катары эсептеген чоң сезимге ээ болчумун...


Р.S Бул окуяадан улам адамдарды бири-бирине көңүл буруп,урматтап, сыйлап,баалап туруусу маанилуу экенин эске ала жүрүшсө...Себеби, бизди эртеңки күнү эмне кутуп жатканы ЖАРАТКАНДАН башка эч ким билет.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 23:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: