Күйүнбөйүн,
өкүнбөйүн, өксүбөйүн,
Өзөктө өртүм болуп өрттөй көрбө.
"Шыңгыр"
этип чачылбайын,
тесмедейим
бараткан ак жолумдан өтө көрбө..
Мен сени, а сен мени жетелешип,
Бир өмүр өтсөк кана бөпөлөшүп.
Ансыз да канча жылдар текке кетти,
Айтышат "ал бактысыз экен" дешип..
Күйүтүм күл, сүйүүм чок, үмүт жалын,
Өрттөгүм келип турат жогун-барын.
.
Ал өрттө өзүм гана күйөөрүмдү
эстесем, "мөлт" деп кулайт тамчы жашым…
Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)
#662 11 January 2017 - 10:50
Сизден алдын өтүп кетсем дүйнөдөн,
Салам айтып келесизби мүрзөмө..?
Салтын кылып Кур'ан окуп багыштап,
"Кызым элең" дээр бекенсиз түйшөлө..
Эстээрсиз ээ, сиз да мени эстээрсиз..
Кантип эле мен унутта калаармын..?
Эч болбосо түшүңүзгө бир кирип,
Мерээз көзүм менен ата караармын..
Келээрсиз ээ, сиз да бир күн келээрсиз
Мейли, мүрзө-бейитиме келээрсиз.
"Кызым эле" деп өкүттүү үшкүрүп,
Кеч болсо да кабырымдан өбөөрсүз…
А мен сизге таарынчымды жаза албай,
Ошол бойдон түбөлүккө кетээрмин…
Салам айтып келесизби мүрзөмө..?
Салтын кылып Кур'ан окуп багыштап,
"Кызым элең" дээр бекенсиз түйшөлө..
Эстээрсиз ээ, сиз да мени эстээрсиз..
Кантип эле мен унутта калаармын..?
Эч болбосо түшүңүзгө бир кирип,
Мерээз көзүм менен ата караармын..
Келээрсиз ээ, сиз да бир күн келээрсиз
Мейли, мүрзө-бейитиме келээрсиз.
"Кызым эле" деп өкүттүү үшкүрүп,
Кеч болсо да кабырымдан өбөөрсүз…
А мен сизге таарынчымды жаза албай,
Ошол бойдон түбөлүккө кетээрмин…
В каждой шутке есть доля правды...
#663 11 January 2017 - 10:54
Сизден алдын өтүп кетсем дүйнөдөн,
Салам айтып келесизби мүрзөмө..?
Салтын кылып Кур'ан окуп багыштап,
"Кызым элең" дээр бекенсиз түйшөлө..
Эстээрсиз ээ, сиз да мени эстээрсиз..
Кантип эле мен унутта калаармын..?
Эч болбосо түшүңүзгө бир кирип,
Мерээз көзүм менен ата караармын..
Келээрсиз ээ, сиз да бир күн келээрсиз
Мейли, мүрзө-бейитиме келээрсиз.
"Кызым эле" деп өкүттүү үшкүрүп,
Кеч болсо да кабырымдан өбөөрсүз…
А мен сизге таарынчымды жаза албай,
Ошол бойдон түбөлүккө кетээрмин…
Салам айтып келесизби мүрзөмө..?
Салтын кылып Кур'ан окуп багыштап,
"Кызым элең" дээр бекенсиз түйшөлө..
Эстээрсиз ээ, сиз да мени эстээрсиз..
Кантип эле мен унутта калаармын..?
Эч болбосо түшүңүзгө бир кирип,
Мерээз көзүм менен ата караармын..
Келээрсиз ээ, сиз да бир күн келээрсиз
Мейли, мүрзө-бейитиме келээрсиз.
"Кызым эле" деп өкүттүү үшкүрүп,
Кеч болсо да кабырымдан өбөөрсүз…
А мен сизге таарынчымды жаза албай,
Ошол бойдон түбөлүккө кетээрмин…
Копчулук ырларынызда негедир атакенизге болгон таарынычыныз бардай.Ислам динин деле жакшы тушуносуз,анан эмнеге атанызды кечире албайсыз?
#664 11 January 2017 - 10:59
Копчулук ырларынызда негедир атакенизге болгон таарынычыныз бардай.Ислам динин деле жакшы тушуносуз,анан эмнеге атанызды кечире албайсыз?
Ошонүчүн пендебиз. Адам баласы унутчаак болот, мен айтам "кечирдим" же "кечиргем" деп, бирок, көөдөндөгү чок чок бойдон кала берет экен, бир күнү эсте-еп отуруп оолугуп кетем да, ушинтип ыр саптарын чиймелеп салам…
В каждой шутке есть доля правды...
#665 11 January 2017 - 11:03
#666 13 January 2017 - 17:48
Аяп турдум..
Сен өзү сабырдуусун, акылдуусуң,
Колуңа бүт жеңиштин алган туусун!
Бүт көздөрдөн аяп турдум, мынча неге
капаланып турсаң дагы жагымдуусуң. .?
Мага минус жардам бере албастыгым. .
Аяп турам айбат бере албастыгың. .
Күлкү менен жуткан болот а бирок,
Көздөрүңдө жатат кайран канча сырың…(
Сен өзү сабырдуусун, акылдуусуң,
Колуңа бүт жеңиштин алган туусун!
Бүт көздөрдөн аяп турдум, мынча неге
капаланып турсаң дагы жагымдуусуң. .?
Мага минус жардам бере албастыгым. .
Аяп турам айбат бере албастыгың. .
Күлкү менен жуткан болот а бирок,
Көздөрүңдө жатат кайран канча сырың…(
Жакшы жазат экенсинер азамат!шайыр ыр саптарынан болсо жакшы болчудай?
#667 20 January 2017 - 22:24
Жакшы жазат экенсинер азамат!шайыр ыр саптарынан болсо жакшы болчудай?
Рахмаат.
Ээмм, анда төмөнкү ыр саптар сиздин буйрутмаңыз менен).
В каждой шутке есть доля правды...
#668 20 January 2017 - 22:31
Жүрөктөр эс алсын..!
Кандайсың асыл бир боорум?
Өпкөм, бөйрөк, жүрөгүм..
Мөлтүрөгөн көзүңдөн нур
тамылжыган карегим.
Эсенсиңби таң сырым,
Сырдашканым, таксырым.
Күлүп койсоң жарк этип,
Сага арнайын жакшы ырым.
Эркем, күчтүүм, берекем!
Көпөлөгүм, көлөкөм.
Жазым, жайым, күз, кышым,
бербейм сени бөлөккө.
Айым, күнүм, тирегим,
кең пейилим, бийигим.
Аманатым, жалгызым,
Алтын, акак, күмүшүм.
Жакшы сөздү арнайлычы
бирибизге бирибиз,
Эс алсынчы жүрөктөр,
тазарсынчы дилибиз..
Кандайсың асыл бир боорум?
Өпкөм, бөйрөк, жүрөгүм..
Мөлтүрөгөн көзүңдөн нур
тамылжыган карегим.
Эсенсиңби таң сырым,
Сырдашканым, таксырым.
Күлүп койсоң жарк этип,
Сага арнайын жакшы ырым.
Эркем, күчтүүм, берекем!
Көпөлөгүм, көлөкөм.
Жазым, жайым, күз, кышым,
бербейм сени бөлөккө.
Айым, күнүм, тирегим,
кең пейилим, бийигим.
Аманатым, жалгызым,
Алтын, акак, күмүшүм.
Жакшы сөздү арнайлычы
бирибизге бирибиз,
Эс алсынчы жүрөктөр,
тазарсынчы дилибиз..
В каждой шутке есть доля правды...
#669 05 February 2017 - 05:53
Жүрөктөр эс алсын..!
Кандайсың асыл бир боорум?
Өпкөм, бөйрөк, жүрөгүм..
Мөлтүрөгөн көзүңдөн нур
тамылжыган карегим.
Эсенсиңби таң сырым,
Сырдашканым, таксырым.
Күлүп койсоң жарк этип,
Сага арнайын жакшы ырым.
Эркем, күчтүүм, берекем!
Көпөлөгүм, көлөкөм.
Жазым, жайым, күз, кышым,
бербейм сени бөлөккө.
Айым, күнүм, тирегим,
кең пейилим, бийигим.
Аманатым, жалгызым,
Алтын, акак, күмүшүм.
Жакшы сөздү арнайлычы
бирибизге бирибиз,
Эс алсынчы жүрөктөр,
тазарсынчы дилибиз..
Кандайсың асыл бир боорум?
Өпкөм, бөйрөк, жүрөгүм..
Мөлтүрөгөн көзүңдөн нур
тамылжыган карегим.
Эсенсиңби таң сырым,
Сырдашканым, таксырым.
Күлүп койсоң жарк этип,
Сага арнайын жакшы ырым.
Эркем, күчтүүм, берекем!
Көпөлөгүм, көлөкөм.
Жазым, жайым, күз, кышым,
бербейм сени бөлөккө.
Айым, күнүм, тирегим,
кең пейилим, бийигим.
Аманатым, жалгызым,
Алтын, акак, күмүшүм.
Жакшы сөздү арнайлычы
бирибизге бирибиз,
Эс алсынчы жүрөктөр,
тазарсынчы дилибиз..
Тазарбаса журоктор,
Менсиз деле кун откор.
Сен болбосон башкасы,
Тандап алаар чуроктор.))
Айын,кунун асманын,
Боло албайм шашбагын
Ак никелуу болгон сон,
Анан болчу аппагым.
Тынчтандырам журогун,
Тынч,болчу сен чурогум.
Жылмайсан мен куломун,
Тынч,алып калат журогум.
Деп улап койдум.(Капа болбойсуз)
#670 13 February 2017 - 00:04
Тазарбаса журоктор,
Менсиз деле кун откор.
Сен болбосон башкасы,
Тандап алаар чуроктор.))
Айын,кунун асманын,
Боло албайм шашбагын
Ак никелуу болгон сон,
Анан болчу аппагым.
Тынчтандырам журогун,
Тынч,болчу сен чурогум.
Жылмайсан мен куломун,
Тынч,алып калат журогум.
Деп улап койдум.(Капа болбойсуз)
Менсиз деле кун откор.
Сен болбосон башкасы,
Тандап алаар чуроктор.))
Айын,кунун асманын,
Боло албайм шашбагын
Ак никелуу болгон сон,
Анан болчу аппагым.
Тынчтандырам журогун,
Тынч,болчу сен чурогум.
Жылмайсан мен куломун,
Тынч,алып калат журогум.
Деп улап койдум.(Капа болбойсуз)
Баракелде!
В каждой шутке есть доля правды...
#671 13 February 2017 - 00:09
Төрт сап.
Менден узап, оолак болду карааның..
Бир жарк этип күйүшүңдү самадым..
Андан бери эчен жылдар өтсө да,
Келди сени сүйүп-сүйүп карагым..
Менден узап, оолак болду карааның..
Бир жарк этип күйүшүңдү самадым..
Андан бери эчен жылдар өтсө да,
Келди сени сүйүп-сүйүп карагым..
В каждой шутке есть доля правды...
#672 15 March 2017 - 14:12
Ырларыңызды кайталап окугандан тажабайм да,жан дүйнөм эс ала түшөт..
Эргүүлөрүңүз түгөнбөсүн. .
Эргүүлөрүңүз түгөнбөсүн. .
<
#673 22 May 2017 - 02:32
Раазычылыктарым!
!!
Мендик болчу!
Ааламдай кеңдик болчуу,
Жүрөгүм сендик болчу.
Жооп болуп сезимдерге,
Жөн эле мендик болчу!
Өзүңө теңдик болчуу
Жүрөгүм сендик болчу.
Гүл төшөп сезимдерге,
Жөн эле мендик болчу.
Карабас башкаларды
Карааным сендик болчу.
Ээ кылбайм башка жанга,
Бир гана мендик болчу!
Ээритип көлдү тоңчуу,
Мээримим сендик болчу.
Эч нерсе сурабаймын,
Жөн гана мендик болчу!
Жүрөгүм "сен" дей турган,
Кызганыч чебин кургам.
Жолоочу жандаймын не
Өзүңө көңүл бурган..
Мендик болчу!
Ааламдай кеңдик болчуу,
Жүрөгүм сендик болчу.
Жооп болуп сезимдерге,
Жөн эле мендик болчу!
Өзүңө теңдик болчуу
Жүрөгүм сендик болчу.
Гүл төшөп сезимдерге,
Жөн эле мендик болчу.
Карабас башкаларды
Карааным сендик болчу.
Ээ кылбайм башка жанга,
Бир гана мендик болчу!
Ээритип көлдү тоңчуу,
Мээримим сендик болчу.
Эч нерсе сурабаймын,
Жөн гана мендик болчу!
Жүрөгүм "сен" дей турган,
Кызганыч чебин кургам.
Жолоочу жандаймын не
Өзүңө көңүл бурган..
1,+5
#674 22 May 2017 - 02:47
Сүйүү деген эмне өзү?
Сүйүү деген эмне өзү? Жемишпи?
Жетүү үчүн сунган колду талдырган.
Же суу белем чаңкап турган денеге,
Суусаганда суусунуңду кандырган.
Сүйүү деген эмне өзү? Таттуубу?
Аары сымал элдин баары жабышкан.
Же болбосо эки жолду бир кылып,
Себепчидир түгөйлөргө табышкан.
Сүйүү деген эмне өзү? Ачуубу?
Көөдөнүңдү өрткө чулгай жүгүргөн.
Же болбосо мээрим чачаар жылуулук,
Уктап жаткан сезимдерди тирилткен..
Сүйүү деген эмне өзү? Буюмбу?
Сынса кетээр бир жеринен жарака.
Балким дастан жомоктордо айтылаар,
Жазсаң сөзү түгөнбөгөн баракка.
Сүйүү эмне? Балким аба, мөл булак?
Балким ага көкөлөтүп бак курат?
Түшүнбөдүм бул "сүйүүнү" баары бир,
Мени тиктеп маңдайымда эл турат...
Сүйүү деген эмне өзү? Жемишпи?
Жетүү үчүн сунган колду талдырган.
Же суу белем чаңкап турган денеге,
Суусаганда суусунуңду кандырган.
Сүйүү деген эмне өзү? Таттуубу?
Аары сымал элдин баары жабышкан.
Же болбосо эки жолду бир кылып,
Себепчидир түгөйлөргө табышкан.
Сүйүү деген эмне өзү? Ачуубу?
Көөдөнүңдү өрткө чулгай жүгүргөн.
Же болбосо мээрим чачаар жылуулук,
Уктап жаткан сезимдерди тирилткен..
Сүйүү деген эмне өзү? Буюмбу?
Сынса кетээр бир жеринен жарака.
Балким дастан жомоктордо айтылаар,
Жазсаң сөзү түгөнбөгөн баракка.
Сүйүү эмне? Балким аба, мөл булак?
Балким ага көкөлөтүп бак курат?
Түшүнбөдүм бул "сүйүүнү" баары бир,
Мени тиктеп маңдайымда эл турат...
2,+5
#675 22 May 2017 - 02:53
***
Жан дүйнөмө жаңы дары тапканмын.
Ыйман менен ана баарын басканмын…
Эңсөө менен таарынууну негедир,
Кечээ эле кечирүүгө шашканмын..
"Жамансың" деп айталбаймын өзүңдү,
Керегисиң сен дагы бир Кайрандын..
Керектирсиң мүмкүн мага айрыкча,
Үнүм жетпейт..
Бирок канча сайрандым…
"Кайда болсоң аман бол" деп ар дайым,
Ак батаны нурлуу жүзгө тартканмын.
"Көрбөй өтсөм армандамын" дегенди,
Өчпөс үмүт, тилек менен басканмын…
P.S. Be happy Dad..!
Жан дүйнөмө жаңы дары тапканмын.
Ыйман менен ана баарын басканмын…
Эңсөө менен таарынууну негедир,
Кечээ эле кечирүүгө шашканмын..
"Жамансың" деп айталбаймын өзүңдү,
Керегисиң сен дагы бир Кайрандын..
Керектирсиң мүмкүн мага айрыкча,
Үнүм жетпейт..
Бирок канча сайрандым…
"Кайда болсоң аман бол" деп ар дайым,
Ак батаны нурлуу жүзгө тартканмын.
"Көрбөй өтсөм армандамын" дегенди,
Өчпөс үмүт, тилек менен басканмын…
P.S. Be happy Dad..!
3,+5
#676 18 June 2017 - 15:24
Ырларыңызды кайталап окугандан тажабайм да,жан дүйнөм эс ала түшөт..
Эргүүлөрүңүз түгөнбөсүн. .
Эргүүлөрүңүз түгөнбөсүн. .
Рахмаат алтынка.
1,+5
2,+5
3,+5
Баалар соонун го. Мектепте да албаган баалар экен. Раазычылыгым!
В каждой шутке есть доля правды...
#678 28 June 2017 - 08:10
Саламатсызбы эже мага бир ыр жазып беринизчи. Папам 1де 50 жаш юбилей откоруп атат. Ошого ыр жазып беринизчи. Суранам. Жооп кутом.
#679 28 June 2017 - 13:48
Саламатсызбы эже мага бир ыр жазып беринизчи. Папам 1де 50 жаш юбилей откоруп атат. Ошого ыр жазып беринизчи. Суранам. Жооп кутом.
Саламатчылык. Өзүңүз саламат-эсенсизби?
Атаңыздын юбилейи кут болсун. Көп жашап бактылуу карылык көрсүн!
В каждой шутке есть доля правды...
#680 28 June 2017 - 13:53
Көптөн бери жаза элек экем бул жакка.. Окшошпой калса үзүр ээ.
***
Атама.
Атакем менин! Аска-зоо, тирегим,
Узун өмүр, ден-соолук тилегеним.
Ар таңда аппак жүзүң айдай жанып,
Тегиз болсун арабызда телегейиң!
Атакем менин! Менин Атам ардагым!
Бүт өмүрүң балдарыңа арнадың!
Октой сызып учасың биз дегенде,
Сыноо түшсө кабак-кашты салбадың.
Атакем менин! Эң аярым, асылым!
Күүдөн, күчтөн тайбасынчы басыгың.
Күндөй тегиз ай-ааламга тийинген
Кеңешчимсиң өзүң болуп акылым.
***
Ата-энелер аман болушсун!
***
Атама.
Атакем менин! Аска-зоо, тирегим,
Узун өмүр, ден-соолук тилегеним.
Ар таңда аппак жүзүң айдай жанып,
Тегиз болсун арабызда телегейиң!
Атакем менин! Менин Атам ардагым!
Бүт өмүрүң балдарыңа арнадың!
Октой сызып учасың биз дегенде,
Сыноо түшсө кабак-кашты салбадың.
Атакем менин! Эң аярым, асылым!
Күүдөн, күчтөн тайбасынчы басыгың.
Күндөй тегиз ай-ааламга тийинген
Кеңешчимсиң өзүң болуп акылым.
***
Ата-энелер аман болушсун!
В каждой шутке есть доля правды...

Супер-Инфо
super.kg
видео









