окурмандар саламатсыздарбы?
мен биринчи жолу тема ачып жазып жатам,мага кеп кенешинер керек болуп жатат,анда кеп башынан болсун!!
Бир куну турмушка чыккан эки кайын синдилерим келген уйго,кичинекейи менин бешик тойго окул апам кийгизген пальтому алып кетип калыптыр,менден сурабай эле. Каттуу жиним келди анан чон кайынсиндиме ватсап аркылуу айттым " эмнеге сурабай алып кетет,эмне мени тоготпогондук,
сыйлабагандык кылды,сурап албайт беле сурабай алган уурдап алганга барабар эмесби дедим,ал болсо мен сурап ал дегем,уялган окшойт дейт,мен анан уялбай алган кантип уялбай кийип журот аны дедим" ошентип эртест ал кайынсиндим кайненеме чалып айтыптыр,кайненем мага келип сен неге ууру кылып атасын кызымы,апам коктугуно салып барибир ошол пальтону берип жибериптир да деп унчукпай эле койбойсунбу дейт мага,мен да жиним келип анда сурап албайсынарбы,
жолдон деле бир нерсе таап алсан кимди деп уч жолу кыйкыр деп айтылган го деп айттым,ыйладым,
кайненем да бар квартирага чыгып жашагыла жададым сенден дейт. Мен да кетем жашабайм зорго эле жашап журом озу деп каттуу уруштук экообуз,кайра эле кайненем туура эмес кылганын билип калды окшойт жакшы суйлоп калды.
Билбейм мен туура эмес кылдымбы же ?
Мен туура кылдымбы? мен туура кылдымбы?
#2 27 Февраль 2017 - 15:41
Менде коп болгон мындай окуялар,коп жолу унчукпай койдум. Акыры чыдамым тугонду,унчукпасан токтотпойт экен. Кайненеме угузпай,куйоом айткан бир нерсе ала турган болсон сурап алып жур жененден деп,ошондон кийин бир аз токтогон. Бирок мен жокто сандыгымды антарып,билбейт дейби айтоор которуп кетет кийимдеримден.
Ошого сандыгыма кулпу салып калгам. Кийин кайненемден уялдым,эмнеге бекитип алган деп айтпасын деп кулпуну да алып койдум,Эми маскоого кетсем суроттордон коруп калып жатам менин кийимдеримди кийип журот,апасы деле унчукпайт. Бир киши кийген кийим менен эки киши кийген кийимдин айрымасы болот да, квартирада турушат куйоосу экоо. Себиме келген идиштериме чейин алып кетиптир. Мен да кандай кылсам туура болот деп башым ман. Болбосо ошол бир сом учун москвага келип,тытынып иштеп жатабыз да. Билбейм бу кайнсиндиме кантип тушундуром.
#4 27 Февраль 2017 - 15:55
Келин адам эмес экен да алардын оюнда.Кааласа сурабай алып,кааласа коюп
#5 27 Февраль 2017 - 17:36
Менин кайнсиндиме окшош экен. Мен озуно айтып эле урушуп бергем. Тийчу болбогун менин боюмдарыма деп. Боюмда барда апам компот,кола салып жиберчу,себеби туну мн 2–3 литр суу ичип чыкчумун,кечинде таппай калчумун,аларымдыда ичип коюп жургон экен,кийин билгем)))). Азыр дарт десе,балээ деп салам. Себеби кылыктары кекиртекке жеткен.
#6 27 Февраль 2017 - 17:39
Озуно эле айтпаптырсын тез алып келип местасына коюп кой,чтобы мен билбей калайын сенин алганынды деп.
#7 27 Февраль 2017 - 17:41
Жаны келин болуп келгенде кыз убакыттагы кийимдерим да алып келгем кайын синдим жактырып мага берин десе берип койгом кийин кайненем кайын синдиме торобостун кийимин кийбе дегенин угуп калгам кийимдерим алып кирип койгон экен аябай капа болгом убакыт отуп тородум да ал да турмушка чыкты боюнда болгондо койнокторумду курткамаче кийди унчукпадым тороп келип баламын кийимин баласына кийгизди ал аз келгенсип манежимече жаткызды ммм болуптур эми десен кайненем спальный диваныбыз сурады эле аны да алып чыгып бердим кайнатам м.н кайненем жатат не дейт элем баламын атасы энеси эжеси болсо куйоомун жакындары бар эле болушсун
[font="Comic Sans MS"][/font
]
#9 27 Февраль 2017 - 20:45
Автор, туура кылыпсыз.
Кыздарына туура тарбиялагандын ордуна кайра тетири сүйлөгөнүнө таң каласың...
Кыздарына туура тарбиялагандын ордуна кайра тетири сүйлөгөнүнө таң каласың...
#10 27 Февраль 2017 - 21:09
Айла жок
Озуно эле айтсан болчудай экен.
Менин кийимдерим , ич кийимдерим, буюмдарым, аз келсе уйду да талашат.
Баары силердики деп кетип калайын десен балдарым бар.
Айла жок.
Алар алса башка жанысын сатып алам, мага кудай берет деп алаксып коюп журом.
Озуно эле айтсан болчудай экен.
Менин кийимдерим , ич кийимдерим, буюмдарым, аз келсе уйду да талашат.
Баары силердики деп кетип калайын десен балдарым бар.
Айла жок.
Алар алса башка жанысын сатып алам, мага кудай берет деп алаксып коюп журом.
#11 27 Февраль 2017 - 21:11
Унчукпасан конуп алышканы да бар.
Бирок озум бироого кайынсиндимин. Мен колумдан келишинче которунуп барам. Анда да жакпайт экенсин.
Бирок озум бироого кайынсиндимин. Мен колумдан келишинче которунуп барам. Анда да жакпайт экенсин.
#12 28 Февраль 2017 - 00:09
Кайын журт менде ушундай деп журсом баары эле ошондойго.Баары бир кайын эне эч качан келин тарап болбойт.Туура эмес болсода, кызын колдойт.Анткени кайненеге дуба кеткен.Келинди коргондо кайнап чыгат.Темага келе турган болсок куйооно айтып кой тыйып коет карындашын.
Кайын энен мн урушпа.Сабыр кыл баарында эле ошондой жашоо.Жашоо озу кыйын нерсе экен.Жашады дегени эле болбосо ото татаал экен эх.
#13 28 Февраль 2017 - 01:44
Кызыкго бир ооз сурап алыш керек да.Не келин адам эмес бекен тооба ушундайды коруп жакамы кармайм.Келин жаман эмес, келген жери жаман дейби эле.Баары ошодон коз каранды.Бизди бир да буюмума тийбейт.Кайра бул келинимки эле деп бекитип коёт келгенде берет мага алтын кайненем бар экен.Автор сандыка салып култап койунуз керегин.
[color="blue"]Салам[\
blue]
#14 28 Февраль 2017 - 02:19
Кызык эле экен бироонун буюмуна кантип тийет? Озуно эле айтсанар болмок уяткарып. Биз уйго бир жылда бир барабыз буюмдар кандай койуп кеткен болсом ошол бойдон турат, кайненем комнатага кирип чандарын сурткону болбосо. Ата эненин тарбиясынан.
#15 28 Февраль 2017 - 08:58
Ээ менде деле ошол.Бир нерсе десен капа болуп калабы деп унчуга албайсын.Мен айылга кеткенде кийимдерим бери жакта турсун,ич кийимдериме чейин тытылып,чукуланган болот.Кайненеме айтайын десем баары бир кызын актайт да.Илгери мынтчу элек биз деп койсо уят болосун.Эч кимге деле айтпайм.
#16 28 Февраль 2017 - 09:06
Баары эле ошо келиндин буюмдарын чукулашат аларга келин адам эместей сезилеби не баля.
#17 28 Февраль 2017 - 12:33
Бош келбегиле, ашырып жибербегиле келиндер, озунордон кетпесе болгону бетине эле айтып туура кыласынар, ар ким оз кийимин кийсин.
#20 28 Февраль 2017 - 12:58
nargis (28 Февраль 2017 - 19:33) жазган:
Бош келбегиле, ашырып жибербегиле келиндер, озунордон кетпесе болгону бетине эле айтып туура кыласынар, ар ким оз кийимин кийсин.
Бетке айталбагандардын шору экен да анда ээ?Олуп кетсинчи деп сооротом озумду.Тарбия, мээси болсо кылат беле ошону деп..
Бироонун кийиминен жийиркенем дегенде деле айталбайм мен.