Кайра баргым келген жок. Башка иш деле караштврсам тапмакмын бирок не убактылуу иштесем кылым кыйшайып да калбайт ишке жонодум. Баягыдай иш башталат. Кутконум Луиза болду. Ана не рахмат дейинби? антпейм. Болгону кайсы теке сузду аны мени жумушка мынча алдырткыдай.
Билгеним шефке мени алуусун сураптыр. Шеф да кызык неме экен. кайдагы бироонун айтканын аткарып. Фишка эмес балакет болсо да мен анын айтканын уруп да ойнобойт болчум. Бул жерде мага баарыбир дечи ар ким озунун казанында кайнай берсин а мен кредитимден кутулсам болду. Экинчи кредит албайм
Сөлөкөт Агарган таң, жаңы үмүт, кайталанган жашоо...
#22 13 Март 2017 - 04:41
Луиза келген жок. Ошол бойдон эки айча жок болду. Шефтен сурайын деп сураган жокмун. агенттен карасам онлайн. Ээ бул ж...п дагы бироо менен журот да дегиче болбой салам деп жазып жибериптир
мен да кандай деп койдум
- иштеп жатасынбы дейт
- оа а сенчи
-не сенчи?
- эми иштеп жатасынбы жумушун кандай болуп жатат айлык жакшы чыгып атабы кардарларын коп элеби? иштеп ал убакытты пайдаланып
мен да кандай деп койдум
- иштеп жатасынбы дейт
- оа а сенчи
-не сенчи?
- эми иштеп жатасынбы жумушун кандай болуп жатат айлык жакшы чыгып атабы кардарларын коп элеби? иштеп ал убакытты пайдаланып
Билдирүүнү түзөткөн: diamond1111: 13 Март 2017 - 04:43
#28 21 Март 2017 - 06:15
Кыскасы аны менен агенттен суйлошсом да жинимди аран басып турдум. Дагы бир нерселерди жазымыш болуп аткан, окугум келген жок. Агенттен чыгып, телефонумду будильникке коюп, зарядка сайып, жатып алдым. Козум илинип кетиптир. Бир убакта смс келди. Уйку соом менен ачсам " Бейпил тун, жакшы эс ал" . Кулкум келе баш чайкадым. Кимден келгенин билип турсам да, смсти дароо очурдум. Анын номерин сактап алып, шайтан азгырып бир балээ болбосун дедим. Эртеси жумуш. Бул жолу Луизаны демейде жандап келчу кардары жок, озу жалгыз келди. Жаны кардар издеп келди. Адамдардын кийимине конул бурбайм деле бирок Луизанын кудум журналдын сыртына чыкчудай чекчейип кийингени мени эле эмес башкаларды да моюну буралып калгыча каратат. Албетте акча бар бирок табити укмуш. Ал кийген койнокторду Голливудтун да анча мынча жылдыздары жараштырып кие албайт. Келгендердин баары аны тиктегенге конгон. Ага болсо баарыбир болчу. Бир убакта официант жигит келди, сизди Луиза чакырып жатат деп. Не керек экен десем, билбейм дегендей ийинин куушурат. Ал эми кардар да. Жанына барсам кылыктанып ар нерсени суйлойт. Ток этээр маселеси жок экенин тушунуп бурулуп кеттим. Бул сулуу мени акыркы кундору кыжырымды эле келтирбестен жинимди кайнатып баратат. Бир куну жаакка эмес кадимкидей эсине келтире жедирип биротоло жумуштан чыгып, анын устуно тергоочунун жанында сурак берип отурбасам болду.
тундор келет. Конул ачкан кардарлар. Луиза коп келбей калды. Кадимкидей кутуп калабыз. Ошол бойдон келбеди. Агенттен карап коем. Мага болгону дайымкы кардарлар Луизаны сураганы тажатып жиберди. Кээ бирине турмушка чыгыптыр деп кутцлам. Кызыгы акыркы кундору жумушка кадимки биз таанып, билип жургон адамдардын жардамчылары келип шеф сурап жатат дегенде заманан менен дейсин

#29 21 Март 2017 - 06:21
кийинки кундору анентке коп кирбей калдык. Андан башка кызыктуу программалар чыкпадыбы. Арадан бир жылданашык убак отуп телефонумду чукулап отуруп Луиза деп сакталган телефон номерди таап алдым. Кызык бул номерди мен сактаган эмесмин. Деги Луиза деген эч бир таанышым да жок. Болгону бирооеу гана тааныйм. ал болушу мумкун эмес. кыскасы бул номер кайдан журот?
#30 21 Март 2017 - 14:20
Өзү иштеткен телде сакталып турса билбеген .бирөөгө чаларда күндө окуйсуң го негизи контактагыларды
#36 29 Март 2017 - 23:13
Андай сулууларды коргондо эркектер болбой калышат го карашып. Менимче, автор ал кызга приставать этип, бетине шапалак жеп иштен айдалган.
#38 31 Март 2017 - 15:10
Телефонумдагы номерди карап копко отурдум. Мен Луизанын келечегин элестете албайм. Эээ озуно озу кылат да деп койдум. Кундор откон сайын телефонумдагы анын сакталган номерин карап аны ойлоп коем. Коп отпой жаны жумушка кирдим. Жаш специалист болгондуктан айлыгым азырынча аз. Соц. тармакта, эл менен иштейм. бир куну бир апа келди жумушка. Жашы жетимиштерден отуп калыптыр. Колунда тиешелуу документтер менен кыскасы уйун уулуна эмес келинине каттатам, келиниме белек болсун дейт.Бишкектин борбордук болугундо уч болмолуу квартирасы бар экен.
-Уулунуз капа болбойбу? деп сурап алдым. Кабагын туйо шашпай элесинби? деп сурап алып, апап эки саат бою божурап мандайымда отурду.
Кыскасы жалгыз уулу бар экен. Эч нерседен кем кылбай остуруптур. Окутуптур, уйлонтуптур. Козун карап эрке остургонго эси болсо керек. Конул ачканга жакын болуп, кочо таптап, келинчегин уйго отургузуп коюп уйго тунобой кетчу экен. Аялын соз суйлотпой тыпыратып сабап жатып калат. Байкуштун эки жолу боюнан тушуп, акыры торкунуно кетип калыптыр. Байкуш эне 65 жашка толуп, туулган кунун эски кесиптештери менен уйдо белгилеп жатса, кызуу болуп келген уулуна меймандар кеп кенешин айтса, алар менен урушуп, баарын уйдон кууп чыгат. Ызаланган апасы баласын муштап, жаакка чаап эсине келтиргенге аракет кылса, баласы эсине келмек турсун апасына кол которуп, чаап да эмес, мас абалында аябай сабап салат. Апанын эки кабыргасы сынып кеткен экен. Дарыгерлер уйдон келип карап, жатуусун айтып кетет. Тогуз толгоо бир келет дегендей кабыргасы бутпой, анын артынан дагы башка кеселдер келе берет. Буту шишип ордунан турушу азап болот. Баласы карамак тугул уйго да келбей калат. Эми олсом олоормун деген эне жаткан жерине заара кылып жата берет. Кунуго эптеп курсак тойгузуп, кечинде олуп калуусун тилеп, эртен менен козун ачат. Бойрогу да ооруса керек буту шишигенинен заарасын токтото албай калат. Кызыгы апанын пенсиясы жакындаганда бала кургур пайда болот. Эненин акчасын алып жок болот. Апа олумдун азыр келбесин билип, карылар уйуно кетууго камына баштайт.

#40 31 Март 2017 - 15:17
бирок кимге кайрылаарын билбейт. Пенсия жеткирип келген почточунун келишин кутот. Апа аз бир тууган экен, агасы каза болгон. Анын балдары женеси апа менен иши да жок. Куйоосу жаш кезинде каза болуп калган экен. Омур бою эсепчи болуп иштеп пенсияны жакшы алчу экен. Бир куну тундо баласы мас болуп уйго келет жалгыз эмес. Жанына бир кызды ээрчитип.