үй ээси деген ким? тренерлерби?
Спорт жаңылыктары Акыркы спорт айдыңындагы кызыктуу факттар
#4982 28 February 2017 - 14:54
#4983 01 March 2017 - 01:30
Вильярреалдын дарбазачысы,
Реал мадрид менен болгон оюнда, тизесинен жарака кетип, жаракат алып, 6 ай оюнга чыга албайт. Значеть эмки сезондо ойнойт экенда!
#4984 01 March 2017 - 14:31
Болейщиктердин айтуусу боюнча, Чичарито Бундеслиганын февраль айындагы мыкты оюнчу болуптур
#
Forca
#Barca#
#4987 02 March 2017 - 20:04
Андреа Белоттинин Серия А да:
✅ 23 оюн
✅ 19 гол
✅ 3 ассист
✅ 23 оюн
✅ 19 гол
✅ 3 ассист
#
Forca
#Barca#
#4988 03 March 2017 - 18:55
“Алай” Бишкекте “Дордойду” жеңип, өз тарыхында алгачкы ирет өлкөнүн суперкубогун жеңди
Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаарында футбол боюнча өлкөнүн суперкубогу үчүн беттеш болуп өттү. Анда өлкө чемпиону "Алай" (Ош) менен өлкө кубогунун ээси "Дордой" (Бишкек) беттешти.
Оюндун эсебин биринчи таймда “Алай” футболчусу Акрам Умаров ачты. Экинчи бөлүктө Модибо Сидибе жана Алиа Силланын аракеттери менен “Алай” ири эсепте жеңишке ээ болду. Финалдык ышкырык 4:1 эсебин каттады. Муну менен “Алай” өз тарыхында алгачкы ирет өлкө суперкубогун жеңип алды.
Кошумчалай кетсек, суперкубок үчүн беттеш 2011-жылдан тарта уюштурулуп келет. Бүгүнкү күнгө чейин аталган кубокту кочкор-аталык "Нефтичи" (2011-жылы) жана бишкектик "Дордой" (2012, 2013, 2014) ута алган. Канттын “Абдыш-Ата” командасы 2016-жылы уткан.

#4989 03 March 2017 - 18:57
Алайдын АКга болгон даярдыгы начар эмес, буюрса 14-мартта да ушундай ири эсепте утат деп ойлойм Алтын Асыр командасын!
!!
#4993 05 March 2017 - 09:52
Бүгүн, Ктрк Спорт каналы Дордой-Алай беттешин кайталап алып берет эке
#
Forca
#Barca#
#4994 06 March 2017 - 15:24
Мусса Дембеле «Селтик» үчүн, акыркы 6 оюнда 12 гол сайып коюптур. Селтиктин темасы жок ушул жерге жазууга туура келди
#
Forca
#Barca#
#4995 12 March 2017 - 00:05
9-10-март күндөрү өткөрүлгөн футзал боюнча Жалал-Абад лигасынын 15-чи жыйынтыктоочу турунда лиганын жеңүүчү командасы аныкталды.
Чемпиондук үчүн эки командага 3 упай кызуу талашка түштү. Финалга тете өткөн Легион-РТС командалары ортосундагы оюн күтүлгөндөй драмматикалык көрүнүшкө ээ болду. Оюндагы эсепти РТС командасынын оюнчулары ачышты. Оюндун башталышында киргизилген бул гол, оюндун өтө татаал жана тез өтүшүнө себеп болду десек болот.
1-тайм 2:3 эсеби менен РТС пайдасына
аяктады. Бирок, оюндун 2-бөлүгүндө
Легион командасы алдыга умтулду жана 2 топ киргизип эсепте 1-чи болуп алдыга чыгып алышты. Албетте, бул эсептен канааттанбаган РТС оюнун күчөттү жана эсепти теңеп алганга жетишти — 4:4. Оюн аягында Легион командасы дагы 2 жолу алдыга озуп кетти жана 6:5 эесеби менен жеңишке жетти.
Голдор:
Легион; Алимов Максат(2),Адешимов Азамат,Тойчубай у Шерзат,Рахманкулов Зайнобидин(2)
РТС;Тойчиев Өткүр,Ахметов Марат,Исмаилов Хамидилло(2) Исмаилов Нурилло.

#4999 15 March 2017 - 22:19
ЖАҢЫЛЫКТАР
Балотелли: «Барселонага» өтөйүнбү? Мен «кыздар» менен ойнобойм image
Белгилүү футболчу Марио Балотелли бир нече жыл илгери журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан айрым сөздөрүн чогулттук. Кээ бир цитататаларын социалдык аккаунттуна да жазып чыккан.
«Барселонага» өтөйүнбү? Мен «кыздар» менен ойнобойм.
Дүйнөдөн менден артык бир гана футболчу бар. Ал Роналду. Калгандары менден кийин турат.
Сильвио Берлускони айтат, эң таланттуу оюнчу Антонио Кассано деп. Минтип айтуу менен Берлускони тамашалаган. Же Балотеллинин бар экенин билбейт.
Моуринью-эң мыкты машыктыруучулардын бири. Бирок ал башкаларга жакшы мамиле кылышы үчүн, адамгерчиликтүү сапаттарга ээ болушу керек.
Күйөрмандарым мен жөнүндө ырдап жатканда, жан дүйнөмдө жылуулукту сезем. Жүзүмдөн жылмаю көрүнбөсө да, ал нерсе жүрөгүмдө уялайт.
Эмне үчүн мен гол киргизгенде майрамдабайм? Анткени бул менин жумушум. Почтачы дарегине жеткирген каттар үчүн кубанып, майрамдабайт да.
Манчининин айтуусунда, мени ургусу келет. Бирок ал анте албайт. Анткени мен тай бокс менен машыгам.
Бир жолу мени полиция кызматкерлери чөнтөгүмдү текшерип, 5 миң фунт таап алышып, эмне мынча чоң суммадагы акчаны алып жүрөсүң деп сурап калышты. Аларга, анткени мен баймын деп жооп бердим.
Мен жаман бала эмесмин, болгону уялчакмын.
Мени жакындан тааныбаган адам акылсыз деп ойлойт.
Өзүмдүн үйүмдү өрттөгөн эмесмин. Биринчиден петардуну мен күйгүзгөн жокмун. Экинчиден, үйүм эмес, дааратканам гана күйгөн.
Журналисттер чектен ашып кетсе эмне кылуу керек? Аларды «өлтүрүү» керек.
#5000 15 March 2017 - 22:26
Манчининин айтуусунда, мени ургусу келет. Бирок ал анте албайт. Анткени мен тай бокс менен машыгам.
Өзүмдүн үйүмдү өрттөгөн эмесмин. Биринчиден петардуну мен күйгүзгөн жокмун. Экинчиден, үйүм эмес, дааратканам гана күйгөн.
Ха ха го, Бир убакта Ман ситиде ойноп жургон убакта Манчининин да жинине тийген экенда.)

Супер-Инфо
super.kg
видео