Суперстан: Баламдан ажыраганды каалабайм - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Баламдан ажыраганды каалабайм

#1 Пользователь офлайн   shirinim_shirinin   24 Февраль 2017 - 13:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 23 Февраль 17
  • Соңку аракети: 26 Фев 2017 18:39

Эл катары окуумду бутуп мектепте сабак берип иштеп калдым.Анан турмушка чыктым.Боюмда болуп жолдошум экообуз аябай кубандык.Кайн журтум жюкудайга шугур жакшы.Бир балалуу боло элек кайенежем бар.Куйоосу аны суйгонунон ушунча жылдан бери балалуу болбосода жашашат экен.Негедир боюмда болгондон тартып баламды алып койо ттургансып ичим болк деп калар эле.Балам торолуп баарыбыз суйундук.Азыр там тун басып калган.Арада кайнежем кыйытып баланы сурап калчу болду.Жакында туугандардын козунчо сураганынан бербейм дештен тартынып кийинкисин берем деп койдум.Ошодон кийин сурабай калды.Эми отурсам турсам кыйналып кетип атам.Туура кийинки балабыз качан торолот кудай билет.Ошентседа торолгондон кийин алып кетерин элестетсем журогум токтоп,суурулуп кетчудой сезиле берет.Не кылсам экен.Канткенде бербей койло алам.Не десем болот.Балдарымды озумдо калтыруунун жолу барбы?Кенеш бериниздер. Жардамыныздарга муктажмын:(;(

Билдирүүнү түзөткөн: shirinim_shirinin: 24 Февраль 2017 - 13:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   HanTegin   24 Февраль 2017 - 13:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 451
  • Катталган: 01 Август 16
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 13:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

Кайнежендин конулу учун баланы бербе. Кийин озун да, балан да, кайнежен да кыйналат. Берип жаман корунгучо бербей жаман корун. Кайнежен намыстангандан озу тороп алат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   momuntay   24 Февраль 2017 - 13:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 755
  • Катталган: 06 Апрель 14
  • Соңку аракети: 09 Авг 2018 15:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орто Азиядагы Байыркы шаар

Анын эмнесине кысыласынар. Берем деп жубатып койгонмун убагында. Кантип бере алат элем. Капа болбонуз бере албайм деп кой. Конулу болсо башка баланы алып мээрим тогуп багып кеталса, аллах озу да берээр эле. Ичинден чыккан ийри жыланды кимге бераласын. Биринчиле баланды сураган акылсыз акмак неме го деп да ой кетти. Бир бала тородум дагы кооп тороп алам да деп да ойлобогула. Аллах бир озу билет экинчисин качан берет. Ошондуктан силердин айтканынар да туура эмес деп ойлойм....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   aijyldyz   24 Февраль 2017 - 13:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Аны умунтонтуп кийинкисин берем дебе. Бири биринен суйкумдуу балдарынды бере албасан керек. Мен да инимдин аялынын ошентип айткам. "Сенден сурап отурбайм торой бер балдарындын арасынан тандаганымды алам" дечумун тамашалашып. Ал ишенип алып туну куну мага бала тилечу экен. Азыр айтып калам дагы тиле дагы тороп алайын болбосо кызынды алам десем ишенип ишенбей журот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   nurtilek969796   24 Февраль 2017 - 13:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 65
  • Катталган: 29 Май 16
  • Соңку аракети: 02 Янв 2022 10:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

++++++
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   shirinim_shirinin   24 Февраль 2017 - 13:55

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 23 Февраль 17
  • Соңку аракети: 26 Фев 2017 18:39

Аларда бардык жолун кылып корушуптур. Акыры результат болбогондон кийин аракет кылбай коюшту.Кайнежемди организми торогонго болбойт экен.Корунбогон врачы калбады.Кээде ойлоп боорум ооруйт.Бирок оз баламды кантип кыяйын.Дайым сураганда унчукбай кутулат элем.Бир уй туугандардын алдында сураганда не дээримди билбей калдым.Унчукбай койоюн десем туугандар менден жооп кутуп карап турат.Айла жок кийиркисин дедим.Кайнжуртум менен аябай жакшымын келин эмес кызындай корот.Конулдорун суутуп албайын дедим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   samina86   24 Февраль 2017 - 14:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 255
  • Катталган: 31 Январь 14
  • Соңку аракети: 26 Янв 2025 14:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Жалган дуйно...

Туула элек балага ойлонуп не кыласын биринчи торочу анан ойлоносун. Аллахым ушинтип сынап жаткандыр. Озунду кайнежендин ордуна коюп корсон , анан кыыыыйла женилдеп каласын, шугурунду келтирип.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   nargis   24 Февраль 2017 - 14:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Алардын конулун ооруткун келбесе берип койсон да болот баары бир сенин коз алдында чоноёт. Мындайлар коп эле такыр аргасы жок болсо соопко деле калсын. А балким суйунгонунон кош бойлуу болуп калаар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   ice87   24 Февраль 2017 - 14:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 153
  • Катталган: 18 Март 16
  • Соңку аракети: 03 Мар 2019 17:53

Кайын эжене бала тиле!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Angel92   24 Февраль 2017 - 14:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Бала эмне буюм беле?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Elzira.91   24 Февраль 2017 - 15:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 22 Январь 17
  • Соңку аракети: 02 Апр 2017 11:50

Сен бардык жагынан ойлонуп корушун керек,эгерде кайын эжен жезденин семялары жакшы болсо бергенин дурус болот,себеби алар сенен караганда жакшы багат,жакшы карайт деген ойдомун,озунда козомол кылып турасын,биздин бир сосетибиз бар болчу 3 уулу бар эле кыз жок болчу,авсындар да алар анан айтыптыр кыз торосон мага бер деп сураныптыр аа ал келиндин 3 кызы бар болчу 1 эле уулу бар эле анан айтыптыр эгер кыз торосом берем дептир,ошентип жанагы келин кыз тороптур,торогон куну эле авсынына айтып мееримим тушуп калбасын алып кеткиле дегенде барып жанагы кызды эмчек эмизбей алып келип багып алды азыр ал кыз окууну бутоюн деп калды соонун кылып багышкан,жакшы тарбияда беришкен,жанагы кыз оз апасынын коз алдында чонойду,экоо дагы бир айылда бир кочодо жашачу,керилген жакшынакай кыз болгон улууну урматтаган кичууну ызаттаган кыздардан болгон,бир туугандарынын копиясы,эми чонойду ойлонсо крек буларга неге окшошмун деп,эми берсен сага сооп болот да ошол жери бар,жакшы болсо кайнежен созундо туруп бер деп акыл айтмакмын,сени жакшы коргонунон сурадыда,жакшы корбогондо сурамак эмес,бул жагын озун ойлонуп иш кылаттырсын деген ойдомун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   shirinim_shirinin   24 Февраль 2017 - 17:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 23 Февраль 17
  • Соңку аракети: 26 Фев 2017 18:39

Жакын болсо менда ойлонбой бермекмин биз Нарындын четинде а кайнежемдер борбордо турушат.Жылына 2 жолу келсе келет болбосо жок.Откондо келип кетти эми.Семьясы жакшы.Озумда кээле ойлойм берсем окутуп чокутуп менден жакшы жедирип ичирет мен окута аламбы деп.А берсем кийин жылдап баламы корууго зар боломбу.А баламды менден кызганып такыр эле 2-3 жылдап келбей койсочу.Башым катты
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   vavilon.   24 Февраль 2017 - 17:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 055
  • Катталган: 12 Февраль 17
  • Соңку аракети: 01 Сен 2024 19:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Супер-Инфо

Бербениз баланызды, бала буюм болсо бир жон. Же бага албай турган оорулуу болсонуз башка кеп. Балдар уйунон багып алса болотго.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   perishte9600   24 Февраль 2017 - 17:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 31 Январь 17
  • Соңку аракети: 21 Мар 2018 10:24

Бала буюм эмес жанындан жаралган баланыз кантип бироого бересин?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   gukush00   24 Февраль 2017 - 17:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2021 21:41
  • Жынысы:Аялзаты

Жок бербениз.бир история айтайын может сиздин чечиминизге жардамы тийеер.
менин таежемдин азыркы убакта беш баласы бар.уч уул эки кыз.биринчиси кыз и экинчиси да кыз торолгондо жездем байкесине таежеме айтпай макул болуп документ жасатып коет .кыз чоноеюп калганда (чынында не болгонун билбейм тиги багып алганын жакты бирок тиги жак бакпайбакпайбыз деп берип салганын уккам)таежемдердин колуна келди и такыр соз уукчу эмес урушуп койсо уйдон качып мамамдарга барам деп тигил жакты мама дечу а таежемди жене дейт .аман эсен чонойсун деп такыр эштеке кылдырчу эмес ииий таежем ортодо кыйналды го.эми бир айылга куйоого кетиптир айтканды укпай таежпм сарсанаа окусун бутуп алып кетсе болмок и эштеке жасабаган кызды эртен кетирип жибербесе болду деп .бала ортодо чайналып калат экен ошондуктан жооок кечирип коюнуз деп,билбеген тааныбаган эртен келип менин балам деп талашпаган эле через бироо аркылуу багып алсынааныздар дениз да.жаман корсо корсун бирок затоо!!! !баланыз жанында.

Билдирүүнү түзөткөн: gukush00: 24 Февраль 2017 - 17:35

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Aikassol   24 Февраль 2017 - 17:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 83
  • Катталган: 29 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2021 07:35

Бербей Эле коюнуз, озунуз 9 ай которуп сай соокунуз сыздаган баланы 1 мунотто кайнеженизге карматып койбой, бере албайм, бир туугандарды болбой бир остуром деп Эле айтыныз. Жолдошунуз эмне деген эжеси сураганда?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   gukush00   24 Февраль 2017 - 17:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2021 21:41
  • Жынысы:Аялзаты

Ойлонуп даагы бир жооп таап келдим.....кеч боло электе чалып айтыныз да бере албайм деп айтпай койсонуз сизге умуттонуп' кутуп журо берет да баласын берет деп .азыр чалып айтсаныз может башка жолун издеп аракет кылат да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Elzira.91   24 Февраль 2017 - 20:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 22 Январь 17
  • Соңку аракети: 02 Апр 2017 11:50

Менин айтаарым афтор озун бил,бул жерде жок эле балага ушунча болосунар айланып кетеиндер силерге айтаарым каякда болбосун кимде болбосун биринчиден омуру узун болушун сурангыла,менин атамдын бир тууган иниси бирда балалуу болбой аялы менен жашап журо берет,менин эн кичуу иним 6 келгенде мейманчылап баратда кичине журо турсун дешип алып калышат,макул журсо журо турсун анан алып кетебиз деп ташташат,утуру барышат бергиле деп бирок алар уже иниме конуп калышкан болот,ыйлактап жалдырап коздорунон жаштары агып акыры макул болуп беришет,иним ал жактыда апа ата бул жактыда ата апа дейт,чонойо берет бала айтканын айткандай кылдырат ото мееримдуу болуп эки жактында конулун оорутбайт,алар баарын берди эснерсе аяшбады,орус школго окутушту эн жакшы окуучу болуп жетишет,бирок эчкимибиз анын омуру кыска болушун ойлобопбуз, алар бакканына ровна 10 жыл болгондо 8 кыласында каза болду,ошондон кийин менин оюм кайжакта болбосун омуру узун болуп коргонго мумкунчулук болсо болду деген ойго жетелендим, афтор айткандай бизда инимди 1 жылда 1 корсок корот элек корбосок жок,ошол себептен бала кайда болбосун коргонго мумкунчулук барбы амандыгын ойлогула демекмин,андан башка айтаарым жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   aijan   24 Февраль 2017 - 21:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Берууну каалабасаныз, жагымсыз болсо да ошол созду айтуу керек болот, "Кечирип коюнуз, тороп тушуп, эне болуп канчалык бала ширин экенин сездим. Бала деп сиз менен биздин аралыгыбыз алыстап кетпесин, мен бере албайм" деп эле жай айтсаныз эч ким жанынызды сууруп албаса керек. Бирок соз келгенде гана, ошол ж.до соз козголгондо.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   sasik   25 Февраль 2017 - 23:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

Ортодо бала чайналып калат ко,балага эле кыйын болот.Жакшы тарбия берсе жакшы анан эрке,кок бет,айтканын кылдырган бала болуп калса кийин кантесиз?Озунуздун каныныздан жаралган бала сизди тайжене десе чыдайсызбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 04:31

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: