Оо шаарда жашагым келет.
Кыздар, чынын айткылачы, келечекте айылда жашагыңар келеби же шаардабы? 21-кылымдын талабы?
#223 27 February 2017 - 19:51
Биз кышында шаарда,жазда айылда,жайда жайлоодо жашай турган болтабыз. Жаман көргөн жериңе тиесин деген деле туура экен бир чети. Иши көөөп деп бир жакты аябай жаман көрөт элем))
#226 02 March 2017 - 02:20
буйруса шаарды елестетип атам.ен негизгиси; тушунуктуу,
ойлогон ою ордунда,динге жакын (Абдышукур ажыдай) болсо деп тилек кылып атам Кудайдан.ой кулук дегени ушулда)))
#227 04 March 2017 - 11:45
Айырмасы жок дечүүмүн бойдок кезде. Көрсө бар экен. Азыр айылды абдан көксөйм.
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
#228 04 March 2017 - 11:53
#229 07 March 2017 - 13:22
Ошто торолдум остум эми жигитим борбордон Кимге кандай билбеймин бирок Оштун атмосферасы бир болокчо эч кайсы жерге алмашпаймын.
Бишкеке кетууну ойлосом кыжаалат болом адамдары бир кызыктай сезилет. Кантип адаптация болот экенмин билбеймин.
Озунду эр ойлосон , бироону шер ойло!
#230 07 March 2017 - 16:55
Азыркы мезгилде шаарга караганда айылда жакшы бп калдыго,жогоруда бир форумчу айтып кеткендей айылда да шаардагыдай шарттар бп калбадыбы.Мурда биз күүндө араба мн суу ташыйт элек эки гилейген фляганы салып галдыраган боюнча жөнөйт элек.Азыр кудук чыгартышып,
кааласа үйүнүн ичине чн канализация,
суу ташуу деген көйгөй жокко эсе,кир жуубайсың, стиральныйга салып койсоң болду,жада калса туалетти да үйдүн ичине куруп калыштыго.Мага негизи айылда жашаган жагат,бүүт нерсе өзүңдүн огорудуңдан чыгат.Кееңири басып, каттуу катту сүйлөп коюп))
#231 07 March 2017 - 18:35
Каерде болсо деле тирилигими кылып кете алам. Мен учун Кыргызстанда жашасам эле болду, мынтип балдарды таштап коюп жер кезгенден коро Мекенимде кенири басканым мин эсе артык. Шаар, айыл деп башты ооруткум келбейт.
Тагдыр мени сынаса да ташка уруп, Талбай чуркайм көңүлүмдү жаз кылып!
#232 08 March 2017 - 18:54
#235 09 March 2017 - 21:55
Кайда жашасамда боло берет. Айылда деле шартты түзүп алып жашасаң соонунда.
#238 18 March 2017 - 08:37
Айылбы,ысыкпы,
суукпу,токойбу не болсо да суйуктуум менен бирге болсом болду,калганы эчтеке эмес..жолоп-
таяп турган адамын жанында болсо кыш дагы мага жаздай эле сезилет.
#239 18 March 2017 - 11:00
Айыл дечу элем мурда. Эми айылга кетесин деп жатат. Менин кетким келбей калды. Балким куйоом чогуу кетсе кетким келмек э
#240 23 March 2017 - 12:56
Шаар, только шаар. ушунчалык жүдөгөн мен болмокмун айылга жашап калсам. Кудай сактасын!
Күн-түн иштесем да шаарга көчүрүп келмекмин, айылга көчүп баргыча.

Супер-Инфо
super.kg
видео


















