Суперстан: Күйөөмдү ойношу менен тутуп алдым - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Күйөөмдү ойношу менен тутуп алдым

#1 Пользователь офлайн   madamx   15 Март 2017 - 18:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2021 22:13

Бул менин экинчи турмушум эле.Биринчи турмушумдан 7жаштагы кызым да,3 жашынан чогуу осуп,Таланты(Экинчи жолдошум)ата деп чонойду.Талант экообуздун ортобузда дагы 3 жаштагы кызыбыз бар.Турмуш курганыбызга 5жылдай убакыт отуптур,жакшы жаман кундорду откордук.Талант озу кобуроок иччу.Мен анын аракты таштаса эле,болду биз бактылуу жашайбыз деп курошуп,келгенмин. Уйдун коп туйшугу менин мойнумда,иштеген ишим жакшы болгондуктан, акчаны жеткирип турар элем.Талант да тапканда алып келип берчу,ошого шугур кылып калар элем.Себеби кыздарым атакелеп чуркаса озуму бактылуу сезем.Эгер дагы торосон мен аракты таштайм дегенинен,узулбогон умут менен дагы боюмда болду.Бирок ичкенин токтото албаган менен машина алганыбыздан бери азыраак ичкенине шугур кылар элем.Ошо каргашалуу куну капысынан Таланттын телефонунан Айнуранын(ойношу)смсин окуганда боюмдагы 7 айлык болуп калган.Корсо Айнуранын дагы боюнда бар экен,Талант алдыр десе,акча жоктугун,анан бир айласын табарбыз деп смс жазышыптыр бири бири менен.Айнураны тааныйт элем,4 айча мурда уйго квартирант кылып албайлыбы деп,ээрчтип келген эле.Жумуштан келсем бир досу аялы менен Айнура,Талант тортоосу арак ичип отурушуптур. Анда журогум сезсе да сыр бербей досуна кошуп баарын меймандап узаткан элем. Талант акыркы кундору иши журушуп жашаган шаарыбыздан 3саат алыста жатып иштечу.Ошол смсти окуган куну уруша кеткенбиз,анан Талант жумушуна кеттим деген болчу.Эртеси, гостинцада экенин,адресин кокусунан билип калдым,айткан адреске обедке жакын барсам досу ачты эшикти,кирсем диванда Айнура,Талант отурат.Дуйном антарылып кеткендей болду,озуму кармай албай кыйкырып,Таланты муштагылап ыйлап кирдим,Айнураны муштаганга жеткиришпеди. Атып кайра чыктым,коз жашым кол болуп,заманам куурулуп баратты.Жашоомо наразы болуп,балдардын убалы,айрыкча боюмдагынын убалы соо койбостур деп уйго келип,кудайга унум жеткиче ыйладым.Ошондон бери уйго Талантты кийирбей койдум,Угушума караганда Айнураны 2 айлык боюнан алдыртыптыр. Талант кундо жазат,кечирим сурайт,балдарыман ажыратпа,жакында торойсун чогуу бололу деп.Кыздарымы ойлосом,заманам куруйт.Бирок Таланттын аракты,кыздарга барганын кое турганына козум жетпейт.Кыз жандуу эркек.Жардам бериниздерчи канткенде туура жолду тандаган болом? Азыр декреттемин, иштеп турган болгонумда да ишке алаксып мынчалык кыйналбасам керек эле.Бирок,кыздарымы атасыз дегени болбосо эле,озум чонойтуп бакканга кудуретим жетсе керек деп ойлойм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   XAHZAT   15 Март 2017 - 18:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 43
  • Катталган: 01 Май 16
  • Соңку аракети: 25 Фев 2019 10:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ыссык Көл.

Бир шанс берип кечирип кой. Үй бүлөөнү сактап кал. Эркектер кее бирибиз ушундай ит болот экенбиз да. Колдо бар бакыттын баркын билбей. Үй бузулганда анан меебизби же көзүбүзбү ачылып өкүнөбүз кылган кылыгыбызга.
Биринчи жолкусу болсо кечирип кой,эгер мурда да ойноштору менен кармап жүрсөң анда кечирбе,токтот аны менен жашоону.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Meruet84   15 Март 2017 - 18:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Айнура ойношу экен, а силер никедеги аялы.
Балким балдарың үчүн кечирип чогуу жашайттырсыңар .....
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Shalunka1215   15 Март 2017 - 18:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 716
  • Катталган: 30 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2024 11:43
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:орусия

Тооба кылдым((( эмне дешти да билбей турам эжекеси... боюнузда да бар экен охии Кудайым озу колдосун.. мынандай кылып корбойсузбу ата эненизди чакырыныз куйоонуздун ата-энесин чакырыныз бут туугандарды чакырып туруп бетине коюп бериниз. Жашагын келсе ушу туугандардын алдында соз бер жашагын келбесе ушул жерден талак бер деп. Ушинтип корсонуз туугандарынан уялганынан да балким ичкилик кочого басканын таштаар.
Сабырдуу болуп туура чечим чыгарыныз ачууга алдырып жибербениз. Ажырашсаныз сиз эле соз болосуз экинчи жолу ажырашты деген.

Билдирүүнү түзөткөн: Shalunka1215: 15 Март 2017 - 18:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   kyialkech2016   15 Март 2017 - 18:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 769
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 18 Июн 2017 16:18
  • Калаасы:Апамдын журогундо

Ммм менин тишим жок мындай темага. Сабр тилейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   alisherchik   15 Март 2017 - 18:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 885
  • Катталган: 25 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 01 Авг 2025 01:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

менин оюмча, бардык нерсеге коз жумуп, жашоону улантыш керек.
Эртен эле торосонуз, баары жакшы болуп кетет. Сиз да куйоонуздун телефонун чукулабай эле коюнуз. Тынч жашайсыз.
Заман курубай эле эл куруп, заман бузулбай эле эл бузулуп атат.
Жаман болсо деле атасынын болгону жакшы. Оксук чонойбосун кыз балдар.
Анын минус жактары аз эмес. Эркек мээримине зар болуп оскон кыздар, балдарга бат эле алданып калат, тилекке каршы.
Баланыз торолгондо да, акча жактан жардам керек болот.
Окул ата, окул эненерди чакырып, маселени коюп, суйлошкуло.
Коп адамга угузган деле жакшылыкка алып барбайт.
Айнурада конулу болгондо, аборт кылдырбайле уйлонуп алмак.
Адам адашат, сиздин кечиримдуулугунуз учун балким Кудай сизге коптогон башка нерселер беруусу толук мумкун.
Жашоо сиздики, мен озумдун оюмду эле айтып койдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   madamx   15 Март 2017 - 19:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2021 22:13

Айнуран 5 баласы бар экен,уйго келгенде айтып Берген,куйоосу жок экен.Талантты кыз жандуулугун билет элем,жон журбосун сезет болчумун,айтаар элем,сен соо эмессин,бирок мен билген куну жашоону токтотом деп коп эле жолу айткам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   madamx   15 Март 2017 - 19:11

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2021 22:13

Ал эми куйоомун тел.чукубай эле журчумун.Таланттын телефону бузулуп кызымкын бир жумадай которуп жургон,кызымын тел.смси очурулбой кала бериптир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   mentol   15 Март 2017 - 19:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 523
  • Катталган: 19 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 30 Янв 2024 22:00
  • Жынысы:Белгисиз

Боюнузда бар экен тем более экинчи турмушунуз турбайбы, куйоонуз кечирим сурап жатса кечирбешке айланыз жок. ошол эрди эптеп эр кылып алыныз эми, ажырашканды ойлонбой
Түнт мүнөздүү түркөй болушпай
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   regina86   15 Март 2017 - 20:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 03 Январь 16
  • Соңку аракети: 13 Мар 2018 15:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Соз берсин катту,убада созун алын да жарашын куйоонуз менен.Сабырдуу болун. Сиз сабырдуу болуп женсениз баары отот.Бычак тийген жерде соссуз шрам калат дегендей.Айнура менен конул ачып журуп боюнда болго го,ким билет же куйоонуздон эместир эле ал бала балким башкасынан болсо деле сеники деп Кармап алгандыр куноону куйоонузго коюп.Тем более Айнуранын 5баласы бар экен.Сабыр кылын.Ойнош ойносо куйоонуз ОЗУ жооп берет.Сиз чыдап жарашын кайра.Кимде ким тилин Жана эки буттунун ортосун сактагандарга бейиштен жай берилет деген пайгамбарыбыз. Чыдап кайра кечирип кабыл алсаныз куйоонуздун сизге деген урматы кобоетттур ойлонсо.Мени ушунчалык калган ишими кечирди деп ичинен ыраазы болоттур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   madamx   15 Март 2017 - 21:59

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2021 22:13

Рахмат,баарынарга конул кош болбой тен болушуп аткандарга ыраазымын. Ошол окуядан бери мына бугун туптуура эки айдын жузу болду.Андан бери Талант бир эки жолу келип кыздарына таттуу-маттуусун берип кетти.Бирок журок чиркин ушунчалык мерезби билбейм баякы окуя такыр коз алдыман кетпей койду.Анан кайра ойлонуп калам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Elzira.91   16 Март 2017 - 07:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 22 Январь 17
  • Соңку аракети: 02 Апр 2017 11:50

Аллахым айткан экен кечиримдуу болгула деп ошол сынарындай сизда кечиримдуу болунуз демекмин,кечиримдуу болгон адамды Аллахым тиги дуйнодо бейиштен орун берет экен,эркек эркектигин кыла берет,силер билбеген чакта эле журмок,сиз ар дайым Алладан суран ушу куйоомо нысап бер ыйман беер деп журоктон тилек кылсаныз Алла деген мееримдуу зат айткандарынызды берет,бул жашоо кандай жашоо?бул жашоодон максатыбыз эмне?бул жашоого биз сыноо учун келгенбиз бул сыноода бешенеде бар экен корбошко айла жок,ошондой бул жашоону туура пайдаланалы, сиздин туура чечиминиз аны кечирип кыздарын атасыз кылбай бир жашаныздар деген ойдомун сиз ушундай сыноолордон сабырдуулук менен женсениз жашоону жакшысынада жаманынада шугур кылып жашасаныз сиз эки дуйнодо бактылуу инсан болосуз,Иншаллах баары алдыда баары жакшы болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   bosmos777   16 Март 2017 - 07:55

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 488
  • Катталган: 17 Июнь 15
  • Соңку аракети: 10 Июл 2017 11:40
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:moscow

Менимче ичкилик ичкен жана аялдын этегин андыган! (Инсан)дан тунулуп! Белди бекем бууп! Акылыныз менен келечекке карай жол алганыз. Туура!

Булар Озун гана эмес! Уй було мучолоруно зыян, ото каттуу таасир берет. Жакшы адамды, ошол арам тамагы жана кычышып турган ычкырын, тыя албай! Бул жашоодо азапка салат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   nazgul90   16 Март 2017 - 08:42

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 498
  • Катталган: 02 Январь 16
  • Соңку аракети: 11 Апр 2019 10:46
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Суйууу мекени

Эх ушул ойнош ойногон эркектер олуп жер бетинен кырылып еле калсынчы.

Сизге келсек биз мин жазганыбыз мн жашоо сиздики. Мен да ошол балдарым деп шуйшуйгон ерим кечирип жашап келе жатам . Балдарынызга ата керек , жарашпайм десениз омур бойу жалгыз ото албайсыз башка еркек оз атасындай боло албайт. Кечирип жашап корун арак ичип дагы жургонун койбосо котуно бир тееп кууп чыгып соттошуп аталык укуктан ажыратып салыныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   raia   16 Март 2017 - 09:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: Кечээ, 19:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Кызым ичкич эрекек,журонок эркекти тыйыш кыйын бир кана Аллахым озу ынсап бербесе.Озуно ишенсен уч баланы озум багам,кыйынчылыка чыдайм десен ажырашарсын.
-Жок балдарым десен,озундон балдарындын тагдырын устун койсон,озунун эмес балдарындын бактысын ойлосон анда чыдап жашарсын кызым...
Балдарын учун атасы жаман болсо да,ичкич болсо да алар учун аталары кол жеткис,элден башкача жакшы адам.Ишенбесен балдарынан сурап кор.Бир эмес уч баланы жетим кылып жалдыратышка кучун жетеби?Оксук кылып биронун атасын корсо сумсайып,каап апам эмнеге бизди ойлободу деп кунону сенден издешин унутпа кызым.
Менимче коптогон келин кыздардын дарты сага окшош,ичкен ал кана эмес урган,коз коруно ойнош ойногондор коп кызым.Ошон учун илгертен эрге эмес эки босогоно ишен делип аялдарга насаат болуп калса керек.Акылын болсо ачууга алдырбай жакшы ойлонуп кор кызым.Ал ач карышкыр болуп кочо бойлосо,сен куу тулку болуп коломтонду очурбой,уч баланды жетим калтырбай,эринди бироого тартырбай,уйундогу куту учурбай сактап кал.,ошондо сен чыныгы кучтуу аял заты болосун.Куйоно эрегишип уйго киргизбесен, ал киргизип алат.Эркеке баары бир курсагы жакшы тойсо,тошогу жылуу жумшак болсо кете берет.Сага кыйын болот жаш кезинде жесир калып,уч баланы жетим калтырып,эл менен тен боло албай бокслоруп каласын кызым.аял кишинин этеги да душман делет.Ойлонуп кор оз этегин душман болгондон кийин сага ким дос боло алат.Оксугонун ошол.Бакырчак тоонун бары жакшы делет кызым...
Деге эле ойношу менен турган жерге барганын эси жоктугун.кимге зыйан,кимге пайда болду.Кууп урушкан ото жаман кызым.Уйундо отуруп алып,балдарына билгизбей эр дегенди тарбиялаш керек,ал желмогуз ойношунан отуп сыйлашын керек.,намыс кылып кайра озуно тартышын керек али кеч болуп кала электе.
Аялдын амалы кырк эшеке жук болот дейт сен бир эшеке жук болгонун кана иштетсен уйун уй,жайын жай,эрин эр болуп булон чачылбай бутун калат ошондо сен уткан болосун...
Эрини урушуп,айгай салып анкылдасан, уйго киргизбей арстан боло берсен эрсиз каласын,балдарын жетим калат анан ошондо бир окуносун,эчен ыйлайсын кызым...
Эстуу бол кызым эрктуу бол,намыстуу бол,нарктуу бол анан да сабырлуу бол ошондо куруп кеткен турмуштун жакшысы сеники болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   aijan   16 Март 2017 - 09:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Менимче, бул менин жеке пикирим, мындай эркектин барынан жогу. Катуу тийсе кечирим сурайм. Ичсе, ойносо, жарытылуу акча таппаса, бир гана уйдо ыштан бар болсун учун кармоо зарылбы, озунуз акыл калчап шашпай ойлонуп корунуз. Балдар эр жетет эртен эле, сиз багып кете алууга кучунуз жетет деп жатасыз, энергиянызды, нервинизди сизди сыйлабаган эркекке коротпой, аларды озунузго жумшаганыныз ондур? Себеби ичкилик бул оору, журонооктук деле оной менен тыйылбаган адат, балдарым жетим калбасын деген менен, экоонуздордун мамилени коргон кыздар жакшы улгу ала алат дейсизби?

Арагы, журонооктугуно коз жумуп, "жалгыз болбосом болду" деп сизди сыйлабаган адамга дасторкон жайып, жакасын агартып, жийиркенбей бир жаздыкка баш кое алсаныз кечириниз, эгер андай боло албасаныз, ажырашыныз.

Ортодо ичтеги эки айлык бейкуноо наристенин аборт болгону окундурот. Убалдан коркпогон адамдар экен, тообо кылдым.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   gulperi.kg   16 Март 2017 - 14:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 235
  • Катталган: 03 Апрель 12
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Катту жазаланыз.Ага окшогон эркекти экинчи жургус кылып жазалаш керек.Мисалы айтып атпайспы кечирим сурап атат деп пуст сурасын коооп убакыт сурап жалдырасын. Кечиргенге шашпаныз.Сиз дагы бир аз корсотуп коюнуз куйоосу жок да жашап тиричилик кылып балдарды багам деп
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   asil-08   16 Март 2017 - 16:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 23 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Сен 2019 17:06
  • Жынысы:Аялзаты

Кечириши кечиресин анан куйон бир ооруну жуктуруп келсе анан сага да жугат кечирерден мурда анализ тапшыртып анализдерин корупанан жаша себеби мындай окуядарды коп уккаммын куйомдон оору жукту деген балдарын дени сак омурлуу болушсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   madamx   16 Март 2017 - 17:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2021 22:13

Ооба мен дагы ушул оору жугузуп алганынан корком,Озу шаар жеринде жашасак.(Россиянын бир шаарынан эки комнаталуу озубуздун квартирабыз бар)Кечирерин кечирип,кыздарым учун жашай бермекмин,нянка таап торогондон кийин кайра жумушка чыксам,иш уй-уй иш деп атып баякы жашоому уланта бермекмин.Анан да ичип келсе,уйго алкаш досторунун аягы тыйылбаса,унчукпай кое албайт экенмин.Уруш талаш ушундай жашоону коргон кыздарымдын тарбиясы кандай болот?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Nevestkaa   16 Март 2017 - 22:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 436
  • Катталган: 26 Январь 17
  • Соңку аракети: 13 Янв 2020 19:01

Атага өксүк болбой өскөнү кыздарыңызга атасы болгону жакшы бирок андай күйөө сизге керек эмес оюмча.Урса соксо да эптеп жашайсын анан ойнош ойносо өзүнүн баласын өзү алдырса(аборт)качанкыга чейин анын ычкырын аңдыйсыз?Ажырашкан да зынаа кылган да кудайга жакпайт.Ажырашкан да ойнош ойногон да дүйнөдө бир силер эмес .Балдарыма өгөй каалабайм десеңиз жашайсыз башымы аттады десеңиз ажырашасыз. 50/50.Бирок ажырашпай эле коюңузчу кыздарыңызды эч ким атасындай жакшы көрбөйт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 02:27

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: