Достор бошобой жатам такыр, бошогондо жазам
Чоң энеме кат Чоң энеме кат
#23 13 March 2017 - 10:30
#24 13 March 2017 - 10:55
Адамдарга кадыр-барк, байлык, өзүн өзү көрсөтүү, курулай намыс түбөлүк жабышып алгандай. Жөнөкөй үй бүлөөнүн кызына үйлөнгөн балаңызды кошо эзип, бир ишти кылбай койгон апамды атама бат эле жамандап, бара бара үйдө уруш көп болуп акыры ажырашууга апарган тура. Ошентип жашоодон көп кыйынчылык көрдүк апам байкуш бизди ээрчитип батирме батир жүрдү иним торолгуча тайнем биз менен кошо болду. О ал күндөр кандай азап эле, кыштын узун түндөрү печкага ойлонуп ойуна жетпей шылдыраган ничке колдору менен семичка кууруп ойлуу отурган апамды жууркандын ичинде ичим эзилип, ич ичимен ыйлап ошол балалык кезимде кудай менен жолугушууну кыялданчумун.
Бизге бир үй, көөп тамак-аш, апама, иниме мага кийим анан апамын жүзүнө бакыттын нурун суранчумун апамдын көзүндөгү муң-кайгыны айдап салып ага бакыттын көпүрөсүн кургум келчү. Бир ажыраштым башка турмуш курбайм ушул эки баламды эрезеге жеткирем, таш көтөрүп болсо да багам деген апам сөзүнө туруп канчалаган гана азап менен бизди чоңойтуп жатты, а ал убакта чоң энем балама кыз алперем деген сөзүн карманып жыл айланбай өзүнүн көңүлүнө толгон атам менен бир кеңешпей кату туруп жаш кызга үйлөнтүп койуптур.
#25 13 March 2017 - 11:15
Биздин тирүүлөй жетим балалыгыбыз муң менен өтүп жатса да үйдө эмнегедир бир жылуулук бар болуучу, ушул балдарым ачка калбаса экен, тең туштарынын арасында өксүнүп калбаса экен, дептер калеми жок болуп эжейинен уруш угуп калбаса экен, бирөөлөр атам деп сүйлөгөндө көөдөнү бошошуп калбаса экен деп таңдан кечке биз деп соккон жүрөктүн ээси -эне жүрөгү жылуулук берип турчу. Апамын көргөн азабын көз менен көрсөмда өзүнүн жүрөгү сезгендей сезе албасмын, өзү канчалык эзилсе да бизге билдирбегенге аракет кылып тескерисинче жаман жакшыдан коруп канатына калкалап мектептеги үй тапшырмаларыма жардам берип, чогулуштардан калбай, мектептеги ар бир майрамдагы шан шөөкөттөргө катыштырып маңдай тер менен тапкан акчасын бизге гана коротуп биздин балалыгыбызды шаңга бөлөп туруучу. Мектепте канча акча топтомой, чай питьелор болсо да биринчи менин тамагым даяр, биринчи менин акчам даяр болчу. Атасы жок артта калды деген сөздөн арданчубу же ата энеси барлардан кем калбасын дечүбү айтор,
апам биздин көңүлүбүздү түшүрбөгөнгө аракет жасачу. Алда апам ай, тагдыр беле же ушундай биттин ичегесине кан куйган кайнене сизге гана буйруду бекен.. сизди адам санынан чыгарганы аз келгенсип бизди да тагдырдын сыноосуна салып өзүнүн ханышадай болуп жашаган ширин жашоосун улап өз канынан
уулунун бото көз наристелерин кең талаа, эрме чөл, чаң жолго таштап өз турмушунда эч нерседен каамырабай ширин жашоосун улап кете берди. Балага жетпей канча жан жүрсө чоң энемин атама айтчу "КАТЫН ЖОЛДО, БАЛА БЕЛДЕ "деген сөзү гимндей үйдө ар дайым жыңырчу экен.
#27 14 March 2017 - 10:26
Ар бир адамга эне -ыйык, эне-улук. Мен үчүн апам баа жеткис, кол жеткис асман. Атам да апасы үчүн сүйүп үйлөнгөн жары бешиктен бели чыга элек мени, ай ааламга келе элек курсактагы канчалаган түгөйлөр зар какшап жете албай жүргөн чүрпөсүнөн баш тартты. Жашоо ушундай экен. Эненин айткан сөзүн баардык эле бала туура көрөт, үйлөнгөндөн кийин аялын жаман дей берсе балада аялына болгон иренжүү пайда болуп, аралары алыстап уруш талаш көбөйгөнү ошондон. Мен акылыма бир аз кирип чоңойгон сайын эмнеге биз атам сиз иним болуп бактылуу чогу бир үйдө жашабайбыз деп көп сурачу болдум. Мейли атам каза болуп калса анда айла жок эле, атам тирүүго. Мен апамды ай ааламга теңебей мактайм менимче баарыбызда деле ушул көрүнүш. Апам көз жаш кылып баарына мен күнөөлүмүн дебейт, ар дайым болгонун болгон айтат бизге. Атам экөөнүн ажырашуусунун себеби түздөн түз чоң энем жана анын кыздары (эжемдер, эже дегенге да оозум барбайт )экенин ар дайым айтат. Чоң энем курсагыңдагы балан аман эсен чоңойсо ата уругун өзу таап келип алат деген экен. Төрөлө элек наристени өзү ата уругунан кууп жиберип, камырабай кайра таап келет чоңойгондо дегенин чоң энем эле эмес көптөгөн чоң энелер айтканын көп уктум. Жалганбы бул турмуштун ачуу чындыгы, бала чоңойуп таап баргычакты ал чүрпөнүн тагдырын бир да ата журту ойлобойт, бала энеден гана төрөлүп калгансып
#30 14 March 2017 - 15:37
эххх,акыретти ойлобогон пенделербиз го,кыямат куну кантип жооп береер экенбиз
Всё к лучшему!
#31 14 March 2017 - 19:55
Ошентип тирүүлөй жетим калып апам бизге күйүп турган шам болуп, өзү күйсө да бизге жарык берип бизди чоңойтуп жатты.
Эсимде анда 3-класс болчумун туулган күнүм эле, мектептен келе жатсам апам дүкөндө туруптур чуркап жанына бардым үйгө кирип тур азыр деди. Макул деп үйгө кирип кийимдеримди которуп олтурсам апам кирип келди туулган күнүн менен кызым деп бешенемден өөп мен жакшы көргөн көргөн шоколадты берди.
Инимдин талашары белгилүү,&
nbsp; көбүнчө бөлүп жечүбүз бирден алпергени апамдын ар дайым эле чамасы жете берчү эмес. Ошондо аябай сүйүнгөнмүн апамды кучактап жытынан кере жыттап, алтын апам түбөлүк журөгү согуп турса экен чоңойгондо мындан да чоң көп шоколад алперем деп кыялданчумун.
Ошондо апам дүкөндө мага шоколад алперем деп турганда карыз алып жаткан экен мени билип калбасын деп үйгө кире бер дегени ошондон экен. Туулган күнү болуп жатса шүмүрөйүп карыз алып жатканымды билсе кызымын көңүлү сынып калбасын деген экен алда байкуш апам ай. Дүкөнчү карыздарыңыз көбөйүп кетти бербейм дегенинен кызымдын туулган күнү эле сураныч эртен мал базардан түшкөн соодаман берем деп жалдырап ошол мен жакшы көргөн бир даана шоколадты алып берген эле. Ата энеси бар, жашоосу жакшы балдардын туулган күнү азыр кандай отот эх балалык, кадимкидей торт, оюнчуктар, дастаркон толо шириндик тамак аштар ооба шүгүрчүлүк!
<br>
Иним экөөбүз тен мектепке барып каражат мурункудан да көп керек болуп калган, атамы чоң энем бизге жөнөтпөйт болчу барсан катынын менен кайра табышып аласын деп сөзүнө кату туруп атамдын ар бир кадамына сарасеп салып турчу экен. Күнөөсү жок ак никеден жаралган, апасынан башкага кереги жок таш боор чоң энесинин курмандыгы бизди ойлогон эч ким жок болуучу.Албетте кызым деп күйгөн тайнемден башка. Ошентип ал убактарда мал базарга жакын жайгашкан батирлерге көчүп бардык, мал базардагы алып сатарларга керектелүүчү малдын жибин, семечка, лиманад Жалалабадский суу сата баштады апам кой базардан алысырак тагамдын жардамы менен места алып. Эки күн мал базар бейшемби күнү түнү менен падриалга алган жиптерди токуп чыгат байкуш апам, шаардын борборунан суу лимонад алып келет анан арабага салып алып танкы беште мал базарга кетет, бизге жума ишемби күнү дем алыш уйкудан туруп инимди кийиндирип саат 8дерде мен барам апамдын жанында турабыз. Ошондогу апамдын муңдуу көздөрү бизге мээримин төккөн күн сыяктуу нурдуу жүзү азыр да жүрөгүмдө
Иним экөөбүз тен мектепке барып каражат мурункудан да көп керек болуп калган, атамы чоң энем бизге жөнөтпөйт болчу барсан катынын менен кайра табышып аласын деп сөзүнө кату туруп атамдын ар бир кадамына сарасеп салып турчу экен. Күнөөсү жок ак никеден жаралган, апасынан башкага кереги жок таш боор чоң энесинин курмандыгы бизди ойлогон эч ким жок болуучу.Албетте кызым деп күйгөн тайнемден башка. Ошентип ал убактарда мал базарга жакын жайгашкан батирлерге көчүп бардык, мал базардагы алып сатарларга керектелүүчү малдын жибин, семечка, лиманад Жалалабадский суу сата баштады апам кой базардан алысырак тагамдын жардамы менен места алып. Эки күн мал базар бейшемби күнү түнү менен падриалга алган жиптерди токуп чыгат байкуш апам, шаардын борборунан суу лимонад алып келет анан арабага салып алып танкы беште мал базарга кетет, бизге жума ишемби күнү дем алыш уйкудан туруп инимди кийиндирип саат 8дерде мен барам апамдын жанында турабыз. Ошондогу апамдын муңдуу көздөрү бизге мээримин төккөн күн сыяктуу нурдуу жүзү азыр да жүрөгүмдө
#33 14 March 2017 - 20:43
Кадимкидей чыгарма катары жазсам деп баштадым эле, сөз байлыгым бир аз тайкы болуп ойумду бир жерге топтоп жаза албай калып жатам окурмандар бар болсо, туура түшүнөсүздөр деген ойдомун
#35 15 March 2017 - 11:52
Сөз байлыгың тайкы эмес, жакшы эле экен. Жакшы жазып жатасың, катасыз. Элестетип окуп атам, ич дартыңды жүрөгүмдөн өткөзүп. Күттүпбөй жазып турсаң эле болду...
#36 15 March 2017 - 13:12
#37 15 March 2017 - 14:57
Ошентип биздин тага журттагы жашообуз уланып жатты, апамын кийим сатып алганга чамасы жетпегенине байланыштуу эже-сиңдилеринин эскисин кийер эле, биз да туугандардын эски кийимдерин кийчүбүз 1-класстын жаңы босогосун аттаар жылы борбордо жашаган тайкемдин кызынын эски юпка жана туфлиси келген мага жаңыдай туюлган таза, жарашыктуу апам байкуш өзүнө түзүгүрөөк байпак алып кие албаса да мени ээрчитип алып калган мектерке кийчү кийимдерди алып бергени бүгүн күнкүдөй эсимде. Тайнем байкуш үйүнөн сүт, каймак, нан, айран алып келет пенсиясынын бир бөлүгүн апама берет кичине жардам болсун деп. Үйгө керектүү продукты кылганга апам бизди ээрчитип алчу карап калганы үйдө эч ким жок. Курсагыбыз ачканда эн арзан деген чайканаларга кирчүбүз ошондо апам менин курсагым ток деп бизге тамак аш алып берип өзү карандай чай ичип карап отурчу, бала экенбиз курсагыбыз тойгонуна сүйүнүп апамын чын эле курсагы ток экен деп ойлочубуз.
#38 15 March 2017 - 15:40
(Чоң энем атама бардар, өзүнүн бир институтта окуп жаткан кызын алып берем деп жүргөндө, атам менен апам таанышып калышып бири бирин жактырышып чоң энемдин каршы болгонуна карабай апамы алып барып алган экен. ) Апам байкуш барган жерде тынып калайын деп канча аракет кылбасын, чоң энем аны койбоптур. Ар нерсени артынан ээрчип сүйлөп, бир да тыным албай кош бойлуу кезинде да эркектин да аялдын да ишин кылып жатса да кылдан кыйкым таап туруптур. Биз кыргыздардын канына сиңген менталитетибиз ушул экен КЕЛИН -бул кул, оорубаш керек, бир саамга да бекер турбашы керек бул баардык эле кайненелерге тиешелүү эмес албетте. Кайнене келинди башынан кетиргиси келсе келини төбөсү менен жер казса да аны акыры түбү сөзсүз кетирип тынат. Тескерисинче келини чорко болсо да келин кылып алам десе жаманын жашырып жакшысын ашырат экен. Чоң энем, атамдар бизден 3-4 саат алыскы райондо жашашчу. Бизди көргөнү өзү бир эки жолу келиптир, келгенде да жөн кетпей тайжеңемдери апама каршы кылып жамандап кетчү экен. Эсимде калганы алгачкы жолу 4-классымда келгени мурункуларын эстесемда чала була эстеймин. Майда чүйдө көтөрө келип мени жанына отургузуп алып апамы мага секин жамандай баштаган, балким ошол үчүн эле келгендир. Апан жаман үчүн ушундай жашоону көрүп жатат, силерге чала деди мен сизди тааныбайм кетин деп ыйладым, сырттан апам кирип калды чай көтөрүп дагы деле кайнене деп сыйлап чайын демдеп келгени чыкканда ушуну баштап жибергеничи.
Мен айттым апа бул катын ушинтип жатат деп ыйлап апам аябай ачуусу келди сизди алыс жолдон келди эмнеси болсо да неберелери деп жолугуштурдум десе, эмне мага каяша айтып жатасын ошол адатын дагы деле калбаптыр деп кайра апамды беттен алып, ошондой сөз айтса каяша айтылбайбы?
Өзү ажыраштырып жиберип кайра ушундай сөздөрдү айтса бөлөк адамдардын ишенери эч кеп эмес го.
#39 15 March 2017 - 16:05
Ошентип ал күнү апама аябай боорум ооруп, апа баары жакшы болот деп бетеринен ооп уктадым иним экөөбүздү эки жагына алып жаткан апам өзүнүн кыялынан токуп алган бактылуу келечегибиз тууралуу айтып уйкуга кеттик. Атам ал арада бир кыздуу болуп, аялынын дагы боюнда бар болчу. Эч эле дым дареги билинбеген атам чоң энем кеткенден 1жума өтпөй эч эскертүүсүз үйгө кирип келди. Түзүгүрөөк саламга келбей эмнеге алыс жолдон көтөрүнүп неберелерим деп келген апамы кууп чыгасын алып келген нерселери менен ыргытып деп кыйкырып жатты. Кандай гана адилетсиздик!
!! Апам да жооп айткан эмне дегендерин толук эсимде жок. Бир кездерде сүйөм деп асмандагы айды алперем, кыздуу болдум кызым менин периштем уулду болсок уулум менин калканым деген атамды такыр башкачага бурап салган алда чоң энем ай. Бооруңуз ушунча таш беле?!
<br>
#40 15 March 2017 - 17:05
Анан. Кандай кана катын тооба. Бул эмнеси куушу кууп жиберип анан артынан келип балдарына жамандап.

Супер-Инфо
super.kg
видео








