Respect. (10 Февраль 2017 - 21:35) жазган:
Кулактын дарысы
Бир абышка теңтушуна арыз-арманын айтат: "Ээ, теңтуш, кемпирдин кулагы болбой калды, догдур-согдурга көрсөтпөсөк болбойт окшойт" -дейт. Теңтушу: "Ой!
Аны догдурга көрсөтүп эмне кыласың. Аларың акчаны куруткандан башка эч нерсеге
жарабайт. Андан көрө кыргызча эле дарылабайсыңбы? " -дейт.
Абышка: "Кыргызча дагы дарыласа болобу? Сенин бир
бирлигиң бар э? Анда айтчы билгениңди? "-деп шаштырат, сүйүнүп кеткен абышка. Теңтушу: "Алгач, жыйырма метр аралыктан сүйлөп көр. Эгер укпаса, беш метр жакындап сүйлө. Анда да укпаса дагы жакында. Ошентип канча аралыкта
угарын билип алсаң болот. Калганын анан көрө жатарбыз" -дейт. Абышка үйүнө келсе кемпири очок жакта бир нерсе кылып жүрүптүр. Жыйырма метрдей аралыктан: "Кемпир! Эмне тамак жасап жатасың?" -дейт. Кемпири унчукпайт. Бир аз жакындап, дагы сүйлөйт. Кемпири дагы деле унчукпайт. Абышка дагы жакындайт. Ошентип кемпиринин жанына келип: "Кемпир! Эмне тамак жасап жатасың? -деп кыйкырса, кемпири ачууланып: "Ой! Жанатан бери беш жолу айттымго! Тоок бышырып жатам" -дептир.
Албетте, бул жөнөкөй бир икая. Бирок, мындан алына турган өзгөчө сабак бар. Учурда адамдардын көбү өзүнүн айыбын билбей, башкаларга сын такканды
адатка айлантып алышкан. Бул өтө өкүнүчтүү нерсе.
