СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#12562 20 Февраль 2017 - 21:48
#12563 20 Февраль 2017 - 23:23
Эң алгач, балалыгыңыз тууралуу эстей кетиңизчи?
Достук сиз үчүн канчалык маанилүү?
Пайгамбарыбыздын صلى الله عليه و سلم сүннөтүн тирилтип, карманууну ойлодуңуз беле?
Өмүрдө эң татаал нерсе эмне деп эсептейсиз?
Аязптында кайсы сыпаттарды өзгөчө баалайсыз?.
#12564 21 Февраль 2017 - 01:40
Monchoshka (20 Февраль 2017 - 23:23) жазган:
Эң алгач, балалыгыңыз тууралуу эстей кетиңизчи?
Достук сиз үчүн канчалык маанилүү?
Пайгамбарыбыздын صلى الله عليه و سلم сүннөтүн тирилтип, карманууну ойлодуңуз беле?
Өмүрдө эң татаал нерсе эмне деп эсептейсиз?
Аязптында кайсы сыпаттарды өзгөчө баалайсыз?.
Алейкум салам..
Балалыгым..ачыгын айтканда балалык даамын татып коргон эмесмин..Ар кимдин коз карашын коруп чонойгон баламын десем жанылышпайм.
Достук ар турго болунот эмесби..Акча дос.Ал-ахыбал дос дегендей..Бирок азыркы учурда журуш-туруш, чонтогун калынбы-жукабы ушул маанидеги достор кобойуп жатат..Бир эле менде эмес болуш керек..Бирок туруктуу достор да бар..Алар менен сыймыктанам жана мен учун алар ото маанилуу..
Суроонузга жакшы тушуно албадым,кечиресиз. .
Омурдо эн татаал нерсе бул кундон кунго адам болуу деп эсептейм.
Аялзатында деп тушундум,эгер ката болсо айтып коюнуз.) Аял затынын тазалыгын акылдуулугун жана адамга болгон мамиле сыпаттарын озгочо баалайм.
#12565 21 Февраль 2017 - 16:27
Ооба, ката жазып алыпмын.)
#12566 21 Февраль 2017 - 21:29
Кел досум. Сураарым сенден биринчи, жакшыбы досум ден-соолук..
Не кылып атасың, не жаңылык
Качан КРга ошону айтчы.?
#12567 22 Февраль 2017 - 01:21

Кекчилсизби? Кек сактайсызбы? Кечиримдуусузбу?
Адамдагы эн томон, эн жаман мунозу кайсыл деп эсептейсиз?
Азыркы жашоонузга окунгон кунунуз болду беле?
Сизди келе жаткан "Ата мекенди коргоо " куну мн куттуктаймын! Кыргызстандын чыгаан, патриот, намыской жигитеринен болуп журо бериниз.
8- мартка бизге калоо тилек жаза кетсенииииииз

Сизди терен урматтоо менен форумчу карындашыныз.
#12568 22 Февраль 2017 - 10:52
F.C.Chelsea (21 Февраль 2017 - 21:29) жазган:
Кел досум. Сураарым сенден биринчи, жакшыбы досум ден-соолук..
Не кылып атасың, не жаңылык
Качан КРга ошону айтчы.?
Аллаха шугур баары жакшы досум..Шаар ичинде,сыртында таксиват этип эле,иш жоок пока..Жанылык жоок..Суук аябай )
Крга азырынча билбейм досм.
Билдирүүнү түзөткөн: Sema04: 22 Февраль 2017 - 10:53
#12569 22 Февраль 2017 - 11:05
1-суроо;
Эркектин жашоосунда уч эн кымбат аял заты болот дейт,бири апасы,бири жубайы,дагы бири унутулгус суйгону.Ушул учоо тен сенин омурундо болдубу? Учоосунон эн кымбат сезим калтырганы кимиси болду? Апам дешин мумкун а бирок апалардын сезими омур бою журокто кала турган нерсе.Болуп откон сезимини айтсан.
Ушуга жооп берип тур кенири чайнап.Дагы суроолор болсо келем.
#12570 22 Февраль 2017 - 12:21
Tansuluu09 (22 Февраль 2017 - 01:21) жазган:

Кекчилсизби? Кек сактайсызбы? Кечиримдуусузбу?
Адамдагы эн томон, эн жаман мунозу кайсыл деп эсептейсиз?
Азыркы жашоонузга окунгон кунунуз болду беле?
Сизди келе жаткан "Ата мекенди коргоо " куну мн куттуктаймын! Кыргызстандын чыгаан, патриот, намыской жигитеринен болуп журо бериниз.
8- мартка бизге калоо тилек жаза кетсенииииииз

Сизди терен урматтоо менен форумчу карындашыныз.
Рахмат..
Кекчил эмесмин..Эн жаман кором кекчилдикти. .Кечиримдуумун, бирок адамдарды капа кылбаганга, конулун оорутпаганга аракет кылам..
Ислам динибизде эн жаман муноз Кекчилдик,Эки жуздуулук.
Болгон..
Чооооон рахмат...
Турмуштагы кучтуулук,аял затындагы намыскойлук, жашоодогу бактылуулук формуласын, наристенин жан дуйносундогу тазалыкты жана ооруну билбеген ден-соолукту каалап кетейн...
Рахмат карындашым...)
#12571 22 Февраль 2017 - 14:18
kaidasyn (22 Февраль 2017 - 11:05) жазган:
1-суроо;
Эркектин жашоосунда уч эн кымбат аял заты болот дейт,бири апасы,бири жубайы,дагы бири унутулгус суйгону.Ушул учоо тен сенин омурундо болдубу? Учоосунон эн кымбат сезим калтырганы кимиси болду? Апам дешин мумкун а бирок апалардын сезими омур бою журокто кала турган нерсе.Болуп откон сезимини айтсан.
Ушуга жооп берип тур кенири чайнап.Дагы суроолор болсо келем.
Уалейкум салам доске...Жакшы Аллага шугур баары жакшы..
Досумбек жакшы татаал суроо берипсин )
Албетте апалардын сезими биз учун тендешсиз байлык,тугонгус тунук суудай..
Ал эми жеке сезимдер жонундо айтсам,кооп жазыш керек.) Чыныгы суйуу никеден кийин болот дейт,бирок ушул создун таржымалы башка окшойт) Суйуум башкача сезим калтырган..Бирок мандайыма же суйуу же келечек деп жазып койгон экен..Келечекти тандадым.) Ошого сезимдер жонундо коп жаза албай калдым.)
Рахмат
#12572 25 Февраль 2017 - 19:04
Берилген суроолорда кечиктирбей, орду орду менен жооп берипсиң, демек жакшы жигит экенсиң....... .
Үй бүлөлүк бакыт, ден соолук, ишиңе ийгилик каалайм.
Суроом: Алтын балык кармап алдың, 3 каалоңду аткарам десе, сенин кандай каалоону айтат элең?????
Гостон де Левис
#12573 26 Февраль 2017 - 16:37
Алтык балык кармап алсам...Бир эле нерсе сурамакмын. .Кыргызстандын онугуп-осушун, алып-жутарлар жок болуп,бийлике бут ынсаптуу-ыймандуу адамдарды жайгаштырышын сурамакмын. .А калган нерселерди Аллахтан башка эч ким бербейт..)
#12575 14 Март 2017 - 09:29
Gupa (28 Февраль 2017 - 11:06) жазган:
Sema04, интервьюң үчүн чоң рахмат, иштериңе ийгилик.
Эң көп добушту Babi. айым алган экен.
Эмесе, конок төрүбүздө Babi. айым, кош келиңиз.
1. Өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз.
2. Сиз үчүн жашоодогу эң кымбат нерселер жана адамдар.
3. Төркүн, кайын, тага журт, ушул үчөөнү катары менен коюп көрүңүзчү, сиз үчүн кандай...
4. Күнүмдүк эле турмушта сизге чоң таасир калтырган чоочун адам же бир окуя болду беле, болсо кандай?
5. Көбүнчө жүрөктү угасызбы же акылдыбы?
Азырынча ушул боло турсун. Интервьюңузга ийгилик!
#12576 14 Март 2017 - 14:33
Gupa (14 Март 2017 - 09:29) жазган:
Эмесе, конок төрүбүздө Babi. айым, кош келиңиз.
1. Өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз.
2. Сиз үчүн жашоодогу эң кымбат нерселер жана адамдар.
3. Төркүн, кайын, тага журт, ушул үчөөнү катары менен коюп көрүңүзчү, сиз үчүн кандай...
4. Күнүмдүк эле турмушта сизге чоң таасир калтырган чоочун адам же бир окуя болду беле, болсо кандай?
5. Көбүнчө жүрөктү угасызбы же акылдыбы?
Азырынча ушул боло турсун. Интервьюңузга ийгилик!
Мен Акылбекова Курманжан 1991 жылы 15августта Жалал Абад шаарында туулгам.
Мен учун эн кымбат уй булом,ата энем,бир боорлорум бир туугандарым.
Торкун-атамын чакан мамлекети, бул мен туулуп оскон,алтындай болгон балалыгым откон жер.. Качан барсанда асыл апам жаркыраган кун сыяктуу тосуп алчуу "Бейиш" ..
Кайын журт эмес озумун эле журтум болуп калды)
Мен онуп осуп тынып кетчу жер ..
Тага журт десе эле тайнемин элеси келет,кичинемде тайнемин колунда чонойгонгобу тага журтума аябай жакынмын..
Андай окуя боло элек окшойт)
Кобунчо журокту угуп акылым менен иш кылам)
#12577 14 Март 2017 - 14:37
Интервьюсуна ийгилик калап суроо сала кетпесем болбос.
1.Бавария командасы эмне болуп күйөрман болуп калдыңыз эле, жана футбол менен канча жылдан бери танышсыз?
2.Форумга келишиңизге ким себепчи болду эле?
#12578 14 Март 2017 - 15:29
Ояк буякты карай бербей туз карап туруп суроолордон жаадырайын))
1. Дос сен учун?)
2. Жакшы коргон адамын(бироону эле айт)?)
3. Ачуун келгенде кантип басасын?)
Анда эмесе ийгилик,бактылуулук, ден-соолук жана узак омур каалайм))
#12579 14 Март 2017 - 16:01

Ден соолуктарыныз жакшыбы?
Интервьюга ийгилик!
Сиз сыйлаган форумчулар?
Кек сактайсызбы? Кечиримдуусузбу? Ишенччээксизби?
Сыр сактаганга канчалык туруктуусуз?
Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 14 Март 2017 - 16:05
#12580 14 Март 2017 - 16:28

Мен дагы суроо бергим келди)
1. Нигиңизди "Три метра над уровнем неба" киносунан улам койгонсузбу? Андай болсо, ошол Баби деген кыз жагабы?)
2. Форумга кирүү максатыңыз? (Кызыксыз жашоомо көрк кошуу максатында


3. Өзүнүздүн кайсы сапатыңызды жактырасыз, кандай пайдасы бар?
4. Бош убактыңызда эмне кылган жагат?

5. Жолдошуңуздун эмнесин жактыргансыз жана эмнеси (мүнөзү, келбети) жакпайт?)
6. Акчаңыз ашып баратса кийим аласызбы же тамакпы?(катып коем, чогултуп жатам деген вариант да жарайт))
Азырыча ушундай, эмне деген суроолор деп жаман көрбөңүз.


Билдирүүнү түзөткөн: Maika: 14 Март 2017 - 16:28