Мына бүгүн күн чайыттай ачылып жаздын жыты көңүлүңдү эргитип, айлана не бир кооз. Сейил бакта ойлорум менен алпурушуп, ушунчалык кооздукту деле элес албагандаймын.
Асманды карасан учу кыйыры жок, көкмөк күндүн нуру кошулуп сулуугу артып турат биз адамдар өзүбүздүн азабыбыз өзүбүзгө жетип жаратылыштын бизге берген не бир кереметтерин сезбей деле калат окшобойбузду.
Ушул учу-кыйыры жок асмандын алдында канча гана адам жашар өтпөдү, эл башкарган, журт башкарган хан -төбөлөр, өмүр бойу азаптан башы чыкпаган кулдар, далай адамды суктандырган сулуулар, төрөлгөнү майып болуп төрөлгөн майыптар, алты саны аман болсо да шүгүр кылбай байлыктын артынан сая түшүп, баарын эми топтогондо үзүрүн көрбөй о дүйнө аттангандар.
Бирок баары шүгүр калдыбы, телегейи тегиз болсо да бир нерсеге нааразы болгон адамдар. Бирөөсү сүйүүгө жетпей арман кылса, бирөөсү байлыкка жетпей арманда а кай бирөөсү ден соолук десе, бирөөлөр бала жытына зар болот экен, кебирөөлөрдө көөдөнү толо күйүт бирөөгө болгон кек болот экен, ооба менде ошол кек калган. Анткени ушул бала кезден көргөн азабымда ушул арман кылган көп нерселер камтылып калыптыр
Чоң энеме кат Чоң энеме кат
#2 22 February 2017 - 17:03
Мына ушул жаз менин жыйырма жетинчи жазым, мындан жыйырма сегиз жыл мурун ушул байчечекей жыттанган, келин куштар келип жаратылыштын кооздугун чыйпылдап сайрап арттырып, кең асман күн нуруна бөлөнүп турган убакта менин бул ааламга жаралышыма себеп болгон ата-энем баш кошушкан экен. А чоң эне ал күн сиздин да эсиңизде чыгаар, ооба сөзсүз эсиңизде да эң кенже уулуңуз сиз тапкан кыздарга үйлөнбөйм ушул кызга гана үйлөнөм деп, канчалык каршылык көрсөтсөңүз да айтканынан кайтпай менин апамды алып барган күн кантип эсиңизде болбосун.
#3 22 February 2017 - 17:04
Убакыт зымырык куш деп бекер айтылбаптыр,
адам өткөн өмүрүн эстегенде бир көз ирмеп бүт өмүрүн эстеп койсо болот экен. Ошол өмүрүңдө кимди капа кылдым, кимдин жүрөгүн ооруттум десен көп эле адамдар көзүнө келери чындык эмеспи. Капа кылсан мейли кечирим сурап кайра элдешсен жашоо жакшы эле нукта улана берет, өмүр өтөт майда -чүдө капачылыктар унутулуп деле калат. Бирок бирөөнүн турмушун бузсан ортодо бала болсо, баланын бактылуу күндөрү ыйга кыйынчылыкка алмашары бышык. Канчалаган үй -бүлөөлөр бузулуп, канчалаган наристелер тирүүлөй жетим калып жатат. Бирөөсү жокчулук деп ажырашса, бирөөсүндө бала жытын жыттай албаса, бирөөсү бузукулардын айынан а кай бирөөсү көзүнө чөп салып ала жипти аттап эки ара жолго түшсө, кебирөөсү акча, карыз үчүн ажырашып а көптөрү көрө албастардын кылтагына илинсе, кебирөөсүнө кызганыч себеп болот экен бирок булардын ичинен эң эле көп себеп болчу бул -кайнене, кайнеже экен. Ооба чоң эне сизде бир кыпындай жакшы ой болсо иним экөөбүз балалыктын бактылуу доорун ата-энебиздин алдында өткөзбөйт белек?! Кичине кезимде апам окуп берген жомоктордон,
сыналгыдан көргөн чоң энелердин мээримин эч сизге окшото албадым. Атам убагында сиз тапкан кызга үйлөнбөй апама үйлөнгөнү үчүн атамдагы капаңызды апаман чыгардыңызбы?
Ушунча болуп үйлөнүп алгандан кийин ажыратуунун кереги бар беле? Же ошол сиз айткан байдын докторлукта окуган кызын алпербей калганыңызга ичиңиз ачышып чиедей болгон мени, бойунда келген иними көзгө илип бир санааркап ойлонуп койбодуңузбу?
#4 22 February 2017 - 17:36
Биздин баштан не деген гана күндөр өтпөдү балалыгымы эстесем көөдөнүм бошошуп, ыйлагым келет бирок апам жанымда бар болгону үчүн жашообуз кыйын болсода апамын ар бир дем алган деми мага күч кубат берип турчу.

Ошондо сиз атам менен апамды ажыраштырып эки жолго салган күнү кыш чилдеси экен. Үйгө апамы, 2 жашка чыгайын деген мени, эми эми жарык дүйнөгө келгени жаткан иними кошуп тайнемин үйүнө жеткирипсиз. Ошол күнү жүктөрүн ала келгенче апамы бул дүйнөдөгү бирден бир жаман кыялы жаман келин катары жамандап анан таштап кеткен экенсиз. Мен аны кайдан билмекмин, тайкемдин аялы мен бираз эс тартканда тайкемдин баласы менен ойноп жатып уруша кеткенимде, "сенин апанын кыялы жаман, энен силерди жөн таштады дейсинби?! Оо ошол күнү энен не деп гана айтпаган "-деп сиз айткан сөздөрдү бүт айтып берген абдан ачулуу, бала элем. Бирок айткан сөздөрүн угуп отуруп тай жеңеме эмес сизге капа болгом, ич ичимде бала болсомда бир башкача кыжаалатчылык орноп ошол айткан тайжеңемдин сөздөрү жүрөгүмдө түбөлүк сакталып калган. Ооба тайжеңем ачуусу менен анча-мынча жалганды кошо кеткендир. Бирок анын түпкүрүндө чындык бар болчу. Аны кийин апаман сурап алгам, буга кийинчерек кайрылам.

Сөз кайра биздин атасыз, жетимсиреп, өгөйлөнүп өскөн балалыгыбыз тууралуу болсун.

#5 22 February 2017 - 17:56
Тайэнем байкуш аябай жоош, сөз келгенде сөз таап сүйлөй албаган өмүрү бирөө менен ажандашып урушпаган момун аял эле. Жооштугунан балким сиздин сөздү таап сүйлөгөн чечендигиңизден,
баардык нерсени кыйтырлык менен жайгарып, ар дайым өзүн мактап, өзүнүн сөзүн туура деп билип, эч кимге жеңилбес сапатыңыздан,
дегеле тикчийип турган турпатыңыздан тартынып жадакалса коркуп өз кызын коргой албай баарына кайыл болуп эрден чыккан, чыкканда да жаман атты болуп чыккан апамды коргой албаган чыгар.

Кыял-бул сиз үчүн эмне? Бул сиз үчүн катуу кырдаалдан чыгып кетүүчү оңой курал. Өзүңүз жөнүндө бир адам кыпындай жаман сөз сүйлөбөш керек деген нерсе сизге закон болуучу. Ошондуктан келинди кетириштин маданиятуу түрүн тандап алганыңызга азыр мен турмуш күтүп төрт баланын энеси болуп түшүнүп турам.

Ооба, мага кылган иши жакпады деп кетирейин десеңиз, элдер иш кылганды үйрөтүп койсо болот да дешмек. Байлыкты айтайын десеңиз анда да келин күнөөлү болуп калмак эмес. Сиз өтө кыйынсыз баарына көз жүгүртүп келинди жаман, өзүм жакшы деген сөздү түбөлүк калтыруу үчүн, ошондо апамын кетирүүнүн оңой жолун ойлоп тапкансыз.

#6 22 February 2017 - 18:12
Бул өмүр өзү бизге узак көрүнөт, өзүбүздү эч качан өлбөчүдөй сезебиз. Бул ааламдын эси бир жараткан экенин билсек дагы, өзүбүздү кебир нерселердин эси катары эсептеп, тапкан дүйнөбүздү аркы дүйнөгө алып кете тургандай кулпулап бекитет экенбиз, бар нерсени бирөөдөн кызганып ичи тардык да кылат экенбиз. Байлыкты кудай жакшыга берип жаманга бербей койбойт экен, кудайым жаманга да байлык берип сынайт экен. Сиз мактанган чоң үйүңүз, ар дайым баарын башкарып көнгөн кыялыңыз да өзүңүзгө билинбеген сыяктуу эле. Байлык да билинбей эле адамды көрдүн ичине тыгып, озү бул дүйнөдө кала берет экен
#7 22 February 2017 - 20:50
Чыккан кыз чийден сырткары болуп тайнемдин үйүндө апам озү батса да биз батпай, апам бизди ээрчитип батирме батир кыдырып жашап бизди багып жатты. Базарга семечка көтөрүп сатып эптеп көр тиричилик өтүп жатты. Апамдын ошондогу тарткан түйшүгү, кыйналып эзилгенин эстесем бизди ушул көйгөйгө салган таргдырга нааразы болуп кетем. Бирок эне сиз апамды ойлобосоңузда бизди ойлоп койбогонуңузга мына минтип чоңойуп таңыркабай деле калдым анткени мындай боору таш чоң энелер бизди саналуу гана эмес экендигин турмушта көп угуп да, көп көрдүм.

Апамын кыялын сиз аябай эле жакшы билесиз эч качан жалган айта албайт, түз тайнеми тартып жоош эмес бирок сиздей кыйын да эмес
Апамын кыялын сиз аябай эле жакшы билесиз эч качан жалган айта албайт, түз тайнеми тартып жоош эмес бирок сиздей кыйын да эмес
#9 23 February 2017 - 14:46
Өзүңүз айткандай сиз үй бүлөөдө эң чоң келини болупсуз, сиз барган жылы кайнатаңыздын о дүйнө салганына көп жыл болуп,элде жок жоош кайненеңиз бүт баарын сизге откорүп берип бүт баарына сизди жаңы келин болуп келгениңизде эле кайнене кылып койгон экен. Келиндерден эч чоңу болуп баарын башкарып, койдой жоош кайнеже кайнысиңдилериңден бери кайнене болуп, чоң атамдын төбөсүндө баарын жайгарып көнүпсүз. Кудай бергенге бере бере берет, багы жокко дагы жок деген сөздөр да туура экен. Өзүңүз канча митаам, кыйтыр кыйын аял болсоңузда кудай сизден жакшы жоош эркекти, жакшы кайнене, кайнысиңди,
кайнежени аябаптыр. Уул кыздарыңыз чоң атам баш болуп эч качан сиздин сөзүңүздү эки кылышпай бул жашоодогу чыныгы ханышадай болгонсуз, арийне жоош кайненеңизди башкаргандар кийин башкалар ким болуп калыптыр. Чоң атам көп айтчу экен "апаңар баарына кайнене "-деп.
#10 23 February 2017 - 14:54
Кокустан эле уулуңуз келин алып качып келип алганда, бүт дүйнөңүзгө бурганак түшүп, өзүңүзгө өзүңүз батпай кайненеңиз сөзүңүздү эки кылбай көнгөн жаныңыз, балаңыз сизди укпай өз сүйгөнүнө баш кошуп алгандан тартып, келинди кетирүүнүн тымызын түрүн ойлоп үй ичинде келинди тынымсыз эзип, атама апамы жамандап экөөнүн ортосуна от жагып акыры түбү ниетиңизге жетип тынбадыңыз беле. Мына ошол жаман небереңиз минтип аял санына кошулуп келиндик сыноодон ийгиликтүү өтүп төрт баланын энеси болуп отурат.
#13 23 February 2017 - 18:37
Ошентип келин келген күндөн баштап балаңыз менен келин урушса көөнүңүз куунак болуп, өзүңүз балага келинди жамандап ошонун натыйжасына кубанып күндөр өтүп апамдын бойуна мен бүтүп мен жарык дүйнөгө келипмин. Апам мени карап жатса балаңы таштап ишиңди кыл, бала озү чоңойо берет деп 4айга толо элек мага чоң адамдар жечү тамактардан берип эптеп эле келиндин колун байлабаса болду деп. Ошондон уламбы чоң эне, менин ашказаным бала күнүмдөн ооруйт, апамдын эмчек сүтү мени тойгузуп жатса да тамактан берип менин ашказанымды айныткан экенсиз.
#14 23 February 2017 - 18:43
Жашоодо көп согулганга жаш туруп көп нерсе көрдүм. Эне- деген бул кандай зат!Энелер биз биринчи бойубузга бүткөндө бир сүйүнөт экенбиз, ичибиз чоңойуп өзүбүз кыйналып жатсакда баланы этияттайын деп этият болуп калат экенбиз, балалуу болгондогу сезимибиз аны сөз менен жеткирүү кыйын бакыттын туу чокусуна жетип эне болуп ары түйшүктүү, ары бактылуу күндөр менен жашап калат экенбиз. Ошентип бала окуп күн өткөн сайын чоңойуп бир күнү эр азамат жигит болуп чыга келет экен, анан
#20 27 February 2017 - 12:17
Анан үйлөнгөнгө келгенде башыбызга баш кошулуп,үйүбүзгө бакыт кирип бир кубанат экенбиз.

Супер-Инфо
super.kg
видео