Ата жонундо жазсам анда окурмандар соз бутпойт. А менин атам жонундо айта турган болсом бир омур айтып жеткире албайм. Ал менин эле эмес элдин да атасы болчу... болгон....болду.
.. Сыртка чыксам байкемдин ыйлаган сыяктуу турун кордум. Ал жон ыйлабайт эле. Ал баарын билген. Ал озу дарыгер. Эч кандай мумкунчулук жок экенине козу жетип ары бери басып журду. Терезени тиктеген боюнча артынан келген мага
-Эгер дагы бир мумкунчулук берилсе атамдын жанынан эч кайда чыкпайт элем.
Унчукпадым.
Тек гана байлыгын, бийлигин, билимин.... деги койчу эч нерсе ажалдын колунан сууруп ала албасын тушунуп турдум. Ыйладым, сыздадым. Атам бизди таштап кете берди. Жашоодо бир гана чындык бар экен. Олум. Анткени биз эртен кандай кунду коруп, ким болуп, кандай шартта ким менен эмне ичээрибиз белгисиз. А ажал созсуз келээри чындык.
Күтүү...
#664 05 Март 2017 - 01:38
Атам уйдун куту болчу. Муздак, боштук. Апамды аядым. Атам экоонун бирге жашаганына отуз сегиз жыл болуптур. Апакемди тушунуп турганым менен колумдан эч нерсе келбейт. Арадан бат эле бир жумадай отту. Ал ортодо байкемдин эгиз уулдары жарыкка келди. Мен апамды жалгыз таштагым келбей журдум. Байкем он беш кундон кийин ишине чакырып кеткен. Ал Американын жараны. Жумушуна барууга миллеттуу. Апама Сумати, балдар жонундо айттык. Эн окунучтуусу атам билбей кетти. Кызык, деги жашоого неге келебиз? Качандыр бир кезде отуп кеткен жакындарыбызга жолугат бекенбиз?
Билдирүүнү түзөткөн: aikera1992: 05 Март 2017 - 01:39
#665 05 Март 2017 - 01:54
Атамдын кыркын откорууго даярданып жатканбыз. Кара кийинип отурган апамды карап ичим ачышып, сыздап кетем. Эжем жанында айланчыктап журот. Эжем ото токтоо жана олуттуу. Турмушка он сегиз жашында чыгып негедир бизден оолак болуп калган ондуу. Апам кадимкидей картая тушту. Кечке маал кызмат кылып жургон женелерибиздин бири чуркап кирди
-Ай, сыртка чыксанарчы Эрмек келди окшойт.
Келмек байкем билгенбиз. Бирок жанындагы Индус киши, орто жашап калган аял, колдорунда бирден ымыркай, Сумати жана чуркап калган байкеме куюп койгондой окшош балакай. Апам алардын ким экенин билип турса да, апкаарып алган. Озунлорунун улуттук кийимин кие алдына келип чоголоп, апамдын бутуна колун тийгизе таазим кылып урган Суматини карай ыйлап турду. Баарыбыз ыйлап жаттык... бул эмненин коз жашы экени белгисиз, кубанычтыкыбы же.... ыйлап жаттык.

#666 05 Март 2017 - 02:13
Келди байкем. Суматиге апам ак жоолугун сала батасын берип кабыл алды. Ананчы балканактай уч уул тороп берген келинин кантип кабыл албайт. Жанындагы келген куда кудагыйлар экен. Мусулмандар экен. Кадимкидей куран окушат. Ото карапайым ошол эле учурда абдан маданияттуу жана экоо тен дарыгер адамдар экен. Эки кун журуп андан ары учуп кетишти. Сумати бир жума журду байкем менен. Абдан аракетчил, тартиптуу, ыймандуу айым. Эн башкысы байкемди жакшы коруп, айланчыктап сыйлап турганында.
Балдарынын уулусунун аты Али экен. Кийинкилерин Иса Муса деп коюшту. Апам ымыркайларды карап ичи эзиле журот. Али апама тез эле конуп кетти. Жашоо, турмуш демекчи. Бири кетсе экинчиси келет. Омур кыска. Ушул кыска омурдо бири бирибизди сыйлап, таарынтсак кечирим сурап, жакшы создорубузду аябайлы. Антпесе адам омуру жылт деп отуп кетет экен. Болбогон, арзыбаган нерселерге журок оорутуп кереги жок. Колумдагы атамдын суротун карап, жанымдагы Иса менен Мусаны бир карап жашоо ушул экоонун ортосундагы ирмем. Бул аз убакыт сезе билгенге чексиз мейкиндик, бакыт. А сезбегендерге жашоо арман, азап. Тируулукто билгеним бири бирибизди жон гана сыйлоо.
#667 05 Март 2017 - 02:33
Айкера, атанын жаткан жери жайлуу болуп, Аллах бейиштин торунон насип эткен болсун. Жашоо ушундай экен, бугун барбыз эртен жокпуз дегендей. Ар дайым сабыр кыл.
#668 05 Март 2017 - 02:52
Мен эми апамдын жанынан эч кайда чыкпайм. Мага берген тируулуктун бейишин омур бою алаканыма салып отом. Байкем кете албай бир топ убараланды.
Аны байкаган апам
"Балам, адам бир келген жашоого бактылуу болууга милдеттуу. Сенин бактынды коруп, мен кантип жолтоо болом? Демек мен да бактылуумун. Бат баттан келип тургула." деп анан батасын берип узатты. Ооба, адам кайда ким менен болбосун бактылуу болсо жетиштуу.
Бир аз жыйналып алган сон, болмомдо буюмдардын арасында басылып калган Азиздин баягы берип жиберген кутусуна козум чалды. Уялып да кеттим. Тээ океандын ары жагынан бери алып келип, бир кадам калганда таштап койгонума. Берилген номерге чалып, айтылган дарек боюнча жеткирип бердим. Орто жаштагы аял тосуп алды. Кутуну берип жатсам
- Азиз кандай журот? Салам айта бар барсан. Садаган болоюн. Мына биз мынтип журобуз. Чоноюп атабыз.
Ары жакта ойноп жаткан уч торт жаштагы суйкумдуу эки кызды жансай суйлоду. Биринин тили так чыгып калса, экинчиси басып калыптыр. Бойтоюп мени тиктеп туруп калышты. Чонураагы
- Мен Азиздин кызымын, атама салам айтыныз э? садике байатам, каса жеп атам айтыныз э?
-Макул айтам жожо, атын ким?
- Йайана, сиздикичи?
-Раяна деп атканы деп ары жакта дасторкон жайып жаткан чон энеси ун катты.
Кичинеси эч нерсе менен иши жок ойноп жатты. Мынчалык суйкумдуу кыздар. Коз тийбесин деп жаттым ичимден. Ангыча чон эне чайга чакырды. Шашып жаткам, бирок бутум озунон озу тартылып ашканага жонодум. Эки мончоктой кыз Азиздин кыздары экен. Алардын апасы тороттон каза болуп калганын укканда, олумдон чындап коркуп кеттим. Денемди майда калтырак басып, демим кысылып чыкты. Жаныма келип, жасалгаланган тырмактарымды кармалап кызыга караган Раяна чон апасына
- Энеке менин апамдын да тыймактайы кооз э?
-Ооба, садаган болоюн. Апан жакында келет.
Козумдон жаш токтобой калды. Артка имерип, билгизбегенге аракет кыла чон энеден сурадым.
- Аа... кыздар апасын кутуп журушобу?
Чон эне Раянаны башка болмого жиберип
-Кызым келиним Раяна эки жашында Аянанын торотундо кете берди. Бойроктору которо албай. Давлениеси тушуп...
Мукактана андан ары
- Раянанын анча мынча эсинде калса керек апасы. Оозунан тушурбойт. Аяна эки жаштан ашып калды.
Кыскасы Азиздин кысы Аяна туубаса журок оору менен торолуптур. Ошондуктан чет жерде иштеп журуптур. Баягы эле акча да. Операцияга акча. Ото коп акча. Албетте дарыгерлерге. Корсо, Азизтин байкемди издеп келгени ушундан экен.
Коп отпой шашпай аккан Делавердин жанында турдум. Жанымда Азиз. Менин жумушумдан чыгып, керектуу документтеримди алуу учун келгенимди байкемден угуп келиптир.
- Туура кыласын.

#669 05 Март 2017 - 03:03
-Туура кыласын. Мен сенин ордунда болсом Кыргызстанда апамдын жанынан жарым карыш чыкпайт элем. Кет, сага бул жакта орун жок.
-Сен да эртерээк кайтып кел.
-Бирок ... Элдана сен жакшы адамсын. Сени менен коштошуу мынчалык оор болоорун билген эмесмин.
-....
-Менин журогум муздап калган, таш боорго айланып кетемби деп коркуп жургом.... Сен..
Копко унчукпай турду.
-Анан?
-Балким бул мистикага ишенбесен керек э? Мумкун сенин жардамына муктаж болуп жатканымдан айтып жатат деп да ойлогун мумкун. Айтайын дегеним сени менен таанышкан куну тундо кыздарымдын апасы тушумо кирип, " Сакта, аны Элдананы кое бербе! " дегендей ишарат кылды. Буга чейин бир да жолу тушумо кирген эмес.

#670 05 Март 2017 - 03:12
-Мен тушко ишенем. А сен мени неге кое берип жатасын?
Азиз мени тушунбогондой тиктеп калды.
Чыдамым кете
- Азиз сен мени жактырасын билем, сен дагы мага жагасын. Кыскасы мен сага турмушка чыгам. Кеттик Кыргызстанга. Менде акча бар. Байкем суйлошуп берет. Аянаны дарылатабыз. Раяна апасын кутуп атат. Сен мени алышын керек.
Азиз мени тиктеп турду. Жинди кишини тиктегендей карайт.
Балким сен жолукпагандаганда иш, уй, иш деп журо берет белем.

#671 05 Март 2017 - 03:22
Мына ушундай окурман. Биз канча аракет кылып бактыбызды кутконубуз менен жараткан буюрган адамга жолугабыз. Кыздарым Раяна, Аяна жараткандын мага берген чексиз белеги. Аяна операциядан ийгиликтуу чыкты. Учурда Москвадан дарылануу курсунан отуп атат. А мен жанында. Атабыз Бишкекте. Аянанын мени кучактай " Апоооу" дегенинен эзилип кетем го. Жашоодо бакыт бар. Аны издеп убара болбосок кудайым созсуз берет экен. Болгону чыдамкайлык,
сабыр, кутуу керек КУТУУ...
Билдирүүнү түзөткөн: aikera1992: 05 Март 2017 - 03:23
#672 05 Март 2017 - 03:25
Баса, унутуп калган турбаймынбы ))) Баарыныздардын жан эргиткен, кейиткен билдируулорунузго терен ыраазычылык.
Аяктадым.
#674 05 Март 2017 - 03:52
чыгармабы чындыкпы мага жакты. аягы дагы сонун. кутконго конуп калдык эле. Не болсо да бактылу бол. Кутуп окудум аягында ким менен болсо бакыт кушун кармаш керек экенин тируулукто сый болуп бирибиринди баалай бил байлыгын артта калат жашоо кыска дегендей маани бергенинди тушундум. рахмат сага эргуу алдым жазганындан.
жазып тур жоголбой
#675 05 Март 2017 - 04:41
Эки кыздын апасын жоктотпой эне болуп калганынарга абдан кубандым. Мындан ары бактылуу болгула. Баштан откос окуяны жеткиликтуу кылып жазганынарга рахмат.
#676 05 Март 2017 - 04:56
Ушул элеби кутконубуз:
-) Бактылуу болунуз! Амир менен Кайрат эмне болду экен э?
#677 05 Март 2017 - 05:26
Азаматсыз автор, чечкиндуулук кылыпсыз, эн жакшы чечим, бактылуу болунуз. Бул башыныздан откон окуя эмей эле чыгармадай го кээ бир жерлери дал келбей калды, бирок мага чыгармабы Басып откон жолунузбу мааниси жок, эн сонун жазылган.
#678 05 Март 2017 - 05:43
Эки кызга мээриминди бергенин озу эле чон бакыт деп сездим.
Аллахым озуно да бала берсин.Эки дуйно бактылуулук тилейм кызым...
Аллахым озуно да бала берсин.Эки дуйно бактылуулук тилейм кызым...
#680 05 Март 2017 - 07:58
Сонун болуптур.Кино тартса болчудай.Азизге озунунз"предложение"
кылганыныз жакты)Сын Адам оз бактысы у чун курошкон эрдик да

Ишиң жок болсо да,максатың болсун!