Күтүүдөбүз. Айдын 15и жарык, 15 и караңгы болсо, ошол караңгы күткөндөрүң бүтүп, азыр жарык күндөрдө жашап жатасың деп үмүт кылам.
Чоң энеме кат Чоң энеме кат
#42 16 March 2017 - 12:48
өп жашаган эмес көптү көргөн билет деген туура экен. Бизде чоң -чоң эле аялдар менин жашым ушунчада деп жашына салып өзүнүн туура эмес сөзүн тууралай берет. Туура сүйлөсөнда каарынын туура эмес сөзүнөн калышын керек бул биздин закон ченемдүү көрүнүшүбүз.
Чоң энемдн актрисалык жөндөм аябай күч эле бери карап урушуп, нары карап ыйлап айтор баарын өзүнө баш ийдирип алчу да кыялы бар болгондуктанбы баарына кожоюн болчу. Чоң атам үйдүн чоң баласы болуп ар дайым ини карындаштарын сүйлөтпөй аялын коргоп турчу экен. Негизи чоң атамын бир туугандары аябай жоош кишилер болгондуктан,
кыйтырчылыгы ааламда жок митаам чоң энеме оңой эле багынып беришкен тура. <br>
Апамы алып келгенден кийин тайкелериме болушунча жамандап майда -барат нерселерден бери айтып апамын абийрин төгүп, өзү маданияттуу сүттөн ак киши болуп кеткен экен. Баарынан да кызыгы чоң атам чоң энемен беш бетер апамы жамандаган экен. Кайната жамандап жатса демек келин жаман делет а бирок ошол кайнатага түнү-күнү дебей келинин жамандап ал тургай минтип айтасын деп үйрөтүп турган кайненени ким күнөөлөйт?! Жашоо ушундай адилетсиз экен, адилеттүү бир гана Аллах, акыретте гана адилеттүүлүк болот деген чын экен. <br>
Тууган урук менен катташпаган адамга күнөө жазылат экен, бирок бир ойчул айткандай душманды алыстан издебе, бейтааныш адам сага душман болбойт жана сени табалабайт дегендей. Ажырашып келген кызды көбү табалап, душмандар үйдүн сыртын акмалап ичиндеги дагы дагы азап көрсүн деген ниеттери болот экен. Ачуу чындык же жалган беле. Кайны журттан азап көрүп бир стресс болсо, эрден чыктын деп уруш угуп төркүндөн эки депрессия болгон кайран гана тагдырдын ээлери. Чоң энем актрисалыгына салып апамдын туугандарына жакшы жерден кыялынын айынан келип отурат балдарын сонун кылып багат элек деп апамын күйбөгөн жерин күл кылып,абийирине от чачып кеткенин эстеген сайын ич ичиме батпай адилеттүлүктү эл билсе гана деймин

#43 16 March 2017 - 13:47
Чоң апаңдын жерлигин, аты жөнүн жаза берсең деле болчудай экен. Тирүү кезинде катасын сезсин да..
#45 16 March 2017 - 15:29
#46 16 March 2017 - 16:24
Ошентип өйдө-ылдый турмушубуз уланып жатты, бешиктен бели чыга элек тоймогондогон бото көз ширин, жарык дүйнөгө келе элек күнөөсү жок наристелердин тирүүлөй жетим кылган чоң энем биз торолуп чоңойгон сайын үйгө келчү болгон. Келгенде жөн кетпей кайра апамы табалап ушуну көрмөксүн деп, бизди апама кайрап кетчү. Кызыгы чоң энем апамын жанында башка адам а тайнем, тагаларымын,
апамын ава чоң апаларынын көзүнчө таптакыр башка адам эле. Аларга ар дайым апамы жамандап, өзү мен мындай келинге чыдабайм болду, мен кыйналып кеттим дечү. Ушундай адамдар кичине кезимде чоң энем эле дечүмүн көрсө чоң энем сыяктуу куу, биттин ичегесине кан куйган адамдар аябай эле көп экен
#47 16 March 2017 - 16:54
Апам ошондо келгенде башка келбен балдарыма кудай өмүр берсе чоңойушат, ыйлай -сыктай менин турмушум да жакшы жагына оойт деп чыгарып жиберген. Келгенде да жаңы алган келини купулуна толгонун, кайненеге келин жакпаса чекеден тандап алып берерин айтып кетчү. <br>
Ал сөздөр көөдөнгө көк таштай тийип, апам кайнене эле эмес өзүнүн тууган уругунан да жаман сөздөрдү укчу. Жакшына жерден келе бердин (чоң энемдер ортодон жогору турган үй-бүлөө эле ), чужая семья темный лес дегендей чоң энем менен өздөрү кошо жашап көргөндө билишмек, көчөдө баары жакшы эмеспи күлүп учурашып. Экинчи келинин өзү таап алып берген апаман тили ашса ашык кем эмес чыгыптыр. Уят үчүн баарына чыдап чоң энем анын кыялын көтөрүптүр (кайсы адамдын эле жаман кыялы жок болсун?! )бизге көрүнөм деп түзүк эле тайрандатыптыр. Биринчинин кадырына жетпесен экинчинин таманынан өбөсүн деген ошол экен.

#48 16 March 2017 - 17:39
#51 16 March 2017 - 23:20
Ошентип биздин бирде бар, бирде жок жашообуздун арабасы секинтен жүрүп жатты. Мектепте сабакты аябай жакшы окудум адабият сабагына кызыгып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын ар дайым окуучумун. Класста кыздар атасы жөнүндө сүйлөшсө ар дайым томсоруп калчымун, бир классташым атам тирүү болгондо деп арман кылаар эле, а менин тирүүлөй өлүк атам жок экенине арданчумун ошентсе да биз үчүн суукга тонуп, ысыкка күйгөн апам бар экенине шүгүрчүлүк кылчымун. Мен 6-класс кезимде тайнем байкуш бекиткен акчаларына,
тууган урук жардам берип шаардын чекесинен чакан чек алып беришти. Тайнемин эски сарайы, бир тагамын кийлигишүүсү аркылуу бир тыпырайган времянкага ээ болдук, сүйүнгөнүбүздү айтпа. Үңкүр да болсо үйүн болсун деген ушул экен, эрге ишенгиче эки босогоңо ишен деп элибиз бекер айтпаган экен. Бизди эми үйүнөн кууп чыга турган чоң энем жок, бул биздин үйүбүз деп аябай кубанып жаттык. Бир күнү жаңы үйүбүзгө атам келиптир чала мас кантип таап келгенин билбейбиз сураштырган го кыязы,
өмүрү ичпеген атабыз мас. Дарбаза турсун кашаагабыз жок. Үйдүн сырты шыбалбаган эмнеси болсо да эң негизгиси бизде үй бар ошого каниет кылабыз да жана курсантпыз.
Айнур(апамын аты) мен сени гана жакшы көрөм апам, атам Айнур мен ошолордон корктум азыр да корком, элден уялам элдер апасынын тилин укпады дейт (эки баласын тирүүлөй жетим кылып элден уялбаган, эх адамдар)мен бираз бой тартып акылыма кире баштаган кезим мени кучактайт бетимен өөп келбен өзүңүздүн сүйүктүү балдарыңызга барын, биз ким ойломок эле деп ыйлап үйдүн аркасына өтүп өпкө өпкөмө батпай ыйладым бир жакшына бактыбызды чоң энем колдон жулуп алгандай колуму муштап ыйладым кийинки аялынан болгон балдарынан кызганып ыйладым биздин бактылуу балалыгыбызды тартып кетишкендей кейип ыйладым, тагдырга таарынып ыйладым. Атам да бизде көңүлү бар биздин да анда биздин бактылуу жашообузга темир тосмодой тосуп туруп алган чоң энеми каргап ыйладым, эр десе эле эки баласы бар немеге кыз тийип алган атамын экинчи аялына наарызы болуп ыйладым, эч күнөөсү жок төрөлгөн атабыз бир энебиз башка ини сиңдимен кызганып ыйладым
#52 16 March 2017 - 23:28
#53 16 March 2017 - 23:55
Менин жүрөктөгү арманымды окуп жаткандар да бар экен күтүп окуп жатканыңызга ыраазычылык.
Колум бошой калса эле жазып жатам.
Анан... Деп жазышса ,атайын жазып "анан" деген сөздү жазышат. Андан көрө жазбай эле коюшпайбы дейт элем... Көрсө "анан" деген сөз авторго дем ,күч берүүчү сөз тура. "Анан" сөзүн окуган автор,жооп жазууга шашылат экен.
Анан. Автор уланта бер, кызыгуу менен окуп жатабыз. Чын эле чоң энеңдин аты жөнүн жазып койсоң болмок экен... Кандай гана таш боор эне.
#54 17 March 2017 - 00:35
Эже,сооонун жазып жатасыз,улантыныз.
Создун эн асылдарын таап жазат экенсиз... Кутуп жатам
#57 17 March 2017 - 10:47
Ал күнү атам апамы дагы деле жакшы көрөөрүн бирок башка таптакыр бирге боло албастыгын түшүндүм. Бир туруп экинчи аялын балдары менен кетирип сени апарам дейт, апам сага аял бала чака оюнчукпу, өзүнүн жашоон менен жаша ата-энен бала чакан менен тынч бол деп кетирип жиберди. Апамын көңүлү чыны менен калган болчу, апасынын жанында сүйүп алган жарын коргобосо да, ай мончоктой эки баласынын тагдырын ойлобогонуна көңүлү калган болчу. Баса, иними төрөгөн жылы апам чоң энемдерге айткан экен каражаттан жардам бергиле деп антип айтса балдарды бизге бер өзүбүз багып алабыз дешкен экен. Ажырашкан келиндер эмнеге кайын -журттан колдоо таппайт, бир жардам сураса балдарды бер дешет ошонусунан коркуп жалгыз бой аялдар жанын карч уруп өздөрү багып жатышпайбы?
!
Ошентип жашообуз күндөн -күнгө жакшыра баштады апам мал базарда иштебей базарга бут кийим сатчу жерге сатуучу болуп кирип, үйдө иними мен карап апам келгиче тамак ашты даярдап, бир үйдүн тирилигин өзүм кыймылдатып калдым. Иним да 5-класс болуп көзгө көрүнүп чоңойо баштады, атам эркек киши болсо да кыздардай кирпиктери узун кашы көзү капкара сулуу болчу, иним дал атамын жаш кезиндегидей эле.
Апам эшиктин алдына мөмө -чөмө эгип, бак дарак тигип, кошуна аялдар менен гап жеп(гап Оштуктарча аялдардын отурушу делет )мурункудай муңайбай, тагдырына баш ийип, ажырашкан мен элеминби деп башын бийик көтөрүп, белин бекем бууп иним экөөбүздүн келечегибиз үчүн күрөшүп бизге ата да эне да болуп жатты. Убагында үйгө келип апамы күнөөлөп табалагандардын да жаагын жап кылды. Ушуну көрмөксүн дегендерди сөздөрүнө жараша жооп укту. Анан эмне кылсын ажырашып келгени үчүн өмүр бойу азап тартсынбы, ыйлап өзүн өзү жесинби, тирүү болуп тирүүлөй өлүк болсунбу, ар кимдин сөзүнө нерв кетирип жүрөгү оорукчан болсунбу?! Анда ден соолугу курулай намыс үчүн кетсинби? Бир гана ишенерибиз , карангыда жарык берип жол көрсөтөөр, жаман көз, жаман сөздөн коргоорубуз деп ботодой көздөрүбүз менен бул дүйнөдө бир гана ушул эне деген асыл затка ишенеп ушунун көкүрөгүндө жылынып турган эки баласынын келечегине ким күйөт да, ким ойлойт?!

Супер-Инфо
super.kg
видео