Турмушта бирде ылдый, бирде өйдө болуп, адам баласынКудай дайыма сынап турат экен. “Ак ийилет, бирок сынбайт!” – дейт. Айтаэлегимде эле “Аа, шордуум... Тагдыры татаалдашып, эмне кылаарын билбей,чайналып жүргөн тура
Үйдө жалгыз уулболуп, эрке өстүм. Бирок, анткен менен мектептен, ЖОЖдон жалаң 4-5 деген бааларгаокуп, окууну да кызыл диплом, менен аяктадым.
Окууну го бүтөөрүнбүттүм, эми кесибим боюнча жумуш таап, иштешим керек. Ата-энем кары адамдар,анын үстүнө оорукчан эле. Аларды багуу менин милдетим эмеспи. “Мейли, айлыкакым аз болсо, аз болсун”, - деп борбордогу белгилүү бир чет элдик компаниягажумушка орноштум. Ал компанияда үч жыл иштедим. Ошол үч жыл аралыгында өзүмдүкөрсөтүп, өз ишимди мыкты билип, жетишерлик тажрыйба топтодум. Жумуш ордуман дакөтөрүлдүм дегендей. Кудайга шүгүр, мурдагыдан да жакшы жашап калдык. Акэмгегим менен акча таап, жаңы үй салып, жаңы үлгүдөгү темир тулпар алдым.Ата-энемди доктурга бат-бат көрсөтүп, дарылатып баштадым. Ата-энемдин батасыналдым дегендей. Бирок, тилекке каршы ошондой күндөрдүн биринде, атам булжарыкчылык менен кош айтышып кете берди. Эх, бири кем дүйнө... Энем экөөбүзыйлап кала бердик. Эмне кыл дейсиң, Жараткандан анын бул дүйнөдө билип-билбейкылган күнөөлөрүн кечиришин сурап, арбагына куран түшүрүүдөн башка эч нерсекыла албайт экенбиз да
Турмуш токтопкалбай, өз нугунда улана берди. Ошол мезгилде, бир ырчы кызга үстүртөн көзсалып жүргөн элем. Акыры акмалап жүрүп, аны менен да жакындан тааныштым. Аныменен таанышканыма жетине албай сүйүнүп, көңүлүм толкуп, ыргалып турду.
Аны кабактынастынан эркелете көз салып, тиштене карап турдум. Сулуу кыздын курчтугунакубансам, таамайлыгына таң бердим. Бирөөгө жакшы көрүнүш үчүн жагынып сүйлөбөй,айтчу сөздү бетке ачык айтчу мүнөзү бар экен.
Ошентип, аны мененкыз-жигит болуп жүрө баштадым. Арадан зымырап күндөр өтө берди. Баягы жумушкаэрте кетип, өз убагында келген Медер жок
Энеме каяша айтпасжаным, акыркы күндөрү ага катуу айтып, мага жакшы сөз сүйлөсө да кагып жиберипжаттым. Энем мага көз жашын көргөзбөй, ыйлап жүргөн экен бечарам. Ошондо дакөңүлү калбай, бооруна тартууга далалат кылып жатты.
“Кыз” деп жүрүп,көзүмдү май басып, эч кимди көзгө илбей калдым.
Ал күнү ошол ырчыкыз менен жолугууну белгилеп, кечке жуук бир тамактануучу жайдан жолуктук. Агаарнап, бир букет гүл сатып алган элем. Бир убакта мен эмнеден улам, ага сурооузаттым.
- Жаным, сен менисүйөсүңбү
- Ооба
- Кандай болгонкүндө дагыбы
- Ооба, сен кандайболгон күндө дагы. Мейли сен майып бол, мейли же башка бол, мен сени сүйөм
Биз көпкө сырдашыпотуруп, бир саамда аны узатып, сырттагы унаасына салып жибердим. Колумда ага деп, алып келген бир букет гүлкалып калган экен. Мен аны бермек болуп, анын унаасынын артынан чуркап жөнөдүм
Мен чуркай бердим.Ал да токтободу. Бир убакытта артымда катуу келе жаткан машинанын жарыгы, менартымды караганда көзүмө чагылышып, жарыктан башка эч нерсе көрүнбөй калды.Анан барып ал жарык да өчтү
Бир саамда көзүмдүачсам, ооруканада жаткан экем. Бутум сыздап ооруп, абалым өтө начарлапкетиптир. Кашымда энем олтурган экен. Ал мен ойгонгондо ыйлап жиберди.
Кудайга шүгүр,жеңил жаракат алып, аман калыптырмын. Бирок, дарыгерлер менин мындан ары өзалдымча туруп баса албасымды айтканда, мен чаңырып, өксүп ыйлап жибердим. Энембооруна кысып, ал да кошо ыйлап турду
- Балам, Кудай барэмеспи, баары жакшы болот, - деп башыман сылап, далыман таптай берди.
Мен ырчы кыздыжолугушууга чакырдым, ал телефондон “Кечир, мен сени менен өмүр сүрө албайм”деп жооп жазды. Мына, сен кандай болгон күндө да сени менен бир болом, сени эч качанташтабайм” деген кыз, ушинтип таштап кетти. А көрсө, эки дүйнөдө тең сүйүүгө “Эне”гана татыктуу болот экен. Ооба, “Эне” деген бир асыл адам гана сүйүүгөтатыктуу!
Кудай мага сыноо берип,ал сыноону көтөрө албаганым үчүн мени ушинтип жазалады. “Ата-эне балага нааразыболсо, Кудай ага нааразы” дейт. Келгиле мусулман бир туугандар, ата энебиздикапа кылбайлы! Аларды дайыма урматтап, дайыма сыйлайлы
Автор Айбек НУРЛАНОВ

Супер-Инфо
super.kg
видео










